Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Бурулча

Байыркы аспаптардын бири — темир комуз. Анын элибизге качан тараганы жөнүндө алиге чейин эч кандай так маалыматтар жок. Бар болгону калк ичинде: «Качандыр бир замандарда кыргыздар темирден үн чыгаарын байкап калышат. Мына, ошондон темир комуз жасалыптыр» делинсе, кай бирлери аны алыстан (башка элден) келген делген имиштерди айтышат. Калк арасына атагы кеңири тараган темир комузчунун бири — Бурулча Осмонбек кызы болгон. Ал 1836-жылы Ысыккөлдүн «Өрүктү» деген жеринде орто чарбалуу үй-бүлөдө туулган. Болочоктогу шайырды ата-энеси төрөлгөндөн эркекче кийиндирип, эркекче өстүрөт. Ал ат чаап, күрөшкө түшүп, балдар эмне кылышса ошону жасап өсөт. Бурулча бармактайынан эле «жылаңач төөнү бучкакка чапкандай» сүйлөгөн курч сөздүү: эркек мүнөздүү, айтканынан кайтпаган эрки бек, намыскөй, шайыр, шайдоот акылга бай, ырга ышкылуу, күү жандуу болуп өсөт. Ал айрыкча темир комузду какканды жакшы көрөт. Бурулча эркекче кийинип көбүнчө эркек балдар менен бирге жүрсө да, алардан жашырынып келип айылдаш жеңеси Асырадан темир комузду үйрөнөт. Бурулча качан гана бойго жеткенде кыз кийимин кийип, темир комузду ачыкка чыгып кага баштайт. Анын аткаруучулук устаттыгы алгачкы күндөн баштап эле угуучулардын алкоолоруна алынат. «Мен билгенден —деп, айткан бул салтардын ээсине акын жана комузчу Чалагыз,— Бурулчадай темир комузга жан киргизип ойногон өнөрпозду көргөнүм жок. Ал аялдардын арасынан чыккан атактуу ооз комузчу. Мен аны менен бирге нечен жолу жолугуштум.

Жаш кезим. Мамбет деген курдашым экөөбүз айылданайыл аралап жарамазан айтып жүрөбүз. Күндөрдүн биринде Бурулча байбиче жашаган айылга барып калдык. «Баатырдын өзүн көрбөй даңкын ук» дегендей биринчи жолу алыстан даңкына куштар болуп жүргөн ооз комузчунун үйүнө барып түшүүнү туура таптык. Айылдагылардан — Бурулчанын үйү кайсы деп, сурасак — тээтиги чоң ак боз үй —деп айылдан обочороок тигилген үйдү көргөздү. Үйдөн кара тору, тараз бойлуу, мойну кокойгон жигит чыга келди да, биз менен амандашып атыбызды алды. Үйгө кирдик. Коломтодо от балбылдап, казан боркулдап кайнап жатыптыр. Чоң сары самоордон да буу буркурайт. Төрдө багалеги кыскараак боз шырмал кийген, бутунда намеркен маасысы бар, мойну койкойгон, эркектердей малдаш токунуп, кара сур байбиче отурат. Аны менен амандык сураштык да дароо эле айтылуу Бурулча байбиче ушу турбайбы деген ойго кеттик. Ал киши ордунан козголо берип — жолоочу көрүнөсүңөр, өйдө өткүлө, балдар,—деди.

Комузумду белимден чечип, керегенин башына илип жатканымды көрө койгон байбиче: — Комузуңарга жол болсун, кайсы айылдан болосуңар — деди эле, Мамбет менден оозуна: — «Сөгөттүдөн» болобуз, комузду тиги Чалагыз балаңыз чертет. Өзүбүз жарамазан айтып келе жатабыз — дегенде, байбиче: — Жакшы, жакшы. «Сөгөттүдө» комузчу балдар бар деп уккамын,— деп, бизге тигиле карады. Байбиченин олтуруптурганы, сүйлөгөн сөзү, күлгөнү деги эле аялдардыкына такыр окшошпойт.

Чай ичилип, дасторкон да жыйылды. Аңгыча Бурулча апабыз жанында олтурган буту төкөр, көк ала сакал, салабаттуу карыяга: — Ээ арам, балдарды комуз чертип бергиле дебейсиңби? — деп, ага тийише сүлөйдү. Ал дагы оңбогондой сүйлөгөн шайыр адам экен: — Кечке орозо кармап курсагым ачка болсо, өзүм мүдүрүлүп баса албай жүрсөм, анысы аз келгенсип кымызга да суусунум канбай калса, анан кантип черт дейм, өзүң айт,— деди эле, отургандар дуу күлүп калышты. Карыянын бул сөзүнө ызалана түшкөн Бурулча байбиче мага атайы бурулуп: — Чалагыз балам, мен жаман ырчынын ырынан комуздун күүсүн жакшы көрөм. Күүгө түшүнбөгөн момундай эркектер да болот эмеспи. Кыкайбайдын тирүүсүндө Муратаалы дайыма келип көңүлүбүздү күүгө сугаруучу. Ал турсун менин темир комузда каккан «Кош кайрык» («Кайырма») аттуу күүмдү кыл кыягында тартуучу. Ал турсун комузун да чертүүчү. Ошол Муратаалынын күүлөрүнөн билсең чертип көрчү балам,— деди. Мен комузумду толгоп, Мукемин «Камбарканын» черте баштадым (Муратаалынын «Камбарканын»).

Бул күүдөн кийин Мукемин бир топ күүлөрүн черттим. Ошондо Бурулча байбиче: — Эххе, от алышып кеткен жерлери бар окшойт го,— деп койду. Анан күүдөнкүүнү черттим. Бир убакта — Чалагыз балам, күүңө аралжы, комузунду Көбөөнгө берчи, байбиченин «Селкинчегин» чертип берсин,— Бурулча. Көбөөнгө комузумду сундум. Ал Бурулчанын «Селкинчеги» менен Муратаалынын күүлөрүнөн эки-үчтү чертти. Анчамынчасын айтпаганда ал дагы комузду түзүк чертет экен.

Комузумду кайта алдым. Бир-эки күү аткаргандан кийин отургандар «Кыз Дарыйканы» ырда — деп сурап калышты. Ырдаса ырдайын деп, комузумдун кулагын толгоп алып, «Кыз Дарыйканы» түн ортосуна чейин айттым.

Таң да атты. Кайрадан жайланыша отуруп тамактандык. Жүктүн бурч жагындагы чийдин башына илинген темир комуздун кабын көрүп, кары кишиден комуз кагып бериңиз деп айтуудан тартынабыз. Көзүбүз ооз комуздан өтүп, ичибиз кайнап, анын үнүн угууга куштарланабыз, кантмекчибиз.

Акыры, сыр билги кишиге айла жок экен. Биздин темир комузду улам карай бергенибизден шек алдыбы, айтор, керегенин башындагы комузду алдырды да, кадимки жаш келиндерче оң тизесин бүгүп, чыканагын тизесине коюп, комузун кага баштады эле, аспабынын добушунун жарымы ышкырык менен угулуп жатты. Экинчи күүсүн андан да уккулуктуу да, мукамдуу да какты. Кезкезде созолонто ышкыртып, комузун оозунан алып, колун өөдө көтөрөт да, сөөмөйүн тегеретип туруп кайра кагат. Анысына түшүнө алганым жок. Кагып жатканында байбиченин комузу да жалтылдап, не бир кереметтүү көрүнгөнсүйт. Эки күү кагып комузун токтотту да, улутуна мыңдай деди: — Чалагыз балам, алдакы жаныңда отурган Көбөөн деген уулум, таанышып жүргүлө. Өзүңөрдөй өнөрлүү жигиттер өмүрлдүү болсо, көп жерлерге барып, элди көп аралайт тура. Эми, мен «Селкинчегимдин» ырын айтып берейин. Колуң кат тааныса, кагазга түшүрүп алгын да, эл аралай калганында, жаштардын арасында айта жүр,— деди. Ошол кезде ыр менен күүлөрдү көп үйрөнүүнүн аракетинде жүргөндүктөн аны дароо жазып алдым. Ал мындайча:

Кызыл жоолук келинчек, Кыздар тепкен селкинчек, Кыз экенде дооруң, Кылчайып келбейт келинчек. Шырдак оюп, боо согуп, Үйдү кооз дедирсек. Келбери бол келинчек. Кесир жакка жолобой, Болмок эмес касиет, Бой көтөрүп керилсек. Селкинчекти тебе албай, Боз балдардан жеңилсек. Кете электе гүл учуп Кел тебели селкинчек. Жашыл жоолук желпинчек. Жакшы тепкен селкинчек. Шайыр мүнөз шамдагай, Жайдары бол келинчек. Жаш өмүрдү гүлдөтүп, Жакшы тепкин селкинчек. Саймасайма чий чырмап, Сарамжалга берилсек. Ушакчы, ишке чоркок деп, Элине жаман көрүнсөк, Жамандардын бир түрү. Жалкоо болот эринчек. Аялдарга чоң сыймык. Ак көрпө жайыл дедирсек, Теңтуштар келсе сый менен, Төрдөн даам жедирсек, — делип ырдалат экен. Кезек кайрадан мага келди. Мен ар түрдүү мазмундагы күүлөрдү черттим. Акырында Муратаалынын «Такмазасын» аткарганымда Бурулча байбиче: — «аз чийки жери бар көрүнөт, аны ондоп аларсың балам, өмүрлүү бол!» — деп алкады. — Азыр, ошол «Такмазаны» чертип берейин — деп, Чакем «Такмаза» күүсүн таңшытты. Бурулчанын атактуу ооз комузчулугун, адамгерчилигин, чечендигин, кыялжоруктарын Кара-Молдо, Ыбырайлар да бир ооздон сыймыктануу менен айтышкан. Бурулчанын өздүк репертуары ар түрдүү мазмундагы элдик күүлөргө бай болгон. Ал күү деген ат менен тараган «Чоор күү», «Эски күү», «Арман күү», «Майда күү» деген залкар салт күүлөрдү аткарган. Буларды Бурулча өткөрө берилүү, чыгармачылык эргүү менен маңызына маңыз кошо каккан. Ошондой эле канаттуулардын учушун, сайрагандарын туураган «Турумтай», «Булбул», кайберендердин чуркаганын элестеткен «Так теке», көк музоонун оюн салып ойногонун камтыган «Көк музоо», керилип жаткан керме тоолорду сүрөттөгөн «Керметоо» деген элдик күүлөрдү да угуучулар таңк алып уккандай мукамдуулукта, чеберчиликте каккан. Бул чыгармаларды аткарганда Бурулча ар бирине кайталангыс кайрыктарды жаратып, музыкалык ойлоруна ой кошуп, ажарлуу какчу экен. Тек гана Бурулчанын аткаруусунда ал чыгармалар өлбөс өмүргө ээ болуп, муунданмуунга өтүп жашоосун улантат. Залкар ооз комузчу элдик күүлөрдү кагуу менен өзү да «Селкинчек», «Кош кайрык», «Бурулчанын күүсү» деген жана башка ондогон күүлөрдү да чыгарат. Алардын терең ойлуулугу, музыкалык көркөм каражаттарынын байлуулугу, маңыздуулугу аркасында угуучулардын куштарына алынат. Бурулчанын күүлөрүнүн ичинен жаштардын оюну «Селкинчекти» («Алты баканды») баяндаган «Селкинчек» деген күүсү калк арасына канаттуу чыгарма катары тарайт. Ал биз жогоруда айтып кеткен ырды камтып аткарылган. Алгач автор ырын мукамдуу, шайыр обондо ырдап келип, аны темир комузунда кайталап, шайырлантып каккан. Бурупчанын «Селкинчек» күүсү жайдары, жаркындуулугу, ырларынын ажардуулугу аркасында жаштардын урматтап уккан чыгармаларына айланат. Тек гана Бурулчанын «Селкинчегинин» соңунан кийин «Толгонайдын селкинчеги» деген жана башка «Селкинчектердин» көптөгөн түрлөрү жаралат. Ал эми Бурулчанын «Селкинчеги» баш болгон күүлөрдү атактуу шайырлардын иштеп чыгуусунда комузга, кыл кыякка, чоорго да салынып аткарылган. Алсак, Кара-Молдо Бурулчанын «Селкинчегин», «Ой селки», «Кош кайрык», «Бурулчанын күүсү», ал эми Ыбырай «Бурулчанын селкинчек», Чалагыз «Бурулчанын күүсү» деген аттарда чертишкен. Булар Бурулчанын ар бир күүсүн өтө кылдаттыкта, терең берилгендикте атайын комузга ылайыктап иштеп чыгышкан. Алар Бурулчанын күүлөрүнүн кайрыктарына кайрууларды улап, ойлоруна ой кошуп, маңыздарын байытып аткарышкан. Бурулчанын күүлөрүн комузга, кыл кыякка жана башка аспаптарга салынышы анын чыгармаларынын элдиктүүлүгүн, мыктылыгын айгинелейт.

Айтылуу ооз комузчу 1916-жылдын күз айларында Ысыккөлдүн Талдыбулак деген жеринде дүйнөдөн кайтат. Ал өлөөр алдында: «Темир комуздун доошун угуп жетилген баланын акылы тунук, мүнөзү шайыр келип, сөзгө чечен болот. Ал эми темир комуздун күүсүн укпай чоңойгон бала түнт өсүп, акылга чоркок, сөзгө мокок болот. Ошондуктан, темир комузду сүйгүлө» —деп керээзин айтыптыр.

Айтылуу Бурулчанын залкар күүлөрүн кыргыз композиторлорунун чыгармаларына да пайдаланылган. Айрыкча, анын «Селкинчеги» бир топ чыгармаларга алынды. Алсак, «Алтын кыз» музыкалуу драмасына, «Айчүрөк», «Айдар менен Айша», «Олжобай менен Кишимжан» операларына, Бурулчанын ысымы калк жүрөгүнө темир комуздун бирденбирн негиз салуучусу жайылтуучусу катарында сакталмакчы.


Кыргыз