Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Багыш. Мендирман (3)

БАГЫШТЫН КӨҢТӨЙ МЕНЕН БЕТТЕШҮҮСҮ

Жетисуунун бир чети,
Кайыпчынын Кара-Үңкүр,
Кадемден тартып бар Үңкүр,
Тогуз жолдун тоомунда,
Он эки жылга оозунда.

Отуз жолдун түйүнү,
Токсон шаардын ортосу,
Токтобой өтөт жолоочу.
Барып жерди көрөм — деп,
Баатыр Багыш барбайып,
Жан казанын байланып,
Барып калды дарбайып.
Барып Багыш караса,
Аттар жатат аралда.
Төөлөр жатат бадалда,
Кайберен жатат жапанда,
Аркары жатат адырда,
Эчки, теке, боз кийик,
Аралаш жатат ташында,
Бугу менен маралы,
Моюн алышып сазында.
Өрдөк менен каздары,
Буткул-буткул көлүндө.
Куланы жатат жайнаган,
Таш-Кыянын өөнүндө.
Аюулар жүрөт саксаңдап,
Чалкалаган төрүңдө.
Бөксөдө бөрү, түлкүсү,
Көргөндүн келет күлкүсү.
Кара куназ тарбаңдап,
Кажырлар учат далбаңдап,
Кузгундары куркулдап,
Үн алышып сайраса,
Булбулдары чуркулдап.
Жарды бойлоп жагалмай,
Учканы кыйын зыпылдап.
Кайың, терек, талында,
Карчыга, карга аралаш,
Уя салып баарысы,
Жашап жаткан каралаш.
Кекилик, коен, улардын,
Кашкулак, тоодак булардын,
Көргөн күнү аз экен.
Бүркүт, ылаачын, ителги,
Карчыта, кыргый, жагалмай,
Айры куйрук, турумтай,
Кара кашка, кулаалы,
Эт жечүүлөр бу дагы.
Улары тоонун башында,
Кекилик жердин астында.

Тоодак, коен, кыргоолу,
Мааналашып токойго,
Андайдан нечен айбанат,
Жанын сактайт токойдо.
Илбирс тоосун жойлогон,
Токоюнун четинде,
Жолборс, шери ойногон.
Жыгачы көп миң сандап,
Мөмөсү бышып самсаалап.
Маймылдар жүрөт шак-шакта,
Бирин бири кубалап.
Көрүп туруп эр Багыш,
Көркүнө жердин таң калат.
Өөнү токой чер экен,
Айбанаттын кени экен.
Тоолору кум, кызыл таш,
Чөбү тайкы жер экен.
Эчки төлдөп туткундай,
Бир жылда үчтөн туугандай,
Эки кун өмүр көрсөтпөй,
Бир эле күнү кыргандай.
Аралы менен бадалда,
Жайылган ат, жаткан төө,
Баары кербен малдары.
Тан, аткынча кайтарып,
Күндүзү өрүн алганы.
Соодагердин малы экен,
Каракчы барса тунгундай.
Карап туруп кербенди,
Карактап алып тургундай.
Жортуулчу барса тунгундай,
Жолоочу жолдон өткөрбөй,
Жортуп алып тургундай.
Отуз жолдун оозу экен,
Бөрү, койдун чаркы экен.
«Чүпөсү экен адамдын,
Жетелеп малды кылт берип,
Кирип кетсе токойго,
Көргүндөй эмес караанын.
Аралда жүрөт адамдар,
Жайылган ат, жаткан төө,
Мен ошого барайын,
Ким экенин билейин,
Кебин угуп канайын».
Деген ойго бир келип,

Желип барды аралга.
Бөлөк-бөлөк майданча,
Жаткан кербен бир канча.
«Кайсы жактан келдиңер,
Калдайып төөсүн чиркеген,
Карааны толук кербендер?»
Деп Багыш барып сураса,
Кербен башы келберсип,
Сунган бутун жыйбады,
Жумган көзүн ачпады,
Мына мындай айтканы:
«Каракалпак, маңгыттан,
Жибек алып келгин — деп,
Индыстанга баргын — деп,
Баш болуп турган Бадыкөл,
Мени алар жумшаган.
Жетегимде миң төө бар,
Үч жүз кыркча кишим бар,
Талаада менден кеп сурап,
Эмне мында ишиң бар?
Индыстан барып келатам,
Жибек, шуру, акактан,
Кытайдын каптал чайынан,
Миң төөдө толук жүгүм бар.
Бизди мында жиберген,
Маңгыттардын Бадыкөл,
Каракалпак элинен,
Калк башкарган Шалтабай.
Көп турбастан, жолоочум,
Бараар жакка жолго сал!
Ат жаратып минипсиң,
Тон жаратып кийипсиң,
Сен өзүң кимсиң, айта сал?!
Карааныңа карасам,
Каракчыдай кейпиң бар,
Кержекдеген Сур атчан,
Кебиң бүтсө кетип кал!
Бадыкөл менен Шалтабай,
Баатырлар аман турганда,
Менин көөнүм азыр жай.
Эки жылдын алдында,
Бадыкөл кеткен маңгулга.
Четинен олжо алууга,
Калкында калган жаймажай,
Каракалпак Шалтабай».

Кербенчи сөзүн бүтүрдү,
Баары-жогун тең айтып.
Анда Багыш муну айтат,
Агартын тишин кылайтат:
«Кербенчим, көөнүң толупсуң,
Өзүнчө бааша болупсуң.
Ким экенин билбеймин,
Бадыкөл менен Шалтабай,
Багышмын мен, атам Бай,
Төөнү Багыш алды деп,
Айтып бар тилиң чайнабай!
Бадыкөл менен Шалтабай,
Баштап келгин сен барып,
Жетисууга кетейин,
Төөлөрдү айдап мен алып.
Бул жүгүңдү арткын — деп,
Төөчүлөр, төөңдү тарткын!»— деп,
Багыш мунтип турганда,
Кербен башы кер сүйлөп,
Опурулуп күрсүлдөп:
«Бадыкөлдүн төөсүнө,
Тие турган сен ким? — деп,
Мас болгондой сүйлөбөй,
Баатыр, ылдам кеткин! — деп,
Сен турмайлык, Багышым,
Бадыкөлдүн айлына,
Калмак басып барбаган,
Жарты жармак албаган.
Сен канчалык кишисиң,
Менден тартып төө алган?!
Байлатып таштап урайын,
Бар жиниңди кагайын.
Бабыраган, Багышым,
Эсебиңди табайын.
Өзүңдү берип бирөөгө,
Атыңды берип бөрөөнө,
Алардан кадыр алайын!
Качпасын, байлап салгын» — деп,
Чакырды төөчү балдарын.
Асылдаң тандап кийинип,
Кайнатып кызыл чай ичип,
Байсынып калган төөчүлөр,
Баарысы келди жабылып.
Кербен башы адамы,
Колунда темир таягы.

Атайын чуркап келетат,
Эр Багышты салгалы.
Буулукмалуу Багыштын,
Бугу мунун кармады.
Кербен башы кожогон,
Көмө чаап таштады.
Көзүн салып ошондо,
Керге* келчүүсүн байкады.
Түнүнкүсүн эл сактап,
Күндүзкүсүн жай жатмак.
Чоңунун ончо карааны,
Чогултуп келип баарысын,
Кылычка канын майлады.
Үч жүз жыйырма жетисин,
Жетелетип төөлөрүн,
Жетисуу көздөй айдады.
Калдайтып калын, олжо алып,
Багыштын көөнү тынганы.
Кабар укпай төөчүдөм,
Бадыкөл менен Шалтабай,
Алардан киши барбады.
Бир чыны сууну ичкендей,
Миң төөнү Багыш жалмады.
Үч жүз жыйырма жети эле,
Төө жетелеп барганы.
Каракалпак, түркмөндө,
Катын алын, үй тикпей,
Казан асып, от жакпай,
Салтан жүргөн эл экен.
Жетисуунун жеринен,
Жедигердин элинен,
Катын алып сөөктөшүп,
Кур чалышып* дос болуп,
Жерлик болуп жайланды.
Каркалпак, түркмөнгө,
Мындан да бирөө барбады.
Ар жылында эр Багыш,
Барып калат жол тосуп,
Келе жаткан кербендер,
Же андан-мындан мал алып,
Жолоочулап келгендер.
Учурап калса жолгошуп*,
Талап алат кээ бирөөң,
Азыраак болсо мал-пулу,
А катышпай эр Багыш,

Кое берчү кай бирөөн.
Эки, үч жыл өтүп арадан,
Элүүчө киши ээрчитип,
Ан уулай көөнүм ачам — деп,
Кайыпчынын ичинде,
Дагы Багыш бир барган.
Чынгыштын белдүү кишиси,
Атактуусу эр Көңтөй,
Көгөйдүн деген шаар салган.
Атпай Чүйдүн талаасын,
Бүт Кең-Колдун чөлкөмүн,
Такыр ээлеп бир алган.
Сараркада Шоорук кан,
Нарында бар Алооке,
Көгөйдүндө эр Көңтөй,
Буларга беттеп ким барган?
Аа тийишер киши жок,
Айлына киши барбаган,
Эсирген анда маңгулдар,
Манат менен уй жапкан.
Эсирип анын байлары,
Баш болуп Көңтөй балбаны,
Иранды карай төө тарткан.
Кашкар, Котен, Жеркенден,
Жиберип мата алдырган.
Жыйнаганы үч миң төө,
Мата, жибек, чай арткан.
Беш төөгө бирден киши бар,
Кербен башы алтоо бар.
Ашпоз*, чайчы төрт адам,
Тун сактоочу он аскер.
Алты жүз жыйырма бардык жан,
Иранды көздөй бараткан.
Кайыпчынын ичинде,
Эр Багышка жолуккан.
Кайыпчынын ичине,
Элүү киши ээрчитип,
Баатыр Багыш келгели,
Бир айга толгон чамасы.
Кайыпчыда бар эле,
Ар түрдүү айбан баласы.
Илбирс алган, чөө алган,
Жолборс аткан, шер аткан,
Бөрү, түлкү, аюу аткан,
Отуз айры бугу аткан,

Аркар, кулжа, текесин,
Кум-кумунан сулаткан.
Жан жүрбөстүн чөлүнөн,
Элге кайтсак экен — деп,
Жетелеп алып кеткин — деп,
Тирүү кулан карматкан.
Эрен Багыш келейткан,
Эр Көңтөйдүн үч миң төө,
Алдына утур капташкан*.
Төөлөрдү көрүп таң калып,
«Алда кимдин төөсү экен,
Сүйлөшсөк — деп,— тил алып».
Элүү киши, эр Багыш,
Алдынан барды жардашып.
Сап жарактуу кырк атчан,
Баатыры бар баштаган.
Жолунан чыга калганда,
Маңгулдар калды карашып.
Кербен башы төөчүдөн,
Сурады Багыш кеп ачып:
«Кайсы жактан келдиңер,
Жер союлтуп төө тартып?
Кайсы элден элиңер?
Кабарын айтып бериңер,
Менин да дайным билиңер».
Көңтөй атка миңгели,
Жамандык көрбөй келейткан,
Бул төөчүлөр кылайып.
Багыш мындай дегенде,
Кербен башы кеп айтып,
Кеп айтканда кер айтып:
«Билбей төөнү сурадың,
Эгер билип сурасаң,
Өлүп сөөгүң куурадың!
Көгөйдүңдөн келебиз,
Тегин төөчү дебеңиз.
Эр Көңтөй биздин бегибиз,
Иранга соода кылышка,
Төө жетелеп келебиз.
Арткан төөнүн жүктөрү,
Мата*, чепкен, кара чай,
Түрдүү жибек жана бар,
Көгөйдүңдө калмактын,
Манаттан жапкан үйү бар.
Калың калмак эли бай,

Эр Көңтөй аман, көөнү жай,
Эминеден кеми бар?
Сурасаң жайы ушундай,
Кайда барса бул төөгө,
Конгон жерде чөп таяр,
Төөчүлөргө чай таяр,
Бышырып койгон нан таяр,
Союп койгон кой таяр,
Биз басычу жолдордо,
Баары жогу таптаяр.
Иранга мындан барабыз,
Манат*, ноот* алабыз.
Кундуз алып, шуру алып,
Алтындан артып көп алып,
Анан кайра жанабыз.
Мергенчи болсоң сен киши,
Адырда аркар, кулжалар,
Сууда өрдөк, куу да бар,
Токойдо жолборс, шер да бар,
Айбандын баары мында бар,
Бөксөдө бөрү, түлкү бар,
Бул төөлөрдүн баарында,
Эр Көңтөйдүн мүлкү бар,
Өзүңөр кайдан келдиңер?
Атыңды, эл, жериңди,
Ачып бизге айта сал.
Илбирс, жолборс, шер тери,
Аюу, бөрү, түлкүдөн,
Келдиңерби жол тосуп,
Сатып бизге бергели?
Сатсаңар сатып алалы,
Силерге керек нерсени,
Биз да бере салалы.
Кайсы элден экениң,
Биз да угуп алалы»,—
Үчөө минтип сурады.
«Жедигер болот элибиз,
Жетисуу болот жерибиз.
Тамаша менен келебиз,

Баатыр Багыш мен болом,

Эли, жери, атымды,
Аныктап сурап билсеңиз».
Төөчү угуп бул кепти,

Салмак болду дүмөктү:

«Королдойду өлтүргөн,

Кокуй, Багыш, сенсиңби?
Баканы сайган бакыртып,
Баатыр Багыш, сенсиңби?
Калмак менен манжууну,
Катар чаап олжо алган,
Капыр Багыш, сенсиңби?
Баатыр Бака, Королдой,
Эр Көңтөйдүн жанынан,
Качып жүрчү жолобой,
Ээнбаштар өлдү — деп,
Эске албай койгонбуз.
Эр Көңтөйгө ал айтса,
Непак сени соймокпуз.
Талап алып элиңди,
Жетисуу деген жериңди,
Ээн таштап коймокпуз.
Кекчил келет биздин эл,
Ким катылса тийишип,
Каны агат кызыл сел.

Кыргыздан чыккан Орозой,
Катылып коюп биз жакка,
Уруша кетип оолугуп,
Ок атыптыр бир чакта.
Орозойдун балдары,
Ойлобой салып жаңжалды,
Олжо болуп кыргыздар,
Ойрон калмак элдери,
Ойго, тоого таратты.
Тең жарымы дүйнөнүн,
Маңгулдарга карашты.
Катышпаган маңгулга,
Жаны тынчып жай жатты.
Катылып койгон немесин,
Калтырбай союп сулатты.
Кекерлеп жүрүп бир кезде,
Сенин да табат эбиңди.
Биз таркатат экенбиз,
Жедигер деген элиңди.
Тартуу тартмак көп алып,
Көңтөйгө барып достошуп,
Оңдосоң болот пейлиңди.
Андай кылбай, Багышым,
Багалбайсың элиңди.
Кыямы менен сындырат,
Кыйратып бир күн белиңди».

Кебин салып жатканда,
Тиги төөчү данданып,
Капаланды эр Багыш,
Кебине мунун арданып.
«Башы боолуу кулундай,
Багышым, мени дедиңби?!
Балчык менен тең кылам,
Баатыр Көңтөй эриңди!
Артык мактап жибердиң,
Тынчы кеткен элиңди.
Төөлөрдү ала турайын,
Баштап кел ошол эриңди!
Көкүтүп сөзүң жылжытпа,
Көгөйдүн, салган шаарыңды,
Каратанын кыргызга.
Катарлап төөң алайып,
Андан кийин Көңтөйдүн,
Көгөйдүн шаарын талайын!
Кылгылыкты кылайын,
Кыйынсынган Көңтөйүң,
Кыйыгы болсо көрөйүн!
Кажылдаган калмактар,
Иранда сага бок барбы?
Бузбай, чачпай төөлөрдү,
Жетисууга сен алпар!
Тарткын төөнү, тарткын!» — деп,
Багыш мындай айтканда,
Кербен башы келдиреп:
«Көңтөйдүн төөсүн алам — деп,
Жедигер Багыш сенин бу,
Сак туруп айткан кебиңби?
Төө алам — деп,— жедигер,
Таланга кеттиң мейлиңер.
Атышып туруп өлөмүн,
Тирүү туруп төө бербей!»
Келпендеди мындай деп,
Кербен башы тиртендеп:
«Эрмектебей, жедигер,
Элиңе, Багыш, кете бер!
Жолун тосуп төөлөрдүн,
Токтотом деп бок жебей!
Күндүк жерге бир миң төө,
Турат экен бир катар.
Баш аягы үч миң төө,
Үн күнчүлүк жерде бар.

Ушунча ишке чакышкан,
Сендей акмак кайда бары
Деп күпүлдөп булкунуп,
Төөчү турду жулкунуп.
Жанындагы кишилер,
Баарысы турат ыкыстап,
Кайран Багыш турабы,
Найзаны кармап тыкыстап.
Имерип келип бир сайып,
Эрдин бири ушул — деп,
Башчы кылган көп төөгө,
Эрдемсиген калмакты,
Найзага илип алганы.
Айласы кетип калганы,
Жетисуу көздөй чубады.
Кечке чейин эр Багыш,
Өлбөс жерден бек сайып,
Көтөрүп туруп талыкпай,
Жана келген мин төөнү,
Жабдыгы менен бир алып,
Күнү үчкө жеткенде,
Үч мин, төөнү бир алып.
Үстүндө жүгүн мол алып,
Жаңыдан шаар ал салып,
Бүтүрө албай камыгып,
Мунтип жүргөн эр неме,
Усталар келген ар кайдан,
Шаар салып берерге.
Аларга бөлүп берди эле,
Алты жүз жыйырма адамын.
Казып, терип сураса,
Кыргыз чыккан далайын.
Жедигердин элине,
Кошуп ийди тим эле.
Нак калмактан төөчүдө,
Сексен беши бар эле.
Ошолордун ичинен,
Кербен башы алтоону,
Ашпоз, чайчы төртөөнү,
Түн сактачу он аскер,
Санатын жыйырма толтуруп,
Салдырып койду зынданга*.
Алтымыш беш калганын,
Бардыгы калмак балдарын:
«Баргын кеткин жериңе,

Барып айткын кебиңди,
Төөлөрдү Багыш алды — деп,
Көңтөй аттуу бегиңе!»
Деп кекетип эр Багыш,
Кетирди аны жерине.
Алар келди ээрчишип,
Көгөйдүң келип жетишип.
Эр Көнтөйгө келишип,
Багыштын кылган кылыгын,
Баарын айтып беришип:
«Жедигерге эл болуп,
Кошулуп кетти кыргыздар.
Кеткин калмак, жогол — деп,
Бизди айдап жиберди.
Анда бир күн тургузбай,
Жер кыдырып, тоо саптап,
Тарп терип жеп, жан сактап,
Жөө басып тартактап,
Жедигерден чыккалы,
Эки жыл ашып баратат,
Келишибиз ушул чак».
Деп калмактар кужулдап,
Кебин айтып турушту,
Төөчүлөрдүн бул кебин,
Байлары тыңдап угушту.
Байлары келип калмактын,
Көнтөйгө кебин урушту.
Анда Көңтөй мындай дейт:
«Жатып тургун, байларым,
Жетисуу алыс бул жерден,
Мен эле жалгыз барайын,
Багышты байлап алайын.
Артык мактайт калмактар,
Кайыпчынын өзөнүн,
Жерин көрүп жанайын.
Кайберендин кени дейт,
Ар сонунун көрөйүн.
Бугу менен куландан,
Атып көрүп булардан.
Жолборс, аюу, шеринен,
Азуулуунун эринен,
Аттырып андан келбесем».
Мылтыкка андес* балбандан,
Баары мерген адамдан,
Бетке алганы кетпеген,

Бир огу бекер калбаган,
Мындай кыйын адамдан,
Алтымышты ылгады.
Жетисууга барам — деп,
Бир калмакка айтпады.
Көгөйдүндөн жол алып,
Кайыпчы көздөй бет алып,
Адыр-күдүр тоо басып,
Канча дайра суу кечип,
Урчуктун кара тоосунан,
Намангендин астынан,
Эр Көңтөй өтүп бараткан.
Кайыпчыга бармакчы,
Кайыптан калың олжо алып,
Кумары канып кайыптан,
Жедигерге кол салып,
Багышты байлап кошо алып,
Келмек болуп аттанып.
Жетисуудан эр Багыш,
Элүү киши котчу алып,
Ээрчитип тайган ит алып,
Эрмекке тунжур куш алып,
«Наманген, Ташкен, Анжиян,
Ушу жакка барайын,
Алардын жолу канча экен,
Аны байкап жанайын».
Деген ойдо эр Багыш,
Келе жатса аттанып,
Калмактардын эр Көңтөй,
Урчукта калды капташып.
Багыштын мурун караанын,
Бадирек Көңтөй көрүптүр.
Алда кандай адам — деп,
Нспак көөнүн бөлүптүр.
Аңкарып байкап эр Көнтөй,
Турнабай салып караса,
Ээрчиткен тайган ити бар,
Көтөргөн тунжур кушу бар,
Асынган мылтык жарактан,
Колунда кушун көргөндө:
«Ит агытып, куш салар,
Ээрчишип жүрөр топ караан,
Куунак кыргыз бар беле?
Ит агытып*, кийик кууйт,
Мылтык атат, жаа тартат,

Калмактар такыр куш салбайт,
Казак алыс капкайда,
Алар мунда келе албайт.
Анжыян, Ташкен тарабы,
Мылтык атат, куш салат,
Ит агытыш биле албайт.
Бу да кыргыз уруусу,
Жедигердин турушу,
Багыш келип калганбы?
Болбосо Багыш ичинде,
Жедигер келе алабы?
Жедигер экен билдим — деп,
Эки жигит желгиы — деп,
Тиги ойдуң талаага,
Бир топ киши келишти,
Ким экенин билгин — деп,
Көп аттанып, көп жүргөн,
Көсөм киши жок окшойт.
Аруулап жолду карабай,
Түшүп калды далбайып,
Ылдамыраак барыңар.
Баркелдүрөөк көрүнсө,
Баш кишисин сураңар.
Биздин жайды айтыңар,
Билип андан кайтыңар»,
Деп жумшады эки адам.
Эр Көңтөй бар деп жумшаса,
Барбай койбойт калмактар.
Калмактан экөө аттанды,
Жумшады деп эр Көңтөй,
Көңүлү өсүп шаттанды.
Баатыр Багыш баштаган,
Жедигердин элүү адам,
Ооздугуы аттын чыгарып,
Суу кайнатып, чай салып,
Карта кертип, жал кесип,
Карын туурап, май жешип,
Жая бычын, кел дешип,
Кескен казы, кошкон май,
Баарын коюп аралаш,
Тобурчакка ыштаган,
Кыпкызыл болгон чаначка,
Кымызга кошуп бал чайкап,
Үйүндөгү немедей,
Бирин-бири чакырып,

Атынан айтып бакырып,
Куймак, боорсок, курутун,
Куржунунан алышып,
Суусун ичип, тамак жеп,
Суу боюнда жатканда,
Калмак Көңтөй жумшаган,
Эки адам барды аларга.
Аттуу келип кекейип,
Тегерек таман үзөңгү,
Буттарында тепейип:
«Ой! Кимсиңер жаткандар?
Үйдө жаткан немедей,
Жан жыргатып баккандар?
Үлүш берген* айылдай,
Чакырышып аткандар.
Агын суу бойлоп түшкөндөр,
Алгыр тайган, илгир куш,
Ар кимиңде бирден бар.
Беттегенден жазбаган,
Белчеден канга чыкталган,
Кундагы* чирип аз калган,
Мылтыгынар бар бирден.
Ким болосуң, айтыңар,
Кайсы болот элиңер?
Ким деген болот бегиңер?
Жайын айтып бериңер,
Келген жумуш немине?
Баарып айтып бериңер,
Сиздерден угуп алалы,
Апан биз да айта салалы»,
Деп турушту калмактар.
Жедигсрдин наркында,
Аттуу турган кишиге,
Аш сунбайт экен тегеле.
Айьтлга келген кишиге,
Ак чыгарбайт эшикке.
Үйгө түшүп киргенде,
Канча даамы бар болсо,
Калтырбай андан бир неме,
Баарын бериш адаты,
Баштан берки санаты.
Аттуу турган калмакка,
Андан турган бирөө айтты:
«Кем сураган сен кимсиң?
Кыскартып айткысы кайсы элсиң?»

Кыскартып айткын дегенде:
«Биздер калмак элибиз».
Элибиз калмак дегенде:
«Болду, болду, уктук биз,
Ушундай тура туруңуз.
Тигилуү турган чатырда,
Мен аптайын баатырга.
Баатыр менен жооптошуп,
Анан кайткын артыңа.
Баатырдын аты зор Багыш,
Мен айтайын аа барып».
Деп жүгүрүп калдаңдап,
Желбегей чапан далбаңдап.
Желбегей чапан жүгүрсө,
Эки жеңи салпаңдап.
Алдырап катуу жүгүрүп,
Багышка кирди сүйүнүп:
«Кошко келди эки адам,
Кеп сурады кобурап.
Калмак дешип тегнбиз,
Алар айтты божурап.
Анысын угуп желишим,
Айтканы сизге келишим».
Келген жигит кеп айтты,
Кялмак келди —деп айтты.
«Чакытрып кел, бул жерге»,
Багыш мындай дегенде,
Эшикке чыгып ал жигит,
Колун булгап бакырып,
Калмактар — деп чакырып,
Көңтөйу бар көөнү ток,
Калмактар келди бастырып.
Эшигине чатырдын,
Эки калмак тең барды,
Акимдик кылып ал кезде,
Бейбаш өскөн калмактар,
Пейлин байкап карагын.
«Кебинди түшүп айткын — деп,
Үйдө баатыр Багыш бар,
Жооптошуп кайткын» —деп,
Эшикте эки жедигер,
Чылбырынан кармады,
Чырды булар салганы,
Бир немеси чортондоп,
Кылычын кындан алганы.

Ангычакты эшикке,
Багыш чыгып калганы.
Багышты көрүп калмактын,
Кылычы түштү колунан,
Кылычы турган колдогу,
Тоголонду өздөрү,
Миңген аттын жонуна.
Жыгылып, кооп алдырап,
Бек шашылыгт турганда,
Анда Багыш муну айтат:
«Бирөөнү койгун нар жакка,
Каратпай жүзүн бер жакка.
Кылыч тарткан немесин,
Алын кел бери алдыман
Каратпай жүзүн дегенди,
Каратып туруп ал жерде,
Акыректин чуңкурга,
Канжарды сайып имерди.
Өмүр бого келбеске,
Өткөзүп аны жиберди.
Көрүп тирүү калмактын,
Тили калды байланып.
Жалдырап тиктеп, кеп кылбай,
Үшүгөндөй калтылдап,
Бузулуп өңү азгашып.
Карабай өйдө жер тиктеп,
Жеди бурут — деп тиктейт.
Айласын таппай турганда,
Анда бирөө кеп айтат:
«Жылас болгон, ой калмак,
Не жумушка келгенсиң?
Ылдамыраак айтып бак.
Жашырбай айтып бар кепти,
Калмагыңа кайтып бак!»
Калмагыңа кайт деген,
Кепти угул ал калмак,
Андан башка кептерди,
Тук укпады тамтаңдап.
Орган киши дагы айтат:
Не жумушка келгенсиң?
Кебиңди айткын» — деп айтат.
Багыш кетип калганда,
Ошондо араң эс алып,
Каран калган калмакка,
Жарыгансып бул дүйнө,

Бүркөлгөн күндөй тунарык,
Калмак турду муну айтып:
«Көгөйдувдүн шаарынан,
Көңтөй баштап алтымыш,
Кыл мергенден аттандык.
Келбейт элек бул жерге,
Келгендин жайын айталык.
Кеңтөй өзү баш болул,
Көп байлар элден кошулуп.
Уч миң төө комдоп мал артып,
Түрдүү буюм ага артын.
Иранга сатып пайда алыш,
Көбөйтүп андан мал табыш.
Кыялында узаткан,
Бир күнү төөчү калмактан,
Ач жылаңач канча адам.
Кайыпчынын ичинде,
Кайберени мол экен,
Жол тосуп Багыш жедигер,
Жолуккан киши кор экен.
Жүгү менен төөлөрду,
Такыр алды жедигер.
Кыргыздарды элине,
Жедигердин элине,
Кошуп алды жедигер.
Бизди коё берди — деп,
Айтып барды келгендер.
Эр Көңтөй элден кеп угуп,
(Мен да бирге бар элем)
Кеңеш кылын олтуруп,
Төөсүнүн көбү кыргыздан,
Олжого келген кыргыздар,
Ичинен кылып кеңешти,
Биз жедигер эли — деп,
Тартын алып кеттиби,
Тарттырып ийип келдиң—деп,
Такыр кырат бизди — деп,
Жедигер талап алды — деп,
Жалган айтып келдиби?
Кайыпчыдан кайберен,
Караганча ал жерге,
Биздер барып келели,
Ар жагында жедигер,
Кабарлашып билели.
Алган болсо жедигер,

Калмакка калды кайыншп,

Себебин анын билели,

Деп аттанып келгенбиз.

Калганыбыз көрбөппүз,

Эр Көңтөй өзү көрүптүр,

Эки киши барып кел,

Аңдан кабар алып кел,

Деп жумшаган кеп эле.

Өзүнчө келип бул жерге,

Өлүп калды тигине.

Өзү чогоол, чорт кыял,

Ошондой өлчү неме эле.

Бар десеңиз барайын,

Баатырыбыз Көңтөйгө,
Баарын айта салайын».

Деп тиги турду бүжүрөп,
Кебин кесип айта албай,
Ичинен ал күбүрөп.
Угуп Багыш муну айтат:
«Келген калмак кайтып бар,
Көдтөйүңө айтып бар.
Калмактар мурун кол салып,
Алып турган биздерден,
Алман* салык мол салып,
Келген калмак манжуудан,
Эми мен жүрөмүн олжо алып.
Королдой киши жиберип,
Алым алды бир жылы.
Атайын келип кол жыйнап,
Талап алды бир жылы.
Королдойду жоготтум,
Артынан барып сайышып.
Бака манжу баш болуп,
Басып келди канчасы.
Жана болбой. тайышып,
Баатырынан төрт экен,
Баарын алдым салышып.
Каракалпак, маңгыттан,
Бадыкөл менен Шалтабай,
Алардын төөсүн бир алдым.
Көңтөйдүн төөсү келиптир,
Көрүп туруп аны алдым.
Нарындагы кыргыздын,
Канча жылдын алдында,
Катынын жарды деп угам.

Айлам келсе калмакка,
Эки жылы камынып,
Үчүнчү жылы бир барам!
Эң эле айлам кеткенде,
Алооке менен Көңтөйдү,
Аяк асты бир кылам!
Белиме таңуу болуучу,
Кыргызда жок бир адам.
Тикендей жалгыз мен бир жан,
Жалгызмын деп жалтанбай,
Жүрө берип картайбай,
Башына анын бир чыгам!
Атым Багыш айтып бар,
Аянбасын Көңтөйүң,
Аныңдын күчүн көрөйүн.
Көме сайып Көдтөйдү,
Тентип жүрөт Ташкенде,
Жер табалбай Көкөтөй,
Көгөйдүвдү аа берип,
Ат-Башы ашып эңкейип,
Алооке сайып алайын.
Кара кыргыз Кошойго,
Тапшырып берип Нарынды,
Ошондон кайра жанайын.
Көңтөйүңө, калмагым,
Айтып баргын унутпай,
Кебимди төгүп таштаба,
Жасап айтып башкача,
Турбай калмак, жөнө!» — деп,
Багыш коё бергенде,
«Жагла буркан, жагла» — деп,
Ичинде калмак жалынып,
Бура баса берерде,
Бети менен жыгылып,
Калган экен калмактын,
Эси катуу бек чыгып.
Албырып эки бетинен,
Аккан суудай тер чыгып.
Дапдыраңдап турганда,
Кеткин калмак, кеткин — деп,
Кетирип ийди эл чыгып.
Эми Багыш мындай дейт,
Элин такыр чакырып:
«Элүү киши турабыз,
Жедигер калды ыраакта,

Жетисуу калды тыякта.
Ылдам кошуун келсин — деп,
Кабар берсек ал элге,
Биз калабыз уятка.
Угулуп жүргөн кабары,
Мана бу калмак ит Көдтөй,
Азыркы жүргөн адамдын,
Баарысынын жаманы.
Королдой, Бака келгендер,
Көзүң көргөн, жедигер,
Алардай нечен чоңуна,
Көңтөй жүргөн баш бербей.
Алтымыш киши ал экен,
Элүү киши биз экен.
Ажал жетсе өлөлүк,
Алышып ага көрөлүк.
Сайып алсак олжо — деп,
Алтымыш атка карабай,
Түз баралы биз мындан.
Алдырып ийсек калмакка,
Жедигерге калмактар,
Кандай барса барбайбы.
Кадигинче* олжолоп,
Кан батыра албайбы.
Силерге кандай, баатырлар,
Баш калкалап калбайлы!»
Багыштын кебин эм алып,
Баарысы турду камданып.
Экөө келип, бири өлүп,
Кеткен калмак ал барып.
Багыштын айткан кептерин,
Алибин лам2 — деп айтпай,
Ашык-кем кепти теги айтпай.
Айтып барды бабырап,
Бара жатып кеп салып,
Тиктеп калат жалдырап,
Тили буулуп калат балдырап.
Унутуп кетип айтканын,
Буркан, буркан, буркан — деп,
Күбүр-шыбыр жалбарат.
Бар кебин айтып бүтүрүп,
Андан кийин муну айтат:

1 Алип — араб алиппесиндеги «I» тамгасы.
8 Лам — араб алигщесиндеги «З» тамгасы.

«Жедигердин Багышы,
Кара бою чоң эмес.
Кең көкүрөк, сом далы,
Көрүнөө турат адамга,
Бул замандын балбаны.
Катын жарып, эл кыйнап,
Туулат деген Мапасың,
Туйдурбай туулуп чоңоюп,
Багыш болуп алганбы?
Басташып калса сорчудай,
Бүгүн дүйнө жалганды.
Беттешип калса салкындай,
Тим эле башка арманды.
Жалжагай ооз, жалын кез,
Жанбай турган эр окшойт,
Далай көрдүм эрлерди,
Мен көрбөдүм боо окшош.
Тил алсаң, Көңтөй кетели,
Элге эсин жетели.
Бекер аксап талаада,
Таап албай кеселди.
Кошуун курап, кол жыйнап,
Мыкты жигит, эр ылгап,
Мылтыкка салып, ок чыңдап,
Кайра келип Багышка
Басташканың жакшыраак.
Байкап көрдүм Багышты,
Мүнөзү башка эң жаман,
Жаасы катуу эр турат.
Жайылданса Багыштын,
Байлоодо турат Сур аты,
Андан жагалмай качып кутулбайт.
Катышпайлы тил алсаң,
Буркан урсун төбөмдөн,
Сени ээрчип мен барсам!»
Айтып болуп алдырап,
Багыш, Багыш, Багыш — деп,
Тиктеп калат жалдырап.
Жүрөктүн майы жарылып,
Кеткен экен ал непак.
Айтып болуп бар кебин,
Тегеренип чакчандап,
Өлүп кетти бул калмак.
Капыр Көңтөй камынып,
Таң аткынча кам кылып.

Жоо жарагын, кийимин,
Кем карчы жок жам кылып.
Жедигерди кыргыздай,
Кетейин деп бул сапар,
Кең дүйнөсүн тар кылып.
«Канча күнү кармашам,
Каары катуу эр окшойт,
Аябай тоюп аттанып,
Андан кийин чыгам» — деп,
Алты казан атала,
Бытылдата кайнаткан.
Кашкулак менен суурдан,
Аюудан атып алтыны,
Абдан этин бышырган.
Эки бугу, беш кулжа,
Анын этин коштурган.
Куюлтуп майын ууртунан,
Капыр жулуп жеп турган.
Боткосу таруу унунан,
Ашаганы чочконун,
Аюу, бөрү, суурдан.
Аа кошкону капырдын,
Кулжа менен бугудан.
Кырк кашкулак, элүү суур,
Эки бугу, беш кулжа,
Алты аюу, үч бөрү,
Баарын жалгыз жеди бу.
Кара нээт бул чочко,
Шашке маалы болгондо,
Аттанды эми бу дагы.
Көңтөй минсе атына,
Көкжал Багыш турабы.
Тоодой Көңтөй, эр Багыш,
Туш келишип калышып,
Түйшүктү салып кетүүгө,
Бул түгөндүр арамдар,
Өлүмдөн коркун аянбай,
Өлөр жагын каранбай,
Кандуу найза кармашып.
Качырышып жөнөдү,
Барлык күчүн арнашып.
Күүлөп найза сундуруп,
Күүлөрү кулак тундуруп.
Түпөктүү найза алышып,
Түртүшүп булар барышып.

Бирден муштап алышып,
Найзанын учун тийгизбей,
Камынтпай эрлер кагышып.
Казабы артык чоң, доңуз,
Чыңгыш жумшап көп жүрүп,
Эр сайышка маш болуп,
Көңтөй аты жоюлуп,
Көтөлөк атка ал копуп.
Беттешкенин мант кылып,
Алып жүрүп алактап,
Жер таянбай эмгиче,
Келген экен бул бетпак.
Кайраты толук бул доңуз,
Каарды катуу баштады.
Кабылан баатыр Багышты,
Каңтара сайып таштады.
Суркийик аттан жыгылды,
Тоодой баатыр Багыштын
Топого башы тыгылды.
Көңтөй көөдөк эр эле,
Көңдөй челек неме эле.
Кууратып салдым дегенсип,
Карап туруп калды эле.
Аңгыча Багыш жүгүрүп,
Тура калып ордунан,
Кетпей турган Суркийик,
Баса минди түйүлүп.
Кайта Багыш туралбай,
Кара жандан түңүлүп,
Качып берди калдаңдап.
Карабай арка жагына,
Эки этеги далбактап.
Эки буту салбактап,
Суркийик минип жер чаңдап,
Качканда Багыш дардактап.
Көрө салып эр Көңтөй,
Кууп кирди барбактап.
Аңгычакты жедигер,
Калмактарды бастырбай,
Атып кирди мылтыктап.
Багышты кууган Кеңтөйдүн,
Акылы эки бөлүндү:
«Жедигерден калмакты,
Ажыратып алсам — дейт.
Аңгычакты Багышты,

Жоготуп ийсем кантем? — дейт.

Кууп кетсем Багышты,

Өлүп кетсе калмактар,

7Калгыз барсам элиме,

Кеңтөй атым кантер?» — дейт.

Көңүлү эки бөлүнүп,

«Калмактар өлсө өлөр — деп,

Житирбей туруп Багышты,

Жөготоюн аыы» — деп,

Калмактарга карабай,

Аркасынан жөнөдү.

Кууган менен Багыштын,

Караанын Көнтөй көрөбү?

Суркийиктин изин кууп,

Кууп барат аркадан.

Көгөрүп Көңтөй белин бууп,

Качып барат эр Багыш,

Адыр-күдүр артууда,

Ойду-девдү батууда,

Жайылып жаткан капталда,

Коргул, корум таштарда,

Бийик-бийик аскада,

Колоту теред капчалда.

Аркайган нечен тоөлордо,

Башы тийген асманга.

Кандыргалап лоануурда,

Качып барат эр Багыш,

Аркасынан чоң Көңтөй,

Кетип барат из чалып.

Сегиз күн жүрүп белдерде,

Кайберен жүрбөс жерлерде.

Эр Көңтөйдүн тулпары,

Боло албай калды булакшып,

Багышты кууса көшөерүп,

Миңген аты Көңтөйдүн,

Жүрө албады күч алып.

Калмак Көңтөй каңгырап,

Минген атын байкады.

Сайышта зардап көп өтүп,

Сээри менен бөйрөгү,

Жооруп кеткен тулпары,

«Арыктап атым арыбай,

Жооруп кеткен экен — деп,

Шили кууп тулпарым,

Баепай калса талаада,

Амалым анда кетер — деп,
Эрегишпей Багышка,
Көгөйдүңгө кетейин.
Быйыл атты сергитип,
Келер жылы эл жыйып,
Деректегеп Багыштын,
Кендирин анан кесейин.
Жетисууда жедигер,
Талап алып кетейин».
Деи ойлонуп зор Көңтөй,
Бура тартып жөнөдү.
Калмак бура тартканда,
Арасы эки күңчүлүк,
Дүрбү салып эр Багыш,
Көрүп турган болучу,
«Жан жүрбөстөн чөлүндө,
Жеткирбейт экен Багыш — дел,
Кайта тарткан Көңтөйдү,
Көзөмөлдөп көрөйүн.
Акмалап мен да жөнөйүн,
Жерине кетсе барбайын,
Жедигерге бет алса,
Бир беттешип багайын.
Барбай кетсе бул сапар,
Эки жыл жакшы камынып,
Он эки мин. кол алып,
Келбей койбойт бул калмак,
Үстүнө баса барайын.
Үркүндө калган кыргыздан,
Андан-мындан табайын.
Жамгырчы баатыр кыргыздан,
Олжо кылып калмактар,
Самаркандын сыртына,
Айдап салды деп угам.
Аны менен тилдешип,
Айла кылып сүйлөшүп,
Аны өзүмө алайын.
Катагандын Кошою,
Кайраттуу деп кеп угам.
Калмактардын ичинде,
Айласыз жүрөт деп угам,
Ага да кабар салайын.
Көк-Жайыкта Текечи,
Орозөйдун бир уулу,
Буга да кабар салайын.

Жамгырчы, Шыгай бир жерде,
Кошой менен Текечн,
Кошулушса биздерге.
Калканын уулу Көкөтей,
Ташкендин үстү Боз-Белде.
Муну менен тилдешсем,
Бурулбай накул десе эле,
Мен Көңтөйгө тең, келем».
Деп ойлонуп эр Багыш,
«Айттырармын аларга,
Бар сырымды калмакка,
Же кыргыздар айтып коёбу?
Асили кыргыз уулу го,
Айтпасам болбос буларга.
Арада кыргыз чогулсак,
Тендешербиз калмакка».
Нээтинде кылып кеңешил,
Болбой койсо кыргыздар,
Өзү Багыш бармакка.
Акылын бекем токтотуп,
Эр Көңтөйдүн артынан,
Келе жатат аткарып.
Байкап көрсө Көңтөйдү,
Жедигердин элине,
Жетисуунун жерине,
Баруучудай кейпи жок.
Кетүүчүдөй көрүндү,
Көңтөй калмак элине.
Эки жылда барышты,
Багыш ойлоп пейлинде.
Кайтып келди эр Багыш,
Көңтей менен сайышкан,
Жедигер калган жерине.
Багыш качып, Көңтөй кууп,
Баатырлар кетип калганда,
Жедигер алып ортого,
Алтымыш аттуу калмакты,
Ортосуна алганда,
Жедигердин элинде,
Байтеке деген бар эле,
Байтеке анда бабырап,
Жедигерлеп бакырат:
«Урчуктун Кара зоосуна,
Баарын качкын жабыла.
Бадыраңдап калмактар,

Кууп чыгат камына,
Тегерек төрдү өрдөгүн,

Тентип кете көрбөгүн.

Жыйырма бешиң бурулбай,

Белге чыгып баргыла.

Жыйырма бешиң бөлүнүп,

Тегерек төрдүн ичинде,

Жашырынып калгыла.

Жердин уусун билбеген,

Кара нээт калмакты,

Орто жерге алалы,

Ойрон кылып салалы.

Аркасынан Багышты,

Анан издеп баралы.

Сайышып калса Көнтөйгө,

Жабылалы баарыбыз.

Жайланып калса бир жерде,

Жаткандыр таап аларбыз.

Жан аябай элүүбүз,

Жапа тырмак туралы!»

Байтеке сөзүн алышты,

Жедигердин баарысы,

Тегерек төргө качышты.

Тегерек төр дегендин,

Аягы кууш капчыгай.

Баш жагы кеткен үч айрык,

Уч айрык башы биригип,
Эр алдынын бели — дейт.
Андан башка жагына,
Ташта туулуп, ташта өскөн,
Жалама жалтаң ташына,
Кийик басып беттебейт.
Байтеке кебин алышып,
Тегерек төргө барганда,
Айдатып берип аттарын,
Жыйырма беши калышып,
Жыйырма беши салтаң ат айдап,
Жыйырма беши жөнөдү,

Эр алды көздөй жарышып:
«Жедигер качты бурут — деп,
Камап алып аскага,
Жедигерди курут» — деп,
Калмактар барат дуулашып.
Жашырынган жедигер,
Жабышып ташка жатышты.

Алдыккысы кылчайбай,
Белди көздөй качышты.
Белге чыгып белсенип,
Эми калмак келет — деп,
Мылтыктарын белендеп,
Мелтиреп карап калвтшты.
Адыраадап калмактар,
Аңгычакты барышты.
Алтымыш калмак алактап,
«Жедигерди олжого
Алабыз» — деп карактап.
Туу белге жакын келгенде,
Жедигер атты жабыла.
Мылтыктын үнү тарсылдап,
Милтенин баары жалтылдап.
Доолбас үнү карсылдап,
Аты сүйрөп неченин,
Калмактар жүрөт далпылдап.
Ээри өөгүнө* сүйрөлүп,
Тепкилеп аты тырактап.
Жынырма беш мерген жедигер,
Жыйырма бешин лолмады,
Алтымыш калмак балбандан,
Отуз беши тирүү калганы.
Кууп келет жедигер,
Чыга качсаң экен — деп,
Капчыгайдан талаага.
Калдакдап качып келатып,
Капташты эмне балаага.
Жашынып жаткам жедигер,
Шыкаалап мылтык беттешип,
Ким жазса аткан калмактаи,
Өлтүрөлүк шүк дешип.
Аптуу-таптуу дал бута,
Барганда калмак ушунча,
Колун булгап Байтеке,
Жандап калды бир чакта.
МылтыК үнү тарс этти,
Жыйырма беш калмак ал жерде,
Жыгылып аттан “жалп* этти.
Он беши калган калмактан,
Кууп жетти ангыча,
Аркасынап бел жактан.
Ону калган жол тосуп,
Капчыгайдан- жедигер,

Он беши барды бер жактан.
Калмактан он беш ортодо,
Отузу бар жедигер,
Ороп алган ал жерде.
Он бешин тирүү кармады,
Каңгайлатып токмоктоп,
Жылаңайлак айдады.
Багыш, Көңтөй сайышкан,
Жерге булар барганы,
Астынан үтүр эр Багыш,
Калдайып чыга калганы.
Багышты көрүп жедигер,
Арылды ичте арманы.
Аман келип кошулду,
Арка болгон балбаны.
Эр Багышты көргөндө,
Атынан түшүп жүгүрүп,
Жедигер барды сүйүнүп.
Байлоодогу калмактар,
Багышты көрүп баарысы,
Көңтөйүнөн түңүлүп
Качкан Багыш эркелеп,
Калмактарды кармаган,
Айдаган кыргыз эл келип,
Болжошуп койгон немедей,
Эки жагы тең келип.
Учурашып табышып,
Жетисуу көздөй жөнөдү,
Ат коюшуп жарышып.
Жедигердин элине,
Жети суунун жерине,
Алтымыш эр он беш эр
Олжо кылын келди эле,
Аттарын бөлүп эл алды,
Азыраак тынчып эл калды.


Кыргыз