Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

КОМУЗ КАНДАЙЧА ПАЙДА БОЛГОН? (уламыш)

КОМУЗ КАНДАЙЧА ПАЙДА БОЛГОН? (уламыш)

Илгери-илгери жер үстүндө хан болгон экен. Ал элин эзип, мөгдүрөтүп келгендиктен, эл аны кара мүртөз, зордукчул, канкор хан деп аташкан экен. Элдин каргышы, кайгы муңу жеткенби, айтор, хан баласыз болуптур. Кудайга жалынып жатып карыганда жалгыз перзенттүү болгон имиш. Жалгыз перзенти чоңоюп эр жеткен соң, зулум хан жигиттерди тандап берет. Хандын уулу кайда жүрбөсүн, аны баягы нөкөрлөр коштоп жүрөт.

Күндөрдүн биринде хандын уулу аңчылыкка кетет. Ой-тоону кыдырып, токойлорду аралап, эч нерсе жолукпай, ка­мыш аралап келе жатса, алдынан күрүлдөп эне жолборс чы­гат. Ал өзүнүн балдарын коргоп, алардын алдынан айбаттуу чыккан эле. Жолборстун күрүлдөгөн айбатынан жанындагы нөкөрлөр качып жөнөшөт. Хандын уулу жебесин алганча болбой, жолборс аны чапчып өтөт. Хандын уулунун өлгөнүн көрүп, жигиттердин үрөйү учат.

Күндөр өттү. Хан уулун күттү, бирок уулу кайрылып келбеди. Ошондо хан жар чакырып:

- Кимде ким менин көзүм, мурасым, жалгызым жөнүндө жаман кабар алып келсе, коргошунду эритип, оозуна куям. Уулумду таап бергиле, – дейт.

Жарчылардын үнүн угуп, нөкөрлөрү эмне кылар айласын таппай, жер кезип кетишет. Тоо этегинде турган жалгыз алачыкта Аалы деген зергер жашоочу. Ал уста гана болбостон, акылман да болгон экен. Жигиттер Аалыга келип, болгон окуяны айтып берип, өлүмдөн куткаруусун өтүнүшөт. Аалы аларды тамактандырып, эс алуусун өтөнөт. Ал түнү бою жыгачты жонуп, кандайдыр бир чөйчөк сыяктуу нерсе жасап, ага узун, ичке кылдарды тагат. Андан соң ойното баштаса, андан нечен сонун үндөр жаңырып чыга баштайт. Ал бирде ырдап, бирде ыйлап жатты. Аалы таңата жигиттерди ойготуп, ханга келет. Хан алардын жаман кабар алып келгенин байкайт. Аалы ханга таазим этип, баягы куралда кол ойно­то баштады. Ал курал чымчыктардын сайраганын, суунун шылдырап агышын, ымыркайдын күлкүсүн сүйлөп берип жатты. Хандын жарпы жазыла магдырап жыргап укту.

Аңгыча баягы жайдары күлкүнү ырылдаган үн бузуп кетти да, ага удаа «апа» деп жардам сураган аянычтуу үн чыгып, заматта жок боло түштү. Хандын көңүлү айнып, айкырыкты салып, жалгыз мурасчысынан ажыраганына ишенбей, тилсиз жоону жок кылууга шашты. Жулунган нөкөрлөр заматта Аалынын колундагы куралды жулуп алып, эритилген коргошунду куя баштады. Бирок курал бирде ыйлап, бирде ырдап окуяны баяндап жатты. Бул курал Аалы зергер жасаган, атадан – балага кылым улап жашап келе жаткан улуу комуз эле.

«Эл таануу» китебинен


Кыргыз