Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Мүйүз уста

Мүйүз уста

Мүйүз уста (мүйүзчү)—малдын жана кайберендердин мүйүздөрүнөн ар кандай буюмдарды жасоочу чебер. Мүйүзчүлүк—элдик көркөм өнөрчүлүктүн бир түрү. Мурунку кезде мүйүздөн, сөөктөн чач тарак, чакча, ат тушамыш (чидер) менен  желенин тээги, камчынын, бычактын сабын, түндүктүн чамгарагын, абалак, кыз-келиндердин кооз буюмдары, куту, балдак, уй менен топоздун мүйүзүнөн картык, наштар деген аспаптар жасалган. Жото жиликтен бешиктеги балага шимек көзөлгөн. Айрым буюмдарга оюм-чийим түшүрүлүп, күмүш, жез, алтын менен шөкөттөлгөн.

Мыскал тараза – асыл заттарды өлчөөчү буюм. Мыскал—өтө так өлчөм, өтө майда ченем деген түшүнүктү берет. Ал кадимки аптека таразасынан да кичине келет. Ага алтын, күмүш, себет, жез, ыроо (коргошун), коло, мисалы, данакер өңдүү заттар кылдат өлчөнөт. Аны зергерлер күмүш тараза деп аташат.

Оймок—уздардын учуктуу ийнени жердикке өткөзүүнү жеңилдетүүчү куралы. Оймок көбүнчө металлдар (темир, жез, күмүш) жасалат. Жасалыш ыкмасына жараша туюк оймок, тамандуу оймок деп бөлүнөт. Адатта оймокко түрдүү жип менен кооз боо чалынып, учу чачыланып тигүүчүнүн сөөмөйүнө, ортонуна же атыжогуна кийгизилет. Элдик усталар оймокту көбүнчө жезден кооздоп жасашат. Мүйүз оймок да болот. Ал мүйүздүн катуу жеринен тандалат да , формасы металл оймоктордукундай болот. Таманынын тегерек кырбысынан көзчө салынып кооздолот.

Окчонтой—саадактын окторун салып жүрүүчү баштыкча. Демейде булгаарыдан, кайыштан, шириден капкактуу жасалган. Эки жеринен курга бекилип, ичине ок-дары салынат. Окчонтой оозу чаптырмалуу же сыдырмалуу болот.


Кыргыз