Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Багыш. Мендирман (8)

БАГЫШТЫН ДҮЙНӨДӨН ӨТҮШҮ

Көктөй ашы өткөнгө,
Бир жыл өтүп кеткенде,


Эрен Манас түш көрдү,
Жаздай элин камынтып,
Жайындасы той берди.
Тойго элди чакырып,
Ар тарапка канкоруң,
Атайлап киши жиберди.
Катарында көп элдин,
Багышка кабар бергени.
Багыш барды ал тойго,
Суркийик чыгып ошондо,
Миң жылкы Жакып бергени,

Эсине эми келгени.
Суркийиктин байгесин,
Намысы бирге кыргыз — деп,
Ортого Багыш бергени.
Багышты көрүп эр Манас:
«Карып калган киши экен,
Атам менен курбалдаш.
Кандай жүрсө эрки» — деп,
Катылышып келбеди.
Ошондон тартып эр Багыш,
Башка жакка барбады.
Ат бастырып, жол алып,
Жети сууда эр Багыш,
Жергелүү баатыр атанып,
Кейит менен Ызарлык,
Каракчыдан кутулуп,
Куткарды бизди Багыш — деп,
Каттоо кылып эл барып.
Арадан өтүп канча жыл,
Кыргыздын кыраан Манасы,
Бейжинди көздөй жол алып,
Элүү төрт илик кол алып,
Он төрт ханды кошо алып,
Баласы жаш Багыштын,
Кошойдон Багыш кары эмес,
Кабарсыз кетип калганы.
Бели катуу Манаска,
Кандай айтпай кеткен — деп,
Таарынып жүрдү эр Багыш,
Таарынган менен барбады,
Кайыпчыдан жол тосуп,
Кербен болсо талады.
Тийбеген Манас буга — деп,
Титинип киши барбады.
Ортодон канча жыл өттү,
Канкордун уулу жетилип,
Хан Семетей те тилип,
Калкка дүмөк салды — деп,
Угуп жүрдү бир кепти.
Баласына Манастын,
Жерине барып Таластын,
Тийишсемби деп жүрдү.
Бетпак тоону жердеген,
Бели катуу немеден.
Карманаптын жылкысын,

Жалгыз көздүү Мадыкөл,
Алган экен малын чаап.
Манас менен жатындаш,
Кардыгач барып кабарлап,
Мадыкөлдү Семетей,
Кууп кетти деп укту.
Ойлонуп Багыш жат албай,
Ошолордун урушун,
Көрөйүн деп оолукту.
Жанына азык байланбай,
Ээрчитип жолдош жана албай,
Жалгыз атчан, жалгыз баш,
Бара жатып эр Багыш,
Таш кыянын белинде,
Бир топ көчкө жолукту.
Көчкөндөн Багыш кеп сурап,
«Барасың кайда?»— деп сурап,
Кеп сураса жашырбай,
Айтты бирөө бажырап:
«Биз бараңдын элибиз,
Урум болот жерибиз.
Талап келип Мадыкөл,
Так он жылы турдук биз,
Дардактап кетип Мадыкөл,
Карманаптан мал алды.
Алдырган малды кубалап,
Хан Семетей барганы.
Мадыкөлдү байлады,
Кылычын канга майлады.
Өз жерине кеткин — деп,
Кулдуктан бизди куткарды.
Эки-үч күндүн ичинде,
Келип калат Семетей,
Өзү кийин калганы».
Баарын угуп эр Багыш,
Мадыкөл жеңсе Семетей,
Кыйынбы деп таң калып:
«Таласка кетер жол ушул,
Мен байкайын аңкарып»,
Деген ойдо эр Багыш:
«Көчүңдү кетир бараңдык,
Төртөө-бешөөң калыңар.
Артынан көчтүн барынар.
Семетейди сынаймын,
Сонунду менден угуңар,

Жедигердин эр Багыш,
Атым менин билип ал».
Атым Багыш дегенде,
Бараңдыктар саргарып,
Угуп жүргөн Багышты,
Кылды деп мурун кыйла ишти.
Беш-алтооң мында калгын — деп
Бизге барбы бир иши?
Кыңк кылар айла анда жок,
Бешөө калды бараңдан.
Аны-муну кылгынча,
Эки күн өттү арадан.
Күн төбөдөн ооганда,
Семетей жалгыз келайткан.
Караанын көрүп ыраактан,
Карап жатты эр Багыш,
Жолго жакын бир таштан.
Ыраакты жакын кылуучу,
Таш айнек тартып көзүнө,
Таамай Багыш караса,
Ошол кезде Семетей,
Жыйырма жашта чамасы.
Барааны башка көрүндү,
Падыша Манас баласы.
Көзү кара көмүрдөй,
Өңү болот темирдей.
Чоңдугу төөнүн нарындай,
Толкуну көлдүн шарындай.
Ысыгы жайдын аптаптай,
Ыдыгы чилде сууктай.
Салкыны сырттын желиндей,
Жаштык кылбай чунагың,
Сан миң колго тийгиндей.
Көзү көлдүн буткулдай,
Көрүнгөндү жуткундай.
Мурду тоонун кыр таштай,
Муруту эми кылайып,
Төбөсүн карап тиктенип,
Тик караган кишини,
Жалтандырат ийментип.
Орто бойлуу, кең далы,
Оң бөйрөгү бүлк этсе,
Ойротту бузар сыягы.
Кара мүртөз кан ичме,
Кармашкандан жанбаган,

Жайылына ким тийсе,
Жалтайып андан калбаган.
Айткапынча бар экен,
Барандын эли дандаган.
Өзүм деген кишиге,
Өзүн дале бергиндей.
Өчөшүп калса бирөөгө,
Өлтүрбөй тирүү жегидей.
Өлөндүү жерге өрт койчу,
Өткүрлүгү көрүнөт.
Өз, жат дебей чыр салчу,
Жеткирлиги көрүнөт.
Кара сууга кан куйчу,
Канкорлугу көрүнөт.
Асырап элин багучу,
Канкорлугу көрүнөт.
Алдыртан жерге суу жайчу,
Анткорлугу көрүнөт.
Айла менен эл алчу,
Манткорлугу көрүнөт.
Карап туруп Багыштын,
Зээни санга бөлүнөт.
Кызылы кызыл агы ак,
Эки көзү жадырап,
Бетинин нуру төгүлөт.
Ырысы толуп чалкыган,
Чырайы чолпон жаркыган.
Чын байкаса эр Багыш,
Чырымтал бала Семетей,
Артылып түшкөн Манастан.
Кулжа көөдөн, тайган төш,
Минсе Буурул жарашкан.
Тим эле жерге киргиндей,
Түртүшүп буга жанашкан.
Көз көрүнөө баткындай,
Көл дарыя ырыска,
Сөз байлашып жарашкан.
Жер сүзгүдөй мүдүргүп,
Эрлик жолун талашкан.
Кемтик таппай баладан,
Баракелдүү Багыш кайран эр,
Эс акылдан адашкан.
Жалгыз өзү Семетей,
Карааны сандай көрүнүп,
Калдайып кетип бараткан.

Төрт тарабын тең сынап,
Төрөнү Багыш жараткан.
Жаны тирүү калбастай,
Жазганбай ага жаа тарткан.
Кабарын уккан качкындай,
Жакындабай ыраактан.
Таптакыр жерге киргиндей,
Жаакташып чырлашкан.
Көзүңөн жалын от жанган,
Карчытынан кан тамган.
Ителгидей кара көз,
Элестелип нурланган.
Бендеден туулду дегенге,
Түк ишенбейт көргөн жан.
Баш тартпастан өлүмдөн,
Баатырлыгы көрүнөт.
Карарса кайра тартпаган,
Кара жерге жаздаган,
Кайраты артык көрүнөт.
Көзү көргөн сындарын,
Багыш айтып бир бирлеп,
Жанындагы бараңдар,
Этек жеңи дирилдеп.
Орто бойлуу тегерек,
Баатырдын уулу чунакты,
Сынап аны не керек?
«Бүткөн бою тарамыш,
Булчуң эттүү сом билек.
Коргошун жүрөк козголбос,
Жалганда мындай жан болбос.
Ар кимдер ага болгундай,
Ажырабас жан жолдош.
Ажыдаар ооз, жалын көз,
Жан катылчу неме эмес.
Бактысына баатырдын,.
Жаралган экен бала — деп,
Картайып калган чагымда,
Хандыгымдан ажырап,
Катылышым бекер — деп,
Жолуңа кеткин, бараңдар,
Жолобой буга кетем» — деп,
Жедигердин эр Багыш,
Желип кетти тепеңдеп.
Ажырап чыгып бараңдан,
Өтө түшүп аралдан,

Көрүнбөй туруп баланы,
Селт эттирсем экен — деп,
Мылтык атып, тарс койду,
Доолбас уруп, карс койду,
Аламандап бат койду,
Азырет деп ат койду.
Жан алчудай иш кылса,
Жаш Семетей чунагың,
Жалт этип карап койбоду.
Бул кылганы Багыштын,
Чил учканча болбоду.
Көрүшөйүн буга — деп,
Эми Багыш ойлоду.
Айдап барат Семетей,
Тандалган он беш жоргону.
«Соогат, баатыр, соогат» — деп,
Жолунан чыгып торгоду.
Баатырдын уулу жаш Семен,
Бала жолборс эр немең.
Соогат деген үндү угуп,
Тура калды токтолуп.
Көз жиберип караса,
Бир чал турат шоктонуп.
Өзү кары болсо да,
Көзү жалын от болуп.
«Ассаламу алейкум,
Аксакал аба чалыбыз.
Соогат деп тостуң жолумду,
Ким болосуз айтыңыз».
«Алейкисалам, жаш бала,
Курбалдаш болуп жүргөмүн,
Атан, Манас арстанга.
Мадыкөл кетти деп угуп,
Жол тосуп келдим алдына.
Айдаганын он беш ат,
Соогат бергин чалыңа.
Сураган элим жедигер,
Өзүмдүн атым эр Багыш.
Кулагына түшкөндүр,
Каныкей, Бакай кеп салып.
(Кабылан Бакай кеп анткан,
Ар качандан бир качан,
Багыштын атын көп айткан.)
Эсине түшүп Семетей,
Тандалган он беш бууданды,

Бир жылкыча элебей:
«Алгын, аба, алгын» — деп,
Жүрүп кетти кенебей.
Жерине кетти Семетей,
Алда кандай бир иш — деп,
Аңкаарып койбой кенедей.
Эрдиги артык неме экен,
Туулган экен ченебей.
Баатыр Багыш жол алып,
Жетисуу көздөй бет алып.
Үйүнө барып жайланып,
Жамбашына май алып.
Жатып алган мезгилде,
Жашы чыгып далайга,
Барып калган мезгилде,
Эрдиктен байып, жаш кетип,
Карып калган мезгилде.
Кызыл баштын элинен,
Кырк миң аскер кол менен,
Кытайга бүлүк салам — деп,
Көзөлкан келет экен — деп,
Кабар укту бир күндө.
«Жетисууну аралап,
Өтөт экен Көзөлкан.
Жетисуу менен өткөндөй,
Жер майышкан көп колго,
Тепсетип жерди кеткиндей,
Тепсенди киши болбосом,
Карыды деп Багышты,
Карайт бекен Көзөлкан?!
Келе турган жолуна,
Барып турам мен Багыш!»
Деп Багыш күүлөнүп,
Ачууланып сүйлөнүп.
Кара жолдун боюна,
Баатырлыгы барсынып,
Мурдагыдай колунда.
Жедигердин четине,
Барып алып эр Багыш,
Жети күнү жатыптыр.
Келгени жок Көзөлкан,
Айткан киши калп айткан.
Кыштын күнү чилдеде,
Кыйналып калды курган чал.
Жалгандыгын билгенде,

Кайтып үйгө келгенде
Чүчкүртүп, да бышкыртып,
Мурдунун суусу куюлуп,
Боло албай келди эр Багыш,
Мурдагыдай ордунан,
Туралбай келди эр Багыш.
Башы ооруду чыңкылдап,
Боло албады кыңкыстап.
Отуздан ашып калган кез,
Толуп Толтой баласы.
Атасынан көөн тынбай,
Басылбады санаасы.
Сиерине чоло жок,
Бир жыл өттү арасы.
Эл жайлоого чыкканда,
Өзүнчө келип Чынкожо,
Учурады Толтойго.
Шыгайдын кичи баласы,
Эки күнү муңдашып,
Бирин бири сыйлашып,
Талкан чалыш дос болду.
Болуп жүрдү экөөнүн,
Келди-кетти каттоосу.
Оорусу күчөп Багыштын,
Каран калган дүйнөдөн,
Кайтарына салганда,
Байтеке бар карыдан,
Баласы Толтой баштаган,
Бир кыйла бар канча жан.
Анда Багыш муну айткан:
«Бала чактан бер жакка,
Байтеке жолдош сен элең.
Эчтекеден жазганбас,
Эр көкүрөк мен элем.
Мен жумшасам, сен бардың,
Элге келген душманга,
Өнөктү бербей мен алдым.
Хан алдына сен бардың,
Калкыма келген душманга,
Карсылдашып мен бардым.
Далайын алдым душмандын,
Таттырдым ички бушманын.
Туулса өлүм бар экен,
Туралбай жалган дүйнөдөн,
Кете турган баштандым.

Курбалдашым Байтеке,
Уулум Толтой, кулак сал,
Керээз кебим угуп ал.
Күн чыгышты жердеген,
Күлүү кытай эл деген.
Жер болуп жер жаралып,
Суу болуп суу жаралып,
Адам уулу таралып,
Ар кайда барып шаар салып,
Алдуурагы күркүрөп,
Алсыздары бүжүрөп,
Адам уулу болгону,
Далайга чыктым, көрбөдүм,
Бейжинди киши албады,
Кытайга кошуун барбады.
Өзүнө тарлык кылды бейим,
Бир уруусу кытайдын,
Өзүнөн чыккан калмагы.
Калмактар кысып барганда,
Качып келген кытайдан,
Азызкандын баласы.
Канча жыл жүрүп кыргызда,
Баштап барды Манасты.
Кангай менен кектешип,
Кыргыз менен биригип,
Кытайлар салды калбаны.
Айрыбай калмак, кытайды,
Тартууга сулуу кыз алып,
Кусурга Манас калганы.
Кытайдан Манас өлбөдү,
Каңгайдан чыккан калчадан,
Коңурбайдан өлгөнү.
Кара кыргыз эл элек,
Канча уруу таратып,
Калмактын көзүн каратып,
Чыңгыш, Шоорук, Алооке,
Кыргызды минтип бөлгөнү.
Төрөлүп Манас Жакыптан,
Кыргызды бөлдү калмактан.
Оору басып акыл аз,
Обур-добур мен айтам.
Качан да болсо кегиң ал,
Уулум Толтой, калмактан.
Көкөтөйдүн ашында,
Көп жыйындын башында,

Көзүм көрдү, Байтеке,
Бирге бардың сен Толтой,
Бар элен жети-сегизде.
Биле албассың сен аны,
Ошондо этти тарттырбай,
Калмактар калба салганы.
Баатыр Манас барганда,
Беттебей калмак калганы.
Качан да болсо, сен уулум,
Тартынбагын калмактан.
Тамтайып барып тийишип,
Олжо албагын кыргыздан,
Манастын уулу Семетей,
Таш белестен сынасам,
Өөдө десе Манастан,
Өөдө туулган эр экен.
Кебетеси, кешпири,
Манастан артык шер экен.
Байкабай ага тийишкен,
Мас болгондой кеп экен.
Беренден калган Семетей,
Белгилүү туулган бала экен.
Бейарман кеттим дүйнөдөн,
Жалгыз балам Толтойду,
Манастын уулу чунакка,
Дос кылып койчу кеп экен!
Ал оюма жетпедим,
Энебедим, билбедим. ш
Анча-мынча баш оору,
Жетелеп мени кетерин!
Балта тийбей, ок тийбей,
Найза кирбей киши өлүш,
Киши өлсө да мен өлүш,
Кыйын кеп деп жүргөмүн.
Кирген найза учу жок,
Кескен кылыч мизи жок,
Уңгулуу балта сырты жок,
Же чокуга тийген чокмор жок,
Же очогор огу тийген жок,
Ошондой болуп Багыщтан,
Калмакчы болду дүйнө бок!
Туулган киши өлүчү,
Өлсөм Багыш керек жок.
Тилим алсаң, сен Толтой,
Кытайга барба тийишип,

Каңгайдан калба кийилий.
Тукумуна Манастын,
Туура кара санаба.
Кылымга тийген салмагы,
Кылчайып мага кайрап шер,
Көзү өтүп кеткинче,
Кыя карап калбады.
Алтымыш уруу адашты,
Бейжннге айдап бир барды.
Картайды Багыш, уулу жаш,
Эл ичинде Жетисуу,
Туш-тушунун баары кас,
Жедигер эли баралбайт,
Деген экен эр Манас.
Жедигерден барбады,
Ошентип Манас аяды.
Жетим калып баласы,
Темиркандын элинде,
Букаранын жеринде,
Адам болуп чоңоюп,
Анан келди элине.
Чоң атасы Жакыпты,
Жалмап аны салганы.
Абыкени аймады,
Көбөштү көргө киргизди.
Эсин таппай кырк чоро,
Кыргыл башчы ошондо,
Кырып ийди Семетей.
Өзү мангыт эли эле,
Күн батышта бендеден,
Күн батыш эмес жеке эле,
Кулак уккан көп эрден,
Кайраты толук неме эле.
Өзүнүн аты Мадыкөл,
Жалгыз көз аны дээр эле.
Бала туруп Семетей,
Мадыкөлдү жайлады,
Найзасын канга майлады.
Өз көзүм менен сынадым,
Тийишип калса Семетей,
Чын экен анын жайлары.
Чырлашпа, балам, сен Толтой,
Ак калпак кыргыз дегенге.
Түп атабыз Бөйөн кан,
Киндиги туташ эл эле.

Көбүрөөк келип кетет — дейт,
Шыгайдын уулу Чынкожо,
Анын эмне иши бар эле?
Шаатемир кызы Чачыкей,
Бел куда болгон Чынкежо,
Киши билбейт теги эле.
Семетей барып тайына,
Кетеринде айлына,
Касиеттүү Карахан,
Чачыкейди жээнине,
Алып берди деди эле.
Айтпаган экен башында,
Караканга Шаатемир,
Кайны бар деп тегинде.
Чынкожо мында көп келет,
Шек аламын аяктан.
Анттуу, шарттуу досум — деп,
Бир балаага салбасын,
Темирканды чабам — деп.
Сени ээрчитип барбасын,
Серпишип калып Семетей,
Бир мээнетке калбагын.
Башыңды ийбе кишиге,
Малай болбо теги эле.
Айткан тилди сен алып,
Уругу кытай элине,
Кыргыздан Манас тобуна,
Катышпагын түк эле.
Көзүм өтөт, өлөмүн,
Манас менен дос экен,
Бакай ханды Семетей,
Кандай бакса асырап,
Как ошондой, сен Толтой,
Байтекени жөлөгүн.
Кылалы десе Байтеке,
Кыйшавдабай иш кылгын.
Кылбайлы десе Байтеке,
Кыймылдабай жай жаткын.
Аш берем деп чарпылып,
Жедигер кетпе чачылып,
Жетимиш миң түтүнүң,
Жети миң тууну сойдуруп,
Жыл маалына толгондо,
Жедигерди чакыргын.
Уулум Толтой, унутпа,

Ушул айтар акылым..
Деп ошентип зор Багыш,
Оозунан түтүн бур этип,
Көкүрөгү кыр этип,
Кериле түшүп эр Багыш,
Кетип калды дүйнөдөн.
Баатыр Толтой эр ыйлап,
Байтеке ыйлап, жан кыйнап,
Келин, кызы баары ыйлап,
Бүт жедигер эл ыйлап.
Жетисууну жердеген,
Жедигерди бүт жыйнап.
Токсон бээни сойдуруп,
Коноктун колун жуудуруп.
Санаты жыйырма балбанга,
Сегиз күн көрүн каздырып.
Булгарыга оротуп,
Калын элин колботуп.
Байтекени досу деп,
Багыштын башын карматып,
Баары журтун жардатып,
Сарайына жаткырды.
Көтөртүп элге алпарып,
Тапшырып жерге Багышты,
Кайта келсе үйүнө,
Аташканы Багыштын,
Гүлайым калган алдастап,
Таңга жакын маалда,
Гүлайым өлдү жан таштап.
Ата-энеси тең өлүп,
Эки кары бир өлүп,
Карылардан айрылды,
Артыкча Толтой кайгырды.
Ата-эне өлсө ыйламак,
Арбагын уулу сыйламак.
Илгертен нуска ар кимге,
Багыш менен Гүлайдан,
Бар жедигер айрылып,
Тирүүсү калды элинде,
Өлгөндү койду көрүнө.
Багышты көрдү көзүбүз
Жана келсе уккуңуз,
Толтойдон болот сөзүбүз.

Булак: bizdin.kg


Кыргыз