Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Карамолдо Орозов

Карамолдо Орозов

Карамолдо Орозов (өз аты Токтомамбет; 1883-жылы азыркы Ысык-Көл районунун Корумду айылында туулуп,1960-жылы ошол эле жерде дүйнөдөн өткөн.Ал залкар комузчу- аткаруучу жана күүчү катары таанылган. 1935-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти болгон. 1939-жылы Москвада өткөн бүткүл союздук элдик аспаптарда ойноочулардын лауреаты аталган. 1928-жылы Бишкекке чакырылган. Ошондо анын ЗОдай күүсүн А.В. Затаевич нотага түшүргөн. 1931-36-жылдары. Кыргыз музыкалык драма театрынын, 1936-54-жылдары кыргыз филормониясынын артисти ал эми 1958-60-жылдары М. Күренкеев атындагы окуу жайынын кыргыз Эл аспаптар бөлүмүндө сабак берген. Кыргыз искусствосунун (1939), Москвада өткөн он күндүктөрүнө, 1942-44-ж. Орто Азия республикасынын жана Казакстандын Фрунзеде, Ташкенде өткөн музыкалык декадасына катышкан.1951-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Элдин турмушун баяндаган «Сынган Бугу»,»Көкөй» кести», «Такмаза»,  «Жөө калды», «Насыйкат», «Ибарат», «Дүнүйө» ж.б.күүлөрдү чыгарган. Өзү жашаган советтик темага  « Шайыр камбаркан», «Колхоз камбарканы» ж.б. күүлөрдү жараткан. 1961-ж 25-февралында Т. Сатылганов атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү Кыргыз мамлекеттик Филармониясынын Эл аспаптар оркестрине жана Нарын шаарындагы музыкалык мектепке , Корумду айылындагы орто мектепке, көчөгө ысымы берилген. Музыка изилдөөчү Б.Алагушов мектепке Карамолдонун музейин ачкан, «Карамолдо»(1962ж) «Карамолдонун күүлөрү» (1977ж) аттуу китептерди жазган.


Кыргыз