Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Арыз

Арыз – бул уюмдун жетекчисинин дарегине ар түрдүү даттануу же өтүнүч маселелери менен жазылган иш кагазынын түрү. Бул иш кагазы иш кагазын жүргүзүүдө кеңири колдонулат. Арызда билдирүүчүнүн өтүнүчү же даттануусу кыска жана түшүнүктүү жазылышы керек. Эгерде арыз жазуучу алыста болуп жана арыз көп маселелерди камтыса, анда ал көлөмдүү жазылышы мүмкүн. Мунун себеби арыз ээсинин алыста болуусу, түз байланыштын жоктугу ж.б.у.с. Адам ишмердигинде арыздардын көптөгөн түрлөрү кездешет. Бирок арыздардын айрым түрлөрүн кошпогондо, алардын бардыгы- нын маалымдаректери бар. Арыздардын негизги маалымдаректери- не төмөнкүлөр кирет:
1. Арыз кайсы мекемеге багытталды, жетекчинин кызматы. Жетекчинин аты-жөнү.
2. Арыздануучунун жашаган жери, ким болуп иштейт, анын аты- жөнү толугу менен.
3. Иш кагаздын аты. Бул маалымдарек салттуу түрдө баш тамга менен жазылат.
4. Арыздын тексти. Ал абзацтан башталат. Анда кайрылуунун мазмунужана себеби көрсөтүлөт. Текстти мүмкүн болушунча кыска жана түшүнүктүү жазуу зарыл.
5. Арызга зарыл иш кагаздары кошо тиркелет. Тиркемеге зарылчылыгына жараша иш кагаздарынын көчүрмөлөрү киргизилет. Эгер тиркеме бирөө гана болсо, анда ал абзац менен жазылат.
6. Арыздануучунун аты-жөнү.
7. Арыздануучунун колу.
8. Арыз жазылган күн, ай, жыл.
9. Арызда арыздын мазмунуна ылайык айрым кызматкерлердин тиешелүү визасы болушу керек.
10. Арыздын индекси. Ал атайын журналда катталат жана аткаруу контролуна коюлат. Маалымдаректердин аралары так ажыратылышы керек. Жетекчинин резолюциясы беттин сол жактагы үстүңкү бурчтун актай жерине коюлат.

«Бишкексүт»
АКынын деректири
А.А.Короткихке
Аламүдүн –1 кичирайонунун
жашоочусу Ш.М.Исаевден

Арыз

Мени айдоочулук кызматка алууңузду суранам.
Зарыл документтер тиркелет.

(колу)                                                                                                                                           ИсаевШ.М.
15.05.2004-ж.


Кыргыз


Метки: