Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ата мурасы жөнүндө сөз

Биз элибиздин байыркы өмүрүнө көз чаптырсак, ал — журт кыйрына көз салган эрөөлдөгү жоокер сыяктанат. Анын арткан жолу татаал, өмүрү күрөштөрдө өткөнү байкалат. Бизге жеткен тарыхый маалыматтар дал ошондой баяндайт. Борбордук Азия-да жашаган элдердин, уруулардын эң байыркыларынын бири кыргыздар экенин аныктайт! Ошол байыркы кыргыздар, өздөрүнө канатташ-коңшулаш турушкан чоң-кичине элдер менен дайым карым-катнаш кылганы, нукура өзүнө таандык маданияты, жазуусу, тамгасы, мамлекети, бийлиги болгону айтылат. Байыркы кыргыздарга түздөнтүз таандык «Чааташ» эстеликтери биздин доордон алда качан мурдагы «Тагар», «Таштык» маданияттары менен байланыштуу экенин эске алсак, не ошо байыркыдан кыргыз династиясы башталаганын эске алсак — элибиздин тарихий элеси кыргыз атчандын караанындай туңгуюк тартып туманга житпейт, анын кайратман жоокердик сапаты ачылып, карааны ири тартып даана көрүнөт. Тилекке каршы биздин тарыхчылар эли- биздин ошол байыркысын азырынча көз жастыкта калтырып коюшканы өкүнүчтүү иш. Ошондон улам биз ушул кезге дейре так баамдап эбак эле чечип алчу маанилүү маселелер, алиге колго алына элек. Мен бул ойду жеме катары айтпайм. Тек бул маселе, эбак жетилип, колго алышты күтүп турганын эскерем. Неси болсо да, элибиздин байыркы өмүрүн аздыр-көптүр так-тап алганыбызда азыр бизге туңгуюк тартып талаш туудурган ушул мурас маселесин кароодо, бүгүн биз анча кысталбас элек. Азыр бизге күңүрт, түшүнүксүз болуп көрүнбөй, сезилбей жаткан туңгуюк нерселер даана, түшүнүктүү болор эле. Адабий мурастарыбызды кээде танбастан аны баалар элек, тааныр элек.

Элибиздин замандар бою басып өткөн тарыхый өмүрүн кеңири изилдеп үйрөнүп, аны туура баамдасак — тарыхый чындыктарды колдон келишинче туура тактар элек. Элибиздин байыркысын тек бүгүнкү күндүн белгилерине, бүгүнкү тилибиздин, не бүгүнкү маданиятыбыздын. өлчөмүнө салып карасак, анда биз, эң маанилүү, жооптуу маселеге бир беткей көңүл бурган болобуз. Чындыкты туура көрүп, терең баамдап, аны калыс чечиштин ордуна жалаңкабат карап калгыс — туура эмес чечебиз. Айталык: «Девону лугатит түрк» не «Кутадгу билик» сыяктуу мындан тогуз кылым мурда жаралган мурастар жөнүндө сөз козгогон кезде, ал мурастардын тилин бүгүнкү кыргыз тили менен салыштыра коюп «Мына, окшобойт, түшүнүксүз» дей салыш барыктуу, маанилүү жана жооптуу ишке тек ат үстүнөн карагандык болор. Арийне, ар бир тил өсүп-өнүгүп, жаңырып, байып, өзгөрүп олтурат. Тогуз кылымдан мурдагы тилибизди кое туруп мындан токсон жыл мурдагы тилибиз да бүгүнкү тилден бир далай өзгөрүп, айырмаланып калды. Мындан элүү жыл мурда дүнүйөдөн өткөн адам тирилип келсе, бул кездеги жаштар ал адам менен сүйлөшүү үчүн, балким «тилмечти» талап кылар… Эмесе биз бүгүнкү сүйлөнгөн сөздөр менен анча карт келишпей, бүгүнкү тилге которулууну талап кылган байыркы мурас-тарды тануу принцибин колдонсок, анда жеке бизге — орто-азиялык элдерге таандык мурастар тургай ар бир эле элдин байыркы мурасы тексиз калар, дайнын таптырбас?! Байыркы мурастарды козгобой туруп кечээ эле — мындан беш кылым мурда жаралган Новоинин дастандарын, не «Бабур намени» өзбектер, ошол баштакы тилде окуша албады. Эгерде, биз «Бабур намеден» турмушту көз алдыга келтирсек не анын баштапкы тилин изилдесек — андагы элдердин турмуш-тиричилиги, үрп-адаттары, мүнөз-кулктары, маданияты, оюн-тамашасы, тамак-ашы, адамдардын жүрүш-туруштары ал тургай кишилердин сүйлөгөн кеп-сөздөрүнө чейин жеке эле бүгүнкү өзбек-терге гана таандык болуп бөлүнүп турбастан, Орто Азияда коңшулаш, аралап өмүр өткөргөн башка урууларга да, башка элдерге да, алардын ичинде кыргыздарга да таандык белгилер бар. «Бабур намеде» саруу, кушчу, конурат, мундуз, аргын, найман, кыпчак, кытай, кенегет, маңгыт ж. б. көп уруулар аталат. Бул уруулар ошол байыртан эле аралаш турушкан. Азыркы кыргыз, өзбек, казак элдеринин негизин түзгөн уруулардан. Кыргыздын саруу уруусунан чыккан Ибрагим Саруу Бабурдун эң жакын таянычы экени айтылат.

Ибрагим Саруу өлгөндөн кийин гана Бабур Ферганадан качып кетүүгө аргасыз болгонун жазат. Бабурдун өзү жана анын чөйрөсү боз үйдө туруп бээ байлатканы, таруу бозо салдырганы, жалпак отуруп маек куруп узун-сонор кеп айтышканы, ошол сүйлөнгөн кеп-сөздөр көчмөн турмушту баштан өткөргөн байыркы шайдоот уруулардын, коншулаш турган элдердин бардыгына таандык зкени жалганбы? Бабур комузду («Бабур намеде» комуз деген сөздүн нак өзү жазылган) жакшы көргөн. Буга далил да Хиндустанда падишах болуп турган мезгилинде Ферганадан атайын комузчу алып келүүгө киши жибергени айтылат. Эмесе биз байыркы мурастарды талдаган кезде, ага, ошол өз учурунун көзү менен карап, ошол өз учурунун тили менен сүйлөп, ошол өз учурунун илимий аныктамалары менен аныктап талдоону жүргүзүүгө милдеттүүбүз! Ошондуктан илимий тал-доону жүргүзгөн кезде окумуштуу ошол байыркы турмушту таанып, көрүп анын ага өз аныктамасын кеңири, эргите так айт-пастан туруп эле, же бул, же тигил тарыхчынын, же бул, же тигил изидөөчүнүн аныктамасына таяна калып — «Палан мындай деген», «Түлөн андай деген», «Палан бул жерде төрөлгөн», «Түлөн тигил шаарда өлгөн…» деп, тек көздү жуумп ээрчий бериш менен биз чындыкты кеңири так айталбаспыз. Албетте, ар бир доордо өткөн саякатчылар, тарыхчылар, изилдөөчүлөр бизге баалуу маалыматтарды калтырды. Ошол үчүн биз аларды сыйлайбыз, баалайбыз. Алардын изилдөөлөрүнө таянабыз, ишене-биз. Ошентсе да, тек алардын бардык эле айткандарына көздү жуумп ээрчий бериш айрым учурларда бир беткейликке, так эместикке алып келери да ыктымал. Себеби, ошол саякатчылардын, окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн ичинде ошол кездеги уруулардын, элдердин турмушун, тилин, үрп-адатын, салтын, тиричилигин так бералбай 44 болжолдой кеткен учурлары да жок эмес. Маселен, өз ишин эң жакшы билген академик В. В. Радлов да «Кутадгу биликти» уйгур тилине салыштырганда, текске уйгур тилинин элементин күчөтүп жибергенин кийин өзү мойнуна алган… Эгерде кеңири даярдык жана билгичтик менен ишти колго алышса, мурас жөнүндөгү орчундуу маселелерди туура баам-дап, аны туура чечишке кыргыз окумуштууларынын мүмкүнчүлүгү чоң.

1. Кыргызга таандык жана бабаларыбыз менен коңшулаш өткөн урууларга таандык болуп ташка жазылган байыркы жазуулар, тамгалар бар. Ал жазуулар көп учурда насият сөздөр, ыр түрүндө жазылган чакан дастандар.
2. Элибиздин байыркысын бардык жактан чындыктын негизинде көркөм, элестүү баяндаган «Манас» үчилтиги баштаган эпосторубуз арбын. Уламыштарыбыз, тарыхый баяндарыбыз, санжираларыбыз, жомокторубуз көп.
3. Мурунку кылымдарда өткөн саякатчылардын, тарыхчылардын, окумуштуу- изилдөөчүлөрдүн тарыхый чындыкка сүйөнүп аныктап кетишкен илимий эмгектеринде, жол баяндарында, тарыхый чыгармаларында кыргыздар жөнүндө көп маалыматтар бар.

Борбор Азияда азыркы тили тектеш элдердин эң байыркыларынан деп кыргызды аташат. Биздин доордон алда канча мурда эле өз бийлигин курган, өзүнө таандык маданияты бар эл экендиги айтылат. Эмесе, кыргыздын ошол өзүнө таандык маданияты кандай маданият эле? Ошол жеке кыргызга таандык маданияттын уландысы жеке эле өз кебете-кешпиринде калдыбы? Алааматтын, чабыштын кесепети тийип жексен болдубу? Не ал ар бир эле элдин маданиятындай өсүп-өнүгүү менен өзүн байытып анан өзүнө жакын, өзүнө тектеш маданияттарга кошумча коштубу? Кыргыз окумуштуулары дал ушул колдо бар байлыктарды өзгөчөлүктөрүн, касиеттерин билгилик менен иликтеп-изилдөө иштерине ыйык кутка мамиле кылгандай сак, этиет, эң жооптуу кароого улуусунан кичүүсүнө чейин милдеттүү! Тарыхта ар бир элдердей кыргыздар да бирде өсүп-өнүгүп, бирде чабыштын, сырттан кол салган каардуу душмандын кесепетинен чачылып бөксөргөнү, ошого жараша маданиятынын да өнүгүп, гүлдөп өөрчүгөн кези, кумсарып өңү өчүп бөксөргөн кези да болду. Бирок, ошентсе да ал маданияты кайра жетилди, уланды. Биздин улуу дастандарыбызда жеке кыргыздар гана эмес, башка тууган элдердин өмүрү сүрөттөлүшү, не биздин элдик сонун музыканын ыргагы коңшулаш элдерге сүйкүмдүү болушу бекеринен эместир? Ошол эле Бабурдун комузду сагынып, комуз күүсүң уккусу келгени анчейин зеригүүдөн болбосо керек? Албетте, ал зеригүү эмес! Байыркы элдин эзелки күүлөрү эл-журттун эчен акылман-шердин тагдырларын, кубанычын, кайгысын, өмүрүн чечен, чебер ыргактарга салып саймедреткенин ким уккусу келбейт? Кимдин сагынгысы келбейт? Эл-журт өмүрүн саймедрете баяндаган үч кыл комуздун касиети — ал тек өзүнчө жарала калбайт да. Аны узак өмүр жашаган, оор, кыйын кыстоо менен чоң окуяларды баштан өткөргөн сергек эл жараткан. Ошентип ал маданият жетилди, уланды. Себеби, аны улаган кыргыз эли да кылымдарды кезген чоң, оор, татаал окуялардын күбөсү болду.

III кылымдын биринчи жарымында Орто-Азиядан Чинге (Кытайга) саякат кылган Абудалиф чыгармасында кыргыздар жөнүндө маалымат берип келип мындайча жазганы бар: «Алардын өзүнчө туткан жолдору, ой-пикирлери, жазуулары жана ибадатканалары (табынуучу) жайлары бар. Алар чырактарын өзү өчмөйүнчө өчүрүшпөйт. Алардын купуя (ичтен айтылчу ыйык) сөздөрү бар. Алдыларына жыпар жыттуу нерсе коюп намаз окушат (табынышат). Алардын бир жыл ичинде бир нече майрамдары бар. Жышааналары Көк… Алардын бардыгы баш ийген бир падышасы бар. Анын алдына кырк жаштан өткөн кишиден тышкары бир да киши олтурбайт». (Мажамулбулдан, 5 том, 411-бет). Мына ушул кыска, так маалыматтар мындан көп кылым мур-да эле биздин элдин нак өзүнө таандык маданияты, жакшы салты, элдик ыйык этикасы бар экенин, ал тургай жазуусу бар экенин так баяндайт. Ал эми Моглян-Каган, Күл-Тегиндин табыт-тарындагы ташка чегилген чакан дастандардын, Көгмен, Алтай тоолорунун аралыгынан тартып Таласка чейинки таштар бетине тамгаланган саптарды, куплеттерди талдасак бул жазуулардын көбү байыркы кыргызга таандык маданият экени, ал тургай алар бүгүнкү адабий сөздөр менен көп жактан үндөшүп, бип-бирдей өзөктөш айкалыш келгени байкалат. Алар сап-сабы, сөз-сөзү менен азыркы эпостук чыгармаларыбызда сакталып келген. «Аз эли көп болду. Эрендери эр жетти. Колдору түмөндөдү О, менин түрк элим! Бектерим, чөкпөгүлө, муңканбагыла! Зоболоңор артсын, мен силердин каныңармын!

Менин жыйган казнам силер үчүн. Силер өз каныңардан, өз журтуңардан айрыл-багыла! Түбөлүк ошол ынтымак болсо, бактыңар башта болот, дөөлөтүңөр төгүлбөйт, очогуңар бузулбайт!» (Моглян-Каганга коюлган эстеликтен, 735-жылдар). Эстеликтин ушул чакан сөздөрү «Манас» эпосунун саптарында толугу менен маанисин бузбай ырдалганы жалганбы? «Аз эли көп болду. Эрендери эр жетти. Колдору түмөндөдү» деген эстелик сабы менен: Кулаалы салып куш кылдым. Курама жыйып журт кылдым…— деген Манас кебинин айырмасы канча! Не «Түбөлүк ошол ынтымак болсо, бактыңар башта болот, дөөлөтүңөр төгүлбөйт, очогуңар бузулбайт!» деген эстелик сөзү менен: Бөлүнсөң бөрү жеп кетет. Бөлүнүп калды кыргыз деп Бөлөк элге кеп кетет…— деген акылман Бакайдын осуятында айырма барбы? Не «Үстүдө ачык Көк, астыда боору күрөң Жер бизди ыйыктасын» деген жазуу менен «Манастагы»: Төбөсү ачык Көк урсун! Төшү түктүү Жер урсуй!— деген анттын айырмасы барбы? Арийне, турмушта окшоштук көп. Бир элдин үрп-адаты, салты, лакап-макалына чейин үндөшуп окшошуп калган учурлар боло берет. Балким, тигил окшоштуктарда ошондой болбос бекен деп, биз, бизге тили тектеш элдердин колдо бар мурастарын карап көрдүк. Андай окшоштук мындай турсун, бизге тектеш элдерде — «Манас» сыяктуу байыркы өмүрдү кең-кесири баяндаган залкар эпостору жокко эсе көрүндү… Жокту жок дегени- бизге достордун эч кимиси капа болбос. Казак, өзбек жана башка элдердин билги адамдары маектеше келгенде — эртегини, тарыхты, адабий мурастарды тактоодо силерде чоң мүмкүнчүлүк бар. «Манастай» улуу дастан ага өзөк болор эле…» дешип бизге жылуу жумшак жеме эскертишет. Биз, достордун ушул орундуу «жемесин» терикпей кабыл алууга милдеттүүбүз!

Байыркы эстеликтердин баштапкы булагына өзөктөш болорун даана таанытып турган элдик чыгармалар бизде жеке эле эпостор менен чектелеби? О, жок! Мурас-тарга үндөш, өзөктөш касиеттерди элдик чыгармалардан өтө көп табабыз. Айталык: ушул кездерге чейин дүнүйөдөн көзү өт-көн адамын жоктоп кошок айтуу, анын тирүү кезиндеги ишин, жакшы сапаттарын, ойлогон максаттарын кошок аркалуу даңазалап арткыларга калтыруу — тээтигил байыркы тамгалар менен таш бетинде чегилген байыркы кошоктор, байыркы баяндар бардык жагынан өзөктөш, үндөш, тектештиги кокусунан болбос! Биз жогоруда Борбор Азияда байыркы түрк урууларынын эски эстеликтеринен чарпып алып бүгүнкү күнгө кылым басып жеткен чыгармаларыбыз менен аны өзөктөштүгүн айттык. Ал эстеликтерди окуганыбызда биз жеке эле адабий мурастарыбыздын өзөктөшүн көрбөстөн — төлөс, аз, меркит, кыпчак сыяк-туу азыркы кыргыз урууларынын ошол кезде эле ошол байыркы уруулардан болуп огуз, татар, уйгур, чигил, найман кыргыздагы уруулар болуп кай кездерде бир союз түзүп, бир ынтымак куруп бардыгы табгачтардан (кытайдан) өз-өз кыйырын сакташкан тууган уруулар экени билинет. 46 Ал эми XI кылымдын эстелиги Махмуд Кашгаринин деванында кыргыздар бир нече орунда сөзгө алынып, алар, кээде ягмалар менен коңшулаш көрсөтүлсө (I том 3-бет), кээде татарлардын жанында көрсөтүлөт (I том 28-бет). Кыргыздар түрк элдеринин бир уруусу (I том 280-бет). Алардын тили жалаң түркчө эле (I том 30-бет). «Башка тарыхый чыгармаларда кыргыздар жөнүндө өтө көп маалымат берилет. Аларды эң байыркы жана эң таасирдүү, барктуу калк катарында таанытат» (I том 497-бет. Кыргызга берилген түшүнүктөн).

Махмут Кашгарий эмгегинин баш сөзүндө айдан ачык мындай дейт: «Мен түрктөр, түркмөндөр, огуздар, чигилдер, ягмалар, кыргыздардын шаарларын, кыштак жана жайлоолорун көп жылдар кезип чыктым, лугаттарын (сөздөрүн) топтодум. Ар кыл сөз маанилерин үйрөнүп аныктап чыктым. Мен бул иштерди тил билбегендигим үчүн эмес, балким бул тилдердеги ар бир кичинекей өзгөчөлүктөрдү да аныкташ үчүн иштедим… Аларга ошончо көңүл бурдум дейсиң түрк, түркмөн, огуз, чигил, ягма жана кыргыз калктарынын тилдери бүтүндөй дилиме жат болду. Аларды ар жагынан жыйнактап негизги бир тартипке салдым. Бул чыгарма адабий эстелик болсун деп, кудайга сыйынып бул китепти түздүм. Китеп — «Девону лугатит түрк». Мындан туура тогуз кылым мурда М. Кашгарий өз мойнуна алган ыйык милдетти — адабий эстелик болсун! — деп, кудайга сыйынып жазуу менен ал эстелик кайсы элдердин эстелиги экенин ачык-айкын атаган элдердин бири кыргыз болуп олтурат. Ал эми сөздүктүн тексттерин изилдеп көрсөк: андагы сөздөр, ыр, макал-лакаптардын дээрлик көпчүлүгү кыргыздарга таандык экени талашсыз. Ошол кезде кыргыздын тилинде сүйлөнүп, сөз казнасына кирип, бирок кийинки кылымдарда «чоочун» тартып азыркы кыргыздарга анча түшүнүксүз болуп кет-кен сөздөрдү, ыр саптарын, лакап-макалдарды мындай коюп, дал ушул кездеги кыргыз тилинде өңү өчпөй көп колдонулган сөздөрдү сөздүктүн бети сайын окуйбуз. Аппак, кызыл өң, кызыл жүз, өң, раң, өрт, арка-моюн, ант, эм, өш, ич, эт, ыш, ирик, кысырак, чобур, чекир, өч-кек, ычкыр, угут, от жана башка ушулар сыяктуу нукура кыргыз сөздөрүнүн тизмеси чексиз. Баарыдан кубанычтуусу тигил сөздөр ошол кездеги жандуу сөз катарында алынып, сөздүктө алардын ар бирине түшүнүктөр берилген. Ошондой сөз тизмелери сөздүк-түн аныктамасы. Жогоруда биз атаган сөздөрдүн түшүнүгү сөздүктө алардын мааниси бир нече сөз же сөздөрдүн тизмеги менен туюндурулат. Маселен,— өш, өш — өгүзни сугариштэ колдоно турган сөз. Ыш — түтүн иси. Ирик — дөрт яшка кадам койгон кой.

Алп — баатыр, кахарман. Уч — бирер нерсенин бүтиши. Чо« бур — арзымаган мал. Ич эт — йгерге ябышыб тура дурган назик эт. Улар — какликнинг эркеги (туура эмес берилген). Эрте- эрта, танг, сахар вакти. Абышка — кары чал. Осурган — усиручи, усирик. Шар-шар — каттык ямгир егиш добуши. Карс-карс кол уриш, чапак чалишдан чиккан овоз. Кездик — кичкине бичакча. Кысырак — эсирген байтал,.. Ал эми угуму, айтылышы ыргагы өзгөрүп «чоочун» тартканы менен өзөгү биздин тилге айкаш келип өзүнүн байыркы тегин таанытып турган кыргыз! сөзү сөздүктө сансыз десек жаңылышпайбыз. Маселен: ува-ооба, арра-заара, ич сөз-сыр, ички сыр, ок йлан — ок жылан, үгит-насият — үгүт-насият, билги — билерман, акылман… Бул жерде эске сала турган эң маанилүү жагдай бар. Ал — ошол байыркы түрк сөздөрүн араб не эски уйгур тамгалары менен жазган кезде сөздүн айтылыш-ыргагы жазууда «чаты-шып» өзгөрүлүп калышы да ыктымал. Бул жөнүндө, кечээ эле XIX кылымдын экинчи жартысында академик Бартольд «Ма-насты» кыргыз тилинде, орус тамгасында жазган кезде ө, ү, ң тыбыштары жетишпегендиктен «Манастын» көп сөздөрү бурмаланып калган… Ушул жагдайларды ар дайым эске тутууга биз милдеттүүбүз! Сөздүктөгү ыр саптарын да иликтеп көрөлү: Алгил өгут менден, огул ирдам тила, Бой да улук билги болуб, билгиң ула. «Кыргызстан маданияты» газетасынын бетине пикир алышууга чакырган «Кутадгу билик» — «Бакыт-мээрим берүүчү билими», «Девону лугатит түрк» — «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» ж. б. мурастарга кыргыз журту да үлүштөш! Биз ушул мурастарды үйрөнөлү, баалайлы, сактайлы! Улуу «Манас» баштаган сонун мурастарыбыз темир сандыктарда катыла бербестен, алар тез эле дүнүйөгө таанылса экен. Бардык улуу-кичүү элдердин тилинде өмүр сүрсө экен!

Ата мурасы жөнүндө сөз, bizdin.kg


Кыргыз