Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Шакен

Элдик музыкабыздын тарыхындагы эң байыркы, эң бир жөнөкөй бөтөнчө добуштагы, өзгөчө мукамдуулуктагы аспаптын бири — тартма жыгач ооз комуз. Ал эзелтен эле секелек кыздар менен боз балдар ойноочу музыкалык аспап катары эсептелип келген. Абалкы аспап түштүк өрөөнүнө тараган. Айрыкча, ал Жалалабаттын Аксы, Сузак, өзгөчө Алабука чөлкөмүнүн айрым гана жерлеринде сакталып калган. Бирок, ага көптөгөн жылдар бою көңүл бөлүнбөй анын калкыбыздын музыкалык турмушуна качан киргендиги, кайдан келгендиги, кайсы замандан тартып, кыргыздардын арасында жашай баштаганы жөнүндө алиге чейин так маалыматтар, кала берсе жөнөкөй эле боолголор да жокко эсе.

1967-жыл. Май айынын ортосу. Ордокалаанын Ленин атындагы заводдун Маданият Сарайында республикалык өздүк көркөм чыгармачылыктын кароосу жүрүп жатты. Кыргыздын улуттук кош этектүү көйнөгүн кийген, кымча белдүү, узун бойлуу, жүзү айдын нурундай албырган, Кыргыз Мамлекеттик университетинин тил жана адабият факультетинин студентти Шакен Жоробекова калыстар тобун гана эмес, калың катышуучулар өмүрүндө көрбөгөн жыгач ооз комуз аттуу музыкалык аспапта «Күкүк» деген элдик күүнү аткарды. Калыстар тобу, кароонун катышуучулары «бул эмне деген аспап. Буга чейин эмне үчүн ойнолбой келген» — дешип, айрантаң калышты. Калыстар тобунун өтүнүчү боюнча Шакен жыгач ооз комузда «Арман» аттуу күүнү аткарып берди. Баарыбызга аябай жакты. Кароонун жыйынтыгында Шакен Жоробекова баш байгеге ээ болду. Кароодон кийин Шакенге жолуктум. Аспабын суктануу менен кармалап көрдүм. Анан Шакендин басып өткөн өмүр жолуна, чыгармачылыгына кызыктым. Ал 1944-жылы Чаткал (азыркы Базаркоргон) районунун Коргонсай айылында туулуптур. Апасы Назвели жыгач, темйр ооз комуздарды мыкты каккан, сөз баккан, төкмөлөп ырдаган акын, жомокчу жана кошокчудан экен. Мектептин экинчи классында окуп жүргөндөн баштап, университетти бүткөнгө чейин” апасынан жыгач, темир ооз комуздарды какканды жакшылап үйрөнүптүр. Ал алгачкы жолу чоң сахнага «Арман», «Күкүк» аттуу күүлөрдү ойноп чыгыптыр. «Арман» аттуу күүнү өзү чыгарыптыр. Анда XX кылымдын 60-жылдарындагы түштүктөгү кыздардын бойго жете элек кезинде эне-аталарынын күйөөгө берүүнүн кесепетинен жогорку окуу жай­ларында эмес, орто мектептерде окуй алышпай кыйын абалда калган тагдырларын баяндаптыр. Бул жолку жолугушууда Шакен мага жыгач ооз комуз асканын эң бир бийик, суунун үнүн укпаган, таштын үстүнө чыккан ий, бөрү карагат, асамуса жыгачтарынан жасаларын, алардан жасалган аспаптардын добушу мукамдуу, чечен, үнү бийик болоорун, аспаптын жалпы узундугу 8 см, 0,1 см жукалыкта, энинин жазылыгы Эсимде жылмакай сүрүлөрүн, эки жагынын ортосунан 3 см узундукта ичке, тили оюларын, сол, оң баштарына эки жип тагыларын айтып берди. Шакен менен ошондон баштап такай байланышта болдум.

Өзүм болсом «табышмактуу» аспаптын сырын билиш үчүн тарых барактарын барактадым. Жыгач ооз комузга түркүмдөш, окшош аспаптардын үлгүлөрү түрк тилдүү Хакас, Алтай, Шор, Тува жана Ыраакы Чыгышта, Түндүк Чыгыш Сибирде жашашкан Кет, Удегей, Хант, Нанай, Нивых элдеринде бар экенин билдим. Ал эми жыгач ооз комузга коёндой окшош аспаптар казактардын оң түштүгүндө шаңкабыз, тувалыктарга яшкомуз, кулузун — хомус, Якуттарда мас (жыгач) хомус, эки тилдүү хомус деген аттарда тараптыр.

Шакен Жоробекова 1969-жылы Шакафтар айылындагы мектеп интернатта мугалим болуп иштөө менен бирге колунан комузун түшүрбөйт. Ага болгон кызыгуусу, сүйүүсү күн санап артат. Ал энесинен темир ооз комузга ойноону үйрөнөт. Ошентип, жаш шайыр өз бактысын мугалимдиктен эмес, какма тилдүү жыгач, темир ооз комуздардан издейт. Апасы менен чаткалдык таякеси Кочкоралы Оторбаевге он чакты жыгач ооз комуз жасатат. Таланттуу айылдык 6 кыздан турган жыгач ооз комузчулардын ансамблин уюштурат. Алабука райондук маданият үйүнүн башчылыгына дайындалат. Шакендин иштеген иши түздөнтүз маданияттын көтөрүүгө, өздүк көркөм чыгармачылыктын катышуучуларын, жаңы жамааттарды өстүрүүгө арналат. Андай карапайым калк алдындагы жоопкерчиликти сезген жаш жетекчи күн тыным коё, түнкү уйкусун үч бөлө эмгектенет. Шакендин угармандарга белгисиз аспаптан ансамблди уюштуруу ошол кездеги Республиканын маданият министрлиги тарабынан колдоого алынат.

1967-жылы жаңыдан кадам таштаган жыгач ооз комузчулардын ансамбли Улуу Октябрь революциясынын 50-жылдыгына арналган Москвада өткөн кыргыз искусство чеберлеринин концертиңде өз өнөрлөрүн тартуулашат. «Кремлдеги Сңездер Дворецинде (Сарайында) — өткөн концертте — дейт, Шакен — алты кыздан турган ансамблдин тушоосу кесилди. Учуулар таң калуу менен жакшы кабыл алышты. Өзүм жеке «Күкүк» аттуу элдик күүнү аткардым. КПССтин Борбордук комитетинин Генералдык катчысы П. И. Брежнев менен бир эле карыштай аралыкта туруп жыгач ооз комузда ойнодум. Күүмдү ойноп бүтөөрүм менен Брежнев мени сахнадан өзүнө чакырып алды да, дагы бир күү кактырды. Аябай таң калды. Акырында рахмат айтып алтын саат менен сыйлады»… Москвадагы ийгиликтен кийин

Шакен жыгач ооз комузду калың калктын катмарына кеңири жайылтуу үчүн эки эселенген шыктануу менен иштейт. Маданий коомчулукта Жоробекованын саамалыгы колдоого алынат. Жыгач ооз комузду тек гана Алабука чөлкөмүндө эле эмес, Республиканын бардык райондорунда, областтарында жайылтуу жеке аткаруучуларды даярдоо, ансамблдерди уюштуруу маселелери каралат. Бирок, ал ак кагаздын бетинде, айтылган жерде кала берет. Ошондой болсо да Жоробекова жыгач ооз комуздун репертуарын байытуунун үстүндө талбай эмгектенет. Жылар жыттуу жайлоонунун кол менен жасап койгондой укмуштуудай кооздугун сүрөттөгөн «Жайлоодо», үстүнө суу койсо төгүлбөгөн жоргонун жүрүшүн туураган «Боз жорго» аттуу ж. б. күүлөрдү чыгарат. Элдик уламалардын, дастандардын негизинде жаңы күүлөрдү жаратат. Алардын тарыхтарын айта, ырларын ырдай отуруп күүсүн аткарат. Маселен Шакен: «Шаамамат» аттуу күүсүн кагардын аддында: «Илгерки өткөн заманда Шаамамат деген кедей жигит болуптур. Ал байдын кызын сыртынан сүйүп калат. Кыздын да көңүлү Шаамаматка түшөт. Бир күнү түн ичинде Шаамамат ашык болгон кызынын үйүнө келет. Сүйгөнүн табат. Аны ойготуп жатканда кыздын энеси көрүп, кууп чыгат. Ал эшикке чыгып үйдү айланып, күтүүсүз жерден көз жумат. Ошондо кыз эртеси таң заарында жыгач ооз комузун колуна алып:

Күйөөнүн аты Шаамамат, О, койчу панаты Шаамамат, Меймандын аты Шаамамт, Ай, Шаамамт билейин Мен кай жорукка күйөйүн, Энекем берген аш бычак, Сайып алдым билекке, Тайыбай кетти жүрөккө, Ай, Шаамамат билейин, А мен кай жорукка күйөйүн, Үй айланып карасам, Шаамамат жатат жаны жок, Түлкү ичик жатат жеңи жок, Мен кай Шаамамат билейин, Кай жорукка да күйөйүн —

деп, жоктоптур» — деп, баяндап келип, шолоктото кагат. Жоробекова уюштурган жана жетектеген ансамблдин катары жыл сайын таланттуу кыздар менен толукталат. Алсак З. Термечикова, Г. Жетибаева, Т. Чанчарова, З. Тажибаева, М. Мамырбекова, Г. Ашымбаева, Б. Эгембердиева, К. Ажыкулова ж. б. менең. Алар А. Байбатыровдун «Тагылдыр тоо», «Күкүк», «Тилек», «Ашууда», «Ботонун боздошу» аттуу ж. б. күүлөрдү өткөрө устаттыкта аткарышат. Ансамблдин аткаруучулук чеберчиликтери 1970—1977-жылдарда өткөн Республикалык жана Бүткүл Союздук фестивалда жогору бааланып, лауреаттарынан болушат.

Шакен жыгач ооз комузда кандай устаттыкта ойносо, темир ооз комузда дал ошондой бийик чеберчиликте, берилгендикте, тереңдикте кагат. Ал жыгач ооз комузда тарткан күүлөрдүн баардыгын темир ооз комузда табына чыгара аткарат. Шакен жеке өзү жана ансамбль аткарган 30дан ашык ар кандай маңыздагы күүлөрдү Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясынын алтын коруна жаздырат. Шакен 1969-жылдан 1972-жылга чейин Алабука маданият үйүнүн директору, музыкалык мектептин педагогу болуп иштейт, 1972-жылдан Базаркоргон райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1987-жылы Жоробекованын кыргыздын элдик музыкасынын өнүгүшүнө кошкон салымы өкмөт тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наам берилет.

Шакен эки аспапта бирдей ойноо менен бирге ырда жазат, ырдайт, дастанда айтат. Жыгач, темир ооз комуздардын мыкты аткаруучу катары ондогон чет өлкөлөрдө гастролдордо болот. «1995-жылы — дейт, Жоробекова — Якутияда 40 өлкөнүнү варганчыларынын (жыгач, темир ооз комузчулардын түркүмүндөгү) Бүткүл Дүйнөлүк фестивалына катыштым. Элибиздин эң байыркы музыкалык аспабы делип эсептелген, жыгач ооз комузду бейтааныш угуучуларга алып чыктым. Түрк тилдүү элдерде биздин жыгач, темир ооз комуздарга окшош, түркүмдөш аспаптар көп экен. Бирок, алардын көбүндө биздикиндей татаал, узак кайрыктардагы чоң күүлөр кагылбайт экен. Якутияда өткөн фестивалда баш-аягы Франциядан, Америкадан, Жапониядан ж. б. чет өлкөлөрдөн 18 адистен турган калыстар тобу болду. Алардын бардыгы тең бири кишидей бир пикирде кара кылды как жарган калыстардан болушту. Бир жылдан кийин калыстар тобунун мүчөсү жапонду К Катонава деген профессор мени атайын издеп Алабукага келди. Ал күүлөрүмдү тасмага жазып, киного тартып кетти. Профессор он жылдан кийин башкача айтканда 2004-жылы дагы келип кетти.

2003-жылы варганчылардын Бүткүл Дүйнөлүк фестивалы Норвегияда өттү. Мени чакырышты. Бирок, каражаттын жоктугунан бара албай калдым. Ал эми Норвегиялык профессор Сейинин: — эмне үчүн Кыргызстандык Жоробекова фестивалга келбей калды. Тирүү бекен? Мен көрсөм болот эле. Кандай болсода кабарлашып, кайдан да болсо көрүшүм керек — деп, жапон профессоруна кайрылыптыр. 2003-жылдын 30августунда мага Норвегиядан телефон чалып: — Бишкекке барабыз. Бишкекке келиңиз — дешти. Мен Бишкекке барганга каражатым жок. Бара албайм. Мени көргүңүздөр келсе Алабукага келгиле — дедим. Макул дешип, 1-сентябрда үйгө кирип келишти. Беш күнү мени түнү, күнү менен жыгач, темир ооз комузда ойногон элдик жана өзүм чыгарган күүлөрүмдү, кала берсе, «Жарамазан» баштаган өлөндөрдү, ырларымды «Манастын—1000» жылдыгына карата жазган «Айкөлүм атам Манасым» аттуу дастанымды да кино тасмага тартып кетишти»…

Белгилүү шайыр Жоробекова эл кенчине айланган элдик обондордон, күүлөрдөн наар алуу менен өзү жашап жаткан айлана-чөйрөгө, доорго, турмшутагы өз көзү менен көргөн окуяларга арналган жаңы мазмундагы, жайдары кайрыктардагы угуучулардын алкоолоруна арзый турган ондогон күүлөрдү чыгарат. Алсак, өсүп өнгөн жеринин сулуулугун сүрөттөгөн «Чаткалым», «Кум бел», улуттук «Кыз куумайды» сыпаттаган «Кыз куумай», Индияда, Непалда гастролдо жүрүп, Индиянын Варна шаарынан ачкасынан көчөдө томпойуп өлүп жаткан адамдарды көрүп, көңүлү жаман бөлүнүп, санаанын сазына батканын «Ой толгоо», улуу жазуучу Ч. Айтмтаовга арнаган

Чыгармаң сенин чын алтын жылдыз, Чыгарып бердиң кыргызга Чыңгыз, Чиймелеп жаздың чындыкты Чыңгыз, Балбылдап жанган бир чолпон Чыңгыз

деген ыр менен коштолгон «Кыргыздын жылдызы», Ала-Тоолук кыргыз кыздарынын келишимдүү келбеттерин баяндаган «Ала-Тоонуну кыздары», Улуу Ата мекендик согуштун дүйнөнү дүңгүрөткөн жеңишин сыпаттаган «Жеңиш» аттуу күүлөрдү чыгарат. Ошондой эле «Барчынга», «Саамаган менин Саамайым», «Кыздардын үнү», «Кубаттын уулу Кулмурза» аттуу ж. б. күүлөрү да оригиналдуулугу менен угармандардын куштарына татыйт. 2005-жылдын июнь айында Бишкекте өткөн «Эл ичи — өнөр кенчи» деген Республикалык фестивадда Шакен жаңы чыгарган «Ала букам», аттуу өлөңүн:

Ээ, айт, айт дейсиң өлөңдү,

Мени күтүп калды окшойт өлөң жагы,

Билгенимче айтса айтып берейин

Кулак салып уккула, силер дагы

Ээ, Алабука жолунда жыттуу жийде,

Сулуу кыздын колунда өткүр ийне,

Оролундун барында ойно да, күл,

Учкан куштай зымырап өтөт дүйнө.

Ээ өлөң айтсам өлөңчү, өлөңчү дейт го мени,

Жалгыз жүрсөм ач бөрү мени жейт го,

Өлөңүңө туура жооп айтсам,

Кыздан чыккан өлөңчү дейт го мени,—

деп, ырдап анан жыгач ооз комузда күүсүн кагып, угуучуларды дагы бир жолу таң калтырды.

«Дүнүйөдөгү — дейт, мени менен болгон баардашуусуңда Шакен — эң кубаттуу делген өлкөбүз кулады. Бырын-чырыны чыкты. Бүгүнкүдөй заманга туш болдук. Жыгач ооз комуздун азыркы кездеги тагдырын ойлосом ичим туз куйгандай ачышып, жүрөгүм ооруйт. Бабаларыбыздан аталарыбызга, апаларыбызга мурас катары өтүп келген аспабыз жалпыга билим берүүчү, атайын музыкалык мектептерде окутулбай көңүлдөн чыгып калды. Мен таң калам. Жапондук,

Норвегиялык эки профессор өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, элдеринин, бала бакыраларынын келечегин ойлошуп, дүйнө калктарынын арасындагы элдик таланттарды издеп табышып, алардын чыгармаларын жазып алышып, элине, жаштарына тааныштырып, тартуулашы таң калтырат. Менин негизги айтарым күн артынан күн, ай артынан ай, жаш артынан жаш жарыша өтүп, карылыктын калканына түшкөн сайын карыпарып, тишиң түшүп, өпкөң, дем алууң жаш кезиндей иштебей калат экен. Бул табийгаттын мыйзамдуу көрүнүшү.

Эмне үчүн чет өлкөлүк музыканттар, ышкыбоздор биздин жыгач, темир ооз комуздай аспаптарында жакшы ойной алышпайт. Биринчиден, алар аспапты ойноп жатышканда демди туура алыш пайт. Экинчиден, аспаптарынын жасалышы начар. Мен өз көзүм менен көрүп, өзүм күбө болгон бир мисалды айта кетейин. Индияда гастролдо жүргөнүмдө франциялык жаш жигит бизге темир комуз деп тартылган кинотасманы көрсөттү. Ал фильмин көрсөтөөрдүн алдында: — бул аспап биздин ата бабадан калган көптөгөн жылдар бою жер астында жатып чирип калыптыр — деп тасманы тартуулады. Карасам ал темир ооз комуз эмес, чөптүн тамыры экен. Ошондо мен темир комузумду көргөзүп, күү кагып бердим. Ал жигит аябай таң калды. А эмне үчүн менин кыргыздарым жергиликтүү райондук, областтык, республикалык жетекчилерибиз дүйнө элдери кызыккан аспабызга назар салышып, келечекти ойлошпойт».

Ооба, таанымал шайыр Шакен Жоробекованын зар ката айткан кебинде келет жок. Ал 1972-жылдан бери Базаркоргон райондук маданият башкармачылыгын жетектеп келет. Бирок, Шакендин жыгач ооз комуздун бүгүнкү, эртеңки тагдыры, түбөлүккө алып калуу, калк арасына кеңири жайылтуу, музыкалык мектептерде окутуу, окуу китебин жазуу, чыгаруу, күүлөрүн нотага түшүрүү, борборлоштурланган Республикалык устакандан абадкы аспапты жасап чыгаруу жөнүндөгү тилектери ишке ашпай келүүдө. Бул маселе боюнча Шакендин кирбеген эшиги, барбаган жетекчиси калбады. Ошондой болсо да кыргыздардын музыкалык турмушуна алгачкы жолу жыгач ооз комузду алып чыккан жана дүйнө элине таанылткан Ш. Жоробекованын ысымы сыймыктануу менен айтыла да, жазыла да бермекчи.

Шакен ,bizdin.kg


Кыргыз