Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» ПОВЕСТИНЕН ҮЗҮНДҮЛӨР

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» ПОВЕСТИНЕН ҮЗҮНДҮЛӨР

1. Дүйшөндүн кош тереги
Биздин айыл АкЖар тоо этегинде, суулар шаркырап аккан чоң тектирде орношкон, анын ылдыйтуурасынан суналган КараТоого чейин — түзөң өзөн, темир жол кеткен казактын сары талаасы.
Айылдын үстүндөгү адырда, мен бала чактан бери билген, эки зор терек болор эле. Бул кош терек азыр да ошол жерде. Качан карабагын, айылга кайсы туштан келбегин, элден мурун эле дөбөдө жанаша кыналышкан ушул бийик теректер көзгө учурайт. Эмне үчүн экенин билбеймин, же балалык таасирдин күчүбү, же болбосо сүрөтчүлүк кесибиме байланыштуубу, айтор, станциядан түшүп, капчыгайдан чыгып, айылды көздөй бет алганда, тээ адырда баягы кош теректер турат болду бекен деп, чыдамсыздык менен ошол тарапты акмалап караймын. Ушунчалык алыстыктан бактар канчалык бийик болбосун көрүнөрү шектүү, бирок мен үчүн алардын сөлөкөтү ар качан байкалгандай туюлат. Эртерээк айылыма жетип барып, эртерээк дөбөгө чыгып барып, кош терекке ийилип салам берип, кулагымдын моокуму кангыча алардын күүлөнгөн үнүн уксам деп дайым дегдеймин. Көчөдө бак деген толуп жатат.
Бирок бул теректердин бир укмуштуу касиети — алар бөтөнчө үндүү, тил бүткөндөй жандуу теректер. Түнүкүнү тынбай, качан болбосун жалбырактар дирилдеп, чайпалган чокулары айкалыша, теректер ар кандай үнгө салып шуулдайт. Бирде — жээкке урунган эрке толкундай угулар-угулбас шапшынып, бирде — тым-тырс ойлоно калып, сагынычтуу санаага толгондой, алда эмнеге муңдана үшкүрүп, жулкунган шамал булут айдап, жаан айдап, бутактарын кайрып киргенде, теректер бой тиреше чыңалып, «бизди жыгалбайсың» — дегендей, өжөрлөнө күүлөнүшөт.
Кийин эс тартып чоңойгондо, мен бул теректердин сырын түшүндүм. Бийикте, туштарабы ачык дөбөдө тургандыктан, булар дайым шамалдын огуна туура келип, абанын ар бир кыймылына жооп кайтарып, жанагыдай тынымсыз шуулдап, бөтөнчө үндүү болгон себеби да ошол. Анткени менен менин бул байкап тапканым балалык кыялымдын алгачкы таасирин суута албады. Ошол кездеги сонуркаганым азыр да тарабай, мен үчүн бул теректер ушул күнгө чейин кандайдыр тегин эместей, сырдуу, жандуу сыяктанат. Бул теректердин түбүндө менин өмүрүмдүн эң бир сыйкырдуу чагы калгандай, эстеген сайын кайра баштап эскергим келет.
Окуудан таркаган жайкы маалда биз бир топ балдар болуп, балапан алабыз деп ушул жерге келчүбүз. Биздин чуркурашкан үнүбүзгө ыраазы болгондой, дөбөдө кериле чайпалган алп теректер дайымкысындай жалбырактарын леплеп желпилдетип, бизди күндөн көлөкөлөп тосуп ала турган.

Ошондо биз, чор таман, чор алакан тентектер, теректерге мышыкча асылып чыга баштаганда, чуу көтөргөн таранчылар жаны калбай чырылдашар эле. Анысына болобузбу! Улам бутактан бутакка өйдөлөп, бир убакытта куштар учкан бийиктиктен дүйнөнүн аймагынын ачыла калган көрүнүшүнө таң калып, баарыбыз тең үн катпай, бутакбутакка жармашып, алабыз деген чымчыктын балапандарын да унутуп коёр элек. Биз эң чоң имарат деп эсептеген колхоздун ат сарайы теректин башынан тепкедей эле көрүнүп, ал эми айылдан төмөн, алда кайда мунарыктаган мейкиндиктин ушунчалык зор экенине, бизден нары дагы нечен кыйыр жерлер, биздин суулардан башка дагы нечен күмүштөлгөн суулар бар экенине суктана карап, ааламдын чети ошолбу, же андан нары да ушундай асман, ушундай булут, ушундай жер барбы деп ойлоно турганбыз. Ошол учурда көкөлөгөн жел күүсү кулакка угулуп, ага удаа бир дабыштан шапырттаган жалбырактар, көз көрбөгөн көгүлтүр алыстыкта нечен сонундар, нечен кызыктар бар дегендей тымызын күү чалып, беттен эркелете сылар эле. Жүрөгүм жары

лып кетчүдөй дикилдеп, кош теректин шуулдаганын кыялга батып тыңшар элем. Көз алдыма жомоктогудай ар түркүн нерселерди келтирип, ошондо бир гана нерсени ойлобоптурмун. Бул теректерди ким тикти, кандай тилек, кандай үмүт менен өстүрдү экен деп оюма алып койбоптурмун.

2. Алтынай Сулайманованын каты
«Эмне үчүн баягында айылдан тез аранын ичинде кеткендигимдин себеби сизге эми белгилүү болгон чыгар. Мунун баарын ошондо эле отуруп элге айтып түшүндүрүп берсем да болмок эле, бирок өзүмдүн кетирген билбестигиме өтө капа болуп, өтө нааразыланып, бул бойдон Дүйшөн карыянын астына барып жүз көрүшүп салам бералбастыгымды сезип, жана да бул иш жалаң гана бизге эле тийиштүү эмес, көпчүлүккө керек экенин түшүнүп, эртерээк жолго чыгып, эртерээк ойлорумдун башаягын жыйнап, өткөнкеткенди тактап, тийиштүү сөзүмдү кат жүзүндө кабарлоону туура таптым. Анткени ошондо жаңы мектептин кадырлуу төрүндө мен эмес, сиз да эмес, башкалар да эмес — биринчи мугалимибиз Дүйшөн аксакал отуруш керек эле. Мектептин ачылышын ушул киши жарыялап, жана башка урмат сыйын ушул киши көрүш керек эле. Тескерисинче, биз үлпөттүн үстүндө отурган кезибизде, дале болсо, ушул алтын киши куттуктоо телеграммаларды ала чаап келди. Түшүнсөк, уят эле иш болду. Дүйшөндүн кандай мугалим болгонун азыркы жаштар билбейт, мурункулар болсо, ажалы жетип өлгөнү бар, согушта курман болгондору бар. Ал эми мунун баарын кабарлап айта жүрүү түздөнтүз менин милдетим эле. Бирок, айылга каттабай жүрүп, мурункунун баардыгы унутулуп, эстен чыгып кетпесе да, алыска катылган буюмдай болуп, көмүскөдө кала берген.
Аман турсак, мен али Дүйшөн мугалимиме барып, кечирим суранып өтүнөм. Менимче, ал киши экөөбүз бирибиризди түшүнө турган жалпы тил табарбыз. Кеп азыр башкада болуп жатат. Биз кээде унутпас нерселерди унутуп, эскирбес жоо жарагын эскирди деп, аны пайдаланбай жүрөбүз. Ушуну менен өзүбүздүн тарыхты жардылантып, жаштарды тарбиялоо ишинде көп кемчилик кетирип келе жатабыз.

Болбосо, мага окшогон менин замандаштарым, Дүйшөн сыяктуу биздин жаңы доорду орнотууда өмүрүн кыйып, жаштыгын берип, жүрөгүн жүрөк кабы менен кошо элге сууруп берген эбегейсиз эмгек, эрдик көрсөткөн, мен мындай элем, деп төшүн какпаган карапайым, акыл жүрөктүү бир канча адамдар жөнүндө биз мурунтан элге жеткирип айтып жүргөн болсок, анда алар унутулуп, көз жаздымында калып, анан калса, тамашага айланып кетпес эле го! Биз буларды сыйлабасак, өзүбүздү сыйлабаганыбыз, революциянын деми менен кылымдар аттап басып өткөн жолубузду сыйлабаганыбыз. Азыркы кезде кээ бир жаштар совет өкмөтүнүн алгачкы тарыхы жөнүндө кеп болсо, ой коюңузчу качаңкы немелерди, анын баары айтылып бүтпөдүбү эми деп, манчыркашат. Жок, качаңкы эмес, азыр атом менен космостун доору болсо да, революция жараткан Дүйшөндөр дале биздин катарыбызда. Азыркы жаштар үчүн Дүйшөн сыяктуу адам мисал болуп, үлгү боло албайбы? Эгерде биз баарыбыз ошол Дүйшөндөй эле болсок аңсезимибиздеги жаңыруу эбак болмок.
Дүйшөн мугалим болуп жүрүп билимим аз деп өкүнөр эле. Анысы ырас. Бирок кээ бир азыркы жогорку билимдүү маданияттуу мугалимдер Дүйшөн сыяктуу өз кесибин сүйүп жүрөк жалыны менен ошого берилсе болор эле. Анткени, мугалим деген кайсы доордо болбосун дайым — талыкпас тарбиячы, антпесе анын коомго берген пайдасы кем болот…
Кымбаттуу иним, сизге кат жазышымдын дагы бир максаты: айылга барып жаңы ачылган мектептин атын «Дүйшөндүн мектеби» деп атоону элге сунуш эткени жүрөм. Ооба, так ушул катардагы колхозчу, азыркы убакытта почточу болуп жүргөн кишинин атынан. Сиз дагы менин ушул сунушумду жолдосоңуз экен деп суранам.


Кыргыз