Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Инди океаны

Инди океаны

Инди океаны- чоңдугу боюнча жер шаарында 3-орунда турат. Океандын көпчүлүк бөлүгү чыгыш жарым шарда жайгашкан. Түндүгүнөн Эвразия, батышынан Африка, чыгышынан Австралия  аралдары, түштүгүнөн Антрактида менен чектешет.

Инди океанында аралдар азыраак. Алардын чоңдору материк тибиндеги Мадагаскар Шри-Ланка , Сокотро аралдары жээктерге жакын жайгашкан. Океандын ачык бөлүгүндө жана тоолуу аралдар, Маскарен-Крозе, Принц-Эдуард  орун алган.

Окаенды изилдөө тарыхы үч этапка бөлүнөт. Алгачкы этап Индия Египеттин жана Финикиялык деңиз саякатчыларынын 1-сүзүүлөрүнөн башталат. Инди океанынын жаратылышы жөнүндөгү маалыматтар Васко до Гама 1497-1499-жылдары сүзгөн мезгилинен баштап топтоло баштаган.

Изилдөөнүн 2-этабында (1772-1873-ж.) океанда суунун тереңдигин изилдөөнү биринчи жолу Англиялык саякатчы Джеймс Кук жүргүзгөн. Ал океандын 71 % и түштүк кеңдигине чейин жеткен. Кийинчерээк аны О. Коцебу, Паллан ж.б. башкарган экспедициялар 1858-59-жылдары уланткан.

Үчүнчү этапка 1873-жылдан азыркы мезгилге чейинки убакыт кирет. Бул этапта уюштурулган атайын экспедициялар комплекстүү океанографиялык изилдөөлөрдү аткарган. Мындай изилдөөлөрдү 1960-жылдарга чейин англичандар «Челленджер», орустар «Витязь», немецтер «Гаусс» кемелери менен жүргүзүп келишкен.

Ал эми 1965-жылдардан баштап көптөгөн өлкөлөрдүн илимий изилдөө кемелери менен эл аралык Инди океандык экспедиция уюштурулган. Алардын ичинде «М.Ломоносов», «Океан» ж.б. кемелери да бар эле. Ал илимий экспедиция океандын жаратылышы, ресурстары боюнча баалуу маалыматтарды чогулткан.


Кыргыз