Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кедейкан. Токтогул Сатылганов 3-бөлүм

Кедей чакчарылып, санаасы тынып, эшендин сөзүнө ыраазы болуп, жашынан берки жамандык-жакшылыктарын эшенге айтат:

Азирети эшеним,
Айтпаймын сөздүн бекерин.
Арамдык сырым жашырсам
Ала болуп кетемин.
Үч жашымдан айрылдым
Ата менен энемден.
Жетимдиктин зарынан
Айбанга башым теңелген
Тоютум кандай ал кезде,
Токмок жедим көп элден.
Бир жесирде бала жок
Мен жетимде ага жок.
Ошол жесир бакпаса,
Тирүү калар чама жок.

Жакшылап бакты балам деп,
Айткан жок мага жаман кеп.
Сообуң тиер деп жүрдү
Чоңоюп алсаң аман деп.

Байдын малын уурдадым,
Малай жүрсөм турбадым.
Миң башы менен корбашы,
Колго тийсе, бурдадым,
Бир түп тиккен багым жок,
Бир жерге салган тамым жок.

Мекен курган шаарым жок
Никелеп алган жарым жок.
Аркамда калган туяк жок
Колго түшсөм сурак жок

Ошончону бүлдүрдүм
Качып чыктым кармарда
Залимкандын каарынан.
Тентип келдим, эшеним
Түркмендердин шаарынан.
Кабар алып угуңуз
Мен карыптын зарынан.
Сопу болдум кол берип,
Азирет, сенин барыңан

Айланайын азирет,
Ачылып сырым эми айтсам:
Алыстан даңкың эшитип
Кол бергени келатсам,
Башында бар селдеси,
Оозунда бар келмеси,
Сыртында бар канаты,
Боюнда кусул даараты.
Теспеси бар колунда
Китеби бар койнунда.
Жалдыратып көрүнөө
Жаналчу милдет мойнунда
Азирейил периште
Айбаты кыйын келиште
Айбаты менен жол тосуп
Алдымдан чыкты чак түштө.
— Келдиң, Кедей балам, —деп,
Чымындай жаның алам деп
Алда-таала кудайдын
Буйругуна барам деп.
Адамдын барын күйгүзүп
Бу жүрүшүң жаман деп.

Каршы чыгып жолуман,
Кармап алды колуман.

Аман калдым аз күндүк
Ажалымын жогунан.
Канаттуу, каарлуу түрүнөн
Кара жандан түңүлөм,
Калтырап алым калбады
Кайраты менен сүрүнөн.

Өлүүгө жанды кыйбадым,
— Аз күндүк тирүү койгун,
Периштеге ыйладым,
Мен өңдүү эчен карыптын
Бир канчасын сыйладың
Эшенге кол берейин
Аз күндүк өмүр тилейин.

Сабыр кылгын азирет
Чачымдан көп күнөйүм.
Мен эшенге кол берип,
Анан кийин өлөйүн.
Албасаң да, азирет
Алгын деп өзүм келейин
Деп тиленсем периште
Он үч күн берди убада.
Кол тапшырып өлүүгө
Разы болдум буга да.

Он күн турдум сиз менен
Тааныштыңыз биз менен
Үч күндүк калды өмүрүм
Ачылып кетсин көңүлүм.

Кадыр кылса ханыңыз
Ханыңызга барыңыз.
Кадыр билги, эшеним,
Калбасын кайгы зарыбыз

Ызат кылса бегиңиз,
Ылайык болсо кебиңиз,
Бегиңиздин үч күндүк.
Тактысын алып бериңиз.

Кимдин, кимдин заманы,
Кедейкандын заманы
Кетсин ичтен арылып,
Кемчиликтин жаманы.
Кедейкан болсун бир атым
Ушуну сизден сурадым
Баркымды билсе Азимкан
Алып берер убагың

Үч күндүк өмүр ичинде,
Такты үстүнө минейин.
Тагдыр жетсе, эшеним,
Кыямат көздөй жөнөйүн.

Дооранымы кылыңыз,
Жаназага туруңуз.
Бир атагым калса деп
Жалдырайт кедей уулуңуз.
Үч күндүк өмүр ичинде
Арылып кетсин муңубуз.

Кедейдин түрүнөн эшен чочуп кетти. Кече эле өлөрүн санап араң келген Кедей, бүгүн хан болом деген эмнеси? Мунун көңүлүн калтыра тилдеп коюн деди.

Эл куруткан, куу Кедей,
Секиргиң келет бүргөдөй.
Арам өскөн экенсиң
Адал иштеп, нан жебей.
Ырысы жок,- куу Кедей
Ыргыгың келет бүргөдөй

Кежир өскөн экенсиң
Кетмен чаап, нан жебей.
Калпалык атак жаманбы?
Хандыкка бурдуң санааңды.
Кантип сүйөт Азимкан
Калк куруткан арамды?

Сопулук атак жаманбы?
Бузасың, буруп санааңды.
Кууратып келсең тыяктан
Куда-сөөк, тагаңды
Кантип берсин Азимкан
Каракчыга тактысын,
Алдатабы Азимкан,
Арам куу, сага бактысын?

Адам акын көп жесең,
Канга сурак бербесең.
Кармалып өлөр күнүңдө
Качып келдиң мында сен.

Ууру болсоң тыякта
Хан болгуң келет быякта.
Каракчы, сени хан кылсам
Каламын го уятка?
Калп-караөзгөй сүйлөбөй
Капалык менен жан сакта.

Ууруга тагың бергин деп
Азимге кантип барамын.
Ушул жерде билинди
Ууру Кедей арамың.
Ишиңден байкап олтурсам
Ичиңде жок адалың.

Барсам да бербейт Азимкан
Калк куруткан сен кууга.
Көрүнгөндү күйгүзүп
Качып жүрсөң суу-сууда.
Көпчүлүктүн баарысын
Салып жүрсөң уу-чууга.

Качып келип куу, Кедей
Касам ичин кол бердиң
Карып го деп ойлонуп,
Калпалыкка жол бердим.
Хан кыл мени эшен деп,
Кармадыбы куу белгиң?

Кедей эшендин сөзүн угуп, ойлонуп туруп, ханга кадырлуумун, бекке ызааттуумун, элге ынамдуумун, Азимкан чымындай жандан бөлөгүн менден аябайт дебеди беле, ошолорун кайра бир айтып көрөйүн деди:

Калкым кадыр кылат деп
Калк башкарган Азимкан
Мартым кадыр кылат деп
Ханымдан көөнүм тынат деп
Карыпка жана мактандың
Кайта неге сактандың?
Эшендигиң чын болсо
Бир уятка капталдың.
Элим кадыр кылат деп
Эл башкарган Азимкан
Бегим кадыр кылат деп,
Бегимден көөнүм тынат деп
Кедейге жана мактандың
Кезексиз эшен сактандың.
Эшендигиң чын болсо,

Бир уятка капталдың

Элимде калпы бар десем,

Эшени калп турбайбы?

Эшени баштап калп айтса,

Элин кудай урбайбы?

Эл агарткан Ак эшен

Өзүн-өзү булгайбы?

Калкыңда калпы бар десем

Калпасы калп турбайбы

Калпасы баштап калп айтса

Калкын кудай урбайбы?

Касиеттүү Ак эшен

Өзүн-өзү булгайбы?

Калп сөзүңдү эшеним,

Калпалар менен ылгайлы.

Жараткандын алдында

Жалганчы эшен экенсиң,

Жадигер дуба окуган

Алдамчы эшен экенсиң

Жараткан акка бир күнү

Жазыктуу болор бекенсиң?

Бир кудайдын алдында

Жалганчы эшен экенсиң.

Бир сөзүңдү эки айткан

Алдамчы эшен экенсиң.

Бул мүнөзүң барында

Мүдүрүлөр бекенсиң?

Хан болсом да өлөмүн

Болбосом да өлөмүн

Калп болсоң да эшеним

Жанымдан жакшы көрөмүн.

Ак эшен уят болуп, ичине кайгы толуп, Кедейге мактанып коюп, уятынан кантип кутуларын билалбай ойлонуп турду да, башына селдесин чалып, мойнуна теспесин салып, колуна асасын алып, өтө мактанып койгон экемин деп, өзүнө өзү наалып, Кедейди «жүргүн, Азимканга алып барайын. Берсе тагын алып берейин, бербесе экинчи уят болуп кайра келейин» — деди.
Кедей аны ээрчип, Азимкандын ордосуна келишти. Кырк жигиттин бирин чакырып, дарбазаны ач деп эшендин суранып турган жери:

Кызматкерлер, сакчылар,

Хан ордосун бакчылар. ‘

Белине канжар такчулар,

Ханга каршы душмандын

Башын кыя чапчулар.

Хан эшегин күзөткөн,
Ийрини тез түзөткөн,

Ишим бар, балдар Азимде

Ан үчүн түндөп келдим мен.

Сен, кырк жигит, мен эшен

Азимканга кеңешем.

Ачкыла, балдар эшикти

Кандай адам дебестен.

Дарбазаны ачкын, карагым

Азимканга барамын.

Азимкан менен силерге

Ичимде жок арамым.

Билесиңер, кырк жигит,
Мурунтан менин баркымды.
Азимканга бет болуп,
Айтып чыгам дартымды—
Деп, Ак эшен бакырды.
Кырылгыр деп чакырды.
Ачууланып Ак эшен,
Дарбазага асылды.

Кырк жигит коркуп шашышып,
Коркконунан чыдабай,

Кополдору качышып,
Зыярат кылды эшенге
Дарбазаны ачышып.
Азирет эшен бабабыз
Кол куушуруп турабыз.
Бизде болсо жумушуң
Бир башынан сураңыз.

Ак эшен, сизге жүгүнүп,
Тобо таасыр кылабыз.
Азирет эшен сиз менен
Көрүшчү элек жыл алыс.
Касиетиң байкасам,
Мусулманга күйгөн шам.
Аз күнүнө кол берип,
Батаңды алган миң адам.
Шашып салам бердиңиз,
Түз эмес сиздин белгиңиз.
Мындан мурун келбеген
Не жумушка келдиңиз?
Биз кызматкер ханыңа,
Каргасаң калдык каарыңа,
Бир душманды ээрчитип
Келипсиң таксыр, жаныңа.

Бул кайдагы арамы?
Бузат го түбү араны.
Түбү бузук көрүнөт,
Тийбесин мунун залалы.

Биз кырк жигит кызматчы,
Мындай душман көрүнсө,
Кылыч менен бир чапчу.
Башка боор адамды
Башпактырбай узатчу.

Кызыр эшен пирибиз

Биз кызматчы иниңиз

Мунуңду кармап калалы

Өзүңүз жалгыз кириңиз.

Ак эшен ойлонду. «Бу Кедейди атайын ээрчитип келип, Азимканды бир көрсөтүп чыкпасам, экинчи уят болбоймбу» деди.

Ай кырк жигит карагым,

Сөзүн ук эшен абаңын.

Азимкандын алдына

Кишим менен барамын.

Азыр ушул кедейдин

Көрө элекмин залалын.

Силер кайдан билдиңер

Бу кедейдин арамын?

Көрүп-билип бир өскөн

Кайсыңар эле тааныган?

Калпалыкка кол берип,

Тааңыш болду жаңыдан.

Каныкмын айткан сөзүнө

Касам ичип карганып,

Калпа болду өзүмө.

Бир көрсөтүп чыгамын

Азимкандын көзүнө.

Бул ойлонсо залалды,

Мен тилеймин адалды.

Бир кудай өзү билет го

Баарыбыз тең караңгы.

Акка кара иштесе,

Ал өзү көрөт залалды.

Башымда көптүн милдети

Баарына дуба кыламын.

Байкачы сөздү, чырагым,

Азимканга сүйлөшүп

Азыр кайта чыгамын.

Кырк жигит уруксат берди. Эшен Кедейди ээрчитип Азимкандын үстүнө кирди. Азимкан тагынан
ыргып түшүп, салам айтып, эки колун бооруна алып, Ак эшенге карап төмөнкүнү айтты:

Ассалом алейкум,
Айланайын Ак эшен!
Алдыма келдиң селдечен,
Кыйыгыңа каламын,
Айтканыңа кирбесем,
Өлтүрөм десең, мен мына,
Сураймын десең, эл мына.
Кийсең, тажы, чен мына.
Өмүрүңчө келбеген
Таксыр не жумушка келдиңиз?
Сыймык мына, бак мына,
Минсең, алтын так мына.
Өмүрүңчө келбеген
Не келдиң, таксыр, астыма?
Коркомун келген жөнүңдөн,
Кайгымды чыгар көңүлдөн.
Кайдан келген бул кишиң
Санаасы эки бөлүнгөн?
Кабары жок өлүмдөн,
Оттой күйүп жүрөгү
Орою суук көрүнгөн.
Биздин элдин уулу эмес
Оңолуучу куу эмес.
Атам эшен жарыктык,
Кылар ишиң бул эмес.
Кайдан. келген бу наадан
Үмүтү жок кудайдан?
Азирети эшеним,
Ушу беле убадаң?
Чыгара тургун мунуңду,

Каргашалуу зулумду.
Карып кылып жүрбөгүн
Астыңда Азим уулуңду.
Жашырбастан чыныңды
Жалгыз айт, таксыр, сырыңды.

Барсам, өзүм барчу элем,
Барганда бата алчу элем.
Барган сайын, эшеним
Кеңешими салчу элем,
Ар жумада астыңа
Зыярат кылып турчу элем.
Пирим эшен колдойт деп
Өз ичимден тынчу элем,
Тазасы сен эшеним,
Адамзат пендеден.
Өмүрүңдүн ичинде
Так үстүмө келбеген.
Чыгара тур ушуну.
Чын арамза кишини.
Чыдабайт менин көңүлүм
Жалгыз бүтүр ишиңди.

Азимкандын сөзүн угуп, эшен чочуду. Чочуганы менен өз намызын ойлоп, «бу Кедей менин кадырымды көрсүн жана элине да, ханына да кадырлуу, касиеттүү киши экен деп ойлосун» деди:

Алейкума ассалам!
Алдыңа келди мен бабаң.
Бир кудайдын буйругу
Мени, сен жалгаган.
Алдыңа келдим, саламга
Амансыңбы, жан балам?
Уят болдум ушуга.
Ушу турган кишиме,

Урмат кылат деп келдим,
Балам, бир жарагын ишиме.
Абийирим кетти ушуга,
Аркамда турган кишиге,
Атайын келдим Азимкан,
Аныктап жара ишиме.
Балам, бир ишиңди кааладым,
Сөзүн ук эшен абаңын.
Мен билбеймин, Азимкан,
Сен билдиңби арамын?
Качып келген мусапыр
Залимкандын каарынан.
Хан каарына калган соң
Тентибейби шаарынан.
Кабар алдым, Азимкан,
Бул Кедейдин зарынан.
Кол берем деп келатса,
Кудайдын кабар элчиси,
Жан алмакка келчүсү
Азирейил периште
Каары кыйын келиште:
— Келдиң кедей балам,— деп
Чымындай жаның алам деп
Алда-таала кудайым
Дар көйүнө барам деп.
Көрүнгөндү күйгүзүп
Бу жүрүшүң жаман деп
Ала турган болгондо
Азирет деп жалынып,
Айласы кетип зарылып,
Периштенин алдына
Кол куушурган табынып.
Ак эшенге кол берип,
Анан кийин өлсөм деп,
Кол берүүгө кайгы жеп

Ал периште азизге
Убадасын берген бек.
Уруксат берген периште:

— Колуңду бергин, балам,— деп
Он үч күндө барам деп
Ошондо жаның алам деп.
Кутулуш жок өлүмдөн
Кайдан да болсо табам деп
Кызмат кылды он күнү,
Кыбырабай кашыма.

Үч күндө келер өлүм деп
Кайгысы түштү башына.

— Кадыр кылса ханың,— дейт
Ханыңызга барың дейт.

Үч күндүк калган өмүргө
Сурап бергин тагын дейт.

Так үстүнөн өлсөм дейт
Үч күндүк өмүр ичинде
Падыша болуп көрсөм дейт
Ак кепинден аруу жууп,
Азирет эшен, көмсөң дейт
Кимдин кимдин заманы,
Кедейкандын заманы.
Атагым калса артта дейт
Айланайын ак эшен
Кадырыңды салып көр
Азимкан падыша мартка дейт.
Балам Азим, ушуга
Мактадым эле сыртыңдан.
Уятыма чыдабай,
Эки бетим жыртылган.
Кадыр салып сурадым,
Азим балам, тагыңды.

Алты атаңдан бер жакка
Ачкан кудай багыңды.
Бир уяттан куткарып
Тынчыткын, балам жанымды.
Жаназага турасың
Дооранын өзүң кыласың.
Өлө электе бу Кедей,
Балам, баркыбызды сынасын.

Бул сөздү уккандан кийин, Кедейдин түрүнөн чочуп, жүрөгү копшуп, эшенди карап Азимкандын айткан жери:

Айланайын эшеним,
Айттыңыз сөздүн бекерин
Алдамчыга так берсем
Билемин алдап кетерин.
Алтын тактан айрылсам,
Кайра кантип жетемин?
Кагылайын эшеним
Кааладың иштин бекерин.
Каракчыга так берсем,
Билемин алдап кетерин.
Күнүмдүккө кордук иш,
Күмөндөр кайта жетерим.
Бербеймин, эшен бербеймин
Бетпактын жүзүн көрбөймүн.
Бектигимен айрылып,
Бечара болуп өлбөймүн.
Каракчың жүзүн көрбөймүн,
Хандыгыман айрылып,
Карып болуп өлбөймүн.
Бүгүн минсе тагыма,
Каргаша кылат багыма.
Так бермек турмак кесипти
Жолотпоймун жаныма.

Тагыма кедей минген соң
Казана оозун ачпайбы
Карк алтыным чачпайбы.
Кандык доорум кеткен соң
Касиетим качпайбы?
Көк сандык оозун ачпайбы,
Күмүшүмдү чачпайбы
Алтын тактан айрылсам
Көрүнөө бактым качпайбы?
Калк куруткан куу болсо
Эпчилдиги бу болсо,
Жүзү кара Кедейдин
Жүргөн жери чуу болсо
Кантип берем тагымды,
Качырбайбы багымды?
Кайдан алып келдиңиз
Бир кара нээт залымды

Хандын айтканына Ак эшен капа болуп, Кедейге экинчи уят болбосом экен, эми Азимканга сөзүм өтпөй калса, тирүү жүрүп пайдасы жок деген пикирди ойлонду. Эмнеси болсо да кайтарып бир айтып көрөйүнчү деп айтып олтурган жери:

Андай эмес, карагым,
Сөзүн уккун абаңын!
Уят болбой Азимкан,
Орундалсын талабым.
Кырк вазир, кырк жигит
Кырк желдетиң дагы бар.
Алты атасы хан өткөн
Сен азаматтын багы бар.
Он эки шаар элиң бар
Опол тоодой демиң бар.
Ойлоп көрчү, карагым,
Кай жериңде кемиң бар

Уят кылбай Кедейге
Урмат кылар эбиң бар.
Он эки шаар калкың бар
Казанаң толгон алтын бар.
Кайгырасың, карагым
Каериңде дартың бар?

Кашында Эшен абаңдын,

Балам, капасын жазар шартың бар.

Качып жүргөн бир Кедей

Кантип бузат элиңди?

Карыганча эшениң

Ушуну билбейт дедиңби?

Абаң бар, Кедей алдаса.
Убададан тайгылса.
Ал өзүнө кылган каргаша
Кол-бутунан айрылат,
Кожонун тилин албаса.

Каргасам кара таш кылам,
Жолун бууймун астынан.
Колу, бутун шал кылып
Боору менен бастырам.

Колу, бутун шал кылам,
Эки көзүн көр кылам.
Кулагын укпас кер кылам,
Кудайдан тилеп кем кылам.

Атама атаң кол берген,
Алда сүйүп жол берген.
Абалтан бери атабыз
Кол кармашып бир келген.

Алты атабыз колдошкон,
Акырет жайды болжошкон,
Айрылдыкпы экөөбүз
Атабыздай болбостон?
Кадырлашып бирге өскөн,
Адалды жесе бир жешкен.
Ажыраштык экөөбүз
Атанын жолун билбестен.

Азимкан балам, тагыңдын
Үч күндүк күчүн бербедиң.
Канчалык кадыр салсам да
Киши ордуна көрбөдүң.
Кош, Азимкан, аман бол
Ушудур мени көргөнүң.
Ушулдур мени көмгөнүң.
Балам, сен баркымды билбедиң
Тирүү да болсом өлгөнүм!..

Азимкандын айласы кетти. «Алты ата, жети бабадан бери колдошуп, сыйлашып келе жаткан эшен мени кайдан алдап кетсин жана эшеним айткандай, бир Кедей кантип уруулу элдин баарын үч күндүн ичинде өзүнө каратып ала койсун» — деп ойлоду. «Эгерде алдаймын десе жерге кагып жибербейминби. Андан көрө эшен менен убаданы бек кылып, тагымды берип турайын» деди.

Ишенип, келсең мен үчүн,
Мен бердим, таксыр сен үчүн.
Кедейдин нээти бузулса
Көзүңдү салгын мен үчүн.
Кадырыңды кыйбадым,
Капа кылбай сыйладым.
Таксыр кандай болот бул ишим?
Кадырыңды калтырбай

Бер дедиң, таксыр берейин
Убадасын бек кылсын
Бети кара Кедейиң!
Хандыгымды алууга
Кайсы күнү келейин?
Адашсам таксыр айбат бер,
Капа болсом кайрат бер!
Кандайча шумдук иш болду.
Хандыгым калды күмөндөр?
Таарындың, эшен, жан кыйнап,
Тагымды бердим мен сыйлап.
Алдаса Кедей алдамчың
Алдыңа барам мен ыйлап.
Көңүлүң болсун чак деди,
Сеники болду так деди.
Тилегиң болду, Кедейим
Тактыга чыккын бат деди.
Андай Кедей болбоду,
Болбой мойнун толгоду.
Алтын-тактын үстүнө
Тажысын кошо болжоду.
— Тактысын жалгыз минбеймин
Башынан сырын билбеймин.
Башыма кийген тажы жок,
Тамаша болуп жүрбөймүн.

Тактысынын үстүнө
Тажысын берди башынан.
Тажы менен шып этип
Сыймыгы учту кашынан.
Такты берди, минбеймин,
Тажы берди, кийбеймин.
Ийнимде хандык тонум жок,
Тамаша болуп жүрбөймүн.
Тажы, тагы курусун,
Тонун кошуп бербесе,
Таазим кылып турсун деп
Элин кошуп бербесе,
Тажы, такты, алтын тон
Баары ылайык келбесе.
Тонун да чечти ийнинен,
Айрылды хандык кийиминен.
Азимкан чыкты муңайып
Ак эшендин кийнинен.

Кедейкан такка минди, тажысын кийип, тонун жамынып, хандыкка камынып, кайрат менен чамынып, кырк вазирди чакырып, хандык кабарын айтты:

Кырк вазир кайдасың?
Кырылгыр кайсы жайдасың?
Кыюусу менен таптымбы
Азимкандын айласын?
Кырк вазир, келгиле,
Кыраандыгын билгиле,
Жар чакырган шаарыма
Билгизгин элдин баарына,
Эмдигиче келбейсиң,
Эңилип салам бербейсиң!
Кырк вазир келишти,
Ханга салам беришти:
— Кут босун алтын тагыңыз.
Ачылган сиздин багыңыз.
Кол куушуруп алдыңа
Саламга келген чагыбыз.
Хан болду кара башыңыз,
Узун өмүр жашыңыз.
Катууланып чакырдың,
Таксыр хан, неге келди ачууңуз.
Кыйкырыгың угулуп,
Кырк вазир дедиңиз.
Таалайлуу таксыр Кедейкан,
Таберик сиздин кебиңиз.
Ачылсын ички сырыңыз,
Алдыңа келип турубуз.
Таксыр Кедейканыбыз
Ачууңуз келсе уруңуз.
Жазып койсок, таксыр хан
Кыркыбызды кырыңыз.
Ачууңуз токтолсун,
Жазыгыбыз жок болсун.
Буюрсаң кызмат кылалы,
Кылчайып эшикке чыгалы
Таксыр Кедейканыбыз,
Кызматыңда турабыз.

Кедейкан кырк вазирге сүр көрсөтүп, ушу баштан сезин алып коюуну ойлоду. Мен ушул элден эмесмин, аз күн болсо да Кедейкандын заманы дегидей кылып хандыгымды катуулук менен ишке ашырсам болду. Жумшак сөз, көңүлчөктүк азыр жарабайт деди:

Кырка турган кырк вазир,
Кырылгыр, сөзүм ак азыр.
Сурасаңар пикирди,
Толуп жатат менде сыр.
Кылычыңды тагынып,
Кызматыңа жабылып.
Алды-алдыңан чамынып,
Кыркың кырк ат мингиле,
Кырк көчөдөн киргиле!
«Кедейкандын заманы!»
Жар чакырып жүргүлө.

Кабарымды эл уксун.
Эл сураган бек уксун,
Бу кедейкан жок эле
Кайдан келди деп уксун.
Калк эскирткен кары уксун,
Хандыгымды айткыла,
Катын менен бала уксун.
Элүү башы, он башы
Эл бийлеген корбашы
Карыпка кара санабай
Жетимдин малын талабай,
Садага кайыр берүүчү
Эл ичинде кээ жакшы
Эч бир укпай калбасын.
«Таксыр, сөзүң акыл деп».
«Хандыгың болду макул»— деп,
Кырк вазир чыгышты.
Тагынышты кылычты.
Кыркы кырк ат миништи
Кырк көчөдөн киришти.
Кедейкандын хандыгын
Жар чакырып жүрүштү.
— Кимдин-кимдин заманы?
Кедейкандын заманы.
Алтын тагын алдырып,
Азимдин өчтү жамалы.
Калайыкка угулду,
Кедейкандын амалы.
Калктын баары таң калды,
Жакаларын карманды.
Же вазирлер Кедей деп,
Аткан сөзү жалганбы?
Же болбосо Азимкан
Чын эле түшүп калганбы?
Эсепчи мурда келбесе,

Эч кимге кабар бербесе,
Дайны жок Кедейдин
Хан болушу эмнеси?
Эл чогултуп шайлабай,
Эрдикке жеткен ким болду?
Деп сурашып, калың эл
Ушак кылып тим болду.
Кедейкандын хандыгы
Уруулуу элге дүң болду.
Калк чогултуп шайлабай
Хандыкка жеткен ким болду?—
Деп сүйлөшүп, калың эл
Кары, жашы тим болду
Кедейкандын хандыгы
Жар чакырып дүң болду.

Кедейкан кырк жигитти чакырып алып, буйрук берип турган жери:

Кырк жигитим, жигитим,
Кырк борум сенин келбетиң.
Буйрук кылам, бүтүргүн
Мойнуңдагы милдетиң.
Он эки шаар калаанын
Адамы укпай калбасын,
Алыстагы адамдар
Кабар укпай калбасын.
Бада баккан, мал баккан
Эгин айдап, дан тапкан
Элим укпай калбасын.
Алыскылар кабарсыз
Кебимди укпай калбасын.
Мата саткан дүкөнчү
Басып жүргөн бекерчи,
Кош айдаган эгинчи,
Камчы жүгөн өрүмү
Карала болуп көмүрчү,
Карсылдаткан темирчи,
Күмүш чапкан зергерчи,
Бозо саткан кергерчи,
Кийик аткан мергенчи,
Капкан салган түлкүчү,
Калдаңдаткан бүркүтчү.
Кызыл, жашыл, көк кылып
Борумдаган боекчу.
Ырчы, чоорчу, кыякчы
Куш таптаган мүнүшкөр,
Ат байлаган саяпкер
Ар өнөрдөн талапкер
Ушулардын баарына,
Кырк желдетим, кабар бер
Кимиси туура, ким арам,
Эл арасын биле кел.
Букаранын пайдасын
Ойлонбойсуң эмгиче,
Кырк көчөдөн киргиле
Элүү башы, он башы
Эл бийлеген корбашы
Эсебин тапчу көп жакшы
Эл эскиртип нарк билген
Карың билбей келгин де.
Эркек, аял — кары, жаш
Баарың калбай келгин де.
Алтымышта карыганы
Алты жашар балдары,
Эртеңки күндө келбесе
Ичинде калат арманы.
Чакырып алат ханың де
Чак болгун эртең барың де.
Хан чакырса, барбасаң,
Тирүү калбайт жаның де.

Казынага сатылат
Жер сууң менен малың де!
Жардык айтсам баарыңа
Көзүмдү салып көрөйүн
Көпчүлүктүн зарына.
Кудай сүйүп чакырды
Азимкандын тагына.
Такыр жыйгын калтырбай
Таанышайын эл менен.
Чоочун элем, кырк жигит
Мындан мурда келбеген.
Калтырбай жыйгын баарысын.
Жашы менен карысын
Алтын тактан айрылган
Азимкан ойлор намызын.
Калың эл менен кырк жигит
Ким экеним таанысын.

— Таксыр хан, сөзүң акыл — деп,
Айтканыңыз макул — деп.
Жумшадыңыз, таксыр хан,
Элдин баарын чакыр — деп,
Кырка турат кырк жигит
Эки колу боорунда.
Кызматка көнгөн башынан
Азимкандын доорунда.
Угуп алып далай кеп:

— Улуксатпы, таксыр? — деп
Хан алдында кырк жигит

Ар кимиси өзү бек.
Жалмаңдатып кылычты,
Жабылыша чыгышты.
Көп кечикпей эртелеп
Бүтүрүүгө жумушту.
Кыркы кырк ат минишип,
Кырк көчөдөн киришип
Жар чакыра баштады,
Эл иретин билишип,
Чакырып атат жаңы хан
Каары кыйын абыдан.
Эч бир адам жок экен
Эл ичинде тааныган.
Эшен, молдо, улама.
Эңтеңдеген дубана.
Эки этегин түрүнүп
Ар кимден кайыр сурама.
Катын, эркек карыңар
Кары, жашың — баарыңар,
Чакырып жатат ханыңар.
Хан чакырса, барбасаң,
Тирүү калбайт жаныңар!
Казы, мупту, сарбаздар1,
Жүз башы, бийлер жүргүлө
Алганы жок жесирлер
Атасы жок жетимдер
Көп кечикпей бачым кел!
Эринип барбай койгонуң
Эртең чыгат ойронуң
Каары кыйын хан экен,
Калың журтум ойлогун!

Эртеси таң ата алты жаштан жогоркулары бүт чогулуп, кылкылдаган көпчүлүккө көз жетпей калды.
Кедейкан тажысын кийип, тонун жамынып, вазирлерин, кырк жигитин алып, чогулган элге чыга келди. Элдин ортосунда туруп, көпчүлүк элге учурашып, Кедейкандын айткан сөзү:

Ассалоом алейкум,
Элим, аман барсыңбы?

Элүү башы, он башы
Бегим аман барсыңбы?
Эл бийлеген корбашы
Жакшың аман барсыңбы?!
Эл ичинде дубана
Бакшың аман барсыңбы?!
Амандыгын сураймын
Бириң эмес барыңын,
Жашың менен карыңын.
Жүзүн көрүп таанып ал
Мен өңдөгөн ханыңын.
Кедей элем алым жок,
Кериде жаткан малым жок
Эли журтум, эсенби?
Силер барда көөнүм ток.
Карып элем алым жок,
Капталда жаткан малым жок
Калың эл, сенин барыңда
Хандыгымдан көөнүм ток.
Кече түшкөн Азимкан
Салыгын кандай салчу эле?
Алымын кандай алчу эле?
Чыгымын кандай бөлчү эле?
Кимиңди жаман көрчү эле?
Кимиңе тике турчу эле,
Жигити кимди урчу эле?
Хандыгын кандай кылчу эле?
Кечеги түшкөн Азимкан
Кимиңерге тынч эле?
Жакшы турса, Азимдин
Жолу менен барайын.
Жаман болсо, бир жолу
Ишимди бөлүп алайын.
Ажалым жетип өлбөсөм,
Элим, мен боломун таалайың.


Кыргыз