Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Толтой

Толтой

Ата — өнөрү балага» дегендей айтылуу Муратаалы атасынан комузчулукту, кыл кыякчылыкты, чоорчулукту үйрөнөт. Ал эми Муратаалынын ар тараптуу, көп жактуу өнөрүн бир тууган жээни Толтой улайт. Муратаалынын Кемин районунун Чоңкемин айылында жашаган Акылай деген кара чечекей кызы 1939-жылы уул төрөйт. Аны төрөрү менен таятасы асырап алат. Манасчы, комузчу, акын Молдобасан Мусулманкулов наристенин атын ырымсытып: — «Келечекте Манастагы Толтойдой эр жүрөктүү азаматтардан болсун» —деп, асан чакырып атын коёт. Толтой эрке өсөт. Ошондой болсо да атасынын тарткан кыл кыягына, черткен комуз күүлөрүнө жан дүйнөсүн сугарат. Айрыкча, ага кыл кыяктын күүлөрү жагат. «Балага ата сынчы» дегендей Муратаалы келечекте Толтойдон бирдеме чыга турганын баамдап, кыягын тартып, күүлөрүнүн тарыхын айтып үндөкө алат.

Толтой онго чыкканда Муратаалы дүйнөдөн кайтат. Атадан жаш, акылдан бош калган Толтойду агатуугандары улуу шайырдын өнөрүн өчүрбөй: — «улантсын» дешип, Толтойду 1950-жылы Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик М. Күрөңкөев атындагы музыкалыкхореографиялык окуу жайына өткөрүшөт. Ал эки жыл жаш балдардын тобунда скрипка классында окуйт. Бирок, айылда эркин жүрүп, эрке өскөн Толтойго шаардын турмушу жакпайт. Окуусун таштайт. Үч жыл айылдагы мектепте окуйт. Төрөгөн энеси Акылай: — «Өлөөр атам өлдү. Эми, атамдын өнөрүн өлтүрбөй алып кала турган жалгыз гана сенсиң. Арыңа, намысына кел. Атам эмне деген киши эле, кантип анын атын, өнөрүн өчүрөбүз. Эмне кылсаң да жок деген атамдын кыл кыягын үйрөнүп ал. Айтканым айткан, дегеним деген» —деп, көшөрүп жатып, Толтойду ордо калаадагы М. Күрөңкөев атындагы музыкалыкхореографиялык окуу жайына кайрадан өткөрөт. Кыяк классында окуйт. Толтойдун байыркы аспаптан бактысын атасы Муратаалынын көзгө басар шакирти, көрүнүктүү кыл кыякчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сайид Бекмуратов ачат. Андан сабак алат. Ал күндөрдү Толтой: — «Үч жылдан кийин ата-энем кайрадан музыкалык окуу жайынан окууга алып келишти. Ошол кезде улуу комузчу Кара-Молдо атабыз музыкалык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүндө окушкан студенттерге комуздан, Муратаалы атамдын шакирти Сайид аке кыл кыяктан сабак беришет экен. Азыркы Республиканын эл артисти, дирижер, композитор Эсенгул Жумабаев

Сайид акеге: — Бизде айтыпуу Муратаалы бабабыздын бир чети уулу, бир чети небереси окуйт — деп, айтса: — О, кокуй тезинен таап кел. Мага тааныштыр —дептир. Бул сөздү угары менен Эсенгул мени издеп таап, Сайид акеге алып келди. Барсам Сайид акем аябагандай сүрдүү киши экен. Кел отур — деп, жанына отургузуп шак эле: — Мукемдин (Муратаалынын) кыл кыягы кайакта — деп, сурады. Үйдө десем. Тез алып кел —деди. Мен окуп жатам десем,— ал жагын мага кой, директирден уруксат алып берсем барасыңбы — деди. Барам, алып келем — дедим. Айтканындай эле Сайид акем директордон уруксат алып берди. Дароо эле Чоңкемиңдеги үйүмө барып үч кылымды көргөн атам, чоң атам Күрөңкөй тарткан кыл кыякты алып келдим. Сайид атам: — мына, эми ишке жарадың—деп, кыл кыякка жакшылап кылын тагып, үйрөтө баштады. Алгач өзүнүн «Паризаттын» анан «Кош кайрыгын» үйрөттү. Кыякка болгон сүйүүм, берилүүм баштагыга караганда күндөнкүнгө арта баштады. Бир гана жери Сайид акем сабак өтүп жатканда үстөкөбосток эле насбай ата берет, ал мага такыр жакпайт.

Ушундаң улам бирге окуган курдаштарым Сайид акени, мени көрүшкөндө эле насбай аткан мугалимиң келе атат — дешип, шылдындашат. Ал эми Сайид акем болсо мени өз баласындай көрүп: — уялба мен барда кыяк тартканды үйрөнүп ал — деп, артыман калбай кубалап алат. Эми ойлосом жарыктык Сайид акем атамдан артык камкордук көрүптүр. Устатым Сайид акемдин аркасы менен өмүрүндө жети атам көрбөгөн, ал турсун түштөрүнө кирбеген Жапония, Италия, Түркия сыяктуу ондогон чет мамлекеттерди көрдүм, өкмөттүк наамга татыктуу болдум. Түптүү калкыма кыл кыякчы катары аттын кашкасындай таанылдым. Сайид акем тек гана кыл кыякты тартканды эмес, байыркы аспап кандай жыгачтардан чабыларын, жаасы эмнеден жасаларын, кылы аттын кандай куйрук кылынан тагыларын, ага карагайдын чайырлары сүйкөлөрүнө чейин айтып да, көргөзүп да жүрдү. Ал турсун атайын айылга алып барып: — мынабу арчадан, карагайдан, өрүктөн кыл кыяктын тулкусу чабыпат, жаасына болсо табылгы алынат, кылына карагайдын чайыры сүртүлөт — деп, бир нече жолу көргөзүп да берди. Кийин Сайид акенин көргөзүп, айтып бергени боюнча кыл кыякты өзүм чаап алганды да үйрөндүм. Эмне дейм? Бактымды кыл кыяктан ачкан Сайид акемдин арбагынан айланайын, жаткан жери жайлуу,, топурагы торко болсун, арбагы ар дайым колдоп жүрсүн демекчимин». Ооба, Толтойдун кыл кыяк дүйнөсүнөн көзүн умачтай ачкан Сайид Бекмуратов болот. Жаш шайыр күн тынымын, түн уйкусун үч бөлө устатынын, атасы Муратаалынын бүтүндөй күүлөрүн үйрөнүп алууга аракеттенет. Анын аракети берекетке айланып, устатынан Муратаалынын «Кер өзөн», «Ат кетти», «Кош кайрык», «Байге», «Олжо», Сайиддин «Эки дос», «Паризат», «Эки ногойдун айрылышы», «Солтон Сары», «Бекарыстан» аттуу ж. б. күүлөрдү үйрөнөт. 1964-жылы М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүрөт.

Кыргыз Мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү филармониясына кыл кыякчылык кызматка кабыл алынат. Бир эле мезгилде филармониянын алдындагы студиянын окуучуларына кыл кыяктан, комуздан сабак берет. Эл шпйырлары менен Кыргызстандын айыл, кыштактарында, шаарларында, КМШ жана чет өлкөлөрдө гатсролдо болот. Толтой «Дарак бир жерден көгөрөт» деп, кадырлуу эс алууга чыкканга чеййн 30-жылдан ашык филармонияда эмгектенет. Артисттик турмуштун ачуусун да, таттуусун да татат. Толтой атасы Муратаалынын «Кер өзөнүн» тартканда керилген сары өзөндүү кең Чүйдүн келбеттин, ал эми «Ат кетисин», «Байгесин» ойногондо чабууга айдалган күлүктөрдүн сымбаттарын, марага чыгып келе жаткан ар кандай түстөгү күлүктөрдүн бириненбири өткөн көрүнүштөрүн, сүрөөнчүлөрдүн ызычуусун образдуу элестетет тартканын эшитебиз. Ал эми Толтой комуз, кыл кыяк күүлөрүнүн арасына салт күү катары тараган «Бекарыстанды» тартканда айдесе аркы, күн десе көркү келишкен, ашкан сулуу Байсары кызы Ак Мактымдын калмактардын кол башчысы Бекарыстан Тайчы менен Чынарстанды кандайча жеңгени, анан калмактардын:

— Тайчы — тайчы,

Бекарыстан тайчы,

Калмак да болсо, бир элдин башы,

Кара жерге жайылды Тайчы,

Сууда калды калмактардын башы —

дешип, чыйпыйлары чыкканын адамдай таптак сүйлөтүп, уккандардын жүрөктөрүн солкулдатып тартат. Толтой ар кандай маңыздагы күүлөрдү тартуу менен ата, эне, жалгыздык ж. б. темалардагы кошок күүлөрүн тигил же бул кыз же айым ботодой боздоп кошуп жаткандай үндө туурап ойнойт. Маселен атасынан айрылган кыздын кошогунун обонун шолоктото тартканда күүнүн ар бир кайрыгында:

Кызыл тилин сүйлөткөн, Чогулуштун ичинде, Кызык бир сөздү үйрөткөн, Жылгадан жылан улаган, Алтындай болгон атакем, Жылаажындай сүйлөгөн, Коктудан жылан улаган, Күмүштөй болгон атакем, Коңгуроодой сүйлөгөн — делип, кошулган ыр салтарында ташка тамга баскандай тап так аткарат. Ошондой эле жап жаш жалгыз бир тууганынан айрылган эже синин:

Аргымак атка жүк пайда,

Жалгызым көзү өткөн соң,

Мен шордуу бачкыдай күн кайда?

Тобурчак атка жүн пайда,

Толгонор көзү өткөн соң,

Шордуу жалгыз эжеңе,

Баякы топукшуп тийген күн пайда?

Ай төбөдөн жазыпат,

Атаны кокуй дүнүйө,

Арманым качан ачыпат? —

деген шекилдүү ыр салтарын менен кошкон кошогунун обонун эле эмес сөздөрүн ыргактарында көз алдыңа элестете аткарат. Толтой элдик, атасынын устаты Сайид акенин күүлөрүн ойноо менен бирге өзү да ондогон кыл кыяк күүлөрүн чыгарган. Алардын ичинен «Мурас», «Кубаныч», «Өмүр», «Жашоо кумары» аттуу күүлөрү жекечилдиги, ойлорунун терендиги, кайрыктарынын обондуулугу менен айырмаланат. Толтой башка кыл кыякчылардан музыкалык сабаттуулугу, устачылыгы, аткаруучулук чеберчилиги жагынан да өзгөчөлөнөт. Ал көп жылдык аткаруучулук тажрыйбасына таяна музыкалык мектептер, орто жана жогорку окуу жайларынын окуучулары, студенттери үчүн 1984-жылы «Кыл кыяк» аттуу окуу китебин жазат. Автор китебинде кыякты кандайча үйрөнүү, эмнеден баштоосу, алгач кандай чыгармаларды аткаруу ж. б. жактарынын теориясын жазуу менен бирге, Муратаалынын, Сайид акенин, эддик жана өзүнүн күүлөрүн репертуар катары берген. Ошентип, Толтойдун окуу китеби жаш музыканттардын арасында коддон түшүрбөй окуй да, өздүк репертуар үчүн пайдалана турган китепке айланат.

Толтой кыл кыяк менен бирге музыкалык окуу жайында окуп жүргөндө, филармониянын залкар шайырлары менен иштеше баштагандан комузду үйрөнүүнүн, күүлөрдү чертүүнүн да артынан сая түшөт. Кыл кыякта тарткан «Керөзөн», «Паризат», «Кош кайрык», «Мурас», «Кубаныч» аттуу ж. б. күүлөрдү комузга салып, кайрыктарынакайрык улап, көркөмдөп, ойлорунаой кошуп чертет. Комузчулар ансамблине катышат. Кара-Молдо, Ыбырай, Атайдын ж. б. айтылуу шайырлардын да күүлөрүн аткарат.

1991-жылы өкмөт тарабынан Толтойдун көп жылдык эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наам ыйгарылат. Таанымал шайырдын аткаруусундагы зодан ашык кыл кыяк, комуз күүлөрү Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясынын алтын казнасына кабыл алынат. Ошентип, Толтой бабадан атага, атадан балага, чөбүрөгө салт катары өткөн кыл кыяк, комуз өнөрүн элине тынбай жар салып келет.


Кыргыз


Метки: