Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

КЫРГЫЗ БУЮМДАРЫ. Боз үй, Туш кийиз, Камчы

КЫРГЫЗ БУЮМДАРЫ.

Боз уй

Боз уй

Боз үй. Боз үй көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан жаралган, жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу.

Боз үйдүн ичинен төбөңдү карасаң, түндүгүнөн көк асманды, күндүз күндү, түнү айды көрөсүң. Сыртка чыксаң, кең дүйнө шарт ачылат. Чагылгандын чартылдаганын, шамалдын улуганын, дарыянын шоокумун, куштардын сайраганын даана угуп турасың. Боз үйдөн сырткы космос жана ички дүйнө менен бирге жашап жаткандай сезесиң, өзүңдү.

Кыргыздын боз үйүн жасоого кол өнөрчүлөрдүн бардык чеберлери — теричи, жыгач уста, темир уста, саймачы, оймочу, зергери, уздары катышкан. Кыргыздар боз үйдү күнүмдүк тиричиликке, сый-сөөлөткө жасашкан жана жоопкерчиликте урунушкан, анын түрлөрү көп.

Боз үйлөр чоң-кичинесине карата алтымыш баштан-жүз баш, эки жүз баш деп, керегенин башына карата бөлүнөт. Үйдүн ичи төр, улага, эр жак, эпчи жак деп төрткө бөлүнөт. Төргө кадырлуу меймандар, карыя аксакалдар, эпчи жакка казан-аяк кармаган аялдар, эр жакка эркектер, улагага кичүүлөр отурушат

Байыртан бери боз үйлөр жасалыш үлгүсү боюнча кыр­гыздын боз үйү жана калмак (моңгол) боз үйү болуп айырмаланган. Кыргыздардын боз үйүнүн керегеси кенен, ууктары узун, түндүгү бийик келет.

Кыргыз боз үйлөрүнүн жыгачтары негизинен талдан, түндүгү арчадан жасалат. Көлөмү боюнча төрт канат, алты канат, кээ бир ажолордун, байлардын ак өргөлөрү 30 канатка жеткен учурлары бар.

Боз үйдүн негизги жыгачтары — кереге, уук, босого таяк, түндүк, каалгадан турат. А дегенде кереге жайылып, аштарына уук учтугу менен чалып байланат. Босого таяк орнотот. Бакан менен түндүк көтөрүлөт, уук сайылат. Чий тартылган соң туурдук, үзүк, эшик тыш, түндүк жабуу жабылат.

Боз үй ичинде бүткүл кыргыздын байыртан берки тарыхы, тиричилиги, салты, маданияты, тили, дили, акылмандыгы, өнөрү, ой-акылы жатат. Анын баарын чечмелеп айтса өтө узак кеп.

Кыргыздын боз үйүндөгү ырым-жырымы күчтүү болгон: керегеге бутту артпаган, түндүктүн жибине артылбаган, босогону баспаган, түндүктү, баканды аттабаган, отко суу куюп өчүрбөгөн, чөмүч менен итке аш куйбаган, тулганы, сүттү теппеген, шамалды сөкпөгөн, дасторконду тетири салбаган, күйгөн отко түкүрбөгөн, жылдыз санабаган, эшикти тээп ачпаган, босогого туруп бой кербеген, үйдө ышкырбаган, үй айланып чуркабаган жана башка.

Боз үйдүн жыгачын ар түрдүү усталар жасашат. Ал өтө чеберчиликти, көп убакытты талап кылат. Боз үйдүн уук-керегесин, босого таягын узанган чеберди «уукчу», «керегечи», түндүк жасаганды «түндүкчү» дешет.

Кыргыздар жакшылык айтканда «түндүгүңдөн түтүн үзүлбөсүн», «чамгарагың көтөрүлсүн, очогуң өчпөсүн», «отуң өчпөсүн», «түндүгуң бийик, керегең бек болсун», «коломтоң сапырылбасын», суук кабарды билгизгенде «келе бакан, куу союл», «чаначтай көөп», «карды чанач», «чылгый чаначтай ийле», каргыш айтканда «түндүгүң түшсүн», «чыгдандын ары жагында кал» деген сөздөрдү айтышкан.

Эл оозунда боз үйдүн жабдыктары символ катары колдонулган, мисалы адамга баа бергенде «ууктай узун», «кере­геси май болду», «бакандай азамат», «чийдин түбүн тешкен жигит» дешсе, кээде макал-лакап түрүндө «уугум сага айтам, уулум сен ук, керегем сага айтам, келиним сен ук», «чыккан кыз чийден тышкары», «кызы бар үй — кымызы бар саба» деп айтышкан.

Боз үйдүн ичи. Боз үйдүн так ортосу – коломто, ага казан асылат. Төр – үй­дүн эшикке карама-каршы тушу. Анда жүк жыйылып, ала кийиз, өрө кийиз, шырдак, көлдөлөң, төшөк салынат. Жүктүн эки жагына текче илинет.

Эпчи жак – үйдүн кире беришиндеги оң тарабы. Ага ала бакан орнотуп, ашкананы чий менен калап, тамак-аш, идиш-аяк сакталган. Аяк кап, чыны кап илинген.

Эр жагы – үйдүн сол тарабы. Анда эркектердин кийими, куралы, ат жабдык жана башка буюмдары коюлган.

Улага – үйдүн кире бериши. Ага, адатта, отун жыйып, ээр-токум коюлган. Боз үйгө туш кийиз, көшөгө тартуу – эзелтеден берки салт.

кийиз

кийиз

Туш кийиз. Туштук, туш кийиз, туш туурдук – боз үйдүн керегесине, там үйдүн дубалына тартуу учун саймаланган кооздук буюм. Туш кийиздин узундугу 2,5 – 3 метрдей, туурасы 1,5-2 метрдей, четинин эни 40-50 сантиметрдей болот. Адегенде туш кийизди кийизге оюу-чийуу, көчөт түшүрүп жасаган, чети кундуз менен көбөлөнгөн. Баш жагына шуру, бермет, акак таштар бастырылган.

Кийин тукаба, парча сыяктуу кездемеден жасала                                             баштаган. Анын ич жагы астарланат (ичтелет), жээги саймаланбай кара, кызыл түстөгү калың материал менен 5-7 сантиметрдей жээктелип, ийрек же ромб формасындагы  кош тигиш менен шырылат. Чети чий баркыттан, макмалдан жасалып, бетине көчөт түшүрүлөт.

Туш кийиздин ортосу четинин өңүнө карата тандалат.Чети кандай материалдан болсо, ошол эле материалдан анын дал ортосуна (кээде эки бурчуна да) тумарча орнотулган. Туш кийиздин четине жарым бадам, жарым кыял, бармак боочу өңдүү оюмдар сайылат. Туш кийиздин четки саймасы менен ортолук саймасын ала мончок оюму менен сайылган эндүү жээк бөлүп турат.

Көркөм көчөттөрдү бири-биринен ак, сары жана башка жиптер менен сайылган суусу, ала мончогу айырмалайт. Алар бутактанып кетет. Туш кийизде кыял оюму кенен колдонулат. Туш кийиз боз үйдү кооздоп гана турбастан, суукту да тоскон.

Ала кийиз – колдонмо кол өнөрчүлүктүн бир тармагы. Түр салынып жасалган кийизди ала кийиз деп аташкан. Ал кара койдун жүнүнөн жасалат. Сабалгандан кийинки майда тытылган жүн чийдин үстүнө текши төшөлүп, калың, жука жерлери текшиленип чабакталат. Түрүлүп түйдөктөлгөн жүндөн түр (сайма, кеште) салынат. Түр салынган жактары бузулбас үчүн четинен этияттык менен түрүп турат. Түр са­лынган жүнгө ысык суу себилип чий менен кошо оролот; анын эки башына кап же башка нерсе кийгизишет. Оролгон чий сыртынан жип менен бекем чырмалып, аны аласалдырып тебе башташат.

Жүнү кирген кийиз чийден этияттык менен чыгарылып, түрүлөт.  Оңду-солду басылат. Бышырылганда гана ала кийиз бүттү деп эсептелет. Ала кийизди аялдар жасайт, тебүү жана сүйрөө иштерине эркектер катышат.

Шырдак, шырдамал – кийизден жасалып, жерге салынуучу үй буюму. Бети эки бөлүктөн – ортосу же негизи (узундугу 2-2,5 метр, орточо) жана четинен (25-35 сантиметр) турат да, кыюусу (6-10 сантиметр), жээги (0,5-1,0 сантиметр) болот.

Шырдак жасоо үчүн кийиз жасалат. Шырдактын бети болуучу ак кийиз ар кыл түскө боёлот. Андан шырдактын бөлүктөрү бычылат, ар бирине оймо түшүрүлүп, оюлат. Оюлган кийиздин бири оймо, экинчиси бет болот. Булар бири-бирине кынаштырылып жөрмөлгөндөн кийин, ортоңку бөлүгү менен четки бөлүгү кыюу аркылуу бириктирилет да, ичилиги ичтелип, шоона менен шырылат.

Оң-сол ийрилип, чыйратылган түстүү жиптен жөрмөп бириктирилген сызыгы боюнча оюулардын үстүнөн ызгыт (милте) бастырылып жөрмөлөт. Шырдактын айлана четине ак, кара кийизден каршы-терши иймек бастырылат. Шыр­дактын ортосуна чоң оймолор, четине, кыюусуна кичирээк оймолор түшүрүлөт.

Шырдактын жасалышында жергиликтүү өзгөчөлүктөргө карата айырмалангандыктан, анын аты ар кайсы жерде ар башкача аталат: шырымал, төрбөлжүн, оймо теке, ободо, түр кийиз жана башка.

Өлчөмүнө карай чоң шырдак (420×180 см), орто шырдак (330×150 см), кичине шырдак (250×100 см) болуп бөлүнөт.

Көөкөр – тиричиликте колдонуучу идиштин түрү. Аны төөнүн, же үйдүн терисинин калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып бычышат. Шар сууга казык аркылуу байланган чылгый терини улпак салып же жарма куюп ороп койсо, жүнү тез эле жыдыйт. Төөнүн териси күрөк менен челденет. Челденген тери шибеге, же темене менен тигилет. Көөкөргө кумдуу топуракты шыкайт. Идиш­тин ийини, мойну, булуң-бурчтары атайын ийри шиш аркы­луу көркүнө келтирилет. Шыкалган топурак тоборсугандан кийин оюм-чийим түшүрүлөт. Кээде көөкөрдүн булуң-бурчтарына, ийнине, моюнуна күмүш, жез чегилет. Ага түшкөн шөкөттөрдүн формасы ар кандай. Көөкөрдүн кепкегине алтын-күмүш чөгөрүлүп, жезден чагарак салынган. Көөкөр ар кыл формада жасалган.

Чанач – эчкинин туюк сыйрылган терисинен жасалган идиш. Чаначка кымыз, айран, жарма жана башка суюк тамактар куюлат. Ал кол чанач, серке чанач, эркеч чанач, чоң чанач деп бөлүнөт.

Чанач жасоонун ыкмасы: тери 1-2 күн чие чөбүнүн суусуна чылангандан кийин ичи-сырты малдын майы менен майланып ийленет, жарым айдан кем эмес мөөнөттө ышталат. Ышы кеткенден кийин өңүн кызартуу учун ага айран толтуруп, белгилүү убакыт күнгө кармашып, сууга чайкашат.

Чаначтын бучкактары жана түбү чыйратылган жиптен же тарамыштан милте (жээк) коюлуп тигилет. Тамактын даамын сактоо үчүн чаначты майлап жана ыштап турушкан.

Челек - үй тиричилигинде пайдаланылуучу идиш. Ага көбүнчө суюк нерселер куюлат. Арча, кайың, карагайдан жасалган. Керектуу жыгач кыйылып, кургатылып, өз-өзүнчө чабакталып, челекке мүнөздүү формада кынапталат да, калай, жез, жукартылган тал менен курчап бириктирилген.

Жоон жыгачтын ичин оюп бал челек жасалган. Челектин капкагы болот. Куйган тамак-аштын даамы бузулбай сакталыш үчүн аны тез-тез ыштап, малдын майы менен майлап турушкан.

Чөйчөк – жыгач идиштин бир түрү. Ал арча, кайың, карагай, тал, өрүк, жаңгак, алча, алма жыгачынан жасалат. Жасалыш ыкмасына карай чапма чөйчөк (чабылат), кырма чөйчөк (кырылат) болуп экиге бөлүнөт. Чөйчөк колдонууда жарылып кетпес үчүн ичин май, каймак менен шыбап, жалынга кайрып алышкан. Кээде ыштап коюшкан.

Жаргылчак – дандан талкан, угут тартуу учун беттеме таштан жасалган кол тегирмен. Жаргылчактын астьңкы жалпак ташы тегеренбей, анын так ортосундагы көзөнөгүнө кагылган катуу жыгач же темир шимеги болот. Шимек жаргылчактын үстүнкү ташынын ортосуна кирип, аны бир окто айлантып турат. Тартылуучу дан шимектүү көзөнөккө ууч менен салынат. Жаргылчак үстуңкү бетинин бир жак четиндеги көзөнөгүнө кагылган жыгач туткасы аркылуу кол менен айландырылат. Жаргылчакты аялдар жана балдар тарткан.

Кумган – металлдан (жез, коло, чоюн) куюлуп жасалган идиш. Түп жагы курсактуу, ичке моюндуу, туткалуу, чорголуу, капкактуу болгон. Чай кайнатуу, колго суу куюу, даарат алуу үчүн керектелген.

Куржун – терме же жөнөкөй таардан, килемден ортосу бириктирилип, артынып жүрүүгө ыңгайланып жасалган эки көздүү баштык. Кыргыз буюмдарынын бири Куржундун ар бир көзү (баштыгы) 50×50 см, бүт чети же бурчтары чачыланып кооздолот, ооздору туюк үч бүчүлөр менен бекитүүгө ыңгайланат.

Камчы – унааны, малды айдоо учун колдонулуучу буюм.Камчы зарыл учурларда куралдын да милдетин аткарган. Саптан, камчынын өрүмүнөн, бүлдүргөдөн турат. Сап табылгы, ыргай, четин, кайыңдан жана эликтин шыйрагынан (туягы менен кошо) жасалат.

Камчылар эркектики жана аялдыкы болуп шарттуу түрдө экиге бөлүнөт.

Камчынын кармай турган жерине булгаары каптап, кооздук үчүн төкмө чачы тагылат. Анын төмөн жагына камчы колдон түшпөс үчүн камыштан илгич – бүлдүргө бекитилет. Камчынын өрүмүнүн башына калай кадалат. Өрүмү жанбас үчүн өрүмдүн башынан, ортосунан, учунан түшкөн түйүмү түйүлөт. Өрүмдүн терме, суйсалма, жылан боор, котур, музоо тиш, бугу жана башка түрлүрү бар.

«Эл таануу» китебинен


Кыргыз