Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кедейкан. Токтогул Сатылганов 2-бөлүм

«Энеке, эми көп кайгырбагын, мен сени кор кылбаймын. Мен ууру болдум. Бирок уурдаганда жардыны
уурдабастан, хандын кадырын сактаган, элди жеген казынын, вазирдин малын уурдагамын»,—. деди Кедей. Анан жолдошторуна: «Вазир менен хан өлсө сүйүнө турган эл толуп жатат» — деди да, канжарын ичинен байланып, шакардай кайнап, кабагым-кашым, дебей, эч кайгы жебей жөнөп кетти. Жолдоштору «ушундай дагы эр болобу, мунун жүрөгү адамдын жүрөгү эмес, жолборстун жүрөгү го» дешип таң калышып, акмалап Кедейдин аркасынын жөнөштү. Кедей айтканындай вазирди мууздап качып чыкты. Вазирдин жигиттерди кууп чыгып узатпай кармап калышты, өлөсөлүү кылып уруп, орго салып кайтарып койду. Калган жазасы хандын акылы менен берилсин дешти. Олдоктогон кароолчунун жанына Кедейдин төрт жолдошу келип акмалап турушту. Анда кароолчунун: «ушундай дагы эр болобу, жыйырма-отуздай киши кызылдай сабап жатса, башы-көзүн жашырып да койгон жок. Кыпкызыл кан тулку боюнан агып турса да ичиркенбеди. Анын үстүнө тирүү калсам далайыңардын каныңарды ичермин деп жулунуп жатканын көр» деп, өзүнчө сүйлөнүп турганын төрт жолдошу уга коюп, кароолчудан жалынып сурап турган жери:

— Айланайын кароолчу,

Толгонгон жашык бооруңан.

Кедейдин тирүү калышы

Келеби сенин колуңан?

Айрылганы турабыз

Эч амалдын жогунан.

Бул бечара Кедейдин

Жүрөгүндөй жүрөк жок,

Телегейди тең санап

Тилегиндей тилек жок.

Түшүптүр торго чалынып,

Тирүү калса арман жок

Калбаса хандын каарына,

Пайдасы тийчү жан эле

Бакырлардын баарына.

Тап коет эле өлбөсө,

Залим хандын тагына.

Себепкер болор бекенсиң

Өзүңдөй эрдин канына?

Ушу сапар калкалап,

Куткарып берсең өлүмдөн,

Жакшылыгың тирүүдө

Кетпес эле көңүлдөн.

Акыл-эсин токтотуп,

Чыңай элек бу карып

Өзүн өзү ойлонуп

Сынай элек бу карып.

Эрдигине чыдабай

Келе жатат бу карып.

Белгилүү — эрден болмокчу.
Бересизби чыгарып?
Зарланабыз алдыңда
Сагырга1 бооруң ачыса,
Биз садага, жаныңа!
Баш кошконбуз бешөөбүз
Ата-энесиз жетимче,
Көк болот эле бу кургур
Мизи курчуп жетилсе.
Оокат үчүн сен дагы,
Күн-түн орду сактайсың.
Күнүмдүктөн арттырып,
Эч береке таппайсың.
Чындап бооруң ооруса,
Чыгарып берип жолдош бол!
Бүгүндөн калса өлтүрөт,
Биз алабыз милдетин,
Чындыгына келе кол.
Өлтүрбөгүн, тирилткин,
Өзүңө түбү чоң пайда.
Өчүрбөстөн тамызгын,
Пайдасы жок түбүндө
Залимге кылган намыздын.
Биз тилейлик аманын
Ордон чыкса жалгыздын,
Ордон аман чыгарып,
Сыр алышып таанышкын.
Чын дүйнөлүк дос болуп,
Чыпалактан алышкын.
Мындай эрди кор кылба
Муңга бизди зар кылба.
Биригишип кол кармаш

Кул бололук алдыңда.

Кедей менен беш элек

Болобуз алты сиз менен.

Ор кайтарып жүргөнчө

Кол кармашкын биз менен.

Акыреттен жай табат

Адилдигин үзбөгөн.

Бүгүндөн калса бул өлөт,

Ырыскысы түгөнөт.

Карыганда энесин

Кайрылып барып ким көмөт?

Адам уулу өлбөсө,

Азып-тозуп күн көрөт.

Анттуу-шерттүү дос болуп

Кайтарганча ор сактап

Жүргүн, оокат кылалык,

Кол кармашып бир жүрүп.

«Менде катын-бала, жакын тууган, жакшы санаалаш киши жок. Минтип уйкудан калып, убара болуп
ысыкка күйүп, суукка тоңуп, эки колумду боорума алып өмүрүмдү өткөрүп, душманымды багып жүргөнчө, Кедейди ордон чыгарып, ушулар менен кетейин» деген ойго келди кароолчу. Танапты салып ордон
Кедейди чыгарды. Кедей жетим келер менен энесинин мойнун кучактап, энеси жана жолдоштору менен
коштошту:

Мен өңдөнгөн жетимден
Беш алтыны бактыңыз.
Берсе кудай тилекти,
Бейишке кирип жаттыңыз.
Өөдө кылган сен элең
Өз балаңдай асырап.
Өлүмгө кетип баратам,
Өз элимден ажырап.

Жетилтип бактың жашымдан,
Нечен иш өттү башымдан.
Тилиңди албай, энеке,
Зыянкеч болдум жашымдан,
Залимдер кууду артыман.
Качамын хандын зарпынан.
Тирүү койбойт кармалеам,
Тентимек болдум калкыман.
Токтонбойт санаа, көңүлүм.
Элиме суук көрүндүм.
Эч бир айла табалбай
Энеке, сенден бөлүндүм.
Калкыма салдым көп чууну,
Ханы менен бек кууду.
Тың чыксам залим көралбай
Чыйрак чыкты деп кууду.
Төрт жолдошум, бир энем
Амандыгым тилеген.
Залим хандын заарынан
Ажыраштым силерден.

Барсам кайда батамын?
Башымды жутту чатагым,
Жакшы жолдош, жан энем,
Айрылганга капамын.

Түшчү болсом колуна,
Тирүү койбос Залимкан.
Мендей далай карыптын
Мойнуна чынжыр салынган.

Мен өңдөнгөн эченди
Караңгы орго салдырган.
Жетелетип далайдын
Желдетке башын алдырган.

Кедейдин тыңын Залимкан
Карадарга астырган.
Сөз кайрыган адамды,
Дубалга тирүү бастырган.

Хан менен беги кажады
Кор башы, байдын далайга
Өтөт го кыйын азабы.
Бирин-бири колдошот
Бузулган ишин оңдошот.

Уруксат бергин, кетейин
Убайым шорун кечейин.
Карып жанга күч келди,
Кагылайын энеке,
Качпаганда кантейин?!

Аталашпай алынган,
Жатындаштай жагынган.
Жетим кезде багыма
Жетелешйп табылган,
Көрүнбөй калсам бирерде,
Көңүлү учуп сагынган.

Айланайын төрт жолдош
Качпасам жакшы иш болбос,
Качпасам чын өлөмүн,
Кош аман бол, кайыр кош!
Жамандык өтсө кечиргин,
Жашыбыздан көңүл дос!

Адалды жесек, бир жедик,
Арамды жесек, бир жедик.
Азган-тозгон жетимдер
Баш коштук эле иргелип,

Кош, аман бол, жолдоштор,
Санаа бурбай жүрөлүк!

Айланайын балам, деп,
Айткан жоксуң атыман.
Ажыраштым энеке,
Ар кимге тийген саатыман.
Жалдыратпай ар кимге,
Бактың эле жашыман.
Тилиңди албай, энеке,
Тетири жүрдүм башынан.
Тапшырайын, төрт жолдош.
Жакшылап баккын энемди.
Жай тапчу болсом бир жерден
Билемин кайта келерди.

Залимканга кор кылбай,
Алып кетем силерди.
Баккан энем, төрт жолдош,
Бешөөңөр тең аман бол!
Ажырашар күн — ушул
Алыска сапар бастым жол.
Айрылыштык амалсыз
Амандыкка бердим кол.

Энеси Гүлсаана: «— Балам, кош бол! Тилимди албадың. Өлөр убагымда таштап кетип баратасың.
Мен болсом кудайдын салганын көрөрмүн. Сен кайда болсоң да аман болгун. Сага бир насыят айтайын,
айланайын. Башта тилимди албасаң да, эми алгын. Хива деген шаар бар. Анын Азимкан деген ханы бар.
Ак эшен деген эшени бар. Ал эшенди Азимканга кадырлуу киши деп уккамын. Балам, ошол эшенге
кол берип, кудайга шүгүр айтып, жаман жүрбөй, жакшы жүргүн»,— деп кемпир бечара ботодой боздоп,
кулундай чыңырып, алы кетип жыгылып кала берди. Төрт жолдошу да ыйлап-сыктап калышты. Кедей так
отуз күндө Хива шаарына чокою жыртылып, буттары шишип басалбай араң жетти. Көчүгү менен жылып-
туруп, Ак эшендин мечитинин алдына жетип буркурап ыйлап олтурду:

Кагылайын, эшеним,

Кайдан табар экемин?

Качан көзгө көрүнөт

Караңгы жайлык жетегим?

Кабар алган киши жок,

Мен мусапыр карыптан.

Жакшы киши дечү эле,

Жакырларды жарыткан.

Адеп берип неченге

Акырет жолун тааныткан.

Кардым ачка, каруу жок

Кайрылбай өтөт карды ток.

Азирет эшен, сиз үчүн

Эт жүрөгүм кызыл чок.

Азирети эшенди

Көрөр күнүм бар бекен?

Басып өткөн изинен

Өбөр күнүм бар бекен?

Ажал жетсе, кол берип,

Өлөр күнүм бар бекен?

Басып издер бутум жок,

Шишип жаткан убагым.

Үстүмдө бүтүн киймим жок,

Үшүп жаткан убагым.

Чалчык суудан темселеп

Ичип жаткан убагым.

Эки бутум тең шишип,
Аксап жаткан убагым.

Эч адам алым сурабай
Садага жок, кайыр жок
Какшап жаткан убагым.

Мечитинде жатамын,
Жүзүн. көрбөй өлөмбү
Азирет эшен атамдын?
Ак эшенге кол бербей,
Өлүп кетсем капамын.

Бу дүйнөдө жарыбас
Бир мусулман келбеди,
Муңдун баары мендеби?
Мен мусапыр карыптын
Көзүнүн жашы селдеди.

Асанга даарат албадым,
Ак селде башка чалбадым.
Кол берем деп нээтимди
Ак эшенге арнадым.
Эшендин дайнын табалбай
Ээн талаада зарладым.

Эшенди издеп бар деген
Энемдин сөзүн сыйладым.
Тек жүр, деп акыл беришкен
Төрт жолдошту кыйбадым.
Эшендин дайнын табалбай
Эмгек тартып ыйладым.

Бир мусулман учурап
Алымды сурап келсечи.
Эшенге кабар берсечи,
Элинен азган карыпты
Эшеним келип көрсөчү.

Ак эшендин азанчысы Сакы сопу деген киши азан айтмакчы болуп мечиттин мунарасына чыгып баратып ыйлап жаткан Кедейди көрүп, эшенге жүгүрүп барды. «Таксырым, мечиттин алдында ачка, алсыз начар, кийимсиз жылаңач бирөө «эшениме кантип барамын, барсам кайдан издеп табамын» деп ыйлап жатат» — деди. Ак эшен «алыскы жерден мен үчүн келген кишинин алдына барбасам болбос»— деп, беш калпасын ээрчитип Кедейге келди. Кедей Ак эшен экенин билип, буркурап ыйлап, бутун кучактап элинин кайырсыздыгын ушактап сүйлөдү:

Ассалому алейкум,
Амансызбы, жан бабам?
Арманын айтса мен балаң:
Мен мусапыр бир Кедей
Муңун айтып зарланган.
Касиеттүү эшеним,
Карыптарды жалгаган.
Ач-арыктын атасы,
Алданын тийген батасы,
Ачылар бекен, жарыктык,
Мен мусапыр капасы?
Зыярат кылбай нетемин?
Азирет сизге кол бери^,
Мурадыма жетемин,
Аптиек окуп, кат кылдың
Алданын сөзүн жат кылдың
Алдыңа келген адамды
Күнөөсүнөн сап кылдың.
Куран окуп, кат кылдың
Кудайдын сөзүн жат кылдың.
Кудай деген момунду
Күнөөсүнөн сап кылдың.

Куран окуп маани айттың
Куданын сөзүн даана айттың.
Чар китеп окуп, маани айттың.
Чалияр сөзүн даана айттың.
Түн терметип олтурдуң
Ичиңе нурду толтурдуң.
Касиетин барынан
Бер кудай деп кол сундуң.
Алты жүз экен калпаңыз.
Азганга тийген аркаңыз
Кудай сүйгөн кул элем,
Куруган күндө алкаңыз
Таң атканча «үү» деген
Дааратына суу деген
Өмүрүнчө тобо деп
Акыреттин камын жеп,
Калас болгон күнөөдөн
Кор кылба да, зар кылба
Кол куушурам, эшеним
Кызмат кылып алдыңда.
Колу узарган сиз менен
Кожо-молдо дамбылда
Кол тапшырам деп келдим,
Чачымдан көп күнөйөм
Кудайдын жакын кулусуң.
Азирет, сизден тилейин
Алданын сүйгөн жакыны,
Азиздигиң билейин,
Бир момундун уулумун
Бир куданын кулумун.
Убарам кыйын ушунча
Тилек кылып турумун.
Кокусунан колумду
Албасаң, эшен, курудум
Дааратыңа суу камдап,

Кумганынды алайын.
Беш убак намаз окусаң
Жайнамазың салайын.
Таксыр, сизге кол берип
Жаман санаа, жашчылык
Пейлимден кайтайын.
Жаныңызда бир жүрүп
Берсеңиз теспе тартайын.
Кими адал, ким арам.
Таксыр, калпаларың байкайын.

Кедейге аң-таң калып, сөзүн угуп алып, көңүлү толуп, ыраазы болуп, сакалын тарап, Кедейди карап, «арамдык кылбаймын, шарыяттан жылбаймын деп касам ичкин» — деп Кедейге эшендин айтканы:

Аллейкума ассалям,
«Алы начар экен»—деп
Алдына келдим мен — бабаң.
Эсенсиңби, карагым?
Сөзүн ук эшен бабаңдын.
Кол бергени келипсиң
Оңолду сенин талабың.
Жаш экенсиң мусапыр
Өз жайыңа карагын.
Кол берип анан бузулсаң
Каарына алат пир деген
Каргышына жолугат
Жакшы асырап жүрбөгөн.
Колу буту шал болот
Кожосун көзгө илбеген.

Кол берген киши көп болгон,
Чыдаган эрлер ток болгон,
Чыдамсыздар бузулуп,
Чын каргыштан жок болгон.

Каргыш менен Кедейим
Касам ичип каргангын.
Калп кара өзгөй сүйлөбөй
Калпалыкка арналгын.

Кусулдаарат аласың
Куданын жолун табасың.
Пайгамбардын үмөтү—
Башыңа селде чаласың.
Беш убак намаз окуйсуң
Бейиштен бурак токуйсуң
Периштелер дарс айтса
Бейнамаздан чочуйсуң.

Кожону көрсөң кол бергин,
Молдолордон жол көргүн.
— Эшеним,— десе эңилгин
Күнөйүңдөн жеңилгин.
Бирөө менен сүйлөшсөң
Мээри болот кебиңдин
Убаданы унутпа
Чын сөзүңдү дуруста.
Кол берген соң Кедейим
Бирөө менен урушпа.
Улуу киши жумшаса
Тартынбай бар жумушка.

Кедей карганып, эшенге зарланып, жакасын карманып ант берди:

Азирет эшен пирибиз,
Жуулду ички кирибиз.
Мынчалык издеп келген соң
Мухамбетке жарык динибиз.
Айтканыңдан жылбайын,

Арамдыкты кылбайын,
Азирет, сизге кол берип,
Ал жолуңда жыргайын.

Чыкпайын таксыр жолуңан.
Кутулуп, сизге келгемин,
Залимкандын торунан,
Астыңда туруп Ак эшен
Арылсам болду шорумдан.
Кол берип сизден бузулсам.
Кудай урсун кут урсун,
Байгамбар урсун, бата урсун,
Мынакей, ушул ант урсун!
Бирөөгө зыян кааласам,
Көкүрөгүм дарт урсун!

Эшеним, сиздей пир урсун,
Жаңылсам ушул жолуңан.
Жашатпасын дин урсун.
Жаш башым тентип ар жерде
Мындан бетер кыдырсын.

Батаңды алып, кол берип,

Мурут атка коноюн.

Калп айтчу болсом бул сөздү

Кара эшегин болоюн,

Касиетиң болбосо,

Кантип сага жолоюн!

Курсагым ачка, кийим жок,
Курдаштан көргөн сыйым жок
Жамандыкты көп көргөн
Бу күндө менден кыйын жок.

Кедей турат зар ыйлап
Кайта-кайта карганып
Кара жаш кетип көзүнөн
Кайгы менен зарланып
Колун алды Ак эшен
Куру сөзгө алданып.

Күүлөнүп эшен чакырды
Калпалар деп бакырды.
Калпалар келди каркылдап,
Дубаналар сопулар
Асалары шаркылдап.

Калпалары кагырап,
Дубаналар дабырап,
Ак урушуп күрсүлдөп
Мечиттин ичи дүбүрөп.
Эшен баштап жөнөдү
Мусапыр Кедей жүрсүн деп
Казаначы, кан сопу
Намазыңды бат оку.
Менин тилим ал, сопу.
Алып келгин Кедейге
Селде орончу ак топу.

Башына селде чалайын,
Жайнамазын салайын.
Кызмат кылып туруучу,
Нөкөр кылып алайын.
Деп, Ак эшен Кедейди
Дааратка колун тийгизип,
Таза кийим кийгизип,
Беш убакты намаздын
Белгилерин үйрөтүп,
Безилдетти Кедейди

Шарыяттан сүйлөтүп
Эки колу боорунда
Ак эшендин доорунда
Даарат менен Кедейдин
Тартса теспе колунда.
«Иллалда» деп олтурат
Байгамбардын жолунда.

Кусулдаарат колунда
Башына селде чалынат.
Кудайым деп жалынат,
Кол куушуруп эшендин
Кызматына камынат.
Түнүнкүсүн уйку жок,
Күндүзүндө тынчы жок,
Ак эшенге жагынат.

Кедей он күнү кызмат кылып турду. Анан оюна бир пикир алды да, бир сыр сурасам кандай жооп берер экен деп жалгыз отурганда эшенге барып мындай деди:

Айланайын эшеним,
Айтпаймын сөздүн бекерин.
Аз калды өлүп кетерим.
Ушул арман сөзүмдү
Таксыр, бүгүнкү күн чечериң.
Таксыр эшен жарыктык,
Чыгарсаң ички сырынды,
Мен да айтамын чынымды.
Таппай турам, азирет
Сыр чыгарар ыгыңды.
Ат чабым жерде оолуң бар,
Оолу толгон коонуң бар.
Оюм менен билемин,
О дүйнөлүк сообуң бар.

Садагасы кетейин
Оодарылбас жолуң бар.
Ал оолуңдун ичинде
Алма, өрүгүң гүлдөгөн
Ичинде булбул үн-Дөгөн.
Бейнамаз басып келбеген.
Сиздей болсо, жарыктык,
Азирети пир деген.
Касиеттүү пиримсиң
Карыпка сооп издеген
Кагылайын эшеним
Кардым тойду сиз менен.

Мечитиңе күнүгө
Бешимден киши жыйылган.
Бериштелүү эшеним
Пенденин баары сыйынган.
Карыптарга кайрыкер,
Бечарага боорукер,
Мен сураган сырыңды,
Азирет эшен айтып бер.
«Үф» деп жүргөн дубанаң
Үлкөн молдо уламаң.
Таң атканча чарк уруп,
Ак тилеген кудайдан.
«Ак» деп жүргөн дубанаң.
Алым молдо уламаң
Акыретти ойлонуп
Адалдан насип сураган
Касиеттүү эшен деп
Калкың кадыр кылабы?
Калк башкарган Азимкан —
Мартың кадыр кылабы?
Мартыңа кандай кадырың?
Жакырың Кедей сурады,

Эртели кеч кол берип
Элиң кадыр кылабы?
Эл башкарган Азимкан —
Бегиң кадыр кылабы?
Бегиңден көөнүң тынабы?
Бегиңе кандай кадырың,
Бечараң Кедей сурады.
Каныңа барбы кадырың?
Каныңдын айтчы сабырын
Сырдашпасам сиз менен
Таксыр, кетер эмес жабырым.
Бегиңе, кандай кадырың?
Бегиңдин айтчы сабырын.
Күчөп кетти, эшеним,
Менин кайгы жабырым.
Таксыр, мен сизден сурайын
Сырыңызды угайын.
Бул дүйнөнү жапжарык
Жаратыптыр кудайым.
Жашырбай айтсаң сырыңды
Ичимден чыксын убайым.

Эшен мактоону жакшы көргөн жоон өпкө киши экен, Кедейди карап, сакалын сылап, өзүнүн сөзүн чыңап, ошондо анын айтканы:

Уккан-көргөн мусулман
Учурашып кол берет.
Сырымды алса сенчилеп
Зыяратка көп келет.

Муңуңду ачсаң, Кедейим,
Мусулманга мен керек.
Кадыр кылат ханыбыз,
Калк агарткан чагыбыз.

Кайгың чыгып ичиңен,
Ачылар Кедей багыңыз.
Ызаат кылат бегибиз
Үйүлүшүп күнүгө
Дуба алышат элибиз.

Эмне, Кедей, кемиңиз?
Кемчилигиң жоголуп,
Табылар, балам эбиңиз.
Хан кадыр кылбаса,
Калпасы мендей болобу?
Калпасы мендей болбосо
Калкынын көөнү толобу?
Бир куданын алдында
Калп-карөзгөй оңобу?

Беги кадыр кылбаса,
Эшен мендей болобу?
Эшени мендей болбосо
Элинин көөнү толобу?
Бир куданын алдында
Эки сөздүү оңобу?
Амандыгын тилеймин
Азим падыша төрөнүн.
Ардагымдай көрөмүн,
Аябай чындап сурасам,
Чымындай жандан бөлөгүн
Билип турам берерин.
Кол тапшырдың пирим деп
Табайын балам эбиңди.
Азимкан менен Ак эшен
Кадырлашпайт дедиңби?
Айтчы, Кедей сырыңды
Толтурайын кемиңди.


Кыргыз