Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Раимжанов Мамат. Армандуу тескей

Түркүн чөптөр буруксуп, гүлдөрдүн жыты аңкып турду. Жай эми гана башталып, жан жаныбар болсун чатырап көркүнө чыгып, өмүрдүн толуп турган чагы. Боткоктои калган аткулактарды аралап, кызгылт көгүш жону күнгө чагылышып, чөптөрдүн башын былкылдатып, бир суурдун айгыры шилбилуү дөбөнүн түбүндө, ооздорун жөргөмүштун калың желеси каптап, үйүлгөн топурактарын эчак таш уйгак басып калган көп ийиндерди жыттагылап жүрдү. Ийиндер абдан эле эски болчу. Кээ бирөөлөрүнүк үстүндөгү топурагы урап түшүп,оозун бекитип калган. Ал эми барпайган бай түп шилбинин түбүндөгү эки кош ийин али жаңыдан көрүнгөнү менен ооз жагын тордоп калган жоргөмүштүн желеси жана шып жагында жабышып, илең-салаң кыймылдаган үлүлдөрдүн жүрүшү — бул ийинди жердеген макулуктардын деми чыкпай, жашоолору эчак эле тынчыганынан дарек берет. Ошентип, суурдун айгыры бир ийинден улам бөлөгүнө дугдуңдап кыдырып жүрдү. Өзүнүн боордошторунун дареги билинбегеиден кийин гана эки колун бооруна алып, чочуп ыйлаган баладай кыска гана «чырк-чырк» этип үн салды. Анын бул аңкыштаганы те бир кездеги эрте жаздагыдай шаңдуу чыккан жок.

Канчалык мурдун тырыштырып өзүнө тааныш жытын искегени менен эч кандай жыттын илеби каңылжарын өрдегөн да жок. Не бир кусалыктан, не бир жапайы жана табигый тукум куучулуктан келип чыккан эңсеөдөн улам айгыр суур дагы бир ирет «чырк» эткен үн салып туруп калды. Ошол эле жапайы, табият тартуулаган сезим буга табигый ишенимди туудуруп турду. Береги алкымындагы такырайып туруучу топуракты чөп- чар, болгондо да шиберлүү өлөң эмес, кайдагы бир таш уйгак отоо чөптөр баскан ийин ага тааныш, ага жакын сезилип турду. Бул ийин мындан бир нече жыл мурунку, анын жарык дүйнө менен тунгуч ирет таанышкан Мекени — айгыр суурдун өз үйү эле.

&&&&&

…Анда айдыңдуу боордогу ачык жерде да жаздын өкүмү келип калган. Ар кайсы жерлердеги карлар шалбырап эрип, жер ала-телек. Тескейде кар канчалык көп болсо да бадалдардын түптөрү, токойлордун ортосундагы күнөстүү жерлер карая баштады. Айлананын баарында алашалбырттын өкүмү. Жерден буу көтөрүлүп, байчечекейлер, көк чөптөр өжөрлөнүп, кар астындагы жука муздарды көзөп, кылтайып турушту. Токойлордук ортосундагы ачык жердеги айдыңдуу боорду мекендеген жыйырмадай ийиндин түпкүрүндө да жаңы жашоолор дүйнөгө келип, өмүрлөр уланып жатты. Ийиндердин эң башындагы, барпайгаи чоң шилбинин түбүндөгү ийиндин ичинде көздөрү али ачыла элек эки чөндөлөй пайда болду. Чөндөлөйлөр бат торолуп, күн сайын чоңоё башташты. Сары жүндөрүнүн арасын бирин-серин кылкан аралап, түбүнө кургак ай чачы менен өлөң чөп төшөлгөн ийиндин төрүндө оонап жатышчу. Күн эмес, саат сайын чөндөлейлөр өсүп, мажүрөө буттары таканчыктаганга жарап, алардын оюндары чыга баштаган, Бара-бара алар үчүн ийин тар өңденүп, экөөнүн томолонушуна жолтоо болуп калды.

Ошентсе да экөө бир нары бурчка, бир бери бурчка тоголоно беришет. Уйкудан ойгонгондон кийинки экөөнүн эрмеги ушул. Үңкүрдүн төрү бир топ кенен, ары жылуу болсо да, бары бир эки чөндөлөй жарык дүйнөгө келгенден кийин тар өңдөнүп калды. Ийиндин оозу тар жана кууш эле. Анын үстүне ылдый карата жантайыңкы болучу. Ушул абалдан үч-терт метрге жетпей ийин андан ары үңкүрдей болуп кенен жана түз казылган. Ал эми тер жагы кадимкидей тегерек тартып, уяны элестетип турат. Ошондуктан ченделөйлер ийиндин оозун карай жөрмөлөөгө кудурети жетчүү эмес, ойлоруна да келчүү эмес. Чөндөлөйлөрдөн бөлөк ийинде дагы үч суур бар. Экөө ооз жактагы капшытта бет маңдайлаша, жондорун үңкүрдүн бооруна такап, жаадай ийилип жатышчу. Эне суур менен айгыр суурдун ортосунда чөндөлөйлөр жатышат жана ойношот. Тигилер такай укташат. Качан гана чөндөлөйлөр бири-бирин жулмалашып, чоңдордун үстүнө чыгышып, мазесин кетирип жибергенде ата-энелеринин бири.Күңүрт «чырр-рк» эткен үн менен тигилерди тартипке салып коёр эле. Көбүнчө мындай убакта эне суур ойгонот.

Кийин бара-бара эне суурдун ойгонгону көбөйүп кетти. Чөндөлөйлөр жетилген сайын кандайдыр бир белгисиз күч аларды элиртип, оюндары көбөйө баштады. Бара-бара дөбөт суур да тез-тез ойгончу болду. Мындайда чөндөлөйлер өз орундарында көнгөн адаттары боюнча жатып калышат. Антпесе; аталарынын колу алардын мойнуна, кээде кулактарына тийип калаар эле. Бир жолу — кезектеги оюнда эки чөндөлөй таканчыктай калып, коюн-колтук алыша күрөшүп жатышты да, төрдүн эң түпкүрүндө жатчу, ушул убакка чейин бир да кыймылдап койбогон суурду тебелеп алышты. Адегенде экөө тең чочуп кетишти. Дүбүрөгөн боюнча өз ордуларына келип дымып калышты. Бирок бир аздан кийин эле оюн кайра кайталанып, жанагы өздөрүнүн картан бабаларына дагы тийишишти. Тиги дагы эле былк этпеди. Ушундан кийин гана эки чөндөлөй эми төр жакта кенен ойношчу болду. Карт суур бир да жолу ойгонуп, нааразыланган жок. Ал алда качан эле өлүп, денеси үңкүрдүн таманына төшөлгөн чөп сыңары куурап калган. Дагы бир жолу чөндөлөйлөрдүн бирөө ойгонуп, керилип-чоюлду да, өзү ушул убакка чейин туш болбогон абалга кез келди: ийиндин оозунан кирген аба чөндөлөйдү дүүлүктүрүп, аны белгисиз сезим бийлеп, денеснн бнлинээр-билинбес дүркүрөө, кубаныч басып кетти.

Бул убакта ал кадимкидей жүгүргөнгө жарап калган. Чөндөлөйдү жээликтирген азгырык аны ийиндин оозун көздөй жетеледи. Ал табигый туубаса инстинкт менен биринчи жолу эшикти көздөй этияттык, өтө абайлагандык менен жөнөдү. Жебедей сайылган шоолалар аны кубандырып да, сактантып да жүрүп отурду. Улам оозго жакындаган сайын жарык көбөйүп, чөндөлөй бир топко чейин жерге бoорун төшөп жатып калды. Анан көзү жарыкка акырындап көнө баштады. Укмуштуудай таң калычтуу дүйнө чөндөлөйдү кызыктырып, ары айран калтырып салды. Акырында ал ийиндин оозуна жетип, баягы эле белгисиз инстинкт менен тегерегин карап алып, көнүмүш адат сыңары отуруп калды. Кантсе да, алгачкы көрүнгөн сырткы чоң дүйнө көнүмүш эмес эле. Чөндөлөй эки колун бооруна алын, чөгөлөп отуруп калды да, чочугандай үн салды. Дирилдеген «чырр-рк» эткен үн кокту ылдый куюлуп, бүт тескейге тарады. Төмөнүрөөктөгү карала ит жатактарда жер чокуп жүрүшкөн эки боз таркылдак «пыр» этип учуп, карагандын бутагына конушту. Капыс- нан өзүнүн артынан, куду кулак түбүнөн чыккан «чыррк» эткен добушту угуп, чөндөлөй чочуп кетти. Бирок бат эле бул үн өзүнүн атасыныкы экенин биле койду.

Ушуну эле күтүп турушкансып бардык ийиндерден куттуктоо, саламдашуу өңдөнгөн аңкыштоолор угулуп, айдыңдуу төш суурга толуп кетти. Чөндөлөй өздөрүнөн бөлөк да ушунча көп боордоштору бар экенине таң калгансып, кубанып турду… Кийин турмуш көңүлдүү да, бактылуу да өтүп жатты. Бир чоң үйүр суур ээн- эркин жайылып оттойт. Жаратылыш да билинбестен ар бир ирмемде кубулуп, жер бети өзүнүн келбетин өзгөртүп жатты. Кандайдыр бир кыска убакыттын ичинде кар тегиз эрип, жер тоборсуп, дүркүрөп өскөн дүйүм чөп суурлардын капталынан келип калды. Эми алар мурункудай керээли-кечке, ийиндеринен алыс кетип оттошпойт. Күн жылып, чөп өскөн сайын бүт үйүрдүн курсактары тоюп, жүндөрү түлөй баштап, онолуп калышкан. Бара-бара алардын оттогонунан да оюндары көбөйүп, көбүнчө ийиндерден жарым-жартылай чыгып алышып күнөс¬төшөт. Кээлери ийин жаныртат, эмитен эле келээрки кыштын камын көрүшөт. Берки эки чөндөлөй да убакыт менен кошо кадимки суурга айлана башташты. Алардын суурдук заң-закону сактанууну, тамыры даамдуу чөптөрдүн жайытын таап оттоону, келечекке кам көрүүнү үйрөтүп жатты. Күндөрдүн биринде дөбөт суур менен эне суур үңкүрдүн төрүнөн кууш ийин казышты да, баягы кыштан тирүү чыкпай калган карт суурдун өлүгүн сүйрөп киришип, оозун кайра топурак менен үйүп коюшту. Өз өлүктөрүн тазалоо, аны жашыруу салты да жаш суурларга маалим болуп калды.

Жаз күчүнө кирип, күн улам жылуураак тие баштаган сайын суурлар таң заарында жана күүгүмдө оттогонго .өтүшкөн. Ал эми калган убактарда кечке чейин күн чубакташат. Айрым учурларда аңкыштагандарын башташып, колоттун ичи суурдун үнүнө толуп кетет. Мындайда алардын бары эле жапырт чыркылдаша бербейт. Үн алышып, бири-бирин түшүнүшүп чыркылдашат. Баягы жаш суурлар да кандай чыркыл- доо эмне белгини билдирээрин түшүнүшүп калышкан. Күндөрдүн биринде четтеги бийик дөбөдө кароолчулукта туруучу көгүш суур кыска, бирок ачуу, коктуну жарган үн менен удаа эки жолу кыйкырып калды. Топ үйүрдөгү суурлар кымкуут түшүшүп, үлгүргөнү өз ийиндерине, үлгүрбөгөндөрү жакын турган ийиндерге житип кетишти. Ар жерде топурактары дөмпөйгөн көп ийиндерди кулак кескен жымжырттык басты да калды. Оо, бир топтон кийин байкоочунун «коркунуч өтүп кетти» дегендей үнү сырттан күңүрт угулганда гана сыртка чыгышса, өздөрүнөн бир топ кырдуураак, куйругу чубалжыган бир макулук наркы четте шимшилеп жүрүптүр. Суурлар таң калышып карап турушту да, бир аздан кийин адаттагыдай эле өз турмуштарына алаксый башташты. А күндер өтүп жатты. .

Суурлардын да тамактануусу өзгөрдү. Эми алар дыңылдап уча баштаган, суурлардын сүйүктүү мээр чөбү^нө көбүрөөк конушкан коңуздарды, эмитен эле сасык жыт чыгара баштаган уу чөптөр менен уйгактардын тамырын кыйып, жей башташты. Баякы эки суур да чоңоюп, бой тартып, кадимкн чоң суурларга аралашып калды. Ушундай бактылуу убактардын биринде баягы белги дөбөдөн «сак-тан» деген өзгөчө бир шумдуктуу капилет үн чыгып, дагы бир кайталанбастан жок болду. Жаш суур энесинин артынан өзүнө тааныш ийиндин төрүнө жеткиче шашты. Анткени, белги берген үн ушунчалык коркунучтуу болгондуктан анын жүрөгү тубаса бир мүшкүлдү өзүнен-өзү эле сезген. Денесин дирилдеген коркунуч бийлеп, сактануу адаты пайда болду. Өздөрүнүн ийиндеринин оозунан, жер үстүндө тең эмес таймашуунун дабышы угулуп жатты.

Бир канча ирмем убакка чейин суурдун чыйылдагы чыгып, анан барып бөлөк бир күрүлдөгөн, күшүлдөгөн добуш гана угулуп, тааныш үндү басып кетти. Ошондо гана жаш суур ийинде өзүнүн атасы — дөбөт суурдун жок экенин сезди. Бирок, жаратылышынан момун, каршылыксыз жаралган макулуктардын табияты аны сыртка, өз канына жардамга түртүүгө жолтоо болду. Болгону ийиндин төрү аңгырагансып, үчөөнөн тең суурлук күйүт чыгып, мекиренген үн менен ыйлап жатышты. Суурлар бир сутка жер бетине чыгышкан жок. Анткени, жазында ачылган жер астындагы кыйма-чийме ийиндерден алар жер үстүндөгү окуяны билип турушчу. Жанагы дөбөт суур менен кармашкан неме аны тытып жегеңден кийин бир пас отурду да, төмөн жактагы бир жаңы ийинди каза баштады. Ийин жаңы болгондуктан анчалык терең эмес болчу. Ошентип, чоң үйүнөн бөлүнүп, өзүнчө турмушун өткөрүп аткан бөлөк жаш суур да тигиге курман болду. Капилет бүлгүн салып, суурлардын турмушун ойрон кылган неме — аюу эле. Үксөгөй майрык бир топ күндөрдөн бери жалаң кымыздык, ышкын менен күн өткөрүп, оозуна жылуу наар алган эмес. Мына эми минтип, ээн жашап жаткан суурлардын бир үйүрүнө туш болуп, аларга кымкуут салды да, андан ары жөнөдү. Эки күндөн кийин гана ар кайсы ийинден суурлардын башы кылтыйып чыга баштады.

Коркунучтун биротоло өтүп кеткенине абдан ишенген суурлар ошондо гана жер үстүнө толук чыгышты. Барпайган шилбинин түбүндөгү ийиндин жаңы топурактары бырыксып, дөбөт суурдун жүндөрү, алакандай терилери, тырмактары жана баш сөөгү ар кай жерде чачылып жатыптыр.

&&&&&

Алардын турмушу кайрадан өз нугу менен өтө баштаган эле. Жаз аяктап, карагандын жыпар жыттуу гүлдөрү себеленип, чөптөр суурлардын боюнан эки эсе бийик болуп калган. Ушундай жыргал менен кошо тынчы жок, опурталдуу күндөр кошо келди. Эми алардын ийиндерин баягы дөбөт суурду тытып кеткен олчойгон немедей кара, күрөң, сарала жандыктар көп аралашчу болду. Жаш суур биринчи жолу аларды көргөндө коркконунан ийинге кире качкан. Бирок энесинин анчалык камаа- рабаганынан улам булар аларга эч зыянсыз экенине түшүндү. Бул жайылып жүргөн олчойгон немелер уйлар болчу. Ошёнтсе да жаш суурдун жүрөгү ушунчалык коркуп калыптыр. Эми ал бардык нерседен кыйын сактанат. Ар бир «шырп» эткен дабыш, чоочун жытты ажырата билип, бара-бара ким душман, ким дос экенин сезе баштады. Канткен менен алардын досунан душмандары арбын экен… Таңкы шүүдүрүм кургап, теребел күндүн нуруна чайынып, бал аарыларынын зыңылдагы мукам күү чыгарып турган. Суурлар мээр чөптөрдүн тамырына тоюп, колоттогу тунук булактан кана шимиришти. Кээлери ийиңдин оозунда ныксырашып, кээлери али келе элек кышка камыныша түркүн чептөрдү ташууда.

Эне суур ийиндин желкесиндеги барпайган шилбинин артында тутам чөптү сүйрөп келе жаткан эле. Ку- лакты кезеп, жүлүнгө ийне сайгандай чыккан муздак үн жаш суурду боортоктоп жаткан жеринде катырып салды. Анын жүрөгү бир саамга токтоп калгандай болду. Кулактарынын ичин кылкандуу сойгок менен кытыгылап жаткансып быжырайт. Асмандагы булуттар токтоп, айлана мелтирейт. Дүйнө тоңуп, убакыт түгөнүп, өмүр бүткөндөй. Тээ, бир оокумдан кийин, ийиндин оң жагына кулап келип, «былч» дей түшкөн энесинин денеси токтоп калганда гана жаш суур селт этип чочуп кетти. Ошондо гана ал кулак угуп, көз көрбөгөн, бирок, анын өмүрү үчүн коркунучтуу жаратылыштагы мүшкүлдөрдөн миң эсе кыйраткыч күчкө туш болгонун түшүндү. Аңгыча жанагы жексур, ачуу үн дагы бир жолу кайталанды да, ийиндердин төмөн жагындагы булактын боюнан бир чон суурдун көмөкөйдөн чыккан не жалооруган, не дүйнегө наалат айткандай үнү үзүл-кезил угулду. Ушул ирмемде убакыт жаш суур үчүн өзүнчө бир өмүргө татыды. Экинчи чыккан үн менен кошо суурдун денесин калтырак басып чыкты да, бардык балекеттен сактачуу жердин астын көздөй, ишенимдүү чуңкурдун төрүнө жеткиче шашты. Эми алардын ийининде экөө гана калышкан. Жедеп курсактары ачканда гана эки күндөн кийин ийиндин оозун карай жөрмөлөй башташты. Табият тартуулаган сезим аларга таңдын эбак атканын кабарлады. Катуу сактанып калган суурлар ийиндин оозундагы кыпкызыл болуп, каңылжаарды жарып, сасык жыт чыгарган жаныбар өздөрүнүн энеси экенин адегенде эле билишкен жок. Терисиз калган энелеринин денеси балдары менен эзели иши болгон эместей… Макулук жаралган бул жаныбарлар өздөрүнүн өлүгүн эч убакта ачык калтырышкан эмес.

Дайыма өлгөндөрүн эски ийиндерге, же өзүнчө бир бөлөк ийиндерге сүйрөп кирип, чымын кире албагандай бекитип коюшчу. Өз өлүктөрүн кастарлоо, аны кор кылбай, ичеги-карындарын артып таштап денени бекем жашыруу – айбанаттардан артыкча буларга табият тартуулаган заңы эле. Бирок териси жок, кызыл эт жаткан эки суур алардын дене боюн дүркүрөттү. Суур баласы жаралгандан бери кырсыкка учурашып, мындай акыр-кыяматка кезигишкен эмес. Алардын душмандары анча-мынча жүнүн калтырса да, калган денесин жеп кетүүчү, же биротоло көтөрө кетчү. Суур болуп дүйнөгө жашап мындай шумдукту көрүшпөптүр. Ушундан көрө баягы аюуга окшоп тытып жеп кетсе кандай жеңил болмок?! Алар өздөрүнүн терилерин адамдар барктап, калтарлардын, суусарлардын терилери менен тең бир катарга коюп, баштарына кийип жүрүшөөрүн, ошол үчүн аларга ушундай кыянат иш түшүп жатканын кайдан билишсин. Алардың терилери ар кандай боёлуп, адамдардың арасында колдон-колго өтүп сатылаарын кайдан билишсин. Эчендеген оор замандарда: ичээрге аш, киерге кийим жок учурда да адамдар аларга тийбестен, эми калтардан тумак кийүү чыккан кезде, кимдир бирөө суурдун терисин өзүнө баш кийимдикке пайдаланып, анан ал бардык адамдарга тараган кезде алардын тукуму мындан ары боо түшүп кырылаарын кайдан билсин. Ошол күнү, суурлар баягы ачуу үндү эми унутуп-унутпай, кадимкидей өз турмуштарын кайрадан баштаган күнү, жанагы мээге сайылып, озондогон үн үч жолу удаа чыгып, топ суурлардан дагы үчөө терисиз калышты.

&&&&&

Канткен менен мезгил өз өмүрүн сүрүп, жаратылыш тонун өзгөртүп, табият улам кубула берди. Чептөр бышып жетилди. Гүлдөрдүн таажысы күбүлүп, ак соктулардын кылканы ката баштаган. Ийинде калган эки суур да кадимкидей чоңоюп, дөбөт суур болуп чыга келишти. Бири субагай келип, узун, жону энесиникиндей кызгылт-каралжын эле, ал эми беркиси бөйрөктүү, жоон жана атасыныкындай кызгылт-көгүш болуп, өзүнүн боордошторунан кескин айырмаланып тураар эле. Кырсык — өрт. Бир каптаса тыптыйпыл кылмайынча токтобойт эмеспи. Аларга да куду ушундай болду. Үйүрдүн куту учту. Күн сайын ар бир ийинден бирден суур жок болуп жатты. Ал эми кээ бир ийиндер үңүрөйүп бош калган. Канчалык сактанышса да жанагы үндүн кайдан келээрин билбей коюшту. Кароолчу суур да эбак териси сыйрылып, баш сөөгү талкаланып, тиштери ырсайган боюнча эски бир үңкүрдүн ичинде корумдалып жатат. Адаттагыдай кооптуу күндөрдүн биринде эки боордош ысык топурактын үстүндө көздөрүн жүлжүйтүп бет маңдайдагы боорду карап жатышкан. Калың өскөн ай чачы аларды көздөн далдоолоп турчу. Аңгыча өйүздөгү боордон булар эзели көрбөгөн эки жаныбарды көрүн калышты. Тигил экөө упузун болушуп, тигинен туруп жай жылып келатышат. Экөөнүн колунда күнгө чагылышкан узун таяктары өзгөчө сырдуу. Көк суур маңыроо карагыча. боордошу эки колун бооруна көтөрдү да, чок-чоё, тигилерге.таң калып карап калды. Дал ушул учурда бир жаркыра-ган таяк ездерүн көздөй сунулуп, «тарс» эткен үн чыгарды да, алеки заматта чокчоюп отурган түгөйүн тоголотуп салды. Көк жон жанын үреп ийинге чуркады, артынан эле анын боордошу да болгон күчү менен жашырынууга жөнөдү. Бирок өпкө-боорго аралаш тийген ок аны Көк жондой ыкчам жүгүрүүгө үлгүртпөй, ийиндин төрүнө чейин жеткен жок. Кара жон бар болгону бешалты кадам жасады да, онтогон үн чыгарып, дем алуусу бара-бара оорлой башгады.

Качан гана үңкүрдүн төрүнө жеткенде Көк жон өзүнүн боордошунун жок экенин көрүп, кайрылып сыртка жөрмөлөй баштады. Кара жонго жеткенде жер үстүнөн кирген шоолалар күңүрт жарык чачып турган. Көк жон тигини кулак түптөн тиштеп үңкүрдүн төрүн көздөй сүйрөдү. Канчалык сүйрогөну менен бөрки өз- алдынча баса алган жок. Аңгыча сырттан буруксуган түтүндүн жыты менен кошо айбанаттардын үнүнө окшобогон, жүрөк үшүткөн кобур-собурлар угула баштады. Көк жон саамга тиштерин коё берип, артка кетенчиктеди. Ошондо гаиа ал боордошун карай сойлоп келе жаткан жыландай болгон узун шыргыйды байкады. Жанагы узун шыргый, суурдун бөйрөгүнө келип былч этип сайылды да толгоно баштады. Кара жондун жаны али чыга элек экен. Шыргыйдын учу улам катуу оролгон сайын онтогон үн да кайрадан угула түштү. Бир окумда шыргый тигиңи жердин үстүнө көздөй сүйрөп жөнөдү да токтой калып дагы оролду. Анткени, аябай семирип, май ала баштаган суурдун денесине оролуу оной эмес болчу. Көк жон боордошуна жетип барды да, тигини ооздон тиштеп, болгон күчү менен үнкүрдун төрүнө тартты. Эми сыртта тургандар шашып калышты. Кандайдыр карылуу күч экөөнү тен жер үстүнө сүйрөп жөнөдү. Көк жон болгоң кучү менек үңкүрдүн төрүнө тартат, бирок күчтөр тең эмес болчу.

Ошондуктан тырышканына карабастан жер үстүнө карай жылып кете бердн. Негеднр Кара жон эч аракет кылбастан, уламдан-улам чоюлуп, жерге тийбей узара түштү. Көз ирмемге жетпетен убакыттын ичинде сыртка карай тартуу токтой калды эле, Көк жон шашкалактап түпкурду көздөй тарта баштады. Суурдун ичкери кирип барагканын байкаган беркилер тигини эми катуураак тарта башташты. Бат эле ийиндин оозу көрүнө түштү. Жанагы кобур-собурлар даана угулуп, эми Кара жонду көздөй арбайган кол сунулду. Ошондо тиги немелер Көк жонду да көрүп калышкан эле. Жанагы үңүрөйгөн узун таяк ийиндин ичине карай сунулду да, жер дүңгүрөткөн үн чыгарып, Көк жондун алдыңкы колу ысый түштү. Ал өзүнүн оозунан боордошун кантип бошотуп жибергенин да билген жок. Жараат анча орчундуу змес болчу. Бирок октун үнү жана мылтыктын түтүнү аны нес кылып койду! Ал кетенчиктеп отуруп үңкүрдүн төрүнө такала түштү. Кара жон да, жанагы баардыгынан коркунучтуу адамдар да сыртта калышкан эле… Ал эми анын көзүнөн кулаган тунук тамчылар болсо үңкүрдүн таманына төшөлгөн куу тулаңдарга житип кетип жатты. Кийинки күндөрдүн өтүшү суурлар үчүн каргашага айланды.

Аң-кыштаган бир үйүр суур кыргын тийгендей азая баштады. Эми мурункудай алардын териси сыйрылган денеси да калбай калчу болду. Чөп менен топуракта алакандай кандын тагы гана калып, өздөрү дайынсыз жок болушат. Кара жондон баштап калган суурлардын бүт тагдырлары ушундай каргашага айланган кез. Андан да шумдук: эми жанагы адам- дар суурларды сыртка чыгаруу үчүн үңкүрлөргө суу куюп, каяктагы бир жан чыдагыс сасык немелерди сээп, .түтүн каптатышат. Чөптөн башкага зыянсыз макулуктар канчалык момун болушса да, ошончолук өжөр жана чыдамкай болгондуктан кээ бирлери ийикден чыкпай жан беришти.

&&&&&

Айдыңдуу тескейге ай нуру төгүлүп, айлана сүттөй эле. Мындай учурларда сүтак менен булбулдан бөлөк жаныбар бул жерде үн чыгарбайт. Мына ушул аппак түндү жарып суурдун чогулгула дегендей созулуп чыккан үнү ийиндердин төмөн жагынан угулду. Көк жон эч коркунуч жок экенин, ошентсе да суурдук закон-заң боюнча сыртка чыгуу керек экендигин түшүндү. Булактын боюндагы ийиндин оозуна, карыган саргыч суурдун жанына үйүрдө калган бардык төрт суур чогулду. Салтты бузуп, ийинден түн ичинде чыгып чогулуу суурларда кылымда бир болоор эле. Суурлардыл көчү таңга чейин созулду. Мекенинен аргасыз кетип жаткан бечаралар кексе, ары картаң саргыч суурдун а;ртынан саргая баштаган жалбырактарды шырп алдырбай жүрүп олтурушту. Таңга маал гана шагылдуу бетти ашып өтүшүп, жыш өскөн табылгылардын арасында биртке оттошту да, ошол жердеш чоң ийинге баар алышты. Ийин кашкулактыкы болчу. Кексе саргыл бир топко шимшилеп текше- рип көргөндөн кийин ийинге сойлоп кирип кетти. Бирок көп өтпөй ийиндин ичиндеги ээси меймандостук кылбаганы беркилерге даана сезилди.

Өздөрүнөн бир топ албеттүү келген эки кашкулак оозу-мурду таланган, кулактары чайналган кексе сарыны бат эле сыртка сүйрөп чыгышты. Ошентип, андан ары сапар улоого картаң суурдун шайы калган жок. Күн өткөн сайын суурлардын саны дагы азая баштады. Ашуунун түбүндөгү бөлөк бир чакан суурдун тобуна жеткиче баягы көчтөн жалгыз Көк жон калган эле. Он чакты суур Көк жонду таңыркоо, коошпоо жана ошону менен бирге эле бейкапар түрдө тосуп алышты. А мезгил зыпылдап өтүп, Көк жон менен кошо тиги суурларга ныксыроо биргекелди. Чөптөр да мурунку мурун өрдөгөн жыпар жыттарын чачпастан ката баштады. Суурлардын ныксыроосу күндөн-күнгө оорлошо түштү. Айрымдары эки-үч кундө бир гана жердин үстүнө чыкчуу болду.

Көк жон да тигилердин жанындагы эски ийинди жаңылап, чөптөрдүн бүрлөрүн чогулта берди. Анткен менен жалгыз суур бир ийинде кыштабайт эмеспи. Көп өтпөй эле ага да шерик табылды. Ал эми уйку аларды улам барган сайын кучагына көбүрөөк тартчу болду. Бул кезектеги чээнге кирүүнүн башталышы эле. Кийинки жаз Көк жон үчүн күтүүсүз, мурункудан да каргашалуу окуя менен баштады. Адегенде эле чээнден бир топ суурлар тирүү чыкпай калышты. Жапырт тийген кесел алардын көбүн чалгы тийгендей боо түшүрүп, мойсоп кетти. Ал эми жазды сагынып чыгып, аңкыштаган төртөө-бешөө былтыркы үндүн айынан — мылтыктын огунан каза таап, тиштерин ырсайткан боюнча жыланач бойдон али кете элек кардын үстүндө жатышты. Бул жолу да Көк жон аман калды. Аны боордошто- рунун үнү көбүрөөк сагындырды, баарынан да мезгил өткөн сайын табийгый тукум таштоочулук, эңсөө көбүрөөк кыйнап, тынчын алчу болду. Ийиндерди бүт кыдырып чыгып, бир да тирүү суурга кезикпегенден кийин ал айдыңдуу тескейди көп самап, айбандык арзуусу күчөп кетти. Өз тукумдарын табуу сезими айгыр суурду узак жолго алып чыкты да, туулуп-өскөн Мекени — айдыңдуу тескейди көздөй бет урду.

&&&&&

…Ошентип, Көк жон өзүнүн айдыңдуу тескейин кыдырып жүрүп, мурдуна бир да тааныш жыт учурата алган жок. Жонун дугдуңдата улам бир ийинге чуркап, баарын кыдырып бүткөндө күүгүм кирип калган эле. Улам кеч кирген сайын суурдун айласы кете баштады. Кантип туулуп-өскөн аймагында бир да боордошу чыкпаганына түшүнбөгөн макулук амалсыз «чырк» этип алып, коктуну өрдөп, көчкүнүн үстү менен такыр бөлөк, башы ооган жакка, чалкыган өрөөндү көздөй жөнөдү. Ал дагы бир жолу, эң акыркы коштошуп жаткансыган «чырк» эткизе үн чыгарары менен наркы белестен иттердин ажылдаган үндөрү чыгып, улам жакындап келатты. Иттерди тукуруп, Көк жонго тааныш адамдын үнү да барган сайын даана угула түшүп келатты. Суурдун такыр айласы кетти, Эми ал болгон күчү менен чуркап, көчкүнүн үстүнөн капталды көздөй, калың шалбалуу токойдун арасында жүгүрүп баратты.

Аңкыган гүлдөр менен чөптөр суурдун кыска буттарына тушалып, алардын ыракаты бир тыйынга арзыбаган учур эле. Капысынан анын боюн баягы биринчи мылтык үнүн уккан учурдагыдай дирилдеген титирөө каптап, ого бетер заманасы тарып барат. Ушул убакта чоң акчечектин түбүндөгү үңкүрдү көрүп, жанын үрөп сойлоп кирди. Үңкүр түлкүнүкү же кашкулактыкы экени белгисиз жана анчалык терең эмес эле. Ошөнтсе да ар кандай коркунучтан сактоого ишенимдүүрөөк экен. Арсылдаган иттердин добушу менен адамдардын кыйкырыгы улам-улам жакындап келе жатты. Ичи ным жана өтө эле тар, төр жагына ар кандай курт-кумурскалар толуп алган ийинде эки колу менен башын кучактап, тырмагына чейин солкулдаган суур бүрүшүп жатты.

Булак: bizdin.kg


Кыргыз