Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Талаа жылдызы

Талаа жылдызы
(повесть)
Назар карыя акысын төлөп бергендөн кийин да, таксини токтотуп туруп, алкышын кайталай берди:
— Рахмат, балам! Көп жаша! Мени убаралантпай… Шаарды баягы жылдагыдай эле деп болжосом…
Машинанын моторунун дабышынан карыянын сөзү ачык угулбады. Ашыгып турган шофер жигит кош айтышуу иретинде башын ийкегенде машина ордунан козголду.
— Атаа! Ырас болбодубу! — Карыя чакан кол чемоданын кетөрүп, бет алдындагы эки кабат саргыч үйгө киргенче күбүрөп, эшиктин алдыпда олтурган аялдын тушунан өтө берип, кайра кайрылды:
— Сиз билесизби, Назаров ушул үйдөбү?
— Кайсы Назаров?
— Назаров Бек. Менин уулум. Мен анын атасы болом.
Түшундүм, өзүм да көрүп турам дегенсип, аял жылмайып ордунан туруп, анын жанына келди.
— Ушул тепкич менен экинчи кабатка көтөрүлүңүз. Сол жагыңыздагы экинчи эшик сиздин балаңыздыкы…
— Маржа, сага ыракмат! — деп, Назар экинчи кабатка чыкты.
Май айы… Ал желең күрмөчөн, калпакчан болсо да, машинанын ичинде эле нымшый баштагаң. Эми экинчи кабатка көтөрүлгөнчө бүткөн бою  чылпылдап баратты.
Бул эки кабат имарат уулунун иштеген мекемеси же жашаган үйү экени белгисиз. Анысы катта да ачык жазылбаган эле. Бирок эмнеси болсо да, куттуу болсун, жакшы жерден жай алган экен деп ойлоду.
Ал заңгыраган коридор менен келатып, сол жактагы экинчи эшиктин тушуна жеткенде токтоп, чокчо кара сакалын сылап ойлоно калды. Шаардыктарга окшоп өтө эле кичи пейилдикти жактырбаса да, дагы кандай учурда кирип барар экенмин дегенсип, этияттанып, каалганы, чыйкылдатып сүйөп ачты. Төрт тарабынан керилген камсурпту бет маңдайына коюп, сүрөт тартып турган жигит көзүнө чалдыкты. Бүйүрмө көк шым, чолок жең боз көйнөк кийген жигит аркасын салып турса да, көзүнө жылуу учурады. Жүрөгү ысый түштү. Иштеген ишине ыкластуулугу, желкесинин чукурунан бери ошонун өзү. Карасаң, эки жакка көңүл бурбайт, эшиктин ачылганын да байкабай калды.
Анын көңүлүн бөлбөйүн дедиби же көз сагынычын таратып алайын дедиби, карыя сакалын апчыган бойдон эшиктин оозунда туруп калды. Оозун күбүрөтүп, ичинен бирдемелерди айтты. Мүмкүн башка бирөө көптөн бери көрүшпөгөн баласына туш келсе минтип, өзүн-өзү токтотуп тура албас беле. Байбичеси ошону үчүн «уулуңа таш боорсуң, мээримсизсиң» деп жемелер эле.
Назар көңүлчөк, жүүнү бош эркектерди жактырчу эмес. Күрмөсүнүн топчусун чечинип, көйнөгүн желпинип, бети-башындагы терин сүртүнүп, тамагын жасанып койду. Тааныш дабыштан улам Бек селт этти. Артына жалт бурулуп, бакырып ийди:
— Ата! Ассаломалейкум!
— Валейкимасалам! — Назар уулу менен күндө көрүшүп жүргөнсүп, адатынча токтоо гана учурашты. Анын иреңинде эми эле эшикти ачкандагы толкундоо, сагынычтуу көз караш жок… Карыя эми уулу кандай жерге жайланышканын баамдай баштады. Сыртынан бараандуу көрүнүп, ичине киргенде киши токтоло турган эч нерсеси жок ушул жайды мекемеге да, квартирага да ылайык көрбөдү. Мекеме деген мекемедей болуш керек. Телефону, көк нооту жабылган чоң столу, кирипчыгуучу кишилер отургудай орундуктары кана? Баласы анын ден соолугу, апасынын, айылдаштарынын аман-эсендигин сурап жалпылдап жатканда атасынын көңүлү мекемеде турду.
— Бул сенин иштеген жериңби, же сүрөт коюла тур, ган камнаңарбы? к
Суроо катуу тийсе да, Бек акырын гана:
— Иштеген жерим… .
— Аа, мекемең турбайбы! — Карыя сустая түштү. Баласы көрсөткөн орунга отуруп, бет маңдайына желдеткич коюлуп, бою чыйрала баштаса да, эми ал үчүн бул мекеменин кызыгы калбагансыды. Сүрөт… Туш-туштун баары сүрөт. Сүрөт керек болсо райондон, жадаганда колхоздун клубунан, каалаган жеринен көрөт эле го. Ал уулун көрүп, анын турмушу менен таанышып, эмне деген киши болгонун билүү үчүн алыстан келбедиби.
Бек атасынын иренжигенин байкаган жок. Жөн элө чарчап, жолдо урунду болгон чыгар деп ойлоду.
— Ата, адашып убара болгон жоксуңбу? Кантип таап келдиңиз?
— Кантип таап келгенимди өзүм да билбей калдым. Такси деген бар экен го…
— Келериңизде телеграмма берүүңүз го. Өзүм тосуп алат элем.
Телеграмманы эмнеңе бермек элем деп, айтып жибере жаздап барып, сакалын сылап, сабыр этти.
Бек абышканын кыртыштап турганын сөзип, жумуштарын жыйнаштыра баштады. Атасын үйүнө ээрчптип барып эс алдырып, ысык чай берүү керек эле.
Бирок үйгө келгенден кийин атасынын кабагы ого бетер дүрдүйө баштады.
Бектин квартирасы эки бөлмөдөн турат. Андан тышкары ашканасы бар. Шаарда бойдоктор түгүл, чакан бүлөлүүлөр үчүн мындай квартира табуу кыйын. Бектин чыгармачылыгын эске алып, аны сыйлагандыгы үчүн гана эки бөлмөлүү квартира беришкен.
Назар да квартираны кичине, тар деп жипкирген жок. Эки бөлмө тең ар кандай сүрөттөргө, чала иштелген эскиздерге, кагаздарга, китептерге толуп, үй боек жыттанып турушуна гана куйкасы тырышты. Үйдө көзгө көрүнөрлүк эмерек, төшөнчү орун түгүл, казан-аяк жок. Болгону жалгыз керебет.
— Балам, мени каякка ээрчитип келдиң,— деди Назар үйдү бир сыйра кыдырып чыккандан кийин.
— Үйгө…
— Ушундай да үй болобу? — Абышка муруттарын сербейтип, ээрдин тиштеп отуруп калды. Бек аны байкамаксан болуп, үй кийимин кийишип, чай кайната баштады.
Ал баласы өз оокатын өзү жасаарын ойлогон да эмес Уулу ашпоз аялга окшоп, алжапкыч тартынып, оокаг жасай баштаганын көргөндө «сайпана» болуп калган тура деп, анысына да кыжырланды. Мүмкүн, мындан башка да мандемдери бардыр. Дагы байкап көрүп, акырында гана бир жолу сүйлөшөйүн деген акылга келди. Ал майдачүйдөнү көргөн сайын чырылдай берүүчү кишилерден эмес. Таарыныч, кыжырлануу, нааразылыкты канча болсо да көтөрүп жүрө берип, тежеп күч келип бүткөндө кымындай шылтоо табылса, ачуусу арашандай атылып чыгар эле. Анын бул мүнөзү уулуна жана сырдакана тааныштарына да белгилүү.
Атасынын бул келиши кантсе да баласы үчүн купуялуу туюлду. Кеп анын тымызын келип, баласынын турмушунан чоочуркап отурушунда эмес.
Назардын көңүлүнө пикир туулушу уулу армиядан кайткандан бери башталган. Бул мындан бир нече жыл мурдагы окуя эле.
Бек армияга чакырылуудан мурда Фрунзедеги сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүрүп, художниктер Союзуна кирген. Ар кандай сүрөтчүлүк жумуштарды аткарып жүргөн. Бирок, өз алдынча чыгармачылык өмүр жаңы гана башталганда армияга кызмат кылууга туура келип, чыгармачылыгы башталдыбы, жокпу, чыныгы чыгармачылык жолго түштүбү, жокпу — ошого көзү жете албай: калган. Ырас, окуп жүргөн учурда жана иштей баштаган убактарда жакшы бааланган жумуштары бар эле. Бирок ага өзү эмне үчүндүр канааттануучу эмес. Өмүрда, чыныгы чыгармачылык да алдыда — баары алда көрүнүчү.
Бардыгы алдыда, баарына келечекте жетем го деген таттуу үмүт асыресе жаштар үчүн мүнөздүү. Кайсы бири ушул үмүттү шоок кылып жүрө берип, мүмкүнчүтлүктүн баары кандайча артта калып, убакытты кантшг уттурганын билбей калышат.
Бек үмүткөрлүккө алдануу коркунучтуу жана опосуа экендигин армйяда жүргөндө сөзди. Баарына келечекте жетем дегенсибей эле, урунупберинип, көздөгөнүн, каалаганын, билгенин тартынбай, талыкпай иштей берүү керек эле. Билгени аз болгону менен, көздөгөнү жана каалаганы көп эле го. Ага тарткынчактык кесир болду эгерде тартынбай иштей берсе, күчүнүн канчалык, жөндөмдүүлүгү канчалык экендигин да сөзмек.
Бир нерсени каалоо, бир нерсеге берилүү, дайыма ошол элестин соңунда жүрсө да,  анын эмне экендпгин ачык түшүнбөө кээ бир жаштарды басмырттатып же делбээ кылып жиберет. Мындай сөзим Бекте сүрөтчүлөр окуу жайында окуп жүрүп, дүйнөлүк мыкты художниктердин өмүрү менен таанышканда башталган. Ошондон тартып, ансыз да токтоо жигит башкаларга улам басмырттап бараткандай сөзилген. Жолдошторунун арасында жана башка чөйрөлөрдө өзүн өгөйлөп, кампанияга жана тамашаларга кошула албай, өзүнөн өзү комогойлонуп туруучу. Жолдоштору, айрыкча кыздар анын комогойлугун «жөн эле жашоону билбегендик» деп баалаша турган.
Мындай сөздөрдү, жемелерди Бектин кулагы чалса да, ага капаланчу эмес.
Армиялык кызмат, туулган жерден бөлүнүү анын өмүрү үчүн бир жаңылык ачкансыды. Ал өзүнүн да, жолдошторунун да кадырына жетпегендигин, күндөлүк агым менен гана калкылдап, аны өзүнчө жиреп чыга турган жол таба электигине түшүндү. Ушундай көптү билген окутуучулары, кыйышпас шыктуу жолдоштору менен бирге, эмнени иштейм десе да колдон келет эле го. Буга Бек өзү айыптуу экендигин, өзүнүн мококтугу, кашаңдыгы, башкаларга батымсыздыгы, үмүт менен гана жашоосу айыптуу екендигин түшүндү.
Тынчтык күндөрдүн солдаты өзүнүн күндөлүк күжүрмөн иштерине кыйналчу эмес, көбүнчө эртеңки күн, эмгек жөнүндө ойлоор эле.
Ошентип жүрүп, армиядан кайтканда оболу бир аз эс алуу үчүн туулуп өскөн жерине келет. Айылдык жерде армияга барып келүү, кыз узатып, келин алуу сыяктуу өзүнчө той эмеспи. Бек бир ай бою өз үйүндө, Ата-энесинин маңдайында кенен отуруп, бирге оокат иче албады. Коноктон конок… Өз үйүндө да коноктор менен.
Бош убактарында бейкут балалыгы өткөн жерлерди: көк майсандуу чоң сазды, көпөлөктүү көк жонду, балык алчу тоо өзөнүн жалгыз өзү нечен жолу кыдырып чыгат. Алыста жүрүп, туулган жерди эстегенде, ошол, балалыгындай сүйкүмдүү орундары көңүлүнө биринчи келе калар эле.
Жер да, суу да, саз да баягысындай. Бирок аны менен бирге ойноп, бирге өскөн курбулары жок, бул жер ээн калып, өзүн тобунан, катарынан адашкандай сөзет. Алардын баары кайда? Бири колхоздо, бири райондо, дагы бири шаарда — ар кимисинин жонунда өзүнчө турмуш жүгү. Эми чоң сазда, тоо суусунун боюнда, көк жондо өкүм сүргөндөр — Бектин бир көздеги курбалдарынын балдары. Аны Бек кимдин балдарысыңар деп сүрүштүргөндөн кийин гана билип, эми жолдошторунун балдарына теңтуш болуп калганын көрдү. Мына, тагдырдын шылдыңы! Балдардын аны менен иши эмне?! Илгери болгон экен… деген сөз кулактарына киреби? Бул жердин, оюндун, балалык ыракаттын ээлери ушулар… Бек өзү турмуштан артта калып, артта болбосо да, бир нерседен өксүгөнүн сөзди. Балалыгы өткөн татынакай жерлерге да баргысы келбей калды. Ал орундар өзүнө жарашыктуу мойтоңдогон жаш ээлерин тапкан. Анын издегени, турмуштагы орду кайда?
Анын Ата-энесинин ойлогон ою такыр башка эле.
Ушул айылда Сеит деген мектеп директорунун онунчу классты жаңы гана бүткөн Жыпар аттуу кызы бар. Эки баланын көңүлү жарашса, ушу кызды келин кылып алсак деп тилешчү. Бул тилекти оюнчынга аралаштырып, Сеиттин үй-бүлөсүнө да каңкуулап жүрүшчү. Алар да «калың төлөгүлө!» деп тамашалашып калчу.
Бул сөз Жыпарга жөн гана тамашадай угулчу. Ага ызаланып, туталанчу да эмес. Ал жигиттин ким экендигин, кандай экендигин көрбөгөн да, билбеген. Бирок ал эл оозунда көп айтылгандыктан, анын кандай неме экенин бир жолу көрүп койгусу да келчү.
Бек армиядан келген күнү айылдаш аксакал, көксакал, катынбаладан бери түп көтөрө келишип, аны менен учурашты. Жаш солдат аскер көйнөгүнүн сыртынан курун адаттагыдай бекем курчанып, жакасынын топчусун чечип коюп, келгендердин чоң, кичисин ылгабай тура калып учурашууда… Бети тамылжып, анын дидарынан кубанычтан башка нерсе сөзилбейт… Ата-энеси менөн бирге Жыпар да келип амандашканда жаш солдат аны теше тиктеп туруп, «Ийи, садага чоңойдуңбу?» деп күлө карап, колунан кысып койгон. «Бу мени кайдан тааныйт?» — деп, Жыпар өзүнчө таң калган. Чынында солдат армияга кетүүдөн мурда деле айылга өтө сейрек каттагандыктан, жаштарды тааный албай, кайсынысы кимдин баласы; экенин билбей, айтор баарысы биздин айылдын жаштары го деп ойлочу. Жыпарды да ошентип болжогон. Ал бул айылдын кызы эмес, башка райондон келген Сейиттин кызы экенин кийин гана билет…
Ошол учурашуудан кийин Жыпар жаш солдатка экинчи беттешкен жок. Анын үйүнө каттоону токтотуп, ал турсун, колхоздун көчөсүнө да көп чыкпай калды. Каякка басса да солдат күлүмсүрөп тиктеп тургансыйт. Кыз  үйдөн  чыкпаса  да,  андан  кутулбоочудай жүрөгү түрсүлдөйт, дүрбөлөңдүү жолугушууга даярмын дегендей аны ичтен сыза күтөт.
Жыпар бүкүдүкү болуп жүргөн учурда Назар уулуна башка бирөөлөр аркылуу кеп салат… Анын максаты уулун үйлөндүрүү, көздөгөнү — Жыпар эле.
Жыпар деген ким экенин жигит ошондо гана сурамжылайт. Анын Сеит деген директордун кызы экендигин, онунчу классты жаңы бүткөнүн угат. Бая күнү учурашууга келген кыздардын кимиси экенин эсине түшүрө албайт. «Барып көр» дегендерге көнбөйт. «Менде үйлөнүүдөн да орчундуу милдеттер бар… Үйлөнбөй турган болгондон кийин, жаш кызды жаманатты кылып, ага жолугуша албайм» деп, бесарман болот. Эгерде жаш солдат кызды көрүү үчүн барып, анан куда түшпөй койсо, кызды жактырбаптыр деген ушак тарап кетмек.
Бектин этияттыгынан да кыз үчүн пайда чыкпады. Аны жигиттин көргүсү да келбептир деген ушак тарап кетти. Жыпар таптакыр эле үйдөн чыкпай калды… Анан, айылдаштары таң каларлык окуя болду — Сеит кечикпей эле, үй-бүлөсү менен башка жакка көчүп кетти…
«Тилимди албадың, жакшы коңшумдун шагын сындырып, айылдан кубаладың» деп атасы Бекке таарынат, «Кызына бир жолугушуп, таанышып койсом болмок экен. Таанышуунун эмнеси жаман эле?» деп жаш солдат арманда калат. Бул жигит үчүн кечиримсиз чоң өкүнүчкө айланат.
Кечикпей эле Бек Фрунзеге, художниктер Союзуна келет. Атасы ошо бойдон бир нече жылга чейин уулу менен кабарлашпайт. Бир күнү кемпири менен акылдашат да, жоголуп кеткен баласын издеп, анын эмне деген киши болгонун билейинчи дейт.
— Ал жаман болгондо да, бирөө бизге жакшы баласын береби. Кулжуңдабай барып кел! — деп кемпири да кыстайт…
Мына, абышка башын жерге салып, ойго чумуганда өткөндөгү окуялар көз алдына келди. «Ууздай жаш кызды чанган эме эркек башы менен казан кармап, ушуну көрмөк».

* * *
Назар уулун эр жетип, эл катарына кошулса экен деп тилөөчү. Ал үчүн жигит элге пайдасы тийгендей белдүү кызматчы же илимпоз болушу керек эле. Назар өзү мансапкор болбогону менен мансапты жаман көрчү эмес. Бирок киши кайсы ишти болбосун, атаңа ракмат деги

зип аткарып, адамкерчиликтүү, сыпайкерчиликтүү болушун каалоочу. Ал художник деген атак жана бул ишкө аралашкан кишинин турмушу, адамкерчилиги кандай болорун биле албай жүргөн. Чынында бул ишти өз ичинен жактырчу эмес. Мындан көрө уулу тракторист, шофер болушун артык көрөр эле.
Ушул жолу Фрунзеге астыртан келип, Бектин каерде иштеп, кантип жашап жатканын өз көзү менен көрүп, анын аял баасындагы сайпана киши болуп калганын билди. Чоочуду. Анын ушул жолдон чыгууга көнбөсүн, кежирлигин билип, аны буга жеткирбей, жаштайында эле башка окууга бербегенине капаланды.
Уулунан шаардагы туугандарынын адресин сурап алды да, «жеткирип коеюн» деген сөзгө көнбөй өзү мулжуңдап кетип калды.
Абышканын көңүлүн табуу кыйын эмес. Бирок анын оюндагыны аткаруу кыйын. Бек атасынын эмнеге капа болгонун түшүндү. Аны сөз менен түшүндүрүүгө, ийиктирүүгө мүмкүн эмес. «Менин ишимдин жакшы экендигин акыры түшүнөр» деген ой менен өзүн сооротконсуду.
Назар шаардагы туутандарынан үч күндөн кийин келди. Көрүнүшү мурдагысындай капалуу эмес. Сөзгө келчүдөй илбериңки… Бекти оң жолго салууга туутандарынын баарын үндөп көргөн эле. Алар художник болуу ар кимдин колунан келе бербестигин, сүрөт менен бүткүл дүйнөгө атагы чыккан кишилер болгонун кайракайра айтышып жатып, чалдын ачуусун араң токтотушкан. «Жакшы художник — элдин сыймыгы» деген сөздү уккандан кийин гана ал күүлөнүшүн токтоткон.
Назар туугандарынан келгенде уулу үйдө эле. Баягы бүнрүмө шымчан, боз көйнөкчөн болуп, сүрөткө кадалып турган экен. Ал сүрөт тартып жатабы же өзү сүрөт болуп жабышып калганбы деп абышка эриксизден серп алды.
— Баланы жүрүштурушунан адаштырып, Ата-энесин капалантып, перинин кызындай азгыра тургандай сүрөттүн эмне кызыкчылыгы бар? — деген суроо анын көңүлүнө келе калды. Бирок ал суроого жооп таба албады. Бул суроого кыргыздын өткөн турмушу, ал турсун, укмуштуу жомоктору да жооп бере албайт. Эгерде Бек уста, мүнүшкөр, саяпкер болсо, атабабадан келаткан белгилүү кесип болгондугу үчүн баарына макул эле. Художник деген сөз жана анын боек менен иштеген иши ага чоочун көрүнүп туруп алды.
Атасынын тамагын жасанып келишин укса да, Бек полотнодон төз чыга албады. Мунусу ата үчүн адепсиз диктей учурады. «Сүрөтчүлүк жакшы иш эмес экен го деп ойлоду. Эгерде кызматчы кабинетинде отурганда кирип барса, өзүнөн улуу кишилерди көргөндө канда~ болбосун, ордунан тура калар эле. А, сүрөтчү уулу өз атасынын келгенин билсе да, жүрөгү ташка айланган сып, кылчаюуга жарабады.
Назар ызаланып, уулуна коштошпой эле, айылына жөнөп кеткңси келди. Дал ошол учурда эшик ачылыпг Бектин жолдошу Жума кирип келди. Бул жигиттик абышка биринчи көргөндүктөн, кайдан жүргөн неме дегенсип жана чоочун кишинин көзүнчө андап жорукту баштоого батынбады.
Бу жигит Бек курактуу, жыйырманын ичинде, бирок ачык айрым. Эски таанышка окшоп, абышкага кыйкырып, салам айта кирди:
— Ассалом алейким? Аяш ата күүлүсүзбү? Айыл аман-эсенби?..
Атасы менен жолдошунун сөзү кызыганда гана Бек иштен башын тартты. Сурөттү ары жылдырып, колубашын жуугандан кийин да, беркилердин жанына келген жок. Сүрөттүн жанында ойлуу турду.
Бек тигилердин жанына келгенде атасы сатып алган буюмтеримин жыйнап, чемоданга салып жаткан. Уулу анын кетүүгө камынганын элеген жок. Түштөнүү убагы болгондуктан гана, чай кайнатууга киришти. Жума ага жардам берип жумурткаларды кууруй баштады. Качак тамак ортого келгенде абышка ал жигит менен тааныша баштады:
— Балам, сен да художниксиң го дейм.
— Ооба, ата! Кантип билдиңиз?
— Жүрүшүңөн көрүнүп турбайбы.— Абышка иренжибей, сайпана эркектер менен бирге өскөнсүп, кадыресе аңгемелешти.— Сүрөтчү болушуңарга тардыгым жок. Эркектей болуп жүргүлө, сыпайкерчиликти унутпагыла. Баса, уулум сен кайсы жерликсиң?
— Чоң-Кеминден…
— Оо!.. Силердин ата-бабаңарды укканмын. А, сен казан-аяк кармап калган турбайсыңбы!
Бек менен досу бул сөз өздөрүнө тийбегенсип, каткырып күлүштү.
— Күлгүлө, балдарым! Силер мени алжыган чал деп ойлосоңор керек. Эркектин эркектей, үйдүн үйдөй болгону жакшы. Мен силерге ошону түшүндүрө албай жатам, Мына, менин ата-бабам, манап да, бай да болгон эмес.
Өз оокаты өзүнө тың, өз тизгинин өзү кармаган кишилер болгон. Мен да ошондоймун. Кудая шүгүр, азыр да бир айыл эл кадырлашат.
— Түшүнөбүз, айтканыңыз ырас, аксакал! — Жума да жай сөзгө кошулду.— Азыркы шартта өз тамагын өзү бышырып ичүү айып эмес. Ошондой болсо да, биз убактылуу гана… Үйлөнгөнчө.
— Силер да үйлөнөсүңөрбү?
Эки жигит дагы каткырышты абышка өзү да мурутунан жылмайды.
— Болуптур, эми балдарым, мен кайтайын!
— Азыр элеби?
— Анан эмне кылам? — деди Назар бири-бирин тиктешкен балдарга.
— Мейлиңиз, ата!
Эки жигит аны вокзалга чейин узатып чыгышты. Бек «апама» деп базарлык алып берүүгө, атасына өз турмушу жана иши жөнүндө эмне ойлогонун айтып берүүгө жарабады. Ал бая күнү, Назар шаарга келген күнкүдөн да ойлуу жана маңыроо чалыш көрүндү. Атасы менен салкын коштошту.

* * *
— Кое турчу! Мени кечирип коер…— деди Бек көчөгө чыгуучудай эшикти көздөй басып баратып… Үйдө өзүнөн башка эч киши жок эле. Далай убактан бери жалгыз жашап, өзү менен өзү сүйлөшүп, кеңешүүгө дагдарылган неменин эшигинин алдынан кайра тартышы биринчи жолу болуп отурганы жок. Анын бир ишке же бир жакка умтулушу кээде каалоосуна, убадасына жараша болсо, кээде көңүлүнө жараша боло турган. Көңүлү ишке тартып турганда башка тиричиликтин баарын токтотуп коер эле. Ушунусу үчүн сөзүнө так эмес, маданияты кем деген жемелерди угуп калучу.
Анын өкүнүчүнө жараша, качан бирөө менен сейилге чыгарда, кыйбас киши мейманга келгенде же союзда бир жакшы нерселер болордо табына келип, ишке табити тартып турар эле. Бүгүн да ошондой болду.
Жума ушунча күндөн бери бүгүн кастарлап конокко чакырып калыптыр. Мурда бирибириникине чакыртпай эле катышчу эмес беле.
Бек жолдошунун көңүлүн оорутпас үчүн өз көңүлүндөгү нерсени баскысы келип, өзүнөзү күчкө салып, конокко жөнөмөкчү болду эле, коймолжун кара көздүү кыз эшиктин оозуна келип, «сени чыгарбаймын» дегенсип, кулачын жайып, жолун тосо калгансыды. Эми токтобоого чамасы калбады. Жума кечирип коер деп ойлоого араң. үлгүрүп, кайра төркү бөлмөсүнө кирди.
Адамды баамдуу тиктеген чарчы бойлуу, кара тору кыз анын санаасын санга бөлүп, полотнодон тиктеп турду. Ал сүрөткө окшобой, тек сыр билги кадыркеч селкиге окшоду. Мени таштап каякка бармак элең, туура кылдың девенсип, мурдагыдан да жадырап, ыраазылык менен көз жибергенсиди.
Аны азыр жолунан калтырып, убадасынан айныткан ушу кыз эле. Ушу кыздын айынан алыстан атайылап келген атасынын таарынычын жаза албан, салкын узатты. Ушул кыздын азгырыгынан башка жумуштарынан алагды болуп, балапандуу чымчыктай үйүнөн айланчыктап чыкпайт. Ушул кыз таалайына бүткөн махабаттай: жигиттин эркин бийлеп баратты.
Аны мынчалык азгыргандай сүрөттөгү кыздын эмнеси бар экенин түшүнүү үчүн Бек аны менен тпктешти да турду.
Кадимки карапайым, ак көңүл, муңайым кыргыз кызы. Жомоктогу сулуулардай керемети жок. Бирок, кө» карашы терең жана көп сырдуу. Качанкы таанышындай ысык учурап, сени көп күтүп калдым го, деп жүрөгүн беймаза кылат.
— Өзүм тарткан сүрөткө өзүм ашык болуп калдымбы,— деп ойлойт жаш художник,— сүрөттү жакшы көрүүгө болот. Бирок… Бул жөн гана сүрөт. Акындар айткандай лирикалык чыгарма. Ошо гана…
Бек кистисин колуна алды. Ал сүрөт тартып жаткан жок. Кызылча талаасында жүргөн кызды жандай басып, анын ишине, мүнөзүнө, мамилесине жараша аңгемелешип, улам имерилип отуруп, бир өскөн курбудай ынак болуп кетти. Анысы — бар болгону сүрөт, өзү тарткан сүрөт. Ошондой болсо да, жаш художник чарчоону билчү эмес, убакыттын өткөнүн да сөзбей калчу…
Жума аны дал иш үстүнөн, кызылчачы кыз менен маектешип турган жеринен жолуктурду. Ал ызалуу эле. Бек анысын байкаган жок. Бакыттын учкунуна мас болгон боз уланча жолдошунун келишин кубаныч менен гана кабыл алды.
— Кечиргин? Мен бара албай калдым. Көрүп турасың го, колум байлануу… Бүгүн болбосо эртең…
— Кандай бүгүн болбосо, эртең? Андан бери эртеңдин канчасы өттү!
Жума ага таарынып, беш-алты күндөн бери келбей койгон.
Акырында, жолдошунан кабар болбогондон кийин Жума балким ал ооруп калдыбы, дагы кандай күнгө дуушар болду деп, чыдабай өзү келген.
— Ошондойбу? — Бек бактылуу күлдү, жолдошунун жемесин дале ачык түшүнбөдү.
«Буга эмне болгон?» дегенсип, Жума полотного кокусунан бурулду да, бир кызык дүйнөгө туш болуп, андан чыккысы келбегенсип, тамшанып коюп тура берди.
— Иш жаман эмес экен.— Бек жолдошунун көз карашынан улам кыйытты.
— Ушундай дебейсиңби? — Жума ичиндеги таарынычын унутуп, жаркылдап, жолдошунун колун кысты.— Башка сөзүм жок, ушуну көр деп мурда эле айтсаң го… Болуптур эми! Куттуу болсун! Куттуктаймын досум!
— Ыракмат! — Бек анын колун кое берген жок.— Ошондой болсо да мени кечирип кой.
— Укпайм бу сөзүңдү. Ушу сүрөтүң үчүн күнөөң тоодой болсо да кечер элем. Болду! — Ал полотнодон көзүн албайт.— Иш деп ушуну айт!
Эмгеги жөнүндө эң биринчи жолу досунан жакшы пикир угушу, ал турсун, ушу сүрөттүн шарапаты менен таарынычынын жазылышы жаш художникти кубантты. Ал өзү да эмгеги сая кетпесин сөзген, бирок көргөн кишиге мынчалык жагарын билген эмес. Досу өтө эле таңдайы такылдап баратышына бир чети ишене албады:
— Койсоң эми, экиленбей! Кыргыз кызы жөнүндө мындан башка сүрөт жок сыяктанып…
— Мен антип ойлогонум жок. Чуйковдун, Ильинанын кыздары өзүнчө… Бул өзүнчө… Сен мени достук кылып көтөрө чалып турат деп түшүнбө…
— Ошондо да…
— Олдо сенин карапайымдыгыңай! Мейли, өзүң каалагандай эле болсун. Аның жаман эмес.— Жума Бек менен моюндашып, Чүй талаасына көз жиберди.
Чүйдүн таяаасы. Чыгыштан таң сөгүлүп, асмандагы чолпон алсырап бараткансыйт. Анын нуру жердеги кызга оошкондой, ал ажарлуу, сулуу жана кимдпр бирөөнү сагынгандай, күткөндөй алыска көз жиберет.
Кыз кыялын сөзе билген художниктен эмне качып кутулмак. Бек андай көрүнгөн жок эле. Ал турсун, кыздар менен жөндөп сүйлөшүүнү билчү эмес. Тарткан сүротүнө караганда кыз аттуулардын сыры жалаң гана ушу жаш художниктин кистисине бүткөн сыяктуу.
— Сен куу экенсиң! — Жума аны ийнинен булкту.— Кыздарга калп эле комогой көрүнчү турбайсыңбы?
Бек көзүнөн жаш чыкканча каткырды. Ал мурда мынчалык ыкшып күлчү эмес.
— Чыныңды айтчы? Мен сени жакшы тааный албай турам. Баягы эле Бексиңби? Сен буга чейин кайда жүргөнсүң? — Анын сүрөттү ашыра мактап баратышынан этибарлангандай Бектин күлкүсү тыйылды.
— Эми эле убада бербедиң беле… Жума мурдагысынан да ашып түштү:
— Колуман келсе экилентмек түгүл, асманга көтөрөр элем. Бирок кеп мактоодо эмес… Кош, эми муну эмне кылайын деп турасың?
— Эмне кылат элем! — Бек ийнин копшоп койду.— Тура берет.
— Кызык экенсиң, тура берчү беле? Мунун орду башка… Бул жерге камап коюуга акың жок. Камасаң да токтото албайсың.
— Тамашаңды кой! — Бек колун шилтеп, басып кетти.— Менден ким тартып алат экен?!
Жума соңунан калбады:
— Мындай ишти катып коюуга акыбыз жок. Элге көрек… Биз эл үчүн шптеп жүрөбүз.
— Элге маанилүү, татыктуу нерсе керек. А, бу менин өзүмдүн гана секетбайым. Экинчиден, бул менпн пландуу ишиме кирбейт. Союз пландуу иштерди гана талап кылат.
Жума анын чыны менен тартынып жатканына ишенген эмес. Адатынча жөн эле карапайымдык кылып жатат деп ойлогон. Ал таптакыр көгөрүп койгонун көргөндө гана, көзү жетип турган нерсеге макул кыла албаганына өкүнүп, шалдая түштү:
— Ушундай кызык жигитсиң! Өзүм билемчплигпң кээде кишини эзип жиберет да. Бул жалгыз гана сенпн секетбайың эместигин сага билгизбесемби!

* * *

Жуманын ою туура чыкты. Сүрөттү союз талап кылды. Эми аны жашырууга болбой калды. Балким муяу жаратышар, же жаратышпас — Бек үчүн баары бир эле. Бул сүрөттү бир максатты көздөп тарткан эмес.
Сөз сурөт жөнүндө эле болсо эмне?! Таптакыр күтүлбөгөндөй окуя пайда болду.
Художниктер союзунда председатель менен Калыбек гана отурушкан. Жума сүрөттүн бетине жабылган чүпүрөктү ачып туруп, алардын алдына кармай берди.
Председатель баштап отурган сөзүн токтотуп, көзүн кыбыңдатып калды. Отургандардын баарынын көңүлү сүрөткө бурулуп, кеп эмне жөнүндо козголгону ошо бойдон унутулду. Жапжаңы кара костюмчан, чачын сылап, бутун апкалыштырып, сөзгө уюп отурган букжугуй Калыбек сүроткө үңүлө тиктеп:
— Азамат! Бул бир кызык иш экен! Куттуктаймын, жолдош Жума!
— Рахмат! — Жума күлдү.— Бирок авторун куттуктацыз! — Ал Бекке көзүн кысты.
— Эмне? Эмне? — Калыбек Жуманы такмалай берди.— Тамашага чаптырбаңыз. Бул сиздин иш окшойт го.
Калыбек Бектен мындай ингти күтпөгөн. Бирок Жума оозумурду кыйшайбай ырастап отурган соң, сөз тамаша болбой чыкканына күңкүлдөй баштады:
— Деги жаштар кызыксыңар! Силерди түшүнүп болбойт. Бул сурөт да ошондой — бир караганга кызык. Бирок абайлап көрсө,— ал башын чайкады.— Маанилүү деле иш эмес, жаштык кыял гана…
Калыбектин пикиринин заматта өзгөрүлө калышы таң каларлык болду.
— Сиз эми эле мактабадыңыз беле? — Жума эми аны такмалай баштады.
— Айтпадымбы, бир көргөнгө — деп…
— Түшүнө албайм!
Председатель алардын талашына кошулган жок. Папиросун тартып, сүрөттү тиктеп, өзүнчө ойго батып отурду. Аңгыча улам бирденэкиден келип отуруп, кабинетке бир топ художниктер чогулушту. Талаш кызый баштады. Аны кызыткан да Калыбек:
— …Реалисттик искусствого сыйышпайт… Фантазия! Турмуш менен байланышпаган жаштык кыялдын алдамчы элеси.— Ал салмак менен ордунан туруп, сүрөттүн жанына келди.*— Карагылачы: жомоктогу сулуу кыз. Ага реализмдин көйнөгүн кнйгизүү үчүн кызылча талаасынын фонун кошуп койгон. Эгерде кызылча талаасын алып таштаса, бул кыз жомоктогу сулуунун дал өзү болуп чыгат. Жолдоштор, бизге чыныгы эмгекчи адамдын образы керек. Аны биз атактуу пахтачы, кызылчачы, малчылардын арасынан гана табабыз. Биз автордун өсүшүн кааласак, туура сындоодон баш тартпообуз керек. Ансыз жаштарды өстүрө албайбыз!
Дагы бир орус художник талашты андан бетер ырбатты:
— Эмгекти кай бир жолдоштор натуралисттик позицияда түшүнүшөт. Эгерде колуна кетмен, күрөк карматпаса эле, анын эмгекчи экени көрүнбөйбү? А, мага ушу кыз жөн эле эмгекчи эмес, эмгекти, элди, жерди сүйгөн жана аны баалай ала турган кыз экендиги ачык көрүнүп турат. Менин оюмча муну жаш художниктин биринчи табылгасы катары баалоо керек.
— Хаха! — Калыбек чалкалады.— Жаштыгыңыз эсиңизге түшүп кетсе керек. Сүрөттүн алдындагы жазууну окуңузчу: «Талаа жылдызы» дейт. Баары жомок.
Бул жазууну болбой жатып Жума жазган эле.
Бек ар кимдин сөзүн кунт коюп тыңшап отуруп, өзүнчө ойго кетти: «бирөөгө жаман, бирөөгө жакшы көрүнгөн да чыгарма болобу?» Андай болууга мүмкүн эмес. Бириники гана туура болууга мүмкүн. Бирок азыркы талаштан кимдики туура экендиги ачык болбоду. Ошентип отурганда Калыбек жаш художникке кайрылды:
— Айтыңызчы, жолдош Назаров! Сүрөттөгү кыз колхозчубу, же студенткабы?
Бек мукактанып калды.
— Сиздин сурооңузду кандай түшүнүүгө болот? — деди Жума чыдай албай.— Сөз прототип жөнүндөбү?
— Ооба, ошондой десек да болот,— Калыбек жаш художникти талылуу жерден кармагандай жагалданды.
— Мен кызылча талаасынан дал ушундай кызды көргөмүн.— Бек бир нерсе эстегендей, ойлуу сүйлөдү…— Бирок анын студентка, колхозчу же кызматчы экенин билбеймин…
— Кеп ошондо! — Калыбек айланасындагыларга шаңдуу карады.— Бир көргөнүң ырас. Ал ким болсо ошол болсун, айтор кызылчачы эмес. Мен билсем студентка!
— Аны кайдан билдиңиз?
— Билем. Таанып да турам!
Башкалар күлүштү. Бек Калыбекти тиктеди да калды.
— Жолдоштор! — Акырында председатель сөзгө кошулду.— Мейли, кызылчачы болсун, мейли, студептка болсун, тип табылган… Менин оюмча сүрөттү көргөзмөгө коелу. Талашты ошондон кийин уланталы.
— Жаштарды көп алчактатуу жарашпайт. Бир нерсе болсо эле жеңиш, табылга деп кыйкырып жүрүп, баарын бузуп алар бекенбиз,— деп Калыбек эшпкти карс жаап кетип калды.
Художниктер арасында Калыбектин сөзүн сүйлөгөндөр да болду. Көпчүлүгү председателдин сунушуна кошулушту.
«Талаа жылдызы» мынчалык сөз болорун күтпөгөн жана мындай талашка биринчи дуушар болгон Бек ар кимдин сөзүн кунт коюп угуп, өзүнөн өзү апкаарып отурду. Ал талашка түшкөнүнө кейиген жок, талаштын эмнеден чыкканына түнгунө албай убараланды. Баарыдан да Калыбектики өтпөдүбү?
Калыбек Бекти жаман көрүүчү эмес жана бир көздө аны «таланттуу» деп мактагандын бири да ошол эле. Анын оозунан кескин сын чыгышы бүгүн биринчи жолу. Демек, аны пикир келишпегендиктен, же көрө албастыктан тыраалады деп шекшинүүгө негиз жок.
Бек карт художниктин пикиринде бир нерсе бар экендигин, болгондо да күчтүү экенин бүгүн байкады. Андан да «сүрөттөгү кыз студентка болуу керек, аны таанып турам» дегени таңкалтты. Жалаң ушу сөзү үчүн Калыбектин пикирин четке каккысы келбеди. Ал турсун, анын сөзү акыйкаттай сөзилди. Мында отурган бардык профессионал художниктер байкабаган нерсени Калыбектин байкашынын өзү да ойлонто турган нерсе эле.
— Калыбек туура! — Бек да ордунан турду.— Анын айткандары жөн. Демек мен анык эмгек адамын таппай калгандырмын… кечиресиздер, сүрөт көргөзмөгө татыктуу эмес.
— Кечиресиз?! — деди председатель ордунан козголбой.— Бул сүрөт кандайдыр бир студенткага окшоп калса эле эмгек адамы болбойбу? Сиз, билимдүү кишисиз, баланын сөзүн сүйлөбөңүз?
— Кеп анда эмес! — деди Бек…— Мен түшүндүрө албайм…
— Сага эмне болду Бек! — Жума күңк этти.— Отур.

* * *
— Ооба, Калыбек туура! — Бек үйүнө келгенден кийин да өзү менен өзү кеңешип, ушу пикирден алыстай албады.
Калыбек кантип туура болбосун!
Жай айы. Бек союздун тапшырмасы боюнча Чүй өрөөнүндөгү колхоздорду кыдырып, алдыңкы адамдардын портретин жазмак болот. Тапшырма айкын. Бирок андай адамдарды тартуудан да табуу кыйын. Колхоздун жетекчиспнен же эсепчисинен кимдин эмгек күнү көп экендигин сурап алып, ошонун сүрөтүн тартууга көңүлү чаппады. Жакшы адам, алдыңкы адам жалаң эсеп менен гана аныкталбайт. Эсепке көп кызыкпай, көзгө көп илээншен өз алдынча чоң иш бүтүрүп жаткан кингалер азбы? Андайларды сурамжылап табуудан көрө издеп жүрүп тапкысы келди.
Бектин көңүлүн Чүй талаасы тартып турду. Өзү тоо өрөөнүндө ;туулуп өскөн жигит кең жер, кооз жер жөнүндө сөз болгондо дайыма Чүйдү эстеп, Чүй өрөөнү менен сыймыктанаар эле. Бирок Чүпдүн жолу менен өткөнү болбосо, аны кадимкидей аралап көргөн эмес. Чүй ал үчүн сыртынан ашык болгон кыз сыяктуу эле.
Ал кылкылдаган эгин талаасында, көк жашыл кызылча плантациясында далай күндөрдү өткөрдү. Кээде ач калат, кээде түшкү эс алуу убагында кызкелиндерге туш келсе, алар саякатчы жигитти бирге тамак ичүүгө чакырышат. Жигит токмун, ичтим деген шылтоолорду айтат. «Жалгыз ичкениңизди айтпаңыз» деп, келиндер жаалап киргенде ал аргасыздан аларга кошулуп отурат. Бирге оокат ичишет, аңгемелешет. Кызкелиндердин ошондогу шаңкыддаган күлкүлөрү али да кулагында… Ал кээде сугатчылар менен бирге талаада түнөп калат. Убакыт көңүлдүү өтүүдө. Ага кишилердин баары эле бирдей, баары эле ишкер сыяктанат. Алардын ичинен бирин бөлөйүн десе башкалары калчудай. А, баарын сүрөткө тартууга мүмкүн эмес.
Ага Чүй жакшы көргөндүктөн ушундай сөзилген. Бейпил Чүй! Махаббаттуу Чүй!
Бир түнү Бек сугатчылар менен жүрүп, талаада уктап калат. Көзүн ачса таң сөгүлүп, жылдыздар суюла баштаган… Аба салкын. Бек бир аз чыйрыгып калган. Сугатчылар көрүнбөйт… Торгонлордун таңшыганы, бөзбелдектин бөзилдегени айлананы жаңыртат.
Талаа учукыйры билинбей мелтирейт. Кыштактардын жылдыздары жыбырайт. Өрөөн койнуна сыр каткандай бейкут суйсалат. Бек таң нуруна аралаш мелтиреген талааны аралап жөнөйт.
Үлпүлдөгөн жумшак желден кандайдыр бир назик обон келип жаткансыйт. Бек айланасына көз чаптырат. Эч ким көрүнбөйт. Жер агарганда те төмөнтөн, кызылча талаасынан булактаган ак көйнөк көзгө урунат. Таң атпай талаага умтулган бул кандай жан? Бек сыяктуу «саякатчыбы» же эмгекти сүйгөн ишкер кызбы?
Бек жакындап, анын колундагы кетменин байкайт.
Ал кекжашыл кызылча талаасында жүргөн кыз эмей эле, көлдө сүзгөн аккуу кейиптенет.
Саякатчы жигит дал бет маңдайына жакындаганда гана ал башын көтөрүп, аны тигиле карайт. Жигит да учурашуу оюна келбей каткан бойдон турат. Жигиттин анчейин сейилдеп жүргөнүн сөзгендей кыз кайра жумушуна киришет. Аңгыча туштуштан келин кыздар кошулуп отуруп, заматта талаа кызылтазыл болот.
Ошол ак көйнөкчөн, талтал кара чачы айдалынан төгүлгөн, жоодураган кызыл тору кыз, жигиттин элесинде түбөлүккө кала берет. Бул элес түнкүсүн түшүнөн, күндүз көз астынан кетпейт…
Талаа жылдызынын тарыхы ушундай.
Ал кыз жаш художник менен биринчи жолу кокусунан гана жолукканы менен, ал бир жерден болбосо, бир жерден көзигип калчу кыргыз кыздарынын бири эле. Ансыз да кыргыз кызы жөнүндө Бектин эч кимге айтылбаган, жүрөгүнө уюган мудаасы боло турган. Бул мудаа ага кол жетпестей бийик жана ыйык сөзилчү. Бек Чүй талаасындагы көздешүүнү, баарынан мурда, ошол мудаасы менен көздешкендей сөзген…
«Талаа жылдызы» художниктер союзунда болду. Көргөзмөгө коюлду. Көрүүчүлөрдүн да көңүлүн бура баштады. Эми ал Бектин гана жашырын мудаасы болбостон, элдик кыз болуп баратты. Бирок, Бек ошондой болсо да, жүрөгү сүйгөн ыйык заттын сырын эч кимге айта албады. Аны өз жүрөгүнө гана сактап, түбөлүккө ыйык нерсе катары алып жүрүүнү артык көрдү. Бул ыйык сөзимди өз жүрөгүнө жашырууга да чамасы жетпей баратты.
«Талаа жылдызы» көргөзмөгө коюлгандан кийин, Бек жакшы көргөн жакынынан бөлүнтөнсүп, үйүнүн ичи аңгырады. Бир нерсеси кемигенсиди. Бек буга түшүнө албады. Сүрөт билермандарга жакса, элге жакса, художник үчүн андан артык эмне керек?
Ал кээде көргөзмөгө баруучу болду. Жалгыз максаты «Талаа жылдызын» көрүп коюу. Ошондо гана жүрөгүн сүрөттөгү кыз бийлеп алганын сөзе баштады. Ал сүрөт эмес эле, Чүй талаасында таңга маал иш үстүндө жүргөн кыялкеч узга көзмөкөз көздешкенсип, жүрөгү өзүнөн өзү опколжуйт. Уз да аны сөзгенсип, аягансып, махаббаттуу тиктейт, эми качан, деп үмүтүн үзбөй жол карагансыйт.
Бектин көңүлү сүрөткө чаппай эле, Чүй талаасын көздөй чабыттай баштады.
Жума ушуну менен үчүнчү жолу чакырып келди. Үчөөндө тең бир гана жооп укту: «баралбайм». Бу жолу Бек «баралбаймын» деген сөздү мурдагыдан бегирэзк көзеп айтты.
— Мен сен үчүн… Байкабай жатасың! — Жума колун жүрөгүнө басып, жалбара сүйлөдү.— Азыр көргөзмөдө да, андйн сырткары да «Талаа жылдызы» жөнүндө гана сөз. Айрыкча жаштар. Ага кумар болбогон киши жок. Авторун көрсөк дегендер канча?!
Жуманын сөзү ырас. Бул сүрөт көпчүлүктү кызыктырганын, дүүлүктүргөнүн автор өзү жакшы билбесе да, сүрөт элге жакканын байкаган. Өзү көргөзмөдө бир нече жолу болгондо «Назаров», «Назаров» деп, өз алдынча кеп кылышканын уккан. Бирок, эч ким Назаров ким экендигин тааныбайт экен. Аны жанында турса да билишкен эмес.
— Макул, сешга айтканыңдай эле болсун. А мен барганда эмне болмокчу?
Жума столду бир муштады.
— Айтпаса, адамдын ачуусун келтиресиң. Эмгекти эл баалаганын көргөн кишинин көңүлү эргибейби?! Демине дем кошулбайбы?!
Бек ага этияттык менен гана жооп кайтарды:
— Аның да ырас. Бирок мага эрте… Мен баланча элем, таанышып коелу деп чоолжуй албайм. Мени пш күтүп турат. Эң шашылыш.
Жума ошондо гана жолдошу жол кийимин кийинип, сур плащын белендеп койгонун байкады.
— Каякка?
— Чүй талаасы чакырат.
— Баса, сен Чүй менен боорлошуп кеттиң го.— Жума да жай сөзгө өттү.— Мунуң жакшы. Элге көбүрөөк чыгып туруу сонун.
Бек үндөгөн жок. Ал басмырт жана санаркагандай иреңинен аза түшкөн. Эмне үчүндүр ушкүрүп койду.
Өмүр чоң нерсе. Чыгармачылыктан башка да, өмүрдө адамды өйдөтөмөн калчай турган түйшүктөр жок дейсиңби, деген ой жолдошунун көңүлүнө келе калды.
— Кечиргин, Бек! Мен сага ачуураак айтып койдум окшойт. Бирок, сени сүйгөндүктөн. Байкашымча сенин жүрөгүңдө бир түпөйүл нерсе бар. Дайыма өзүң менен өзүңсүң. Айт. Сырыңды менден жашырба. Сага жардам бере албасам, достугумдун кереги ташка тийсин.
Бек муну укканда мурутунан күлүп койду да, көпкө унчукпай отурду. Анан оң колун жолдошунун ийнине арта:
— Дос ыйык нерсе! Мен бул жөнүндө көп ойлоном! Бирок, жеке гана жүрөккө тийиштүү нерселер да болуута мүмкүн,— деди.
— Айт. Айтпасаң таарынам! — Жума терс карады.
— Менин оюмча, достук үчүн шарт да, шерт да керексиз. Бир чийимди чийип алып, ушундан чыксак дос боло албайбыз деп айтуу, туура эмес го дейм. Достукту тсандай десем… деңиздей терең, тоодой чоң болушу керек. Достук — бүткүл өмүрдүн иши.
— Сен, терең кеттиң.— Жума күлүп, оң карады.— Мен сага айлам түгөнгөндөн таарынайын дегеним. Аны туура түшүн… Мен, мүмкүн достук жөнүндөгү эски түшүнүктөрдөн уламдыр, же сени аягандыктандыр, айтор сенин мүңкүрөп турушуңду көргөндө түтө албайм. Сенин азабыңды кошо тартышкым келип кетет. Эгерде сенин ишенимиңе кире албагандыктан, батына албай жүрсөм, же батынсам да сага тирек болууга жарай албай жүрсөм, аным өзүмдүн кемдигим.
Жума өз оюндагыны эми туура айткансыды. Жолдоштукка, достукка чын жүрөгү менен берилип кандай чоң иш болсо да кошо аткарышууга даяр турган жигиттер болот. Бул көбүнчө жаштар үчүн мүнөздүү. Бек анын пикирин кубаттап, баш ийкөөдөн башка эч нерсе айта албады. Мындай чын жүрөгү менен берилген достор кокус бир нерседен көңүлү калса, дароо иренжип, өзүнөнөзү сууп кетүүгө да мүмкүн. Бек ага өзүнүн мудалуу сырын ача албай же аны бир нерсе менен жооткотуп алдап коюуга дити барбай өзүнөнөзү күйгүлтүккө түштү.
— Жума, сени жакшы көрөрүмдү билесиң. Сага чынымды айтам. Мен өзүмдөгү жүрөк сырымды ыйык сөзер элем. Аны эч кимге, эч качан айта албайм го деп ойлогом. Мени кыстабай кое турчу. Мага эмне болгонун өзүм да ачык түшүнө албаймын. Өзүмдүкү аз келгенсип, азырынча сенин ^башыңды да оорутпайын… Мен сыртка чыгып келейин…
Жума ага эриксизден макул болду.

III
Достор! Булар эмне үчүн жана качан достошкон? Аны ким билсин. Мындай суроо өздөрүнүн башына да келбөйт. Булардыл достугу биринчи таанышуудан башталган. Анда экөө тең Фрунзеге келип, художниктер союзуна жаңы гана киришкен. Жума жаш жагынан улуу, ачык жана өтүмдүү. Бек андан кичүү, түнтүрөөк, чоочун жөжөдөй болуп, башкаларга кошулбай үрпөйүп жалгыз жүрө турган. Башкаларга байкалбаган урпөгөй жигит эмне үчүндүр Жумага жылуу учурап, экөөсү таанышат, жөн жай сурашат. Анан бассатурса бирге жүрүшүп, бирибиринен а,жырабай тургансып калышат.
Жаштар кээде ашыналыкты, жылуу мамилени деле достук деп санашат. Ал турсун, көңүлүнө жаккандарга бейтааныш болсо да, сыртынан достошкондор болот. Жума менен Бек ушундай учурду баштан өткөрүп жатышкан. Чыныгы дос боло алышабы, өмүр сыноосунан өтүшөбү, аны ойлошпойт.
Бек өзү үчүн кымбат сөзилген сүрөт сырын эч кимге айтпай, ыйык тутам деп ойлогон. Качан Жума дос жөнүндө кеп салганда ичи элжиреп, сураса ага жанын да бергиси келип, андан бир нерсени жашыруу кылмыш сыяктанды.
Жума ага бирдемеси өтүп кетпесе да, достук үчүк жашырын эч нерсе жок го деген үмүт менен аны талылуу жерден кармап отурбайбы. Эгерде Бек арамзаланыпг күңкмыңк этип буйтактаса, Жума таарынмак. Алардын жаңыдан башталган достугу дал жалгашкан жеринен үзүлмөк.
Экөө тең өз ара кыйышпас сөзимде жүрүшкөндөн бери мынчалык ачык суйлөшкөн эмес. Достук жөнүнде» биринчи жолу ооздон чыккан илеп жаштык шертин мөөр сыяктуу бекемдеди.
Бек Семетейдин тайбуурулун минген Күлчорого окшоп күүлөнүп, Чүй талаасын чалууга кетти. Жума өмүрдүн бир жаңылыгын ачкансып, жакшы тилек менен калды. Бардык жакшы нерсе досу менен гана болчудай. Ага жакпаган же аны жактырбагандын баары Жумага жек көрүнүүчүдөй.
Ошондо анын оюна биринчи болуп Калыбек келе калды.
Ооба, Калыбекти Жума башынан жактырчу эмес, бир жеринен иренжий турган. Эми андан жөн гана иренжибестен, достукту коргош үчүн, аны менен өлбөгөн жерде калып күрөшкүсү келди. Ошондой учурду күттү. Аны менен нечен жолугушса да, кармашуу үчүн шарт келбеди.
Ошо караниет Калыбек ага бир күнү жолдун аркы четинен көрүндү. Бири батыш, бири чыгыш тарапка бараткан экен. «Карасаң, бул ушундай кайчылаш жүрөт» деп Жума кекенди. Атайын анын жанына өтүп барып, урушууга шылтоо табылбады. Эгерде кокусунан көзигишсе, башка иш эле. Бирок анын оюн түшүнгөнсүп, Калыбек колун булгалады.
— Жума! Жумаш!
Анын үнү кулагына шиш менен сайгандай угулду. Урушууга Даярданып, Жума жаагын тырыштырып, тиштенпп турду. Бирок Калыбектин кебетесинде сернишүү учүн кайрылуунун белгиси жок:
— Мен сени издеп жүрөм, Жума! — Ал барбалактап сүйлөдү.
Өзүнөн улуу кишини эч себепсиз жемелөөгө дити барбай жана аны менен сүйлөшкүсү келбегендей жаш художник моюн толгоду:
— Мен союзга баратам.
— Союзда киши жок.— Ал Жуманы быртыгый колу менен колтуктап алды.— Жүр, биздин үйгө. Аңгемелешебиз.
Анын үйүнө чакырышы өлүп тирилдим дегендей эле таңгаларлык угулду. Экөөнүн ортосундагы иренжүү да ушундан чыккан. Калыбектин бардык аракети — аны уйүнө келтирбөө эле. Жума анын үйүн көргүсү келгендиктен умтулчу эмес… Үй деген сөз жигиттин солкулугун жеңди.
Кокус, Калыбектикине барса, Бек эмне дейт? Эмне демек эле. Ал деле Калыбек менен душман эмес. Көп болсо, иш боюнча бир жолу кермур айтышкандыр. Калыбектин кыянатчылыгын дагы аныктап билүү керек. Балким кандайдыр бир түшүнбөстүк менен бизди кодулап жүргөндүр. Мүмкүн ошол жөнүндө сүйлөшүүгө чакыргандыр деген ойлор келе берди.
— Эмнеге ойлонуп калдың? Кеттик,— деди Калыбек. Жума ойлуу кошо басты. Ал мурда Калыбектин үйүндө эки жолу болгон. Алгачкысында, экөөнүн мамилеси жакшы көзинде аны жакшы сыйлашкан. Акыркы жолу. «биз мейманга бараткан элек» деп, аны сыпайыкерчилик менен дарбазанын оозунан кайрып жиберишкен. Калыбектин мамилеси бузулушу ачык айтканда, ошондон башталган.
Калыбек мүнөзү бир калыпта турбаган кызык киши. Кээде жакшы художник, апенди чалыш ак көңүл киши; кээде терсаяк, жаткан өзүмчул жана залим. Көңүлү жакканын асманга чыгара көкөлөтөт, жактырбаганын жер¬дин жети катар түбүнө киргизгиси келет… Ага иштин жөнүн түшүндүрө албайсың. Эгерде жакшы көңүлү кармаса, кызыл кыргын болгон кишиси менен өзү эле моюндашып жүргөнүн көрөсүң. Ошон үчүн сырын билген кишилер аны менен анчалык эрегишпейт.
Жума анын сырын анча билчү эмес. Ал өзү үчүн, Бек үчүн аны менен элдешпейт беле, Калыбекке балдызы үчүн гана ийикти.
Анын балдызы… көп кыздын ичинен Жума ошону сүйө турган. Сүйгөнү кыздын өзүнө түгүл, жөздесине, эжесине да маалим. Бирок, сүйгөнүн эч кимисине ачык айта элек болучу. Кыз ага жеткирбей: же жакшы сүйлөшпөй, же биротоло түңулдүрбөй буйтактатып жүргөн. Ичтен сүйүү азабы жаш жигитти кыйнаган. Анын ортосуна Калыбек каргашадай болуп кошула калып, Жуманы үйүнөн четтетип койгон. Ал эми кыз менен жолугушууга, ага чалма салууга бул үйдөн башка ыңгайлуу жер жок эле. Балдызы башка чакырган жакка барчу эмес. «Эх, Калыбектен башканын балдызы болор белең, менин багыма ушунун туш келгенин карачы» — деп өзүнчө наалый турган.
Үйгө дегенде Жуманын үзүлүп түшкөн себеби ушунда.
Алар күрөң дарбазалуу короого киришти. Ушул жерде Калыбектин менчик үйү, аздап жемиш багы бар. Ала жаздан коңур күзгө чейин анын тиричилиги короосунда өтөт. Күндүзү бакка карайт, көлөкөлөп сүрөт тартат, китеп окуйт, түнүндө сөөрүдө уктайт. Көңүлү тарткан кишилерди ушул жерде кабыл алат.
Короо жай Жуманын көзүнө ысык көрүнөр эле.
Алар дарбазадан киргенде кир жайып жүргөн кыз бурула калды.
— Женя! — Калыбек ага карап колун булгалады…— Бери кел. Таанышып койгула. Биздин таланттуу жаш художник…
Чаар чыт көйнөкчөн Женя жеңил гана басып келип, ийилип кол алышты. Аттарын аташкан жок.
— Ой, силер башынан таанышсыңар го? — Калыбек делдее карады.
Жума кызарып кетти. Женя «тааныш эмегенде» деп басып кетти.
— Молодец! — Калыбек анын соңунан күлдү.
Үй ээси жаш художниктин сөөрүдөгү столго алып келди.
Бир маалда Женя келип, столдун үстүндө чүмкөлгөн

акты сыйрып алганда жемиш жайнай түштү. Алма, өрүк, алча…
— Алып отуруңуз, жигит? Өз корообуздуку! — Калыбек алчадан оозуна салды.— Сиз отура туруңуз, мен чечинип келейин.
Качан Женя же аялы келип, столдун бетин ачмайынча Калыбек дасторконго киришчү эмес. Алардын бири келип, дасторконго жемишти жайнатканда, ушунун баары өзүбүздүкү деп көтөрүлүп калар эле.
— Жакшы. Жакшы,— деди Жума.
Калыбек жеңил тапочкасын кийип, ак тор майкечен, курсагын чердейтип кайра келди.
— Иним, сен да чечинип отур. Өз үйүңдөй көрө бер.
— Калыбек Сарыкеевич! Мага көйнөкчөн отурганым жакшы. Менден кам санабаңыз?!
— Эркинче отурсун дейм да. Кааласаң, бутуңду муздак суу менен жууп ал. Тердегендирсиң?
— Анча деле тердегеним жок.— Жума бет аарчысы менен чекесин сүртүндү.
— Иним, жаман көрбө! Мен өзүм деген кишилерге жөнөкөй мамиле кылам, алардан жанымды аягым келбейт.
Анысы ырас эле. Бирок мен буга каеримен жактым. Качантан бери өз киши болгом. Же балдызы тараптан ишарат болгонбу деп, Женяга сер салды. Анын мамилеси мурункудай эле кайдыгер. Жалгыз гана Калыбек түшүнүксүз бөйпөктөйт.
— Иним, сага эшигим ачык. Келип тур. Мени сыйлабаган, сөзүмдү укпаган кишилер чениме жолой албайт.
Бул сөз Бекке тийиштүү экенин Жума дароо түшүндү. Эмне кылсам? Биринбири жактырбаган эки киши менен кантип достошом? Же Калыбек менен, же Бек менен. Анда Женя?..
Жума өмүргө таандык кандай суроого туш келбесин, көз алдына Женя келе калат да, башы маң болот. Ошентип отурганда «Талаа жылдызы» жөнүндө сөз козголду. Калыбек анькжокко чыгарды. Женя коргой баштады.
— Мына, калыс кишинин пикирин угалы,— деп, жөздеси кургур жабышып алганы. Эгер ал калыстыгын айтса, Калыбек бычаксыз мууздалганы турат. Аны балдызынын алдында сындырбоо үчүн:
— Калыбек Сарыкеевичтин пикиринде да негиз бар,— деп сүйөмөлөдү Жума.
— Айтпадым беле. Бул жигит түшүнөт. Таланттуу. Мен ушундай жаштарды жактырам,— деди Калыбек.

Женя мен өз пикиримде турам деп тим болду.
Калыбек чоң жеңишке ээ болгонсуп, жадырапжайнап, өзүн жана Жуманы көтөрө чалып сүйлөй баштады.
Женя жедеп ордунан туруп кете турган болгондо Калыбек «жаштар, мен эс алайын, силер талашты өзүңөрчө уланткыла» деди.
Сен кандайсың дегенсиди жигиттин көз карашы кызга.
— Андан көрө, биз сүрөт көргөзмөсүнө барсак.— Женя жөздесинен макулдук сурагандай тиктеди.
— Эң сонун акыл! — Мен да ошону күткөм дегенсип Калыбек шаттанды.
Жума бу кызга ынтызар болгондон бери мындай бактылуу учурга туш болуп көрбөгөн. Чакырууга көнбөгөн кыз минтип өзү чакырып отурушу анын ыкластуулуту эмеспи деген үмүт жүрөгүн туйлатты.
Женя жигиттер менен жакындашуудан эмне үчүндүр тартынчы эле. Өзү балдардан окчун өсүп калганбы же жигиттер жөнүндө башкача ойдобу, айтор анда кандайдыр бир обочолонуу бар эле. «Саксынган байкуш» деп бирөөлөр анысын жактырчу эмес. Ушул мүнөзү үчүн «текеберлүү кыз», «сендейлердин далайын көргөнбүз» дешип, кээ бир жигиттер аны «тузакка» илиндирүү үчүн кекенише турган.
Жума башкаларга окшоп Женяга кекенчү эмес. Аны ичтен сүйүп, кусадар болуп, үмүтүн үзбөй жүрө берер эле.
Мына ошол Женя соорусунан өткөн колоң чачын булактатып, анын колтугунда баратты. Кокусунан гана бирге баскансып боюн ала качпай, ага эски курбусундай ыктап, сөз талашып, көңүлү куунак.
«Саргара сактасаң, кызара бөртөсүң» деген ушул экен. Мындан үмүтүмдү үзбөгөнүм жакшы болуптур, сүйүүнүн күчү деген ушул болуу керек деп ойлойт Жума, бактысына ыраазы болуп.
Алар художниктер Союзунун көргөзмөсүнө жеткенде гана сөз токтолду. Залды жай гана аралашты.
— Бул Чуйковдун индиялык этюддары го…
— Ооба.
— Айтиевдин соңку эмгектерин көрөлүчү?
Алар «Түш маалы» менен «Эл акындарынын» жанында сөз чыгарышпай ар кимиси өз кыялы менен алышып, узакка турушту.
— Сиз түштүктө болдуңуз беле? — деп сурады Жума.
— Болгомун.

— Анда жакшы…
— Бирок мобу акындардын бир катарын ушу сүрөттөн гана көрүп отурам…
Алар сүрөт искусствосу жөнүндө талаш чыгарышкан жок, бирин-серин суроо-жооп менен гана чектелишти. Жигит кыздын искусствого өтө ынак экенин сөзип, аны мурдагыдан бетер жактырды.
Женя талаш «Талаа жылдызынан» башталат го деп күткөн. Профессионал художник мүмкүн мен сөзбеген кемчиликтерин байкаганы үчүн жөздемди колдогон чыгар деп ойлоп калган. Ошондо да аны менен кармашып көрүүгө, өз пикирин далилдөөгө даяр эле.
Женя «Талаа жылдызына» көп токтолду. Кана, бул жөнүндө айтып көрүңүзчү дегенсип, жаш художникке суроолуу карады:
— Жакшы сүрөт. Мен бул сүрөттөн кынтык таба албайм.
Бул сүрөт жөнүндө Жуманын жообу эки түрлүү чыккандыктан, кыз этияттанып калды.
— Сиз «Жылдыздын» авторун тааныйсызбы?
— Тааныйм. Ал менин досум.
— Анда абдан жакшы тааныйт турбайсызбы?
— Эмне болуптур? — деди Жума шектенгендей.
— Жөн эле… Сиз аны менен дос болгондон кийин, экөөңөр бирибириңерди жакшы билесиңер го дегеним.
— Албетте…
— Бул сүрөттүн тарыхын, кандайча пайда болгонун айтып берсеңиз жакшы болор эле.
— Кечиресиз, мен аны сурай элекмин. Жакында гана бүттү.
— Сиздер көптөн бери доссуздарбы?
Жума түкшүмөл суроолорго этияттана калды:
— Ага мынча эмне кызыктыңыз?
— Бул сүрөткө азыр кызыкпаган киши барбы?! Ооба, бул сүрөт көптөрдү кызыктырууда. Женянын
кызыгуусу да башкалардыкындайбы? Жүрөгү кургур бир нерсени сөзгөнсип, жигит анын өзүнө суроо берө баштады:
— Сиз Бекти тааныйсызбы?
— Тааныш эмеспиз.
— Аны көрө элексизби?
— Көргөм…
Жуманын жүрөгү шуу дей түштү. Досум… Досуман жанымды да аябайм деген неменин ичи тарып, кандайдыр күнүркөө сөзими пайда болду. Кыз аны менен бирге басууну каалабан эле, сүрөттү көргүсү жана түшүнгүсү келип, аны эрмек кылуу үчүн ээрчитип келгендей туюлду.
— Бек мени билбес— Женянын акыркы сөзү гана аны эс алдырды.— Ошондой болсо да, ушул сүрөтү үчүн менден чоң ракмат айтып коюңуз?
Кыз менен жигит салкын коштошту. Калыбектин бөйпөктөшү жана кыздын бүгүнкү жоругу —баары табышмакка айланды.
— Келип туруңуз? — деди Женя короосуна кирип баратып.
Жумага анын кылчайып карап күлүп койгону, «келип турунуз» деген бир ооз сөзү эле жетиштүү болду.

* * *
Бек союз тарабынан жиберилбестен, өзүнчө суранып кеткен командировкадан бир жумадан кийин кайтты. Мүмкүн өзүнүн жекече жумушу бардыр же айылга чыгып дем алып келейин дегендир сыяктуу болжол менен анын сапарына эч ким кызыккан жок. Башкалар турсун, Жума да анын эмне зарылдыгы болгонун түшүнбөдү. Анын колунда колтуктаган сур плащы жана досум ооз тийсин деген бир корзинка ак алмасы бар эле.
Анын бозомук жүзү талаанын ысыгына, ачык абасына кара чүйкүл тартып, эриндери туурулган. Үлпүлдөгөн жумшак чачы, бир калыптагы токтоолугу гана ичинде эмне бар экенин, кыйналганын чоочун көздөн далдаалагансыйт.
Бек эң мурун өз үйүнө барбастан, досунун үйүнө кайрылды. Аңгыраган ээн үйү, тилсиз керебети тургандыр да. Ага бирин-бири түшүнө турган тилектеш киши менен сүйлөшүү керек эле. Жүрөктү өйкөгөн ойду тең бөлүшүү менен жүгү жеңилдеп, санаасы тынчый турган.
Андай кишиси — Жума. Бир жуманын ичинде ал досун кадимкидей сагынды. Мурун командировкада, башка жактарда айлап жүрсө да, жолдошторунун эч кимисин мынчалык сагынчу эмес. Ал досун көргүсү келди. Ал үчүн тандап жүрүп Чүйдүн ак алмаларын арнап алды.
Бек келгенде Жума жок, үйү ачык экен. Мүмкүн ал кошуналарыныкынын бирине заматка кире койгондур деп ойлоду. Күттү. Убакыт өтүп жатты. Чыдамкай Бек үчүн ар бир минута созулуп бараткансыды. Бир саат, эки саат… Ошондо гана тыкан досу эмне үчүндүр эшигин бекитүүнү унутканын, аны ана келет, мына келет деп отуруп, убакытты уттурганын билди. Мынча болду, эми аны акыр аягына чейин күтөйүн, эч болбосо, эшиги ачык калганын эстесе да, келер деп ойлоду.
Ал зеригип, үйдүн ичинде нарыбери басып жүрүп, жазуу столунун үстүнөн кичинекей сүрөт көрдү. Эңкейип караса кыз….
Зериккен кишиге сүрөт карап отуруудан артык эрмек барбы, анын үстүнө кыздын сүрөтү болсо…
Бек сүрөттү колуна ала коюп, тиктешип калды. Жүрөгү болк этти. Иреңи жылуу учурайт, көз карашы…
— Ошобу? Ал кайдан! Окшошураак неме го. Баса бу ким? Жуманын сүйгөнүбү, курбусубу, карындашыбы?
Бектин издегени ошондой кыз эле. Ал болсо, болбосо да, жоготкон жоктун изине түшкөнсүдү. Өзү менен өзү алышып отуруп, убакыттын кандай өткөнүн жана досунун кирип келгенин билбей калды.
Жума үйүнүн эшигин кулптабаганын кайра келатканда гана эстеп, баарынан ажырадым го дегенсип, төбө чачы дүркүрөп, дардалактап чуркаган. Жакындаганда квартирасынын терөзелери жарык болуп турганын көрүп, андан бетер чочуду. Кирип келгенде үйүндө Бек отурганын көрүп, кубанганынан бакырып ийди:
— Бекиш!
Эки дос кучакташып, өбүшүп учурашты.
Бектин сакалмуруту өскөн, жүдөө. Жума таптаза кырынып, жуунуп, жеңи чолок ак көйнөк кийген. Баштагысынан да шат. Ал Калыбек, анын аялы жана балдызы болуп, жаңы гана кинодон кайтышкан. Женя баягы бойдон «Талаа жылдызы» жана анын автору жөнүндө сөз жаңырткан жок. Аңгеме экөөнүн гана ортосунда болуп, кыздын мамилеси жакшыра баштагандыктан, Жума жетинчи асманда жүргөн убагы эле.
Бек ак алмаларын тарелкага салып, досунун алдына койду. Калыбектин үйүнөн жемишке тойгон Жума ак алмаларга караган жок.
— Кандай барып келдиң? Талаа сонун бекен? — деди. Досу талааяа кызыккандыктан саякат үчүн барган
эмес. Анын издегени бар эле. Бул жөнүндө ага ачык айтпаса да, досу бир четин уккан. Бирок азыркы суроосу сөз жөнөтүү үчүн анчейин гана айтылгансыды.
Бек командировкага чыгарда «Талаа жылдызына» байланыштуу кандайдыр сыры бар экенин, аны кийин айтып бере турганын эскертпеди беле! Ал Жуманын эсинде эле. Бирок, Жума эң мурун өз жүрөгүн чыдатпай бараткан укмуштай жаңылык жөнүндө айтууга ашыкты.
— Бекиш, мен бир кыз менен тааныштым. Тагыраак айтканда, мурунтан тааныш элем… Жакында гана кадимкидей тааныштым.
— О, сонун болгон турбайбы? А ким?
— «Сулууну сүйбөй коюу — өзү күнөө» деген экен акын. Сага ушул ыр жагабы?
— Мүмкүн жакшы ыр чыгар. Бирок мен ага түшүнө> албаймын.
— Көрмөйүнчө түшүнө албайсың! Сулуунун керемети ошондо!
Жума стол тарапты тиктегенде Бек озунуп барып, кичинекей сүрөттү алып келип, ортого койду.
— Ушу! — Жума кубанычтуу, сүрөттү колуна алды.— Кандай экен? Мындайды сүйбөй коюу— өзү күнөө!
— Жакшы кыз болуу керек.
— Баса, ал сага «Талаа жылдызы» үчүн чоң ракмат айтып коюуну сураган эле. Бер колуңду! Ушу кыздын атынан куттуктаймын!
— Ракмат! Экөөңөргө тең ракмат! Мага түшүндүрчү, бу кайдан жүргөн кыз?
— Ана, сен да кызыга баштадың. Женя! Аты да жакшы. Балким таанырсың, Калыбектин балдызы.
Бек далысын күушөп койду.
— Аны көрдүң беле? — деди Жума.
Бек ойлонду. «Талаа жылдызын» художниктер союзуна алып келгенде Калыбек ал сүрөттү эң мурун «Жуманыкы экен» деп, жылуу пикир айтып, качан Бектики экенин билгенде ал пикиринен айнышы, бул сүрөттөгү колхозчу кыз эмес эле; студентка, мен аны билем деши анын эсине келе калды. Фотокарточкадагы кыз абайлап караган кишиге «Талаа жылдызындагы» кызга кайсы бир жеринен окшош эле. Ырас, экөөнүн курагы эки башка, кебетеси, чачынын өрүмү да башка, бирок көз карашы бирдей. Мүмкүн, ал Чүй талаасынан жолуктурган кыз ушудур.
— Эмнеге ойлонуп калдың? Айтсаң? Жашырбасаң?— Жуманын иреңи кубарып, суроосун эки-үч кайталады.
— Аны каерден көргөнүм эсимде жок.— Бек акырын үн чыгарды. Жуманын ыйманы саман болуп бараткандыктан, Бек андан көбүрөөк нерсени, өзүнүн башынан өткөнүн, «Талаа жылдызынын» тарыхын айтып бере албады. Жума өзү да көңүлү уйгутуйгу болуп, аңгемелешүүгө ыкласы болбой калды. Сөз үзүлдү. Эки жигит эки жерде үнсүз, сабыры суз отурушат.
Бир маалда Бек козголду.
— Кош, жакшы жат!
— Жакшы бар!
Жума аны кайдыгер узатып койду.

IV
Турмушта эмнелер болбойт. Бек өз өмүрүндө башынан канчаны өткөрбөдү. Анын баары артта. Көңүлүндө бир гана тамгаланып калганы: өз иши ар качан чү дегенден шыдыр кетпейт; кандай нерсени баштабасын, бир кидиргимейинче аягына чыга албайт. Алгач, мындай учурларда «бул менин бакытсыздыгыманбы» деп кооптонуп жургөн. Бирок таалайым ушу экен деп ындыны өччү эмес, күндөлүк нерсе ал үчүн учурдагы окуп жаткан сабагындай көрүнүп, эртеңкиси үчүн кам көрүп, эртеңки үчүн гана жашагандай ишенимде эле.
Бактылуулук жана бакытсыздык шарттуу гана түшүнүк. Кырсыкка туш келбей, иши өзүнөнөзү жөнөп турса, андайларды бактылуу; кырсык чалып, иши кыйшаңдаса андайларды бактысыз дешет.
Бактысыздык ар кимдин башына түшүүгө мүмкүн, бирок, киши андан бакытсыз болбойт, аны көтөрө албай майышса, жеңилсе гана бакытсыз.
Кайсы бирөөлөр бакытты кимдин ким экенин ылгабай бирөөдөн бирөөгө учуп-конуп жүргөн куш катары көрүшөт. Ооба, бакыт кушу бирөөнүн башына кокусунан конуп калууга да мүмкүн, бирок андай бакыттын өмүрү кыска, арты өкүнүчтүү.
Биз жаңыча турмуш куруп, жаңыча жашап жатабыз.
Жаңы турмуш, жаңыча жашоо деген сөз кирпич куюп, жаңы үй салуу же кийим алмаштыруу эмес. Үй салуу, кийим алмаштыруу эскинин да колунан келет. Турмуш бышкан кирпич, курулуш материалы, даяр үй да эмес; турмуш анын өзүнүн улуу сынчысы, түгөнбөс окуусу; турмуш ар нерсени өз эбине келтирүүчү чебер уста, ашкан айлакер; турмуш деген биз өзүбүз.
Мына ушулардын баарын ойлоп келип, Бек баарыдан да турмуштун чеберчилигине, эптүүлүгүнө жана айлакерлигине ыраазы. Кандай чебер, эптүү, айлакер бол: жокту бар, барды жок кыла албайсың, турмуш болмушунан ашыра албайсың. Турмуш алдатпайт. Эбин табам, алдайм дегендер өзүн-өзү гана алдаганын акырында түшүнөт.
Бек дипломду алды менен жогорку окуу жайынан алганы менен, жетилүү аттестатын турмуш ага кийинчерээк тапшырды.
Ал чыгармачылыкка жана азырынча оңунан чыга элек махаббат түйшүгүнө ушу көз карашта караган. Анын азыркы бир гана ишенгени достук. Достон жаңылганым жок, бул жагынан ишим оңуна кетти деген ишеничте эле. Досу үчүн сыймыктанып, эми тоону томкорчудай сөзчү.
Жума менен акыркы сүйлөшүүдөн кийин, достук да оңой менен кол жетерлик жерде эместигин билди. Алдыда тагдырдын түрдүү сыноолору турду.
Бирок, башкаларга караганда күнүгө коюн колтук алышып, бир жүргөн Жума менен түшүнүшүү жеңил болуш керек эле. Алар эркекче сүйлөшсө эле сөз бүтмөк. Бирок Жуманын махаббатка экиленген көңүлү төзирээк түшүнүшүүгө, жайынча сүйлөшүүгө мүмкүндүк бербеди. Эгерде Бектин издегени Женя болуп чыкса, достуктун тагдыры эмне болмокчу? Бул коркунучтуу суроо. Бул жөнүндө ойлоого да даай албады.
Досу экөөнүн чиеленишкен мамилеси Бектин башынан кетпеди.
Жума анын үйүнө келүүнү, жолугушууну токтотту. Каалабаган немеге барып, көңүлүн оорутпайын деп, Бек да аны издеп барбады. Алар союздан гана жолугушат. Бек бир нерсе айтууга кылчактаса, тиги байкамаксан болуп, басып кетет.
Бек өзүн жалгыз сөзе баштады. Бул досунан ажыроонун белгисиби. Калыбектен башка художниктер, көрүүчүлөр анын тарабында болсо да, бир кымбат нерсесин жоготуп, анын орду толбоочудай мүңкүрөй баштады.
Ал кандай кыйынчылыкка чыдаса да, туюк пикирде калууга чыдай алчу эмес. Иштин ачыгын жакшы көрчү. Тирүү туруп, «Талаа жылдызын» таппай койбоймун деп жүргөндө Калыбектин каңкуусуу, Жуманын жоругу кошулуп, табышмактын түйүнү чиеленди.
Жума качкан менен, Бек четте тура албады. Досу менен сүйлөшүү, сырдашуу керек эле.
Ушул максат менен ал союзга келди. Жума союздан да, үйүнөн да табылбады. Ал Калыбектин адресин сурап алып, анын үйүнө барды. «Үйдө менден башка киши жок» деп аялынан жооп уккандан кийин да Бек кайткан жок.
Жуманы күн батардын алдында көгүш көйнөк кийген арык чырай кыз менен бараткан жеринен жолуктур-ду. Досу адатынча байкамаксан болуп, бурула берди. Кыз түз келаткан жигиттен буйтабастан, жүрүшүн акырындатты.
— Ошол! — деди Бектин жүрөгү кызды көрөр менен.— Бирок ал өзүн бекем кармап, сыр билгизбөөгө тырышты.
— Саламатсызбы!
— Жакшысызбы? — Женя колун сунду.
Бек андан көзүн айырбай тура берди. Женя узун кирпиктерин ирмеп, бети албыра түштү.
Аңгыча «И, Бек быякта белең?» демиш болуп, Жума жанына келди. Досу ага караган жок.
— Эмнеге туруп калдык. Чогуу басалы,— кыз бири-бирин илбирсче аңдышкан жигиттердин оюн бөлүп ийди.
— Абдан жакшы болот — дешти алар.
Жума ортого түшүп, Бек четтеп басып калды. Бирок четте баратышса да, сөз Бек менен кыздын ортосунда гана айтылууда:
— Сиздин сүрөтүңүз мага ушунчалык жагат… Билбейм кантип түшүндүрөрүмдү.
— Сиздин куттуктоо  саламыңызды уктум. Ракмат!
— Сиз бул сүрөттү көпкө ойлоп, көп иштеген чыгарсыз?
— Көптөн бери ойдогу нерсе. Бирок анчалык узак иштегеним жок… Сиз, Калыбек Сарыкеевичтин балдызы болосузбу?
— Ооба.
Өзү ортодо баратса да, сөздөн четтеп калган Жума кыз менен ээн калуу үчүн:
— Киного кирели, жолдоштор! — Ошентсем, Бек кетет — деп ойлоду.
— Кинодо эмне бар.— Эмне кылуу керектигин Женя чечти.— Аңгемелеше туралы. Сиздер болсо, жакшы дос экенсиздер. Күндө көрүшөсүздөр. Дайым эле минтип учурашып турууга менде убакыт жок.
Жума желкесин кашып, тим болду.
Алар аны-муну сүйлөшүп, көчөдө кыйла жүрүштү. Бек кантип ортого кирип, Жума кантип четке чыкканын билбей калышты.
Кыз экөөнүн мамилеси жакындап, досунун дүрдүйө баштаганын көрүп, Бек иштин аныгына чыкканча өзү бөөдө өрөпкүбөө үчүн жана тиги экөөнүн ортосуна жик салууга себепкер болбоо үчүн, сөздү көп созбоого аракеттенди. Бирок кептин ыңгайы келбеди. «Талаа жылдызындагы» кыз менен Женя эмне үчүн окшош экендигин,
Женянын ким экендигин кылдаттык менен билүү керек эле.
— Сиз менин көзүмө кандаидыр тааныш көрүнөсүз. Каерден көргөнүмдү такыр эстей албадым,— деди Бек акырында.
— Кишиге киши окшой берет.— Жума эми гана кепке кошулду.
— Мүмкүн.— Женя анын сөзүн жокко чыгарган жок.— Бирок сиз мени менен чала таанышсыз.
Эки жигит тең токтоп, анын оозун тиктешти.
— Биз биринчи көрүшкөндөн бери далай жыл өттү. Анда мен секелек кыз элем. Сиз армиядан жаңы гана келгенсиз… Эми эстедиңизби?
Бек башын чайкады.
— Мен Жыпармын.
— Жыпар?
— Ооба. Жөздем мени Женя атыктырып ийди. Жолдошторум да Женя дешет.
Алиги айылдагы мектептин директору жана анын он жылдыкты бүткөн Жыпар деген кызы анын эсине кылт этти. Анда Жыпарды абайлап тааныган эмес. Олдоксондук кылып, аларды чангансып, уяттуу болуп калдым деп, өзүнчө кайгырып жүрүүчү. Мына ошол Жыпар! «Тоо тоого кошулбайт, киши кишиге кошулат» деген ушул.
— Кечириңиз? — Жигиттин кечирим сурашынын себеби кыз экөөнө гана белгилүү. Жума болсо, анын Женянын алдында айыптуулугун башка мааниде түшүндү.— Мен сизге жолукпасам, арманда кетет элем. Көптөн көп кечирим сурайм.
— Эч нерсе эмес. Сиз эч кандай айыптуу эмессиз. Андай ойлобоңуз.
Бек чындыктын бир учу табылышына төбөсү көккө жеткендей болду. «Калыбек ошондогу окуяны туура эмес түшүнүп, ошону кектеп жүрсө керек. Бектин Калыбекке мындан башка жазыгы кайсы? Мен кызылча талаасынан да ушу Женянын өзүнө көзиктимби же мунун өзүнө окшош эже, сиңдиси барбы? Же Женяга окшош дагы бирөөгө көзиктимби?» Ал бир көзде чыгармачылыктан башканы ойлобой, өз турмушуна, кыздарга кайдыгер карашы кандайча азапка салганын өмүрүндө унутпастай болуп, өзүнөзү жемелеп турду. Ал турсун, Сеиттин директорлугунан башка эмнеси бар экендигин, адамгерчилигин, кошуналыкка кандайлыгын да элебеген экен. Арына келип араң турса да, ошондо көңүлүнө келбеген суроолорду азыр бере баштады.
— Женичка, сиздер биздин айылда жүргөндө үйүңөрдөн сизден башка бала көрүнчү эмес беле?
— Ооба. Мен жалгыз элем. Былтыр гана инилүү болдум.
— Боосу бек болсун! Атамдар да укса кубанышат. Аксакал, азыр кайда?
— Өзүбүздүн эле айылда. Чүйдө…
Ушуну менен суроолору да тамам болду. «Сизди Чүйдүн талаасынан да көзиктирдим беле?» деп сурагпка оозу барбады. Татынакай эстүү кыздын алдында ошончолук маңыроо, кеңкелестигин ашкерелегенче кызылча талаасында жолугушкан селкини өмүр бою издеп, дубана болуп жер көзип жүрүү артык окшоду. Ошондо гана кыздын махаббатына татыктуу болмок.
Аны досунун эмне үчүн кыртыштап калышы, мамилесинин өзгөрүшү да таң калтырды. Менин кечиримсиз кемчилигимди таптыбы же Женяны менден кызгандыбы? Ошондой болгон күндө да достуктан кете турган жөнү жок эле го. Балким дагы ойлонор, өзүнөзү кармап, акылына келер, ал жеңилдик кылды деп, менин да жинденишим жарабайт деп ойлоду Бек.
Ал азыркы кампаниядан өзүн ашык баш сөзе баштады да, чукул бурулуп, алар менен кош айтышты.
Жумага Калыбектин эшиги ачык, бирок Женянын жүрөгүнө жол ачылбады.
Жайкы экзамен аяктаган. Студенттер айыл чарба жумуштарына жөнөшмөк. Жума ушул жайдан үмүткөр.
Үмүттүн да мөзгили, чеги болууга тийиш. Барган сайын ушул ой анын көңүлүнө бекемдей берди. Үмүткө алданып, акырында бармагын жара чайнагысы келбеди. Мурда андан «жок» деген жоопту угуудан качса, азыр жоопту кандай болсо да, төзирээк уккусу келе турган болду.
Ал базардан тандап туруп, гүл дестенин эң коозун жана кымбатын сатып алып, эшиги ачык, меймандос үйдү көздөй жөнөдү. Үй-бүлөлөр бактын көлөкөсүндө сүйлөшүп отурган экен. Болжолу алар да Женяны экзамендн ийгиликтүү тапшырышы менен куттукташса керек. Эми алдыда мамлекеттик экзамен гана калган.
Жуманы көргөндө Калыбек курсагын чедирейтип, ордунан тура калды:
— Мына, пейлн жакшы жолдоштор ушундайда билинет!
Жума түз эле Женянын жанына келди:
— Экзаменди мыкты бүтүшүңүз менен!
— Ракмат! — Женя кооз гүл дестени колунан таштабастан, көпкө айландыра тиктеп турду. Белек кызга жакты дешип, беркилер ошого эле ыраазы.
Бир аз кобурашкандан кийин Калыбек бакты аралап кетти. Аялы тамак бышыруу менен. Женя баягы бойдон гүлдү колунан таштабай ойлуу.
— Мен сизге мындан баалуу, өмүрдө унутулбай турган нерсе белек кылсам дейм!
Кыз ошондо гана колундагы гүлдестени тегерек жапыс столдун үстүнө коюп, аны тиктей калды.
— Ооба, ошентсем деп тилейм.
— Эгер мен ага татысам — деди кыз.
— Ананчы! Андан көрө ошондой белек берүүгө татыктуу болсом!
Женя болор-болбос жылмайды:
— Кеп белекте эмес…
Жума адамзаттан мындай мээримсиздикти жана каардуу жоопту уга элек болучу. Махаббат үчүн, келечек үчүн гана араң чыдады. Менин жүрөгүмдөгү күйүттү билсе балким минтпес зле, дагы да ачыгыраак сүйлөшөйүн деп үмүттөндү.
— Женичка, менин жүрөгүмдө эмне бар экени бир өзүмө гана белгилүү. Эгер аны сөзген болсоңуз… Билбейм… Кантээр элеңиз. Бир сиз деп жүрүп, менин кырчындай өмүрүм өтүп баратат. Бир сиз деп жүрүп, мен эң кымбат кишилеримен, досуман ажырап калдым…— Анын дабышы калтыраңкырап барып, көмөкөйү буулугуп, үнү чыкпай калды. Көздөрү жашылданып турду.
Женя акырын үшкүрүндү. Анын жүрөгүндөгү күйүт, санаа Жуманыкынан кем эместиги ушу үшкүрүктөн гана сөзилди. Бирок кыз чыйрак сүйлөдү:
— Экөөбүз арманыбызды айтышканда канттик? Андан кымындай жеңилдик жок… Мен сизди Бектин кыйышпас досу деп гана ойлоп… Бирок, сиз өтө жеңилдик кылгансыз. Достуктан кетише турган жөнүңүз жок. Мүмкүн менин бул сөзүм сизге оор тиер, оор тийсе да сиздеги достук сөзим күчтүү болсо көтөрөөрсүз…
Андан кийинки сөз Жуманын кулагына угулган жок, жансерек болуп отуруп калганын гана бир билди. Женя жанынан туруп кетиптир. Ары жактан Калыбектин күлкүсү угулат…
Жума дарбазалуу короодон уурудан бетер жашырын чыгып, артына эки-үч кылчайды. Дарбаза ачык бойдон. Калыбек кол булгалап чакыргансыйт. Сөйрүдөгү столдун бети түрдүү жемишке, оокатка толгон. Бирок анын баары Жумага буюрбаса керек.
— Кошйула! Баарыңар кош болгула!
Калыбек Жуманын жашырын кетип калышын түшүнө албады. Зарыл жумушу барбы же бирөөгө таарындыбы, эмнеси болсо да, Женя билүүгө тийиш. Балдызы бакта ар түрдүү гүлдөрдү шланг менен сугарып жүргөн.
Ушу кыз короонун, үйдүн коркү сыяктуу.
Калыбек ушул үйдө турганына жыйырма жылдан ашык убакыт өттү. Ошондогу эки бака терек он жыл бою көбөйбөстөн жапырайып эле тура бердп. Аны ким жана качан тиккени белгисиз. Кийинчерээк аялы башкаларды көрүп, күйөөсүнүн тынчын алганда гана ал жемиш жыгачтарын тигүүгө киришкен. Бак жетилип, мөмө байлаганча «кайдагы түйшүктүү немени таптың, белен жемишти эле сатып албай, акчаны аяп» деп, аялынын кулак мээсин жеген. Бак бой көтөрүп, шагы ийиле баштаганда ал аялына экинчи кыяпат айтпасмын деп ант берген. Антына турду. Бирок тиричиликте кыжыңкужуң чыкпай коебу. Анын үстүнө Калыбектин ачуусу тумшугунун учунда, отко май тийгендей дүрт дей түшмөсү бар. Кандай дирт десе да, анты эсине түшүп, барбайган мурдун кызарта мыкчыйт. Качан колун тумшугунан алганда мурдунун үстү кызарып канталап турат да, бир аз нымшып барып, ачуусу да тарап, «бапбиче, ойлонушуп иштейли» деп жалпалактайт.
Күйөөсүн антынан тайдырбоо үчүнбү, же өзүнүн жумшактыгынанбы, аялы чатакты ырбатпастан, ыркка төз көнүп, «сиз этияттап жүрүңүзчү» деп, анын нымшып турган барбагай мурдун таза жүз аарчысы менен акырын сүртөт. Ушундай учурда Калыбектин эт жүрөгү эзилип, байбичесинии алдында жасакерленип, терс кыялдыгын мындан ары карматпоо үчүн аракеттенет.
Жыпар жөздеси менен эжесинин ушу жоругуна таң калат жана кызык көрөт.
Жемиш багы ошентип, Калыбек менен аялынын мамилеси үчүн да өзүнчө жаңылык болгон. Бирок ал да, аялы да короого гүл өстүрүүнү ойлошкон эмес. Ушул кемчиликти Жыпар толтурду. «Канча айткан менен агроном эмессиңби, ошонуң жакшы, сенин эжең окубаса делв бак тигүүнү баштаган ошол» деп, жөздеси кеп кылар эле.
Гүл өнгөн көзде Калыбектин короосу бейиш болот да калат. Анын баарын ордуорду менен өстүрүп, жаңы сорт жемиш бутактарын кыйыштырып, жыгачка түр берген Жыпар. Шагы ийилген бакта жүргөн сулуу кызды гүлү ачылган бутакка конгон булбулга салыштыруу Калыбекка абдан жага турган. Жакындан бери ушул тема боюнча «Шахтагы булбул» деген этюдду иштей баштаган.
Жыпар анын жашоосуна көрк, чыгармасына тема болду. Балдызынын айынан ага далай жигит жүгүнүп турушат. Ал акыры теңин таппай койбойт. Бирок ал кетсе, Калыбектин турмушунун көркү өчпөс бекен. «Эси болсо, мени менен эжесин сыйласа, жазгысын келип, бакка бир убак каралашып турар. Буюрса, Жумадай жигит жуп болсо, колдон чыкпас…»
— Баса, иттин баласы, эмнеге качып кетти экен? — Ал шлангдан чууруган сууну ээрчий карап,— Женичка, жанагы курбуңду каякка жоготтуң?
Жыпар гүлдөн башын көтөрбөй:
— Өзү эле жоголо албай жүргөн неме болсо керек. Калыбек бөйрөгүн таяна каткырды.
— Ай, тек, тек! Антчү эмес. Ал жакшы жигит.
— Андан жакшы киши болбойбу?
— Хаха! — Жөздеси мурдун ушалап койду. — Катуу кетчү эмес. Силер таарынышып калган белемсиңер.
— Таарынар кишиге таарынуу керек да.
Калыбек азилдешүүгө, чаргытып сүйлөөгө жок эле. Иш жөнүндө талаш болгондо эч кимге жемин жедирчү эмес. Өндүрүштүк чогулуштарда, айрыкча чыгарманы талдоодо башкаларга сөз берчү эмес. Анын үстүнө жаш кыз менен акиек антышууну эп көрбөдү.
Жума эртесинде же аркы күнү келип, баштагыдай аралашып жүрө берсе, бүгүнкү качканы этибар алынбайт эле. Ал ошо бойдон Калыбектин короосун көргөн жок. Ага союздан жолугуп, «сага эмне болгон, үйгө жүр» деп чакырса, «колум бошобойт», анамына деп кылчактайт. Калыбек кишинин сөзүнө бат ишенчү эле. Чын эле колу бошобой жүргөн экен деп ойлоп, бир топ убакыт өткөндөн кийин, анын жоктугуна да көнүп, үйүнө чакырбай калды.
Эмки көңүлүн алек кылган балдызы.
Кыздын бой жетиши Ата-эне үчүн бир жагынан кубаныч, бир жагынан дүрбөлөңдүү. Жөздеси менен эжеси, Жыпарга, ата ордуна ата, эне ордуна эне болушкан кишилер. Аларга ишенип, анын өз Ата-энеси шаарда скуп жүргөн кызынын тагдыры жөнүндө камырашпайт.
Калыбек менен аялы бой жетип калган Жыпардын тагдыры үчүн өздөрүн эки эсе жооптуу сөзишсе да, көңүлдөрү тынч эле. Ал институттун акыркы курсуна көчкөндөн бери гана алардын башына ой түшүп, кыздын жүрүшүнө этият боло баштады.
Калыбекти биринчи чочуткан — Бектин сүрөтү. Эгер сүрөттөгү кыз анын балдызына жөн окшош болсо эч нерсе эмес, ушул адамдын кадырын билбес, келесоо чалыш жигитке балдызым азгырылып калбасын деп жүрөгү түшкөн. Ким жакшы, ким жаман, ага жуп болууга ким ылайыктуу экендигин, айрыкча андайды жаш художниктердин арасынан тандоону менден артык билмек беле деп ойлой турган Калыбек.
Бек Калыбекке жакпайт. Андан артык себептин кереги эмне?
Бектин сүрөтүн жаратпай коюу колунан келбегени менен, аны балдызынан бөлүп салышы негизги максаты болгондуктан, Калыбек өзүнүн бекемдигине ток пейил эле. Ата-эненин, күйөрман кшнилердин акылы, камкордугу ушу болот.
Балдызы Жумага барса, түгөйүн тапмак. Бирок адамдын кадырын билбес жаш кыз аны жактырбады. Бекер кылды. Калыбек балдызын «мындан артык күйөө таппайсың» деп жемелеп, аны эпке келтирүүгө батынбады, өзүн алдыңкы катардагы интеллигенттердин бири деп эсептеген неме кокус балдызын көндүрө албаса, эл алдында уят болуп каларын сөзди.
Бирок Калыбектин каалаган кишисин балдызы чанганы менен, Женянын каалаган кишисин жөздеси жуутпай койду. Кармашуу бирме бир жеңиш менен аяктады. Эми алдыда мамлекеттик зкзамен бар эле. Ушундай чоң сыноонун алдында балдызынын башка ой менен алагды болбой, бир өңчөй китеби менен эрмектешкени ылайык. Сүйүүнүн, күйүунун кол бош убактагысы жакшы. Калыбек өзү үчүн да, балдызы үчүн да ыраазы.

* * *
«Сулууну сүйбөй коюу — өзү күнөө».
Акындын ушу ыры Жума үчүн гана чыгарылгандай туюлар эле. Сулуудан жүрөгү суугандан кийин, ырдан да көңүлү калды. Сулуу да, сүйүү да ырга окшободу..
Ата-эненин маңдайында эркелеп чоңоюп, өмүрүндө муңбаган жигитке турмуш, сүйүү, достук эмне үчүндүр мурда оюна келбегендей сөзиле баштады. Турмуш ушув¬дай болобу же ал чыныгы издегендерине туш келбей, ушу көргөндөрүнүн баары кокусунан учураган немелерби?
Ал махаббаты үчүн кайгырганы жок, ызаланды. Катуу ызаланды.
Эгерде Женя аны жөн эле сүйө албаймын деп тим болсо, анча кейибейт эле, «сага досуң үчүн гана ык салып жүрдүм» дегени намысына бычактай тийди. Ал Женяны өлүпталып сүйүп, убакытын, бүт өмүрүн ошого багыштап, башкалардан кечип жүргөндө, Женя бар болгону Бектин көңүлү үчүн гана анын жанына жолотуп жүрдүм дегенине кантип чыдайт. Болбосо, жигит мынчалык күйгүлтүккө түшө элек көзинде эле ошентип чынын айтпайбы? Ай, кыздарай, кай кордугуңарды айтайын!
Жума кыздын фотосүрөтүн тытыптытып ыргытып, башын мыкчып отуруп калды.
Бир Женя деп жүрүп, досунан ажыраганына кайгырды. Ал үчүн чоң кайгы ушу болду. Бул үчүн өзү гана айыптуу. Бекте кылдай жазык жок.
Ал Бектин алдына барып кечирим сурап ыйлагысы келди. Ал досунун жаңылыштыгын кечеби? Кечет. Ал боорукер, кечиримдүү жигит. Андан башка, Жума кандай чоң күнөө кылса да, кечпей койбой турган сонун кабарды уга элек.
Женя менен Бектин ортосунда кандайдыр бир мамиле бар экендигин Жума мурда эле сөзген. Бирок, анын күчү канчалык экенин байкай албаган, ал турсун, экөөнүн ортосундагы сөзим тутанбай өчкөн от сыяктуу көрүнгөн. Женяга ашык болуп калган Жума тиги экөөнүн ортосундагы от кайра тутанышынан чочуп, ошонун айынан досунан оолактай баштаган.
Бирок ал алданганын кеч түшүндү.
Эми Жума менен Женянын ортосунда сүйүү жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес.
Бирок Женянын журөгү Бекте экенин анык билди. Бектин сүрөтүнүн сыры да ушу кыздын тагдыры менен байланыштуу экени белгилүү болду. Муну Бек гана ачык билбейт.
Эгер досунун сары санаага түшүп, таппай жүргөнүн таап берсе, Бек анын бардык күнөөсүн кечип, достугу ого бетер бекемдемек.
Жума досун сүйүнчүлөөгө бир нече жолу умтулду, бирок эмне үчүндүр бара албады, анын бетин тиктөөдөн айбыкты.
Ошентип жүргөндө анын үйүнө Бек өзү келди. Ал азыңкы экен. Жумага мурункудай эле чын пейли менен

мамиле кылды. Катташпай аралары сууп баратканына өкүндү. Жума күцкмыңк этип, ачык жооп бере албады. Баштагы ачыктыгы, шайырлыгы, өтүмдүүлүгү кайда? Ал Бектин алдында өзүнөзү түшүнө албады.
«Мен куруюн, күнөөлүмүн» деп арманын төккүсү келип барып, кайра үшкүрүнүп токтой калып отурду.
Бек ал сырын ачса, ачпаса да кечирет, аны өзүнөн кубалабайт. Бирок, ал Бек менен эмне үчүндүр келечекке кол кармашып, бирге бара албай тургансыды. Бек кандайдыр өзү менен өзү болгон, түшүнүксүз киши сыяктанды. Мындай киши менен бир жүрүү, дос болуу оор. Киши бирөөгө түшүнө албай анын артынан көлөкөсүндөй ээрчип жүрүп дос боло албайт, катар жүрүп, түшүнүшүп, биринин кемчилигин бири толуктап жүрүп достошот.
Жума ушундай ойго келди. Бектин алдында кылмышкер сыяктанып, башын жерге салып олтурушуна арданды. Ордунан туруп, колун артына алып, бөлмөнүн ичинде ачуулуу аркытерки басып:
— Мага акыл үйрөткөнү келдиңби? — деди Бекке,— Сага менден эмне керек?
Бек оозунан сөзү түшүп, селее калды:
— Мен түшүнө албайм, Жума!
— Мен да түшүнө албайм. Бирибирибизди түшүнүшө албагандан кийин башка сөздүн кереги эмне?.. Бирок сен жөнүндө жаман пикирим жок. Мага өз бетимче ойлонууга мүмкүндүк берчи?
— Болуптур. Аныңа макулмун. Бирок мага эмне үчүн ачууланасың? — деди ал сабырлуу.
— Сен жакшы художниксиң. Бирок, мага окшогон таалайсызсың. Кеп, жалгыз гана талантта, эмгекте окшобойт. Таалайда…
— Сага мына эми макул эмесмин! Экөөбүздүн жолубуз эки башка турбайбы!
— Таалайың кем! Эгер таалайлуу болсоң, балким мөнин бир ооз кабарым менен багың ачылмак! Мүмкүн, аля да уккуң келер,.. Эгер намыс кылбасаң…
— Хаха! — Бек адаттан тышкары катуу каткырды да, коштошуу сөзүн айтты. — Менин таалайым сенин бир ооз сөзүңдө эместигин көрөрсүң.
— Көрүшөбүз! — деди Жума соңунан.

Жыпар үйүндө. Анан кайда болмок эле? Окуу китептери, адабий китептери жана башка кошумча материалдары колунда турганда, кечкурун шаардын китепканаларына барчу эмес. Күндөлүк окууга, семинарларга, экзамендерге даярданууну өзүнүн ээн бөлмөсүндө, же бактын көлөкөсүңдө өткөрө турган. Беш жылдан бери ушунусу ушу.
Режим түзүп, андай жүр, мындай жүр дедиртип убара кылбай, сыртта да, үйдө да балдызынын бир калыпта зымпыйып жүргөнүнө Калыбек тобо кылар эле. Анык жүрүштурушунун татынакайлыгы тарбиясынын жакшысынан дээрлик. Кокус, бой жеткенине карабай, шайкелең: болуп, үйгө токтобосо, окуусуна жетишпесе, башкалар, айрыкча кыздын Ата-энеси «тарбиялай албаптыр», «ишенгенибиз силер болсоңор» деп айыпты Калыбек менен аялына оодарышмак.
Мына эми, алдыда мамлекеттик экзамен. Кудайым, окуудан башканы оюна салбаган адептүү балдызым акыркы сындан өтөөрдө кылтыңдап, бир нерсе тийиптирби деп ойлойт жөздеси.
Башкаларга кадимкисиндей көрүнгөнү менен, Жыпардын жүрөгүнүн тереңинде кандайдыр бир сабырсыздык менен татынакай үмүттүн тартышуусу бар эле. Ушул сөзим күч алгандан күч алып, кыздын беш жылдан берки көнүмүш болгон өмүр чыйырын чатыштырып, сары алтындай сабырын закым кылып учурду.
Эмне болуп кетти? Жүрөгү алып учуп, кыялы эмнегедир азгырылып, бирок акылы «тек, тек, сабыр эт» деп бир жагынан шыбырайт. Бир калыптагы бейкут көңүлү аламатка түшүшү эски дартын козгоочудай аны ойдон ойго кубалады. Далай түндөр уйкусуз, беймазалуу өтүп, күндүзү бир жерге токтоно албай же бир нерсе бүтуртпөдү.
Жыпар мен эмне болуп баратам, баягы эле менминбв же өзгөрүлүп калганмынбы дегенсип, чоң күзгүнүн алдына келди.
Ал баягы эле Жыпар болсо да, беш жыл мурдагы көңүлүнө чаң жуга элек, үмүт менен кубанычтан башканы билбеген оюнкараак кыз эмес эле. Андан берки окуялар, башынан өткөндөрү, кыз болсо да, кыз дүйнөсүнөн жандап өтүп бараткан өмүр жолу маңдайына билинербилинбес из түшүрүп, бакыт нуру жанган көздөрү коймолжум тартып, сыр жашыргансыйт.
— Сен мени тааныбай турасыңбы? — деди ага өзүнүн сүрөтү. — Мен кыйналдым, убакытк

а уттурдум, бирок өмүрүмдү, келечегимди сактап калдым. Сени ойлонот, түтяүнөт, акылына келет деп качанкыга күтөм?
— Жаным, сеники туура! Сен айткан өмүр, келечек мен үчүн артта калгандай сөзилип, аны ойлоодон коркчу элем. Эми анте албайм.
Кыз өмүрү — адам турмушундагы гүл ачылган маалдай, жылт этип өтчү бир учур. Кыз өмүрүн сөзүү, баалап жана сактай билүү — турмушту сүйүү жана кадырлоо.
Жыпар ал учурдан өтүп баратканын аргасыздан мойнуна алды. Анда орто мектепте окуп жүргөн, атасы мектептин директору. Жыпар оюнкараак, шайкелең эле. Ата-энелери, коңшулары «эмне үчүн кызга окшоп, өз боюна каранбайт» дешкени менен, өзүнө жупуну кийим деле жарашканын, канчалык жөнөкөй жүрсө, ошончолук көңүлү тетик болоорун биле турган. «Чоңоюп эле калды, жигит тандаар курагында кичинекей балдарга теңтуш» деп жемелешкен учурда, ал жигиттерди да байкап жүргөн.
Анда Бек армияда эле. Үйдө анын окуган китептери, жазган конспектилери, фотокарточкалары жана өзү тарткан сүрөттөрү бар. Бош убагында Бектин архивдерин аңтарууну жакшы көрүчү. Жыпардын сүрөт искусствосуна кызыгуусу, художниктер менен композиторлордун өмүрү жөнүндөгү китептерди окуудан башталат. Ага айрыкча «Паганини», «Жан Кристоф» жана Минченковдун «Эскерүүлөрү» жагар эле. Ошол китептер Бектин өзү жөнүндө да ойлонтчу.
Бир күнү алардын үйүнүн төркү бөлмөсүнөн жаш солдаттын атасы Назардын портретин көрдү. Назар сүрөттө кара көрпө тебетейчен болуп, кара муруту чыйрыйып, көзүнүн кыйыгы менен кимдир бирөөнү тиктеп турган. Ал өзү билгенин бербеген, айтканынан кайтпаган, каардуу кишидей сөзилди. Жыпарга ал башкаларга катуу айтпаган, балдарга жүрөгүн чапкан жумшак карыяга юкшогон.
Бул эмнеси? Жаш солдат атасынын мүнөзүн жакшы билбейби деп ойлогон. Назар жаш көзинде турмуштан көп жабыр чегип, каардуу болуп калганын, али да чындаса, өз билгенин иштей турганын Жыпар портрет менен таанышуудан кийин гана байкай баштаган.
Ага чейин Бекти солдат катары гана көз алдына келтирчү. Мурда көргөнүн дал өзүндөй келтирген кишилер гана художник деп эсептей турган. Ал өзү байкабаганды портреттен байкагандан кийин — художник ушундай кылдат болот турбайбы?! — деп калган.
Сүрөт искусствосу менен кабардар болгондон кийин, ал фото сүрөттөргө анчалык көңүл бөлбөй калды. Бектин толгон карточкаларын бир баштан оодарып чыгып, анын өзүн көргөндөй алымсынбай, өзүнчө эле «мындай болууга тийиш эмес» деди.
Жаш художник менен сыртынан таанышуу, ага эч кандай” милдет артпаса да, кыз анын турмушуна анчейин гана кызыкпастан, жаш кыялы алда кайда алып учурар эле. Анын кандай жигит экенин өзү менен жүз алышып таанышууда билбесе, портрети аркылуу түшүнмөк болуп жүрдү.
Жыпар Назар карыянын үйүнө сүрөт көрүүнү каалаган мейман катары барбастан, өз кызындай аралашып жүрө турган. Ошону үчүн, аны Назар менен байбичеси жакшы көрүшүп, өз ара «келин кылып алсак» деп кеп кылышчу.
Мына ошо Бек армиядан келатканда Жыпар почтальондон биринчи угуп, эки үйдүн ортосунда таманы жерге тийбей тызылдап, ар кимден сүйүнчү сураган. Уккандын баары кубанышкан. Бирок Жыпардай жүрөгү жарыла жаздаганы жоктур.
Көңүлдөрү делбеленген Ата-энелери, кудай жалгап, анын мынча эмне бызтыз түшкөнүн аңдашпады…
Пилоткасын бир жагына оодук кийген жаш солдат машинадан буту жерге тие электе таламайга түштү. Ал кишинин баары менен кучакташып көрүштү. Жалгыз гана Жыпар менен анчейин кол алышты. Кыз эгер мурда аны менен тааныш болсо, кучакташып өбүшүүгө даяр эле. Солдат жөн гана колун берип жатып, бажырайып терең тиктей калганы гана анын кусасын таратты. Антмейинче жүрөгү алып учуп турган шайкелең кыздын илеби сууй түшөт беле.
Армиядан кайткан балдар менен учурашканда кубанбаган кишилер болобу. Азыр алар ажалдын оозунан келбесе да, согуш мөзгилинде үшү кетип, жол карап журөкзаада болгон кишилер, армиядан кайткандар менен али да толкундануу менен учурашат.
Көпчүлүктүн уучуусу Жыпарга да таасир кылды. Ал элдин шары менен жүрөгүн кыскан ысык демин чыгарып алды.
Үйүнө кайткандан кийин гана өзүнүн жоругун эстеп, анча эмне энтеледим — деп, өзүнөзү жемеледи. «Шайкелеңдеген кандай кыз деп ойлоп калды бекен?»

Жыпар жаш солдаттан да, Ата-энелеринен да эмне учүндүр уялып, эшикке көп чыкпай, чыкса да, ага кездешүүдөн качып жүрдү. Бирок, каякка качса да солдат келип, таап алат деп күттү.
Бек аны биринчи көргөндө эле айылдагы жаңы өспүрүм кыздардын бири го деп ойлогон. Узак жылдар окууда жүрүп, анан армияга кетип, айылдагы кийинки өскөн жаш муундардын көбүн таанычу эмес. Ошо бойдон көрүнбөгөн соң ал кызды таптакыр унутуп койгон. Жыпар аны билген жок. Күттү. «Мен аны сүйүп калдымбы» деп чочуду. Бирок, ошол чочуу да көңүлүнө жагып турду.
— Ооба, мен махаббатка өтө эрте, мезгилсиз чалындым. Айыбым ушу гапа…
Элге таберик болуп, үйдөн-үйгө кыдырып жүргөн жаш солдат сен Жыпардын үйүнө эмне үчүн кайрылбайсың? Же эң акырына сактадыңбы?
Кыз бир күнү сууга баратып, жээкти жалгыз өзү бойлоп, колун артына алып, ойлуу жүргөн солдатты көрүп, үйүнө качмакчы болду да, кайра жүрөгү чыдабай өзөндүн боюна келди. Чакаларга суу толтуруп, жээкке койду. Солдат өзөндүн боюндагы кызды көрсө да, суунун түбүнө бир нерсесин түшүрүп ийгенсип, башын суудан көтөрбөдү.
Жыпар аны күткөнүн билдирбөө үчүн чакадагы сууну төгүп, идишин жууптазаламыш болуп, кыйлага чейин отурган…
Акырында Назар менен байбичесинин келин алуу жөнүндө уулуна салган акылы, Бектин чанышы элге дүңк дей түштү. Жыпардын Ата-энеси уятынан элди карай албай калышты. Жыпарчы?
Биринчи махаббаттан көңүл калуу кандай болоорун башынан өткөргөндөр гана билет. Атасынын башка жерге оошу, Жыпардын шаарга келип, жаңы шартка туш болушу гана кызды кусалыктан сактады. Бул сөздүн четин Калыбек да уккан эле. Анын Бекке тырышып жүрүшү да ушундан. ,
Жыпардын элден обочолонуп, башкаларга текебердүү кыз болуп көрүнүшү бекериненби?! Жигит тандоо жана махаббат ал үчүн өткөн өмүр сыяктуу сөзиле турган.
Ал күзгүдөгү муңайымдуу көздөн өмүрдүн ушул жазууларын окуду…
— Сен эмнеге муңаясың? — дейт күзгүдөгү Жыпар. — Сен махаббатыңды жоготконуң жок…
Ооба, анын жаралуу жүрөгү кайрадан козголбодубу. Оюнда эч нерсе жок, Чүй талаасында жүргөндө кылайып аткан таңды жарып чыккансып, Бек дагы туш келди. Ошондо жаралуу жүрөгүнүн туйлашы ай! Бул кубанычпы, кайгыбы, түшүнө албай, махаббаты аны атайын издеп келгенсип, кучагына боюн таштоочудай телмирип турду… Бек анда да күйгүлтүк түшүрүп кетти… «Мен киммин?», «Таалайым кем жаралган бечара кызмынбы» деп ал убайым тартып ооруп, бир ай курортто жүрүп гана эсишжыйнады.
«Таалайсыз» деген суук ой анын мойнуна оролгон жылан болду.
Ошентип жүргөндө таалайына «Талаа жылдызы» чыкты. Бу сурөттөн Жыпар өзүн көрдү. Өзү менен таанышты. Таалайлуу экенин, махаббаттан айрылбаганын ушу сүрөттөн билди.
Кереметтүү сүрөт анын узүлгөн үмүтүн улап, жаралуу жүрөгүнө даба болду. Кыз өмүрүнүн ууз махаббаты, саналуу түндөр, айыпсыз көз жаштары текке кетпеген экен. Жыпар шайкелең курагы кайрылып келип, жаш солдат менен кайрадан жашынмак ойной баштагандай сезет.
Ооба, алар кайрадан жашынмак ойноого киришти. Бек анданмындан бир көрүнүп коюп, бекинип жүрдү. Эми солдатым, өзүң да узакка бекине албассың, махаббаттын сыйкырлуу жиби сени да чырмаган белем. Сенин махаббатың, Жыпарды кыя албастыгың, алышкан колуң, антышкан антың — баары да «Талаа жылдызында». Жыпар үчүн эми ал сүйөбү, жокпу деп өз алдынча кайгыруу, андан жооп күтүүнүн зарылдыгы жок. Ал таалайын тапкан кыз.
Бирок Бек ошону түшүндүбү? Сөзсүз түшүндү. Башында армиядан кайтканда калың элдин уучуусу менен биринчи көрүшкөнүн мүмкүн унутуп, Жыпарды эстей албай «каерден көрдүм эле» деп адашып жүргөндүр. Аны бая күнү Жума үчөө жолуккан күнү өзү ачык айтпадыбы? «Мен Жыпармын» дегенде ок тийгендей темтеңдей түшкөнүн Жыпар гана сезди. Жума байкаган да жок. Мындайда кыз жүрөгү кандай кылдат!
Ошо жолугушууда Жыпар таалайын тапканына анык ишенди. Эми ал экөөнүн ортосун жакындаштыруу үчүн орточу да, үчүнчү бирөө да ашык. Тагдырдын зомбулугунан жалккан кыз ага чейин Бекти көз алдынан жоготпоо үчүн, аны даректеп туруу үчүн досу го деп Жума менен жакындашкан. Жуманы сүйбөсүмдү, менин дартым Бекте экенин Жума өзү сезгендир деп ойлогон. Жок, Жыпар мында жаңылышты. Жума аны башкача түшүндү… Балким Бек да…
Жок. Бек андай эмес, майда сезимге алдыруучу жигит эмес. Ал менин Бегим!
— Ооба, сен андан жаңылганың жок. Ал сенин Бегиң — деди күзгүдөгү жароокер.
Жыпар күзгүгө тирмийди. Акчыл бети ажарланып, узун кирпиктүү кара көздөрү жоодурап, бактынын кучагында балкып турганын көрдү. Ал иреңинен таалай нуру жайнап турарын байкай элек болучу. Мүмкүн, бир көзде, омүрдү баамдай элек курагыпда — орто мектепте окуп жүргөн учурда ушундайдыр.
Азыркы Жыпар, таалайы жайнап, махаббаттын күүсүп чалган Жыпар, «Талаа жылдызынын» дал өзү эле. Буга чейинки кебетесиндө сүрөт экөөнүн сырткы окшоштугу гана бар эле.
— Бек! Садагасы Бек! Жаным Бек! Сен мени жакшылап тааный албай жүрүп, менин ким экенимди, кандай жан экенимди кайдан билдиң? Сенин жүрөгүң ушунчалык кылдат, кистиң ушунчалык кереметтүүбү?
Жыпардын көзүнөн жаш чыбырчыктады. Бул бакыттын, махаббаттын тамчылары эле…
Калыбектин багынан булбулдун таңшыганы угулду. Бек мени үндөп жатабы деп Жыпар элеңдеп, эшикке жүгүрүп чыкты.
Бактын сансыз жалбырагынын арасында кимдир бирөө менен жашынмак ойногонсуган акын куш үнүн безелентип, ашыгын күткөндөй, сагынгандай куулжутуп сайроодо. Бактын көлөкөсүндө жөздеси сүрөт тартып отурат. Болжолу «шахтагы булбулу» менен алек. Эжеси эски жыгачка жөлөнө китеп окуп отурат.
Үйдөн жүгүрүп чыккан кыз тряляля деп чимириле жөздесинин жанына жетти.
— Ту, кантесиң! Бала болуп кетесиңби? Булбулду качырасың — деди Калыбек чекесин тырыштырын.
— Атайылап келген булбул болсо качпайт. Кокусунан конгон болсо, уча берсин!
Булбул учкан жок. Жездеси аргасыздан күлдү:
— Сен мындай эмес элең. Акыркы окуу жылында күчөдүң. — Ал кистисин коюп, бажырайган кызга карады. Балдызы азыр эмне үчүндүр шаарга келген «Талаа жылдызы» боло калганын айтып жибере жаздап, араң токтоду. — Ушунуң жакшы… Аз гана убакыт калды. Экэаменден башканы ойлонбой, көцүлүң тетик жүргө»! жакшы.
— Траляля! — Балдызы чимирилген бойдон дарбазага жетти.
— Хаха! Кудай урсун, бала болуп баратат! — Калыбек соңунан башын чайкады.
Жыпар өзбекче тигилген кызыл шайы көйнөкчөн көчөгө чыкты. Каякка барат? Аны менен жумушу жок, дүйнөнү аралап, дүйнө жүзүн көрүп, өзү да дүйнөгө көрүнгүсү келет.
Ал сабыры суз болуп, художниктер союзу жактан шалкыйып келаткан Жумага жолукту. Жыпардан биротоло үмүт үзгөндөй жерден башын көтөрбөй жанынан өтө берерде, кыз аны колдон алды:
— Саламатсызбы?
Жума «дагы эмне шойкон баштайт» деген кадик менен токтой калып, учурашты эле, Жыпар аны аңкайтып коюп басып кетти…
Далай жылдан бери махаббаттын зарын тартып, үй туткуну болгон кыз капастан чыгып, кең мейкинде канатын желдетип, эргип учкан кептердей көңүлү сергип шайдоот баратты. Бир убакта вокзал тараптан, калың элдин арасында Бек менен тиктешип калган экен… Жигиттин көзү чанагынан чыгып, жемин көргөн куштай талпынганы турат. Жыпар элдин арасына жашырынып, дал Бек турган жерге жеткенде, ал алактап, кызды мурунку ордунан издей баштады. Жыпар бош турган автобуска отуруп, сыртынан акмалайт. Ал кызыл көйнөк аял көрсө эле чуркап барып, бет алдына чыгат да, алаңдап эки жагын карайт. Бечаранын бетибашынан тер буурчактайт… Вокзалдын айланасын эки-үч сыйра арытып бүткөндөн кийин скверге түшүп, төмөн көздөй чуркады.
Чуркасын, издесин! Саргара күтүү, издөө, убаралануу эки кишиге тең!
Демейде ашыкпаган Бекке, оор басырыктуу Бекке азыр эмне болду? Мынчалык кара терге чөмүлүп, желпилдеген тармал чачтары саксайып, элдүү көчөдө энтелеп чуркашына караганда мурда көзүңө кыз көрүнчү эмес беле? Балким Жыпар үчүн деп актанарсың. Ошо Жыпарды да беш көкүл курагынан бери көрүп келатасың го.
Бек азыр мындай суроолор жөнүндө ойлонууга, башкаларга жооп берүүгө чолосу жок, жашынмак ойномуш болуп, чындап жашырынып бараткан курбусунун соңунан сая түшкөн. Канча жылдардан берки мудалуу тилеги, сыйкырдай азгырган жолугушуулар, башына түшкөн түпсүз суроолордун баары азыр бир гана Жыпарга айланып, ошончо убакыттан бери издегенин азыр гана тапкандай, эми аны колдон чыгарбоочудай ашыгат.
Кочөдөн нарыбери өтүп жөөлөшкөн кишилер, дал тумшугунун алдынан жылуу илебин чачып өткөн машивалар, аны бир нерсесин ууруга алдырып кууп жүргөн немеби — деп жабалактаган көздөр да ага байкалбайт. Бир маалда дал бетмаңдайынан милиционердин ышкырыгы угулду. Бек токтободу. Ышкырык дагы кайталанып, милиционер колун чыкыйына алып, жолун торой тура калды:
— Гражданин, сизге эмне болду?
Бек ошондо гана энтигип, демин алалбай токтой калды. Артына кылчайса далай жерге келген. Жыпар түз эле алдына түшүп алып, кача бериптирби?
— Демиңизди жыйыңыз? Сизге эмне болду?
— Эч нерсе! — Жигит башын чайкап, чылпылдаган көйнөгүн желпинип, скамейканы көздөй басты. Милиционер аңкыйып туруп калды.
Бул жер «Ала-Тоонун» алды эле. Бек ийнинен дем алып, башынан көк булоосу булап турса да, көзү кинотеатрдын алдында чогулган жаштарда. Булактаган ак көйнөк, көк көйнөк, кызыл көйнөк, жашыл көйнөктөр.., Ту, дүйнөдө кыздар канчалык көп. Ушуга чейин кыздардын жазгы гүлдөй жер жайнаганын, алардын соңунан жүргөн өзү сыяктуу жигиттердин андан да көп экенин биринчи жолу байкагансыды. Ал кинотеатрларга жаңы фильмдерди, пьесаларды көрүү максаты менен гана келер эле.
Анын көзү өзбекче тигилген кызыл көйнөктөрдө. Тигинде дал ошондой кийинген эки кыз басып келатышат. Алардын Жыпар эместигин караанынан эле тааныды. Билет кассасынын тушунда көзек күтүп турган сапка арык чырай, чачын артына өргөн орто бойлуу кыз кошулду. Мүчөсү да, кийими да Жыпардыкындай.
Бек аны көрөрү менен ордунан козголуп, сырттан тооруй басканда, дагы бир жигит келип, ошо кыздын ордуна туруп, аны менен шыңкылдашып сүйлөшө баштады. Бектин жүрөгу зырпылдап, ачуусу кайнап, ошол жигитти эки чайнап, бир жуткусу келип баратты.
Ал жигит Жума болуп чыкты. «Бул эмне үчүн мени менен араздашып жүрөт десе, арам ойлуу турбайбы; мен буга көргөзөм» деп жакындай бергенде далысын салып турган кыз бери бурулду. Башка кыз. Бек токтоп, кайра артына кайрылганча аны Жума да байкап, «кургурум сен да чабытка чыккан экенсиң, башынан эле ушинтпей» дегенсип, күлүп койду. Анын ишараты Бекке жакпадьь Ал ушул жерден төзирээк кетүүгө ашыкты.
— Эч нерсе эмес. Көнүп кетесиң — деп артынан Жума күңк этти.
Бек колу алдында турган махаббатынан адашып калганы үчүн өзүн өзү катуу жемелеп баратты. Бир көзде, анын дайынын биле электе, «дарегин эле билсем, көккө чыгып же деңиздин түбүнө түшүп кетсе да табам» деп шерттенер эле. Ошо шерти оюна түшкөн сайын кыжыры кайнайт.,. Дагы жигит имиш!
Ал кыялындагы кызга, сүрөттөгү кызга ашык болуп гана өз алдынча муңайып, жакшы тилек, таттуу үмүткө көлбүп, мына табам, ана табам деп сооронуп жүргөн экен. Кыялы чындыкка айланып, Жыпар болуп чыга келгенде ал мындан ары үмүт менен сооронууга болбой турганын, аны тапмайынча өмүрүнүн кызыгы болбосун, жашай албасын сезип баратты.
Мени көрүп, издегенимди биле тура эмне үчүн качат деп таарынмакчы болот. Бирок аны кайра аяп кетет…
Күн батып, көчөлөрдөн электр жарыгы жаркырай баштаган. Кыбыладан мээлүүн жел жүрүп, Бек сергий баштады. Убакыт өткөн сайын демин жыйнап, жүрөгүн басып, акылына келе баштады.
Жыпар каякка кетмек эле? Анын турагы жездеси Калыбектин үйү эмеспи? Ооба, ошо. Бирок жөздеси курган киши го. Эч нерсе эмес. Калыбек эмне десе ошо десин, менин ишим балдызы менен.
Ал Калыбектин үйүн сыртынан билчү, бирок ага кирип көрбөгөн. Дарбазанын тушуна келип, тыкылдатты.
— Азыр! — Калыбектин үнү угулуп, анан дарбаза ачылды. — Кириңиз.
Келген киши Бек экенин ал короого киргенден кийин гана таанып, андан ары ээрчиткиси келбей, дал турган жеринен кайрымак болду:
— Кош, бейубак жүргөн экенсиң?
— Ооба, бейубак. Иш менен. Жыпарга…— Ал токтоо жана ишенимдүү сүйлөдү.
— Жыпарга? — Калыбек кабагын түйдү.
— Ооба, Жыпарга!
— Менин үйүм кыз менен жигит жолугушуу үчүн салынбаганын билерсиз дейм.
— Мен жолугушууга келгеним жок. Мен аны сүйөм, Калыбек. Сиз түшүнүңүз?
— Гм, жалгыз сиздин сөзүңүз сүйүшүүгө жатпайт го.
— Жыпар мени сүйөрсүйбөсү да сизге белгилүү болушу керек. — Калыбек менен мындан башкача сүйлөшүүгө болбосу үчүн гана катуулап сүйлөдү.
Калыбектин да ушу жөнундө шеги бар эле. Жыпар дайыма сөз боло калганда «Талаа жылдызын» мактап, Бектин тарабына өтүп алар эле. Жөздеси жактаган бойдоктордун бирине да көңүл бурчу эмес. Ал Бекти оолактатуу менен гана балдызынан бөлүп, анын ортосунда аны дагы бир жигит илип кетер деп оплочу. Бектин азыркы сөзүнөн чындап чочуду. Бирок сыр алдырбады.
— Мен аны биле албайт экенмин. Билүүнү да каалабайм. Жыпар азыр жок. Айлына дем алууга кеткен. — Ал калп айтты. Балдызы үйүндө эле. Эртең кетүүгө камынып жаткан.
— Кечиресиз? — Бек шарт бурулду.
— Сиз да кечиресиз. — Калыбек дарбазаны карс жаап, илгичин салды.

VI
Көк ирим дарыя шарпылдап, ак көбүгүн чачыратып, кумдуу жээкти жалмалап, чамынып агат. Токтоо бербес, жинди кыял тоо суусу кылымдардан бери жээктерди жемирип, шагыраган кум менен таштарды шилегенин койбой өз агынын өзү тороп, кайра жаңы жол ача берип, кыйла жерди какыраган сайга айлантып жиберген.
Дарыя улам төмөндөп, учу кыйры жок казак жерине тереңдемейинче бугу чыгып, күүсүнөн жанбайт…
Сайдын жээктери көпкөк. Андан ары сары алтын буусун бүрккөндөй калкылдаган эгин жайлары, көк асман менен өңдөшкөн кызылча талаалары, чабындылар.
Дарыя алыстаган сайын жер каксоо тартып, үрпөйгөн сары талаанын лепилдеген жылуу жели күчөй баштайт. Жай ортолоп калган. Илгери бу маалда суу тартылып, дарыя бөксөрө турган, ошондо да буурукканын чыгара албай таштанташка урунуп, мөңкүп агар эле. Орто-Токой көрөңгүсүн толтургандан бери дарыя үчүн жаз менен жайдын, суу кирүү менен тартылуунун айырмасы жуулуп баратат. .
Жыпар ушу Чүй дарыясынын боюнда туулган.
Илгери энелер жаңы төрөлгөн балдарды ырыскешиктүү болсун үчүн ырымдап, май, сүт менен оозантчу экен. Жыпар ак төөнүн карды жарылып турган убакта төрөлсө да, чоң энеси дарыядан бир чыны таза суу сузуп келип, «өмүрүң дарыядай болсун» деп ошону менен оозандырыптыр. Чоң энесинин ырымы кыздын эсинөн чыкчу эмес. Маркум капкачан дүйнөдөн өтсө да, дарыяны көр¬гөн сайын, туулуп өскөн жерин ойлогон сайын, колуна чыны толо таза суу кармаган кемпир көз алдына келе калат.
Жыпар эненин ак мамасын соруудан мурда биринчи Чүй суусунун даамын таткан. Анын туулуп өскөн жери менен суусуна ынактыгынан улам сенин Ата-энең «Чүй» деп тамашалашчу.
Ал убакта Жыпардын чоң атасы да тирүү. Эл малыжанын бириктирип, кыштакташып, жаңы турмуш курууга киришкен мезгилде чоң атасы менен чоң энеси боз үйдөн ажырабай биринсерин малы менен жазы, күзү Чүй жээгин бойлоп, өрүш алып көчүп конуп жүрүшчү. Согуштун алдыңкы жылы өз атасы шаарда окууда жүргөн, кош кабат апасы төрөрдө кайнатасынын колунда экен.
Кийинчерээк чоң энесинин «киши жер менен көгөрөт. Чүйүмдөй касиеттүү жер барбы? Чүйдөн жарыбаган киши деле өмүрүндө жарыбайт» дегени күнү бүгүнкүдөй эсинде.
Чоң энеси айткандай, эмгекчи кыргыз жерге укуктуу болуп, аны кантип пайдаланууну үйрөнгөндөн бери байтеректей тамыр жайып, көгөрө баштады. Дарыянын башындагы суу токтоткуч, өрөөндөгү чоң канал кубарган өрөөнгө кан тамырларын жайды.
Бул чоң иштин, чоң турмуштун башталышы гана. Эне сөзү кулагына уюган Жыпар берекелүү Чүй коонун кенен ачууга көмөкчү болор бекем деп, айыл чарба институтуна, агрономия факультетине кирген болучу…
Мына, самаган окуусун бүтөрдө, жайкы дем алышта Чүйүнө кайрылып келди. Бул жолу учурашуу үчүн, сагынганын жазып, дем алуу үчүн гана эмес, андан кеңеш угуу үчүн да келди. Биринчи жолу дүйнөнү көргөзүп, эне ордуна эне болуп, эне сүтүн эмизип, турмуштун кең жолуна багыт берген асыл Чүй турганда башка кимден кеңеш сурамак.
Жыпар Чүй энесине биринчи жолу гана кайрылып отурганы жок.
Ал махаббаттын отуна биринчи жолу чалынып, биринчи жолу жүрөгү күйүттүү болгондо, Ата-энеси кошо кайгырганда, алардын кайгысын таратып, Жыпарды көкүлүнөн сылап, маңдайынан өөп, окууга аттандырган ушу Чүй эмес беле… Чүйдү арка кылып, Чүй үчүн, Чүйдүн келечегин ойлоп, Чүйгө кызмат кылуу үчүн окууга келген.
Жыпар бир байлам ак жоолугун оң колуна желпилдете бийик кармап, Чүй энесине кулдук кылды. Күңгүрөн¬гөн дарыянын күрпүлдөгөн агымы анын сөзүн угууга макул болгонсуп, жыбылжып ага баштагансыды. Кыз сууга колубетин чайынып, анан көйнөгүн чечинип, шыгыраган майда кумдун үстүнө сууга баштанып жатты. Суунун шары менен кыз жүрөгүнүн дүпүлдөп согушу бирибирин тыцшап, каңдайдыр тереңде маектешип жаткансыды.
Жер мээримин төккөндөй, анын боорун ысытып, суунун мээлүүн илеби саамайын сылап, көңүлүн сергите баштады. Боюна кубат кирип, өмүрү дал ушул дарыядай ташкындагансып туюлду.
Жыпар тура калып, дарыяга боюн таштады. Чабакча сүңгүп, кумары тараганча кулач уруп, күн бата сайдан чыкты.
Алтын табактай жалтылдаган күн мунарыктаган булаңгыр булутту манаттай кызартып, жердин колтугуна кирип баратты.
Батышчыгышына көз жетпей бир жагы кыргыздын керме тоосуна такалып, бир жагы казактын чөлүнө созулуп, асманга окшоп чалкалаган Чүй өрөөнү бир сонун. Жыпар дүйнөнүн кеңдигин, турмуштун түпсүздүгүн ушул Чүйдөн гана сөзе алат. Кыргызстандын башка жерлеринен күндүн чыкканы, батканы билинбей, курчалган тоолор кысып жибергенсийт.
Жыпар жээкте ак көйнөкчөн, бир байлам ак жоолугун желбиретип те алыска, кызарыптатарып, кыйынчылык менен батып бараткан күнгө тиктеп тура берди.

* * *
Күн батты. Чалгыларын жаркылдаткан жигиттер, айрытырмоочторун ийиндерине жөлөй кармаган келиндер көк жашыл кыштакты көздөй чубашып жөнөштү. Ээн калган кең талаадан торгойлордун таңшыганы, бөдөнөнүн бытпылдыгы башталды.
Адамдын кыймылы жалгыз гана чоң жолдон арылбады. Машиналар оңду солду зымырап, тынымсыз өтүп жатышат.
Түн коюуланып, жылдыз толгондо кыштактын тушуна келип токтогон автобустан сур плащын колтуктаган жаш жигит түштү. Бул автобустун акыркы рейси эле. Андан кийин да жолдон жаркылдаган шоолалар атылып, күрүлдөгөн дабыштар басылган жок.
Жигит жол боюндагы же жакын жерлердеги кыштактарды көздөй тараган бөксө жолдорго түшпөстөн, бытпылдыктап үнүн улап, түнкү ыракатка термелген жайык талааны аралап баратты.
Кылайган жарым ай тосто эңкейип калган. Айлана күүгүмдөнүп, асман менен теңтайлашкан кыргыз тоосунун карааны гана капкайдан көрүнөт.
Талаадан кыбыр эткен жан учурабайт. Кээде гана чоочуп ойгонгон канаттуулар пырр этип, мурдунун алдынан уча качканда селт этет. Бул тааныш Бек эле.
Бул жолку сапары анын баштагы сапарларына окшобойт. Мурда каерде болбосун, мейли Чүй талаасын аралап жүрсүн, өзүн бир жактан келген саякатчыдай же жок издеген жолоочудай сөзчү. Бу жолу эмне үчүндүр» өзү туулуп өскөн жерине же кайнатасынын айлына күйөөчүлөп келгендей Чүй талаасы ага ысык көрүнүп, кучагын кенен ачкансыйт.
Жигит чөбү тизени жаба берген арыктын жээгин бойлоп, бутту серпий таштап, теңселе басып, сейилге чыккандай рахаттанат. Тоо жактан соккон салкын жел жумшак чачтарын уйпалап, көңүлүн коштойт. Ал кээде ышкырып коет, талааны ойготуп, обон салгысы келет. Бирок, көнөккө таш салгандай колдураган үнүнөн ардангансып, болорболбос күңкүлдөп, обонду ичинен гана чолок кайрыйт. Бек тоолуу айылдын уулу. Бирок Чүй өрөөнүн биринчи жолу аралаганда эле, анын көз мелжиген талаасы, тоо суусундай элирип аккан дарыясы ал үчүн өмүрдүн жаңы мейкинин ачып берген.
Бийик тоо, шар суу, ачык талаа менен киндиктеш жигит шаардан чыкпай тура алчу эмес.
Ошондон болсо да, Чүйгө бу жолку келишине себепчи болгон Жыпар.
Кыялында гана жашаган кыздын дареги жерден табылып, аны менен биринчи жолу бетмебет таанышканча жаш художник болжолдуу жердин баарын бир нече жолу кыдырып, жаны жай тапкан эмес. Кокус көрүшүп калса, жүрөгүм жарылып кетпес бекен деп да ойлочу. Аны менен табышпай томсоргокчо, табышкандан кийин жүрөгүнүн жарылганына кайыл эле.
Бирок биринчи жолку жолугушуу анчалык романтикалуу болгон жок. Ал турсун, Жыпарды жакшы тааный албай «Талаа жылдызына» анча окшото албай, бир чети күнүркөп турган Жумадан тартынып, кадимки эле күндөлүк тиричиликтин окуясына аралашкансып турду. Жыпар баягы жылы, Бек армиядан кайтканда көңүлүнө так салган кыз болуп чыкканда башындагы кыял андан бетер бытчыты чыкты.
Далай жылдан бери кыялын кытыгылаган кыш ушу Жыпар экенин жүрөгү сөзди. Бирок ал купуя жолугушуп жүргөн учурда эмне үчүн башкараак көрүнгөнүн түшүнө албады. Мүмкүн убакыт өткөн сайын өзгөргөндүр.
Бек кыялындагы кыз менен студентка Жыпардын кимисине ооп түшөрүн билбей, асманга асылгансып турганда вокзалдын жанындагы жолугушуу аны эсине келтирди. Жыпар бу жолу издеген жылдызы жерге түшө калгандай болуп көрүндү. Ал Мажнунчө эси ооп турганы, анан жин азгырып кеткендей таман алдынан таппай калганы, издеши… Акыркы оң карашпаган Калыбектикине барып, кыздын айлына кетишин угушу — ушунун баары айтып түгөткүс окуя эле.
Бек Жыпардын айлы кайсы кыштакта, үйү көчөнүн кайсы жеринде экенине чейин сурап алган. Бирок ал жакка бара албай, чабытын тоскон ылаачынга окшоп, талааны көздөй кайкып чыкты.
Бир убакта ага ушу кызылча талаасынан биринчи жолу көздешпеди беле. Ошондо эч нерсе жок, жөн эле Чүй мейкинин аралагысы келгендиктен кыдырып жүргөн. Жолугушуу эсинде каларын, күйгүлтүккө түшөөрүн кайдан билиптир. Кийин дагы бир жолугар бекенмин деп атайын келип зарлап жүргөндө таш боор кыз бир көрүнбөй койбодубу.
Бек анда белгисиз кызды кызылча талаасында иштеген колхозчу экен деп ойлогон. Андан башкага жорууга да мүмкүн эмес эле. Ал студентка экенин билгенден бери аны таң ата электе кызылча талаасында эмне үчүн жалгыз жүргөнүн түшүнө албады. Эмнеси болсо да, Жыпар ошо күнкү көрүнүшүнө караганда талаага зоок үчүн гана чыккан адамга окшобогон.
Ай батты. Чымыраган салкын жел чыйрыктыра баштады. Бек сур плащын кийип, кызылча аянтынын четиндеги боз дөбөгө келип отурду…
Караңгылык коюуланып барып, чыгыштан сары жылдыз жаркырады. Асман бетиндеги жылтылдаган сансыз жылдыздар суюлуп, таң куланөөк таштады. Түнкү тынчтыкка мемиреген талаага кыймыл кирди. Туштуштан сары чымчыктар чандачанда «чийрилиттилеп» коюп тына калса, торгойлор үстүүстүнө бөзеленип, жаагын жанышат. Алыстан, эгин талаасы жактан бирибирин чакырышкан бөдөнөлөрдүн бытпылдыгы угулат.
Бешик ырына термелген балага окшоп Бек мемиреп баратып, көзүн чоң ачып алды. Таң аппак аткан.
Асмандын сүрөтү түшкөн толкуну жок деңиздей бир жери көгөрүп, бир жери бозомук тартса, бир чети кызгылтым болуп турган Чүй өрөөнүнүн кеңдиги, кооздугу жана шаңдуулугу таңында гана ачылат. Калган убакта Чүйдү көргөнүң да, көрбөгөнүң да бир.
Бек таңга, сулуу Чүйгө таазим кылды.
Таңкы сыдырым жел сыбызгыдай созолонгон обонду талаага тарата баштады. Мындай дабышты талаадан биринчи уккан жаш художник айланасына көз жүгүртө баштады. 5Кызылча талаасынын бир четинде ак көйнөгү булактаган бирөө келе жатканын алыстан көрүп, жүрөгү зырп этти. Эл ичинде ак көйнөктүү селкилер азбы деген кадик аны токтото албады. Жүрөгү туйлаган жигит ошол ак көйнөкчөндү көздөй утурлай басты.
Эки караандын аралыгы улам кыскарууда. Бирок анын байкашынча жол узарып, экөө тең бир орундан жылбай туруп алгандай сезилет.
Ак көйнөкчөн Жыпар эле. Ал Бекти талаадан жолуктурам деп ойлобогон. Аны баягыда вокзалдын жанынан жолуккандагыдай чачтарын сеңселтип, калдалактап шашып келаткан жүрүшүнөн тааныганда аягы шилтөөгөкелбеди. Качууга да, жашырынууга да болбой калды. Ушунчалык кең Чүйдөн далдаланар жер чыкпады. Жыпар өзү да кача албасына көзү жетти. Тек, жүрөгү дүкүлдөп, анын келишин күтүп турду. Келгенде кантип учурашарын, эмне деп айтаарын да билбеди.
Жакшы жери: Бек сөзгө келбеди. Андан көзүн айырбай келип, эки ийнинен куушура кармап турду да, «ушу сенсиңби, ырас эле табыштыкпы» дегенсип тиктеше калды. Жыпардын бети албырып, кирпиктери майыша түштү. Жигит ошондо гана аны имере тартып бооруна кысты…
Эки жаш жадырашып бири-бирин тиктешкенде күн да жаркырап турган эле. Бек үнүн акырын чыгарды:
— Мен сени өмүр бою издедим… «Ишенем» дегенсиди кыздын көз карашы.

— Биринчи жолу карааныңды ушул жерден чалындырдым.
— А мен сени андан мурун эле тапкам… Анда сен армияда элең.
— Армияда?
— Ооба… Анын тарыхы узун… «Ишенем» дегенсиди Бектин көз карашы.
Жыпар талаага эмне үчүн чыгаарын кыскача түшүндүрүү үчүн аны сөзгө алды:

— Биринчи жолу ушул жерден көрдүм дегениң ырас. Андан мурда мени көргөндөй болгонуң жок… Мен ошондо жаштардын Бүткүл дүйнөлүк фестивалынан, Вена шаарынан жаңы гана кайтып келгенмин… Туулуп өскөн мекениңдин кадыры алыста, бөтөн жерде жүргөндө өзгөчө билинет экен. Мен меймандос шаарда, дүйнөлүк зор окуянын катышуучусу болуп жүрсөм да, берекелүү бейпил Чүйүмдү сагынганымай!
Өмүрдө туулган жер менен коштошуудан оор кайгы, туулган жер менен учурашуудан зор кубаныч барбы! Мен туулган жерден ажыроонун кайгысын Жусуптун «Ажал ордуна» драмасынан, кыргыздар каңырыгы түтөп, ЫсыкКөл менен кош айтышып турганын биринчи көргөндө эле сөзгем. Андай кордук башка келбесин! Мен бар болгону чет өлкөгө мейманга жөнөп, мекешшен убактылуу гана сапарга аттанганмын. Ошондо да, Чүй көзүмөн учпадыбы!
Ал фестивалдан кайтып, айлына келгенден кийин таңында туулган жери менен учурашып турганда жаш художникке жолуккан. Бек кыздын жүрөгү козголуп, денеси балкып турган бир гана учурду илип алып, анын таасири менен өзү да делбеленип, башынан эмне окуяларды өткөрбөдү. Кыздын бактылуу учурунда көзигишкени үчүн Бек өзүн да бактылуу сөзди. Мындай учурлар өмүрдө көзиге бербес…
— Бу жолу да, жүрөгүм бук болуп, эмне кыларымды билбей тынчым кеткенде Чүйүмө кайрылып келдим… Мен Чүйдү көрбөсөм тура албайм…
— Мен да…— Бек аны колдон алды. — Ракмат! Сага баары үчүн, бардыгы үчүн, туулган жериңди сүйгөнүң үчүн, Чүй менен учурашып турганда жолукканың үчүн ракмат! Бул биздин бактыбызга… Сен менин жылдызымсың!

Талаа жылдызы, bizdin.kg


Кыргыз