Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Албан

Албан кайрыктагы залкар күүлөрү менен калайык калктын калың катмарына кеңири таанылган улуу муундагы комузчулардын бири — Түркөбай уулу Абак. Ал 1841-жылы Ысыккөл облусундагы Жети өгүз районунун Шалба айлында туулган. Анын чоң атасы кыргыз, казак элдерине капилеттен сөз тапкан чечендиги, акылмандуулугу, айлакердүүлүгү, кара кылды как жарган калысчылдыгы, адамдарда сейрек кезигүүчү элчилиги, акылдуулугу, олуялуугу менен кеңири белгилүү кадимки Тилекмат болгон. Анын улуу уулу Түркөбайдын алты баласынын ичинен Абагы артыкча өнөрлүү чыгыптыр. Ал боорун жерден көтөргөндөн ырга ынак, күү жандуу өсөт. Абак эс тарткандан баштап чогойнодон чоор жасап алып, жаштар арасына тартат. Бир эле мезгилде кыл кыякты да, уккандардын кыялдарын кызыта тартып, жарптарын жазат. Кийин ал элдик музыкалык аспаптардын ичинен комузчулукту өткөрө жактырып, өмүрүнүн акырына чейин кесип кылып алат. Абактын чыгармачылыгынын башаты ар кандай маңыздагы, түркүн түрлөрдөгү, жанрлардагы элдик күүлөр болгон. Бир эле мезгилде Абак замандаштары Чынгышбайдын, Капалдын, Кошкулактын, Байгазы, Серкебай, Боккөтөн, Майлыбай, Кудайберген шекилдүү элдик шайырлардын да залкар кайрыктарындагы классикалык күүлөрүн черткен. Булардын айрымдары менен өнөр жарыштарына да түшкөн. Кайсы бирөөлөрүнөн таалим алган. Абак канча элдик, канча замандаштарынын күүлөрүн черткени, өзү канча күү чыгарганы жөнүндө так маалымат жок. Ошондой болсо да, Абактын күүлөрү мурдагы жана азыркы муундарга Муратаалынын, Кара-Молдонун, Ыбырайдын, Асылбек Эшманбеттин, Асаналы Кыштообайдын, Бектур Осмондун, кийинчерээк Алтымыш Мундузбайдын, Акматаалы Моңолдордун, Жөлөгөн Чымырбайдын, Турсун Карымшактын ж. б. аткаруусунда «Абактын Кашка аргымагы», «Абактын жөө калдым», «Абактын арманы», «Абактын кайрыгы», «Абак» деген күүлөрү келип жетти. Алар автордун күүлөрүн өздөрүнүнүн аткаруучулук чеберчиликтерине жараша ар кандай устаттыкта, көркөмдүктө, мукамдуулукта чертишкен. Абактын күүлөрүн аткаргандардын көпчүлүгү Муратаалы, Кара-Молдо, Ыбырайдын черткен варианттарынын негизинде ойношкон. Бирок, ар бир шайыр өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө ылайыктап, кайрыктарына кайрыктарды улап, түрлөнтүп да, кооздоп да чертишкен.

Залкар комузчу Абак башка шайырлардай эле күүлөрүнүн негизги маңызын өзү жашаган доордон, өзүнүн башынан өткөргөн турмуштан алган. Автордун ар кыл муундагы шайырлардын арасына кеңири тараган күүлөрүнүн бири — «Абактын Кашка аргымагы». Ал бирде «Кашка аргымак», бирде «Кара Кашка аргымак» деген аттарда маңыздары баяндалып чертилет. Бул күүнү тигил же бул комузчу чертердин алдында анын эмнеге арналып чыгарылганын баяндап черткен. Маселен, комузчу Асанаалы Кыштообай уулу «Абактын Кашка аргымак» деген күүсүн чертердин алдында: «Өткөн заманда Чыныбай деген манаптын алдына ат чыгарбаган кашка күлүгү болуптур. Кийин ал айтылуу комузчу Абактын колуна өтүптүр. Ал комуздун эле эмес, күлүктүн да тилин билген саяпкерден экен. Кашка аргымак Абактын колуна тийген күндөн келбети баштагыдан да сулуу, мурдагыдан да күлүктүгү артыптыр. Кашканын күлүктүгү Көл өрөөнүнө гана эмес, боордош казактарга чейин тарайт. Абак кашка аргымагын кызын эркекче кийинтип, башын жоолук менен бууп чаптырчу экен. Кашка — кызга, кыз — Кашкага канат. Бири-биринин сырын билишет. Кыз бойго жетет. Турмушка чыгат. Бир жылдан кийин ал атасыныкына төркүлөп келет. Кетеринде Абак: — Кана кызым, эмне сурайсың, энчилеп берейин дейт. Ошондо кызы бир азга ойлоно калып, эмнеси болсо да кайын атамдын тапшырмасын аткарайын деп: — Ата «Туугандан көп душман бар» берсең Кара Кашкаңды бер, бербесең эчтеке албайм — дейт. Күтүлбөгөн сөздү укканда Абактын оозунан алласы түшөт. Бир топко «берем, бербейм» деп жооп айта албай дел болот. Акыры Абак кызын кыйбай, бери карап күлүп, ары карап ыйлап, карманган Кара кашкасын күйөө баласына мингизип жөнөтөт. Бута атым жерге барганда Кара кашка аргымак бөтөн элге, бөлөк жерге баратканын сезип, кайра кайрылып кишенеп жиберет. Аны көрүп, Абактын сайсөөгү сыздап, ичи туз куйгандай ачышат. Бүгүндөн баштап күлүгүнүн багынын байланарына көзү жетет. Бир жыл өтпөй Кара кашка аргымак чабылбай, чабылса да баш байгеге илинбейт. Акырында ал чобур атка айланат. Ошондо Абак күлүгүнүн сыпатын, жүрүшүн, сымбатын, кыялжоругун, кийинки кейиштүүтагдырын эстеп, бир чети зээни кейип, «Кашка аргымак» деген күүсүн чыгарыптыр» — деп, таржымалын айтып, анан күүнү безеленте чертүүчү. Бул арноо күүнүн ар бир кайрыгынан өлүм менен өмүрдүн, шаттык менен армандын обондору кайымдаша жаңырат. Ашынган кусалык, муңканган муң ар бир угуучунун жүрөгүн солкулдатып, терең ойго чөмүлтөт.

Абактын комузчулардын арасына салт катары колдонколго өтө, муундарданмуундарга көчө чертилген классикалык күүлөрүнүн дагы бирөөсү «Абактын арманы». Автордун бул чыгармасы кечээки жана бүгүнкү угуучуларга эл шайырлары Асанаалы Кыштообайдын, Жылчый Курманкожо кызынын, Касымбала Кыштообай кызынын аткаруусунда тартууланат. Булардын айтымында күүдө төмөнкүдөй өзгөчө армандуу, өткөрө кайгылуу окуя камтылып чертилет.

Булбул уя жасап, булбул тууган жыгачтан жасалган бешикке жатып чоңойгон акылман, айлакер, дубанда жок чечен Тилекматтын Чымырбай, Түркөбай деген балдары болуптур. Чымырбайдын агасы Серкебайдан — Кыштообай, Түркөбайдан — Абак. Абактын агасы — Ниетбек экен.

Тилекматтын айылы жапырт жайлоого көчөт. Күндөрдүн биринде Кыштообай менен Ниетбек жайыт талаша кетишет. Кептен кеп чыгат. Чатак ырбайт. Ачуусу чукул Ниетбек Кыштообайдын ачуу тилине чыдай албай: — «Сенден келгенди көрөйүн» —деп, жерде жаткан көк чегедекти ала коюп, башка чаап ийсе, Кыштообай өлүп калат. Кайгылуу кабар айылга тоо жели менен тең жетет. Жатактагы Серкебайдын балдары союл, чокморлорун алышып, «канга кан, Түркөбайдын тукумунан бирөөнү өлтүрөбүз > — дешип, жайлоого чабышат. Акырында: — «Кой, бычакка салтык Абагын эле жайлайлы» —дешип, аны издешет. Айлакер Абак алдыртан эл билги карыяга барып: — Кара атан өлүп бүк түштү, кайран башка күн түштү. Чымырбайдын Кыштообайы биз колдуу жаздым болуп калды. Эми айла не болот? — деп, акыл сурайт. Ошондо карыя: — Ар өлүмдүн себеби болот. Кыштообайдын көрөр күнү, ичээр суусунун бүткөнү ошол. Эрегиштен эр өлөт, эки тууган кайда бармак эле, ары кетип, бери кетип атып, акырында эл болот. Элде «Ачуулуунун алдынан чыкпа» деген кеп бар. Ошондуктан туугандарындын алдынан чыкпай,

көздөрүнө чалдыкпай, жашына тур. Эби кеткен иштин эсеби табыпар, Абагым, кайрат кыл, өзүңдү өзүң карма — дейт.

Күркүрөгүн күздө Кыштообайдын ашы берилет. Ат чабылат. Баш байгеге 100 сом бөлүнөт. Күлүктөрдүн ичинен Абактын кашка аргымагы марага биринчи келет. Аны он төрт жашар кызы чабат.

Аштын акырында аттуубаштуу эл билермандары өздөрүнчө кенеш курушул: — Эки тууганды элдештирбей кетсек биздин журтчулугубуз кайсы? — дешип, Кашка аргымактын көкүлү менен куйругун түйдүрүп, кыздын башын кызыл жоолук менен бууп «атакелетип» ыйлатып, Абак болсо:

Капталдан өскөн моюнчам,

Каран күн башка не салдың.

Касташкан душман бир келсе,

Каран кылар моюнчам.

Белеске өскөн моюнчам,

Мертинтер душман жоо келсе,

Медер кылам моюнчам.

Айтарга таппай сөзүмдү,

Арманда кылдың өзүмдү.

Айланайын моюнчам,

Сүйлөргө таппайм сөзүмдү.

Сүзүлттүң эки көзүмдү,

Сүйөнөрүм сен элең,

Сүлдөрүм калды моюнчам.

Башыма келди алаамат,

Теңтушум боорум ала жат!

Адырдын гүлү соолдубу,

Атаны кокуй, бир боорум,

Ажалың менден болдубу?

Күнгөйдүн гүлү соолдубу?

Атаны кокуй, күйөрүм,

Ажалың менден болдубу? —

деп жоон топ эл менен өкүрүп Чымырбайдыкына түшөт. Ый басылганда эл чогулган ортодо кадырбаркы менен калк оозуна алынган элүүдөн ашкан Келдибек: — «Кадырлуу Чымырбай аба, жаза тайып, жаздым болуп, Кыштообайыңыз түбөлүккө келбес жайга кетиптир. Эртедир кечтир баарыбыз бара турган жер. Бир бээнин кулунунун алабуласы барбы?» Алдыга келсе атандын кунун кеч» деген акылман сөз бар. Аны өзүңүз дагы сезип турасыз. Аз айып, көп күнөөсү болсо кечиргин Абагынды. Кашка аргымагынын көкүлүн түйүп, карал тутуп карманган каргадай кызын бетине кармап, Абагың келип отурат. Муну Кыштообайыңа куран түшүрт,— деп ак жоолукка оролгон 1000 теңгени алдына жылдырат. Ошондо Чымырбай карыя каада кармап, нарк калчай: — Эки тууганды эл кылган эрдин иши, эрдигиңерге ыраазымын, журт. Бирок да, бир кылыгыңарга ичим толбой эңшерилип турам.

— Айтыңыз, айтыңыз, карыя, кулак сизде.

— Айтсам, сөз мындай. Өпгөн бала да меники. Өз баламдан өзүм кун доопасам кудай урбайбы? Тиги сырттагы баламды кантип бетиңерге кармап келдиңер? — дегенде отургандар баштарын көтөрө апбай: — Ап кемчилик бизде экен аксакап — дешет.

Эмесе мындай, «Ат чапкандыкы, мап баккандыкы» дейт. Балага да, малга да кесир болбосун десеңер Кара кашканы мамыга байлатпай, кызга босогону аттатпай ээсине кайтаргыла. Алып келген теңгеңер Кыштообайдын чайпулуна жарар. Мен айыбыңдарды кечтим, эки дүйнөдө ыраазымын силерге, журт — деп бүтүм чыгара сүйлөп, колуп жайып: — Ынтымагыбыз ыпайым бузулбасын! Ынтымактан чыккандарды атабабабыздын арбагына коелук, оомийин дегенде, карыжашы дебей чурулдап, алакан жайып ак батага кошулуптур».

Автордун «Абактын арманы» аттуу күүсүнүн бет ачары ушундай өтө кайгылуу окуяны баяндоо менен башталат. Абак армандуу күүсүнүн данегине элдик жоктоону алган. Күтүлбөгөн жерден бир боорунан айрылган адамдын көзүнүн жашын көлдөтө төгүп, өпкөсүн көптүрө шолоктоп жоктогонун күүнүн ар бир кайрыгында өзөктү өрттөп, жүлүндү сыздаткан муңдуулукта чертилген. Ал угуучулар тарабынан бир гана адамдын арманы — жоктоосу эмес, жалпы калктын муңу катары кабыл алынган.

«Тегин жерден өрт чыкпайт» дегендей тектүү элден чыккан Абак кези келген жерде обон созуп ыр да ырдаган, сөз баккан, жөн билги, келбеттүү ат минген, келишкен кийим кийинген, кезинде куш таптап, тайган агыткан мүнүшкөр, эл жакшылары менен аралаша жүргөн, ак сөөк сыпаттуу асылкеч инсан экен. Ошентип, ал өнөрү гана эмес, өрнөктүү өмүрү менен да карапайым калкка жаккан.

Залкар комузчунун «Абактын жөө калдым» аттуу күүсүн Кара-Молдо өзүнөн үйрөнгөн. Ал ат арытып, атайын барганын Саякбай Карапаев «Кара-Молдо» аттуу поэмасында:

Ошондо келип Абакда,

Отурган экен ыраакта,

Жакын барып молдокем,

Жайын айтып кобурап,

Жанында бирге отурат,

Атагы кеткен кыргызга,

Комузчу экен жашынан

Күүсүн уккан адамдар,

Жаш чайып көзүн жашыган,

Кыйла да мындай комузчу,

Болгон эмес экен го,

Черттирип угуп калбасам,

Өрнөгүнөн албасам,

Арманда бойдон кетем го» —

деп, Кара-Молдо Абактын комузчулугуна:

Карап турду кубанып,

Өнөрпоздун өзү экен,

Комузчунун көзү экен,

Күүлөп кылын чойгупап,

Кол ойнотуп койгупап,

Көргөздү бепем санатты,

Элди өзүнө каратты,

Күүдөн күүнү толгоду,

Көзгө илинбей колдору,

Аксакалы жайкалып

Көптү көрүп, көп билген

Көсөмдүгү байкалып — деп суктанган.

Кийин Кара-Молдонун чертүүсүндө Абактын «Жөө калдым» аттуу күүсү калкка тартууланып, аспаптык музыканын классикасына айланат.

1916-жылдын жаз айынын биринде айтылуу шайыр «суу келте» оорусунан каза табат. Абак о, дүйнөгө салар тартардын алдында агатуугандарынын кашында комузун колуна алып, акыркы коштошуу күүсүн чертиптир. Ал күү эл арасына «Абактын кайрыгы», «Абактын керээз күүсү» деген аттарда тараптыр. Күүнүн ар бир кайрыгынан: «Кошкупа, өскөн жерим, өнгөн элим! Кошкула алган жарым, балдарым. Кош, жарык дүйнө…» деген комузчунун тула боюндудүркүрөтүп, жүрөгүндү солкупдаткан коштошуусу жаңырыптыр.

Абактын жайнаган музыкалык мурастарынан бизге болорболбос сандагы гана күүлөрү келип жетти. Бирок, алар элдик аспаптык музыкабыздын алтын казынасынан өз ордун, өз угуучуларын тапты.

Булак: bizdin.kg


Кыргыз