Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Токтосун

1963-жыл. Декабрь айы. Улуу күүчү, комузчу Кара-Молдонун туулган күнүнүн сексен жылдыгы туулуп өскөн айылы Корумдуда өттү. Бул салтанатка катышууга шаардан теңтуш замандаштарынан Саякбай, Чалагыз, композиторлордон — Абдылас, Акмат, филармониянын артисттеринен Токтосун, ж. б. барышты. Кеченин өтүшүнөн музыкалык берүү уюштуруш үчүн Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясынан мен бардым. Молдокемдин сексен жылдыгына арналган кече клубда өттү. Эл аябай көп болду. Молдокемдин чыгармачылыгы жөнүндөгү баяндаманы Абдылас Малдыбаев жасады. Андан соң Сакем, Чакем, Акам, Токтосун Молдокемдин адамгерчилик сапаты, алп кайрыктардагы албан күүлөрү тууралуу өздөрүнүн эскерүүлөрүн айтышты. Адаттагыдай эле кеченин акырында концерт берилди. Сакем Манастан «Тайторунун чабылышын», «Каныкейдин арманын» айтты. Чакем болсо Молдокемдин «Насыйкаты» баштаган үч-төрт күүсүн чертти. Токтосун «Молдокеме» деген жаңы арноо ырын, Жалар менен Сабира элдик жана обончуларыбыздын ырларынан ырдашты. Баш-аягы концерт үч саатка жакын созулду. Корумдулуктар шайырларды сахнадан кетиришпей кайракайра чыгармаларын сурап угушту. Элдик музыканттар да ырларды, күүлөрдү чечиле аткарышып, айылдыктардын дагы моокумдарын кандырышты. Бүлбүлдөгөн кызыл кирпиктерин ирмеп күн да батты. Шаардыктардын бардыгыбыз бир үйдөбүз. — Кана, Токо Молдокемдин тоюнда бир өнөрүндү көргөзчү — деп, калдым. Током бул сөздү уга албай эле араң отурганбы дароо комузун күүлөп, бизди бир сыйра карап алды да, чубуртмалуу обону менен төрдө отурган Абыкемден баштап, баарыбызды кошуп ырдап чыкты. Ал турсун үй ээсин да ырдады. Жалпыбыз жанданып, Токомдун тамаша куйкум аралаштыра ырдаганына канааттанып калдык. Биздин куштарлана түшкөнүбүздү сезе койгон Током Абыкемди карап:

— Эми, Абыке устатым Коргоол атам менен алгачкы жолу жолугушканымдан айтып, анан кайран кишинин «Ак бакайын» ырдап берейин,— деп комузун толгой баштаганда Абыкем — эң эле сонун болот. Аларды азыр айтпаганда качан айтмак элең — дей кетти. Ошондо Током комузунун кылдарын акырын гана кыңгырата отуруп: — Мен Кокеми алгач биздин айылдан 1937-жылы көрдүм. Анда жаш баламын, комуз менен ырга жаңыдан көңүлүмдү байырлатып жүргөн кезим. Бирок бул жолу Кокем менен тааныша албай калдым. Кийин согуш башталды, ырчы менен жолугушууга убакыт да болбоду. Өзүңүздөр көргөндөй кары дебей, жаш дебей, жеңиш үчүн жабыла эмгектенип калдык. Эл тилегин берип, жергебизде Улуу жеңиштин желеги желбиреди. Кайрадан элибизде бейпил турмуш өкүм сүрдү. Өзүм да, өнөрүм да өсүп, эр жеттим. Кокеми көрсөм, үлгүсүн алсам деген эңсөөм күндөнкүнгө арта берди. Атайын издеп барып таалим алсам дейм. Бирок «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» болуп, 1947-жылы октябрь айында кокусунан Кокеме Суранчы деген карыянын үйүнөн жолугушул калсам боло. Суранчы аксакалдын үйүндө Кокем баш болгон жоон топ адамдар кой сойдуруп конок болуп жатышыптыр. Салам айтып үйгө кирдим. Отургандар алик алышты. Суранчы карыя: — отур балам, конокторду узатыш деп, калды. Уялыңкы барып, улагага отурдум. Кокем болсо бирде улуу устаты Токомун ырларынан ырдап, бирде күүлөрүнөн чертип, бирде куйкумдуу куудул сөздөрүнөн айтып, үй ичин шаңга бөлөп жатты. Менин эсдартым Кокемин комузун чертип көрсөм дейм. Сурагандан уялам. Акыры эмне болсо ошо болсун, мүнөзү деле жакшы көрүнөт, комузун сурап алып чертип көрөйүн деп, чымырканып жатып: — Коргоол ата, кечиресиз, ырыңыз оозуңузда, күүңүз колуңузда мүмкүн болсо комузуңузду берсеңиз күү чертип көрөйүн —дедим. Ошондо Кокем мен тарапты карап алып: — Бу кайсы бала менден комуз сураган, сөзүңө караганда өткүр көрүнөсүң. Өнөрүң болсо өргө чап, угуп көрөлү — деп, комузун мага сунду. Кымырынып жатып Кокемин колунан комузун алдым да, күүлөй баштадым. Ал кезде эл аралап ырдап, комуз чертип, анчамынча бетим ачылып калган. Болгону Кокемдей чоң ырчыларды көрө элек болчумун. Ошондуктан бир чети ызаат кылып, экинчиден жээк жалмаган уйдай кандай неме дебесин деп иймендим. Комузду күүлөгөндөн кийин Ыбыкемдин «Жаш тилегин», минтип черте баштадым — деп, Током бизге кудум Ыбыкемчилеп жайдары кайрыктардагы «Жаш тилекти» чертип бүттү да: «Ошондо Кокем — э балам, сенин дагы чокон атар күүлөрүң бар окшойт, ырдап да жүрбө?— деди. Сүрдөгөндүктөнбү же күүнүн татаалдыгынанбы, айтор аябай алкашалка тердеп кеттим.

— Азаздап ырдай коём, Коке!

— Кана балам, бир-эки ооз ырдап көрчү, аяк ташташыңды байкайын. Мен деле Токомо жаңы жолукканда сага окшоп сүрдөп, тердептепчип жатып араң ырдагам. «Ит үйүр болсо жолборско үрөт» дегендей кийин теңтуш катары ырдашып алым сабак айтышып, бири-бирибизге көнүшүп кеттик. Кана, балам. Өнөрүңдү аяба. Мына бул отурган эл да уксун, күү чертишиң тың окшойт,— деди Кокем.

Эл дагы: — «өнөрүң болсо өргө чап» деген, айланайын, кана бир нерсе деп кой — дешти. Ошондо мен комузду «Ырчы күүгө» күүлөп, Кокем менен амандашып ырдадым, Кокем мага жооп кайтарып ырдады. Отургандар болсо: — Э, айланайын мындай өнөрүң бар болгондон кийин бая эле баштабайсыңбы. Жалгыз эле Коргоолду какылдатпай сени да укмак экенбиз. Эл деген казына эмеспи. Арасынан ар түрдүү өнөрлүүлөр чыгат. Узарт, өнөрүңдү өз элиңен аяба­гын — дешип, мага акылнасаат сөздөрүн айтышты. Ал түнү Кокем менен бирге кондум. Эртесинен баштап Кокеми ээрчидим. Баш-аягы эки айча экөөбүз Эл аралап ырдадык. Кокемин ырдаган ырларын угуп, черткен күүлөрүн, Токтогул, Жеңижок, Калык, Курман, Барпы, Эшманбет, Эсенаман ж. б. залкар шайырлар жөнүндөгү кептерин уктум. Ырга, күүгө болгон кумарлануум баштагыдан дагы артып, көзүм ачылып калды. Кокем түшкөн жеринде, кирген үйүндө, карыжашына карабай «Ак бакай» деген ашыктык ырын ырдайт. Ал мага өтө жагып калды. Аны бат эле үйрөнүп алдым. Эми, Кокемин «Ак бакайын» ырдап берейин —деп, Током билегин түрүп, комузун бурап алып, өңүбашын кудум Кокемчесиндей кейиптентип, бир көзүн жуумп, обондун жүрүшү менен ордунан кошо жылып, комузуна колун ойноктото келип, «Ак бакайды» ырдап кирди. Током «Ак бакайдын» обонунда, ар бир куплеттин акыркы салтарынын аягындагы созмолорун да ырчынын дал өзүндөй бирде үлпүлдөтө, бирде экиленте созуп, сөздөрүн да ырчынын так өзүндөй таптак айтып, жада калса комузун да Кокемчесиндей чертип, устатынын бүткүл келбетин көз алдыбызга келтире (элестете) ырдады. — Бали, бали, Токо! Эми Токомун жакшы ыры үчүн —деп, баарыбыз бир ооздон жабыла алкадык. Током болсо табына келген күлүктөй комузун күүлөп:

— Кокемен кийин Барпы акынга атайын барып жолуктум. Эки көзү көрбөйт экен. Ырларын комуздун коштоосуз оң бөйрөгүн таянып алып, отурган ордунан обдулупобдулуп коюп, нөшөрлөтө төгүп ырдайтэкен. Чынын айтсам Кокемден дагы ашкан азылуу акын экен. Балалыкка салып Барпы акеме тийишип ырдадым эле, катыгымды минтип берди бейм — деп, алгач Барпы акынга учурашканын, анан залкар ырчынын ага жооп кайтарып ырдаганын өз обону менен ойдогудай ырдап берди. Бир аз тыныгуудан кийин Током кайрадан комузун күүлөп: —Эми Барпы акемдин «Мөлмөлүмүн» ырдап берейин — деп, чубуртмалуу обон менен Барпынын ашыктыкты баяндаган «Мөлмөлүмүн» ырдап кирди. Көңүл эргиткен көлөмдүү ырды улам арылап ырдаган сайын Током толкундана ырдап, отургандардын жарптарын жазып жатты. Током «Мөлмөлүмдү» бүтөөрү менен Акам (Акмат Аманбаев) — Токо эми күүгө кезек берсек дейм, өзүң эле Токтогулдун, Ныязаалынын күүлөрүнөн баштай бер —деп калды.

— Эмесе, Акамдын суроосу боюнча Ныязаалы атамдын айтылуу «Кер толгоосун» чертип берейин — деп, Током комузунун кулагын «Кер толгоого» толгоп жатып:

«— Ныяз акем Токтогулдай, Коргоолдой, Атайдай, Айдараалыдай, Эркесарыдай залкар шайырларыбызга таалимин берип, үлгүсүн көрсөтүп, өнөрүн үйрөткөн алп комузчу эле. Ныяз акем менен жердеш болгондуктан, көзү өткөнгө чейин көрүп жүрдүм. Баса, мага комуз кармаганды, күү черткенди биринчи жолу үйрөткөн да Ныяз акем болду. Жамактата сөз кошкон күүлөрдү чертүү жагынан а кишинин алдына чыккан шайырды көрбөдүм. Ныязаалы жөргөлөк деп, элдин ат коюшу да бекеринен эмес. Күүлөрүн черткенде тула боюн бийлетип, түпкүчтөй ийилип, өңүбашын нечен түстө кубултуп, колун болсо комузунда тири укмуштай жорголото ойнотуп аткаруучу. — «Кер толгоосун» элге черткенде минтип чертээр эле» — деп Током улуу устатынын күүсүнүн алгачкы кайрыктарын аткара баштаганда эле колун таң калып карап тургандай кубулта ойнотуп, тулабоюн сүлкүлдөтө бийлетип, өңтүсүн өзгөртүп, албан кайрыктардын араларына ыр аралаштыра коюп, айдарымдата чертип жатты. Токоңдун үч кыл үстүндө колу ойсондой ойноктоп, кыялынды терметип, алда кайда алып учат. Током «Кертолгоонун» аяккы кайрыктарын салмактуу кайрып келип токтоду. Аңгыча төрдө отурган Абыкем баарыбыздан озунуп: — Баракелди Токо өнөрүңө, көп жаша. Өркөнүң өссүн. Жанатан бери ырдап тамагың, күү чертип атып колуң чарчап калды көрүнөт, биртике эс алып биз менен чай ич —дегенде Током:

— Э, Абыке чарчамак кайдан, жаңыдан кызып келе жатсам. Сиз айткандан кийин чайдан ичсе ичели —деп, комузун тамдын бооруна жөлөп коюп, бир-эки чыны чай ичти да Молдокемдин тоюнда жеңелериме, келиндерге арнап, Адамкалыйдын «Тагылдыр тоосун» кагып берейин — кемселинин сол чөнтөгүнөн кичинекей чачылуу кутучаны алып, оозун ачып, темир комузун оозуна салганы баратып бир паска токтой калды да,— бу аспапты да бала кезимен үйрөндүм. Анткени апам темир комузду созолонто ышкыртып жакшы кагар эле. Ошол себептен биздин үйгө айылападагы кызкелиндер комуз үйрөнөбүз деп, көп келише турган. Ошондо апам комузду кантип кагыштын жолжоболорун, өз тажрыйбасын айтып үйрөтчү. Анын баарын угуп, көрүп, жүрдүм. Качан апам ишке кеткенде өтө үндүү жакшы комузуна тийбей, орто начарыраак комузун алып өз алдымча кагып үйрөнө баштадым. Бат эле элге кеңири белгилүү лирикалык ырлардын обондорун кагып калдым. Бир күнү айлыбыздагы кызкелиндерден эки-үчөө комуз үйрөнөбүз дешип апама келип калышты. Баштагыдай эле аларга үйрӨтө баштады. Ошондо бир кыз комузду тишине коё албай көпкө кыйналды. Мен аны көрүп чыдабай кеттим да: — апа мен кагып көрөйүнбү — дедим. Койчу ары, эркек сен эмес, келинкыздар кага албай жатканда сага эмне жок. Комузуңду элге черте бер — деди. Ага мен болбой бирөөнүн колунан темир комузун ала коюп кага баштадым эле.

— Ээ, кагылайын, муну качан үйрөнгөнсүң?—деп апам таң калды. Ошентип, темир комузду да какчу болдум. Ал кезде обондорду Элтеп ышкырта коюп какчумун. Бирок, темир комузду созолонто шаанисин чыгара ышкырткандын ыкмасын жана байыркы аспаптын түпкүрдөгү сырларын кийин Адамкалыйдан үйрөндүм. Эми, устатымдын «Тагылдыр тоосун» кагып берейин — деп, айтылуу күүнү жай салмак менен кага баштады. Бара-бара күүнүн жүрүшү менен Токомдун көмөкөйү кошо бүлкүлдөп сөөмөйүнүн кагылышын эркиндете ойнотуп, анан көз боочу шекилдүү темир комуздун тулкусун бүт бойдон оозуна салып, аспабынын тилин гана чыгарып, эки колунун манжалары менен алмаксалмак жаныпжанып кагып келип, кайтадан комузун оозунан алып туруп, күүнүн акыркы кайрыгын бир ышкыртты эле дейсиң үргүлөп отургандардын көздөрү умачтай ачыпа түштү. Ап турсун Токомун ышкырыгы көчөгө да угупгансыды. «Тагылдыр тоонун» соңунан «Кара чий» деген Элдик күүнү да катыра какты. Ошентип, Токоңдун аткаруучупук чеберчипиги бардыгыбызды таң каптырды.

— «Эми — деп, Токтосун темир комузун кутусуна салып алдына койду да, жанындагы комузун алып — Капык атама ырдашып таанышканымды, Кокеме (Коргоолго) экинчи жолу сапамдашып жолукканыман айтып берейин.

1949-жылдын октябрь айынын башында биздин айылга Калык атам баш болгон Адамкалый ж. б. келип калышты. Атагын алыстан угуп, ырларын китептеринен жаттап, өзүн көрсөм деп көксөп жүргөн Капык атамдын айлыбызга келиши өзүнчө эле майрамга айланды. Өзгөчө мен үчүн аябагандай чоң кубаныч болду. Калык атам менен кечки мейманда отурган жеринен таанышып, ырдадым. Калык атамды мен, мени а киши жактырып, катарына кошуп алды. Алар мурда бешөө болсо мени менен алтоо болдук. Токтогул районуна аттандык. Концерт берип жүрүп а жерден Коргоол атама жолуктук — деп, Током Калык баштап өзү улаган, Коргоол жооп кайтарган жана Какем жыйынтыктаган алым сабактын ар бирин өз обону, өз сөзү менен өткөрө эргип ырдады. Отургандардын баары дагы бир жолу Токомун аткаруучулук шыгына ыраазы болушту.

— Эми, Токо — деди, корумдулук узун бойлуу, Дүйшөбек деген кара жигит — өзүңүздүн обондоруңуздан…

— Молдокемдин балдары каапап калгандан кийин ырдаса ырдап берейин — Током комузун күүлөп жатып. — Мен да Атай, Муса, Жумамүдүндөрдү туурап, үч-төрт обон чыгардым эле — деди да «Мен болсом сенин эрмегиң» жана «Гүлжан» деген жайдары сезимдеги, жаркын обондорун өткөрө эргүү, өзгөчө кумарлануу менен аткарып берди.

Током комузунун кулагын кайрадан толгоп жатып: — Эми, туугандар Молдокем болсо өзүнчө жаткан Ысыккөл эле. Күүлөрү да, акылы да, адамгерчилиги да көйкөлгөн көлдөй тереңда, тунук да, кенен да эле. Молдокем менен бирге иштешип, көзү өткөнчө бирге жүрүп, албан кайрыктардагы залкар күүлөрүн, алтындай сөздөрүн көп жолу уктум. Казан аягыбыз аралашкан катыштык да жайыбыз бар эле. Айрым күүлөрүн алып калууга да аракеттенип, анчамынчасын чертимиш этип жүрөм. Кептин чыны а кишидей чертүү кайдан. Ошондой болсо да бүгүн Молдокемди бир чети эскерип, бир чети «жатаар аяк» катарында «Насыйкатын» аткарып берейин» —деп, Кара-Молдонун «Насыйкатын» чертип кирди. Токомдун манжаларынан адамдарга акылнасааттарды айткан сансыз кайрыктар төгүпүп, алда кайда канат каккансыйт. Түнкү бейкутчулуктун кучагында жаткан Ысыккөл да күүгө кулак төшөп көшүлө уккансыйт. Токтосундун ырдаган ырларын, айтышкан алым сабактары, аткарган күүлөрүн түн ортосуна чейин ырахаттана угуп, таасирленүү менен тарадык…

Бул жолу дагы Токтосун — төкмө ырчылыгын, комузчулугун, обончулугун, аткаруучулугун, кара жаак, кайкы типдүү сөзгө устаттыгын көрсөттү.

Т. Тыныбеков 1927-жылы Ош областына караштуу Аксы районундагы «Тегене» айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Анын ар тараптуу шыгынын ойгонушуна жана жанышына энеси Гүлкандын кубулжута каккан ооз комузу себепкер болуптур. Ал ата-энесинин жалгыз уулу болсо да жашынан эмгекчил өсөт. 1942-жылы жети жылдык мектепти бүтөрү менен ФЗОдо окуйт. Бир эле мезгилде Карагандада тоо мастери, 1946—48-жылдары өзүнүн айылындагы башталгыч мектепте мугалим, кийинчерээк райондук маданият Үйүнүн директору да болуп иштейт. Ал эми 1949-жылдын октябрь айынан баштап өмүрүнүн акырына 1982-жылга чейин кыргыз филармониясында артисттик кесипте жемиштүү эмгектенет. Токтосундун төкмө ырчылыгы, жазгыч акындыгы, комузчулугу, обончулугу филармониянын босогосун аттагандан тартып өркүндөйт.

Ал төкмөлүктүн алгачкы таалим алуусун Коргоол, Барпыдан баштаса, нака ырчылыктын устаттыгын Калык, Осмонкул, Алымкул, Ысмайыл, Токтонаалылардан өөрчүтөт. Шыгын жетилтип, чеберчилигин төшөлтөт. Ал эми өзүнүн өнөктөш шериги Эстебес менен отуз жыл бирге ырдашып, айтыш жанрын өнүктүрүп, калк арасына жайылтат. Ал Токтогулдун, Коргоолдун, Жеңижоктун, Калыктын, Алымкулдун, Барпынын ж. б. атактуу шайырларыбыздын да айтыштарын жатка ырдаган. Алардын өмүрлөрүнө, чыгармачылыктарына байланышкан ар түрдүү эскерүүлөрдү да мыкты билген. Токтосундун көп жактуу чыгармачылыгынын негизин ооз комузчулук да ээлеген. Ал айтылуу Адамкалыйга жолуккандан жана бирге иштеше баштагандан байыркы аспапты терең урматтап, бирденбир профессионал аткаруучусунан болууга аракеттенет. Анын талыкпай эмгектенүүсүнүн жана Адамкалыйдын түздөнтүз үйрөтүүсүнүн аркасында темир комуздун тилин билген залкар шайырга чейин өсөт. Токтосун темир комузду артистке кабыл алынгандан Адамкалыйдын жетекчилиги астында кага баштайт. Ал алгач үч кыздан өзү менен төртөөнөн турган, ал эми 1951-жылы Кыргызстандын XXV жылдык юбилейине карата 25 катышуучудан уюштурулган темир комузчулар ансамблинде (жетекчиси А. Байбатыров) баштоочуаспапчы катарында катышат. Ал Адамкалыйдын «Тагылдыр тоо», элдик «Селкинчек> күүлөрүн ансамблде жана жекече кол ойното кубулжута кагып угуучулардын алкоолоруна алынат. Токтосун темир комузду колуна кармагандан аГфыкча Адамкалыйга жолуккан күндөн баштап, устатынын «Темир комузду какканда ышкырык кошуп какса кооз да, уккулуктуу да угулат. Анын ыкмасы мындай, аспапты ойноп жаткан убакта желди ичиңе тартканда да, кайра чыгарганда да бир калыпта кармап таңдай менен көмөкөйдү иштете билүү, ал эми ооз комуздун кош жаагын оозуңа салганда аны тиштебөөнү, кашка тиштин оң жагы же сол жагы болобу, үстүңкү, астыңкы тишке тиер тиймексен тиштеп, эринди өтө ачпай кагышты, күүгө жараша эрин ачылып, жумуларын эгерде темир комуздун жаактарын кашка тиштин ортосунда какса добушу кооз чыкпашын ышкырыкка жолтоо кыларын, ал эми ыш­кыртууну демиңе, ичиңе тартып да, сыртка чыгарында ышкырууга болорун ап үчүн таңдай менен көмөкөйдү бир калыпта кармап дем апуунун ыкмасын үйрөнүш керектигин үйрөнөт. Кээ бирөөпөр ышкырык чыгарам деп, кызып өңгөчү кыйкылдаганча жепди катуу тартат. Андан эч пайда жок. Ага өтө эле жантапашпай, тынч отурганда кандай дем апса, ошондой дем алып, көөдөндөн кептирип көмөкөйдү иштетүү керек» —деп, айткандарын үйрөнөт. Бара-бара ал байыркы аспаптын көмүскөдө терең сырларын билип, бүтүндөй дилин берет. Токтосундун аткаруучулук чеберчилиги жетилген сайын өздүк репертуары да байыйт. Алсак ал элдик «Күйгөн», «Секетбай», «Турумтай», «КермеТоо», «Көк музоо», «Жортуул күү», «Карача торгой» деген күүлөрдү устаттыкта аткарып, өлбөс өмүрдү жаратат.

Токтосун 1951-жылдан баштап, өмүрүнүн акырына чейин темир комузчулар ансамблин жетектейт. Ал отуз жылдан ашык мезгилдин ичинде ансамблдин кадырбаркын калк арасында арттырып, дүйнөлүк угуучуларга кеңири таанылат. Токтосун жетектеген ансамбль 1957-жылы Москвада өткөн Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар менен Студенттердин VI фестивалында күмүш медалды, өлкөбүздө өткөн кароолорго, конкурстарга, фестивалдарга да катышып, лауреаттыкты жеңип алат. Пратиябыздын съезддеринин делегаттарына, юбилейлик салтанаттарга арнапган чоң концерттерге да катышып, калк кастарына алынат.

Темир комузчулардын ансамбпи 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышып, борбордун угуучуларынан, адистеринен жогорку бааларды алат. Токтосун байыркы темир комуздун калк арасында кадырбаркын өтө бийик көтөргөн таланттуу профессионал аткаруучу болгон. Токоңдун жаркын аткаруучулук шыгы да комузда көрүнгөн. Ал Ныязаалынын «Кара өзгөй», «Кер толгоо», Атайдын «Маш ботой», «Маш Камбаркан», «Кыз кербез», Токтогулдун «Тогуз кайрык», «Чайкама», «Чоң кербез», Айдараалынын «Көйрөң күү», Майлыбайдын «Шалкы күү» деген күүлөрүн өзүнчө стилде, өзгөчө мүнөздө аткарган.

Токтосун Б. Кулболдиев жетектеген комузчулар ансамблине да катышып, чакан коллективдин да мыкты аткаруучуларынан болгон. Токоң кыл кыякты да тартып, ырларды коштоп, элдик күүлөрдү аткаруучу. Айрыкча ал кыл кыяктын коштоосунда элдик «Паризат» аттуу ырды өтө берилип ырдоочу, өкмөт менен партиябыз Т. Тыныбековдун аткаруучулук чеберчилигин жогору баалап, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамды берген жана «Ардак белгиси» ордени, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен да сыйлаган.

Т. Тыныбеков 1947-жылдан КПССтин, 1953-жылдан СССРдин Жазуучупар Союзунун мүчөсү болгон. Ал акын катарында жетисегиз ырлар жыйнактарын да чыгарган. Токтосун таланты ташкындап турган курагында 55 жашында 1982-жылы октябрь айында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.


Кыргыз