Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Датка

1966-жыл. Январь айынын акыркы күндөрүнүн бири. Кыргызстан композиторлор Союзунун чакан залында кыл кыякчы Шааке уулу Датка менен жолугушуу болуп калды. Ага Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев баштаган композиторлор, музыковеддерден мен катыштым. Барыбызга тең бейтааныш кыл кыякчы менен алгачкы жрлу көрүшүп отурабыз. «Адамдын жакшы, жаманы кирип чыкканча» дегендей карыя кыл кыякчы жупуну кийинсе да жүзүнүн нурдуулугу, паанайынын жарыктыгы, маңыздуу сүйлөгөн сөзү менен дароо бизди өзүнө тартып алды. Ал өзүнүн кайдан келгенин, канча жашынан кыл кыяк тартып калганын кыскача айтты да: — эми, балдарым өнөрүм менен бир аз таанышкыла. Комуз күүлөрүндөй эле ар бир кыл кыяк күүлөрүнүн эмнеге багышталып чыгарылган тарыхтары айтылып тартылат. «Карала Найман, Ак козум» деген элдик күүнү тартып берейин. Совет бийлиги орной электе, бир жаш жигит жайлоодо түнүндө жылкы кайтарып жүрсө, каракчы келип, анын колун байлап, жылкыларын айдап кетмек болот. Каракчылар жылкыларды чогулта баштайт. Бирок алар каракчылардын айдагандарын укпай ар тарапка качышат. Каракчылардын айлалары кетет. Ошондо байлоодогу жылкычы жигит каракчыларга: — чоордун үнүн укмайын жылкылар чогулбайт. Менин колумду чечип койгула. Азыр чоор тартып чогултуп берем — дейт, Каракчылар жигиттин колун чечишет. Ошондо ал койнундагы чоорун ала коюп:

— Карала, Найман, Ак козу, Айдап кетти жылкынды. Байлап кетти ининди! —

деп чоорун тартканда таң эртең менен боз үйдүн түндүгүн тартып жүргөн жеңеси угуп:

— Капырай, жылкычы баланын чоорунун үнү чыгат, тыңшачы! — дейт,— тыңшашса:

Карала, Найман, Ак козу, Айдап кетти жылкыңды, Байлап кетти иниңди! —

деп үч агасын жардамга чакырып жатканын дароо билишет. Айылдагылар чогулушул барышып, жылкыларды жоодон аман алып калышат»,— деп, Датка кыякчы бирде баяндай, бирде чакырганын айтып, жылкычынын сүйлөгөнүн, чоор тартканын туурап, ар биринин тембрин ар бөлөк кайталады. Ал турсун каракчылардын кейипкерлерин да күүдө элестете аткарды. Биз Датканын тарткан күүсүнөн чакан театралдык сахнаны көрдүк. Ал бизге ушунчалык кызыктуу, өткөрө уккулуктуу тарыхын баяндай отуруп айтып берди. Адаттагыдай эле Датка карыя кыл кыягынын толгоосун башка күүгө которду да:

— Азыркы тарта турган күүм «Моруктун керээзи». Илгери Морук деген карыя чоң кыякчы болуптур. Жылдардын бир жылдарында биздин Алайкуга келет. Айылдан-айылды аралап кыягын тартып, элдин алкоосуна алынып жүргөндө капилеттен катуу ооруп, каза табат. Ал өлөөрүн сезип, кыягын кармалап, көз жашын төгүп: — «Кош бол, эл журтум, киндик кан тамган жерим» деп мына бул керээз күүсүн тартыптыр» — деп, армандуу обондун айдыңында чыгарылган муңдуу күүнү муңканта тартты. Бул жолу Датка карыя элдик, атактуу кыякчылардын жана өзүнүн чыгарган күүлөрүнөн тартып берди. Алардын бириненбири өткөн терең мазмундуу, ар кылдуу программадагы чыгармалар экен.

Көрүнүктүү кыл кыякчы Шааке уулу Датка 1890-жылы Алайкунун «Канкоргон» деген жеринде туулат. Атасы Шааке, энеси Мончок жакырчылыктын айынан жабыр тартып көрүнгөндүн колун карашат. Датка бир жашка чыкканда атасы дүйнөдөн кайтат. Ал жесир эненин тарбиясында калат. Атадан жаш, акылдан бош клаган Датка күнүмдүк жан сактоонун айынан бармактайынан жергиликтүү байлардын коюнун артынан түшөт. Кемирчеги ката элек Датканын бакканы мал, алганы отун, айдаганы эгин болот. Анын ырга, күүгө бөтөнчө кыл кыякка болгон кызыгуусу, куштарлануусу бой тартып, ак караны айра таанып калгандан башталат. Айрыкча, Датканын шыгынын ойгонушунда Чалыр деген залкар кыл кыякчынын тарткан күүлөрү, аткаруучулук устаттыгы өткөрө таасир этет. Ал кайда барса кошо ээрчип жүрүп, өнөрүн үйрөнө баштайт. Датка алгач аткарууга жеңил элдик обонкүүлөрдү үйрөнөт. Ал качан гана анын колу кыл кыякка жатыгып, аткаруучулук чеберчилиги төшөлгөндө татаал кайрыктагы күүлөрдү тартат. Өздүк репертуары байып, ысымы айыл арасына тарай баштайт. Датканын алгачкы эл алдында тарткан чыгармалары кыякчыдан кыякчыга салт катары өткөн «Бекташ», «Кейиштин уулу Ак Кочкор каңкы», «Сары Көбөн жалгызым», «Бек арыстан», «Моңолбай», «Керметоо» өңдүү элдик күүлөр болгон. Бул чыгармалардын биринде өткөн тар замандагы тарткан азаптозоктору, жалгыз баласынан ажыраган ата менен эненин арманы, каңырыгыңды түтөтүп, зээнинди кейиткен жоктоолору, өсүпөнгөн жердин кооздугу камтылган. Ал эми «Кулпенде» аттуу эски күүнү тартканда:

Шалкылдайсың жүргөндө, Кулпенде, шалдаярсың өлгөндө, Үйүмтүйүм дейсиңер, Үйүңүн жайын жейсиңер. Баламбалам дейсиңер, Балаң болсо мал табар, Кара жан кайдан жай табар, Катының калса эр табар — деген ыр менен коштоп тарткан. Күүдө дубананын кулкулдаган ач көздүгүн куйкумдуу кайрыктарыңда оюнпоздуу шылдындоо мүнөзүндө тартат. Ал эми «Сары Көбөн жалгызым» деген элдик күүнү тартаардын алдында Датка: — «Күндөрдүн биринде бир атадан жалгыз Сары Көбөн деген жигит алыска жол тартат. Бир мезгилде ал жол жүрүп баратып калың чытырман токойго кез келет. Ошондо аны капыстан жолборс алып таштайт. Мезгилсиз өлгөн жигнитти агатуугандары «бу дүйнөдөн көзүң ачык кетти, атаны кокуй Сары Көбөн жалгызыбыз ай» —дешип, жоктошкон экен» —деп, тарыхын баяндай отуруп аткарган. Өткөндүн күбөсүн, көкүрөктүн күйүтүн кыякчы өткөрө берилүү менен муңданта тарткан.

Кейиштин уулу Ак кочкор жаймада көк бөрү тартып келатып күтүлбөгөн жерден каза табат. Ошондо эл уулунун өлгөнүн атасына угузса: «Ак кочкор өлсө Каңкым бар, Каңкым өлсө даңкым бар» деп ыйлабай коёт. Бул жерде күнүмдүк мансапка дөөгүрсүгөн таш боор атанын жандуу элесин көңүлдөн чыккыс образдуулукта тарткан. Датка эл арасында тартылып жүргөн жана кулагы уккан күүлөрдүн бардыгын чоң кичинесине карабай үйрөнүүгө үлгүрөт. Айыл.арасына элдик күүлөрдүн мыкты залкар аткаруучусу катары таанылат. Айрыкча «Карала найман ак козу», «Ат кетти», «Тизгин күү», «Шырдакбектин боз жорго» деген күүлөрдү терең берилүү, өткөрө эргүү менен аткарат. Өзгөчө Датка тойтамашаларда да аттын тизгинин карматып коюп, элдин ар түркүн оюнзоогун, салтанатын сыпаттаган «Тизгин күүнү», кыл кыякчылардын чабылган күлүктөрдү сүрөттөгөн сүйүктүү күүсү «Ат кеттини» не бир биз уккандан таптакыр башкача көркөмдүктө, өзгөчө назиктүүлүктө тартуучу. Ал сандаган күлүктөрдүн чаң ызгыткан жарышын, марага жетерде сүрөөгө алган жигиттердин үстөкөбосток камчы урганы, жабалактаган калың калктын жана күйөрмандардын «кара ат келатат», «тору ат келет», «кара ат өтүп кетти» деген чуусу кыякта таптак кайрылат. Аны укканда өзүңдү ат чабыштын арасында отургандай сезесиң. Ошентип, ал эски күүгө кайрадан өмүр, кайрадан көрк жараткан. Датка Шааке уулу элдик күүлөрдү аткаруу менен бирге комуз, сурнай күүлөрүн да аспабына салып тарткан. Айрыкча кыякчы Күрөңкөйдүн «Сурнай күүсүн», «Шырдакбектин боз жоргосун», «Каракүү», «Караөзгөй» деген чыгармаларды өтө устаттыкта ар кандай кооздукта иштеп чыккан. Бул күүлөрдөгү музыкалык ойду, ыкмаларды, комуз менен сурнайдын темрлерин өзгөртпөй кыяктын коңур добушуна ажардуу айкалыштыра тарткан. Датканын ар каңдай мазмундагы, түрдүү көркөмдүктөгү күүлөрдү тартышы, өз өнөрүнүн устаты аталган Кедейбайдай кыл кыякчыга жолугушу, күүлөрүн үйрөнүшү өз алдынча чыгармаларды чыгарууга уютку болот.

Кыл кыякчы өзүнүн тар заманда тарткан кайгыкапасын, көргөн кордугун «Жокчулуктун арманында» атадан эрте айрылган кыздын муңун, зарын «Атаке», «Жетим кыздын бей арманы», элине адал эмгеги, айбаттуу эрдиги менен бел болгон кедей жигит дүйнөдөн кайтканда айылдаштары атактуу кошокчуларга коштурганын «Беш катындын кошогу», эки жаштын баш кошо албай Күкүк менен Зейнептей зар какшашкан армандуу ашыктыктарын «Жусуп менен Зулайка» деген күүлөрүндө баяндайт. Ал эми кыякчынвын «Сараң кыз», «Карынын байкорос күүсү», «Эки кыздын алым сабак кошогу» деген күүлөрүндө да өткөн замандагы түркүн турмуш сүрөттөлгөн. Датканын бул күүлөрүнөн калкыбыздын өткөндөгү турмушун көрүү, сезе билүү менен бирге алардын кайрыктарынан тек гана карыянын чыгармачылыгына мүнөздүү кайталангыс өзгөчөлүктөрдү, түркүн, ыкмаларды, түрдүү кыймылдарын угабыз. Алар болсо, кыякчынын табиягый музыкалык жөндөмдүүлүгүн, шыгынын күчтүүлүгүн айкындайт. Датканын негизги чыгармалары элибиздин өткөн доордогу түркүн турмушуна арналган. Карапайым калкыбыз менен бирге Датка кыйла жыл бүгүнкүдөй замандын жергебизге орношун ак эткен­ден так эте тилейт. Күткөн күн да келип, ойлогон ой да, көздөгөн максат да ишке ашат. Жергебизге бактылуу замандын байрагы желбирейт. Датка да эмгекчи элдей эле эркиндик, тендикке ээ болот. Кыягынын үнү баштагыдан да кубаттуу, шандуу чыгат. Жаңы өлкөнү жапа тырмак жан дили менен курууга аттанган карапайым калк менен бирге Датка да эмгек майданында ат салышат. Толкуган эмгекке, гүлдөгөн достукка, бактылуу заманга сыймыктана ал «Наама күү» («Орус күү») деген чыгармасын чыгарат. Күүнүн кайрыктарынан кубанычтын, шаттыктын орус, кыргыз элдеринин бир туугандык асыл сезимдери себилет.

Адаттагыдай эле Шааке уулу эзелки обондорду, айрым музыкалык аспаптардын күүсүн да кыл кыяк үчүн иштеп чыгат. Өзгөчө ал «Темир комуздун күүсү» менен «Карагул ботомду» уккандарды өзүнө уюта тарткандай көркөмдүктө иштеп, маңыздарына терең музыкалык мазмун берип тартат.

Датка Совет бийлигинин алгачкы күнүнөн тартып жаңы заманды курушууда активдүү катышат. Өзүнүн өсүпөнгөн айылынын чарбасы чар тараптан гүлдөп өсүшү үчүн күн, түн дебей эмгектенет. Айыл арасы колхоздошуп бир чарбага биргелешкенде Датка өзүнүн бала күнүнөн көнгөн жана сүйгөн кесиби кой багуучулукка өтөт. Ал колхоздун коюн 74-жашка чыкканга чейин багат. Датка кандай гана жерде, кайсы гана иште иштебесин колунан кыягын түшүргөн эмес. Бирок, чоң кыл кыякчынын өнөрү көптөгөн жылдарга чейин эл көзүнө көрүнбөй катылып келген. Анткени, ал колхоздун коюн баккандыктан колу бошоп башка шайырлардай областтык, республикалык кароолорго да катыша алган эмес. Ошондуктан, анын өнөрү өзү туулуп өскөн айлынын чегинен тышкары угуучуларга белгисиз болгон. Бирок, «алтынды дат баспайт» дегендей Датканын асыл таланты 1966-жылдан баштап бүткүл кыргыз элине тааныла баштайт. Анын ЗОдан ашык күүлөрү кыргыз радиосунун «алтын фондусуна», айрымдары телестудиянын музыкалык редакциясынын фонотекасына кабыл алынат. Ошентип, миндеген музыканы сүйүүчүлөр радио менен көгүлтүр экрандын жардамы аркасында чоң кыл кыякчы Шааке уулу Датканын чыгармалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Айтылуу манасчы Саякбай Каралаев Датканын күүлөрүн бой балкыта угуп отуруп — «Бул чоң кыякчы турбайбы? Азамат киши турбайбы?» — деп суктанган. Ооба, талантты талант баалайт деген ушул эмеспи. Чынында эле Датка биз көргөн жана уккан кыл кыякчылардын эң мыктыларынын бирден-бири.

Белгилүү шайырдын зога жакын күүсү компазиторлор Союзунун алдындагы музыкалык фольклордук кабинетке да жазылып алынган. Алардын көпчүлүгү нотага түшүрүлөт. Алар өз кезегинде илимий жактан иликтөөлөргө алынып, жаңы угуучулардын сүйкүмүнө татымакчы. Датка 1972-жылы дүйнөдөн кайтты. Бирок, анын жаркын элеси, сандаган кайрыктарга бай залкар күүлөрү ар дайым жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сакталмакчы.


Кыргыз