Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кол жазманын жана тарыхты билүүнүн мааниси

Абалтадан бери эле кыргызда жети атасын билүү парз болуп келген. Жети атаны билүү тарыхты билүүнүн башаты. Элибиз өткөн тарыхын бири-бирине оозеки айтып, кийинки муундарга ушинтип калтырып келген эмеспи. Ушундай салтты биринчилерден болуп, молдо Осмонаалы Сыдык уулу оозеки эмес, кагаз бетине түшүргөн жана аны бастырып, китеп катары чыгаруу менен элге жеткиргиси келген. Тарыхты билүү өнөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн терең баалаган Осмонаалы Сыдык уулу ошондо эле «жүрөгүндө оту бар жигиттерге тарих билүү керек жана ал тарих абдан бир эске ала турган илим»-, деп жазат.

Кыргызда ушул чыйырга жол салган Осмонаалы молдодон кийин атын атай турган адамдардын катарында Белек Солтоноев менен бирге Бөөмбаев Насирдин жана анын кол жазмасын айтууга болот. Ошондуктан Бөөмбаев да учурунда кыргыздын «жүрөгүндө оту бар» жигиттеринен болгон деп айтсак жаңылышпайбыз. Ал кезде азыркыдай маалымат алуунун арбын каражаттары болбосо да, Насирдин молдо эл оозунанан жазып алган санжыралардан сырткары мугалимдик кесибине байланыштуу изденип, көптөгөн китептерди окуп, дүйнөлүк тарыхтан да кабар алгандыгын баамдайбыз. Адамзаттын таралышы, эзелки Вавилон цивилизациясы, байыркы сак, түрк насилиндеги элдердин келип чыгышы, моңгол доору жана Чыңгыз хан тарыхы сыяктуу кол жазмадагы маалыматтар автордун көптөн кабардар экендигин айгинелейт.

Алардын ичинен Насирдин молдо өзүнө чейин жарык көргөн тарыхчылар Абулгази Бахадур хан жана Осмонаалы Сыдык уулунун эмгектерине таасирленгендиги, ал тургай айрым маалыматтарды пайдалангандыгы да көрүнөт. Башкы көч кайда барса, кийинки көч ошону ээрчийт дегендей, Насирдин Бөөмбаев аталган тарыхчыларга теңелүүгө аракеттенип, элинин өткөндөгүсүн өз алдынча жазууга бел байлаган. Аны Осмоналы Сыдык уулунда эскерилбеген же айтылбаган автордун кол жазмасындагы бир катар маалыматтар көрсөтүп турат. Айталы, мурда санжыранын башка варианттарында аз көңүл бурулган жантай, таздар, абыла, сабыр, чагалдак, өзүк, молой, чечей, тынымсейит сыяктуу жана башка уруктардын генеалогиялык санжыралары жөнүндө кеңирирээк маалыматтарды табабыз. Андан да манапчылык доордун башталышы, өзгөчө Ормон хан жана анын заманындагы кыргыз уруу-уруктарынын өз ара мамилелери, тышкы жоого каршы күрөшү тууралуу даректүү маалыматтар камтылганы кызыктуу. Ушул окуялардын өңүтүндө кол жазманын автору кыргыз-калмак мамилелерин өзүнүн ата бабаларынын башынан кечирген окуялар аркылуу баяндап берүүгө аракет жасаган. Ал окурмандарды кайдигер калтырбайт. Дегенибиз, Дайырбек тукумдары болгон жантай уругунун бир нече үй-бүлөөсү, бир канча муун өткөндөн кийин гана калмактын туткунунан бошонуп, эл-жер, ата-журтун издеп, таап келиши ошол учурдагы кыргыз калкы үчүн олуттуу маанидеги окуя болгон.
Болбосо тарых көрсөткөндөй, калмактардын карамагында жүрүп, ал хандык кулагандан кийин, 1757-жылы Сибирдин Колыван тилкесиндеги орус бийлигине букаралыкка өткөндүгүнө карабастан, башка элдерге дайынсыз сиңип кеткен 40 түтүн (жалпы саны 220 жан)2 Ала-Тоолук кыргыздардын кейпин кийип калышы мүмкүн эле. Бул кол жазмада мурда бизге учурай элек оригиналдуу маалыматтар менен камтылганы жана Насирдин молдонун тарыхы, тарыхты жазуунун улуттук маданиятынын башатында тура турган эмгектердин бири экендигин белгилеп турат.

Булак:bizdin.kg


Кыргыз