Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ныязаалы жөргөлөк

Кыйгач» жайлоосу. Айтылуу Ныязаалы жандоочулары менен Мүсүралыныкына келип түшкөн. Күүгүм кирип, көз байланган маал. Желедеги кулундар агытылып, козуулактар көгөнгө байланган. Мүсүралынын үйү элге жык. Ал турсун үйдүн туурдугу түрүлүп, чийлери сыйрылып, кереге жылаңачталган.

Уй мүйүз тарта отурган калың элдин кылда ортосунда отурган Ныязаалы сол колунун жеңин шымалана түрүп, чыканактай болгон комузун толгоп, жабалактаган калың калкка бир сыйра көз чаптырды да:

— Туугандар, абалтан кыргыз күүлөрүнүн тегин айтып чертет эмеспи. Мен да күүлөрүмдүн тегин айта отуруп чертейин,— деди эле, ар тараптан: — Айтып чертиңиз — деген үндөр жаады.

— Чымчыктардын ичинен эң назик, мукам сайраган Сарыбарпыны ким билбейт. Мына ошонун балапанын жылда жылан жеп кетет. Ошондо курган Сарыбарпы көз жашын көл кыла төгүп, минтип муңкана тил каткан экен,— деп, Ныязаалы комузун жай, салмак менен черте баштады: — жылан уяны издеп баратканы деп, колун ойкуйкайкый чалып, бүткөн боюн жыйырды да; — жылан уяга жетерине аз калганда минтип ылдамдаптыр — деп, комузун Элкиндете, кылдарды дирилдете чертти да; талдын башындагы уяга оролуп чыгып баратканы —деп, күүнү илкийсалкый жай кайырып; — балапандарды көргөндө тилин соймоңдото кышылдаганы — деп, оң колунун бармагы менен сөөмөйүн койкоңдото комуздун башын көздөй жөрмөлөтөт да, жыландын кышылдаганын дал өзүндөй кайырып: — бейкалар уяда жаткан балапандар жыланды көргөндө минтип чыйпыйы чыккан экен — деп, балапандардын чырылдаганын таптак кайырганда отургандар, — капырай, укмушуң кургур Ныяз акем куду эле жыландын өзү. Анысынан да балапандардын жанталашып чырылдагандарын карачы. Алда, байкуштар ай, жан деген кандай таттуу — дешип, бир эсе балапандарга жандары ачышса, бир эсе комузчунун өнөрүнүн укмуштай улуктугуна таң калып жатышты. Ансайын Ныяз акең эргий; — Байкуш балапандардын убалсоопторунан коркпогон жылан бир баштан минтип митедей соро баштаган экен — деп, кылкылдата канын соруп жаткан жыландын кейпин күү кайрыктарында эң бир элестүү кайырганда угуп отургандардын көздөрүнөн мөлтүлдөп жаш акты.

— Ошентип, жылан балапандарды бир баштан кырып, кызыгына батып жатканда жем тиштеген Сарыбарпы келет. Ал балапандарын чилдей кырып жаткан жыланды көрүп, амансактап калыш үЧүн канаттарын эбелекте каккылап бирде бутакка коно чырылдаса, бирде асманга атып чыгып, кайра канаттарын куушура тик сайылып жыланды тебимиш этип мындайча алекчелекке түшкөн экен — деп, Сарыбарпынын чарк көпөлөк айланганын не бир укмуштай түркүн ыргакта, ар кыл ыкмада безилдете чалганда; — алда байкуш ай, макулук болсо да, бала үчүн жанынан аша кечип, кармашып жатканын карачы.

— Чиркин, бала ай. Бала үчүн курган эне эмнени гана көрбөйт» — деген элдин күбүршыбыры уккандын сай сөөгүн сыздатты. Комузчу күүнү жай салмакта тере черте,— балапандарды оозунан чыга тойгон жылан ага да ыраазы болбой Сарыбарпыга алкын агытат. Ал жан соогалап качат. Ага эрегишкен жылан анын артынан минтип сая түшө кубалаган экен — деп, Ныяз аке колун түркүн абалда түрлөнтө ойнотуп, кылдарды быжырата баса кайрыды да; — акыры Сарыбарпы жыландан аман кутулуп, мындайча муңкана сайраган экен:

«Айда туусам айда жок, Айда жылан жеп коёт, Күндө туусам күндө жок, Күндө жылан жеп коёт. Мен жыланга не жаздым, Чыры чыйт, чырры чыйт, Чүрү, чүррү чүт…» —

деп, күүнү не бир муңканта элеп алганда, анын демине муюган угуучулар: — алда бечера ай, — дешип, жандары ачыды. Аңгыча комузчу чертип жаткан күүсүн башка ыргакка кайырды да: — көрбөгөндү көрүп, тартпаган азапты тарткан Сарыбарпы каны катып, күйүткө батып, суу издеп баратса, жолунан турумтай жолугат. Керелден кечке жолу болбой чабытып келе аткан ач Турумтай Сарыбарпыны көргөндө «буюрса да, буюрбаса да эми ысык канга тумшугумду батырдым го» деп; ичинен кымылдап, аны кубалап жөнөйт. Запкыдан-запкыны тарткан Сарыбарпы жанталашып бетегеге кире качам дегенде жерге катуу тийип эси оойт. Турумтай аны көрбөй жаны ачып асманга атып чыгып, саларын улантат. Сарыбарпы болсо, тамагын бүлкүлдөтүп эстен минтип танган экен» деп, Ныяз аке Сарыбарпынын кантип суу издеп жөнөгөнүн, Турумтайга кандайча жолукканын, ага жем болорунда бетегеге кире качканын, жүрөгү оозуна кептелип, эстен танганын комузга төкпөй-чачпай не бир укмуштай кайрыктарда кайра колун ойноктотту да,— Сарыбарпы канчалык азап тартса да, аман-эсен минтип саларын уланткан экен —деп, Ныяз аке канаттарын эбелекте каккан Сарыбарпыны көз алдыга келтире черткенде угуучулардын жүздөрү жылмайып, залкар комузчунун талантынын молдугуна кол куушурат: «Өлбө, Ныяз аке. О, колуңдан» — деп алкышташты. Ал эми бул күүнү Ныязаалыдан мандай-тескей оту­руп өз кулагы менен уккан жана көргөн Эл акыны Темиркул Үмөталиев кийинчерээк:

«Күүгө салган, кайрыгынан ап күүнү,

Ач жыландын арбаганын, көргөмүн,

Жан талашкан чымчык шордуу чырылдайт,

Түк ойлобой «өлбөсөмдөн» бөлөгүн.

Күүгө салган араң канат какканын,

Көргөнсүймүн учуп бара жатканын…

Зарлайт айтып балапанын ачкасын,

Бирден сөөлжан тиштеп келип бакканын.

Уккансыймын ыйлап бара жатканын,

Таңшыйт комуз анын шору катканын.

Балапанын коргой албай жыландан,

Сөөгү сыздап кайгы жүгүн тартканын.

Көргөнсүймүн кылды бармак басканын…

Кыйноо, азап бардык чектен ашканын.

Сүйлөйт өксүп, айтат комуз: зулумдан,

Алсыз байкуш айласыздан качканын.

Боздогону мени кыйнап жаткандай,

Какшаганы кабыргага баткандай.

Калкак эмес, үч кылда эмес, комузчу

Жүлүнүмдү чымчып катуу тарткандай.

Ушул күүнү угуп жаным ачынды,

Мен онтодум: «мынча неге ашынды».

Каарым кайнап, зулум жылан башына,

Бомба түшүп жарылгандай чачылдым1. —

деп, ырга кошуп залкар күүнүн армандуу кайрыктары менен ой бөлүшүп, комузчунун аткаруучулук чеберчилигине суктанат.

Элдик шайырлар калкыбыздын көп жактуу, ар кандай турмуштарын баяндоо менен жаратылыштын, айбанаттардын, жорголордун, аргымактардын жүрүштөрүн, канаттуулардын образдарын да чыгармаларында кеңири чагылдырышкан. Алсак, бир гана «Сарыбарпы» аттуу чымчык жөнүндө Кара-Молдо, Токтогул, Ныязаалы, Эркесары ж. б. шайырлар терең мазмундуу күүлөрдү чыгарышкан. Булардын ичинен Ныязаалы «Сарыбарпынын» өзүнчө түрмөктөрүн чыгарып анын алты түрүн черткен. Алар «Чүйдүн Сарыбарпысы», «Ортотокойдун Сарыбарпысы», «Аксынын Сарыбарпысы» деген ж. б. аттарда. Булардын биринде Сарыбарпынын миң кубулта сайраганы, экинчисинде бышыкчылык издеп жерден-жерди которгондору, үчүнчүсүндө балапандарынан айрылып арманга батканы музыкалык тамсил түрүндө сыпатталат. Ушундай эле автордун «Сарыбарпы» аттуу күүлөрү да бири-биринен музыкалык ойлорунун терендиги, көркөм каражаттарынын ар түрдүүлүгү, ыкмаларды, штрихтерди алуу, стили ж. б. жактарынан да айырмаланат. Ал эми Ныязаалынын «Сарыбарпы» аттуу күүсү, жогоруда биз айткандай окуяны сүрөттөө жана музыкалык тамсилдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Ал күүсүндө автор өзү жашап, өзү эмгектенип жаткан доордогу карапайым калктын, (кедейкембагалдардын) тарткан азаптарын, көргөн кордуктарын тамсилдештирүү менен берүүгө аракеттенген. Маселен ал Сарыбарпыны — кедейдин, жылан менен турумтайды бай менен манаптын образдары катары алган. Автор алардын ар бирине өзүнчө музыкалык өң (түс), мүнөздөмөлөрдү таап, эки өкүлдүн, (эзилген жана эзүүчү) таптардын кейипкерлерин ачыкайрымдуу сүрөттөп берүүгө жетишкен. Күүнүн ар бир айрыкча акыркы кайрыктары кубаттуу ойнолот да, ар түрдүу темалар биринен сала бирине өтүп, курч басымдар жаңырат. Ал эми комуздун кылдары баштагысынандагы бийик чертилип, кармаштардын, кагылыштардын, күрөштөрдүн абалы күч алат. Эзилген кедейлер биримдиктүү кол курап, байманаптарга каршы аттангыла деген «шекилдүү кубаттуу чакырыктын шаңы угулат. Демек, автор бул күүсүндө чоң коомдук маани берип аткарган.

…Комуздун кулагыбошоп, «Гүлгаакыга» толгонду. Ныяз акең кадимки каадасындай элге жылмайды да, оң колунун билегин ондоно түрүп; — азыркы чертерим элдик эски күү «Гүлгаакы». Бирок, анын кайрууларына кайруу кошуп, көркөмдөп чертип жүрөм. Бул күүнүн да өзүнчө узун сабак сыры бар. Ал мындайча; Өткөн заманды Жунгарыяда Коңтаажы деген калмактын ханы болгон экен. Анын Гүлгаакы аттуу сулуу кызы болуптур. Ал күндөрдүн беринде кырк кыз менен шааншөкөт куруп сейилге чыгат. Ошол күнү эшегин тескери карап минген дубана Гүлгаакыны көрүп калат да, ага ашык болот. Ары жок дубананын жүрөгү от болуп жанып Гүлгаакыга:

Ак дидарың көңүлүң,

Барсаң деймин Гүлгаакым,

Жаным деймин Гүлкаакым,

Жаннаттагы Гүлкаакым,

Тал-тал кылып чачынды,

Өрөсүң деймин Гүлгаакым,

Тамашалуу жайынды,

Көрсөң деймин Гүлкаакым,

Берметтен кылып чачынды,

Өрсөм деймин Гүлкаакым»

— деп, узун сабак ыр ырдап, өпкө боорун чаап, убайым тартыптыр. Аны мен элден угуп, дубананын кебетекешпирин тамашага айландырып, элди күлдүрүш үчүн күүгө салып алган элем — деп «Гүлкаакыны» таңшытты. Залкар шайыр Гүлкаакынын сейилге кырк кыз менен шарактап чыкканын, табыйгаттын кооздугуна, күтүлбөгөн жерден эшегине тескери минген дубананын жаш кызды көрүп дап болгонун, анын ага жетемби — деп, зар какшап зикир чалганын кудум өзүндөй төп келиштире черткенде ыкшып күлбөгөн жан калбады. Айрыкча комузчу дубананын кейпине жараша колун түркүн штрихте, түрдүү ыкмада ойнотуп, тула боюн ага айкалыштырганда; «Капырай, Ныяз аке куду эле дубананын так өзү. Бекеринен Токтогулдун саяпкери болбоптур» деген күбүрлөр отургандардын арасында жаап кетти. Ансайын сүрөгө түшкөн күлүктөй Ныяз аке комузга жан, кылга тил кийре безилдетти. Бул күүнүн музыкалык өзөгүнө ырчылардын сабатмалуу (речитативдүү) обону алынган. Ап чыгарманын лейтемасы катарында кайталанып (вариацияланып) чертилет.

Мына, комуздун кулагы кайрадан бошоп «Кертолгоого» толгонду. Адаттагыдай эле Ныяз акең жагалдана: — Бул күүнү «Кертолгоо» дейт. Абалтан, кыргыз комузчуларында элдик «Ботой», «Камбаркан», «Кербез», «Шыңгырама» жана толгоо күүлөрүнүн негизинде салт күүлөрдү чыгаруу өнөкөткө айланган. Мен да байыркы комузчулардын салтын улап «Кертолгоо» деген өзүмдүн салт күүмдү чыгардым. Күүнүн кылдары кере толгонуп чертилгендиктен «Кертолгоо» деп койгомун. Эмесе, ошону чертип берейин — деп, комузун таңшыта чалды. Күүнүн ар бир кайрыгына, жүрүшүнө жараша Ныяз акенин өңү да, колдорунун ойноктошу да кубулуп комуз бир ийинден, экинчи ийинге көчтү. Көз ирмегиче аспабын буттарынын араларынан жөргөлөтөт да, анан көк желкесинде ойноктотту. Башындагы топусу да бирде чекесинде, бирде көк желкесинде жөрмөлөдү. Айрыкча ал кылды бирде астынан, бирде үстүнөн басып кайырганда Ныяз акенин талантына таң кала куштарланып отургандар; — О, капырай, укмушуң кургур десе», Ныяз акем алиги заматта көз боочу болуп кеттиби дейм. — О, колундан, өлбө Ныяз аке, бая айтыпуу Жеңижоктун;

«Ныязаалы жөргөлөк

Суудан аккан дөңгөлөк»,—

деп айтканы бекеринен эмес турбайбы» —деген сүрөөлөр ар кайдан жамырады. Ныяз акең ансайын эргиди.

Комуз кулагы кайрадан бошоп «Дүрданага» толгонду. Ныяз акең туурда отурган бүркүттөй комдоно обдулду да комузун кол ойното безилдете чалыпчалып келип, созолоңку мукам үн менен:

«Ой, Дүрдана, Дүрдана!

Ойлойт сени бир бала.

Жок чыгар сулуу сага тең,

Болбосо көкшө күн кана?

Ой Дүрдана, Дүрдана!

Карайсың мынча сурдана?

Көксөгөн жанды кубантып,

Күлүп койчу бир гана.

Сүйгөнүм сен, Дүрдана!

Сендей назик гүл гана?

Күн баш бакты үйүңө,

Көзүңдү ачып бир кара!

Кепинкыздар кыздар турушту,

Комуз үнүн угушту.

Ойгон, сулуу Дүрдана,

Күттүрбөйлү жумушту.

Сурма көзүм, тургунуң,

Самындап бетиң жуугучуң,

Кересинен Кембепдин

Кетиптир учуп сур кулун…» —

деп үнүн кере созгондо, угуучулардын көз алдына кымча бел, ак жуумап, нур жүздүү карагат көздүү, ширин сөздүү айлакер сулуунун келбетти тартылды. Айрыкча аларды обон күүнүн аспаптык башталмасындагы (киришмесиндеги обондуу) не бир мукамдыкта, лирикалуулукта, тереңдикте ойлуулукта коштоого алгандагы кооз ыкмаларды, татаал штрихтерди комузда кайыргандагы чеберчилиги наздантты. Мына ошол күнкү топко катышкан жана Ныязаалынын өнөрүн өз көзү менен көрүп таалим алган көрүнүктүү комузчу Эркесары: — «Мен Ныяз акем менен биринчи жолу жанагы «Кыйгач» жайлоосундагы чоң топтон жолугуштум. Кептин чынын айтсам, бала болуп башыма жүн чыкканы андай залкар шайырды көргөн эмесмин. Ырас, таластык Айдакенди (Айдараалы жөргөлөктү) көргөмүн. Бирок, Ныязаалынын бүгүнкүдөй пенде жок куудулдугун көрүп, күүлөрүнүн укмуштай татаалдыгын жана назиктигин уккандан кийин Айдараалы Ныяз акенин изин кече албастыгына көзүм жетти. Ал комузду колго алып баңыпдата толгогондо эле күлкүнүн дагы күүсү кошо жаңырчу. Ныязаалы ар бир күүнү черткенде ыгы менен шайырланта, колун таңданып эле карап тургандай кооздукта ойнотуп, дене-боюнда тең жарыштыра бийлетип, төбөсүндөгү топусун жөргөлөтүп, өң-түсүн да кубулта өзгөртүп, (угуучуларды) шак өзүнө тартып алган жылдыздуу шайыр экен. Ушундай улуу өнөрпоздон таалим алсам дегенде ак эткенден так эттим. Акыры Ныяз акем менен жакшылап, таанышып жан курбуларынан болдум. А киши менден бирдеме чыга турганын байкады көрүнөт, кийин мага чырга таштады. Аны ээрчип жүрүп, «Мырза кербезин», «Ботойун», «Карача торгой кайбылдасын», «Сарыбарпысын» үйрөндүм. Сөздүн ачыгы, аларды Ныяз акемдей чертүү кайда. Ошондой болсо да, «алыбек алына жараша» дегендей өзүмдүн алыма жараша чертип жүрөм».

Залкар күүлөрдү Муратаалы менен Кара-Молдодой эч ким кынабын таап черте албагандай эле, комузда колду шайырланта түрлөнтүп чертүү жагынан Ныязаалыдай улуу устат экинчи жаралбайт. Ырас, ар бир доордун өзүнүн укмуштуу өнөрпозу болот эмеспи. Бирок, ошондой болсо да Ныяз акемдей ар кыл шыкка бай, өз доорунун улуу уулу төрөлбөйт го деймин»’ —деп, толкундана эскерди (Б. Алагушов «Күү атасы», «Ала-Тоо» жур. № 4. 1969). Мындай, Ныязаалынын чыгармачылыгына, куудулдугуна, комузчулугуна, адамгерчилигине байланышкан баалар калк арасында аңыз, улама шекилдүү тараган. Алсак, Ныяз акенин жаланган бычак менен комуздун кылдарын кыркпай түркүн абалда түрлөнтүп черткен устаттыгы, ал турсун оң буту менен күү кайрыктарын таңшытканы жана башкалары жөнүндө. Ал эми Ныязаалынын комузчулардын бардыгынын колдорунан келе бербеген бычак менен күү черткенин өз көзү менен көрүп кызыгына баткан эл акыны Темиркул Үмөталиев поэзиянын тили менен:

Маңдайымда Ныязаалы — жөргөлөк!

Кайдан мында келе калды жөргөлөп

Кармап колго курчутулган бычагын,

Үч ичекти сүйлөтчүдөй өңдөнөт.

Тизесине жанып, жанып кайрадан,

Колу менен мизин сылап, ал анан:

Көргүнүң дейт мага сунуп кетигин,

Чарык көргөн кайрак ташка кайраган.

Кармап көрдүм устарадан кем эмес,

Эт туураган шамшар ага тең эмес.

Жанып койсом шылып түштү жиликти,

Жомоктогу ач албарстан бир элес.

Кайра сундум укмуш башка курчушу,

Угуп муну, күлүп койду комузчу,

Үч кыл, калкак үстүн сыйпап зыпылдап,

Кыргый болуп бычак жана кол учту.

Мына кызык: оң бутунун өтүгүн

Чечип салды. Мунуң эмне деги ким?

Кыстарды да манжасына кестигин,

Көргөзчүдөй бүт өнөрүн өзүнүн…

Буту менен комуз чертсе болобу,

Биздин үйдүн ал сыйкырчы коногу!

Бычак тийип, үч ичекти кеспестен,

Бүт айтылды өткөн күндүн жомогу1». —

деп баяндап «Жомоктогу ач албарстай» миздүү, устарадай курч» жанып койсо жиликти шылып түшкөн» бычак менен калкак үстүндө зыпылдата кыргый шекилдүү колун учура черткен укмуштуудай чеберчилигине куштарлана таңданган. Анысындагы оң бутунун манжасына кестигин кыстарып, кылдарды кеспей сыйкырчыдай күүлөрдү таңшытканы да акыңды айран-таң калтырган. Көрсө, Ныязаалынын жөргөлөк аталышынын да жөнү бар экен. Эл да — ал атты туура таап, туура коюптур. Ал ар бир күүсүн черткенде ар биринин маңызына жараша бири-бирине окшошпогон куудулдуктун кайталангыс сырларын төгүп, угуучуларды да күлкүгө карк кылуучу экен. Мына, ушундай түркүн талантка мол, калк комузчусу Борош уулу Ныязаалы 1856-жылы мурдагы Таш-Көмүр районундагы «Кичи АкЖол» айылдык советине караштуу «Коминтерн» (азыркы Аксы районундагы «Кичи АкЖол» айылдык советиндеги «Коммунизм» колхозунда жакыр үй-бүлөдө туулат. Атасынын колунда адалдуудан түгү жок болсо да, ак эмгеги менен жан баккан адам болгон. Бирок да ал канчалык жокчулуктун оор туткунуна түшсө да, кабагымкашым дебейт. Анын чөккөн көңүлүн көкөлөтө көтөрөрү, ачкан курсагын тойгузаары, эриксе эзилише эрмектешери, акылына акыл кошор айлакер досу колундагы — комузу менен оозундагы ыры болгон. Анын күүгө кумарлануусу жана сүйүүсү жарык дүйнөгө көз жаргандан башталат. Ал он бешон алтыларга келгенде айыл арасына элдик ырлардын күүлөрдүн аткаруучусу катары белгилүү болот. Анын өздүк репертуарында кылымдан-кылымды аттап, комузчудан-комузчуга чертилип келген элдик «Кет Бука», «Ай күмүштүн такыл эт», «Тайчиден-тайчи» деген классикалык күүлөр болгон. Анын мындай ата мурастарды аткарышы биринчиден комузга болгон сүйүүсүн арттырса, экинчиден аткаруучулук чеберчилигин төшөлткөн. Өзгөчө, Ныязаалынын атактуу ырчылар Эсенаман, Нурмолдо, Сары ырчы, Жеңижок, Бекназар, Кара Жолдош, Кер Жолдош, Сыдык, Эшмамбет, Курман, Жаңыбай, Жолой, Токтогул ж. б. менен таанышы, алар менен бирге аралашы, анын шыгынашык кошот. Ныязаалынын андай чоң шайырлардын тобуна кошулушу ондогон күүлөрдү чыгарышына жол ачат. Ал алгачкы чыгармачылыгын кыргыздын бардык комузчуларындай эле элдик «Ботой», «Шыңгырама», «Камбаркан», «Кербез», «Кара өзгөй» өңдүү салт күүлөрдүн угунда өзүнүн Ныязаалынын «Мырза кербези», «Ныязаалынын «Камбарканы», Ныязаалынын «Ботою» Ныязаалынын «Кара өзгөйү» деген күүлөрүн чыгарат. Комузчунун бул туңгуч төл чыгармалары музыкалык ойлорунун тереңдиги, назиктиги көркөм каражаттарынын молдугу, түркүн ыкмаларда, штрихтерде түрлөнтө салабаттуу аткарылышы менен калың угуучулардын урматтоолоруна алынат. Алардын өзөгүнө салт күүлөрдүн обондору, ойноо ыкмалары, жүрүштөрү алынган.

Автордун салт күүлөрүнүнү ичинен «Кара өзгөйү» программалуулугу музыкалык оюнун ачыктыгы менен айырмаланат. Ал күүсүн чертердин алдында: Кара өзгөйдү билип черт, баш бармакты басып черт, барган сайын ашып черт, сөөмөйүңдү сүйүп черт, ортонуңду оё черт, чыпалакты ийип черт» — деп айтып келип, «Кара өзгөйдү» жүзүндө өңү, оозунда кеби бар, колунан көөрү төгүлгөн ишкер, саанды катыра сааган Батмакан деген келинге арнагамын. «Күндөрдүн биринде таң азандан туруп, эшикке чыксам Батмакан тебенек кара уйду саап жатыптыр. Тукумуң курган кара уй тынч саадырбай эки бутту ондуйсолдуй серпип, чаканы тэЭл тыбырчылап атат. Батмакан болсо, эмчектен колун коё бербей «апей, өш дейм» деп, бирде мурдунан аккан суусун жеңинин учу менен сүртүп, саанын улантууда, уй Батмаканды чакамакасы менен шарак эттире тэЭл басып кетти. Чакадагы сүт жайнады. Кара башыңа көрүнсүн кара уй — деп, Батмакан каргап калды. Ошол көрүнүштү тамаша катарында күүгө салып алгамын». Автор бул күүсүн черткенде элди күлдүрүш үчүн Батмакандын, кара уйду кантип сааганын туурап, бирде Элкиндете, бирде шартылдата, бирде шаңданта, бирде жайланта серпип чертчү экен. Күүнүн негизги өзөгүндө шайырлык менен жандуулук басымдуулук кылат.

Ныязаалы колуна комуз кармагандан баштап, элдик жана өзүнүн күүлөрүн куудулданып чертип, жөргөлөк атанат. Ал эми ашынган куудул комузчулугу, нака жөргөлөктүүлүгү — жергиликтүү байманаптардын, болуштардын кедейлерди эзгендерин, баштарын малайлыктан чыгарбай зар какшатып жаткандарын чыгармалары аркылуу чымчыганда да көрүнгөн. Өзгөчө анын куудулдугу төбөлдөрдүн кебетекешпирлерин, кылыкжоруктарын күү кайрыктарында тула бою менен туурап, көпчүлүктүн алдында айыптарын ачып, абийирлерин айрандай төккөндө ачык байкалган. Ал эми эл бийлегендер болсо Ныязаалыны адам, комузчу катары баалашпай, тендерине алышпай, өнөрүнө текеберчилик жазашып, басынтышкан. Ал турсун айрым байманаптар «комузчуларды каңкылдаган ит» деп, киши катарына көрүшчү эмес. Ныязаалы Мырзабек деген манаптын алдына бир жолу барып кол бергенде чыпалагын экинчи жолу чакчасын карматып, үчүнчү жолу колуңу жууп кел ит — деп, сөккөн экен. Анысы аз келгенсип таң аткыча комуз черттирип «Сарыбарпыны» чертсе «Булбулду» черт деп, «Булбулду» чертсе, «Торгойго» өт деп, аны чертсе «Чакчыгайды» черт деп кыйнап, эртеси эчтеке бербей кууп, жиберген экен» («Кызыл Кыргызстан» газетасы, 1936-жыл, 3ноябрь).

Залкар комузчу мына ушундай кемсинтүүлөрдү канча жолу башынан өткөрсө да, колунан комузун түшүрбөй кайрадан кайраттанып, күүлөрү менен ак сөөктөрдүн айыптарын ачып, ого бетер мыскылдоого алат. Ал эми айтылуу ырчы Жеңижок бир эсе Ныязаалынын өнөрүнүн молдугуна суктана, бир эсе анын дайыма болуштардын жалаасына калып жүргөнүн:

Суудан аккан дөңгөлөк, Ныязаалы жөргөлөк, Калган ырларды термелеп, «Чоң Ормонду» чоң чертип,

«Сарыбарпы» күү чертип, Керөзөндү» келтирип, Борош чалдын баласы, Болуштан кетпейт жалаасы».

(«Эл ырчылары», «Кыргызстан >, 1981, 62-бет) —деп, ырга кошкон. Ак тандай акындын Ныязаалыны «Суудан аккан дөңгөлөккө» салыштырып ырдашы — анын ашкан куудулкомузчу экенин айткан. Ошону менен бирге «Чоң Ормон», «Сарыбарпы», «Керөзөн» шекилдүү күүлөрдүн да кыябын таба келтире черткен устаттыгын белгилеп, болуштардан канчалык запкы тартса да, эркинин күчтүүлүгүнө таң калган.

Жергиликтүү эл бийлегендер Ныязаалыга тынчтык беришпеди. Айрымдары эшик комузчу кылып алууга аракеттеништи. Бирок, Эркинбек, Ныязаалы «мен элдин шайырымын» деп, аларга жалданма комузчу болуудан баш тартат. «Эрегишүүдөн эр өлөт» дегендей болуштар менен Ныязаалынын ортолорунда каршылашкан кармашуулар, эрегишүүлөр күч алат. Бирок, Ныязаалы ага да моюн сунбайт. Анын эрдиги комузунда, күүлөрүндө көрүнөт. Атагы түштүктүн түпкүрүндөгү айылдарга, бер жагы Талас аймагына чейин угулат. Токтогул баш болгон Айдараалы, Абдракман, Эркесары, Коргоол, Шеркул, Серек ж. б. шайырлар Ныязаалынын атакдаңкына ашык болушул, өзүн көрүп, өнөрүн үйрөнсөк дешип көксөшөт. Алардын ичинен алгачкылардан Токтогул Ныязаалыны атайы издеп барып жолугат.

«Ныязаалы дегенди издеп чыктым. Мындай жумуштарды кышында бүтүрбөсө, жазында, күзүндө жармач адамдын колу тийбейт.

— Ныязаалыны,— кайсы Ныязаалыны? — комузчу болуп жүрбөсүн.

— Нак ошол комузчу Ныязаалыны издеп чыктым, башка Ныязаалыда аласам бар дейсиңби.

— Ныязаалыны мынча эмне даректеп калдың?

— Керектүү киши.

— Кереги эмнеде?

— Комузду жакшы чертет, он-он беш күүсү бар дейт, ошол күүлөрүн үйрөнүп келейин деп келдим.

— Өзүңдүн күүң деле жетишет эле го.

— «Артык дөөлөт баш жарабайт» дейсиңби досум, өнөр менен окуу үйрөнүү, ийне менен кудук казганга барабар. Өзүмдүкү өзүмдө, башканыкын үйрөнүп алсам, андан жакшы.

…Таң ата Токтогул Ныязаалынын айлына келет. Келсе, Ныязаалы жөнөгөнү жаткан экен. Токтогул жөнүн айтканда: — угуп жүргөм, угуп жүргөм — деп, Ныязаалы күлүмсүрөйт. Мына ушул күндөн тартып Токтогул менен Ныязаалынын достугу башталат. Токтогул Наманганга Ныязаалы менен бирге барат. Экөө бири-бирине күүлөрүн үйрөтүшөт. Эл чогулган жерде күү чертишет, Токоң абалкы шайыр­лардын салтын улап Ныязаалыга барып күүлөрүн үйрөнүү үчүн таанышат. Алагчкы жолугушууда эле Токтогул Ныязаалынын адамгерчилигине, алп шыгына, жөргөлөк атандырган куудул-комузчулугуна, күүлөрдү көп биле турганына, өнөрүнүн улуктугуна таазим кылат. Ныязаалы да Токондун нөшөрлөтө төккөн төкмөчүлүгүн, чукугандай сөз тапкан чечендигине, кандан, бектен кайра качпаган эр жүрөктүүлүгүнө, пендеде жок адамгерчилигине, жагымдуу обондуу ырларына, жаркын кайрыктардагы айтым күүлөрүнө баш урат. Ошентип, Токтогул, Ныязаалыны, Ныязаалы Токтогулду жактырат. Эки шайыр эл көңүлүн ээрчише жүрүшүп ачышат. Кыйла жыл ал экөө бири-бирин ата баладай сыйлашып, бирине экинчиси насаат айтып, чоң топтордо да өнөрлөрүн бирге сынашат. Ныязаалы жолу улук болсо да, Токоңо жол берип, зоболосун көтөрүп, күүлөрүн кулагына куюп, көңүлүн жазып, бүт билгенин Токтогулга калтырууга аракеттенет. Ал эми Токонда Ныяз акени кадырлоо, барктоо менен анын чыгармачылыгындагы не бир кереметтердин бардыгын чыпчыргасын калтырбай алып калууга ашыгат. Токтогул Ныязаалыдан комузчулуктун көптөгөн көмүскөдөгү сырларынан сабак алат. Анын аткаруусундагы ар кандай мазмундагы, түркүн жүрүштөгү, ар кыл мүнөздөгү, ар кандай музыкалык обондуулуктагы (турпаттагы) күүлөрдү үйрөнөт. Өзгөчө, Токоң Ныязаалыдан комузда колду түрлөнтө көркөм кооздоп ойноп чертүүнүн татаал ыкмалары менен штрихтерин («илип» терип», «калтылдатып», «жанып», «шарт», «чымчылап» ж. б. чертмелерди) өтө чеберчиликте терең берилгендик менен өздөштүрөт. Токтогулдун Ныязаалыдан таалим алышы анын комуз музыкасындагы тушоосун кайрадан кести. Токондун байыркы аспапка, күүлөргө болгон жан дүйнөсүн баштагыдан дагы жандандырып, өнөрүнүн көкөлөй өркүндөшүнө жол ачты. Ошентип «күү атасы» аталган Ныязаалы Токтогулга комуз тилин күү дилдерин дагы терендетип, дагы кенендетип билүүгө таптаган саяпкери болду.

Ныязаалы да башка шайырлардай өнөр жарыштарына түшүп, өнөктөрүн жеңип, өзгөчө баага да, баркка да ээ болот. «Мен — деп айткан бул салтардын автору менен болгон маектешүүсүндө Коргоол — Ныязаалы менен ыр, күү, дегенде жантыгыман жата калып угуп, жанымды жай алдыра албай тынчым кетип жүргөн боз улан кезимде жолугуштум. Мына ошондон Ныяз акемдин көзү өткөнгө чейин колумду үзбөдүм. Кайсы жыл экени эсимде жок. Сыягы жай айынын толуп турган убагы болсо керек эле Ныяз акемдикине барып калдым. Маркум мени каадасындай:

— Кел, Коргоолум, аман-эсен жүрөсүңбү? Комуз менен ырдын түбүнө жетчүдөйсүңбү? — деп, кучак жая тосуп алды. Ал күнү таң аткыча күү чертишип, кумардан кандык. Ныяз акем мени ырдатып көрдү да:

— Эми, жети түлөгүң түшүп, жетилип калыпсың. Ак таңдай, жез жаак ырчылар менен ат салыша берсең болот,— деди. Мен аны угуп жетине албай кубанып калдым. Эртең мененки чай алдыга келди.

Бир убакта Ныяз акем ичип жаткан чынысын жерге коюп,— сенин келгениң ырас болбодубу? Бүрсүгүнү Таласка жол жүрөйүн деп, өнөк таппай жаттым эле. Кеңколдо чоң той болот экен. Таластыктар атайын чабаганчы жиберишиптир. Укканыма караганда ага кыргыздагы мен комузчу, мен ырчы дегендин баары чогулат окшойт. Колуң бош болсо мени менен барып келгиниң. Көзүң ачылып, шыгың такшалат,— деп калды. Мен макул болдум. Ныяз акемдикине бир өргүп, эртеси таң ата, Таласка жол тарттык. Жолду ката Ныяз аке бирде күү чертип, бирде ырдап, бирде өткөндөн айта отуруп, өргүй конуп, баягы Ныяз акемди чакырган чоң тойго да келдик. Эл деген кымкуут. Ныяз акем айткандай эле кыргыз элине атагы тараган ырчы, комузчу, манасчы, куудул аттуунун баары чогулуптур. Током да ошо жерде экен. Той да башталды. Ырчыданырчы, комузчудан комузчу чыгып, жаактарын жана ырдашып, күүлөрүн таңшыта чертип жатышты.

Кезек Ныяз акем менен айтылуу Майлыбай деген комузчуга келди. Экөө күү чертишмек болду. Биринчи болуп кезекти Майлыбай алды. Ал зикир чалган дубанадай бүткөн боюн шалкылдата: — «Майлыбайдын «Шалкы күү, мааниси жок таркы күү» — деп, ондуйсолдуй чалып, чаңызгыта кайрып, бирде тура калып, бирде отурган малдашын жазбай тегеренип, көзү, башын акшындатып, ичин кагып, чарк көпөлөк айланып жатты. Майлыбай анткен сайын эл түп көтөрүлө кыраанкаткыга батып, айлананы шаттыкка бөлөйт. Элдин андай дуусун угуп, Майлыбайдын укмуштай куудулдугун көрүп: — Кудай шерменде кылып, Ныяз акем жеңилип, мыш болбогой элек — деп, ичимден күйпөлөктөй баштадым. Майлыбай да күүсүн бүттү. Бирок, ал бүтсө да элдин күүлдөгөн дуусу басылбады. Ансайын Ныяз акем жеңилип, абийирибиз күлдөй төгүлбөгөй эле деп, алекчалекке түштүм.

Мына, кезек Ныяз акеме да келди. Ал чыканактай болгон өрүк комузун баңылдата толгоду да, «Санат күүсүн» безилдете сабап кирди. Ныяз акем ар бир күүсүнүн кайрыгы менен колун кайкыта чертип, бирде комузунун кылын астынан, бирде үстүнөн баса кайрып, түпкүчтөй ийилип, жөргөлөп чертти эле, эл ичи үч көтөрүлө түштү. Ар тараптан: «Өлбө, Ныяз аке. Дагы кайра түш жеңиш сеники» деген сүрөөлөр да жаап кетти. Ансайын ал Элкиндете эргий чалып, элдин боорун эзе берди. Ныяз акем өнөрүн төгө баштаган сайын мен да эми, жеңиш Ныяз акемдики го — деп, кубанам. Анын комузу бирде чекесине, бирде көк желкесине, бирде оң, сол ийиндерине коно калып жатты. Бир убакта Ныяз акемдин оң бутунан маасысы шалак этип кетти. Анан ал бутунун манжалары менен шартылдата чалыпчалып алды эле, эл ичи үйөр жүргөндөй көчүп кетти. Аңгыча топтун ортосунда отурган Током: — ой, Ныязаалы сенде дабаа жок экен. Жеңиш сеники, токтот эми дейт да, комузун толгоп, коңур үн менен:

Сары алтын Аксы жерденсиң, Сан урук саруу элденсиң. Саргалдак Майлыбайды Таласта,

«Санат күү» менен жеңгенсиң.

Болгон тоо, бозбу арасы,

Борош чалдын баласы1 —деп, ырдаганда:

Током туура айтат, жеңиш Мыязаалыныкы» деген элдин үндөрү жер жаңыртты. Ошентип, Ныяз акем бу жолу Майлыбайды мыш кылды. Деги мен билгенден, мен уккандан Ныязаалы «баланча комузчудан жеңилиптир» деген сөздү укканда, көргөн да жокмун».

Коргоолдун мына ушундай Ныязаалынын, чертишүүлөргө түшкөнүн, алдына шайыр чыгарбай, жеңиш бербегенин көрүп айыл аралап аш, тойлордо болушу, бирге жүрүшү ондогон күүлөрүн, баалуу сөздөрүн алып калууга жол ачкан. Айрыкча, ал устатынын аткарууга оор, музыкалык темаларды өнүктүрүү, өрчүтүү жагынан татаал кайрыктардагы «Насыйкат», «Кер толгоо», «Келиндердин кере күү», «Камбаркан», «Караөзгөй», «Кара Тураптын сурнай күүсү» деген күүлөрүн мыктылап үйрөнөт. Буларды ал автордун түп нускасындай ички жана сырткы маңыздарын ачып, көркөм каражаттарын, көөлбүгөн кайрыктарга байыта черткен. Өзгөчө, Коргоол улуу комузчунун залкар күүлөрүндөгү татаал кайрыктарынын нугун, стилин өчүрбөй, ыкмалар менен штрихтерин көмүскөдө калтырбай кадимки автордук деңгээлде аткара жана жеткире берүүгө жетишкен.

Кыйла кылымдар бою караңгылык менен кайгынын кара туманында капталып жаткан Ала-Тоо жергесинде Улуу Октябрдын таң атты. Кайгыкапа, караңгылык да өзүнөнөзү сүрдүктү. Эл, жер жаңырып, эркиндик, теңдик, бактаалай калк башына орноду. Залкар шайырлардын добушу, күүлөрү, ырлары шандуу да, мукамдуу да таңшыды. Ныязаалы да көптөн бери көксөгөн заманына жетти. Ал бүткүл чыгармачылык күчкубатын жаңы турмуштун жарчысы болууга арнады, жаңы доордун шарапатына шаттана, «Мен өмүр бою көксөп жана тилеп келген заманга жеткениме дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын деп эсептеймин. Азыр мен колхоздо жашайм. Анда менин балдарым неберелерим иштейт. Колхоз болсо карган кезимде, калган өмүрүмдү көңүлдүү бейпилчиликте өткөрүш үчүн жакшынакай шарт түзүп берди. Канчалык карысам да алдан күчтөн тая элекмин. Өзүмдүн комузум, ырым менен колхозчулардын шаттуу, бактылуу гүлдөгөн турмушту курууларына жардам этип, деминедем кошуп жатам» («Советская Киргизия» газетасы, 1936-жыл, 26октябрь) — деп, өмүр бою самаган дооруна жеткенине кубанып, Элкиндүү эмгек балбандарынын эрмеги болуп жатканына сыймыктанат. «Картайтпайт менин заманам» — деп карыя комузчу Кеңеш өкмөтүнүн адилеттүү акыйкатчылдыгын жаңы кайрыктардагы канаттуу күүлөрүндө даңктайт.

1936-жыл. Октябрь айы. Борбор шаарыбыз Фрунзеде Бүткүл кыргыз эл шайырларынын туңгуч олимпиадасы ачылат. Ага Кыргызстандын атактуу өнөрпоздорунун бардыгы чакыртылат. Мындай чоң ат салышкан салтанатка карыя комузчу Ныязаалы да катышат. Ал олимпиада жөнүндө толкундана, «Мен олимпиадага музыкант жана төкмө ырчы катары катышам. Мен бул жерден (олимпиадан Б. А.) өзүмдүн эски досторумду жана ондогон шакирттеримди, музыканттарды, ырчыларды көрдүм». (Советская Киргизия» газетасы, 1936-ж.). Айтканындай эле карыя комузчу олимпиадан өзүнүн окуучулары Эркесары, Серек, Атай ж.б. менен жолугушат. Элибизге даңкы таш жарган атактуу музыканттар, ырчылар Муратаалы, Кара-Молдо, Осмонкул, Калык, Адамкалый, Ыбырай, Чалагыз, эл куудулдары Куйручук, Шаршендер менен да таанышат. Кээ бириси менен күү чертишип, өнөрүн сынайт. Биринчи олимпиаданын калыстар тобунун мүчөсү, көрүнүктүү советтик этнографмузыковед А. В. Затаевич да Ныязаалынын күүлөрүн угуп, куштарлана алакан чабат. Карыя комузчунун таланты калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан жогору бааланып ага биринчи сыйлык ыйгарылат. Бул болсо Ныязаалынын чыгармачылыгына берилген эңжогорку баа катары кабыл алынып, анын дагы демилгелүүлүктө иштешине дем берет. Кароого катышкан ал кездеги жаш жигит, кийин Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамды алган кароого Шекербек Шеркулов да, катышып, Ныязаалы менен таанышат.

— «Мен айылда жүргөндө эле — деп, эскерген Шекербек — таластыктардын ар кимисинен «Аксы» деген жерде тоо булбулу Токтогулдун устаты Ныязаалы деген эң чоң комузчу бар — дейт» — деп көп угуучумун. Аны уккан сайын: — «Атаганат, ошого жолугар күн болор бекен деп, дегдеп бир көрүүгө куштарлануучумун. «Насипти кайдан» дегендей мына эми насип айтып, туз буйруп аны менен биринчи олимпиадада алгачкы жолу жолугушул отурам. Баарынан да Ныязаалы акем баш болгон ырчылар Калмурат, Барпы, Токтобек, сурнайчы Өскөнбай, манасчы Молдобасан менен он чакты күнү бир бөлөмдө бирге турдук. Ошол убакта кайран киши сексенде экен. Ныяз акем ошончолук жашка чыкса да, сынынан кетпептир. Комузду кадимки калыбында не бир тир укмуштай түрлөнтө ойнотот экен. Аны көргөндө арманда, көрбөгөн да арманда. Ал эки сөзүнүн бир сөзүн:

Уста менен дос болсоң, өнөр кесерсиң,

Ууру менен дос болсоң, бир балээге каларсың,

Ырчы менен жүрсөң ырын аларсың,

Күүнүн жайын көкүрөгү бар адам түшүнөт —

деп, макалдаштырып, сүйлөйт экен. Аны угуп Ныяз акем төрөлгөндө, макал-лакап менен оозанганбы дейсиң. Жарыктык киши мага ушунчалык бешенеси жарык, сүйкүмдүү көрүндү. Баарынан да мага анын пейилинин кеңдиги, билген өнөрүн бүт элге чачып берүүдөн аянбаган марттыгы абдан жакты. Ал комузга Элтүү, ырга шыктууларга «үйрөнгүн, үйрөнгүн, балам» — көзүмдүн тирүүсүндө алып калгын — деп, билегин шымалана түрүп: — Өлмөк бар, тирилмек жок, тирүүчүлүктө күү угууга не жетсин. Мына бул күүнү «Короо күзөтүү» дейт. Мунун мындайча сыры бар. «Илгери Толгонай деген темир комузчу кыз-келиндер менен короо кайтарып отуруп; — сен казанды алып чык, сен май алып кел, сен төш алып чык, сен каламаны калын жаап, жупканы жука жай, каттаманы калың сал деп, баштаңуучу экен. Ал эми Толгонай короо четинде отуруп алып, ооз комузунун күүсү менен айсыз караңгы түндү, айыл ичин таттуу уйкуга көшүлтө ойноп келип ортосунда:

Айдак ээй, айдак эй,

Биздин короо жайдак эй,

Биздин короо жайдак ээй,

Карышкыр койго тийбесин,

Семизин кокус илбесин,

Ач, көркоо карышкыр.

Майлуу жерге кирбесин,

Бекболай бекбол ай,

Салыйма, Калыма ай,

Сак бол ай сак бол ай,—

деген ыр салтарын кошо созолонтчу экен. Өзгөчө, күүнүн этегин майда кайрыктар менен сыбызгыдай кайырганда теребел кулак түрө мемиреп, бүткүл дүнүйө угуп жаткандай ырахатка батуучудешет. Азыр ошол күүнү чертип берейин» —деди да Шекербек жай салмак күүнү черте баштады. Анын колу комуз кылдарына жабыша калып сандаган сансыз кайрыктарды көңүлүнөн төгө берди. Күүнүн түпкү өзөгүнө элдик «Бекбекей» менен «Селкинчектин» обондору алыныптыр. Алар биринин оюн экинчиси толуктап, көркөмдөп, уккулуктуулугун арттырып ажарынаажар кошуп, кайрыктары жан дүйнөндү асылданткан бийиктикке көтөрүлүптүр.

Тула боюнду балкытып жүрөгүңдү эриткен күү да бүттү. Шекең да сөзүн кайрадан улады; — Мына, Ныяз акенден алып калган белегимдин бири ушул. Ныяз акем кайсы бир күнү «Арсар» күүсүн чертээрдин алдында: — ээ балам, комуз черткенде колуң дуулдап турат экен. Муну үйрөнүп алгын» — деп, оң билегин чыканагына чейин түрүп коюп:

Аксылыктын арсар күү, Атын таап черткенге, Абдан жакшы арзан күү, Черте албаган адамга, Эң бир зарсаң күү —

деп, безилдете чалып, алдыда минтип, малак берип черткиле — деди. Анда мен — э, Ныяз аке «малак» дегениңиз не десем,— ордо атканда малак бергин деп айтат эмеспи деп, оң колун ийнине чейин көтөрүп шалактата черткенде элдин «комузда колунду ойнотуп чертсең, Ныязаалыдай черт» деп айтышканы бекеринен эмес экен деп, таң кал­дым. Азыр ошол «Арсар күүнү» чертип берейин — деп комузунун кулагын жаңыртып толгоп, жагалданган жагалмай кейиптенип Шекең Арсар күүнү» шартылдата чалып кирди. Комуздун көөдөнүндө Шекеңдин колу ылачын канат каккандай ойноктоп, күү берметтерин кубулжута төгө берди. «Арсар күүнүн» ортоңку татаал кайрыктарына келгенде Шекең— Ныяз акең күү черткенде ирээти менен бир эле кайрып чертпестен,— «комузчу үйрөнө албай калат» деп, минтип майдалап чертүүчү эле — деп, кылдарды быжырата басып, оң колун ойнотпостон салмактуу таштап, назданта чертип жатты. Көпчүлүктүн көңүл кушуна айланган «Арсаркүү» да аткарылып бүттү. Шекербектин аткаруусундагы Ныязаалынын күүлөрү Кыргыз радиосунун алтын казнасына жазылып алынды. Комузчулардын күүлөрү профессионалдык музыкабыздын төрөлүшүнө өзөк болгондой эле Ныязаалынын чыгармалары да бүгүнкү музыкабыздын өсүшүнө өз үлүшүн кошту. Анын айрым классикалык күүлөрүн композиторлорубуз опералык, симфониялык чыгармаларына пайдаланышты. Кээ бирлерин эл аспаптарынан түзүлгөн оркестр үчүн да иштеп чыгышты. Ал эми улуу комузчунун калк жүрөгүнөн түнөк тапкан «Арсар күүсүнүн» негизинде кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу Кара-Молдо Орозов атындагы эл аспаптары оркестр үчүн «Концертина» жазылды. Ал өзүнчө бир жаңы табылга болду. Аны Р. Миронович менен Б. Кулболдиев оркестрге салышты. Эки музыкант Ныязаалынын классикалык күүсүнүн маңызына, жүрүшүнө, турпатына айкалыштыра түркүн музыкалык көркөм боёкторду табышкан. «Концертинанын» киришмеси комуздун жеке ойноосу менен башталат да, андан ары негизги теманы оркестрдин аспаптык топтору сүрөөгө алып чыгарманы чыңалган драматизмдүүлүккө жеткирет. Күүнүн башкы темасы бирде комузда жекече чертилип, бирде оркестрде таңшып, алымсабакташа кайымдашып, биринин оюн экинчиси толуктайт жана өнүктүрөт. Күүнүн жалпы маңызы өзгөрүп, музыкалык темасы кайрадан кыл аркан шекилдүү чыйралып, жаңы жүрүштөн улам жаңысына көчүп, өөрчүп, өнүгө берет да, чыгарманын ажарын ачкан угумдуулугун арттырат. Автор «Арсар күүнүн» түпкү музыкалык өзөгүн сактай жана кармай отурушул эл кенчине айланган мыкты чыгарманы жаратышкан. Алар ошону менен бирге элдик музыкабыздын тарыхында эзели болбогон жаңы түрдү киргизишти. Бул болсо эл аспаптар оркестринде «Арсар күүдөй» концертинолордун жазылышына, бирден-бир жол ачты. Улуу комузчунун ондогон күүлөрү окуучулары жана замандаштары Коргоол, Шекербек, Барпы, Эркесары, Асылбек, Токтосун, Алтымыш ж. б. тарабынан кыргыз радиосунун алтын казнасына жазылып алынды. Алар эфир аркылуу жүздөгөн угуучуларга тартууланып жан дүйнөлөрүн жашартып, эстетикалык жактан тарбиялоодо зор салымдарын кошууда. Бирок да ушул убакка чейин залкар музыканттын өмүр жолун, чыгармачылыгын изилдөө, эл арасынан күүлөрүн жыйнап, аларды тактоо иши колго алына элек. Ал эми тарых барактарын барактап, өткөнгө көз чаптырсак Ныязаалынын 1936-жылкы эл чыгармачылыгынын бирин­чи олимпиадасында «Советская Киргизия» газетасына берген маеги менен сүрөтүн көрөбүз. Мындан башка Ныязаалы жөнүндөгү бирин-экин маалыматты акын Жоомарттын «Комуз күүсү» аттуу макаласын, жазуучу Т. Касымбековдун «Алымкан» аттуу тарыхый драмасынан («Ала-Тоо» журналы № 3, 1963-ж.) Т. Үмөталиевдин «Комузчу жөнүндө баян» аттуу көлөмдүү ырын бул салтардын авторунун «Күү Атасы» деген макаласын («Ала-Тоо», 1969, № 4) жана музыковед В. Виноградовдун кай бир эмгектеринин жалпы тизмеде (сакталганын) аталган ысымын окуйбуз.

Ныязаалынын «Чоң Ормондун көкөйкести», «Мырза», «Армандуу чымчык», «Караөзгөй», «Сарыбарпы», «Насыйкат», «Кертолгоо» деген күүлөрү бүгүнкү концерттик программалар да, айрым илимий эмгектерде жазылып калган. Алсак, белгилүү советтик музыковед В. Виноградовдун монументалдуу Москвадан 1961-жылы чыккан «Токтогулдун музыкалык мурасы» аттуу эмгегинде жогоруда биз атаган күүлөрдүн баарын (китептин 42, 50, 183—189, 190—191, 192— 194, 243-беттерин караңыздар) Токтогулдун чыгармасы катары карайт. Бул таптакыр туура эмес. 1942-жылы Кичи-акжол айылында улуу комузчу дүйнөдөн кайтат.

…Убакыт учкан куштай канат кагып өтө берсе да, Ныязаалыдай айтылуу шайырлардын залкар күүлөрү картайбастан жашарып, жаңы угуучуларыбыздын жарптарын жазып, жан шериктерине айланмакчы.


Кыргыз