Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ак жоолук, жаш солдат, күтүлбөгөн жолугушуу (аңгемелер)

Дубалда илинген календардын барагында 1978-жыл 1-март деп бадырайган жазуу. Толмочунан келген, багалчак бойлуу, буурул чач Алыбек алакандай барактан көзүн албайт. Эртең мененки оокатты даярдап, дасторкондун жанында олтурушкан уулу менен келинине көңүл бурбайт. Тек өзү менен өзү.
Ушул үй, үй-бүлө жана календардын тагдыры тутумдаш. Жыйырма беш жыл мурда, үн жаңы курулуп, актын жыты кете элек дубалдын бооруна календарь биринчи жолу илинген эле. Уулу ошол жылы туулган.
Алыбектин өмүр салтына айланган календарды биринчи жолу сатып келип, жаңы бүткөн үйүнүн бооруна кадаган аялы беш жыл мурун, кырк жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Жыйырма беш жыл ичинде канча календарь алмашылды. Жыл, ай, күндөрдүн эсеби калыбында калганы менен, барактардын мазмуну канчалык өзгөрдү. Өзгөрүлгөн нерселер капарга алынбай, биринчи календарь гана эсине өчпөстөй тамгаланды.
Бул үйдө календардын барагын жаңыртуу укугу жалгыз гана Алыбекке ыйгарылган. Ал үйдө болбой калган күндөрү календарга эч ким жолобойт, эски барактары ордунда турат. Үй тиричилигиндеги башка иштерге Алыбек кийлигишпейт. Калгандары уулу менен келининин бийлигинде.
Ушул үйдүн өмүр тарыхын элестеткен календарь бүгүн Алыбекке башка таасир калтырды.
— Өлбөгөн жанга жаз келген экен! — деп койду күбүрөп.
Жаз календарь боюнча келгени менен, жер бети али алачокул, күн суук. Ошондой болсо да жылуулуктун мээримин, азыркы сууктун убактылуу экенин сезген. Алыбектин жүрөгү кубанычтуу. Жылдын башка мөзгили, ал түгүл, жер жүзү гүлгө оронгон жай мезгили ага азыркыдай таасир берчү эмес.
Жаздын алгачкы мээримдүү күндөрү, алачокул тарткан жердин көгү кылтыйып чыгып келатышы анын жүрөгүндөгү; терең катылып, сыртка чыга албай жашырын сырга айланган үмүтүн укмуштай жандандырар эле. Аз убакыт өтпөй күн кадимкидей жылып, алакандай кар калбай, жаз толук күчүнө кирер менен Алыбек тиричиликтин кызыкчылыгы менен алпурушуп, тереңдиги үмүтү купуя бойдон калып, же таттуу максаттан түңүлбөй же аны биротоло унутпай, турмуштагы тагылган милдетин аткаруу түйшүгү менен алаксып, күндөр тымызын «тө берет…
Анын баарыдан жакшы көргөнү, баарыдан жогору баалаганы — жаз илеби. Ушу кыска мөонөттү жаз мээримин көргөнү үчүн жыл мөзгилинин бардык учуруна ыраазы. Бүт өмүрүнө ыраазы.
Кыялы чабыттаган Алыбек эмне үчүндүр календарды барактай баштап, 13март деген орунга келгенде токтоло калды.
— 13март — анын туулган күнү, эски эсеп боюнча жаздын башталышы.
Алыбек жаздын башталышында туулганына кубанат, сыймыктанат. Бирок ал жөнүндө ушул убакка чейин эч кимге ооз ача элек. Анткени туулган күнүн белгилөө ал үчүн салтка айлана элек.
Адамдын өмүрүндө ар кандай баалуу учурлар бар. Аны жашыруу жарабайт, тескерисинче, мындай маанилүү окуяларды жакын санаалаш кишилер менен бөлүштүрүү парз.
Алыбек үчүн асыл максатты орундатууга жалгыз бойчулук турмуш гана жолто. Өз кубанычын жалгыз өзү майрамдамак беле?! Эрди-катынга гана таандык сизимди, жолдошуна же башкаларга кантип айтат.
Өмүр жазы менен туулган күндү майрамдоо жөнүндөгү ой ага кырк алты жаш курагында, аялы өлгөнгө бир жыл толгондон кийин гана келди. Антипминткиче дагы төрт жыл өткөнүн, мына өзү элүүгө толоруна 13 күн калганын азыр календардан улам эстеди. Жүрөгү селт этти.
Элүү. Эр ортону. Жаштыктын арты, карылыктын алды!
Уулу менен келини анын кыялын бөлүнуштү кылбоо> үчүн дасторкондун жанында күтүп олтура беришти.
Алыбек соңку беш жылдагы өмүрү жөнүндө ойлоду. Ал үчүн кырк бешке чейинки жашы бир тең, кининки беш жылы бир тең сыяктанды. Мурдагы жашы шатыраган жоргонун жүрүшүндөй күрдөөлдүү өтсө, кийинкиси кашаң өгүздүн арымындай саамыктап өтүүдө.
Ал өз өмүрү жөнүндө ойлогону менен башкалардын өзү жөнүндөгү пикирин билгени жок.
Эркектердин аягы суюк, жеңилдери болсун, оорбасырыктуу, абийирдүүлөрү болсун, кырк жашка чыккандан кийин, өмүрдүн бир белесине көтөрүлгөнүн сөзишипг жеңилдери карылыкка жеткиче жыргапкуунап калууга, ал эми оорбасырыктуулары өтүп бараткан өмүрдүн бөксөсүн аз да болсо толтуруу үчүн ашыгышкан учурлары болот. Кыркэлүүнүн ортосундагы эркектердин үй-бүлө турмушундагы талаштартышы, кыжыкужусу мына ушундан башталып, анын аягы кээде үй-бүлө турмушунун кыйрашы менен бүтөт.
Алыбек андай жагдайда болбогону менен, өз курагына жана мүмкүнчүлүгүнө караганда айылапанып ичинде шек туугуза турган эркектердин бири. Ошондой болсо да жалгыз бойчулук өмүрүнүн таза өткөн биринчи жылын «аялына аза күтүү» — деп жорушту. Бу мөзгилдин ичинде аялына эстелик орнотту, аш берди. Тамаша экинчи жылдан башталмак. Эми үйлөнүүгө, эч болбосо, келинкыздар менен ойноп күлүүгө жолу ачык. Бирок экинчи жыл да тынч өттү.
«Абийри бүтүн экен — деп ойлошту айылдагылары.— Уулун үйлөнтүп, неберелүү болуп калган неме аял алам деп айтууга оозу барбагандыр, уурулук кылуудан да ошону үчүн уялып жүргөндүр».
Айылдаштары анын нысаптуулугуна, токтоолугуна ыраазы болушту. Үйлөнүү үчүн кеңеш айтышып, а түгүл, кандидатураларды табышып, алардын ким экендиги жөнүндө мүнөздөмө беришти. Бири жаш, бири бир аз карылык кылып,; бири көп балалуу, дагы бири чалпоо, же болбосо жүдөө. Айтор ылайыктуу кандидатура аз.
Албетте үйлөнүү жылдан жылга татаалдоодо. Жаштар үчүн татаалдыгы — калыңы оор. Жашамал кишилер үчүн татаалдыгы — аялдын көптугү, ылайыктуусу жоктугу.
Барыдан эр ортосундагыларга кыйын. Аларга кальщ кеп эмес.
Адатта эр ортонундагы жесир эркектер көп бала¬луу, кээси неберелүү. Мындай эркектерге аял көңүлдөнбөйт.
Мындай эркектердин издегени отузкырк жаштын ортосундагы баласыз аял. Андан жашы жаштык кылып, улуусу карылык кылат. Баласызын каалаганы — эки үй-бүлөнү н баласын боорлоштуруу жана тарбиялоодон кыйын эч нерсе жок. Андан көрө туубас аялды артык көрүшөт.
«Сокурдун издегени эки көз» дегендей эми өбөктөгөн карыялар да аял издешет. Алардын самаганы орто жаштагы балпайган бапбиче. Бирок, бу бечараларга балпайган байбиче түгүл, чай кайнатуудан башкага жарабаган кемпир табылбайт.
Азыр ар бир үй-бүлө балабакыралуу. Эркектер менен кошо аялдар да жумушта. Балдарды кароого кемпирлер жетишпейт. Жесир калган кемпирлерди төркүнүнө жылдырышпайт. Төркүнүнө келгендерди төркүнү жылдырбайт. Ал эми карманаары, каралашаары жок кемпирлер өз бутуна өзү чалынган абышканы багам деп азап тартканча бир үйгө ээ болуп, пенсиясы менен эркинче оокат кылууну артык көрүшөт.
Үйоокатын жасоону билбеген кыргыз абышкалардын жалгыз бой калышы анык кордук. Антейин десең балабакыралуу, багары бар абышкалар деле кемпирсиз жашоону жашоо катары эсептешпейт…
Алыбек беш жылдын ичинде аялынан ажыроо кандай болорун, үзүлгөн турмушту кайрадан куроо кандай болорун жана аял деген эмне экени өз тажрыйбасынан да, башкалардын тажрыйбасынан улам да жакшы түшүндү.
Бирөөнүн зары менен убактынын иши эмне?! Антипминткиче, Алыбек элүү жашка барып калганын бир көрдү.
Анда бир гана арга калды — төз үйлөнүү керек. Ушул тыянакка келгенде илгери өткөн акылмандып «Бир кишиге бир катын өтө зарыл экен» дегени эсине түшүп, өзүпчө күлдү.
Албетте төздетүү керек. Он үч күндүн ичиндө, башкача айтканда, карылыкка оой электе үйлөнүү керек. Жаштыктын акыркы күндөрүн, акыркы саатын өмүрлүк жубайы менен бирге өткөрүүнү самады.
Ошентип, беш жылдан бери ажырабай келген асыл максатын 13 күндө аткаруу зарылдыгы башыпа түпттү.
Карачы, өмүрдүн кымбатын, опосуздугун! Эгерде жаштык энчисинде калган күндөрдүн ичинде максаты орундалбай калса, эмне болмокчу?..
Уулу менен келпни чайдын сууп калганына карабастап, аны күтүп тынч отура беришти.
Алыбектин өкүнүчтүү жүрөгүндө жаз илебинен бүткөн чечкиндүүлүк пайда болду.
Ошо чечкиндүүлүк көңүлүндө бир нече жолу кайталанды:
— Ыкчамдоо керек, ойлонуу үчүн убакыт калган жок!..
Алыбек оюна бир нерсе түшкөндөй артына бурулуп, дасторкондун жанында отурушкан келини менен уулун көрдү. Күттүрүп койгон окшойм — деп алардын жанына келди…
Эртең мененки чайдан кийин Алыбек өз бөлмөсүнө кирип, эшигин ичинен бекитти. Келини менен уулуна сейфдин кыйч этип ачылганы, кагаздардын шуудураганы угулду. Атабыз колхоздун эсепкысабын тактоого киришкен экен деп ойлоду алар. Эшикти эмне үчүн бекитти? Ага эч ким тоскоол болбойт эле го деп, уулу жумушка кетти. Келини үй жумуштары менен калды.
Сейфтен чоң блокнотун алды. Блокноттун биринчи жарымында ырас эле колхоздун экономикасына байланыштуу эсепкысап бар. Ай сайын болуучу өзгөрүштөр: киреше, чыгаша малчылардын бирибирине оошкыйышуулары, карыздары ж. б. чыгымдар… Экинчи жарымында болсо өңчөй жалгыз бой аялдардын учету… Ошону үчүнбү, бул блокнотту өзүнөн башка жан көрчү эмес. Абдан зарыл болгондо, учетко өзгөртүү киргизгенде үйүнө бекинип, блокнотту жалгыз өзү ача турган.
Алыбек колхоздун мыкты экономисти. Башка чарбаларга ревизия болгон учурда аны тажрыйбалуу адис катары райондун жетекчилери көп пайдаланышат. Адистиги кандай болсо, ишке мамилеси, жүрүштурушу ошондой так. Ашык сөзү жок, өзү да, мүнөзү да калыпка куюп койгондой…
Айылда бул блокнот жөнүндө эч ким эч нерсе билчү эмес.
Жалгыз бой аялдардын учету адегенде жөнөкөй тизмеден башталды. Катар номуру, аты, фамилиясы жана адреси. Жылдан жылга тизменин көлөмү көбөйүп, ар кандай графалар кошулуп, өзүнөн өзү бой аялдардын учетуна айланды да калды.
Эмне үчүн жалгыз бой? Жесирби, эрден өзү чыкканбы, же эри кое бергенби? Жесир болсо ачык жазат. Эри күнөөлүү болсо, асты көк сызык менен, өзү күнөөлүү болсо, кызыл сызык менен белгиленет. Айрым аялдардын аттарынын асты ийри сызык менен сызылган. Мындайлар 30—40 жаштын ортосундагылар, башкача айтканда, каалаган курактагылар.
Учет. Жалгыз бой аялдар райондо канча, алар кимдер жана кандай немелер экенин күзгудөн көргөндөй дапдаана. Алар менен сүйлөшүүнүн кажаты болбой калды. Керек убакта учетту аңтарса, каалаган суроолорунун баарына жооп табылат. Алыбек учеттун кереметин жана ансыз жашоого болбой калганын түшүндү.
Мына кызык! Экономисттин адистиги аялдар турмушун үйрөнүүгө жарай турганы Алыбекке жаңы ачылыш сыяктуу таасир калтырды.
Учет деген жөн эле эсепкысап эмес, адамдарды үйрөнүү, эгер билгиңер келсе — өзүнчө илим. Аны үй-бүлө жумушуна гана эмес, үй-бүлө турмушуна, кишилердин өз ара мамилесине да колдонууга болот.
Кайсы бир көөдөк эркектер аялдын ким экенин үйлөнгөндөн кийин билишет, айрымдары ажырашкандан кийин гана билишет. Ошолорду эмнеликтен деп ойлойсуңар?!
Нике жаңыртууга үмүттүү эркекке зарыл нерсенин баарын таптым,— деп Алыкең токпейил болуп жүргөндө ушу кереметтүү учет жооп бере албай турган татаал суроолор пайда болду.
Бул суроонун туулушуна себепчи — райондун борборуна көчүп келген жалгыз бой аял Айжаркын. Анын аты-жөнү менен эч кимдин иши жок, «бир жакшы аял» келиптир деген кабар айылдан айылга дүңк эхти.
Эмне үчүн «жакшы» аял? Эгер чын эле жакшы болсо, эмне үчүн эки эрден чыккан? Биринчи күйөөсү аны туубаганы үчүн чаныптыр, экинчи күйөөсүн аракеч болгону үчүн аны өзү таштап кетиптир.
Алыбектин учетуна «жакшы» аял, «жаман» аял жөнүндө, канча эрден чыгышы жөнүндө графа жок эле. Экинчи суроону оңой эле аткарды. Барын тактап чыгып, бир эрден чыккандарга латынча Ү, эки эрден чыккандарга ҮҮ, үч эрден чыккандарга ҮҮҮ тамгаларды койду.
Аны биринчи суроо көбурөөк ойлонтту.
Айылдагы бир кызык өнөкөт: аялдарды «жакшы катын» же «жаман катын» деген баа менен үстүртөн баалашат. Кандайы жакшы, кандайы жаман ркендиги аныкталбайт. Мындай баага аялдар өздөрү да кайыл. Окус эки катын урушса, бири бирин «ай, өлүгүңдү көрөйүн жаман!» — дешип кемсинтишет. Кимиси жакшы, кимиси жаман экенин териштирбей, бири биринин кебин’ укпай ажылдашып, бакырышып, кпмиси кемчилигин көбүрөөк чукуп, сөөгүнөн өткөрө тилдесе, ошонусу беркисин басынтып, жеңишке ээ болгонсуйт.
Жаңы келген аялдын дагы бир артыкчылыгы — фамилиясынын аягында беш илеп белгиси (!!!!!) коюлган. Булар кардал оолгондордун саны. Алардын ичинен үчөөсү өбөктөгөн абышка, өздөрү келбей жуучу жиберишиптир, экөөсү эр ортонундагылар. Аз күндүн ичинде сөз салган беш кишини тең томсорткон кандай аял болду экен?
Алыбек учет жооп бере албаган суроолорго жооп табуу үчүн Айжаркынга өзү бармак болду. Мүмкүн жакпас. Жакпаса жакпасын, эч болбосо, жакшы катын кандай болорун билгени, учетун жаңы графа менен толуктаганы олжо эмеспи!
Ошентип, турганда жолдошу зоотехник Мырзакан келди. Аялдын азабын ал да өз башынан өткөргөндүктөн, Алыбек жолдошуна кеңеш айтууга келген экен.
Сөздү катуулап баштады:
— Дүйнөдөн так өткөнү жүрөсүңбү? Жаның болсо кыймылдабайсыңбы!
— Кыймылдап эле жүрөм. Эми эмне кыл дейсиң?! Учуп кет дейсиңби? — Досу тамашага чаптырды.
Ары-бери сүйлөшүп, экөөбү Айжаркынга жооптошуу үчүн бармак болушту.

Айжаркын тоту куштап жасанган сымбаттуу аял экен. Кулагында бөрү тил алтын сөйкө. Колдору да, тиштери да жаркырайт. Өз боюн мыкты күткөн сыяктуу, үйү да мизилдеген таза.
Мындай аял эрине карамдуу келет. Ашыналарды жана ч&йрөнү тандай билет. «Аршин мал аландагы» Султанбек абышка айткандай, анчамынча киши менен бирге туруп, оокат ичүүнү каалабайт.
Эшигинен кирип келгенде эле экя эркекке абайлап көз салды. Алыбек аны тике карай албай, эмне үчүндүр апкарды. Тоту куштай түрдөнгөн аялдын тике карашынан сүрдөндүбү же көптөн бери ургачы менен беттешип көрбөгөндүктөнбү? Мырзакан болсо, аялдан бириңтай неме, ага эски таанышындай күлө карап, биринчи болуп, кол алышып учурашты.
Кыраакы Айжаркын кимиси күйөө, кимиси күйөө жолдош экенин ооздорунан сөз чыга электе эле тааныды.
Меймандар отургандан кинин таанышышты.
Алыбектин атын угар менен ал башын ийкеп, ойлонуп калды. Болжолу анын жөнжайынан кабардар окшойт.
Өзү уккан Алыбек менен, азыр көрүп турган Алыбекти өз кыялындагы каалаган күйөөнүн сапаты менен салыштырды.
Алыбек өзү угуп жүргөндөй карапайым, бир сырдуу, саал уяң экет Мындай кишинин колунан арамдык, кыянаттык келбейт. Бирок бир сырдуулугу, түнттүгү жубайын тажатууга мүмкүн. Жашоо үчүн, жыргапкууноо үчүн берилген өмүрдүн кадырын мындай эркек түшүнбөйт. Күлсөң күлкүнү ашык көрөт, тамашадан өөн табат, дагы бир жаман жери — үнөмчүл келет, казанаякка кийлигишет. Мындай киши менен кантип жашоого болот — деп ойлой баштады.
Алыбек болсо Айжаркындын ачыктыгын, эрсиз жашай албасын, буга үйлөнгөн эркектин зерикпесин түшүндү. Андан, башка бир келинди эстеди. Отуз жашында күйөөсү чанып таштаса, турмуштан көңүлү сууп, экинчи жолу эрге тийбейм — деп коюптур.
Айжаркынга минута өткөн сайын мейман башкача көрүнүп жана ага өзү жакканын баамдады. «Кишини түшүнөт экен. Демек акылдуу, жүрөк сырын сыртына чыгара албаган, кайгыны да, кубанычты да ичтен сызып өткөрүүгө көнгөн, туруктуу эркекке» окшотту.
Айжаркын эркектерди беш колундай билем деп ойлой турган. Көбүнчө ачык, шайыр жигиттерди жогору баалай турган. Бирок андайлар менен шынаарлаша турган курактан өттү. Эми ага баарыдан эркектин туруктуусу жакшы. Мына ушул сапатты Алыбектен тапты.
Аны сөзгө тартып, кандай киши экенин, мамилеси кандай экенин билгиси келди. Бирок сөзгө сараң Алыбектен «ооба» же «жок» дегенден башка үн чыкпады.
Аны кандай болбосун тилге киргизүү керек эле.
— Кенен отуруңуз — деди Айжаркын шыңк этип,— менин үйүмдү өзү үйүңүздөй көрүңүз.
Ошол учурда Мырзакан койнунан эки бөтөлкө сууруп чыкты. Тиги экөө ичкиликке кумарлуу карашпаса да, мындай сонун кезигүүнүн убагында кичине сеп эттирип коюуга болот деген кыязда бирин бири тиктеди.
Экинчи тосттон кийин Айжаркын — «Сүйлөй отуруңуз» — деп Алыбектин москоол колун назик алаканы менен сылап койду. Электр тогунун учкуну тийгендей денеси дүр этип, иреңи албууттанды.
Менде сүйүү оту капкачан өчкөн деген ишенимдеги Алыбек «махабатым күлгө айланбаптыр, жалын тийсе, кызыл чоктой жана турган көмүр болгон турбайбы» деп болжолдоду.
Алыбек сүйлөгүсү келип, бирок эмне айтарын билбей отурган. Ыкласын иреңинен эле түшүнгөн аял анын денесин балкытып, сөзгө келтирүү үчүн рюмканы улам көтөрүдө. Эки эркек шектенбесин үчүн өзү да кылт эткизет.
Ичкилик кыйла ичилди. Ырас эле Алыбектин денеси балкып, ушул үй, меймандос сымбаттуу аял, жадаганда ээрчитип келген жолдошунан бери көзүнө сонун көрүнөт. Качанкы жоголуп кетип табылган курбулары менен табышкансып чечекейи чеч. Бирок сөз чуурутпайт. Тескерисинче ичкиликке алдырган сайын тили буулуп бараткансыйт.
Жолдошу бакжаңдап жаагы талбайт. Кээде Бир-эки сап ыр созолонтуп коет:
Самсаалаган саамайың Сары алтындай маңдайың, Сагыныша келгенде Сары набат татыйт таңдайың.
Ичкиликтин өз закону бар. Кишилер алгач көңүлү чалкып жыргап, ичкиликти өз максатына пайдаланса, анын кайтпас жолго түшүп, ичкиликке өзү кандайча кул болгонун билбей калат.
Айжаркын да ошондой болду. Алыбекти жакшылап билейпн деген максатын унутуп, анын жанында шынаарлашып, күлкүсүн тыя албай, ыржалаңдап отурду.
Мырзакан гана эсин жоготкон жок. Тиги экөөнү тиктеди. Бири айылга кайтууну каалабай, экинчиси анын жанынан карыш жылгысы келбегенин баамдап, өзү акыл эси жоголо электе жолуна туштү…
Алыбек эртең менен чоочуп койкадан ойгонду. Үстүнө дасторкон жабылган. Бул эмнеси экенин түшүнө албай зыңгырап оор тарткан башын араң көтөрүп, ордунан турду. Күрмөчөн, көөдөндөн ылдыйкы денеси жылаңач. Уятына чыдабай дасторконду этегине ороп, шымын бир жерден, турсысын бир жерден тапты.
— Шерменде болуптурмун! — Ал өзүн өзү жемелеп журүп кийинди.— Абийримин кеткени ушу!
Дароо жоголуп, бул үйгө экинчи кайрылбас болду. Шашылып кетип баратып, оозгу бөлмөдө бырыштырыш көйнөкчөн, чачтары саксайган, иреңинде кансөлү жок шылкыйып отурган Айжаркынды көрдү. Андан жийир¬кенип, шыпылдай басты. Өтө түшүп, кайра токтоду. Бирдеме айтабы деп күткөнсүдү. Капалуу аял унчукпады. Алыбек ага көңүл айткансыды:
— Арактын кесепети! — Титиреп сүйлөдү.— Өмүрүмдө мындай балаага биринчи кабылышым.
Аял кабагын чыгып, жер тиктеп отура берди.
— Кош! — деди да Алыбек ыкчамдай басып кетти. Каалга карс этип, катуу жабылды.

* * *
Кыңыр иштин эки жаман жагы бар: абийирдүү киши өзүнчө бушайман болот, анан элге шылдың болот, анан…
Алыбек өзүнөн мурун келиндин абийрин сактоо учүн түнкү жоруктары жөнүндө эч кимге шекшыбаа билдирген жок. Арадан үч күн өтпөй курбулары кытмыр күлө баштады:
— Дасторкон жамынган кандай болот экен?
— Баса, шымың табылдыбы?
Айылда башка тамаша түгөнгөнсүп, баарынын оозуна Алыбектин тамашасы. Аны менен тамашалашпаган улуулар менен кичүүлөр көргөн сайын ырсаңдаша күлүшөт.
Ал үйүнөн чыга албай калды. Оорумун деп шылтоолоду. Үч күндөн кийин калп оорусу чын болуп, аны ооруканага жеткиришти. Жүрөк ооруу! Бир ай дарыланды.
Ачык шылдың жана мазактоочу жылмаюучулар ал ооруканадан чыккандан кийин токтоду. Аны аяшса керек.
Башкалар аяшканы менен Алыбек өзүн өзү аяган жок. Эки жыл бою иштен башын көтөргөнү жок. Аял дегенди унутту. Бул жөнүндө ага башкалар да сөз салбай калышты.
Эгерде дубалдагы календарь өмүр жөнүндө аны кайрадан ойлонтпогон болсо, бечара ушул бойдон өтүп кетет беле?
Ооба, Алыбектин жакшы үмүтүнүн аткарылышы үчүн бар болгону он үч гана күн калды…
Мына ошо Айжаркындын ысымынын тушунда ҮҮҮҮ ҮҮ белгиси турат. Алтынчысы өзү. Ал коңшу колхоздун башкы агрономуна турмушка чыккан. Эки жылдан кийин балалуу болду. Моралдык сапаты жөнүндө ушак айың угула элек. Ага карабастан, мораль жөнүндөгү суроо Айжаркындын карточкасында балчайып сакталып турат.

Карточкадан карточка оодарылып, Алыбектин көңүлү уч илеп коюлган аялга токтоду.
Канипа. Отуз беште, бир эрден чыккан, эрден чыгышынын себепчиси — күйөөсүнүн аягы суюктугу. Өзү моралдык жактан туруктуу, издегени адамгерчиликтүү жан жолдош. Баласы жок.
Ал төркүнүнө отуруп калганына эки жыл болот. Айттырган кишилердин бирин жактырбаган. Алыбекке дал ушундай жубай керек эле.
— Мени жактырар бекен? — деп ойлоду Алыбек. Эгерде Айжаркын менен болгон абийирсиз окуя башынан өтпөгөн болсо, балким иши оңуна чыгат беле?! — Мейли. Ушундай аялды көрүп коюунун өзү да каниет — деген тыянакка келди.
Эл арасында сөз болбос үчүн бу жолу жалгыз барды.
Канипа жумуштан жаңы гана кайткан эле. Эшиктин коңгуроосу шыңгыраганда колун сүртуүгө үлгүрбөй «ким» деди… Эркектин коңур үнү угулду. Ага эркектин бардык өзгөчөлүгүнөн үкүнүн коңуру жакчу. Шүрөгү туйлап кетти. Өзү күткөн сүйкүмдүү үн. Каалганы тезирээк ача албады. Оо, опосуз, тагдыр! Эгер ушу коңур добуш киши аракеч болуп чыксачы? Анда эмне болмокчу?
Эшик ачылды.
— Мүмкүнбү?
— Кириңиз!
Босогону аттагандан кийин, ал салам айтты…
Каада боюнча үй ээси чай кайнатты. Столго оокат даярдады. Экөө тең ач эле. Ошол үчүнбү же сөз баштоонун кыйындыгынанбы, чайды узакка ичишти. Андасанда бирибирин астыртан тиктешет.
Канипа анын сөз чыгарышын күттү. Анын көз карашынан ички сөзиминин байлыгын, эмнеге ышкылуу экендигин байкады. Бейтааныш эркек аялдын кебетесине жана көзүнө гана серп салды.
Канипа этияттана баштады. Анткени ал эркектер суктанарлык сулуу эмес, көзү да жүрөккө чок саларлык оттуу эмес. Ушул кемчилигин сезип турабы деп кысталды. Мурунку эркектер анын бөрсөгөй төшүнө, аппак тамагына жана ичке белине көбүрөөк кызыкчу эле. Ан¬дай эркектерди сөзгө келбей туруп, үйдөн айдап чыкчу.
А, бу кишинин көз карашын кандайча бааларын жана ага эмне деп жооп берерин биле албай отурду.
Чай ичилип бүттү, так айтканда, чайнекте эч нерсе калган жок.
— Мен Алыбекмин — деди ал таанышууга өтүп.
— Канипа! — деди аял.
— Сизди билем. Бирок сиз мени билбейсиз,— деди Алыбек. .
— Билем! — Канипа аны жоодураган көзү менен тике карады. Чынында Алыбек жөнүндө көп нерсе уккан. Уккандарынын көбү жомокко окшош эле. Биздин заманда да ушундай эркек болобу деп ага сыртынан таң калчу.
Аялдын жоодураган көз карашы муңайым кебетесине, дилгир мамилесине жарашып турду.
— Мындан жакшы аяп болобу — деп ойлоду Алыбек.— Ушундай жан менен жашай албаган кандай пас эркек — деп, анын мурунку күнөөсүн жек көрүп отурду.— Күйөөсү өзүнүн начарлыгынан, буга тең боло албаганынан ажырашкан окшойт… Мен да тең боло албайм го…
— Эгерде мен жөнүндө билгениңизди мурда уксам, бул үйгө келбеген болор элем,— деди Алыбек өкүнүчтүү өкүнүчтүү.
— Эмне үчүн? Сыртынан миң жолу угуудан бир жолу көрүшүү артык. Келгениңизге кубанам.
Бул сөз Алыбекке какшык сыяктуу туюлду. Айжаркындын окуясынан улам айтты го деп болжоду. Мейман ордунан турду.
— Сиз менен көрүшкөнүмө чоң ыраазымын. Кош, жакшы калыңыз!
— Шашпаңыз, отуруңуз.— Үй ээси чебелектеди. Мындай бир мүнөз, ойку кайкыны билбеген тоң эркектер менен кенен сүйлөшүп, көңүлүнө актык салмайынча жарпы жазылбайт. Жубайы келишпесе, бу сыяктуу эркектердин багы ачылбайт, өмүрү өкүнүч менен өтөт.
Алыбектин пейли тазалыгын сезсе да, аны токтотууга аракет кылсам, ого бетер иренжитемби — деп ойлощ өзү кошо ордунан турду. Үйүнөн чыгарып, автобус токтоочу жерге чейин узатты.
— Убара болбоңуз! Кала бериңиз! — деп, ушак айың сөздөрдөн коргогусу келген меймандын сөзүнө көнбөдү.
Акырында Алыбек мындай деди:
— Эгер айып көрбөсөңүз, жакшы санаалаш адам катары катташып туралы? Эгер айып болбосо…
— Жакшы болот. Келип туруңуз? Аңгыча автобус келди.
Алар кол булгап ажырашышты.

* * *
Картотека. Канипанын тушундагы белгиге дагы бир илеп коюлду. Ал Алыбектин өзү.

* * *
— Атамы көрчү! — Жаныбек келинчегине кол булгады.
Баласын эмизип отурган Айым козголгон жок.
— Атамы көрбөй жүрүптүрмүнбү!
— Келсең эми! — деп Жаныбек шаштырды.
— Эмне болуп кетти? — деп Айым терезенин жанына келип, кар күрөп жүргөн Алыбекти көрдү.
— Ой, тобо!
Атасынын беш жылдан бери үйтиричилигине киришкени ушу. Дайыма иш менен, үйгө келгенде эс алат же небересин эркелетет.
Алыбек кар күрөп бүтүп, токойду көздөй басып кетти. Жазгы ала шалбырт эмес, жайында токой көркүнө чыгып турган учурда да ал ошол жакка барчу эмес.
— Буга эмне болгон? — дешип алар сонуркап тиктеп турушту.
Атасынын журүштурушу өзгөргөнүнө бир жумача убакыт болуп калды. Календарды күндө бир нече сыйра тиктейт. Күзгүгө көбүрөөк каранат.
Уул менен келини атасынын турмушунда кандайдыр бир бурулуш башталганын жаңылыктын жышаанасы катары баалашты.
Ал 7март күнү кечке маал келинин майрамы менен куттуктап, атыр, самын, жоолукту белек кылып берди. Өзү райондун борбору жакка атчан кетти.
— Мени күтпөгүлө. Кеч келем — деп эскертти.
* * *
Столдун үстү жазалуу. Канипа жалгыз өзү отурганда коңгуроо шыңгырады. Ал ордунан тургуча эшик өзү эле ачылды.
— Майрам куттуу болсун! Бактылуу бол! — деген эркектин коңур үнү угулду. Кирген киши Алыбек эле.
— Ракмат! — Канипа анын киймпн чечип, төрго еткөздү.
Жасалуу столду көрүп, Алыбек жыйрыла түштү:
— Кечиресиз мен бей убак келип калган окшойм…
— Дал учурунда келдиңиз! — Канипа күлө карады.— Сизди күтүп отурганымы көрүп турбайсызбы!
Алыбек ишене бербеди:
— Мениби? Мен анчейин… Сиздп майрам менен куттуктоо үчүн келе калганым.
— Майрам күнү жана туулган күнү катышпагандан кийин, биздин жакшы санаалаш болгонубуз кайсы? — деди Канипа.— Эгер бүгүн келбесеңиз, мындан ары көрүшөрүбүз күмөнгөр болмок.
Муну укканда Алыбектин ичи жылып калды. Келгенине кубанды.
Алыбекке стол үстүндө жайнаган ичкиликтер гана жаккан жок.
— Кайсынысын ачайын — деди үй ээси. Мепман жооп бербеди.
Майрам шаанисине жараша шампан ачылды. Эки бокал мелткалт куюлду. Меймандын ичкиликке жогун байкап, сөздү Канипа өзү баштады.
— Ракмат сизге, улуу күндө мени эске алып, келгениңиз үчүн! Майрам кут болсун! — Биринчи тосту жалпы эле энелердин, кызкелиндердин ден соолугу, бактаалайы үчүн көтөрүштү.
Алыбек ордунан турду. Шампандан ооз тийип, кайра ордуна койду. Канипа бокалды жарымжартылай ичти.
Тост көтөрүшүү ошону менен бүттү. Чайга өтүштү.
— Айып көрбөсөңүз, суроом бар — деди үй ээси.
— Айыбы жок.
— Сиз ичкиликти башынан каалабайсызбы же бир жолу көңүлүңүз калганы үчүн ичпейсизби?
Алыбек жашырган жок:
— Башынан каалабайм, көңүлүм калган учур да болгон.— Эми Алыбек сөз баштады:
— Мен да бир нерсе жөнүндө билгим келет. Үй ээси айта бериңиз дегенсип, баш ийкеди.
— Азыркы учурда ичкилик ичпеген киши да аз, балким жокко эсе. Мен биздин айылдардыи кишилеринен улам айтамын. Сиз жолдошуңуздан ичкилик үчүн эле ажыраштыңызбы?
— Ичүүнүн да жөнү бар, ал аракеч эле.
— Мейли ошондой болсун дейлик. Бирок ошондой аракечти оң жолго салууга, эч болбосо, анын оңолуп кетишин күтүүгө болбойт беле?
— Сурооңуз туура. Анын баарын иштөөгө даяр элем, колуман келсе да, келбесе да. Өмүр шерик жан жолдошун ким эле кыйынчылыкта таштап кетүүгө даасын?!
Канипа.узун сөзгө түшүп, акырында мындай деди:
— Баарынан жаманы — кишинин киши сыягынан кетиши. Андайдан үмүт кылууга болбойт. Арак үчүн калпты чын кылып, чынды калп кылып, керек болсо үйжайынан, катындан бөзип, ал түгүл, өз жанын сатат экен!! Мен сизге бир гана окуяны айтайын. Анын өзүнө окшош ооз жалашкан достору бар. Бул достор үчүн арак да ортодо, аялдар да ортодо… Жүзү курсун, андан ары жагын айта албайм… Ушуну көргөндө күйөөмдү гана эмес, анын бузулган чөйрөсүн, деле ичкилик дүйнөсүн талак кылгым келди.
Бул сөздөн кийин экөө тең узакка ойго батып отурушту.
Канипа сүйлөй баштады:
— Ыплас турмушту жерип, таза жашайынчы деген ниет пайда болду. Менин тарыхым ушу.
Аңгыча оокат бышты.
Экөө жаймажай отуруп, оокат жей баштаганда Канипа дагы сөз баштады:
— Тобо! Мен бир нерсеге таң калып турам!
— Эмнеге?
— Ичкиликсиз мейман күтүүгө, кадимкидей оокат жешке болбой калганбы деп чоочуй турган элем. Ичкиликсиз эле, кадимкидей жашоого болот экен го.
— Кеп ошондо! — деди Алыбек сөзгө кошулуп,— кишилердин баары ичкиликсиз мейман күтүшпөпт. Мейманды ичкилик менен күтүү салтка айланды. Ушундай кырдалда аракечтер бир жагынан өлүп жаткан менен, бир жагынан туулуп турат. Демек биз ичкилик менен жарым күрөш жүргүзүп жатабыз. Жарым күрөш менен жеңишке жетүүгө болобу?!
— Туура айтасыз!
Мейман эркек менен үй ээси ичкилик, өткөн турмуш, аба ырайы жана башка жалпы сөздөрдү чуурутушат, бирок өздөрүнүн ойлогон ою, максаттары, ички сезими жөнүндө айтуудан кысталышат. Ичкиликтин жетишпей турганын экөө тең сезишет. Үч рюмкадан айланган болсо, эмгиче экөө кучакташып, сорушуп олтурушмак.
Алыбек ушу жөнүндө ойлонот: «Мен жаш эмесмин, ичкиликти жөлөк кылмайынча колунан эч нерсе келбей турган бечара да эмесмин. Адамдын жүрөк сезиминен тунук жана ыйык эч нерсе жок. Ушу ыйык сөзимди күчөтүү учүн ичкиликке жүгүнүү — махабатты булгоо, адамгерчилик касиетти тепсөөгө жатпайбы».
Канипанын көз карашында «Сага ишенем, мен сенин ыктыярыңдамын» деген белги бар… Анын ишааратын гана күтүүдө…
Алыбектин жүрөгу катуулап сого баштады. Эмне болуп баратканын” түшунө албады. Сүйүү ушундайча жан’ данабы? Жаштыктын кайрылганыбы? Ал аялга көз жүгүрттү. Аны жоодурап тиктеп отурган Канипа башын жерге сала сүзүлдү.
Эр ортонундагы киши өзүнүн кай куракта ?кенин, соо же мас экенин унутуп, аялга жакындап, кучагын жайды… Куштан коргологон бөдөнөдөй бооруна жабышкан аялдын денеси калчылдап, жүрөгү тикилдегени сөзилип турду. Ысык илеби алкымына батып, сөөгүнөн бери балкытты. Аны жар боорунан кулап кетчүдөй бек кучактап, уйпаланган чачтарын жыттап, саамга нес болуп отурду.
— Какиш! Какиш! — деди ал калтырап.— Мен сага үйлөнөм.
Канппа кучагынан бошоңгусу келбейт. Жооп да бербейт.
Алыбек сөзүн улады:
— Бүгүн эле үйлөнсөк кантет?? Жооп жок. Дагы болсо Алыбектин үнү:
— Жок. Кое туралы. Чыдайлы… 12март күнү той өткөрөлү. Ошо күнү…
Канипанын жүрөгү жайланып, каруулуу кучагынан күч менен жулуна бошонуп, аны бактылуу көзү менен күлүмсүрөй карады.
— Эмне дейсиң? Өзүнчө эле сүйлөп жаттың? Алыбек да күлдү. Чын жүрөгүнөн күлдү. Соңку беш
жылдын ичинде аял менен эзиле сүйлөшүп, кумардана күлгөнү ушул эле.
— Той өткөрөлү дейм. Макулсуңбу?
— Макул.
— Качан?
— Бүгүн кеч болуп калды го… Экөө тең каткырышты.
Канипа ордунан туруп, желкесине түшкөн бир байлам ак жоолугун оңдоп салынып, чоң күзгүнү көздөй басты. Тараз бойлуу, арыкчырай келбетине, кымча белине булактаган ак көйнөгү жарашып, теңселе басышы таалайыпа балкыгандай туюлат. Көңүл куунак. Кайсы кукү үйлөнүшөрү жана тойду качан өткөрүшөрү жөнүндө ойлоп баш ооруткусу келбейт.
Ушул сымбаттуу аялга эр болорун элестетип, Алыбек өзүнчө кубанып отурду.
Канипа кайра келип, столдун бир четине аны менен бетмебет отуруп, чукугандай кеп баштады:
— Сенин эмне жөнүндө ойлогонуңу айтып берейинби?
— Айтчы!
— Мени жактырып… Таптыңбы?
— Таптым! — Ал ыраазычылыктан каткырды:
— А, сен менин эмне жөнүндө ойлогонуму билдиңби?
— Жок.
— Эмесе, өзүм айтып берейин.— Канипа анын жанына шынаарлаша отуруп, сөзүн улады: — Күйөөм соо эркек болсо, ичкилик ичпесе эле болду. Сокурлугуна, мунжулугуна, мансабы жогуна макул элем. Андан артык бактыны каалабайт элем — деп тилөөчүмүн. Эми сага туш болгондо, тплегим он эсе орундалып, күзгүнүн алдында «эми кесирленбе!»—деп өзүмө өзүм кеңештим…
— Мындай ой жалгыз гана сенде болуптурбу! — деди Алыбек ага маани бергендей.
Канипа анын сөзүшө алаканын тосо койду:
— Түшүндүм айтпай эле кой!
— Мейли аны айтпай эле коеюн.— Алыбек анын алаканын кармалап өөп койду.— Бирок гкөөбүз акылдаша турган тилегим бар. 13мартта — эски эсеп менен жаздын келген күнү меп элүү жашка толом. Экөөбүз ошо күнү баш кошолу. Тойду ошо күнү өткөрөлү. Түшүнөсүңбү? — Ал ойлуу тиктеди.— Туулган күнүмдү биринчи жолу белгилешим ошо болот.
Канипа эртеңбүрсүгүндөн кечикпей үйлөнүшүүнү самап турган. 13марттын маанисинен улам, эптеп чыдап турууга макул болду…

* * *
Ай жарык. Сыдырым суук. Шалбыраң катып, жол тоңголок. Көчөдөн ары бери өткөн кишилер али кыш кийимчен. Тоо айлынын өзгөчөлүгү: жаз алдында күндүзү — жаз, эртели, кеч — кыш.
Алыбек атын жетелеп, Канипанын катарында басып келе жатты. Чоочун көздөрдөн жалтанышкан жок. Автобус токтоочу жерге жеткенде гана ал атына минип.
— Кош, көрүшкөнчө!
Алыбектин көңүлү бир ыңтай.
Канипа үйүнө келгенден кийин оюна ар нерселер түштү: мүмкүн ал 13мартка чейин айнып калар, башка бирөө урунса; дагы бир кырсык болсо кантээр экенбиз; эртеңбурсүгүндөн эле үйлөнүп, тойду айткан күнү өткөрсөк болмок экен.
Бирок кеч болуп калды. 13-мартты күтүүдөн башка арга жок.
Акырында мындай деген ойго келди. «Деги аман-эсен үйүнө жетсе экен. Жол тайгак. Бүгүн ичкилик ичиле турган күн. Мас шоферлордун бирине көзикпегей эле».

Жаш солдат/h2>
Дөңсөө колдон колго өттү. Аны экинчи жолу ээлеп алышкан жоокерлер баш аламан качып баратышкан тараптын соңунан түшкөн жок, көздөгөн максат орундалгансып, андасанда ок чыгарышып тим болушту. Аларга азыр аз да болсо, тыныгуу керек эле.
Дөңсөөнүн колдон колго өтүшү бир гана күндүн ичинде болду, эки жолку чабуулга эки тараптан тең баягы эле күчтөр катышты. Экинчисинде, албетте, катышкандардын карааны азайып, кармашуу анчалык узакка созулбады.
Жеңишке ээ болушкан жоокерлер өз ара кубанычты бөлүшүү үчүн бири бирин жигердүү тиктешет. Бирок бул тиктешүү жеңиш менен куттукташуудан көрө кимиси бар, кимиси жогун түгөлдөөгө окшойт.
Дөңсөөдө тынчтык. Эч ким ишенбеген, күмөндүү тынчтык.
Согуш турмушуна жедеп көндүм болгон солдаттар мындай учурдан жакшылык күтүүнүн ордуна андан пайдаланып калууга ашыгышат. Адегенде эле чылым тартууга киришет, кайсы бири баштыгын оодарат, кайсы бири аягына-быягына да үлгүрүп, анан алыскы тылга кат жазат.
Уюлгуган чаң менен түтүн капкачан тараган. Снаряд менен бомбаларга тытылып, тамтыгы кеткен дөбө, кыйраган жыгачтар. Ар кай жерде пулеметтор, майтарылган замбиректер, атылбай калган октор, ыргытылбаган гранаталар — кайсынысы советтики, кайсынысы немецтики экени чаңдан байкалат. Айтор окдары жагы мол. Көкөйдү кесип турган киши күчү менен оокат.
Дөңсөөдөгү күчтөрдүн чамасы бош гкендиги душмандарга белгилүү. Эгер эртеңге калса, аларды сүрүп чыгуу кыйын болорун да жакшы билишет.
Эки жактын тең рациясы иштөөдө… Кайсы жагына жардам мурдараак келет — дөбөнүн тагдыры ошого жараша чечилмек.
Тыныгуудагы жоокерлерге көз жүгүртүп, чылым тартып турган чүңкүр кабак киши — бөлүктүн командири Савельев. Кийими, погонунан бери чаң басып, анын ким экендиги таанылбайт. Чаң менен түтүн жоокерлердин баарын бир бирине окшоштуруп койгон.
Ошондой болсо да, Савельевдин көз карашы жана баамчылдыгынан улам командир экенин дароо эле ажыратууга болот.
Лейтенанттын көз карашы окоптон жылбай күн батышты тиктеп, автоматын бетине кармап турган жаш солдатта. Анын шыргыйдай узун, арык денеси кур менен кынжыйта тартылгандыктан, ого бетер тартайып, жарга сүйөп койгон жыгач сыяктанат. Лейтенанттын боз чаңгыл бети жыйрылгансып, тиштери гана кашкайып көрүндү. Бул анын жылмайып күлгөнү эле.
Кызык эле солдат да. Башкаларга окшоп эс албай эмне эле какайып калган? Же бирөө аны күзөткө койбосо. Ушу солдат өзүнүн таң каларлык жүрүштурушу менен командирдин көңүлүн ар качан бурат.
Башкаларга окшобогон бала кыял солдат менен кантип таанышканы командирдин эсине түштү…
Эртең согушка киребиз деген күн. Солдаттардын баары үйлөрүнө, досторуна, сүйгөн кыздарына, айтор каалаган тааныштарына кат жазышууда. Кайсы бирлери кокус өлүп калсак… «дешип, бирибирине керээзин айтышат». Ошол күнү жаш солдат эч кимге кат жазган жок, кепкесөзгө кошулбай, өзүнчө ойго батып, тынчсызданып жүрдү. Анын көңүлүнө түшкөн бүглүктү байкаган лейтенант кечке жуук жаш солдат окопто обочолонуп, автоматына таянып, көз жашы мөлтүрөп отурганын көрөт. Биринчи жолу согушка катышуудан жүрөксүп отурганыбы деп ойлоп, командир аны сөзгө алат:
— Солдат! Эмнеге ыйлайсың?
Ал көз жашын дароо жеңи менен сүртүп, какайып тура калат:
— Жооп берүүгө уруксат этиңиз, жолдош командир.
— Вольно! — Командир жай сурашууну каалагандай жанына келип, анын ийинин таптайт: — Тим эле да ыйлачу беле?
— Ырас, мен тим эле ыйлаганым жок.— Командирдин ырайымдуулугуна эреркеп, жаш солдат чынын айтат.— Апам эсиме түштү. Ушу маалда мен боз үйгө куурай жагып, апам сүт бышырчу эле. Отту дайыма мен жакчумун… Эгер мен кечиксем, апам эшикке чыгып жол карай турган…
Лейтенант ошол сүйлөшүүгө чейин анын жаш солдат экенин, фамилиясы менен аты Арсыгулов Сүйүн экенин гана билчү. Ошо аңгемелешүүдө Сүпүндүн башынан өткөндөрүн, өмүрүн кызыгуу менен угат.
Жаш солдаттын анык жашы он алтыда болуп чыкты. Армияга эртелеп чакырылганы аз келгенсип, мектептин босогосун он жашка чыкканда аттаган (сегиз жашында «айлыбыз алыс» деп атасы окутпай койгон экен).
Сүйүн өзүнөн кичүү балдар менен бирге окуганына арданбайт, боюнун сөлөктүгүнө жана збисыны жоктугуна, башкаларга күлкү болгонуна арданат. Эптеп төртүнчү классты бүтүп, орто мектептин бешинчи классына көчкөндө жашын көбөйтүп, он алтыдамын деп комсомолго өтөт. Анан эки жылдан кийин комсомолдук жашы он сегизге толуп, армияга чакырылат.
— Метрикаң жок беле? — деп таң калат командир. Сүйүн анын өзүнө суроо берет:
— «Метрика» деген эмне?..
Лейтенант азыр эс алуу, оокаттанууну ойлобой, башкалардан сактык кылгансып, душмандар бекинген тарапты тиктеп турган. Арсыгуловду көргөндө экөөнүн аңгемеси эсине түшкөн эле.
Савельев ойлоно калды.
Ушу каргашалуу дөбөгө туш болгону бир рота аскерден бир взвод чамалуу кишилер гана соо калды. Ротанын командири оор жараланып, бөлүктү башкарууну Савельевге тапшырган…
Тирүү калган жолдоштору командирге мурункудан да ысык, жакын көрүнүдө.
Күтүүсүз учурда жаш солдаттын автоматы «дырырр» этти. Тыныгууда дендирей түшкөн солдаттар тура чуркашып, колдоруна куралдарын кармашып, өз .оруңдарын ээлешти. Чылымдын түтүнүн буркуратып турган лейтенант Савельев гана былк этпеди. Чаалыккан Арсыгулов каалгып уйкуга карамыгып, автоматын окусунан басып алганын ал көрүп турган.
Сүйүн өзү да чоочугандай башын жулкуп алып, эки жагын элеңдеп караганда кулагынын түбүнөн октор чуу чуу этти.

Командир кыйкырып жиберди:
— Арсыгулов!
Жаш солдат шашкан бойдон окопко жата калды.
Жоокерлер окуянын кандайча болгонун түшүнбөй, биздин жигит душмандын снайпери менен атышкан экен деп болжоду. Анын өзү да эмне болуп кеткенине акылы жетпей карбаластап турганын байкашпады. Иштин жөнжайын түшүндүрүүдөн эрингендей командир чылымын соруп тура берди.
Мындайда командир шашылыш түрдө беттешүүгөдаярданууга буйрук берчү эле. Эч нерседен камырабаган лейтенанттын оозунан күтүлбөгөндөй сөз чыкты:
— Эмнеге жардана калдыңар? Баргыла, эс алгыла1 Кузнецов сен күзөттө болосуң!
Баш аягы бир чакырым келбеген, кыркалуу дөңсөө. бир көзде жакын жерде орношкон кыштак калкынын жайыкышы эс алуу жайы болуу керек. Айланада мындан башка токой да, тоо да көзгө чалынбайт.
Жоокерлер бадалдардын түптөрүндө колубуттарынкенен созушуп, суналып жатышты. Заматта туштушунан коңурук башталды. Планшетин башына жаздаган лейтенант да уйкуда.
Кирпик какпай чакчайган — Сүйүн гана. Ал ушу кыштактын тагдыры жөнүндө ойлонот. Өзү согушка катышкан жарым жылдын ичинде мынчалык кыйроого учурап, караманча ээн калган кыштакты көрө элек болучу. Эч болбосо бирин серин карылар, аялдар жана балдар учурар эле. А мындан кыбыр эткен тирүү жан, жадаганда сорок эткен канаттуу куш көрүнбөйт. Баары тыптыйпыл болгондой. Бул кыйраган кыштакта жашоо биротоло токтогондой…
Дал ушул минутада Сүйүн бир ажайып окуяга туш болду — жанындагы бадалдан кичинекей чымчыкты көрдү. Өцүмбүтүшүмбү деп өз көзүнө ишене албады. «Бул жерде тири жандык, тиричиликтин белгиси жок эле го»~ деп ойлоп турганда чымчык чыйпылдап, бутактан бутакка учуп конуп, ага жакындай баштады. Бул тири укмуш кадпмки эле королу экенин тааныды.
Баятан бери көцүлдү басмырлаган жалгыздык сөзим заматта жоголуп, ажайып дүйнөгө кайрадан аралашкансыды.
Королу айланчыктап кетпейт. Балкпм ал жалгыздыкка көнбөстөн, адамдарды паана кылып келгендир же болбосо, ушу бадалдардын арасынан уясын жана уялаштарын издегендир.

Солдатты эми королунун тагдыры ойлонто баштады. Эртеден бери ажалдын оту бүркүлуп, тирүү жандык түгүл, жыгачтарынан бери бүлгүнгө учураган дөңсөөнүн айланасында бечера чымчык кантип түрүү калды экен? Королу канаттуунун баарысынан кичине, баарысынан чабал болгону менен, мүмкүтн баарысынан бактылуудур.
Бул бечера башка, тирүү калган куштарга окшоп, ок атылбаган, түтүн каптабаган, өрттүн жалыны алоолонбогон бейкут тарапка эмне үчүн ооп кетпеди экен? Коркунучтуу же^рде королуга эмне бар?
Сүйүн мурда королу жөнүндө ойлонмок тургай, аны канаттуу куштардын катарына кошчу эмес. Анын кадырын тагдыр өз эпчилдиги менен гана билгизди. «Эч болбосо ушу бечара тирүү калгай эле» — деп тиледи Сүйүн. Алдыда дагы канча октор атылат. Балким бул дөбө түзөлүп, биринсерин бадалдар ордутүбү менен жок болор.
Жаш солдат жалгыз королону сактап калуу жөнүндө ойлонду. Аны башка жакка, айтор ушу каргашалуу дөбөдөн алысыраак учуруу керек эле. Бирок кичинекей чымчык анын эркине көнбөдү. Соңунан түшкөн адамдан качып, бадалдын бир четине жеткенде кайра артына канрылат… Өзү байырлаган дөбөдөн кетүүнү каалабагандай, мындан пааналуу жерди керек кылбагандай, имерчиктеп кетпейт. Эч нерсе түшүнбөгөн бечара чымчыкты кандай болсо да сактагысы келди.
Жаш солдат дагы канча убараланат эле, айланага минометтордун октору ышкырып келип, күпкүп этип түшүп, кулак тундура жарыла баштады. Чымчыкты кубалап бараткан жаш солдат жыгылды. Көзү караңгылады.
Снаряддар дале сейректеп түшүп жатты. Жарадар солдат бөжөңдөп чуркаган медсестранын жонунда жаш балача шалактап баратты. Кыймылдаган сайын жаратынын сыздаганына, таңдайы кургап суусаганына — баарына, баарына кайыл, эптеп эле ушу каргашалуу дөңсөөдөн алыстасак деген тилекте. Адатта адам коркунуч өткөндөн кийин эсине келет, андан ары иштери, максаты жөнүндө жайынча ойлонот. Бирок далбастаткан коркунуч өткөндөн кийин да Сүйүндүн жүрөгү эмне үчүндүр кооптуу согуудан танбады.
Сүйүн буга чейин кадимкидей коркунучту башынан өткөрүп көрбөгөн эле. Согушка биринчи жолу кирерде гана жүрөгү дүкүдүкү соккон, анысы корккондугубу, же белгисиз нерсе менен беттешүүдөгү сөзим ушундай болобу — ачык түшүнө албай койгон. Мындай түшүнүксүз сезимди мектепте окуп жүргөндө да башынан өткөргөн. Анда согушка катышуу деген нерсе оюна да келчү эмесжөн эле вожатыйдын кыстоосу боюнча кээде пионерлердин жалпы чогулушунда сүйлөрдө эмне үчүндүр апкарып, жүрөгү дүкүлдөп, алгач үнү калтаарып барып оңолчу. Кийин. армияга чакырылуунун алдында өзү менен классташ кыз менен окуусунан бет алышып, же сүйлөшүп калганда ошентип калтаарып калар эле. Жакшы жери аны бир жигит ала качып, Сүйүндү белгисиз түйшүктөн куткарды.
Коркунуч өзүнөн өзү коркунучтуу эмес. Адам өзүнүн алсыздыгын сөзүү коркунучтуу. Эки буту кыймылга келбей, шал болгонсуп, томолонуп жатып калганда мусапырчылык кандай болорун биринчи жолу билди жана ушундай учурда жардамга келген Машага керек болсо, жанын курман кылууга даяр болуп баратты.
А Маша болсо, бул ишке демейдеги милдетиндей гана карайт. Аны кубанткан — көтөргөн жүгүнүн жеңилдиги.
Алар канча жол басышканын байкашкан жок. Айтор, замбиректердин жана минометтордун үнү угулбай калган кезде гана (мүмкүн атышуу токтолгондур) кара терге чөмүлгөн Маша чарчаганын билди. Сүйүндүн жараты да ошондон кийин катуулап кыйнай баштады.
Машанын буттары чалыштап калды… Токтолду… Экөө тең чалкалап, бир балаадан кутулгандай, ээнэркин суналып жатышты. Жарадар кээде гана кыңкыстап кайра басылат. Суусап, оозунун ичи кургагансыйт.
Кыйла убакыт өттү. Убакытты барктоо жагынан жарадарларга ким тең келсин. Сүйүндүн тынчы кете баштады. Медсестра болсо, эч нерсени кенебейт, каякка, эмне учүн баратканын да унуткандай сулк жатат. Санитарлык бөлүккө жараты кабылдай электе төзирээк жеткирүү керек эле. Бир жагынан бир ууртам суунун азабы өтүп баратты.
— Суу! — деди ал бейкут жаткан сестрага угуза. Маша козголбоду. Мүмкүн укпагандыр, же уккусу
келбегендир, аны сүрүштүрүүгө убакыт кайда? Жарадар мурункудан да катуу унчукту.
Суу! Суу!
Дагы да жооп болбоду. Бул эмнеси? Кантип эле укпасын? Андан көрө ээн жерде эч ким жокто медсестра эмне кылам десе да өз эрки да. Таштап кетем десе, ким кой демек? Сүйүн өз ичинен ачууланды: «Эх, мындай экениңди мурда билбегеним, ай…» Ачуусуна чыдабай бурк этти:

Сен эмнеге унчукпайсың? Билем сени…
Бул ачуунун тиешеси жоктой медсестра камырабайт.
— Тоготпогонун карачы! — деп чыйпылыктады ал.— Катардан чыгып, керек болбой калган кишпге ушундай карашат экен го! — Жарадардын күйбөгөн жери күл. Аны сөккүсү келди. Коюп жиберүүдөн да кайра тартпагандай колун жаңсады, алсыз колу кыздын көкүрөгүнө акырын гана урунду кара терге чыпылдаган гимнастерканын алдынан соккон жүрөк анын алаканын ургулап, оор дем алышы колун бирде өйдө көтөрүп, бирде ылдый түшүрүп термелте баштады. Кыз демин жыйнай албай жаткан эле.
— Кудай ур,— ал сунулган колун кайра тартып алууга чамасы жетпей, жасакерленип күбүрөдү: — Маша! Кечир мени?
Кыз дале болсо демигип, эсин жыйнай албай жатты. Оозун кыбыратууга да дарманы жок. Жарадардын жаагы жап болду. Суу сураганы, а түгүл, кээде кыңкыстаганы да басылды. Ал өз жоругуна катуу капаланып, «мендей дөдөйгө азыркы көргөндөр да аз» деп өзүн өзү табалайт. Капаланат. Оюна ар нерселер келет…
Баарынан да өз өмүрүн эстөө таңкалтты. Көргөндөрүнүн көптүгүнө жана кызыктыгына эмес, тагдырынын тамашакөйлүгүнө таң калды. Кичинекейинен баштап ар нерсеге өз мөзгилинен мурда чарпылып, бирок аны толук бойдон башынан өткөрө албан, өмүрүнүн ар бир курагы өксүгөндөн өксүүдө. Боюнун сөлөктүгүнөн өз теңдерине кошула албай балалык доорду өткөрдү. Өспүрүм курагында боз уландар менен жүрүп, же андан жок, же мындан жок дагы арабөк калды. Аскер кызматына киргенден кийин, эми туруктуу ордумду таптым го деп ойлогон. Жоокердин өмүрү албетте чалагайым болууга тийиш эмес, же жеңишке жетмек, же окко учмак. Тилекке каршы, мында да күткөндөй болгону жок. Жараланды, айыгабы, жокпу — күмөн. Айыккан күндө да аскер кызматына жарайбы, жокпу — анысы да күмөн. Ошентип, жоокерликтин өтөөсүнө да чыга албай тургансыды.
Сүйүн өкүнүчтүү өмүрү жөнүндө ойлоп жатканда медсестра эс ала баштады. Аны да Сүйүн капысынан, кыздын жүрөгүнүн кагышынан улам билди. Эң мурун алаканы ысып чыккан болучу, бүкүдүкү соккон жүрөк бир аздан кийин чоочун колго үйрөнүчпкөндөй жоошуй баштаган. Анан эмне үчүндүр колуна токтун учкуну типгендей сөзип, тынчы кете баштады. Бул эмнеси? Мындай жорук башынан өтүп көрбөгөн жигпт жаратын унутуп, эмне болуп баратканын түшүнө албай жатты.
Ал азыркы учурга чейин кыз зкүрөгүн тыңшап да, аны менен сырдашып да көргөн жан эмес. Кыздарды сыртынан эле билем деп ойлой турган (анда биле тургандай эмне болмок эле). Анын байкоосунда ушул Маша далайды башынан өткөрүп, балким бир эки эрден чыккан бийкечтерден болуу керек эле. Солдаттар болсун, баары менен ачык сүйлөшкөнү, эч нерседен ыйбаа кылбаганы ага ушундай таасир калтырчу. Азыр болсо, ошол эле Маша жаш өмүрүн согушка зарп кылып, сыртынан ачык көрүнгөнү менен, терең сырлуу, жолдоштукка бекем жана махаббаты тунук, карапайым орус кызы экени жүрөгүнөн сөзилип турду. Мындай кызды ал эч жерде жолуктура элек болучу.
— Эх, Маша! Садагасы, Маша! Экөөбүз кандай күнгө туш болдук! Сени эмне үчүн азыр гана таанып отурам? Кечээ, эч болбосо, бүгүн түштөн мурда кайда глең?..
Маша кечээ да, бүгүн да, түштөн мурда да, Сүйүн менен бир бөлүктө болучу. Алар биринчи корүшүп, бирге кызмат кылгандан бери алты ай убакыт өтпөдүбү? Бирок анда бул кыз анын көзүнө башкача көрүнчү. Ал бар болгону медсестра эле. Армияда медсестра жана врач кыздар аз бекен. Машаны ошолордун бири деп кое турган.
Сүйүн алаканын кыздын көкүрөгүнөн алгысы келбей калды. Аз да болсо, анын катарында жата турууну, эркелетүүнү каалады. Бир кереметтүү күчтөн кубат алгансып, ийкемге келген колун жылдырып, анын көкүрөгүн сыламак болду. Канчалык этияттанса да сөөмөйү кыздын тирсийген көкүрөгүнө барып урунду.
Маша чочуп ойгонду. Киши кыйналганда чырм эткенге не жетсин! Чарчаганы басылып, бою жеңилдей түшкөн. Бир чырм эткен уйку менен бир жутум суунун кадырын сапарда жүргөн киши гана билет.
Бул убакта ай кылайып чыга калган эле. Маша башын көтөрүп жарадарга үңүлдү:
— Акыбалың кандай, жоокер?
— Жакшы.
Медсестра анын жообуна ишене албай:
— Чын айтчы, кандайсың? Жаратың оңой эмес көрүндү эле.
Анда баягыдай эле жооп чыкты:
— Жакшымын.
Ал эмне үчүн антип жооп берди, чын эле айыктыбы, же кыздын көңүлүн улайын дедиби, же кыргыздар өлгөнү жатса деле көңүлүн сурагандарга «жакшымын» деп айтчу адатын карматтыбы? Эмнеси болсо да Маша анын жообуна ынанды. Убакытты өткөрбөй, жоокердин жаратын ырбатпай санитардык бөлүктү таап алуу керек эле. Медсестра ордунан туруп, эңкейип, анын колунан тартты. Жарадар башын көтөрүп, чымырканганда жараты чыдатпай бакыртып ийди.
— Айтпадым беле?! — Маша аны кылдаттык менен жөлөп отургузду. Сүйүндүн таңылган жараттары сыздата баштады. Суу көздөн учат. Кыздын сыйкырлуу жүрөгү, өзүнүн делбелениши эмне үчүндүр ойго келбей калды. Бардыгы заматта өзгөрүлгөнсүдү. Бири жарадар солдат, экинчиси медсестра… Экөөнүн ортосунда башка эч нерсе калбагансыды.
Медсестранын абалы деле жыргарлык эмес. Курсагы ачып, суусагандан тили оозуна батпай турат.
Экөөнүн ортосунда бир баштыкча, бир фляжка гана калганын көрүштү. Баштык бош экен. Фляжканын түбүндө гана суу шылдыршылдыр этет. Экөөнүн көзү да ошо бир ууртам сууда. Фляжканын капкагын ачып, оозуна жакындатып бараткан Маша жарадар солдаттын тамшанганын байкап токтоло калды. Анын кебетеси ушу бир ууртам суудан жаным калар эле дегендей белгини тапты. Адатта жарадарга суу ичирүүгө болбойт. Ал эми «ичпе, оозуңду гана чайка!» — дегенге анын көнбөсү белгилүү. Суудан көзү каткан жарадарлар мындай учурда өлөрунө карабай колуна тийгенди жутуп коет.
Маша аны жалжылдап карайт. Бул көз караштан: сен ичүүгө болбойт, мен ичейин, ансыз сени самаган жерге кантип көтөрүп жеткирем деген ниети сөзилет. Мейлиң, бирок көзүм көрбөсүн дегенсип солдат тетири карайт, көзүн жумат. Эми бүттү го деп бери бурулганда фляжка кыздын калтыраган колунда, оозуна дале жетпей турганын көрөт.
Кызды мынчалык сабырдуу жана чыдамкай болот деп ойлобогон жоокер ага ыраазы болуп, чын пейлинде сууну ичип жиберсе экен деп күттү. Ыйба кылып турабы деп шектенип, ыраазылыгын да билдирди:
— Ич! Иче гой, Маша!
Медсестра болсо, өзүнчө ойго чумуган. «Мындайда жарадарлар башканын өлгөнтирилгенине карабастан, сууну колдон талашчу эле. Бу жигит эркектик намысын ойлоп, кыздан суу талашуудан ыйбаа кылгандыр. Анысына ыракмат! Жакшы үй-бүлөдө тарбияланган окшойт… Мен анын суроосун орундатсамбы? Окус бизге мындан ары суу табылбаса, же адашсак, бечара бир тамчы суу¬сунга жетпей арманда кетип жүрбөсүн. Менин деним соо, дагы узакка чыдай алам…»
Солдат! — кыз фляжканы ага сунду.— Мен соомун, чыдай алам. Бир жут. Эч болбосо, оозуңду чайка.
Жигит башын чайкады… Кыз колу талыганда гана фляжканын, оозун бекитип, жанына байланды.
Экөө тең тунжурашат. Мындайда сөз да табылбайт. Эч болбогондо бир нерселер жөнүндө сүйлөшүп, көңүлдү алагды кылуу керек эле.
— Солдат! бир нерсе айтсаң боло! Жарым жылдан бери экөөбүздүн бүгүн көздешкенибизди кара!!.
Эмне айтуу керек? Жигит ойлонуп калды. Ушул арада медсестра чөнтөгүнөн блокноту менен каламын алып чыкты.
Туулган жериңдин адресин айтчы!
Ал солдаттын адресин алып, өзүнүкүн ага жазып берди. Анын колунан чыккан кагаз Сүйүнгө адрес эмес эле, жигит менен кыздын ортосунда жазылчу ашыктык каттай сөзилди. Ал үчүн кыздар менен алышкан биринчи кат ушу болучу.
— Сүйүн!—Маша аны атынан атай баштады.—Апаң менен атаң билимдүү кишилерби?
— Апам сабатсыз, атам лекпести бүткөн. Мени менен кат жазышып турат.
— Өзүң орто мектепти качан бүттүң?
Сүйүн бир аз мукактанды. Окуган классынын төмөндүгүнөн арданганы жок, Машадан кичүү болуп көрүнөмбү деп чоочуду. Жакшы жери — кыз жооп күтпөгөндөй суроосун улады.
— Кыздар менен кат алышып турасыңбы?
— Жок.
— Эмне үчүн? — Машанын күлүмсүрөгөнү айлуу түндө ачык билинди.
Жылмаюу иреңине жарашкансып, ал мурункусунан да татынакай көрүндү. Дагы күлө түшкөй эле.
— Мүмкүн, ошондойдур,— деди ал жука эрдин чое сүйлөп.— Сенд калп антууну билбеген жигит окшойсуң. Сага окшогон жигиттерди аз көргөм. Сен эмнеге мелтпрейсиң?
Сүйлөө керектигин ал өзү да билип турган. Ал тургай бир топ нерсе жөнүндө сурагысы бар. Эмне үчүндүр батынбай каймана аңгемеге түштү:
— Илгери менин чоң атам бир бутунан жарадар болгондо аттан түшпөй ошо жарадар бутун канжыгасына таңып алып, урушту уланта берген экен…
— Анык баатыр турбайбы!—Кыз сөзгө ынтаа коюп.— Кыргыздар ким менен согушчу экен?
— Илгери, илгери калмактар менен.
— Чоң атаңдар дагы кимдер менен согушкан?
— Өз ара…
— Граждандык согушпу?
— Уруу арасындагы согуш…
— Бабаң да согушту бекен?

— Бабам да, анын бабасы да. Маша күрсүнүп койду:
— Тарыхта согушту көрбөгөн муундар болду бекен? Сүйүн ийнин куушуруп тим болду.

* * *
Алар кайрадан жолго чыгышты. Жарадарды медсестра солдойтуп жонуна көтөрүп алган. Жаратына күч келбесин үчүн кыздын мойнуна ылдый асып койгон эки колу анын тирсийген төшүнө жабышып баратат. Кыз кадам таштаган сайын жарадардын тумшугу анын жумшак чачына бата түшөт, мурдуна кандайдыр бир жагымдуу жыт келет. Жүрөгү элепжелеп болуп кайрадан тынчы кете баштады. Маша эч нерсе менен иши жоктой кадимкисинче басып баратат.
— Маша! — деди Сүйүн чиренип,— токточу?
— Эмне болду! Жаратың ооруттубу?
— Жок.
Медсестра басып баратып түкшүмөлдөп койду:
— Анан эмне болду?
— Жөн эле, токто дейм!
— Тентектик кылба, жоокер! Убакыт кымбат!
— Маша дейм! Токто! — Сүйүн чиренип, аны ийнинен булкту.— Ташта мени…
Буга эмне болуп кетти дегенсип, медсестра токтой калып, аны акырындап жерге отургузду.
Сүйүн эт бетинен кулап, жер кучактай жыгылды. Медсестра дал болуп анын жанында унчукпай кыйла отуруп калды. Акырында солдат өзү сөзгө келди.
— Түшүнөсүңбү, мен эркекмин! Солдатмын. Мен сага көтөртүп жүрө албайм.
— Ошондой де.— Маша жылмайып койду.— Мен эмне болду деп чоочудум эле.— А сен түшүнөсүңбү жарадар экениңди?
— Бул эч нерсе эмес. Мени ташта. Санитарлык бөлүктөр өзү келип алып кетишсин!
— Сен эмне деп жатканыңды билесиңби?
— Билем. Болду мен эч жакка барбайм.— Ал көмкөрөсүнөн оңдонуп жатып алды.
Талашуунун пайдасыздыгын түшүнүп, Маша анын жанында окуя кандайча бүтөрүн билгиси келип, ойлуу жатты. Жаралуу неме албууттанып кандай чечимге барбасын, баары бир оюнан айныбады.
Сүйүн болсо күтүлбөгөн учурда жараланганына, кандайдыр бир купуя сезим козголгонуна жана өмүрүндө биринчи жолу ыкласы түшкөн кызга көрсөткөн тагдырдын шылдыңына ызаланып, кайгырып, баарынан кечкиси келип көшөрүп жатты. Балким, санитарлык бөлүктөр же болбосо биздикилердин чалгынчылары жолугушуп калар. Болбосо бу көрөкчө өлгөнү жакшы.
Убакыт өз жумушун иштей баштады. Ызасы, ачуусу басылып, кызды бөөдө кыйнаганына кейиди. «Менин азабымдан ал ачка болуп, же душмандын колуна түшпөгөй эле» — деп чочуп башын көтөрдү.
— Солдат! — дейт медсестра жай гана.— Жолду уланталы. Убакыт кымбат.
Сүйүн шылкыйып жер карайт, адатынча кыйкырбайт. Медсестра аны колдон тартып, аркасын тосот…
Ай кыйла көтөрүлгөн. Жүгү мурункудан оор тартып, медсестра илкипкалкып кетип баратты.
Экөө тең унчугушпайт. Өзүбүздүн арткы бөлүктөргө, санчастка ана жетебиз, мына жетебиз деген үмүткө жетеленген немелер акыркы күчү түгөнгөнчө алга озунушат…
Бир оокумда медсестра жаткан жеринен козголбой калды. Анын жанында соолуп жарадар жатты. Бир көргөн кишиге алардын кимиси жарадар, кимиси соо экенин ажыратуу кыйын.
Сүйүн адатынча медсестраны сөзгө албай, эч нерсе сурабай тынч жатты. Маша бу жолу уктабады, анда санда үшкүрүп коюп, ойлуу, кең асманды тиктеп жатты.
Анын ойгоо экенин билсе да жанындагы жолдошу сөзгө албады. Сөз Машадан чыкты:
— Биз каякка баратабыз? Байкайсыңбы?
— Санчастка.— Бейкапар жооп берди жигит.
— Санчастка али жете элекпиз деп ойлойсуңбу?
— Антип деле ойлогонум жок. Кыздын үнү кооптуу угулду:
— Биз адашкан окшойбуз. Арткы бөлүк мынчалык алыс болбоого тийиш эле. Экөөбүз ачык сүйлөшөлү: чын эле адашкан болсок коркоор белең?
— Ооба.

— Колго тушуп кетебиз деп коркосуңбу? — кыз суроосун кайталады.— Эмнеден коркосуң?
— Мен үчүн экиячи бирөөнүн азапка түшүшүнөн. Күтүлбөгөн жооп медсестраны ойлонтту. Дайыма баладай көрүнүучү солдаттын оозунан жетилгендиктин белгисин билдирүүчү сөздү биринчи жолу угушу болучу. Ал башын көтөрүп, эки колун тизесине айкалыштырып, анын маңдайына жакын отурду. Жигит аны чынында эле бир башкача жалжылдап тиктеп жаткан эле.
«Бул кыз мага мынча эмне айланчыктайт?» — Мени санчастка жеткирем деп, башына балаа үйгөнүн билип турса да, эмне үчүн капаланбайт. Бардык солдаттарга ушундай карайбы? Же мага өзгөчө мамиле кылганыбы? Андай болушу да мүмкүн».— …Сүйүн өзү да ага башкача, мурда болуп көрбөгөндөй мамилө кыла баштабадыбы. Балким бул кыз аны от арасынан бекер жеринен сууруп чыкпагандыр. Эч болбосо, фронттун кызыл жалынынан эмне үчүн алып чыкканын билгиси келди.
— Маша, сенден бир сөз сурагым келет. Айтасыңбы?
— Балким, айтпасмын… Оболу сурооңу айтчы? — деди кыз токтолбоп.
— Мени согуш талаасынан эмне үчүн алып чыктың? Эмне үчүн өз башыңды азапка байладың?
— Жарадарды ташуу милдетим. Мунун эмнесин сурайсың?
— Жашырып жатасың. Жарадарды ташый турган убакыт жок болучу.
— Кандай десем… Сен да солдат, мен да солдат. Экөөбүз тең командирдин буйругун аткарабыз.
— Демек, лейтенант Савельевдин буйругу экен да.
— Ооба, дал ошонун.
Жарадардын оозу бүлкүлдөп, кээде гана «менин командирим!» деген сөзү угула калат…
Ал согуш талаасынан кетишин Машанын гана демилгеси деп ойлоп, жана анын андан берки тарткан азабынан улам ушу кыздын мага кылган мамилесинде кандайдыр бир купуя сыр барбы деп болжогон. Ошондой үмүткө кубанып, шерденип анын айтканын угуп’ келаткан, эми кыздын мамилесинде аскердик карызды өтөөдөн башка нерсе болбогон соң ысык деми сууп, эч нерсеге көңүлү келбей калды.
Жаш солдаттын көңүлү чөгө түшкөнүн Маша да байкады. Анын көңүлүн улоого убакыт да жок, шайманы да жок.
Маша сөздү чукулунан чечкиндүү айтты:
— Жигит, башыңды көтөр! Колуңду бер! Анын башы да, колу да көтөрүлбөдү.

— Солдат, башыңды көтөр! — Медсестра жанагыдан тың сүйлөдү.— Экөөбүз талашууга убакыт жок.
— Маша! деди солдат муңайымдуу.— Сага чоң ыракмат! Менин кебимди ук!
— Айта кой. Убакытты коротпо!
— Маша! Өзүң басалбай жүрүп, мени көтөрүп каякка темселейсиң? Мени таштап, биздикилерди изде. Мага анан келесиңер… Мен абдан ойлодум. Мындан бапгка арга жок.
— Айтарың ушубу?
Мен чыным менен айтып жатам. Ойлонгун. Анан кеч болуп калат.
— Эх, солдат! Мен ойлонбоптурмунбу? Мен каякка барам, каяктан издейм? Биз адаштык. Бир бөлүнүшсөк, экинчи көрүшпөсүбүздү өзүң деле билип турасың. Экөөбүз болсо да, жалгыз кетсем да ушу. Мындайда жалгыздык жаман. Эмнеси болсо да чогуу көрөбүз.
— Суранамын: мени таштап, тобокел деп издеп көр?
— Мындай сөз экинчи оозуңдан чыкпасын. Экинчи жолу ошентип айтсаң таарынам. Кана, колуңду сун. Мойнумду кучакта.
Ал энесине талпынган, буту баса элек кичинекей балача колдорун сунду.
Маша аны кайрадан жонуна көтөрүп алды.
«Уят, ай? Менин солдат болгонум, эл коргогонум ушубу?» — Сүйүн кайгырып баратты.
Аңгыча түнкү тынчтык бузула баштады. Ар кайсы жерден атылган ар түрдүү ракеталар асманды жаркыратат. Моторлордун күрүлдөгөнү бирде чыгыштан батышка, бирде батыштан чыгышка карай өтөт.
Алар асмандагы алтын казыкты тиктешет да, бара жаткан багытынан адашпаганын аныкташат.
Ооба алар адашкан жок. Бул баш айланткан согуштун багыты өзү бузулуп, кээде биздикилер батыш жагында калып, душман чыгыш жагынан кармашкан учурлары да көбөйүүдө.
Эрбеңдеген караан кетип баратат. Медсестранын жонунда жаш солдат, жамбаштагы булактаган фляжкадан суу шылдыршылдыр этет. Бул дабыш угулган сайын ичээр суубуз бар дегенсип, экөө тең каниеттенишет.
Төбөдө алтын казык жаркырайт.
күтүлбөгөн жолугушуу

Түш чен. Аксакалдын тыныгуу убагы. Ал тыныкпай эле оокаттанып отурган.
Жумуш күнү ортосундагы бир саат убакытты өзөк жалгоого жана аны менен бир учурда дем алууга пайдалануу көнүмүшкө айланганы үчүн гана тыныгуу убагы деген жалпы түшүнүктөн чыга албай жүрөбүз. Бул туура эмес, оокаттануу жана тыныгуу эки башка нерсе. Оокаттануунун өзү жумуш. Ыгын билбеген киши тамактануу учурунда эле чарчайт. Көп жесе кеселге чалдыгат, аз жесе ачка калат. Ал эми шашыпбушуп тамактанып, ошо бойдон карбаластап жумушка кирген киши жинигүүгө мүмкүн.
Аксакал кызматчы, жөн гана кызматчы эмес, мекеме башчысы. Жумушу мол, андан да жоопкерчилиги күчтүү. Ишинин жеңилдигине же оордугуна, жоопкерчилиги көп же аздыгына карабастан, кызматчылар үчүн оокаттануу менен дем алууну айкын чектөө зарыл. Жакшы жери, аксакалдын кызмат абалын сыйлашып жана убактысын майдачүйдө нерселерге коротпоо үчүн түшкү оокатты оздорү кабинетине жеткирип беришет.
Сөздүн кыскасы, аксакал түштөнүп отурат. Столдо салат, биринчи, экинчи жана үчүнчү. Кең бөлмөнүн ичи салкын. Ачык форточкадан таза аба кирип турат.
Дал ушул учурда кимдир бирөө жанына келгендей болду. Отурду. Эгерде ал тейлөөчү кызматкер болсо, табактарды ооштуруп, ал бошобосо жолтоо болбоо үчүн капкачан кетмек. Түштөнчү убагында башка бирөө минтип, бейадептик кылып, качырып кирчү эмес эле. Эмнеси болсо да, аксакал вилканы тарелкага жөлөп коюп, колун ак салфетка менен сүртүп, бейубак келген клиентке кабыл алуу шааниси боюнча сылыктык менен бурулду.
Жанаша столдо көзүн жалжылдатып күтүп отурган Тыйын чычкан экен. Кадимки эле тыйын чычкандын өзү.
Мына, кызык! Аксакал ушу куттуу мекемеге башчы болуп келгени далай кишилерди кабыл алды, далай кызык жолугушууларды башынан өткөрдү. Бирок анын баары эреже катары эң мурун секретарь же жардамчысы аркылуу качан жана кайсы убакта кабыл алынары жөнүндө алдын ала макулдашчу эле. А бу сыпайкерчиликти билбеген макулук эрежени бузганы аз келгенсип, түштөнүп отурганда уурданып киргенин карасаң!
Демейде оюнкараак жана шайдоот неме азыр ордунан козголбой, көздөрүн жылтыратып, жасакерсинип отуру¬шунан улам аксакал анын даты бар экендигин жана адепсиздик кылып уурданып киргени үчүн уялганын сезди.
Албетте бу бечара бекеринен келген жок. Анын кишп.терге гана эмес, айбанаттарга да тиешеси бар экенин билсе керек., Аксакал жаратылышты жана айбанаттарды коргоо боюнча коомдун башчысы эле. Тыйын чычкан аны кантип билди? Жөн эле ачык форточкага туш келип, ысык тамактын жытын алганы үчүн гана окусунан келип жүрбөсүн?
Аксакал бул жөнүндө да ойлоду. Тыйын чычкан окусунан келген клиентке окшободу. Азыр ушу чоң имараттын жүздөгөн терөзелеринин форточкалары ачык, кеп эле мекөме башчылары оокаттанып отурушкан. А түгүл, жер төлөдөгү ашкананын терөзелеринпн баары ачык эле. Эгерде бу бечара эч нерсени түшүнбөгөн макулук болсо, ошолордун баарына кайрылбастан, эмне үчүн аксакалдын кабинетине түптүз кирет?
Ооба, аны бекеринен келген жок деп эсептейли. Андай болсо, келгендеги максаты эмне? Албетте, квартира же болбосо кызмат сурап жүргөнү жок, кандайдыр даты болуш керек.
Аксакал шаарга жаңыдан гана жайланышкан тыйын чычкандар жөнүндө ойлоно баштады. Шаар бакдарактуу, атайын парктар бар. Анда жаңы жашоочулар үчүн атайын жасалган үйжайлары, тамактануучу орундары бар. Демек, алар орун жагынан камсыз. Оокат жагы кандай болду экен? — деген ойго келгенде, баятан бери мейман каадасын бузбай отурган Тыйын чычкандын быйпыйган таноолору былкылдап, оозунан балапандын чыйылдаганындай үн угулду.
— Түшүнүктүү! — деди аксакал өзүнчө.— Бечеранын курсагы ач турбайбы! — Анын максатын кечигип түшүнгөнү жана ага адегенде эле меймандостук көрсөтпөгөнү үчүн, өзүнүн улуулугуна карабастан, мекеме башчысы андан кечирим сурап, тарелкадагы күрүчтү, капуста менен сабиз арадашкан салатты меймандын астына жылдырды.
Дасторконго чакыруу ишаратын гана күтүп турган сыпайы мейман аксакалдын жакшы кабыл алышына, өз табагына чакырышына жана аны менен насиптеш болушуна миң мертебе ыраазы болуп, оокатты ыраазылык менен жей баштады.
Ушул учурда аксакалдын оюна бир нерсе кылт этти— Тынын чычкан өз курсагынын айынан гана келбеген бо¬луу керек, шаардын жаңыдан келген жашоочуларын азык менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган экен!
Ал столунун капталындагы кнопканы басты. Заматта секретарь кыз жетип келип, тийиштүү буйрукту укту; анын өз бөлмөсүнө барып, аксакалдын жардамчысына телефон чалды. Шаардагы жаратылышты коргоо коомунун кишилери чейрек сааттын ичинде кыймылга келтирилди…
Сыпайкерчиликтүү мейман аксакалдын көзүнчө сабизди кечкеете кыртылдатып отурбастан, ар кайсы даамдан ооз тийип, жакшы күтүлгөнүнө жана чоң кожоюндун пейлине эле тоюп, ыраазылыгын билдирүү үчүн алдыңкы буттарын бооруна алып, кош аяктап тура калып анан ызаат кылгандай башын ийип, кош айтышты.
— Жакшы барыңыз! — Аксакал да жылуу коштошту.— Кам санабаңыз! Баары жайында болот…
Быякта килем төшөлгөн жол турса, Тыйын чычкан форточкадан кирип, форточкадан чыкканына ачууланбады. Эгерде бу макулук кабыл алуунун эрежеси боюнча эң мурун секретарга же жардамчысына кайрылса, эмгиче каалаган жерине жетмек эмес. Ага чейин шаардын жаңы жашоочуларынан далайы ач калып, мүмкүн жумуштун жыргалчылыгын көрбөй мөзгилсиз мертинишет беле!
Түшкү дем алыш бүтүп, иш башталды. Аксакал учурдагы маселелер менен алагды болуп кеткен экен, чыйпылдаган дабыш чыкканын кулагы чалып, терөзе жакка карады.
Ойноктогон Тыйын чычканды көрдү. Ал эмне үчүндүр форточкадан секирип түшпөстөн, терөзенин ары жагында куйругун чамгарактатып, ары-бери ойноктоп, анан адатынча кош аяктап тура калып, таазим кылды да, жанындагы барпайган арча жыгачына секирди. Секирбей эле учуп кеткенсиди. Куйругун булактатып, заматта көздөн кайым болду.
Аксакал анын ишаратынан улам, суроолору канааттандырылганын, мына ошөну үчүн ыраазылык билдиргенин түшүндү. Саатын карады. Оокатты бир табактан ичкенден бир эки гана саат өткөн экен. «Ушунча кыска убактын ичинде баары жайына келе калганы ыраспы?» — деген ою менен өзүнүн орунбасарына телефон чалды:
— Алло! Сиз, шаардагы тыйын чычкандардын абалын тезирээк билип, мени менен кабарлашыңызчы!
Ал учурдагы маселелерге кайрадан киришти… Бир аздан кнйин орунбасары келди. Анын тапшырма алганына жарым саат гана болгон.

Орунбасар иштин жагдайын баяндай баштады:
— Акыркы күндөрдө тыйын чычкандар кароосуз калышкан! Шаардагы коомдун адамдары жана мектеп балдарынын күчү менен алар эки сааттын ичинде оокат менен толук камсыз кылынды!
— Жакшы! — Аксакал бу кабарды азыр гана уккансыбай сүйлөдү.— Аны билемин. Мени кыжырланткан нерсе: коомдун мүчөлөрү буга чейин эмне үчүн өз бетинче кам көрүшкөн эмес?
Суроо албетте кыйын. Ишке салкын караганы үчүн коомдук тиништүү кызматчылар орунбасардын жемесин угушкан эле.
— Аны ал дейли.— Аксакал маселенин экинчи жагына кызыкты.— Тыйын чычкандардын адам чыдагыс абалы жөнүндө бизге арыз түшпөптүрбү?
Орунбасар ал маселени заматта тактады. Көрсө, шаардын бир адамы ушул маселе боюнча аксакалдын кабыл алуусун сурап, секретарга кайрылган экен. Секретарь аны кабыл алууну сурангандардын тизмесине киргизүү үчүн жардамчыга кайрылса, ал командировкада экен. Жардамчы командировкадан келип, аны тизмеге киргизишиптир. Бирок тизме боюнча, Аксакалга кирүү үчүн ага көзек бир айдан кийин жетмек экен.
Ушуну укканда Аксакал ачууланды:
— Тизмеге жазылган кишилерди эмне үчүн этияттап карабайсыңар?! Иши зарыл кишилерди эмне үчүн кезексиз киргизбейсиңер? Бул эмне деген бюрократтык?
Орунбасар күнөлүү эмес. Баарын кылган жардамчы. Клиенттин жалынганына карабастан, «Тыйын чычкан эмес, мамлекеттик чоң иштерге чолосу тийбей жатат» — деп коюптур. Аксакалды аяп, майдачүйдө маселелерди башкаларга оодара салуу же созуучу адатын карматыптыр.
— А, сиз өзүңүз эмне үчүн кийлигишкениңиз жок?— деди аксакал орунбасарына.
Орунбасар айыбын мойнуна алгандай нымтырап отуруп берди. Лкырында эскертүү укту:
— Мындан ары этият болуңуз!
Эгерде жаңылышса, жемеге каларын, акырында азыркыдай эскертүү угарына орунбасар аябай дагдарылган. Анткени ал өз бетинче эч нерсе иштечү эмес. Көрсөтмөнү так жана убагында аткара турган.

Ак жоолук, жаш солдат, күтүлбөгөн жолугушуу (аңгемелер), bizdin.kg


Кыргыз