Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Коргоол

1961-жыл. Сентябрь айынын аяк чени. Кыргыз радиосунун музыкаларды берүүлөр редакциясы. Анда редактор болуп иштеп жүргөн кезим. Бир күнү эртең мененки ишке эртерээк келип, кезектеги эфирден кетүүчү концерттин программасын түзүп отурсам телефон шыңгырап калды. Трубканы, көтөрсөм — Мен Алтымышмын,— Баке, аманэсен турасыңбы? Ишиң жакшыбы? Кечээ кечинде айылдан келдим. Азыр Алыкемдикинен (Алымкулдукунан) телефон чалып жатам. Көптөн бери айтып жүргөн убадамды аткарыш үчүн Кокем (Коргоолду) да кошо ала келдим. Алуучу аласаң, жазуучу жазмаң болсо, бүт баарын калтырбай алып кал. Баке, өзүңө бир эскерте турган кебим, Кокемин чырт этме кыялы бар. Анысы кармаса алты күн көз ачырбай нөшөрлөтө төккөн жаанга окшоп кетет. Мына ушул жагын да абайла. Калганын мага кой. Азыр Кокем менен Алыкем оокаттанып жатышат. Алар бүтөөрү менен өзүңө барабыз. Калган кепкелечти анан сүйлөшөбүз — деп эле Алтымыш мени ооз ачырбастан, тамаша аралаштыра сүйлөп, трубканы таштап койду. Мени, токтогулдук ырчы, комузчу Алтымыштын «конок айтып келбейт» дегендей эч кимге эскертпей алыскы Токтогулдан айтылуу Коргоолду өз демилгеси менен күтүлбөгөн жерден шаарыбызга алып келген азаматчылыгы кубандырды. Буюрса эми чын эле Токтогул менен Ныязаалынын шакирти, төкмө ырчы, комузчу, куудул, айтуучу, аткаруучу, обончу Коргоолдун өңүн көрүп, өнөрү менен таанышып, баардашат экемин деген ой тула боюмду бийлеп алды. Чыдамсыздык менен күтүүнүн мүнөттөрү да башталды. Арадан бир саатча убакыт өтүпөтпөй мен отурган бөпмөгө Алтымыш орто бойпуу, кара чалан кийген, чап жагыраак келген, бир көзүндө билинер-билинбес ак чепи бар, чокчо сакапчан карыяны ээрчитип кирди. Аларды көрөр замат шак ордумдан ыргып туруп, сапамдашып жанымдагы отургучтарга отурууга өтүндүм. Экөө тең көчүк басышты. Апжайды сурашып, аманэсенчипикти билиштик.

— Мына, Баке — деди Алтымыш — көптөн бери бир көрсөм деп, дегдеп да, көксөп да жүргөн Кокеми кашыңа алып келдим, «Кааласаң койсоң, өзүң бил» дегендей эми Кокеми эмне кылсаң да эрк өзүңкү. «Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар» дегендей Кокемде эч бир жерде жазылбаган, айтылбаган ырлар, күүлөр өтө көп. Мындан кийин Кокем борборго экинчи кайра айланып келеби же жокбу, аны бир кудай өзү бипет. Ошондуктан, Кокемин ырларын, күүлөрүн, сөздөрүн жакшылап угупкөрүп, жаккандарын радионун алтын фондусуна жаздырып кал. Кокем карыса да, арыса да алтымыш асыйында чабылган Тай торудай болуп, табында. Аңгыча Кокем: — Таппасаң сыйпалап кал. Өнөрү бар адам өлөр өлгөнчө карыбайт. Кашабаң айткандай «карысам да бир койлук алым бар» — деп, Алтымышты, кеби менен качырып сала берди эле:

— Койдум Коке, кечирип коюңуз. Ак чөп башта. Айтканымды кайра өзүмө алдым — деп, ал отурган ордунан ыргып туруп, эки колун бооруна ала Кокеме таазим этти. Ошондо Коргоол карыя:

— Бая эле мени жөөлөбөй ошентпейсиңби? Экөөбүз көнүп калган адатыбызды карматып кайымдашсак, танды аппак атырабыз. «Анымунуңу кой, ак эчкини сой» дегендей аркыберкини айтышпай ишке киришели. Алтымыш экөөбүздүн сөзүбүздүн алабуласы, чаласы, чекилиги болсо кечирип кой балам —деп, мага жылмая карады.

— Эми, Коке айып этпесеңиз атайы келгенден кийин билген өнөрүңүздү тартынбай төгө отурсаңыз. Эгерде, сиз Эл көрсөңүз таржымалыңызды айта, күүлөрүңүздөн черте, ырларыңыздан ырдай отурсаңыз жакшы болор эле — дедим: — Кантип эле калкымдан, силерден билгенимди аяйын. Ишиңе тоскоол болбосом, өмүрүмдөн, өнөрүмдөн баяндап берейин — деп, Кокем алгач чаланын чечти, андан соң белиндеги куруна байланган чыканактай өрүк комузун колуна алды да, аспабынын тепкесин оңдоп, кулагын баңылдата толгоп келип, эмнегедир тык токтотту да, биз отурган бөлмөнүн ичин кыдырата карап, бир паска тунжурай түшүп, оор улутунуп алды да кайрадан комузунун буроосун бошотуп, башка толгоого күүлөдү да акырын жай гана салмак менен илките кыңгырата отуруп: — «Баштайын сөздүн башынан» дегендей эмесе, өзүмдүн таржымалыман баштайын. Мен эскиче Чычкан, жаңыча 1882-жылы Токтогул районунун Токтобексай деген айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулупмун. Атам кедейчиликтин кесепетинен он бир жыл Назар дегенге жапчы жүрүп, жанын багыптыр. Качан жыйырма бир жашка чыкканда эгиздин түгөйү — Ипелге үйлөнүптүр. Атам өтө зор дыйкан экен. Көбүнчө буудай, жүгөрү, коон, дарбыз айдай турган. Замандаштары­нын айткандарына караганда атам көзгө атар мергенчи да бопгоң экен. Жалаң гана жолборстон жетини атыптыр. Кереге, уук, түндүк жасаган устачылыгы да бар эле. Комузду да өзү чаап алып чоң күүлөрдү чертүүчү. Ошентип, атам «Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деп, бардык өнөрдү бипүүгө, алып капууга умтупган адам эле. Апам Илеп Кабактын Тос деген жеринде жашаган Баптабайдын кызы экен. Энемден бешалты жашымда ажырадым. Айыпдагылардын айтымында апам жаактууга жай бербеген чоң кошокчу экен. Энеден эрте айрылып, Элтеп жан багып жүргөнүмдө, тогузга толуптолбогон курагымда атам өлүп, томолой жетим калдым. Ата-энемдин ордуна караан тутуп карманганым Сыранбай деген бир тууган агам болду. Анын колунда 15—16-жашка чейин жүрдүм. Бактысыз болуп байланып, байлардын колуна түштүм. Көбүнчө «Беш кемпир уулу» деген айылдын байы Байзак дегендикинде малайда жүрдүм. Кайтарганым кой, алганым отун, жакканым от болду. Мына ошондо тарткан азапты, көргөн кордукту кийин, «Өз өмүрүм» деген ырымда баяндадым эле. Ошондон обон созуп ырдап берейин» —деп, Кокем комузун күүлөп, көзүн чылк жуумп алып, муңданган үн менен:

Бир жашымда билбепмин, Эки жашка келгенде, Энекелеп сүйлөпмүн, Эч нерсе жок оюмда, Эркелик менен гүлдөпмүн,—

деп сабалата төгүп, ата-энесинин колунда ойногонун андан соң ата-энесинен айрылганда жетимдиктин шоруна батканын, бай баласынан тепки жегенин «Өлгөндөн калган туяк» деп бешенеден сылар кишинин жоктугун, жетиге келгенде жетилгенин, сегизге чыкканда серүүн желдей желпингенин атадан калган комузду, эчки айдаса да чертип, армандуу добушту салганын аянычтуу обондо ырдап зээниңди кейитип жатты. Муунжүүнүңдү бошоткон ырлар биринен сала бири төгүлө берди… Көрсө, Кокем тогузга чыкканда эле токтолуп, обон күүлөрдү үйрөнүп, айылдагы жоробозо ичкендердин, шерине жешкендердин арасында боздой ырдап, алардын көңүлдөрүн ачат. Айрыкча, ал Токтогулдун эки ата өткөн тууганы Кулуке Саларовдон үйрөнгөн «Кара теке талтаң» деген тамашалуу күүнү бүтүндөй жан дүйнөсү менен берилип куудулданып аткарат. Кийин атасынын «Керөзөнү» баштаган күүлөрүн чертип шыгын жетилте берет. Комузга колу жатыгып, аткаруучулук чеберчилиги төшөлөт. Анын абалкы аспапка болгон сүйүүсү да күн өткөн сайын дүркүрөп күйгөн от шекилдүү күч апат. Мына, ушундай кумарлануусу ашыпташып турган кезинде Коргоол айтылуу комузчу Ныязаалыга жолугат. Ал жаш жигиттин шыктуулугун баамдап, баралына жеткенде залкар шайырлардан болоорун сезет да: «Коргоол балам мени менен жүргүн, өнөрүмдү алып, күүлөрүмдү билгин» —деп, үндөккө алат. Коргоол атасындай болгон адамдын кебин эки дебей ээрчип, өнөрүн өлтүрбөй алып капууга ум­тулат. Ал кезди жана атактуу Ныязаалынын чертмекти чертүүдөгү устаттыгынын укмуштуулугуна таңданат. Коргоолдун Ныязаалыга кошулгандан жетимдик даты күбүлүп, күн өткөн сайын күүлөнүп, өнөрү өөрчүп, айыл арасына ысымы тарап, «жакшы» деген атка конуп, адам катарына кошула баштайт. Баягыда байдын балдарынан тепки жеп, көрбөгөндү көрсө эми аларды шылдындап, башайыдай түрдөнөт. Ал он алтыга чыкканда, кадимки жигит өндөнүп, калк көзүнө көрүнөт. Элдик ырларды ырдап, эл черткен күүлөрдү чертет. Айрыкча, ал өзүнүн устаты Ныязаалынын күүлөрүн өткөрө суктануу, өзгөчө берилүү менен аткарат. Маселен Коргоол Ныязаалынын «Кертолгоо» аттуу салт күүсүн «керип бир, терип бир, мына, минтип бир, тигинтип бир» черткен «Кертолгоо» деп колун ар кандай абалда кубулта ойнотуп, тула боюн сүлкүлдөтө бийлетип, көздөрүн акшындатып, бирде күүнү терип, бирде аралаштырма чертмеге салып аткарат. Ал залкар комузчунун «Кертолгоосун» башкалардан бөтөнчө жүрүштөгү, мүнөздөгү, ыкмалар менен черткен. Ныязаалынын аткарууга оор, татаал кайрыктардагы салт күүсү «Караөзгөйдү» да Коргоол терең берилүү, чыгармачылык эргүү менен ойногон. Күүнүн бүтүндөй турпатын байытып, көркөмдүүлүгүн көтөрүп, көрүүчүлөрдү асылдантып аткарган. Өзгөчө ал күүдөгү угуучуларды өзүнө таң калтыра тарткан ыкмаларды, так да, таза да, устаттыкта чертип, урматка бөлөнгөн.

Ныязаалы Коргоолду өз баласындай көрүп, акылнасааттарын айтып: «абалтан калган бул өнөрдү алып калгын» — деп бүтүндөй билгендерин, бардык күүлөрүн ага үйрөтүүдөн аянбайт. Аны ар дайым ээрчитип, айыл апаны аралатып, бетин ачып, «атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны» дегендей тааныбагандар менен тааныштырып, көрбөгөндөр менен көрүштүрөт. Ныязаалы Коргоолду ар тараптан колдоого алат. Улуу комузчу ага атайын «ат кылып минип, калк кыдырып жүргүн, таалайыңды элден тап» деп тай энчилеп берет. Ныяз акенин айткандарын Коргоол да эки дебей терең мазмундуу, калк жүрөгүнөн түнөк тапкан күүлөрүн чыпчыргасын калтырбай алып калууга аракеттенет.

Табийгый музыкалык сезимге бай Коргоол такай эмгектенүүнүн аркасында окутуучусунун «Сарыбарпы», «Кызыл чымчык», «Керөзөн» деген ж. б. күүлөрүн үйрөнөт. Жаш комузчунун аткаруучулук чеберчилиги да, шыгынын жетилгени да аталган чыгармаларды аткарууда көрүнөт. Аларды ал көңүлүнө түйүп, көкүрөгүнө жаттап алуу менен ар дайым„ ар качан калк арасында сыймыктануу менен аткарат. Ошону менен бирге өзүнүн устатынын ар бир чыгармасын аткарардын алдында: «Ныяз акемдин ырлары аз, үйрөнгөн ырлары бар, комуз чертүү жагынан күчтүү киши эле. Комузга келгенде ага кыргыздан эч ким жетпес деп ойлойм. Токтогул да Ныязаалыга шакирт кирген болучу1» — деп, чыгармачылыгына терең баа берип, ар убакта таазим эткен. Коргоолдун бармактайынан залкар шайырдан таалимтарбия алышы, күүлөрүн үйрөнүшү анын бүгүнкүдөй айтылуу комузчудан болушуна жол ачкан. Ныязаалы Коргоолдун комузчулугун өркүндөтүү менен бирге ырчылык шыгын да тутандырган. Бирок, акындыкты Коргоол Токтогулга жолуккандан баштап, кеңири өөрчүтөт. Оболу, ал Токоңдун ар кандай мазмундагы ырларын, кийинчерээк күүлөрүн үйрөнөт. Өзгөчө Коргоол Токтогулдун ак жерден Сибирге айдалганда тартпаган азаптарды, көрбөгөн кордуктарды көрүп, көр оозуна көгөөндөлгөндөгү муңун баяндаган «Арман кербезин», жалгыз баласынан айрылып, кайгыга батканын камтыган «Балам жогун», терең философиялык ойлорго жык толгон «Дүнүйөсүн», адамдарга акылнасаат айтуу менен кайрылган «Санат обонун» күлгүн өмүрдүн барында гүлдөтүп доорон сүрүүгө (кыздарды) чакырган «Гүлдөп алын», жаштыктын жалбырттаган тунук махабатын сыпаттаган «Алымканын» өткөрө кумарлануу, ак дилден берилүү менен аткарат. Булар тек гана Коргоолдун аткаруусунда калың калкка тарап, музыкалык маданиятыбыздын алтын казнасына кошулду. Аталган чыгармалардын ичинен айрыкча Коргоол Токоңдун айтылуу «Алымканын» бөтөнчө көркөмдүктө, өзгөчө жагымдуулукта, жаркындуулукта аткарган. Коргоолдун ырчылык да, аткаруучулук да шыгы «Алымканда» көрүнгөн. Ал нукура лирикалык обондун ширөөсүнөн бүткөн «Алымканды» кайталангыс мукамдыкта, угумдуулукта жүрөк отун жандырып ырдаган. Ырдын (сөзүнөн) ар бир сабынын арасына элдик ыр чыгармачылыгында өтө сейрек кезигүүчү ички сезимден кайнап чыккан созууларды (созмолорду) кошуп, кооздоп, өзгөчө оригиналдуулукта аткарган. «Алымкандын» калкка тартууланышы, жаралышы «Ой булбул», «Күйдүм чок», «Ак бакай» шекилдүү ж.б. классикалык ырлардын төрөлүшүнө, үлгүсүндө өнүгүшүнө бирден-бир себеп болот. Ал эми «Алымкандын» алгачкы варианты азыркы ыр маданиятыбыздын башаттарына айланышына, өлбөс өмүргө ээ болушуна, канат жаратышына Коргоол бирденбир зор салымын кошту. Ал Токондон ырчылыктын жол-жобосун үйрөнүү менен бирге комузчулугун да, куудулдугун да, адамгерчиликтүү асыл сапаттарын да бир сөз менен айтканда Токтогулда болгондон баардыгын алып калууга аракеттенет.

… Коргоол менен кайрадан жолугушуу. Кайрадан маектешүү башталды. Бул жолку баардашуу анын Токтогул менен алгачкы жолу кандайча жолугушканы жана күүлөрү жөнүндө болду. «Мен —деди Коргоол — Током менен айдоодон келгенден кийин тааныштым. Ырас, ага чейин атын угуп, жүзүн бир көрсөм, үлгүеүн алсам деп, дегдеп жүргөмүн.

Күндөрдүн биринде айыл арасында «Токтогул Сибирден качып Таласка келиптир» деген имиш сөз тарап калды. Кай бирөөлөр «Ой, жердин түбүнөн Токтогул кантип эле качып келсин, калп го» дешип ишенишпей да жүрүштү. Көрсө, Токомун келгенине эки жыл чамасындай болуптур. Ал кезде мен өзүмдүн теңтуштарымдын арасында азаздан төкмөлөп ырдап калган чагым. Кайсы күн, кайсы ай экени эсимде жок. Бир күнү кеч курун үйдө отурсам: «Баягы угулган имиш чын экен, Токтогул үйүнө келиптир. Баласынын өлгөнүн угузуп койгун» —дешип, бир топ айыл аксакалдары келип калышты. Алардын сөзүн кыйбай Токомдун үйүн көздөй жөнөдүк. Жакындай бергенде жанымдагылар: «Тигине Токтогул… Энесинин жанында кабагы салыңкы болуп отурат. Жүрөгү сезип турса керек. Бол эми, Коргоол, тез эле ырдап жибер! » —дешип, мени шаштыра башташты. Чоңакындын жанында биринчи жолу ооз ачып ырдоо мен үчүн кыйын болду. Кокус бир сөзүмдү жаза айтып койсом эмне болот? Эми кантип ырдайм… деп, сүрүнөнбү же өзүмдүн жаштыгымданбы, калтаарыгансып тердеп да кеттим. Абалкы салт боюнча ырымды учурашуудан (амандашуудан) баштадым. Токомун — айдоодон эл, жерине аман-эсен келгенин айтып келип, көзгө басар, көкүрөк күчүгү жалгыз Топчубайдын капилеттен дүйнөдөн кайтканын угуздум. Анан Токомо:

Калың элин дегдеткен Кайгырба, калың эл турса, Канатың жалгыз Топчубай, Караңгы салар жол кеткен…

деген кайрат айткан маңыздагы ырларымды ырдадым — деп, Коргоол комузунун коштоосунда карыса да калыбынан өзгөрүлбөгөн үнү менен кайгылуу обонду созду да: — муунжүүнү бошоп, заманасы куурулуп, кайгыга батып, кабыргасы кайышып турса да, Током маган жооп кайтарып, уулун жоктоп ырдады. Токоңдун ырынын муңдуулугунан ыйлабаган жан калбады. Акылдуу кишиге айла жок эмеспи. Током айылдаштарынын айтышкан кайратына бел байлап, аларды медер тутуп ыйын да, ырын да токтотту. Ошондо Током мага карап: «Өлөр, Топчубайым өлүптүр, элим болсо ак кепиндеп көөмптүр. Сен деле менин баламсың, эми, дайыма мени менен бирге жүрүп үлгүмдү алгын. Ырчы деген адамдын жоргосу болот» —деп, эки жакка чыкканда такай ээрчитип алчу болду. Токомдун башка шайырлардан бөтөнчө бир аттын кашкасындай айырмаланган өзгөчөлүгү бар эле. Алар кайсылар дегенде Током кандай гана элдин ырын же күүсүн шак угары менен эле так өзүндөй үйрөнүп алуучу илме (куйма) кулактуулугу, сезимдүүлүгү менен зээндүүлүгү күчтүү болучу. Айрыкча өзбек элинин ашуласын айтканда Молла Тойчунун өзүнөн да өткөрүп жиберүүчү. Баса, Током менен Молла Тойчунун алым сабакташа чертишкенин Алымкул бир башка, мен бир башка айтамын. Бул жагын да эске ала жүргүлө. Ал эми Токомдун комузчулугу акындыгынан ашпаса, кем эмес эле. Ал ар бир күүсүнүн араларына ыр аралаштырып ырдап чертүүчү. Азыр ойлосом ал атабабабыздан бери келе жатыптыр. Айрыкча күүлөрдүн баштарына, ортолоруна, аяктарына ырларды аралаштырып үн кошуп чертүү Кетментөбө, Аксы, Талас жана жалпы эле түштүк багытындагы комузчуларда кеңири өнүккөн. Күүлөрүңүздүн араларына ыр аралаштырбай таза, караандай черт­пейсизби десем?— Ээ, балам, үн кошулуп, тупа боюң бийпетилип чертипген күүлөр Элге тез жетип, эч кимди зериктирбейт. Ошондой эле угуучулар да бөтөнчө кызыгуу менен кабып апат — деп, Током өзүнүн, Элдик күүлөрдүн тарыхтарын айта отуруп үйрөтөр эле. Эмесе, Токомдун азыркы угуучуларыбызга анча белгипүү болбогон бир күүсүн аткарып берейин — деп, Кокем комузун күүпөп — жарыктык Током айтар эле бул күүмдү ак жерден кармалып азап чегип, айдакталып баратканда чыгаргам. Аты «Солдат күү» деп, залкар шайырдын «Кербездерине» тутумдашкан армандуу обондогу күүнүн киришмесин салмактуу чертип келип, Коңур үнү менен:

Эч бир кандай күнөөм жок, Тирүүлөй мени кыйнады, Тил билбес солдат ыйлады. Комузду жасап ал — деди. Сүйүнүп жүрөк туйлады. Арсаны жазып атыман. Александр сыйлады. Айдап барган солдаты, Күүмдү угуп ыйлады —

деп, ырдап күүнүн башкы темасын бир нече жолу өзгөртүп кайталады. Кокемин аткаруусундагы Токтогулдун күүсүнөн орус обондорун ойго салган жаңы кайрыктарды, ыкмаларды уктук. Айрыкча өмүрүндө комуз күүсүн укпаган солдаттын Токомун күүсүнүн муңдуулугуна чыдай албай боору ачып ыйлашы, «комузду жасап ал» деши, Александрдай адамгерчиликтүү адамды сыйлашып, дилдеш, тилектеш болушу эки элдин достугунун ширелишине, данакерленишине да жол ачкан.

Коргоол карыянын комузунун кулагы бошоп кайрадан жаңы күүгө толгонду.

— Элибизден —деди Кокем — чыккан жана жашап өткөн комузчулардын дээрлиги «Сарыбарпы» деген күүлөрдү чертишкен. Алардын аты бир болгону менен ар башка мааниде баяндалып аткарылган. Алсак Ныязаалынын, Токтогулдун, Кара-Молдонун, Эркесарынын жана элдик «Сарыбарпынын > ар бири, ар түрдүү мазмунда. Маселен Токомун «Сарыбарпы» деген күүнү чыгарышына төмөнкүдөй окуя себепкер болуптур. — Элден айланса болот — деп, Током айтаар эле — мен Сибирден келгенде жанапдары калышпай, кучак жайып тосуп алышты. Агатуугандарым ачкан курсагымды тойгузушул, киерге кийимдерин, минерге аттарын беришип, алдантып, күчтөнтүштү. Алар — тозоктун торунан аманэсен өскөн жериңе, өнгөн элиңе кепдиң. Сага эми эч ким коп салбайт, айдата да албайт. Биз барбыз. Бирөө бирдеме десе, сен үчүн өлүп беребиз. Баарыбыз жабыпа коп көтөрөбүз. Эчтекени ойлонбой жакшылап эс алгын, тыңыгын —дешип, боз үй тигишип, бээ байлап беришти. Ичкеним кымыз, жегеним эт. Жайдын толук кези. Күн ысыкта калың токойдогу чоң тал­дын көлөкөсүнө барып эс алам, уктайм. Комуз чертем. Бош убактымдын баарын талдын түбүндө өткөрөм. Мен келе баштагандан тартып, Сары барпы деген чымчык да талга такай келүүчү болду. Ал күндөнкүнгө мага байыр алып караан тутуп, талдын башына ул сала баштады. Анысын да бүтүрдү. Бир күнү карасам үч жумуртка тууптур. Эми алар эмне болор экен деп таңыркана байкап жүрдүм. Сары барпы болсо мени таанып алганбы өтө үйүр болуп алды. Кокустан мага бирөөлөр келсе ал уясынан башын кылтыйтып чыга калат. Ал эми алар кетери менен жанындагы бутактарга учуп конуп канаттарын таранып, ар жак, бер жактарын койколоктоп каранып, анан не бир мукам үн менен тил безеп сайрайт. Аны угуп, асылданам. Ал бир маал мага сайрап, өнөрүн көргөзөт. Мен да комузумду чертем. Негедир ал дагы кулак тосуп, көшүлүп уккансып, муюп калат. Ошентип, экөөбүз бирбирибизге өтө ынак болуп кеттик. Мен аны көрбөсөм, үнүн укпасам, ал менин күүмдү тыңдабаса өзүмдү көрбөсө коңултуктай түшчү болду.

Сары барпы жумурткаларын да баса баштады. Мезгил келип жеткенде ал балапандарын да чыгарды. Алар да күндөнкүнгө жетилип, ар түрдүү үн менен чыйпылдашчу болушту. Бир күнү уйкусоонун ортосунда жатсам Сары барпы чыйпыйы чыга муңдуу сайрап, канаттарын эбелектетип, чебеленип калыптыр. Бул эмне болду деп чочуп тура калып, уяны карасам үч балапан тең жок. Аңгыча бактан шып этип бирдеме түшкөнсүдү. Карасам чаар жылан экен. Аны көрөр замат куйругун басып башын жанчып өлтүрдүм да, дароо жаагын айрып жибердим. Жылан тең бөлүнүп түштү. Балапандардын бирөө белинде, үчүнчүсү куйругунун учуна барып калыптыр. Куйругунун учуна барганы эбак өлүптүр. Оозундагы менен орто жериндеги балапандар бир топко чейин ооздорун ачышып, диртилдеп жатып, жан беришти. Ал эми энеси болсо менден айланчыктап чыкпай учупконуп, ар түрдүүлөп сайрап, уясын таштай албай жаналакетке түшүп жатты. Аны көрүп «канаттууга да бала керек турбайбы? Балакет басып эмнеге көзүм илинип кетти экен? — деп, өзүмдүөзүм жемелеп, жаным ачып жашып да кеттим. Анан Топчубайдын өлгөнүн, аялымдын эрге тийип кеткенин, карган энемдин кайгы тартканын, акыйкатсыз тар замандын көргөзгөн кордуктарын эстеп, мен да бу чымчыктай кор болдум деп, зээнимди кейиттим. Анан:

Басынып элден адаштым,

Бутумда кишен шалдырап.

Мусапыр болуп жөө бастым

Кор кылдың залим кантемин,

Кошогумдан адаштым,

Капаска түртүп ийгидей,

Залимдер кайсыныңды талаштым —

деп, өз арманымды Сары барпынын муңуна кошуп, ушул күүмдү чыгардым. Кокем күүдө баяндалгандарды айта, ар бир көрүнүшкө жа­раша колун ойнотуп, Сары барпынын келбетин, тил безегенин, жапа чеккенин кайгылуу кайрыктардын айдыңында туурап ойлуу чертти.

— Эми — деди, Коргоол аспабынын кулагын кезектеги аткаруучу күүгө толгоп жатып: — Токомун элдик күүнүн негизинде чакырган «Эселбай» деген күүсүн чертип берейин. Анын таржымалын айтсам өтө узак. Бүгүн убакыттын аздыгынан кыскартып айтайын. Кийин насип буйруп жолугуп калсак, ошондо «Эселбайды» эсиңден чыккыс кылып толук айтып берем. Каргашалуу тар заманда Эселбай деген бай жашаптыр. Ал 83-жашка чыкканда сакалын сүйрөп жаш кызга күйөөлөп барат. Эселбай жашаган айылдын кызкелиндери да чогулат. Алардын бирөө көзү ириндеп, көкүрөгү кирилдеген Эселбайга тийишип:

Бир түп алма мүлкүм бар, Бүлкүлдөгөн күлкүм бар. Сен, Эселбай күйөө чал, Ордуңан тур да, кулак сал —

деп, узун сабак ыр айтып, какшыктайт. Келиндин куйкумдуу ырларына Эселбайдын куйкасы тырышып, өзүнүн карылыктын калканына түшкөнүнө, денеси гана эмес, сөөгүнүн да муздап калганына кыжырланат. Анан балакет басып кызкелиндер жаш аялымды азгырып кетишпесин деп тынчсызданып, бетинен түгүн чыгара каардана комузун күүлөп, кырчын жаштыгын, анан азыркы жүзүнүн нуру өчүп, алкүчтөн тайып, кемшейген чал болгонун армандуу обон менен муңкана ырдайт. Ал эми өчү бардай өчөшүп алган кызкелиндер болсо жабыла турушул, кайрадан Эселбайдын отурса тура албаганын, турса отура албаган карылыгын,өзүнүн кичүү баласындай болгон кедей шордуунун жаш кызын кантип сакалы өрттөнбөй алганын ыр менен шакаба чегишип мыскылдашат. Андан соң алар Эселбайдын жаш токолуна ачуулануу, буйрук берүү менен анын малга сатылганын, күйөө эмес эле тирүү өлүккө, алжыган, ыржыйган куу чалга чыкканын, Эселбайдан Элтеп айлаамал таап качып кетүүсүн өтүнгөн ыр менен атайын кайрылышат — деп, Кокем алгач Эселбайдын күйөөлөп келатканын, үйгө түшкөнүн, кызкелиндердин ага тийишип ырдаганын Эселбайдын аларга жооп кайтаргандыгын, кайрадан кызкелиндердин мыскылдаганын токолуна кайрылганын туурап, ар бирин ар башка обондо, ар түрдүү үндө, ар кандай музыкалык мүнөздө, кейипте келиштире аткарды. Айрыкча, Кокең Эселбайдын кебетекешпирин, терс мүнөзүн, өзүнчө бир музыкалык өң менен туурап, шакаба чегип, жарпты жаза аткарды.

— Током — деди Кокем комузунун буроосун жандырып, кайрадан жаңы күүгө толгоп атып — «Сарыбарпы», «Эселбай», «Турумтай», «Аккуу» өңдүү күүлөрдү чертүү менен бирге ата бабабыздан бери неберечөбүрөлөрүбүзгө уулу мурас катары өтүп келаткан «Ботой», «Камбаркан», «Шыңгырама», «Кербез», «Кара өзгөйдүн» нугунда өзүнүн «Камбаркандарын», «Ботойлорун», «Кербездери», «Шыңгырамаларын»,

Кара өзгөйлөрүн» чыгарган. Ошопордон дагы аткарып берейин. Азыркы аткарарым Токомун «Ботой» деген күүсү. Ырааматыпык Током күүсүн черткенде:

— Байманаптар биригип, Сүргөндөгү ботоюм, Байпоодо копум чынжырда, Жүргөндөгү ботоюм, Топ мыкаачы биригип, Сүргөндөгү ботоюм. Тозок тартып түрмөдө, Жүргөндөгү ботоюм —

деп, мунданган обондо ырдап, колун ойнотуп, жүрөгүндү ойготуп аткаруучу эле — деп, «Ботойду» боздото чалды. Күүдөгү өткөндүн күбөсү болгон армандуу кайрыктар Көңүлүбүзгө уюп, көп нерсени ойго салды…

Коргоол Токтогулдун салт күүлөрүнөн шаңдуу, кубаттуу жүрүштөгү, коңур добушта чертипген «Коңур Камбарканын» жаркын, жайдары кайрыктарга жык толгон «Коштошуу шыңгырамасын» да автордун өзүнүн аткарганындай ажардуулукта, чеберчипикте чертти. Ап эми күйүп жанган бийдин музыкасын эске сапган «Терс кайрышты» да Токондун өзү черткендей көркөмдүүлүктө, маңыздуулукта, деңгээлде аткарды. Токоңдун кушабас күүлөрүнүн ичинен Кокем музыкалык тамсилдеги «Турумтайын», тамашалуу «Ак куусун», армандуу «Сарыбарпысын» өткөрө берилүү, өзгөчө эргүү менен бүтүндөй жан дүйнөсүн таштап коюп черткен. Ал күүлөрдө сүрөттөлгөн каармандардын ар бирине, бир бөлөк музыкалык мүнөз, образ түзүп, аларды угуучулардын көңүлдөрүнөн өчкүс кылып аткарат. Коргоолдун өткөрө куудулдугу да, ашынган комузчуаткаруучулук устаттыгы дал ошол «Сары барпы», «Ак куу», «Турумтай» күүлөрүн черткенде көрүнгөн. Коргоол Токтогул менен таанышкандан тартып көзү өткөнгө чейин бирге жүрөт. Андан көптү үйрөнүп, көптү билет. Айрыкча, ал өзүнүн окутуучусунун ырларын, күүлөрүн, обондорун алынын жетишинче акыл эсине сактап калууга аракеттенген. Тек гана Коргоолдун көзүнүн карегиндей сактап, көкүрөгүндө жаттап келүүсүнүн натыйжасында Токтогулдун «Алымкан», «Дүнүйө», .«Топчубай», «Дыйканбайдын ашындагы ыр», «Айдалып жөнөгөндө», «Жерди көргөндө», «Күңгүрөнө күү чалдым» деген жана башка ондогон ырлары жана жогоруда биз аттарын атап азыноолок ой жүгүрткөн күүлөрү, обондору бүгүнкү күнгө чейин келип жетти. Коргоол бизге Токтогулдун ырларынын сөздөрүн гана эмес обондорун да, күүлөрүн да, ырдоонун да, комузда чертүүнүн жолжобосун да, куудулдугун да, айтуучупугун да бир сөз менен айтканда окутуучусунда кандай жакшы нерсе болсо, ошолордун бардыгынын чыпчыргасын калтырбай тартуулады.

Коргоол Ныязаалынын, Токтогулдун музыкалык мурастарын аткаруу менен бирге ондогон Элдик күүлөрдү да черткен. Алардын ичинен ап «Кара теке», «Ай күмүштүн такыл эт», «Карагул«, «Кыздардын темир комуз күүсү», «Осмон, Субан» деген күүлөрдү угуучуларды суктанып уккандай ар биринин таржымапдарын айта отуруп, устаттыкта аткарган. Масепен Кокең «Кара теке» деген чакан күүсүнүн оюнпоздуу, тамашапуу жүрүштөгү, киришмесин чертип келип:

Кара теке бой, бой, Семизиңде сойбой. Арыгында койбой, Кара өгүздөй ком алып. Каш кулактай жон алып, Семиргенде сойбой, Чыгыңды ичип тойбой —

деп, ырдап, колун ар кандай көрүнүштө ойнотуп, семиздигинен жүнүнө май чыккан Кара текени туурайт. Күүнүн акыркы кайрыктарында башкы обон кайрадан кайтапанып оюнпоздуу аяктайт. Коргоолдун аткаруусунда «Осмон Субан» күүсү кусапуу жүрүштө баштапатда, ортоңку бөлүгүндө.

Өйдөкү кимдин жылкысы, Осмон, Субан жылкысы, А, жылкы айдаган жылкычы, Түнкүсүн келбейт уйкусу. Кырдагы кимдин жылкысы, Бердибек, Шатен жылкысы. А, түн терметип ойготкон, Түйүмкан жеңем күпкүсү, Жылкы айдаган жылкычы, Деги эле келбейт уйкусу, А, теңселтесиң жигитти, Телегейдин күлкүсү —

деген ыр коштолот. Анын жаркын музыкасынын өзөгүнө жылкычылардын «Шырылдаңынын» обону алынган. Ал эми мазмунуна болсо, ырда баяндалгандай Осмон менен Субандын Бердибек менен Шатендин түн күзөтүп жылкы кайтарышканы, аларга дем берген Түйүмкан менен Телегейдин күлкүлөрү камтылган. Адаттагыдай эле бул күүнү да Коргоол куштарлануу менен кайрыктарына жаңы көркөм каражаттарды кошуп, кооздоп черткен. Коргоол, Ниязаалынын, Токтогулдун чыгармаларын жана элдик күүлөрдү кандай устаттыкта аткарса өзүнүн замандаштарыныкын да ошондой чеберчиликте чертип черди жазган. Өзгөчө ал Атайдын «Кыз кербези» менен Айдараалынын «Көйрөң күүсүн» көңүлдөгүдөй ойноп, көпчүлүктүн алкоопоруна татыйт.

«Акыл оошот, ырыс жугушат» дегендей Коргоол Ныязаалы, Токтогулду ээрчип жүрүп, Жеңижок, Эшмамбеттей залкар ырчыпар менен да таанышат. Алардын өндөрүн көрүү, өнөрпөрүн угуу менен ырчылыгын өркүндөтөт. Айрыкча ал «Током менен бирге жүргөндөн кийин кайсы ырды кандай жерде кимге кандай ырды ырдоо керек экендигин байкап билдим, ошого карай ырдачу болдум. Токомдон ырдын үлгүсүн гана эмес комузун да үйрөндүм… «Ак куу» деген күүлөрүн, маскарапостугун жана башка кызык өнөрлөрүн үйрөндүм» деп, эскергендей Токтогулга кошулгандан акындык да, комузчулук да, аткаруучулук да, айтуучулукта да атагы калк арасына кеңири тарайт. Мына ушулардын бардыгы Коргоолго тек гана ырды эмес күүлөрдү, обондорду да чыгарууга зор таасир эткен. Алсак, ал комуз музыкасында барандуу орунду ээлеген, жаркын, мукамдуу кайрыктарга бай «Жаш кайрык», «Шаңшыма», «Кедей арманы», «Карылык», «Сурнай күү» деген ж. б. күүлөрдү чыгарат. Булардын дээрлик көпчүлүгүнө өзү жашап өткөн бүгүнкү замандын шаңы, салтанаты сыпатталган. Коргоол ырларын копу кат тааныбагандыктан комуздун коштоосунда төкмөлөп чыгарган. Бирок, ал ар бир жаңы ырын жалпы акындардын арасында калыптанган сабатмалуу (чубуртмалуу) эски обонду эмес, өзүнчө айырмаланган жаңы обон менен ырдаган. Маселен Коргоол үлгү, насыят, терме, лирикалык ырларын бири-бирине коошпогон жана кошулбаган обондордо аткарган. Көрүнүктүү шайырдын обондорунун ичинен «АкБакайы» элдик ыр чыгармачылыгында классикалык обонго айланды.

Айтылуу ырдын кандайча чыгып, калк арасына кандайча тараганы жөнүндө Коргоолдун шакирти Токтосун Тыныбеков: «жаңыдан артистикке өтүп, Кетментөбөгө шайырлар менен барып, Коргоол атамды көргөндө салттуу ырчылардай саламдашып, ырдап көрүштүм. Анан Ыбырай атамдын «Жаш тилегин», Молдокемдин «Терме Камбарканын» чертип бердим. Коргоол атам: — «Бул бала күү да билет экен. Жакшы, эми күйгөндөн ырдап кой»,— деп калды, эмне болсо ошо болсун деп:

Кагылайын жаш кезек, Кайратыңдан таш көзөп, Өзгөчө жакшы көрүнчү, Өз үйүндөн жат төшөк… —

деген секетбайдан ырдадым. Коргоол атамдын жүрөгү козголгон белем, кеп баштады минтип: — Комузунду мага бер, балам. Мен сага күйгөндүн атасын айтып берейин. Мен дагы сендей жаш болгомун. Кызкелинди көргөндө кымыз ичпей, бозо ичпей мас болгомун. Кээ бирөөнүн катынын ырдап, кээ бирөөнүн жакынын ырдап жат болгомун. Кандай кылайын, эми кары деген ат конду, көкүрөккө айыкпаган дарт толду. Ээ балам, күйгөнүң деле дурус экен. Мен сага окшош көөп жүргөн кезимде Токтобек деген жерде, Сатыкей деген элде Калыбай деген агалардын Толгонай деген эрке токолу бар эле. Ай десе аркы, күн десе көркү жок. Айлыбыздын ичинде андан башка тески жок. Мага окшогон кайнисинин ырдабаска эрки жок. Ал жеңеме ашыктыгым артып, аябай азабын тартып, эрте туруп, кеч жатып жүргөн кезимде кудай жалгап Арка, Анжыяндын тобу болуп, Калыбай топко кетти деп уктум. Илгери азыркыдай там жок. Жашообуз жайдыркыштыр боз үй эмес беле. Улуу байбичеси Жээнкыз менен токолу Толгонайдын үйүнүн ортосу бир эле бута атым, үйлөрүнүн жасалгалары да бипбирдей эле. Кышында шамалдуу бороон тийбес, жайында ысык аптапты билбес, бөөдө жүргөн адам келбес, эки жагы дөңсөө келген, жаздоосуна жакшынакай жайыт берген, жылгасында жүгөрү, таруу өнгөн кабактын касиеттүү күнгөйү болчу. Э балам, өткөн убак кимге келген, аны кимдерге берген, адамды жаратып алып, кайтара кайбереңдей терген, жараткан жалгыз кудай өзү мерген. Ошондо Токомдон үйрөнгөн, аздыркөптүр өзүм кошкон «келин жуушатар, кемпир уктатар, жигит ойлонтор, кыз ойготор» күүмдү чертип жеңемдин капшытына жакындап барып, минтип ырдаар элем:

О… курбулуу топчу курбуңдан, Сенин куюлуп түшкөн мурдундан. Өрдөктөй болгон мойнуңдан, Өпкөбоорум чабайын, Өрттөдүң го жүрөктү, Өзгөчө чыкпай оюмдан.

О… тал боюңтаза мискендей, Анда сен таптакыр сулуу бүткөндөй, Бешенеңди карасам Бермет, жакут тискендей. Балакетиңди алайын Бейиштен келип бүткөндөй.

О… алкымың аппак булайтып, Айнектей көзүң тунартып, Алышып ойноп бир жүрсөк, Армансыз доорон бир сүрсөк, Айланайын жеңеке, Аманат жанды, жанды кубантып,

Ушу жерден Коргоол атамдын Кошаалы деген теңтушу: — О байкуш Коргоол, эмне үчүн чебич эчкинин чыйбыт чүкөсүндөй болуп арык, кичине десе, жеңеңе өпкөбооруңду, колко жүрөгүңдү чаап жүрүп эле чүкөдөй болуп калган турбайсыңбы! Ал го ал, а эмне үчүн жеңеңди Ак Бакай деп ырдадың?» —десе, кайран Кокем жооп кайырып атпайбы: — «Билип туруп сураганын карасаң, оңбогур. Ал сага деле жеңе го. Далай жолу күүлөрүңдүн каймагын чертип бербедиң беле. Билбесең анын өз аты Үрбүбү эле. Көрсө, Кокем Алымкул деген агаларынын аяпы Үрбүбүгө ашык болуптур. Атын айтып ырдасам, айыпдаштарым бипсе, менин башымды чымчыктын башындай чыр дегизип жупуп апбасын деп, атын тескери коюп, «Ак Бакай» деп момунтип ырдаган элем:

О… көзүң айнек, тилиң бап, Көп адам сизге ынтызар, Жагапмай канат кашың бар, Жайыпган кара чачың бар. Жаагыңдан чыккан саамайың Калтардын таптап жүнүндөй Тамаша кылып бир турсаң, Таң мезгили билинбей.

О… салкындап бассаң иреңиң Саардагы чолпон жылдыздай. Адамдан нускаң бир бөлөк Арманда кылган тургузбай Бетиңден жыттап сыласам, Бейилиң жакшы Ак Бакай,—

деп сабалата ырдап баяндап берген эле. Коргоол «Ак бакайды» Токтогулдун «Алымканын» үлгүсүндө чыгарган. Азыркы күндө калк арасында элдик чыгарма катары тараган «Ак бакай» жүрөктүн түпкүрүнөн кайнап чыккан лирикалык обон менен мөлтүр (сөз) камыржумур жуурулушул, бири-бирин сүрөөгө алып, ойлоруна ой кошуп, канат жаратып турат. Ал бирде ыр, бирде күү катарында аткарылат. Коргоолдун чыгармаларынын башаты катары эсептелген «Ак Бакайын» Б. Мадазимовдун кара күү түрүндө иштеп чыгып ар бир куплеттик кайырмалардын ыргактарына, созулуштарына жараша колун ойнотуп, өңүн кубултуп, термелип терең берилүү, айрыкча кумарланган эргүү менен аткарган. Күүнүн жаркын кайрыктары да жан дүйнөңө бүлүк салып, тээ алыста калган жаштыгынды эске түшүрөт. Коргоол комуз чертүү, ырларды, обондорду чыгаруу, ырдоо менен бирге Токтогулдан үйрөнгөн «Курманбек», «Жаныш, Байыш», «Кедейкан», «Касыйкандын баласы Нуржан» деген элдик дастандарды да айткан. Көрүнүктүү шайырдын аткаруусундагы Токтогулдун, Ныязаалынын, Айдараапынын чыгармадары (көпчүлүгү Токтогулдуку Б.А.) жана элдик күүлөрү музыка изилдөөчү В.С. Виноградовдун нотага түшүрүүсүндө, жазып алуусунда 1961-жылы Москвадагы Мамлекеттик музыкалык басма тарабынан «Токтогулдун музыкалык мурастары» деген жыйнакка да басылып чыккан. Коргоолдун аткаруусунда нотага түшүрүлгөн күүлөрдүн көпчүлүгүн композиторлор В. Власов, В. Фере, А. Малдыбаев, М. Абдраев, М. Раухвергер ж. б. өздөрүнүн ар кандай жанрдагы чыгармаларына да пайдаланышкан. Ал эми комузчу жана акындын алгачкы чакан ырлар жыйнагы 1963-жылы «Кыргызстан» басмасынан жарык көрөт. Кийин ал 1982-жылы акын­дын туулган күнүнүн 100-жылдыгына карата кайрадан толукталып басылып чыккан.

Коргоол төрөлгөндөн көзү өткөнгө чейин киндик каны тамган «Балыгуртта», кийин «Кошмо» ирилештирилгенде Калинин атындагы колхоздо (кийин Токтогул атындагы совхоздо) жашайт.

1962-жылдын 23майында Коргоол дүйнөдөн кайтты. Бирок, «сүрөтү калып, өзү жок болсо да» калк жүрөгүнөн түнөк тапкан канаттуу чыгармалары, жаркын элеси эл ичинде жашап келет.


Кыргыз