Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз тили. Кыргыз тили жөнүндө жалпы маалымат

Кыргыз тили — кыргыз элинин улутгук тили, улугтук маданиятынын формасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили. Ал чыгыш теги боюнча түрк тилдеринин системасына кирет да, алтай тили менен бирге чыгыш хун бутагынын кыргызкыпчак тобун түзөт.
Кыргыз элинин көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында жашайт. Мындан тышкары Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын, Ооганстандын, Пакистандын, Түркиянын кээ бир райондорунда, КЭРдин СиньцзянУйгур автономия районунда да кыргыздардын жа
шай тургандыгы белгилүү.
Тарыхта кыргыздар женүндөгү алгачкы кабар мындан эки минден ашуун жыл мурда эле белгилүү болгон. Буга Караганда кыргыз эли бир топ байыркы злдерден болуп саналат. Ал эми кыргыз тили кыргыз элинин байланышкатнаш куралы болуп, ошол байыркы мезгилден бери жашап келе жаткандыгында эч шек жок. Кыргыз коомунун өсүпөнүгүгяү менен бирге өзүнүн бүткүл жашоо доорунда кыргыз тили тынымсыз өнүгүп, анын грамматикалык түзүлүшү, тыбыштык системасы жана лексикалык каражатгары еркүндөп, байып отурду. Кыргыз тили Октябрь революциясына чейин негизинен эки гана функция аткарып келген. Атал айтканда, кыргыздардын күнүмдүк турмуш тиричилигинде пикир алышуунун каражаты катары кызмат аткарган, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыктын тали болгон.  Кыргыз талинде «Манас» баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын бай үлгүлөрү жаралган. Бирок, оозеки түрдо дүйнөлүк поэзиянын океаны «Манасты» жараткан «жазуусуз» кыргыз элй мурда өзүнүн улутгук жазма адабий тилине ээ боло алган эмес.
Адабий тилдин биринчи жана негизги шарты катары анын жазуу жүзүнде берилишин эсептөө керек. Адабий тил  баарыдан мурда, тагил же бул графикалык системанын жардамы менен жазылган жазма тил, Өзүнүн жазуу системасы бар элдерде гана жазма адабий тал өнүтүшү мүмкүн. Кыргыз эли өзүнүн кыйла кылымдык өнүгүү тарыхында ар кайсы жазуу систсмаларынан анчамынча пайдаланып келгендигине карабастан, улупук жазмасына Октябрь революциясынан кийин гана жетиигги. Демек, кыргыз жазма адабий тали советтик түзүлүштүн жемиши болуп эсептелет.

Бирок, жазуунун болушу адабий тил үчүн негизги щарт болгон ме¬нен, анын бирденбир жеке белгиси да эмес. Кагаз бетине түпгүрүлгөн өткөндүн эстеликтеринин же азыр деле «сабатсыз жазылган» жазмалардын бардыгын эле адабий тилдин үлгүсү катары кароого болбойт. Тактап айтканда, революцияга чейинки мезгилдерде эле кыргыз талинде, негизинен, кол жазма түрүндө калк арасына таралган көбүнчө ыр түрүндөгү чыгармалар (мисалы, Молдо Кылычтын, Тоголок Молдонун, Молдо Нияз ырчынын, Ысак Шайбеков жана башкалардын ырлары, санатгары, казалдары) жаралган. Лексикалык, фонетакалык жана грамматикалык белгилери жактан алар ар башка диалект, говорлорго тиешелүү болгон. Мындан тышкары, чагатайлашкан кыргыз талинде биринэки китеп да басылып чыккан жана жекечеофициалдуу катгар жазылган. Бирок, кыргыз талинин жазмасы революцияга чейин түйүлдүк абалында гана болуп, жазма адабий тал деңгээлине өсүп жете алган эмес. Анткени, адамдардын ортосундагы тилдик байланыштын адабий эмес формаларынан адабий талди айырмалай турган дагы башка бир канча маанилүү сапатгардын болушу керек: лексикалык, фонетакалык жана грамматикалык жактан белгилүү бир нормага салынгандыгы; бир талдик жамаатгын бардык мүчөлөрүн бирдей тейлөөгө жөндөмдүүлүгү; талдик катаашуунун бардык чөйрөлөрүндө колдонулуу мүмкүнчүлүгү; анын ар кандай функциялык стилдерге бөлүнүшү жана соз чеберлери тарабынан узак убакытгар бою иштеталүү процессинде калыптанышы.
Туруктуу нормага салынган адабий тил ушул тил аркылуу бириккен адамдар жамаатынын бардык мүчөлөрүнүн ортосунда кептик (речтак) катаашуунун жогорку, эң өркүндөтүлгөн формасы катары жашайт. Белгилүү тилдин бардык көрүнүштөрүн өзүне баш ийдирген атайын эрежелерди бекем сактоо адабий тилдин жалпы улутгук масштабда катнашуунун маанилүү каражаты катары кызмат аткарышы үчүн өтө зарыл. Демек, жалпыга милдетгүү эрежелерге, биринчи кезекте, орфографиянын жана пунктуациянын закондору менен жөнгө салынып турган адабий тилдин жазма формасы башиет. Ошондой эле маданияттуу кишилердин оозеки кеби да жалпыга милдетгүү нормалардан четге турбайт. Ал да айтуунун жана сөздөрдү колдонуунун иштелип чыккан эрежелерине туура келет.
Адабий тилден айырмаланып, күнүмдүк таричиликтеги ээнэркин сүйлөшүүдө колдонулган «карапайым тал» (просторечие) жана жергиликтүү говорлор, аймактык диалектилер сыяктуу кептик катаашуунун «төмөнкү» формалары нормага салынбай, стихиялуу түрдө өнүгөт. Аталган «төмөнкү» формалар окумуштуулар иштеп чыккан жака алар тарабынан көзөмөлдонүп туруучу нормага багынбайт.


Кыргыз