Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кедейкан. Токтогул Сатылганов 1-бөлүм

Илгерки өткөн заманда, кыргыз эли ачарылыкка учурап, алдуусу тентип-тентип оокат таап, алсыздары кайың саап, кыздары шимүүр шимишип, эл жардылыктан итке минип, азып-тозот. Ошондо кыргыздан Курама, Сары деген эки бир тууган киши түркмөн элине тентип барган. Баргандан кийин Сарысы ачкадан өлүп калат. Курама өнөрлүү, колунан иш келген, өнөрүнүн аркасында ар кимге батымдуу болгондуктан, түркмөн элине эки жылы оокат кылып жан сактап туруп, үчүнчү жылга айланганда өлөт. Аялынын боюнда эркек бала калат. Арадан көп убакыт өтпөстөн аялы төрөп, баласынын атын Керээз коет. Керээз үч жашка чыкканда энеси өлүп, томолой жетим калат. Кийимсиз жылаңач, жылаңбаш, тамаксыз курсагы ач, кышкысын суукка үшүп, жатса итче бүрүшүп, көргөндөр шылдыңдап күлүшүп, Керээз жетим көрбөгөн жамандык калбады. Керээз аты калып, Кедей жетим атка конду. Бечарага кайрымдуу бир сопу киши бар деп угуп, Кедей жетим сүйрөлүп, сүлдүрөп, сүйлөй албай үлдүрөп сопуга барып кайыр сурады. Сопу: «балам,
менде эч оокат жок. эгер болсо берер элем. Өнөрүм сопу, атым Саалы. Саалыда сары чака жок, сопуңдун солуп турган маалы. Балам Кедей жетим, мен сага бир жакшылык кылайын: бүгүн мында конуп эртең менен Гүлсаана деген бир кемпир бар, атасы жокту асырайт, жылаңач барса кийгизет. Сен, балам, ошол Гүлсаанага баргын, жалбарып-жалынып жаштыгыңды, жетимдигиңди зарлап бир айтып көргүн. Сени Гүлсаанадан башка киши батырбайт, батырмак тургай тамагынан таттырбайт!» — деди.

Жетим кемпирди издеп тапты да, кемпирдин үйүндө кызмат кылып, малын багып, отун жагып, суусун алып, тезегин терип, алы жеткен оокатына каралашып, отун-суусуна аралашып турду.

Кедей жетим жакшы көрүнүү үчүн түндөн туруп уйкусун бөлүп, жаман сөз айтпас бекен, жаш көңүл кайтпас бекен деп, кемпирге жагынып жүрдү. Баланы кемпир жактырды. Бирок кемпир балага сыр чыгарбады. Кедей жетим бир күнү: «кемпирге энекелеп бир жалынайын, эгер менин муңумду укса жана мусапыр экениме көзү жетсе, мени мындан ары да багып калар. Көзү жетпесе, күнүмдүк оокатыма жарар»— деп, Гүлсаананын маңдайына барып, эки колун бооруна алып калтаарып, жүзү жалтанып зарлап айтып турганы:

Айланайын энеке,
Мен болоюн көлөкө,
Мен мусапыр жетимди
Жалдыратпа бөлөккө.
Түңүлбөсүн энеке,
Түбүндө жарайм керекке.
Беш тырмагың береке,
Берекелүү энеке.
Он тырмагың береке,
Оюңдан чыкпайм энеке,
Эрезеге жеткенче,
Кор кылба мени бөлөккө.

Кийимимди тоздурба
Кызыматкермин астыңда.
Ушак-айың кеп уксаң
Көңүлүңдү аздырба
Бала болуп байралып,
Турсам кантет мен мында?

Ата-энесиз баламын,
Жетимдигим — жаманым.
Жергесиз жетим дебесең,
Жетилсем, сени багамын.
Ажалдан кудай сактаса,
Ачылар күнү замандын.

Туубасаң да, энеке
Тутунуп мени багып ал.
Үч-төрт жылда жетилем,
Мен табамын далай мал,
Көлөкөсүз жүргөнчө
Бир балалуу болуп кал.

Сен жесир эне, мен — жетим,
Жетимдигим — илдетим,
Баш кошуп оокат кылалы,
Мойнумда сенин милдетиң.

Жай таппадым жатарга,
Үй таппадым батарга.
Каралды болгун, энеке,
Мен бир жетим начарга.

Гүлсаана кедей балага боору ооруп ойлонуп турду. Багып алайын десе, бакма балдарды бир нече жолу
багып жүрөгү күйгөн. Бакпайын десе, жетим баланын зарына, ыйлап суранганына көңүлү чыдабай, «Бакса
багып алайын, какшанып жалгыз отурганча ушуну тутайын» деди.

Мен бир жесир кемпирмин,
Эченин бактым жетимдин,
Баксам багып көрөйүн,
Жамандык кылсаң, тентирмин.

Далайды бактым балам деп,
Бала кылып алам деп,
Баласы менен курусун
Баарынан уктум жаман кеп.
Эч бирөө да айткан жок:

— Энеке сени багам,— деп
Жалынып келет сенчилеп
Жаңыдан мени тапканда,
Өз баламдай сыйладым,
Ошолорду бакканда.

Өгөй бала курусун,
Өкүнөм ошол өткөнгө.
Өз балдарым деп жүрсөм
Карабай кетчү көпкөндө,
Энесинип сөз айтсам,
Сайсөөгүм сыздайт сөккөндө.

Өлөйүн десем жан таттуу,
Кирейин десем жер катуу.
Өпкөгө тээп өткөндө
Ажалы жетип, күн бүтүп
Айрылдым эле эримден,
Аманат дүйнө койбоду
Азамат эле керилген.
Арбагын сыйлап отурам,
Балам, кеталбадым элимден.

Эрезеге жетерсиң

Балам, элиңди таап кетерсиң.

Эмгегимди ойлонуп

Эстебей койсоң бекерсиң.

Тууруңа жетерсиң

Балам, тууганың издеп кетерсиң.

«Тутунган энем эле» — деп,
Турбай койсоң бекерсиң.

Мен баксам сени арыкта,

Өгөйлүгүң таанытпа.

Өлгөнүмчө бөлүнбөй

Турарыңды аныкта.

Кете берип көпкөндө

Балам, душманга мени зарылтпа.

Алтымышка жаш жетти,
Энеңден кайрат-күч кетти.
Беш-алты жыл багууга
Алайын балам, милдетти.

Менден жооп албастан,

Бир жакка өзүң барбагын.

Жолдо жатса, бирөөнүн.

Эч нерсесин албагын.

Эне ордуна көрүнсөм

Балам, бул сөзүмдү кармагын.

Көрпөдөн ичик кылайын
Көбөсүн макмал кынайын.
Көйкөлтүп сага кийгизип,
Көкүлүңдөн сылайын.
Жаннаттан’ ичик кылайын
Жакасын кундуз кынайын.
Жалгыз балам эле деп
Жатсаң-турсаң сылайын.

Жаман жерди бастырбай,
Жармадан кардың ач кылбай.

Жаннат — бейиш

Өгөйлүгүң билгизип,
Өң түзүңдү аздырбай.

Төркүнүм алыс ыраакта,
Төбөгө чаап кууратпа.
Калп-карөзгөй сөз айтып
Карыларга суратпа.
«Канакей балаң?» — дедирип
Калтыра көрбө уятка.

Колумда туруп көгөрсөң,
Кубатым кетип карганда.
Көлөкөңө жөлөнсөм,
Өлүп кетсем ошондо,
Балам, сен ак кепиндеп көмөрсүң?
Арманым калбас жалганда.
Жолуктуң, балам карганда.
Өлсөм болду алдыңда
Мүнөзүңдү кошпогун
Мурунку баккан балдарга.

Кедей Гүлсаана кемпирдин сөзүнө эрип, колун берди. Мойнунан кучактап, көзүнүн жашы бурчактады. Эч
адамдан сыйлуу кеп укпаган, ичинен кайгы чыкпаган жетим кемпирди жанындай көрүп, көзүнүн жашын
төгүп, кубанганынан айткан сөзү:

Сизден башка адамдан
Укканым жок жылуу кеп,
Уруп-согуп чыгарчу:
«Ырысы жок жетим» — деп.

Күйүк көмөч, күлчө нан
Кудайы кайыр сурадым.
Үч жашымдан түрткү жеп,
Мусапыр болуп куурадым.

Ажал жетип өлөрдө

Энеке, алдыңа келип турамын.

Арсыз жетим кедеймин
Ата тургай, энем жок
Ачка куурап жүргөндө
Алымды сурар жеңем жок
Жумшак тил, жылуу сөз угуп,
Энеке, сенден көөнүм ток.

Жайытым жаман тарыды,
Жалдырап көңүл арыды.
Сенден башка эч адам,
Энеке, сурабады алымды
Жумшасаң тилиң алайын,
Уктасаң, төшөк салайын.

Моюнума көтөрүп,
Өлгөнүңчө багайын.
Жакшылыгың унутсам
Өрттөнсүн бакты-таалайым.

Жамандык кылсам жашымда,
Жаныма тиер кусуруң,
Жакшылап баксаң, энеке,
Көңүлүм кантип бузулсун.
Жаңылып кетсем кокустан,
Жаш башымды туз урсун!..

Алым ошол болгон соң,
Кантип болом тоң моюн.
Тузуңа кара санасам,
Туугандан эки болбоюн.
Өлбөсөм да ошондо
Өмүрүмдө оңбоюн.

Бара-бара сынарсың,
Ичиңден сүйүп тынарсың.
Алынып кетсем, энеке,
Амандыгым сурарсың
Көңүлүңдө кайгы жок,
Күлүп жайнап турарсың.

Жетимди кемпир багып алды. Кемпирди эне дейт, тамагын ичип-жейт. Кийими бүтүн, бой тартып калды. Жүргөн жери ызы-чуу, айылды кагыштыра, ар кимди. чабыштыра баштады. Анткени менен энесин жакшы багат. Бардыгын байлардан уурдап табат. Анысын кемпир билбейт, билип калса тилдейт. Кедей өзүндөй эпчил, албеттүү азаматтан төрт жолдош таап алды. Бешөө жатса да турса да, бир жүрө турган болушту. Төрт жолдошу Кедейдин чалгынчысы болуп кайсы жерде ыктуу бай болсо, ээн мал болсо көрүп, Кедейге айтып келишет. Түркмөн элинин байларынан Кедейдин жебегени калбады. Бир күнү түркмөндөрдүн каны элинин баарын жыйып алды, байлары, бектери, дагы башка Кедейге жедирип жүргөндөрдүн баары чурулдап ханга арыз болушту: «Кедей жетим деген куу чыкты. Бул куунун жебеген кишиси калбады. Баарыбызды күйгүздү, же бул элди аттырыңыз, же элдин урматы үчүн Кедей жетимди таптырыңыз», — дешти. Кедейдин төрт жолдошу элдин арасында эле. Хандың буйругун угар менен жүгүргөн бойдон Кедейге келишти. «Кантебиз, ханга бардыгы арыз болушту. Хан кырк жигитин чакырып: «таап келгиле, таппасаңар башыңарды алдырамын» — деп, катуу буйрук кылды» — дешти. «Мен ханга карматпаймын, кырк жигит эмес, сексен жигит келсе да, караанымды көрсөтпөймүн», — деди Кедей бала. Жолдоштору: «Жок, андай кайрат жарабайт, көпкө топурак чачабызбы, андан көрө сен бир качкын, бул Чамбылга1 турбагын» — дешти. Шаардан жарым күндүк жолго качып чыгышып, бир аңдын ичине Кедейди жаткырып, жолдоштору тамак ташып түн ичинде келип-кетип турушту.

Хандын кырк жигити издеп эч жерден таба алышпагандыктарына кайгырышып. бир-бирине керээздерин
айта башташты. «Бир Кедей үчүн кыркыбыз өлмөк болдук. Кыркыбыз кырк жерде туулуп, ажалыбыз бир жерден экен го,» — дешип убайым санашып, бирин-бири карашып, үшкүрүк басып, өңдөрү азып келе жатып, Саалы сопуга учурап калышты. Кырк жигиттин сопудан сураган жери:

Беш убак намаз окуган,
Бей намаздан чочуган.
Касиетиң бар эле,
Өзүң теңдүү сопудан.

Көпчүлүктүн чакырган
Жашы менен карысын.
Жыйып келип бергенбиз
Бүтүн элдин барысын.
Тыңшап турчу Залимкан
Чуулдаган арызын.
Бири айтат: — алды уюмду,
Бири айтат: — мен да алдырдым
Уйдан артык буюмду.

Алардын арызын укканда,
Залимкан жакшы туюнду.
— Кедейди таап келгин, — деп
Кекетип бизге буюрду.

Таттуусун билсең жандын деп,
Датчыларга Кедейди.
Тапсаң тирүу калдың деп
Табалбадык Кедейди
Далайдан бери биз издеп,
Уламадан уладык,
Улуулардан сурадык.
Угуп көргөн киши жок
Убайым менен куурадык.
Кедей үчүн кыркыбыз
Кетмек болдук куланып,
Кайда экени билинбейт
Карааны көзгө илинбейт
Кедейди таппай кырк жигит
Кейишин тартып зирилдейт.
Өлөбүз го сопу аке
Өлгөн кайра тирилбейт.
Көрүп-билип калсаңыз
Жүрөгүбүз токтосун,
Жүргөн жерин чалсаңыз.
Айтып берип Кедейди,
Ажалсыз бизди өлтүрбөй,
Ажыратып алсаңыз,
Алдага жүзүң жапжарык
Акыретке барсаңыз.
Кетпеди кайгы көңүлдөн
Биз калсак, сопум, өлүмдөн…
Табалбадык Кедейдин
Дайнын сурап көбүңдөн,
Таап берсеңиз жакшылык
Кетпес эле көңүлдөн.
Сопу айтты: — балдар, тура тур,
Соболумду уга тур.
Көргөнүмдү айтайын,
Көпчүлүгүң көңүл бур?

Башынан билем жөн-жөнүн
Бала экенде көргөмүн.
Андан кийин билбеймин,
Тирүүсүн же өлгөнүн.
Бир кондуруп үйүмө,
Кетиргемин келгенин.
Бар дегемин бай кемпир
Өзүнүн аты — Гүлсаана,
Төрөгөн эмес бир бала,
Менин айткан акылым,
Отунун алып, от жагып,
Оокат жагын тырмала,
Арамдыкка бурулуп,
Андан кетип куураба,
Ар эшикти бир түртүп,
Адатыңча ыйлаба, —
Деп ошондо Кедейге
Акыл берген болчумун.
Ар ким келсе үйүмө
Бир түнөтүп койчумун.
Сообу тиер бекен деп.
Алсыз жетим шордуунун
Кетти эле мага бир түнөп,
Ачарчылык убакты,
Кекетип кокус Залимкан,
Тапшырса өлүм суракты.
Гүлсаанадан табасың,
Күйгүзүп жүргөн чунакты.
Түркмөндөрдүн элинде
Тууралык бар кебинде.
Түзүгүн айтып берерин
Тура тур, балдар, эринбе.
Тууганыңды коркутуп,
Душманыңа телинбе.
Төрт түлүктүү малы бар,

Мал үчүн жыйган камы бар
Карыптарга боорукер
Кайрылуу жайы дагы бар.
Катарлантып салдырган
Мейманкана тамы бар.
Баргыла, балдар, жалооруп,
Жалынгыла бир конуп.
Ал Гүлсаана кемпирге,
Аңдоостон бир сөз кетирбе.
Адагы кыйын шум киши,
Алдап, соолап сурагын.
Акырын айтып жесирге,
Колуңардан кетирбе.
Кемпир да кыйын киши эле
Акырындап сыр сура,
Аламандап сүйлөбөй
Акылыңды бек кура.
Ачылып сырын айтпаса
Алды алдыңдан чуркура.
Аябай жесир кемпирди
Айдап бар ханга туптуура.
— Кемпирдин уулу болчу, — деп.
Хан алдында буркура.

Кырк жигит дароо кемпирди тапты. Таап алышып жармысы үйгө кирди. Жармысы тышта калышты.
Сакчы кемпирдин артык дөөлөтү жок, өзүнүн оокатына тың, баягы сопунун сөздөрү чын чыкты. Жигиттер акырындап, сурай баштаган жери:

Уулуңуз кайда, байбиче,
Таанышалык деп келдик.
Азаматтын бири экен,
Алышалы деп келдик.
Сыртынан угуп Кедейди

Алдыңызга көп келдик.
Келген сайын таппадык.
— Балаң кайда? — дегенден,
Байбиче, сизге батпадык.
Достошууга Кедейге
Чыктык эле аттанып.
Жамандыгы тиет деп
Ойлонбогун сактанып.
Биз да уулуңдай азамат
Жетишебиз баркына,
Тууган, душман, кас, дос бар
Бирөө түшсө артына.
Биз себепбиз, байбиче,
Душмандан келер дартына.
Айтып бер, эне, балаңды
Биз билбейбиз залалды!
Алдадан тилеп адалды
Кучакташып достошуп,
Кудайдын мөөрүн болжошуп,
Аман-эсен кетебиз.
Кол кармашып коштошуп.
Кемпир айтты: балдарым,
Кедейди тап деп зарладың.
Мен билбеймин уулумдун
Кайда кетип калганын.
Менин калп айтканым өлгөнүм.
Карып калган убагым.
Байкагын, балдар сөз жөнүн.
Шумдук го, балдар, келгениң.
Ажал жетип өлгөнчө
Чындыгы жакшы пенденин.
Угуп турсаң, балдарым,
Баштан өткөн зарларым.
Жетимишке келгенче
Арылбаган арманым.

Отузумда калганым.
Аламын деген эр келди,
Алда канча эл келди
Алдоосуна алданып,
Билдирбедим эч белги.
Жаман-жакшы көп келип
Жалынса да тийбедим.
Жашымдан берки бир арман,
Бала төрөп сүйбөдүм.
Көралбадым кызыгын
Жаркыраган дүйнөнүн.
Ачарчылык убакта
Келди эле мага бир жетим,
Аман-эсен асырап,
Баккандыгым илдетим,
Жетимдерче сандалтпай
Көтөргөмүн милдетин.
Колума тийди онунда.
Он жылы турду колумда.
Отуралбай бурулдап,
Ыйлачумун жогунда.
Жатындан жарып чыкпаса,
Бакма бала курусун.
Өгөйлүк менен билдирет
Олтурушун, турушун.
Өз баладай кылабы
Үй оокатын, жумушун?
Бакты эле деп санабайт
Ал-жайыма карабайт
Элик болуп сүт бердим,
Көлүк болуп күч бердим
Энемсиң деп ойлонуп
Эмгегиме жарабайт.
Кете берген көпкөндө
Келиптирсиң, балдарым

Кайгы көп жүрөк, өпкөмдө,
Келип кетет учурап,
Нары-бери өткөндө.
Кайрылуу элем карыпка,
Боорукер элем жетимге,
Оокат кылып олтурам,
Бир айылдын четинде
Келип кеткен болучу
Кече күнү кечинде.

Кырк жигит ханды карай кемпирди айдап жөнөдү. Шордуу кемпир бели бүкүрөйүп, көзү тикирейип, башы эңкейип, ээрди телпейип, көзүнүн жээги ириңдеп, көкүрөгү кирилдеп: — Мен бала бакпай, балаа баккан экенмин го, — деп убайым жеп кедеңдеп, хан менен бек дарга асып жиберет го деп айласы кетип, кырк жигиттин алдында бара жатканда жолунан хандын бир вазири чыгып:
«Кайда алып барасыңар?» —деди. «Кедей жетимдин энеси экен, уулуңду таап бергин десек, табалбаймын дейт. Өзүбүз эч жерден таппай, өлүмдөн кутулар бекенбиз деп ханга энесин алып баратабыз» — дешти кырк жигит. Мен силерди хандан сурап аламын, кемпирдин бардык малын, үй-жайын алгыла. Анан уулун колго түшүрүп берет, — деди вазир. Кемпирдин оокат турмушун, малын, үйүн бүтүн алды, кемпир байкуш зар ыйлап, жанын кыйнап малсыз журтта калды. Кедей муну угуп кайраты ташып, төрт жолдошун ээрчитип энесине келсе, энесинин баласына карап ыйлап туруп айткан сөзү.

Күнөөсүз мени талаттың,
Күйдүргү, балам, оңбогун.
Эч жазыгым жок эле,
Дүйнөдө эки болбогун.

Эмгегимди унуттуң,

Балам, элүү жашка толбогуң!

Араң оокат кылчу элем,

Малым менен жан сактап,

Бактым эле, чырагым,

Эркеледиң алчактап,

Талап кетти барысың,

Балам, сага өчөшкөн жоо каптап.

Ардагым Кедей, сен үчүн

Ач калган иттей улудум,

Ажырап оокат жайымдан.

Айла кетип курудум

Малымды талап алса да,

Үй оокатым калбады.

Ушу күндү көрсөтүп

Үшкүртпөй өлүм албады.


Кыргыз