Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Багыш. Мендирман (7)

ТОЛТОЙДУН БЕШИК ТОЮ, КЫРК КАРАКЧЫНЫН ДҮРБӨЛӨҢҮ

Жарым жылча жай алды,”
Жаны жыргап жайланды.
Эр Багыштын аялы,
Гүлайым эркек төрөп салганы.
Ага Толтой ат коюп,
Бешик тойго эр Багыш,
Беш, алты жүз мал союп.
Балалуу баатыр болду — деп,
Баары келди эл толуп.
Желеге байлап, бээ коюп,
Жергелей тартып, эл конуп.
Жегени аппак май болуп,
Самоордо кызыл чай болуп.
Жарым ай жакшы камынды,
Бар жарагын бүт кылды.
Мейманкана үйлөргө,
Аксакалын түшүрдү,
Бээ союп сыйлап күтүндү,
Белдүү Багыш эр неме,
Жедигердин залдарын,
Эл ичинде байларың,
Так айтчу кеби шарларын,
Кызмат кылчу балдарын,
Кымыздан берип, эт берип,
Эбегейсиз көп берип,
Уй мүйүз тартып олтуруп,
Ошондо Багыш муну айтат:
«Ой, калайык,— дел айтат.
Багыштын айтар бир сөзүм,
Баарыңар көрүп турасың,
Кеңешим бар силерге,
Муну кандай кыласың?
Жыйырмага жашым жеткенден,
Ошондон бери карата,
Олжодо болдуң, жедигер.

Талаа-түздө жүрчү элек,
Калдайган шаарга ээ болдуң,
Карчашып келген ар кимге,
Катардап калбай, жедигер,
Кармашканда тең болдуң.
Жүктөгөнүң нар болдуң,
Ичкениң кызыл чай болдуң.
Жардык жок тегиз бай болдуң,
Эч нерседен кемиң жок,
Колуңда тегиз бар болдуң.
Жашын кырктан ашканда,
Эр балалуу мен болдум.
Алдында балам жок эле,
Аркасында болобу,
Аруу басып, бит бууп,
Абийрим кетип каламбы?
Аңгыча, калкым, эп болсо,
Ат жетер жерден калтырбай,
Эл чыкырсам болобу?
Бар дүйнөмдү чачайын,
Бардык элге айтайын.
Белиме тануу болсоңор,
Той берейин атайын.
Эр ортону болгондо,
Эркек бала көрүпмүн.
Эли-журтум ылгагын,
Ылайыкпы ушунум?
Багыш менде не арман,
Аркамда калса тукумум!
Элиме салам кеңешим,
Той беришим, бербесим.
Келип калса чыр табат,
Маңгулдар тойго келбесин.
Ачык кеңеш бергин» — деп,
Бүтүрдү Багыш бар кебин.
Көп жыйылган жедигер,
Бирин-бири карады.
Тура калды ордунан,
Байбагыш деген манабы:
«Хан Багыш салса кеңешин,
Карап баарың каласың.
Мен айтамын билгеним,
Баарың сүйлө билгениң.
Багыщ атка минелек,
Башта жүрдүк, жедигер,

Тыштан тапкан малын. жок,
Колундагы барынды,
Короодогу малыңды,
Кол сунганга бердиңер.
Багыш атка мингени,
Тирүү кеткен болбоду,
Тепсеп сени келгени.
Чычкак улак, жетим тай,
Тышка чыгым бербеди.
Сай-сайда жүргөн санда жок,
Салган шаар там болду,
Сайган калың бак болду.
Күмүшүң чирип көң болду,
Байлыгың кимден кем болду?
Кийгениң кызыл шай болду,
Кымызың ширин бал болду.
Казанга жапса жебедиң,
Каймакка бышкан нан болду.
Келинин, каймак жалабай,
Балдарың майга карабай.
Жардың жок, жалпың болдуң бай,
Ачылып көөнүң болдуң жай.
Чайга кошуп ичкениң,
Шекер, шербет, сары май.
Балалуу Багыш болуптур,
Жакшы тилек ишине,
Той берели тартынбай.
Көп жерден киши чакырып,
Көп үй тигип салалы.
Үй тиккенде жөн тикпей,
Кимдин үйү дегиндей,
Кызыл-тазыл боо байлап,
Төтөгөлөп үзүк жаап,
Туштук тартып саймалап,
Кооз чырмап, чий калап,
Санжыргалап тигели.
Багыштын жакшы тилегн,
Тике туруп берели.
Багыштын уулу болсо да,
Бизге калчуу белеги.
Өйүз-бүйүз катарлап,
Эшиктери маңдайлаш,
Чонун чоң 40 бир башка,
Кичигин кичик бир башка,
Кырка тигип салалы.

Жай-жайына орундап,
Жараштырып алалы.
Эркек-катын, кары-жаш,
Келин-кесек, кыз-кыркын,
Улан-ушак баары жаш,
Апийимдин гүлүндөй,
Түрдөп сонун кийинсин.
Түшкө кирбес болду — деп,
Байлыгың элге билинсин.
Бир үйгө бештен алалы,
Конок алчууларыбыз.
Экиден үй тигели,
Бир үйдө болсун коноктор,
Үй-бүлө болсун бир үйдө.
Экиден самоор бир үйдө,
Энчи жакка коюлсун,
Келиндериң капшытта,
Берүчү кыздай чоюлсун.
Сойгонуң семиз бээ болсун,
Кой арыгын сойбогун.
Таарынган конок болбосун,
Кумалак*, кеште*, чакмагың*,
Камдап койгун баарысын.
Чатыраш* болсун ар үйдө,
Коноктор оюн ойносун.
Ортосунда төрт үйдүн,
Ордону* салып сен койгун.
Оң келтирип он үйгө,
Селкинчекти орноткун.
Үйгө чылбыр байлаба,
Када* орнотуп, керме* сал,
Үйүңдүн арка жагына.
Үзүлбөй турсун кымызын,
Сары набат, кант, чайың
Коногуңдун алдында.
Жетисууда жедигер,
Эки жүздөн үй тиккин,
Бир миң төрт жүз үй болсун.
Баатыр Багыш баштаган,
Калаалыктын үйлөрүн,
Катарга албай коюңар.
Так жыйырма күн дегиче,
Камданып баарын болуңар.
Кабар кылчу жерлерин,
Багыштын койгун эркине.

Кулак салсаң, көпчүлүк,
Байбагыш менин кебиме».
Байбагыш айткан бу кепке,
Баарысы макул болушту.
Чакыра турган кишини,
Эр Багышка коюшту.
Күн жыйырма болгунча,
Калың кара жедигер,
Күлгүндөрүн* бүктөшүп,
Көрктүү жугун жүктөшүп,
Кара көрпө көлдөлөң*,
Баяндоз* кабат бүктөгөн,
Келип конуп болушту.
Байтекени жанына,
Чакырып алын эр Багыш,
Кеңеш кылып кеп салып,
Тойго келчү кишиге,
Баарысына кат жазып,
Жыйырма күндө тоюма,
Келип бериш — деп жазып.
Кейит менен Ызарды,
Чайчүй менен Букарды,
Коросон менен Испанды,
Күллү жаткан Шаңкайды,
Ламдын бели Кыйманы,
Боз үй тиккен Кыйбаны,
Бадакшан, Балык, Дүйшөмбү,
Күллү тажик көп элди,
Алты-Шаар, Анжиан,
Кашкарда кыргыз, кыпчакты,
Баарысына кат жазды.
Сарыкул, Тоюн кыштакты,
Кетмен-Төбө, Ат-Башы,
Андагы кыргыз баарына,
Кен. Ысык-Кел боюна,
Үрбү, Агыш чоңуна.
Алматыда казактын,
Хан Музбурчак зоруна.
Атайын адам жиберди,
Айдаркан, Көкчө тобуна.
Акбалта, Жакып, Шыгайга,
Жамгырчы менен Текечи,
Кыргыздардын тобуна.
Айрым жазды кагазын,
Арстан Манас баатырга:

Чакырдым тойго келип бер,
Көкжал Манас баатыр шер.
Баштап келгин балдарың,
Падыша Бакай кеменгер.
Кыргыл, Чубак баарыңар,
Кырк баатырдын баары бар.
Тамаша көрүп кеткиле,
Багыштын берер тою бар».
Кычырган жердин баарына,

Чыкырып келе калууга,
Эки жүз элүү кишини,
Чаптырышты туш-тушка.
Баарына кабар салышты,
Барабыз деген кишилер,
Кабарчыга кошулуп,
Калдайып жөнөп калышты.
Байтеке өзү кабарга,
Манас шерге барышы.
Барса Манас жок экен,
Карылоп менен беттешип,
Ташкенге кетип калышы.
Ордосуна кат таштап,
Табалбай баатыр Манасты,

Текечи, Шыгай, Жамгырчы,
Бай Жакып, Балта чалдарды,
Беш жүзчө киши жардашы,
Байтеке жөнөп калышы.
Жакшы-жаман аралаш,
Хандар келди бул тойго.
Каарынан киши жадаган,
Жандар келди бул тойго.
Караган киши корккундай,
Күрзүлөрү бир тоодой,
Балбан келди бул тойго.
Калың элди баштаган,
Залдар келди бул тойго.
Токсондон аша карыган,
Уулунун уулун тааныбай,
Тукуму жүздөн ашкандан,
Абышка, кемпир ээрчишип,
Чалдар келип бул тойго.
Баары кемер курчанган,
Жылдыздай көздө от жанган,
Балдар келди бул тойго.
Аттан артык даңкайган,

Көргөн киши тан калган,

Ак маралдай шаңкайган,
Кунан келди бул тойго.
Беш көкүл кыздан канча өйдө,
Муңайбаган муз белден,
Жубан келди бул тойго.
Кийимдери жарашкан,
Кандай бенде экен — деп,
Кишинин баары карашкан,
Жазгы келгин турнадай,
Ээрчише басып чубашкан,
Жашыл моюн өрдөктөй,
Жакшынакай чүрөктөй,
Күмбөзгө тарткан сүрөттөй,
Көргөндүн ичин күйгүзгөн,
Күкүк менен зейнептей
Кыздар келди бул тойго.
Бадана тигип тон бычкан,
Ок өтпөс олпок шырыткан,
Туштук жасап саймалап,
Жибек менен чий чырмап*,
Белдемчи* жерде чубалып,
Барынча кийип чатырап,
Уздар келди бул тойго.
Көйнөктүн кийген коозунан,
Чытыраган боз улан,
Калбай келди бул тойго.
Саймалуу калпак, жаргак шым,
Ычкыры жибек кырк муун,
Тебетейи чоктуудан,
Бозой келди бул тойго.
Таң аткыча какшаган,
Басылбай жаагы жаңшаган,
Комузуна чок таккан,
Ичегиден кыл тарткан,
Бир күүнү чертсе башынан,
Жүз элүүчө бууланткан,
Тизеси менен тең кылып,
Кызыл курун чубалткан,
Ырчы келди бул тойго.
Кыл кыягын муңканткан,
Уккандын баарын сыздаткан,
Кылдат келди бул тойго.
Тиктегенин жазбаган,
Айткан сөздөн кайтпаган,

Тилинде чыккан сөөлү бар,
Сөзүндө тамга, мөөрү бар,
Сынчы келди бул тойго.
Үртүктөп порум чаптырган,
Мойнуна тумар тактырган,
Баласындай асырап,
Үй ичинде бактырган,
Күлүк келди бул тойго.
Аргымак чалыш тобурчак,
Жүйрүк келди бул тойго.
Эки ээрди жетишпей,
Камандай тиши арсайган,
Түйрүк келди бул тойго.
Тенине темир тийбеген,
Бүрүк келди бул тойго.
Калканы кара темирден,
Туулгасын чоюн уюткан,
Кийгени чынжыр күрөөкө,
Баданасын. жамынган,
Баатыр келди бул тойго.
Атайын алтын курган так,
Башына таажы тагынган,
Үрпөктөп үкү сайынган,
Хандар келди бул тойго…
Келгендер түшүп калышты,
Бөлүнүп бештен конокко,
Элди бөлүп алышты.
Токсон уруу көп элден,
Толуп конок калганы.
Миң бир түрдүү аш берип,
Той тартуусу күч алды.
Аңгычакты камынып,
Чабууга атты чубатты.
Той тойлоп тойго толгону,
Токсон мин, ашуун эл болду.
Томоюлдун белине,
Тууну сайып койгону.
Санаттан өткөн чапкан ат,
Миң тогуз жүз болгону.
Алты күндүк жер экен,
Байгеге сайган кара мал,
Солоп койгон короого,
Келди баары чогулуп.
Убайлынын кысыкка,
Бөлүмчүлөр барышты.

Байгени бөлүп салышты.
Беш жүз элүү беш атка,
Байге малды сайышты.
Билермендер бөлүштү,
Бир миң жылкы, үч мин. кой,
Он жамбы күмүш, жүз алтын,
Баш байгеден көрүштү.
Оонабаска сайганы,
Төрт түлүктөн төрт тогуз,
Ак күмүш жамбы бир болуп,
Кандай арбын байге — деп,
Уккан жанга дүң болуп.
Карап туруп байге алып,
Сүрөбөскө токтошуп,
Атты айдатып жиберип,
Кайра түшүп эл конуп,
Ат он күндө келгинче,
Таң тамаша көп болуп.
Баатырлар чыгып сайышып,
Балбандар чыгып алышып,
Күрөшүп жөөлөр тайышып,
Алганы мөрөй алышып,
Алдырган куру калышын.
Улак тартып көпчүлүк,
Көбүнүн колу карышып.
Чатыраш, коргоол, чакмагын,
Ар кайда ойноп топ болуп,
Баарысында байге бар,
Байгесиз неме жок болуп.
Ордону салын таштады,
Упайы* бар бир четте,
Түрдүү оюн баштады.
Акындары кыргыздын,
Эринбестен айтканы,
Жарышып нечен мергендер,
Жамбы атып* жатканы.
Темге эңген жаштар андан көп,
Жардап турат кыз-келин,
Ителгидей кара көз.
Кыл кыякты алышып,
Карагандын чайырына,
Кылды тартып салышып,
Кыныздап жутуп коюшуп,
Кыякчылар тартышып.
Кыз-келиндер бөлүнүп,

Селкинчек тээп булактап,
Селкилер элге көрүнүп,
Саамай чачы желбиреп,
Закымдай жүзү мелмиреп.
Кундуз ичик, суусар бөрк,
Залкайган нечен хан жүрөт,
Алдыңкы ээрди кеберсип,
Муңайып сөздөн эринип,
Тенсинбеген кыздарды,
Мырзалар турат керилип.
Ат келер маалы болду — деп,
Элге кабар берилип,
Түлөк байлап, ат чапкан,
Күйүп ичи жалын чок.
Оюнунда кыргыз журтунун,
Ат чапкандан кызык жок.
Томоюлдун белине,
Келди баары дүбүрөп,
Токсон миң киши дүңгүрөп.
Чаң көрүндү аңгыча,
Чапкан аттан бириндеп.
Байбиченин Туучунак,
Бай Жакып минип барыптыр.
Ошол күнү Туучунак,
Шамал кууп жеткисиз,
Канаттуудан жагалмай,
Учуп качып кеткисиз.
Суулугу жерге салынып,
Тулпар күлүк Туучунак,
Төрт аягын тең таштап,
Бир секирсе Туучунак,
Кырк кулач жерди арыштап.
Үстүндөгу баланык,
Тизгинге колу карышат.
Аркасынан чыккан чаң,
Жөө тумандай жазылат.
Кара темир ооздук,
Көмөкөндө карсылдап.
Өрдөктөй мойну узарып,
Өрттөй өзү кызарып,
Үстүндөгү баласы,
Манастан ураан чуу салып.
Түш жарым мурун алдында,
Туучунак чыгып ал барып,
Он жамбы күмүш, жүз алтын,

Жакып өзү алыптыр.
Үч миң койду соогат — деп,
Ар кимге берип салыптыр.
Миң жылкыны Жакып бай:
«Сен да кыргыз уулусун,
Тоюңа селбик болсун»— деп,
Багышка айтып калыптыр.
Байге менен бай Жакып,
Далайдын көөнүн алыптыр.
Катагандын Кошою,
Бай Жакып баштап кыргызды,
Ал күнү конок алыптыр.
Багыш, Жакып, алп Кошой,
Айтышып сөзгө каныптыр.
Той тарады, эл кетти,
Айыл айылына жеткени.
Жашырынбайт Багыштын,
Жана чыгат кептери.
Түштүк батыш жагында,
Кейит, Ызар элдери,
Көп жылдан бери жердеди,
Кырк каракчы деген бар,
Элдин алы келбеди.
Кейит, Ызар, Коросон,
Нечен жолу кол жыйнап,
Карчашып жүрүп аларга,
Такыр алы келбеди.
Кырк каракчы атамды,
Кара тоодон жай алды.
Чыгарбай элди чекеге,
Жеткен жерде талады.
Катын алат, кыз алат,
Алдын үч ай урунат.
Арка жагын беш күндөн,
Кайра элине кайтарат.
Семизден тандап мал алат,
Баарын союп жеп алат.
Кийим алат, пул алат,
Жараганын кийишет,
Жарабаса өрттөшөт.
Эртеден кечке жол тосот,
Жолукканды окшотот.
Элге бербейт тынчтыкты,
Келтирип турат тынч элге,
Кереги жок кырсыкты.

Кырк каракчы биригип,
Кыйын болду бул элге,
Ооган менен Испанга,
Кол салып турат кээ кээде.
Аларды да ыйлатат,
Ыгы менен бирерде.
Колуна тийген эрлерди,
Тилин кесет бирөөнүн,
Колун кесет бирөөнүн,
Бутун кесет бирөөнүн,
Кулагын кесет бирөөнүн,
Колунан кордук келердин,
Чолок кылат кээлерин.
Мунжу кылат кээлерин,
Мулук кылат кээлерин,
Дудук кылат кээлерин.
Чач, сакалын бүт жулуп,
Мулжук кылат кээлерин.
Адам кылбас иш кылат,
Ошентип жүрүп бул иттер,
Кырк каракчы атанат.
Тайны жок элге чыр салат,
Оюнча болду кырк доңуз,
Опсуз жаман кызталак,
К,Ь1рк каракчы дегенде,
Уктабай элдер таң атат.
Кырк каракчы куралып,
Кыйынчылык болгону,
Он беш жыл болгон болжолу.
Тойдон мурда эр Багыш,
Укпаган да, билбеген,
Ошол тойго келгенде,
Кейиттин эли сүйлөгөн.
Кырк каракчы кесептер,
Кылкылдап элдер чубаса,
Караандап жүрүп келишкен.
Баталбаган кырк чочко,
Көпчүлүккө тийиштен.
Чекелеп барып кырк чочко,
Жедигерднн четинен,
Тойго кетип эрлери,
Тың бүлөөдөн калбаган,
Бул айылдан ал тойго,
Көбүнчө катын барбаган.
Бир жерде чогуу олтурган,

Токсон беш үйлүү бар адам.
Эки күн өргүп айылда,
Көзгө жылуу көрүнгөн,
Катындан кыркты ылгаган.
Төрт бээни союп бышыртып,
Субай атты жыйдыртып,
Кырк катынга экиден,
Сексен атты бир алды.
Өздөрү алып кырк атты,
Жүз жыйырма ат алды.
Азык-түлүк жүктөшүп,
Андан башка онду алды.
Айылдан алган кырк катын,
(Окшош эмес адамзат)
Нечени ыйлап буркурап:
«Балам калды мында — деп,
Эрим калды элде — деп,
Ата-энем да калды — деп,
Эми айлам кетти — деп,
Өзөгү күйүп өрт болуп,
Өлүгүңдү көрөйүн,
Алда кайдан келди» — деп,
Кара жандан түңүлүп,
Капаланган катын бар.
«Атам калса үйү бар,
Энем калса эри бар,
Агам калса эли бар,
Иним калса малы бар,
Кара жаным кар болбой,
Өмүрүм өтсө болду» — деп,
Каткырып жүргөн катын бар.
Элин эстеп ичи ооруп,
Жерин эстеп жалооруп,
«Жайым кандай болор? — деп
Жандан тойгон каракчы,
Эрме чөл, ээн талаага,
Бир түнү таштап коер» — деп,
Жашооруган жана бар.
Жанына жатып бир түнү,
Жан жерине кубанып,
Жаадынан чыгып бар нерсе,
Жанаша басып буралып.
Чыкмакчы болсо талаага,
Эшик ачып чыгарып.
Жоолугун ондоп байланып,

Жолум болду бүгүн — деп,
Жорголой басып кылтыңдап,
Жоруксунган жана бар.
Адамга упа кылабы,
Катындан чыккан мындайлар?!
Асли булар каракчы,
Аттанып чыгын жөнөдү,
Айылга жатып алалбай.
Каракчы алган кырк катын,
Как ошонун ичинде,
Калкы үчүн күйгөн бир катын.
Чоңдугу теке сакадай,
Каракчыга түшкөнү,
Кайгырбай да, муңайбай,
Капаланбай, ыйлабай,
Же каткырып күлүп кубанбай,
Күйүнбөй да, сүйүнбөй,
Унчукпай жүрчү мелтиреп,
Анын аты Сакатай.
Алты күнү каракчы,
Аялдабай жол басып,
Арадан эки бел ашып,
Төрттү кечип дайрадан,
Кутулдук — деп, кыргыздан,
Курдап түшүп бир жерге,
Кур семизден ылгашып,
Талаага союп бир бээни,
Тамашага батканда,
Мелжеп келген Сакатай,
Ыңгайлуу жолун басарга,
Ылаажы болсо качарга,
(Этек кирим келди — деп,
Каракчылар айылдан,
Ылгап муну алганы,
Болбой жүргөн жатарга)
«Бүгүн кирим басылып,
Калыпмын эрди сагынып,
Сууга жуунуп келсем» — деп,
Уруксат алып жатаарда,
Ай караңгы, күн бүркөк,
Көзгө сайса көрүнбөйт.
Келди деп ыгы качарга,
Аста барып Сакатай,
Аккан суунун боюна,
Болбой ээрчип бир барган,

Ээлеген неме жанына.
Женине катып бычакты,
Ала барган Сакатай.
Көргөзбөй эрге жанына,
Барып калды темтеңдеп,
Бийнк жардын башына.
Бейлеп жарга келгенин,
Белгилеген Сакатай,
Катындык кылып шашылып,
Эр киши деп жазганбай,
Жанаша басып баратып,
Жаланып турган канжарды,
Как өпкөнүн тушунан,
Оң колтукка бир малып,
Алдында жардын башынан,
Түртүп ийди кулатып.
А дегенге ал келбей,
Бут серпкенге шай келбей,
Каракчы жатты суналып.
Кайра басып Сакатай,
Кермедеги аттардан,
Жедигерден алпарган,
Багыштын аты Акжалды,
Жазбай таанып мингени.
Келген жолго салбады,
Кесирим ылдый кирди эми.
Жаныбарым Акжал ат,
Тал түштөгү немедей,
Жер таянбай баратат.
Аңгычакты сүрүлүп,
Агарып чыгып таң атат.
Каракчылар караса,
Бирин-бири чакырып,
Ат-атынан санаса,
Отуз тогуз тирүү жан,
Бирөө кайда, табылбайт,
Түгөлдөсө катындар,
Сакатай анда жок турат.
Туш-тушуна чуркаса,
Бир эркек жатат дардайып,
Бийик жардын алдында.
Бир канжар турат мадалуу,
Как өпкөнүн тушунда.
Аттарды санап карашып,
Таппай калды Акжалды,

Сакатай минген экен — деп,
Каракчылар санашып:
«Ар канча болсо Сакатай,
Акылы кыска катын — деп,
Келген жол менен кеткендир,
Изин кууйлу акыр — деп,
Катыны жок жүрчү элек,
Каргаша болот экен го,
Өлтүрөлү такыр» — деп.
Арзыбай калган немедей,
Бирден басып коборуп,
Өлтүрдү баарын жоготуп.
Катындар өлүп кыйрады,
Каракчылар турбады.
Кейиттин үстү кара тоо,
Ошону көздөй чубады.
Эми калган кептерди,
Качып кеткен баягы,
Сакатайдан угалы.
Акжалды минип атайын,
Антнп чыккан Сакатай,
Аял кылып турбады.
Жалгыз бара жатканда,
Сакатай айткан буларды:
«Жаралганы жан болуп,
Жарыктыкка чыкканы.
Баккандыр атам алдейлеп,
Көтөргөн энем өөбайлап.
Бар тапканын кийгизип,
Бар тамагын ичирип,
Караган көк бит чагымдан.
Кастарлап багып чосойтуп,
Каадалап берип күйөөгө,
Эми картайып барам Сакатай,
Калың журтум жедигер,
Жакшы күндө бир жүргөн,
Жаман күндө бир болгон,
Сыр түйүнүн чечишкен,
Элим калды жедигер.
Талашып эмчек эмишкен,
Тар курсакта тебишкен,
Атам да бир, энем бир,
Жатындашым жок эле,
Аталаштан агам жок,
Энелештен сиңдим жок,

Жалгыз элем Сакатай.
Болду мага ырас —деп,
Каракчынын артынан,
Ээрчип кетсем көөнүм жай.
Жети-Өзөндөн ичкен суу,
Суусу ирим болбойбу.
Суусу мени коебу,
Сакатай соо боломбу?!
Аппак сүтүн, ак нанын,
Аябаган Жетисуу,
Жерим мени коебу?!
Эстебесем жеримди,
Мен Сакатай ономбу?!
Туз урса жакшы боломбу?
Төбөмдөн урса кобомбу?!
Жер урса мени ономбу?
Желкемден урса кобомбу?!
Жети атам жердеп жай алган,
Жетисууга кетпесем.
Жедигердин бутуна,
Кирген тикен көзүмө,
Мага кирсе экен —деп,
Айтып жүргөн сөз эле.
Багышка айтып барбасам,
Сакатай атым бекер — деп,
Алты күндө бул жерге,
Араң келди каракчы,
Бүгүн кечке жетем — деп,
Акжал тулпар мингеним.
Жетпей кантип калам — деп,
Алдымда минген Акжал ат,
Сени, Багыш бакты ардактап.
Ата-энем кошкон атайын,
Мени, алганым бакты саксактап.
Айланайын, Акжал ат,
Сен арышын ачып бак.
Түшүп калбай үстүңөн,
Тырмышайын мен чыдап».
Сүйлөшкөнсүп адамга,
Арызын айтып Акжалга,
Аябай камчы бир салды.
Желге чачы сепендеп,
Желдүү катын Сакатай,
Жүрүп берди тепеңдеп.
Сакатай кебин укканда,

Сүйлөйүн десе тили жок,
Жаныбарым Акжал ат,
Басып берди алчактап.
Үстүндөгү Сакатай,
Олбуй-солбуй камчылап,
Коюп кетип баратат.
Ооздук тиштеп ойкуштап,
Алоолонуп Акжал ат,
Эки кайыш тизгинди,
Чоюп кетип баратат.
Тепендетил теминип,
Катуу жүрүп көрбөгөн,
Сакатай барат демигип.
Анык тулпар Акжал ат,
Барган сайын күч алып,
Араандай оозу ачылып,
Ак көбүгү чачылып,
Артуу-артуу белдерди,
Ашып кетип баратат.
Кеч кирген сайын Сакатай,
Шашып кетип баратат.
Алдындагы Акжал ат,
Туягы тийген жерлерин,
Казып кетип баратат.
Жөө тумандай чыккан чаң,
Жазып кетип баратат.
Акжал минген Сакатай,
Саамай чачы делбиреп,
Тентек шамал учуруп,
Жоолугу башта желбиреп,
Болушунча Сакатай,
Акжал менен койгулап,
Теги шамал жарышып,
Этегинен чойгулап,
Бээ агытар мезгилде,
Кирип келди Сакатай,
Хан ордого жакындап.
Тойго келген эл кетип,
Айыл көчүп бүт кетип,
Хан ордону сактаган,
Кышында шаар кыштаган,
Жай жайлоого чыкпаган,
Коңшулары Багыштын,
Хан ордодо калыптыр.
Бүрүлгө жакын болгондо,

Сакатай кирип барыптыр.
Кайраты бар Сакатай,
Хан Багыштын үйүнө,
Бурулбастан түз барды.
Иттер үрүп арсылдап,
Ат табышы тарсылдап.
Жигиттер чыга калгынча,
Чыгып атын алгынча,
Сакатай түштү жазганбай.
Кырчоосуна жанаша,
Акжал атты бош таштап,
Бөлөк болуп бүткөн бой,
Ат үстүндө буларып,
Араң кирди булактап.
Жигиттер келсе эшикке,
Ардактаган Акжал ат,
Бучкактан тери тамчылап,
Араа турат солуктап.
Жигиттер көрүп күбүрөп:
«Минип келген Акжалды,
Бир ашыгын жумуш бар чыгар.
Кандай минип келгендир,
Баатырдын атын мынчалап?»
Жигиттердин эстүүсү,
Үйгө кирди алдырап.
Ордо башы Ормокчал,
Үйгө кирип караса,
Ормокчалдын келини,
Сакатай анда олтурат.
Ормокчалды көргөндө,
Тура калып жүгүндү,
Тизеси мунун бүгүлдү.
«Ээ, кулунум, Сакатай,
Баатырдын Акжал тулпарын,
Балам, минип келдиңби?»
Акжалдын аты чыкканда,
Чыканактап төр жакта,
Жаткан Багыш ошондо,
Тура калды ордунан.
Тамеки тарткан канжасы,
Түшүп кетти колунан.
Ангычакты Сакатай,
Сонун кеп чыгат оозунан:
«Төрөбүз Багыш, кулак сал,
Сакатай кебин угуп ал.

Далайды көрүп баш бышып,
Кыйналып келди биздин жан.
Азамат жигит эр бүлө,
Тойго кеткен күндөрдө,
Эрте туруп, кеч жатып,
Эр ордунда мал багып,
Токсон түтүн киши элек,
Бир өзөндө куралып.
Айылга келди кырк атчан,
Жонуна мылтык асынып,
Жанына кылыч байланган.
Солкулдак найза өңөргөн,
Мойнуна жебе, жаа аскан,
Балта, чокмор, кетелек,
Эр жарагын бүт алган.
Кылданган күлүк ат минген,
Кырк уруу башка тон кийген,
Бабырап баары сүйлөгөн,
Мас болгондой күүлөнгөн.
Алек-далек жүгүргөн,
Билектерин түрүнгөн.
Айылга келип, жай жатып,
Субай атты айдатып.
Акжал атты баш кылып,
Так токсонду карматып.
Токсон түтүн айылдан,
Катындан кыркты ылгашып.
Күндө союп төрттөн бээ,
Казанга майды кайнатып.
Он беш күн жатып айылда,
Кырк катынга кырк атты,
Жасалгалап мингизди.
Жапында мурун бар экен,
Асыл буюм, арбын мал.
Колго токтор буюмдан,
Ал айылдан ылгаган.
Санаты кырк күлүккө,
-Сарапайдан* арттырды.
Он атка артты эт, кымыз,
Кырк атчан кылды кеп кылык,
Элден алган кырк катын,
Кээ бирлери буркурап,
Ыйлаганы андан көп.
Жетингенсип дүйнөгө,
Тийгенсип колу асманга,

Сүйүнгөнү мындан көп.
Качайын деп мен мурун,
Кары-картан, жаш бала,
Кырып иер бекен деп,
Кыялымда муну ойлон,
Сабыр кылдым далай күп.
Ал күнү тынбай жол басып,
Кейиттердин элине,
Кара тоонун чегине,
Каракчы конгон жеринде,
Буюмду сууга салам — деп,
Болбой бастым түнүндө.
Мени ээрчиген жигитти,
Жар башына барганда,
Өпкөгө канжар мададым,
Өлтүрүп аны таштадым.
Акжалын минип баатырдын,
Карангы түндө чыккамын,
Оор эл жата качкамын.
Келген изге салбадым,
Керүүлөй бери мен качтым.
Таң аткынча жол жүрүп,
Кечке чейин мол жүрүп.
Жетип келген чагым бул,
Баатырдын аты Акжалды,
Минип келген жайым бул».
Сакатайдан кеп угуп,
Салакалуу эр Багыш,
Жүрөмүн деп оолугуп:
«Кырк каракчы кызталак,
Кейит менен Ызардын,
Элдери ыйлайт зыркырап.
Суркийикти алдырып,
Үстүнө токум салдырып,
Мен басайын жабдынып!»
Шашылып Багыш басканы,
Басарында айтканы:
«Сакатай, мында жат,— деди.
Мен келгинче, Гүлайым,
Сакатайды бак — деди.
Байтеке баштап он киши,
Мени ээрчип бас — деди».
Байтеке баштап оп жигит,
Баатыр Багыш кошулуп,
Бадыратып жөнөдү,

Ат өлөт деп санабай,
Алды-артына*карабай.
Тан, аткынча шартылдап,
Күндүн мурду чачырай,
Кырк катын өлгөн жерине,
Жетип барды балкылдап.
Аты күлүктөр алкылдап,
Кээлери жетпей салпылдап.
Аккан суунун боюна,
Шамалдан ыктуу ойдуңга,
Кырк каракчы конгон жер,
Отуз тогуз катынды,
Өз оюнча сойгон жер.
Отуз тогуз катынды,
Такыр тоноп алыптыр,
Тартайтып баарын жыланач,
Талаага таштап салыптыр.
Өлгөн катын эттерин,
Кузгун, жоору, каргалар,
Бөрү, түлкү айбандар,
Эт жеген нечен андайлар.
Канчасынын этин жеп,
Сөөгү калган далай бар.
Аларды көрүп эр Багыш:
«Кырк каракчы кызталак,
Как ушундай кылбасам,
Кыргыз ата журтумдун,
Кунун сенден куубасам,
Кантип болом, Багыш?!» — деп,
Караргандан карарып,
Кападан ичи өрт жанып:
«Атынын изин кубалап,
Мен жалгыз өзүм барайын,
Аркасынан кубалап.
Байтеке, калып бул жерде,
Катындардын өлүгүн,
Таш дөбөлөп көмгүлө.
Элебей калып байкоосуз,
Эмгектүү болуп калбаңар.
Каракчыга алдырып,
Жаман атты кылбанар».
Дон тапшырып аларга,
Баатыр Багыш жөнөдү.
Сакатай качып кеткенде,
Отуз тогуз катынды,

Өлтүрүп таштап каракчы,
Өздөрү мурда жай алган,
Нечен жылдан бер жакка,
Бааналап ташка жан баккан,
Сынаакы болгон жерине,
Жетип жакын келгенде,
Жүктөрүн ташка бекитип,
Багыштан булар шекишип.
Ээрлерин алып катышып,
Талап келген аттарды,
Токуму менен агытып.
Бирден-бирден бастырып,
Бастырбай экөң жанаша,
Из кууганды аздырып.
Шексиз кылып издерин,
Оңодук деп иштерин.
Күлүңдөшүп күдүңдөп,
Шыбырап сүйлөп күбүрөп.
Шыкаалап таштан жатышты,
Келе жаткан Багышты,
Баары көрүп калышты.
Таш жөлөнгөн Багышты,
Так жыйырмасы бир жерде,
Тарсылдакка алышты.
Мылтык атып, жаа тартып,
Оодарып ташты кулатып,
Суркийикти бастырбай,
Матап турду ушулар.
Жан аябай катуу чаап,
Тиейин десе аралап,
Ат жүгүрөр жери жок,
Эки үзөңгү тийишкен,
Эңкейип башы сүзүшкөн,
Тар капчыгай, жалгыз жол,
Капчыгайдын башына,
Чыгып Багыш болгунча,
Капчыгайды таш менен,
Толтургандай байкаса.
Жөө басар жери көрүнбөйт,
Ташынын баары жыпжылма.
Айласы кетип, күн түгөн,
Турду Багыш ушунда.
Жыйырмасы алардын,
Мурунку күнү көрүшкөн,
Багыш баштап топ киши,

Келген элдин караанын.
Ар жагында тескейде,
Анда алардын аты бар.
Жыйырмасы ат коюп,
Шатырата бат коюп.
Таш дөбөлөп өлүккө,
Антип жаткан элдерге,
Калыстан чыгып качырып.
Байтекеден башкасын,
Баарын койбой кармады.
Ат чылбыры колунда,
Кармалуу экен Байтеке.
Мингени күлүк тандалган,
Качып кетип калганы.
Кармап алган тогуздун,
Такыр колун байлады,
Жынайлактап айдады.
Таманын ташка тилдирип,
Тегеле жаман кыйнады.
Өлтүрбөдү бир иши,
Бир жерге барып таштады.
Качып кеткен Байтеке,
Багышты барып тапканы.
Багыш менен Байтеке,
Барарына жер таппай,
Өтөрүнө жол таппай,
Экөөнүн кетти айласы.
Байтекени качырып,
Кууп келген жынырмасы,
Аркасын тосуп ал калды.
Эки жагы жалама,
Баш аягы тең тарчык,
Багыш менен Байтеке,
Чыгалбай калды камалып.
Ылдын барса сыйлыгып,
Мылтык атып, жаа тартып,
Тоодон ташты кулатып,
Өөдө барса дүрдүгүп,
Өгүздөй таштар кулаган.
Мылтыктан чыккан түтүндөн,
Күн көрүнбөйт тумандан.
Багыш менен Байтеке,
Чыга качар эшик жок,
Кирип алар тешик жок,
Кыстоодо калды кайран жан.

Алты күнү болгунча,
Амалсыз калды камалып.
Түн ичинде эр Багыш,
Абдан жаны карарып.
Нак чоюндан уюткан,
Чоюнбашты колго алып,
Жалама ташты талкалап,
Кыя тартып жол салып.
Чапканда ташты кулатып,
Секиртмек ташты уратып,
Күн кылайып атканда,
Кырга чыкты жол алып.
Суркийикти жетелеп,
Байтеке калды өөндө.
Баатыр Багыш заңкайып,
Басып чыкты дөбөгө.
Капчыгайдын кырына,
Чыкты Багыш чынында.
Каракчынын аттары,
Оттоп жүрөт сыртында.
Өздөрүнөн көрүнбөйт,
Аттардын жок жанында.
Ээлери кайда кеткен — деп,
Эңкейип ташты караса,
Курбуга ташты дөбөлөп,
Олтурушат жанууда.
Баш багып Багыш бакырды,
Кел бери! — деп чакырды.
Багыштын үнү төбөдөн,
Үстү жактан чыкканда,
Бар каракчы шашылды.
Шашпаганда канткени,
Жайыла качып туш-тушка,
Тегеректеп курчалып,
Баатыр эрге асылды.
Камалып калган Байтеке,
Байкуштун багы ачылды.
Капчыгай менен кең жерге,
Байтеке келсе бир жерге,
Тоодой Багыш басалбай,
Жайылган чөптө токтолуп,
Тегеректеп жыйырмасы,
Атып жатат октошуп.
Көзү көрө калганда,
Көсөм неме Байтеке,

Ыгы келсе чыгуучу,
Өзү жалгыз жекеге.
Суркийикти бош коюп,
Сундуруп найза оштонуп.
Байтеке тийди бакырып,
Багыштап ураан чакырып.
Жайыла качып ар кайда,
Мылтыктын үнү басылып.
Барып минди эр Багыш,
Суркийикке шашылып.
Алтыны сайып бүктөдү,
Карматпастан он төртү,
Таш аралап кетти эми.
Өөдөтөн качкан он төртү,
Төмөнкү топко барыптыр.
Отуз төртү каракчы,
Ороло чаап сеңирди,
Багышты ороп алыптыр.
Байтеке эми нетиптир,
Каракчы байлап таштаган,
Тогузуна жетиптир.
Шишик басып колдору,
Ташка батып жондору,
Өлүптүр экөө нечабак,
Калыптыр жетөө эсен сак.
Каракчынын кошунда,
Жетөөнү Байтеке
Эс алдырып ардактап,
Суркийик менен эр Багыш,
Тоо аралап, бел ашып,
Каракчыдан отуз төрт,
Багышка бирөө карматпай,
Же жаны тынчын жай албай,
Андан мындан көрүнүп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Убара кылды кырк күнү.
Энди Багыш нетиптир,
Байтеке менен сегизин,
Бар элиңе кеткин — деп,
Кырк каракчы кыйын жоо,
Кыркын таппай жан тынбай,
Мен барбаймын элге — деп,
Баатыр Багыш ойлонуп,
Бастыра түшүп толгонуп,
Зоңконун башы дегенге,

Чыгып барып эр Багыш,
Турнабай салып туш-тушка,
Таамай он кун жатыптыр.
Алы келбей жедигер,
Багыш качып кетти — деп,
Баарынын көөнү жай алып,
Бабырашып кубанып,
Кейиттен барып мал алып:
«Аттарды Багыш алыптыр,
Атты, тонду табалы.
Аралап элге баралы,
Андан кийин Багыштын,
Элин барып чабалы.
Багыштын тынчын кетирип,
Бейпайга башын салалы».
Деп кеңешип уурулар,
Далай андай жоо алган.
Багыш аңдып жатат — деп,
Оюна алар түк албай,
Кара-Кыр ылдый салуулап,
Тоо бөксөсүн жануулап,
Уурунун саны отуз төрт,
Кейитти көздөн баратат.
Зоонун башы чокуда,
Көрүп Багыш эр жатат.
Түн киргенде уурулар,
Түшүп барды адырга.
Тумшугу жетип капташты,
Топтогон жылкы малына.
Ар кимиси бирден ат,
Кармап минди жабыла.
Жылкычыны булады,
Жетелеп бээден дагы алды.
Таң сүрүлүп чыккынча,
Адырдан чыгып уурулар,
Тоону көздөй чубады.
Аңкаарып жолун тосоттоп,
Ал Багыш чыга калганы.
Бадыректер баары маш,
Экиден баспай жанаша,
Жалгыздан басып обача,
Сай салаалап, тоо бойлоп,
Сап-сап менен келайтат.
Суркийик күлүк ат үчүн,
Күчүнө салып Сур аттын,

Араң сайып бешти алат.
Карансыз кетип жоголду,
Калгандары талаалап.
Жер ортосу көрүнө,
Жетейин деп дөбөгө,
Багыш коюп баратат.
Зонкого барып эр Багыш,
Сонун жер деп жайланып,
Турнабайын колго алып,
Карап Багыш олтурду.
Кекиликче чукулдап,
Андан-мындан уурулар,

Калбай баары каракчы,

Кара тоого жыйылды.
Жыйырма тогуз калыптыр,
Өлгөнү бешөө аныктыр.

«Антип-минтип эр Багыш,
Алтообузду бир алды.

Кеткен болуп билинбей,

Бешөөбүздү бир алды.

Бузулбай келген киши элек,

Он бирибиз куланды.

Эми Багыш көрүнсө,

Анан тирүү ким калды?

Башканы кое туралы,

Ала-Тоо бойлоп жөө басып,

Көнгөн жерин Багыштын,

Койбой жүрүп табалы.

Түз талаага бүткөн тоо,

Биз Зоңкого баралы.

Багышты көрсөк катышпай,

Жаздырып жүрүп, ыгын таап,

Атын уурдап алалы,

Жөөлөтүп таштап салалы.

Айласы кетет Багыштын,

Жедигерге баралы.

Кыздары кызыл, катыны уз,

Бирден тандап алалы.

Жөөлөп Багыш баргынча,

Жедигерди бөлүнтүп,

Таратып ийип тыналы.

Белине таңуу жок окшойт,

Болжоп көрсөк сыягы.

Багыш тулпар таап минсе,
Бели катуу эр имиш.

Суркийикти жетелеп,
Калдайдын уулу Коңурга,
Качып кетип калалы»,
Деп сүйлөшуп алышты.
Каракчылар түнүндө,
Айтып берген немедей,
Зоңкого жетип барганы.
Түп тутат деп ойлобо,
Упасыз дүйнө жалганды.
Чыканактап эр Багыш,
Козголбой уктап калганы.
Суркийик турат байлануу,
Суркийикти көрүшүп:
«Көрүнбөйлү атына,
Сыры болуп жүрбөсүн,
Аты кылып кабарды.
Чыры болуп журбөсүн,
Өзү кайда экендер,
Караанын көрүп багалы».
Үстүндөгү дөмбөлгө,
Уурулар чыгып карады.
Таалайына жараша,
Ташты туура жазданып,
Багыш уктап калганы.
Айбатынан Багыштын,
Уурулар басып баралбай,
Уктап жаткан Багышка,
Батынып колун салалбай,
Кеңеш кылып бир талай:
«Келсин мага жакын — деп,
Кенебей жатып атпасын.
Элөөсүз барып тийишип,
Бизди кара баспасын.
Чапсакпы деп кеңешип,
Кенебей жатат келберсип,
Бирди чаап иербнз,
Биртке жерин тилербиз.
Тигилип Багыш качырса,
Биз ийинге сиербиз.
Качырып найза саярбыз,
Карышча жерин жарарбыз.
Капысынан качырса,
Жаралуу болгон каманды,
Кийин кандай кыларбыз?
Балта менен чабарбыз,

Баш терисин жарарбыз.

Жаны ачыган Багышка,

Жана кандай кыларбыз?

Бир чапканга, сайганга,

Тегеле Багыш бул өлбөйт,

Кылыч менен чапсакпы?

Кыямын мунун тапсакчы?

Кесип түшсө шарт этип,

Бөлүнсө эки тең кетип,

Андан жакшы табылгыс.

Таамай чаап ал албай,

Жакшы эмес ага кабылыш.

Мылтык менен аталы,

Бирок кийгени темир баары олпок,

Мылтыктын огу батабы?

Тарс дегенде ойгонуп,

Танапты мыктап тартабы?

А көрөкчө баарыбыз,

Атын алып качалы.

Жөө кубалап далбаңдап,

Тердесе чечет олпогун,

Ошондо как жүрөккө аталы».

Деп кеңешип алышты,

Кеңешке мыктап канышты.

Эси кеткен акмактар,

Суркийикке барышты.

Баш көтөрүп жер чапчып,

Аркырады кишенеп,

Үнү ачуу Суркийик,

Жер солкулдап титиреп.

Куюлма таш шагалаң,

Кулап кирди күдүрөп.

Ойгонуп кетет экен — деп,

Эстери чыгып бүжүрөп,

Суркийикти караса,

Кара бою чапталуу,

Туягынан башкасы,
Камдагай* менен капталуу.

Жебенин огу тешкисиз,

Бараңдын огу баткысыз.

Кокус барып катылса,

Тогуз онун жечүдөй,

Туягы менен бир чарпып.
«Ойгонуп Багыш кетпесин,

Чечебиз деп боо барып,

Балта менен чабалы,
Аттын бутун сындырып,
Анан кетип калалы.
Сур атынан айрылса,
Солкулдаган Багышың,
Жөө жүрүп бизди табабы?
Эр канаты аты деп,
Карылар бекер айтабы?»
Жыйырма тогуз каракчы,
Өлтүрүүгө Багышты,
Эси чыгып батпады.
Сындырып сөөгүн чабалбай,
Же Суратты минип алалбай,

Кылыч менен кыймалап,
Тарамышын кесишти,

Суратты таштап кетишти,
Талабына жетишти.

Уктаган бойдон эр Багыш,

Уч күн уктап калыптыр.

Тура калып караса,

Тарамышы кыркылып,

Сур ат аксап калыптыр.

Тегерегин караса,

Далай эрдин изи бар.

Энди Багыш ойлонду:

«Келген экен уурулар,

Жазганыптыр тие албай,

Айбатыман ушулар.

Атка алы келе албай,

Атты минип кете албай,

Тарамышын атымдын,

Кыркып койгон экен» — деп,

Канча түрдүү дары бар,

Тарамышты бүтүрчү,

Катырып койгон жылан бар.

Сары барпы* жана бар,

Кайнатма кара дары* бар.

Тал-тал кылып таратып,

Тарамышын аркардын,

Ала жүргөн чагы бар.

Тамырчы, табып иштетчү,

Бүт дарынын баары бар.

Алтай жибек анда бар,

Жумшакта кам сурп шайы бар,

Талаадагы Багышта,

Бары жоктун баары бар,
Керектүүсү таптаяр.
Канаган жерин Сур аттын,
Суу менен жууп тазалап,
Жыландан өлчөп ченеди,
Тийди деп бүгүн кереги.
Тарамышын аркардын,
Тарап аны жегизди.
Так сегиз күн бакканда,
Оролуна келиши.
Баса минип Сур атты,
Сур аттан тилеп кубатты.
«Багышка кылып салдык — деп,
Каракчылар ар качан,
Жедигерге кеткендир.
Болжолу бүгүн жеткендир,
Жаныбарым Суркийик,
Он күндүк жол арабыз,
Ушу бүгүн сен жеткир».
Кылганын ойлоп уурунун,
Колун сууга салбастан,
Жүзүн жууп албастан,
Тышынан каба курчанып,
Тоо бөксөлөп эр Багыш,
Жедигер көздөй бет алып,
Жетисуу көздөй чет алын,
Бешимде чыккан аттанып.
Күн кызарып чыкканда,
Жетисуу жетти айланып.
Эми алдында кеткен баягы,
Каракчыдан айталык.
Суркийик бутун кесе албай,
Тарамышын кыйышып,
Кериге жарап калгансып,
Кежеңдешип кыйынсып,
Кейиттин жетип четинен,
Элден талап ат минип,
Атка жетип эрдемсип,
Асынып мылтык мергенсип,
Ат аябай жол жүрүп,
Ат өлтүрө мол жүрүп,
Бешимде келип киришти,
Жедигердин четине.
«Багыш аман турганда,
Жамандык болот бизге» — деп,

Жедигер жок тээп
Жайбаракат тынч элге,
Тарчылыкты салышты.
Субайда калган он үйдү,
Ошолор талап алышты.
Катарлап бээден сойдуруп,
Башына жаздык койдуруп,
Колу-бутун чоюшуп,
Келин, кызды чогултуп,
Катындан кошуп сулууну,
Колу-бутун карматып,
Тогуз-ондон чыгышып,
Айылдын четин карашып,
Кыймыл этсе жедигер,
Кызылдай бөлөп камчыга,
Чарчаганча сабашып.
Оюн күлкү, ый менен,
Сүрүп чыкты тан, атып.
Ою менен уурулар,
Он катынды олжо алып,
Аттанып чыкты чубашып.
Белеске чыга келгенде,
Калды Багыш капташып.
Багышты көрүп уурулар:
«Багыштын кандай сыры бар,
Тарамышын Сур аттын,
Такыр кыйып биз келсек,
Таза болуп Сур аты,
Багыш келип калыптыр.
Эрдигинен Багыштын,
Айласы артык экен» — деп,
Мылтык кармап, жаа тартып,
Тарсылдатып уурулар,
Атып кирди Багышты.
Баатыр Багыш эр эле,
Башын тартпас өлүмдөн.
Найзасын Багыш ыргады,
Билекке күчүн чыңдады.
Суркийик менен койдуруп,
Тартынбаган сан колдон,
Тартынып Багыш калабы,
Жыйырма тогуз уурудан?!
Тап берип Багыш качырды,
Уурунун баары чачылды.
Опсуз күлүк Суркийик,

Он секиртпей аттар,
Тогузун сайып түшүрдү,
Тогуздун ишин бүтүрдү.
Каракчыиын жыйырмасы,
Атын таштап жөө качып,
Аралап ташка жармашып.
«Бириндетип жедигер,
Кылды бизге Багыш» — деп,
Кыялында санашып.
«Мында жүрүп нетели,
Жан жүрбөстүн чөлүнө,
Жан калкалап кетели.
Кайыпчы ичин тосолу,
Кербенден булап алалы,
Кеңири олжо табалы.
Катыны жок, бала жок,
Карарына адам жок,
Капташып калса андайлар,
Өзүбүзгө кошолу.
Санатты кыркка толтуруп,
Кайта айланып жаналы.
Кайыпчыдан көп өтөт,
Ар бир жерден келгендер,
Ар сонунду жүктөшөт.
Жер айланган кербендер,
Көп дүнүйө мол алып,
Бараңды издеп баралы,
Кол сурап андан алалы.
Ооганды издеп баралы,
Он миңди андан алалы.
Ойрон кылып Багышты,
Ошондо чаап салалы!»

Деп кеңешип каракчы,

Жыйырмасы турбастан,
Кайыпчы көздөй чубады.
«Атым Багыш эр туруп,
Он эки ай урушуп,
Кырк уурунун жыйырмасын,
Араң сайып алдым — деп,
Жыйырмасы кетип кутулду,
Издеймин деп ушуну,
Тоо башында элдерге,
Сак болгун — деп малыңа»
Айтып аны угузду.
Издегени камынды,

Үстүнө кызыл Жашы.
Бастырганы турганда,
Укту Багыш кабарды.
«Кайыпчынын ичинен,
Ким экени билингис,
Бир топ кербен таланды».
Кеп угуп Багыш аяктан,
Каракчылар, качкындар,
Барган бейим аякка,
Ага барып келем деп,
Бадана кийип болкоюп,
Суркийик минип зоңкоюп,
Сырттан Багыш жөнөдү.
Өзү көргөн Кайыпчы,
Өңкөй жыгач өзөнү.
Кызыл кырдын башына,
Барып Багыш олтурду,
Көчүгүн коюп ташына.
Көз жүгүртүп караса,
Тигилип чатыр калыптыр,
Тикендиктин сазына.
Ат байланып курданып,
Алда нечен бууланып.
Каракчыны таптым — деп,
Качар жагы кайсы — деп,
Карап Багыш байкаса,
Бир тарабы таш экен,
Үч тарабы талаа экен.
«Ташка чыкса кутулуп,
Жана кетет каракчы.
Таш жагын тосуп алайын,
Талаага качса бириндеп,
Суркийик болсо мингеним
Такыр сайып алайын».
Деп ойлоно шашылыш,
Кыркуулап тоону бастырып,
Багыш барат ылдамдап.
Кырк каракчы кыйын жоо,
Кылымдан чыккан шум ошо.
Каракчыдан бир киши,
Эшикте карап олтурса,
Кызыл кырдын башында,
Кыраңда караан бар эле.
Кайра чыгып караса,
Жок болуптур эми эле.

Эшиктен кирип энтелеп:

«Бол, тургула, тургула!
Камынып атка мингиле!
Мен көрдүм жалгыз бир демв.1
Эшикке чыксам эми эле,
Турат эле бир караан,

Кызыл кырдын белесте.
Кайра чыксам жок турат,
Кайып болуп бир деме

Кастап келген жан болсо,
Жайлап аны салалы

Кайгуулчу болсо кармайлы,
Катыра колун байлайлы. ^
Жортуулчу болсо кармайлы,
Топоңдотуп айдайлы.

Өчөшкөн Багыш кокустан,
Келген болсо бизди издеп,
Качып жанды жайлайлы!»
Биринен бири кеп угуп,
Баары атка дем уруп.
Кыркка толгон санаты,
Андан-мындан чогулуп.
Ат атына миништи,

Карыга найза илишти.
Үстүнкү ташты бет алып,
Өөдөлөп булар жөнөштү.
Кыстаса мээнет бендени,
Таптырбайт акыл ар качан.
Булар ташка жеткинче,

Багыш чыкты алдыртан.
Багыш чыгып бакырып,

Бакырыгы таш жарып,

Укпагандар таң калып,

Уккан мурун Багышты,

Эси кетип сандалып,
Айласын таппай калышты.
Жан жүрбөс көздөй бет алып
Жалпы жолго салышты.
Мурункудай эр Багыш,
Алактап кирип барбады.
Андан-мындан көрүнүп,

Тараша жагын тосоттоп,
Жан жүрбөс көздөй айдады.
Тарашадан караансыз,
Түзгө чыкты амалсыз.

Кеңири жерге киргенде,
Кенен баатыр Багышың,
Барып анан тийди эле.
Суркийик менен койгулап,
Делбиретип этегин,
Шамал тартып чойгулап.
Утур келген немесин,
Улам сайып баратат.
Жан жүрбөс жагын жөн койду,
Аркасына качырбай,
Алактап кетип аздыкпай,
Андан-мындан издеп таап,
Жыйырмасын кыйратты.
Кошулган жаңы жыйырмасы,
Чогуусу менен бир качты.
Өлтүрбөй аны кармады,
Жыйырмасы кебин баштады,
Бар сырын айтып таштады:
«Ызарлыкпыз онубуз,
Кейиттикпиз онубуз,

Жыйырма киши чогуубуз.
Тогуз ай болду кошулдук,
Кайыпчынын ичинде,
Төрт үңкүрдү толтурдук.
Арбын бизде жыйган мал,
Баарын, баатыр, алыңыз.
Аманат кара бир жанды,
Куткарып бизди калыңыз.
Билбей туруп кошулуп,
Душман болдук элдерге.
Ала кет, баатыр, биздерди,
Жети суунун жерине»,
Деп зыркырап турушту.
Карап көрсө эр Багыш,
Сөздөрү чындай көрүнөт,
Ээрчитип алып жөнөдү.

Төрт үңкүрдө малды алды,
Калтырбай баарын алп арды. !
Алп арганын беш бөлдү,

Бирөөнү берди жанагы,
Кармап келген жыйырмага.
Жедигердин эли деп,
Тааныдың ээриң кашын — деп,
Чогуу коюп бир жерге,
Кошуп алды элине.

Үч бөлүмүн дүйнөнүн,
Каракчылар талаган,
Элге берди тойгунча.
Бир бөлүгүн коротпой,
Сакатайга карматты,
Сен алгын деп барынча.
Кабары барган Сакатай,
Катын деп аны санабай,
Хан көтөрдү бир сууга.
Эри жок катын болучу,
Алып берди бир уулга.
«Каракчыга баш бербей,
Качып келген Сакатай,

Жез кемпир» — деп аташты.
Сакатайдан жети уул,
Айчүрөктү талашкан,
Толтой менен Семетей,
Кырылышкан урушта,
Семетейге кошулуп,
Кыраандын наамын талашты
Акырында Семетей,
Жетисууга хан кылып,
Жедигер элин каратты.
Хандык алып Сакатай,
Жедигер жатты жаймажай.
Муну мындай коюңар,
Канкор Манас баатырдын,
Кабарынан угуңар.


Кыргыз