Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Багыш. Мендирман (5)

ӨЗҮ КАТЫЛГАН БАЙТУРДУН БАШЫН ЖЕШИ

Салакалуу чоң Багыш,
Шаарын көздөй баратты.
Шаарына үч күн калганда,
Таап алды талаадан
Ээр токумдуу бир атты.
Оттогон атты кармады,
Кармаган атты караса
Ээр токуму кан баары.
Кандай жүргөн бир ат — деп,
Кедери изин куудуруп,
Башы жок жаткан бир өлүк,
Адырмактан таап алды.
Алдыпда өлгөн Болоттун,
Мурда айтып кеткенбиз,
Ар акылын ошонун.
Бадакшапда Байтурга,
Мен жедигерге барам — деп,
Айтып койгон башында.
Бадакшандык хан Байтур,
Болоттон кабар угуптур.
«Менден Болот эрби — деп,
Бадакшапдаи аттапып,
Жетисууга барайын.
Багыш менен Болотту,
Катар сайып алайын.
Жетисуу менен Дүйшөмбү,
Тажикке тартып берейин.
Багыш менен Болоттуп,
Багыы алып келейин.
Эрегишкен экөөнүн,
Эдебин колго берейин!»
Күүлөнүп Байтур аттанып,
Жети суунун калаага,
Келгенде жакын талаага,
Кез болуп калган бир киши.
Токто десе укпастан,
Качып берген ал киши.
Качканда Байтур кубалап,
Кармаган жетип адырда.
Кармап кепке канганда,
Багыш жок деп калаада,
Кабарды толук алганда.

Ак жолум болду менин — деп,
Башын кесип байланып,
Өлүтүн таштап кан ичме,
Кете берген талаага.
Эми эле кеткен ал Байтур,
Багыш келер алдында.
Өрөпкүгөн эр Багыш,
Өлүктү атка жүктөтүп.
Ылдамдата бастырып,
Бир укмуштун барлыгын,
Билгендей Багыш шашылып.

Алдындагы артуудан*,
Чыга калса ашыгып,
Калаадан берки талаада,
Тополоң уюп, чаң чыгып,
Туу көтөргөн кол келет.
Колдун астын баштаган,
Тоодой болгон чоң келет.
Көтөргөн туусун санаса,
Он бир желек желпилдеп,
Тентек шамал ыргаса,
Булагайлап делпилдеп.
Ким экенин билбеди,

Кыраан Багыш, кайран эр,
Астыиан киши жиберди.
«Бир кишини бар — деди,
Теги келе жаткан ким экен,
Байкап аны бил — деди».
Жедигерден Байтеке,
Желип кетти ургутуп,
Жолдун чаңын бургутуп.
Алдынан чыкты Байтеке,
Келаткан колго жолугуп.
Багыштын колу туу тиктеп,
Туруп калган чогулуп.
Багыштын колун көргөндө,
Берки кол калды соолугуп.
Жете барып Байтеке,
Өзү жалгыз эр неме.
Кеп айтуудан тартынбас,
Тил-оозуна кеп жукпас.
Кандым болгон Байтеке,
Капкайда Багыш көп жумшап.
Бара калып Байтеке,
Учураша калганда,

Ого бетер курчуган.
Жагалдапып андайда:
«Алыстан келген арбын кол,
Кайсы жактан келдиңер?
Кайсы элден элиңер?
Ким да болсоң, келгендер,
Кабарынды бериңер!
Мени Багыш жиберди,
Мен келдим мында, силерди
Кайсы элденсиң билгени!
Башчы болгон кол баштап,
Баш кишиңер ким?» — деди.
Байтеке минтип барганда,
Башка айтпай өзү айтат,
Байтур мындай сөз айтат:
«Алдымдан келген бир киши,
Ал кайратын билинди.
Жиберди Багыш деп келдиң,
Бадакшандык мен келдим.
Бадакшан болот жерибиз,
Тажик болот элибиз,
Жети сууну тепсете,
Жеңишкени келдик биз.
Желдүү билек ким болсо,
Эңищкени келдик биз.
Багыштай тентек ким болсо,
Беттешкени келдик биз.
Менин атым эр Байтур,
Унутуп калбай билиңиз.
Өңүмдү көргөн эр коркот,
Жүрөгүң чыгып кетпеңиз.
Бадакшанда жатканда,
Кабар уктум башкадан.
Дүйшөмбү тажик элинен,
Жетисууга кетти — деп,
Баатыр Болот баштаган.
Болот менен Багышты,
Катар сайып алсам — деп,
Ошол үчүн келайтам.
Жиберди Багыш деп айттың,
Келдиби Болот, билдиңби?
Же Байтур келет деп угуп,
Азыр айтканы келдиңби?
Жедигерден келипсиң,
Өзүңдүн атын, ким теги?

Тетиги турган кайсы кол,
Кагыша кетсе коркпостон,
Ачылган экен биздин жол!?
Тең киши мага кептенип,
Байрак тиктеп, туу сайып,
Жолумду тоскон кандай зор?
Батыраак айткын билсең» — деп,
Балакет Байтур турду эми:
«Унутуп калган бир кебим,
Угуп кеткин сен, элчим.
Бөрүдөй жолум ачылып,
Жедигерден бирөөнү,
Эми эле союп келгемин».
Байтеке угуп комдонуп,
Ат үстүндө оңдонуп:
«Бадакшандык сен болсоң,
Аты Байтур эр болсоң,
Мен жедигер элимин,
Байтеке деген мен болом.
Жетисуу болот жерибиз,
Жердин бетин солкуткап,
Жедигер болот элибиз.
Жедигерди башкарган,
Жетик Багыш эрибиз.
Дүйшөмбулүк тажиктеп,
Болот келип катышты,
Аны союп келдик биз.
Жедигерден жеткенде,
Бирди сойдум — дедиңиз.
Алат өчүн эр Багыш,
Ырысыдыз жедиңиз!
Келе бергин, тажиктер,
Улам бириң эрдемсип.
Болоттон кантип калам — деп,
Келипсиң, Байтур дердеңшип».
Байтур байкап бек угуп,
Байтекеден кеп угуп.
Байрак тиктеп, туу жай — деп,
Тажик Байтур оолугуп:
«Байтеке элчим, кайтып бар,
Багышыңа айтып бар!
Эрте чыксын Багышың,
Башын катып тартынбай!
Талкалайын Багышты,
Какшытайын көлүңдү,

Караптатып көзүңдү,
Көрсөтөйүн өзүмдү!
Сындырайын белиңди,
Суутайын суудай демиңди!
Жер менен жексен кылайын,
Бели атуу эриңди!
Талап алып кетейин,
Жедигер такыр элиңди!
Бүгүнкү күн кеч кирди,
Эрте менен эр чыксын,
Өзү Багыш шер чыксын!
Бешимге жетпей бүктөлүп,
Багыш өлүп, чыр чыксын!
Бака манжу Королдой,
Болот тажик үчөөнүн,
Өчкөн отун тамызам.
Өчүн алам алардын,
Багыштын канын агызам!
Баш кишиңди өлтүрүп,
Жедигер элин таратам.
Көп жерден олжо алыптыр,
Көйрөңсүң Багыш мен уксам.
Өндүрбөй талын кууратам,
Багышты өзүм сулатам!
Олжого алган көп төөсүн,
Казына жүктөй чубатам.
Капкалуу кара коргонуп,
Кандегине кулатам!
Ээрчитип келген элимди,
Эркинче берип олжону,
Эсинен кеткис жыргатам!
Катынына тул* салам,
Кыздарын такыр күң кылам,
Боз уланын кул кылам!
Бооруңду жарып өт алам,
Көзүңдү чукуп жана алам,
Көөнүңдөн кеткис муң кылам!
Көөпсүң баарың, жедигер,
Көкөйдөн кеткис сыр кылам!
Отунчу, суучу кылбасам,
Ошентип Байтур тынбасам,
Кылгылыкты кылбасам!
Кыныңдан ашып кетипсиң,
Кызыл каның агызып,
Жедигер, сени кырбасам!

Ойлогонум бүт кылып,
Мудаадан антип чыкпасам!
Айлаңды сенин кетирип,
Анан Байтур уктасам!»
Он сегиз миң ааламды,
Оруп-жынып алчуудай,
Ай-ааламды чогултуп,
Бир эле оозго салчуудай.
Жалгыз эле бир өзү,

Жаралгансың дүйнөдө,

Жедигерди бир көргө,
Чогултуп баарын көмчүдөй.
Опурулуп күүлөнүп,
Опсуз жамап сүйлөнүп.
Бузулган самын түрдөнүп,
Канырыктап сүйлөсө,
Сөөк оору киши өңдөнүп.
Буулугуп Байтур токтолду,
Жапа муну айтып октолду:
«Бастыргын, кеткин, Байтеке,
Убара кылбай башканы.
Эртең менен болгондо
Өзүм чыгам жекеге.
Эрдемсиген Багышың,
Элине айтып коштошуп,
Керээз кебин баарысын,
Тирүү кетем дебестен,
Кийил чыксын кепинин,
Өлгөндө киер немесин,
Үйүмдү көрөм дебестен!
Үмүт үзсүн жанынан,
Кем-керчи жок күтүнүп,
Камынып чыксын абыдан.
Пайзасын бекем кармасын,
Тайгылбас кылып сабынан.
Тоголотуп Багышты,
Бир ууртайын канынан!»
Байтур калды сүйлөнүп,
Байрагыи тиктеп, туу жайып.
Түшүп калды тажиктер,
Аттарынан далбайып.
Багышка барып Байтеке,
Байтурдун айткан кептерин,
Баарын айтты зерикпей.
Басмырт тууган эр Багыш,

Байтурдан бетер демикпей:
«Байлап атты жаныңа,
Баса жаткын, жедигер.
Баарың жалпы уктабай,
Баш көтөрүп көзүңдү,
Ача жаткын, жедигер.
Байтур айткан немедей,
Багыш өлсөм баарынар,
Башыңарды жедиңер.
Күн тийбестен аттангын,
Бириң миңдей шаттангын.
Кызыл желек колго алгын,
Кырка тегиз сап тарткын.
Жоо жарагың кылдагын,
Жоо бөрүсү уулдарым.
Байтурдун кебин укканы,
Кулап турат кубаарым!
Таң эртенден аттанбай,
Кантип чыдап турамын?!
Айтыптыр Байтур далай кеп,
Өзүнүн кебин Байтурдун,
Өз башына кылайын.
Ырайым кылбай бул сапар,
Бадакшандык тажиктин,
Жалпы баарын кырайын!
Камыңды кылгын, балдар» — деп,
Кыраан Багыш айтып кеп.
Кылчатпай кирип жатканда,
Байтеке элге мындай дейт;
«Байтурга барып Байтеке,
Угуп келдим далай кеп.
Байтеке айтам бир кепти,
Калкым, сага болсо эп.
Түн ортосу маалында,
Күбүрөнбөй туралы,
Ызы-чуу түшүп дуулдабай.
Мылтыкка салып ок чыңдап,
Мылтык атып тарсылдап,
Доолбас уруп карсылдап,
Алай-дүлөй барсылдак.
Жедигер дебей Багыш деп,
Бакырык салып чуулдак,
Баш аламан кылалы.
Урушуп мизи жана элек,
Же урушка көзү кана элек.

Орто-карта бул элди,
Биз упурак* кылалык.
Байтеке, айткан бул кебим,
Болобу элге ыларык?
Мылтыкчан кирсин алдыга,
Тарсылдатып аткылап.
Өтүп кетсин нар жакка,
Найзачан барсын аркадан.
Боорун жарыл өт алсын,
Учураса кандай жан.
Чокморчу чогуу бул жерде,
Караан болуп турса дейм,
Төрө Багыш эренге».
Байтеке кеңеш бергенде,
Баары макул болушту,
Туйдурбай Багыш баатырга,
Түн ортосу маалда,
Баары дүрбөп кобушту.
Аттардын баары байлануу,
Жарактын баары шайлануу.
Ар кимдин алган жарагы,
Өз колунда кармалуу.
Билип турат эр Багыш,
Билмемиш болуп жөн койду,
Байкап көрсө пайдалуу.
Жоо-жарактын кеми жок,
Жоокерлерде камдалуу,
Жалпы атка миништи,
Мылтыкчандар алдында,
Багыштап ураан чакырып,
Жабыла коюп киришти.
Жаркылдатып от чыгып,
Тарсылдатып ок атып,
Жапырып барып тийишти.
Эр Байтурга ишенип,
Эндекей жаткан тажиктин,
Тегеректеп чатырын,
Мылтыктап өтүп кетишти.
Бөлүнүп калбай найзачы,
Аркасынан жетишти.
Караан-караан элестеп,
Көрүнгөн көзгө немесин,
Мылгытын сайып өтүштү.
Ал аңгыча артынан,
Болот кылыч кынгырап,

Болумдуу эрлер зынгырап.
Ат, кишиси аралаш,
Капташканын кайсалап,
Ирети менен иш кылып,
Тажикти өттү талкалап.
Байтурдун колу он бир миң,
Ошол түнү өлүптүр,
Кеми жок толук тогуз миң.
Жердин баары жарыды,
Жедигер эли карады.
Жер кайнаган тажиктен,
Үрккөн койдой чөкчөйүп,
Аз калыптыр карааны.
Урушта көнгөн жоокер журт,
Ошентип керге жарады.
Тажиктин көрүп өлгөнүн,
Кырылып кеткен көп элин.
Карап Байтур турабы,
Кайберенден жалгашкан,
Минерге бар бууданы.
Жүзүн чочко жуубады,
Суусун жүтүп албады.
Бузулуп өңү сурданды,
Бучкакка коюп бууданды:
«Уурудан бетер урушуп,
Түн ичинде чыр тапкан
Катын Багыш, чыккын! — деп.
Жай жаткан элге чуу салып,
Жакыр Багыш, чыккын! —деп,
Кара аскерге таянган,
Капыр Багыш, чыккын! — деп,
Мыкты болсоң чык, Багыш,
Байтур өзүм чыктым — деп,
Барпаңдаган Багыш кул,
Башыңды жерге тыктын! — деп,
Бир тажикке жүзүңдү,
Тендештирип кырам! —деп,
Ойнойбу десем чыныңбы,
Унуткусуз кылам!» — деп,
Оолугуп алган чоң Байтур,
Башы үйдөй баатыр кул,
Жедигердин чокморчон,
Чогулушкан жерине,
Аралап барып бир тийди.
Жедигерден элүүнү,

Кара жерге киргизди,
Каарын Байтур билгизди.
Аңгычакты эр Багыш,
Суркийикти миниши.
Мингени тулпар Суркийик,
Кабаттап соот кийинип.
Карыга найза илинип,
Каарына карк толуп,
Качырып сала берди эми.
Аңсаганым Багыш деп,
Ал дагы баатыр качырып,
Алачыктай Багыштан,
Байтур коркпойт шашылып.
Түрпөтүн көрсөң, Байтурдун,
Багыштан барат ашынып.
Жалтанычуу эр эмес,
Жалтайып Байгур ашыгып.
Дубүртү аттын түрсүлдөп,
Соолуп калган бул экөө,
Урушка кирди күрсүлдөп.
Салмагынан кара жер,
Алды көңдөй немедей,
Чыдай албай дүңкүлдөп.
Как карагай найзалар,
Суу чыбыктай сүлкүлдөп.
Экөөң көргөн кишилер,
Жедигер, тажик дебестен,
Маңдайда өлүм көрүнүп,
Көтөндөрү бүлкүлдөп.
Ачык чыкпай үндөрү,
Кирген нардай күркүрөп.
Как айрылып кара жер,
Туман чыгып дүркүрөп.
Эки жакта турган эл,
Сийдиги агат бүркүрөп.
Найзаларын кагышып,
Кайра беттеп сайышып.
Имерип найза кездешип,
Эриндерин тиштешип.
Тизелерин бүгүшүп,
Тулпарларга күч келип,
Сайышып берсе чыдабай,
Найзалар сынып бүктөлүп.
Кирпиктерге чаң туруп,
Кыроо чийдей үксөйүп.

Жаактарынан түк чыгып,
Кыркпаган койдой түктүйүп.
Айдар чачы саксайып,
Сакалдары сапсайып.
Муруттары тиктенип,
Болот найза жарактар,
Тик тигинен жарылды.
Тиктешип кирпик ирмебей,
Тике туруп санышты.
Мокоп болот найзалар,
Болоттон балта алышты.
Балтага балта чака-чак,
Жаркылдаган от чыгат.
Жаны чыкпай ал экөө,
Чапканына чыдашат.
Эр канаты жаныбар,
Миңгенине ат чыдап.
Балтанын мизин учурду,
Барган сайын бул экөө,
Балакеттей кутурду.
Баатырсын Байтур туралбай,
Бакырайган Багышты,
Жаактан нары бир урду.
Жарылып жаагы канады,
Сынып кете жаздады,
Көзүнүн жаздык чанагы.
Тоодой болгон чоң Багыш,
Токтоо кылып турбады.
Чоң балта менен эр Багыш,
Тоодой болгон Байтурду,
Чокудан ары урганы.
Салмагынан балтанын,
Туулгасы сак калып,
Кара куш сөөгү жарылды.
Менменсиген Байтурга,
Мээси чыгып чачырап,
Мелжемдүү өлүм табылды.
Байтур аттан кулады,
Кучактап жерди сулады,
Жедигер карап турабы.
Тажикти кирди тепсетип,
Башы кеткен тажикти,
Баарын сайды сенделтип.
Аттарын олжо алышты,
Калаага кирип барышты.

Беш жүзчө тажик тирүү эле,
Баарын кырып салышты,
Тынчалып бул эл калышты.


Кыргыз