Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

КОНСТАНТИН КУЗЬМИЧ ЮДАХИН

Константин Кузьмич Юдахин сексен бешке эки ай толбой кайтыш болду. Ал Орск (казакча аты — ЖаманКала) шаарында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Башталгыч мектеп менен эки жылдык окуу жайды ОлуяАтадан бүтүргөн. Ал жерге алардын үйбүлөсү көр оокаттын айынан жумуш издеп көчүп барган эле. Константин Кузьмич кийин Түркстан мугалимдер семинариясына (Ташкен) кирип, аны 1910жылы бүтүрөт да, Манкен менен КараБулакта мугалимчилик кылат. Ал жерде мугалимчилик менен эле чектелбей, ошол аймактагы диалектилерди изилдей жүрөт. Андан соң үйбүлөсүн багыш үчүн Синьцзянга барып, бир катар фирмаларда кызмат кылат. Мына ушул жерден уйгур тилин теория жана практика жүзүндө мыктай билип келген. 1920жылдан 1925жылга дейре К. Кузьмич Түркстан чыгыш институтунда (Ташкен) окуп, аны бүтөрү менен Ленинградга жиберилет. Ал жерде уйгур тили боюнча чоң адис С.Е. Маловдун жетекчилигинде билимин өркүндөтөт. Е.Д. Поливанов, А.Н. Самойлович, В.В. Бартольд ж.б. ири окумуштуулардан сабак алат. Ал өз өмүрүнүн акырына чейин ошол устаттарынын арбагын сыйлап, эсинен чыгарбай жүрүп өттү. К. Кузьмич 1929—34жылдары Илимдер академиясынын чыгыш таануу институтунун Орто Азия бөлүмүн башкарган. Анын бул кызматка дайындалышына уйгур, казак, кыргыз, өзбек тилдерин мыктылап, эркин сүйлөй алгандыгы себеп болгон. Ушул мезгилдин ичинде «орусча-өзбекче» сөздүк түзүп (1927ж.), «Чагатай тилинин тыбыштык түзүлүшү жөнүндөгү маселеге карата» (1929ж.) деген тарыхый жана теориялык мааниси зор макаласын жазган. К.К. Юдахиндин эмгектери темасынын жаңылыгы, андагы ар кандай маселеге жасаган мамиленин оригиналдуулугу, тилдик мисалдарга байлыгы, айтайындейин дегенин ачык, так жеткире билгендиги менен дайыма айырмаланып турчу. Өзбек диалектологиясы, кыргыз фольклору, уйгур терминологиясы ж.б. түркологиянын түрдүү тармактарына канчалык зор эмгеги сиңбесин, анын өмүрлүк негизги иши сөздүк түзүү болгон. Бул ишке ал 1925жылдан баштап киришкен. Константин Кузьмичтин чыгармачылыгынын туу чокусу «Кыргызча-орусча» сөздүк болчу. «Кыргызча-орусча» сөздүк 1940жылы чыгып, түрк тилине которулган, анын кайрадан толукталып, кеңейтилген 2басылышы (1967жылы) СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон, шакирттери Ж. Шүкүров, X. Карасаев жана орус жолдоштору менен чогуу «-кыргызча» сөздүктү түзгөн. К. Кузьмич түрк элдеринин ооз эки адабиятына да, жаңы жазма адабиятына да абдан куштар эле. Айрыкча «Манас» менен манасчылар дегенде үзүлүп түшө калчу. Атактуу манасчы С. Каралаев Москвага келгенде, К. Кузьмич жазуучулар үйүндө аны менен жолугушуу уюштуруп, ага «Манас» айттырды. Угуп олтургандардын арасында мен да бармын. Ошондо манасчынын ошончо сапты эсинде сактап жүргөнүнө, бурканшаркан түшүп, укмуштай бир дем менен айтканына айрантаң калгамын. Ошондо ал киши менен таанышып, К. Кузьмич болуп аркы беркини сүйлөшүп отуруп, пиво ичкенбиз.

К. Кузьмич 1952жылы Өзбек Илимдер академиясынын корреспондентмүчөлүгүнө, ал эми 1954жылы Кыргыз илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө шайланган.

1955жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз тил кафедрасында профессор болуп иштеген.

1961жылы Эл аралык Алтай коомуна ардактуу мүчө болуп, ал эми 1967жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланган. Көп жылдар бою Кыргыз ССР агартуу министрлигинин коллегиясынын мүчөсү жана окууметодикалык советинин кыргыз тил жана адабият комиссиясынын төрагасы болгон. К. Кузьмич күжүрмөн эмгеги үчүн Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери, Улуу Ата Мекендик согушта эмгектеги каармандыгы үчүн 1941—45 медалы жана көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган. К. Кузьмич ачык айрым, меймандос, ак ниет адам болчу. Кыргызстанда анын жолун жолдогон көптөгөн окуучулары жана шакирттери бар.

Александр Реформатский


Кыргыз