Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кедейкан. Токтогул Сатылганов 4-бөлүм

Элинин сүйлөөктөрү, сүрдүү көсөмдөрү ылганып басып келип, ханга салам берип, сөзүнө жооп айтып турган жери:

Ассалоом алейкум,
Куттуу болсун тагыңыз!
Ачылган сиздин багыңыз,
Кол куушуруп, таксыр хан,
Саламга келген чагыбыз.
Букара калың элиңиз,
Таберик сиздин кебиңиз
Кырк жигиттен чакыртып,
Таанышайын дедиңиз.
Кабыл болду мурадың
Бизге келип хан болуп
Тажы кийген убагың.

Азимкандын ал жайын
Көпчүлүктөн сурадың.
Азим падыша ханыбыз
Казынанын пулу деп
Кырк вазир, кырк желдет
Кызматтагы тууру деп
Ай башында алты сом,
Алымдарын болжосоң,
Азимкандын тушунда
Көп албаган ошондон.
Жаңырганда ар бир ай
Он сегиз сом алучу.
Алганынын бары ушу
Андан башка бар тапкан
Өзүбүздө калуучу.

Кедейкан көпчүлүккө карап, көңүлүнүн кири тарап, элдин пикирин улап, көпчүлүктү сынап, айтып турган жери:

Азимкан эски ханыңар
Мактайсыңар барыңар.
Арам ойлор жүрүптүр
Түз эмес экен араңар.
Азимканга кетүүчү
Адалдан тапкан малыңар
Азырак ханың белгисин
Айтайын, угуп алыңар.
Бети кара Азимкан
Кантип чыдап салды экен?
Кай бети менен алды экен?
Айына он сегиз сом бүт төлөп,
Элим, не оокатың калды экен?
Айда он сегиз сом пул алып,
Ойдо жок күндө суралып
Жүзүңдү кантип көрдү экен?
Күндө чыгым салдырып
Агар алтын, ак күмүш
Ай башына алдырып,
Элим, эки көзүң чөлдө экен!
Мен силерден, калың эл,
Алмак тургай беремин,
Силерге тийсин керегим.
Эртең эрте келгиле
Эрдигимди көргүлө!
Он сегиз кабат казанам
Ортосунан бөлгүлө
Оймо тазга он теңге
Берарман тазга беш теңге,
Кыйык тазга кырк теңге
Казынамдан, калың эл,
Алынбай калбайт эчтеме.
Бир үйдө жалгыз бүлөгө
Үймөлөнгөн бир табак
Беш бүлөгө — беш кадак.

Берейин деген пейлим ак.
Кырк вазир, кырк жигит
Бөлүп алсын кырк табак.
Мындан кийин жоголсун
Азимканды мактамак
Баары бирдей тең болсун
Бул пикирди сактамак.

Жакшылары үйүлүп, жардылары сүйүнүп, нары-бери түртүштү. Элдин баары дүбүрөп, экиден-үчтөн күбүрөп, таң калышып турган жери:

Ким көрүптүр мындайды,
Жанагы сөзү чындайбы?
Жалган эмес, чын болсо,
Дүнүйөгө жыргайлы,
Айткан сөзү төрөлүк,
Асандан келип көрөлүк.
Агар алтын, ак күмүш
Таразалап бөлөлүк.
Анык падыша турбайбы,
Асандан келип жыргайлы,
Алты ата, жети бабабыз,
Көргөн эмес мындайды.
Эбин таап эл алган
Эр Кедейкан турбайбы!
Эрте келип курдайлы1
Жети атабыз башынан
Көргөн эмес мындайды
Бети кара Азимкан
Өлөрүнө көрүнүп,
Нээти бизден бөлүнүп,
Ай сайын салык салыптыр
Алтын, күмүш алыптыр.

Эч адамга билгизбей
Ан үчүн түшүп калыптыр.
Азимканды ушактап
Аркасынан тузактап
Ар кимиси аныгын
Билине албай кылчактап.
Ушу сөзү чын болсо,
Бай болобуз баарыбыз.
Көбөйөт го малыбыз
Жашарат го карыбыз.

Таң атты. Кедейкан ордунан туруп, убадасы боюнча, казынасын калкка таратып бердирип, элге айтып турганы:

Алтын, күмүш алгандар,
Айбаты толук балбандар.
Хан болуп такка минсем да,
Калкыма айтар арман бар.
Эртеңки күндө Азимкан
Такты, тажым талашат.
Алтын такты, алтын тон,
Бу жыйылган көпчүлүк,
Кимибизге жарашат?
Азим тагын талашса,
Кимибизге өтөсүң?
Кимдик болор экенсиң?
Кимибизди бозортуп
Жолго таштап кетесиң?
Азим тагын талашса,
Кимибизди шайлайсың?
Кимибизди бозортуп
Жолго салып айдайсың?
Угуп көңүл тынчысын,
Кимдин көөнүн жайлайсың?
Ага-иниңди жам кылсаң

Азимди кайта хан кылсаң,
Алдоо сөзгө ынатып,
Азимканды чыңатып,
Абийиримди алдырсаң
Кайта тушүп берейин
Хан болбосун Кедейиң!
Кадырым элден тайгылса,
Кайда барып өлөйүн!
Мени шайлап хан кылсаң,
Көңүлүмдү жам кылсаң.
Санаам тынып жатайын,
Көбүңдү жыйдым атайын.

Көпчүлүктүн Кедейканга берген жообу

Таксыр, Кедей ханыбыз,
Багындык сизге баарыбыз.
Азимакандын мүнөзүн
Айталык кулак салыңыз.
Арбак уруп Азимкан
Ай сайын салык салыптыр
Агар алтын, ак күмүш
Эчтеме койбой алыптыр
Өлөрүнө көрүнүп,
Бир жолу пейли тарыптыр.
Азимкан такты талашса
Кедейкан сизге өтөбүз,
Сизди шайлап кетебиз.
Азимканга алдырып,
Ай сайын чыгым салдырып
Ысыбаптыр чекебиз.
Азимкан такты талашса,
Кедейкан, сизди шайлайбыз.
Азимканды бозортуп
Жолго салып айдайбыз.
Жооп берсең ошондо

Таксыр өлтүрүүдөн тайбайбыз.
Таксыр Кедей ханыбыз,
Сизге өтөбүз баарыбыз,
Арылбаптыр, билбеппиз
Муңубуз менен зарыбыз.
Томаякты тоздуруп,
Доңуздан бетер кошкуруп,
Жок жардыга жолобой
Жакырлага жанашпай
Жакшылар өзү бир бирин
Жамандыкка каалашпай
Кемириптир кедейди,
Жакыр кылып жардыны.
Өз боюна тартыптыр,
Өрүш толгон малдууну
Байга кара санабай
Жардыны ченеп талабай
Ойронуң чыккан Азимкан
Оокатынан айрыптыр
Оңолсун деп санабай…

Эл Кедейкандын айтканын эп көрүп, анын адилет сурагына көнүп, кубанычта жыргап жатып калышты. Убадасы толгондо, туура үч күн болгондо, Ак эшен менен Азимкан келип, салам берип, алтын такты сурады. Кедейкан каарын бетине алып, желдеттерин чакырып, экөөнүн башын. аларда, экөө тең өлүп каларда, араң качып кутулушту. Кедейкан көңүлү тынып, адилеттүү сурак кылып, хандыкты жүргүзө берди.

Кедейкан бир күнү өзүнүн жетим убагынан беркини ойлонуп отуруп, башынан өткөн жетимдик, карычылык турмушунун баары көз алдына келип, баккан энеси Гүлсаана оюна түштү да жашып кетти. Мен эми энемди, төрт жолдошумду алдырайын деп, кырк жигитин чакырып жумшап турган жери:

Кырк жигитим, келгиле,
Келип салам бергиле!
Алыскы жолго жумшаймын,
Кызматыңды билгиле!
Кырк жигитим камынгын,
Кылычыңды тагынгын.
Кызыл чаар жолборстой
Кыркышар жоого чамынгын.
Такалансын аттарың.
Сүрүңдөн корксун жаттарың
Бир айлык жолго барасың
Аттарыңды таптагын.
Эринип бир күн жатпагын,
Өзүңдү өзүң сактагын,
Өз элиме жиберем
Өнөрүмдү мактагын.
Кыркыңар эки бөлүнбө
Залимканга көрүнбө,
Түркмендердин байлары
Залимкандын жөнүндө.
Каласыңар өлүмгө.
Ушул сөздү, кырк жигит
Бек сактагын көңүлгө.
Саалы деген сопу бар,
Өзү молдо — окумал,
Дабырабай кырк жигит,
Акырын издеп таап ал.
Балапан тууп жетилген,
Пайгамбарга жашы тең,
Кантип кабар албайын
Хан болгондо энемден?
Энемдин аты — Гүлсаана,
Бар тууганы бир бала.
Ошо бала — мен Кедей
Энемди көрөр күн кана?

Төрт жолдошум дагы бар,
Саалыны тапсаң — табылар,
Энемди эстеп, аларды
Унутуп койсом, тарынар.
Жатындаштан жакыным,
Жашымдан бирге — акылым,
Адал, арам тең жеген
Ардактаган сырдашым.
Төртөө тең курдашым,
Ошолордон өйдө эмес,
Хан болсом да бул башым.

Кырк жигит түркмөн элинен Кедейкандын энесин, төрт жолдошун таап келишет. Кедейкан кырк жигитке ыраазы болуп, сыйлыктар берип, энесинин жана төрт жолдошунун келгенине кубанат.

Көңүлү жайланып Хиваны жердей берет, элге тынч, бей-бечарага кайрымдуу, калыс жана камкор жетекчи болот.


Кыргыз