Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Улуу адам

Өткөн замандарда кыргыз элинен чыгышкан акындар, комузчулар, кыякчылар, чеберуздар, даанышман чечендер, жомокчулар, манасчылар көп болушкан. Жыл, ай, күн эсебин тактап, аба ырайынан, жылдыздардан, жанжаныбарлардын тиричилигинен, мүнөздөрүнөн белги тутуп, эсеп жүргүзүп кыштын жумшак болорун, жай, жаздын жаанчыл не кургак болорун, күндүн бүркөк, бороондуу не ачык тынч болорун алдын ала эсептеп билишкен санатчылар ( күлүк таптаган саяпкерлер, кыраан таптаган мүлүшкерлер, коомдук турмушту, калайыктын тиричилигин, адамдардын жаман-жакшы касиеттерин терең баамдап сындан өткөргөн көрөгөч сынчылар… айтор бардык элдердей эле байыртан бери элибиздин калың катмарынан ар кыл чоң өнөргө шыктуу, кеменгер адамдары ар заманда болуп келген. Бирок, чоң өкүнүчтүү жагдайы көчмөн турмушта жашаган элибиздин өз эне тилинде басма сөздөрү өнүкпөй ооздон оозго айтылган албан көркөм ырлар, жомоктор, баяндар аз сакталды. Колдон колго чертилген сонун күүлөр, сүйлөнгөн эчен албан уламыш кеп- сөздөр сыяктуу акылдын асыл табылгалары жат сакталып, бирок сур кылымдардын канатынын күүлөрүндө кошо серпиле бизге жеткени жетти. Жетпегендери тээ келберсип кербез уктаган Улуу Тоо койнунда салаадан чубурган мончоктой чачылып, кылымдын калың шиберине житип таптырбай калды.

Ошентти. Өткөндөгү эчен зор таланаттардын, акылман көсөмдөрдүн асыл иштеринин көбү бизге жетпей алардын эң мыктылары тээ көз учунда өчүп таамп араң бүлбүлдөгөн жылдыздардай жылтылдап: «Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол!» — деген лакап түрүндө элибизге тарап, алардын иштери легендага айланып, эл оозунда айтылып калды. Уламышка караганда мындан беш жүзбү, алты жүз жылбы мурда элибизде Токтогул деген зор ырчы манасчы болуптур. Ал ырдаганда булбул үнү кубулжуп, ал «Манас» айтканда угуучуларды бирде жыргатып кубантып, бирде ыйлатчу экен. Үнүнүн бийиктигинен, обонунун ыргактуу эпкининен, сөзүнүн көркөм күчүнөн боз үйдүн үзүк туурдуктары делпилдеп, уук-керегелери кычырап кетүүчү эле дешет. Ошол байыркы Токтогул «Манас» жомогунан бир эле Манастын ак ордосун сүрөттөгөн кезде анын уук-керегеси кандай токойдон өсүп, аны кандай жыгаччылар кантип жасаганын жарым күн сүрөтөөчү эле дешет.

Арийне, мында апыртылган болсо да, зор таланттын улуу күчү макталганы айгине. А тигил Толубай сынчынын даанышман сынчылыгын Алыкул Осмонов өзүнүн «Толубай» деген поэмасында эң сонун баяндайт. Ошолордой лакапка, легендага айланган эчен таланттардын акылы жараткан эчен албан сонун жомоктор, баяндар, күүлөр жат сакталгандары элдик мурас болуп бизге жетти. Дал ошол элдик мурастардан таалим алышып элибиздин улам бир шыктуу таланттуу балдары тарбияланды. Алардын бири өткөн кылымдын экинчи жарымынан биздин кылымдын отузунчу жылдарына чейин жашап өткөн кыргыз элинин улуу демократ акыны Токтогул Сатылган уулу. Токтогул бала кезинен эле шыктуу, курч сөздүү, мукам кубулжуткан сонун акын, колун ойнотуп эчен албан салттуу, шайыр күүлөрдү безеленткен чоң комузчу катарында калайыкка таанылат, калың букарага жагат. Кембагалдардын таламын жактап, алардын муңун, зарын бөлүшкөн тайманбс жарчысы боло баштайт.

Байыртан келаткан акындык салтта Токтогул көп жыйылган жыйындарда ат үстүндө элди, жерди, эрдикти даңктап эчен салт ырларын, насаат ырларын, бир айылдын адамдары чогулган дөбөлөрдө, боз үйлөрдө комузда колун ойното «Алымкан» сыяктуу арзуу лирикаларын, адамдардын кыял-жоруктарын, кулк-мүнөздөрүн таамай элестеткен эң шайыр, эң күлкүлүү ырларды, элдик уламыш-жомокторду, эл ичинде болгон кызык окуяларды комузга кошуп ырдап, нечен, курч «мурчтуу» кеп-сөздөрдү чубурта куудулдук кыймылдарын кошо маштай олтургандардын кумарын жазган. Күлбөстү күлдүргөн Током, ошентип, кайгылуунун көңүлүн ачкан. Ал эми беш камандардын жалаасына калып, «Айланган тоонун бүркүтү ак жерден торго чалынганын» көз алдыга тарта «Айдоодогу» ырларын, саясы лирикаларын, Ата- конушуна, кыргыз элине, энесине, өмүрлүк жарына, баласына арнаган ырларын мукам үнгө салып комуз күүсүнө кошо безеленткен кезде аны угуучулар жеке ырчынын өз башындагы кайгылуу окуяны гана сезбестен эки жактап эзилген кыргыз кембагалдарынын көргөн күндөрүн, тарткан азаптарын — оор тагдырларын көз алдыларына келтирет. Бай- манаптардын, ак эшендердин, падышалык чиновниктердин кара букараларды алдап, аларды аёосуз эзгендерин таамай мүнөздөп, жалтанбай алардын айыптарын беттерине басып, алдамчы, эзгич жоруктарын таамай мүнөздөп ырдаган акындын курч сөздүү, бийик көркөм ырларынын таасири кедей-кембагалдардын таптык сезимин ойготту. Эзүүчүлөргө каршы калың букараны тайманбас таптык күрөшкө чакырды. Жеке саясий лирикаларында эмес, «Кедей хан» поэмасында, не санат насыят ырларында, Эшмамбет сыяктуу замандаш акын-ырчылар менен беттешкендеги алымсабак айтыштарында, сүргүндө жолдо бараткандагы, не жер-сууну сүрөттөп элге-жерге кайрылып ырдаган ырларында, не жашчылыкка арнаган арзуу ырларында болсун, айтор улуу акындын булбул, тили берметтей чубурткан көркөм чыгармаларынын идеялык мааниси таптык жикти ажырата так баяндоодо.

Акындын көп чыгармалары тек көркөмдүк касиети менен окуучунун сезимин чымыратып койбостон, аны толкутуп, аны терең ойго салып, ага өз доорунан туура маалымат берип, анын билимин арттырып, ага акыл кошот. Ошентип, улуу акындын ырларын тек «эрмек» үчүн окуп коё албайсын. Анча-мынча сезими бар окурман акындын чыгармаларын окуй баштаганда эле, өзүнөн өзү аны талдап, ар бир ырдын жаралган себебин изилдеп, анын терең маанисин даана түшүнүп, аны үйрөнүп, билип алууга тырышат. Себеби, улуу акындын көзгө көрүнбөс бул зор касиети жеке эле анын акындык талантынын курчтугунан не анын акылынын тунуктугунан эмес (албетте, жарык таланты, тунук акылы Токомо сыйкырдуу канат берди). Ошентсе да ошол акыл, талантты туура асырап, таза сактап улам тереңдетип, улам таптап курчутуп турган акындагы асыл сапаттары — дилин, тилегин, үмүтүн, чоң максаттуу асыл иштерин жалпы элдик жарык мүдөөлөргө айкалыштыра билгени. Бул, кат тааныбаса да акылга дыйкан кеменгер адамдын колунан келер улуу адамдык касиет!

Замандар бою ички жана тышкы душмандары менен күрөш жүргүзүп, өз эркиндиктеңдигин талашып, бирде каруулу тартып, бирде алдырып жүдөп, кайышып келаткан күрөшчүл, түйшүкчүл эли менен кошо Токтоогул тагдырлаш болду. Өз элинин байыртан сакталып келаткан элдик бай мурастарын үйрөнүп, андан таалим алып, аны 114 улантуу менен өз чеберчилигин арттырып, калың калайыктын мүдөөсүнө чыгуу — өзү ошол эмгекчил элдин арасынан чыккан Токтогулдай акылман зор адамдын колунан келет. Кай бир жеке өз кызыгын көздөп бийликке сыйынып, кара-өзгөйлөргө шыйпаңдап, элден ажыраган көшөкөр ырчылардын сазайын колуна берүү менен Токтогул өзү эл талабын жактап, эзүүчүлөрдү айыптап, эмгекчил букараларды даңктап, майышпас тиректи өзү дайым элден алып турду. Ошон үчүн Улуу акындын сонун чыгармалары элдик асыл мурасы катарында бааланып, панардай жанган заманда акындын жарык жылдызын түбөлүк өчпөс кылып кыргыз асманына учурду! Сөз нурун чачыратып жана бер, асманымда, элимдин жарык Жылдызы!

Улуу адам, bizdin.kg


Кыргыз