Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Нарын шаары

Нарын – Нарын облусу менен Нарын районун борбору, шаар (1927-жылдан); Ички Теңиртоо аймагындагы жол тоому. Бишкек шаарынан 365 км, Балыкчы т. ж. бекетинен 180 км. Ортоңку Нарын өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Нарындын (аты да ошондон) боюнда Аламышык жана Нарын кырка тоолорунун түн. этегинде, Бишкек–Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 2024 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 5040 га, калкы 40,9 миң (2000). Шаар жайгашкан жеринин бети тектирлүү, батышка карай жантайыңкы. Шаар аймагынын чыгыш жагы гана дарыянын оң жээгине өтөт.

Шаарды түштүктөн Нарын жана Аламышык тоолору курчап турат. Шаардын түн. тарабы чаптуу келип, дарыянын оң жээгине бийик, тик кемерлүү жар болуп түшөт. Нарын д. кууш өрөөндүн түн. чети аркылуу тик кемерлердин түбүн бойлой шар агат. Шаар суунун деңгээлинен 5–6 м бийик жаткан тектирде жайгашкан. Өрөөндүн таманынын жазылыгы 300–500 мдей, батышка бир аз кеңейет. Нарын д-нын кууш аскаташтуу нугуна (шаардын чыгыш четинде) 1868-ж. салынган көпүрөнүн батыш жагындагы чаптуу дөбөлөрдүн этегинен сууну көздөй эңиштеп кеткен түздүк чыгышты карай созулат. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –17,1°С, эң төмөнкү темп-ра –38°С. Июлдун орт. темпрасы 17,2°С, эң жогоркусу 37°С. Кышы ызгаардуу, узак, жайы негизинен мелүүн, кургак. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм, анын 71%и апрель–октябрь айларында түшөт. Топурагы ачык куба күрөң жана кара коңур. Шыбак-бетегелүү, чий жана эфемер өсүмдүктүү кургак талаа жана талаа ландшафттуу. Азыр алар антропогендик ландшафтка айланууда. Тоо капталдарында сейрек карагай, алтыгана, табылгы, төөкуйрук, түркүн чөп өсүмдүктөрү өсөт.К а л к ы (1939-ж. – 4,5 миң, 1970-ж. – 21,1 миң, 1980-ж. – 32,0 миң, 2000-ж. 40,9 миң киши) көп улуттуу, негизинен кыргыз (88%), андан тышкары орус (6,5%), өзбек (1,2%) уйгур, (0,7%), дуңган (0,6%), украин (0,5%) ж. б. улуттар жашайт.

Эмгекке жарамдуу калктын 85%и негизинен ө. жда, курулушта, соода-сатыкта, райондук, облустук деңгээлдеги кызматтарда, үй  кызматында, көмөкчү чарбаларда ж. б. иштешет. Наарын тарыхый маалыматтар боюнча Жетисуудан Кашкарга (Кытай) кетүүчү соода жолундагы кокондуктардын чеби катары 19-к-дын 30-жылдарында негизделген. Чеп 1867-ж. кокондуктардан бошотулуп, ал жерге казак-орус аскер кошуунунан турган гарнизон жайгаштырылып, казарма курулган. Ал гарнизон Бишкек–Нарын–Торугарт соода жолундагы Нарын д-на салынган (1868-ж.) көпүрөнү, Нарынтоодогу ашууларды кайтарган. Чептин жанында чакан айыл пайда болуп, анда жашаган татар, өзбек, дуңгандар жергиликтүү кыргыздар менен соода сатык жүргүзгөн. 1903-ж. анда 875 адам (а. и. 391 орус, 230 өзбек, 64 кыргыз ж. б.) жашаган. Айыл Кашкар тарапка товар жөнөтүүгө ыңгайлуу пункт болгон. Нарын бажыканасы аркылуу жылына 5 миңге жакын жүргүнчү өтүп турган. Калкынын бир бөлүгү мал багып, мал чарба продуктуларын (жүн, тери, кийиз ж. б.) Фергана өрөөнүнө кол өнөрчүлүк аспаптарга ж. б. алмашып турган. 1913-ж. мында 1500 киши жашаган, 139 соода пункту 300 миң сомдук соода-сатык иштерин жүргүзгөн. Соодагерлерди тейлөөчү 3 кербен сарай, бажыкана, бир нече чайкана болгон. Бут кийим, кийим тигүүчү, шайман оңдоочу 5 кустардык жөнөкөй мастерской иштеген. Чиркөө, мечит, почта, лазарет, башталгыч окуу жайы (12 бала окуган) болгон. Шаарда Совет бийлиги 1918-ж. орногон. Граждандык согуш маалында шаарда баш калкалашкан ак гвардиячылар 1920-ж. ноябрда революцияга каршы козголоң чыгарган. Козголоңду Бишкек, Токмок, Караколдон келген отряд менен Түркстан полкунун аскерлери баскан. Шаар 1918-жылдан уездин, 1926-жылдан кантондун, 1939-жылдан облустун борбору. Наарын ш-нын э к о н о м и к а с ы н ы н негизин ө. ж., транспорт жана байланыш, курулуш, коммуналык турак жай чарбасы, турмуш тиричилик жактан тейлөө, соода жана коомдук тамактануу тармактары түзөт. Анда өндүрүштүк жана социалдык жактан тейлөөчү тармактардын мекемеишканаларынын көбү жайгашкан.

Нарын ш-нын жайгашкан жеринин деңиз деңг. бийиктиги, климаттык шартынын татаалдыгы, респ-нын борбору Бишкектен алыстыгы, т. ж. транспортунун жоктугу, шаардын экон. жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген. Натыйжада шаардын экон. жактан өнүгүү деңгээли Кыргыз Респ-нын башка облустарынын борборлорунан, о. эле көп шаарлардан салыштырмалуу бир топ төмөн турат. 1991-жылдан баштап респ-нын бардык региондорунда, о. эле Нарын ш-нда өндүрүштү жана тейлөө тармактарын рыноктук экономика шартына өткөрүү максатында кыйла реформалык иштер жүргүзүлүүдө. Ошого байланыштуу Н. шнын чарба жүргүзүү тармактарында структуралык көп өзгөрүүлөр болуп, менчиктин түрдүү формасындагы ишканалар жана мекемелер пайда болду.

Шаарда 194 чакан ишкана, 3 кооператив, 20 акционердик коом, чет өлкөлүктөр менен бирге уюштурулган 4 орток ишкана жана 1076 жеке ишкерлер болгон. Алар ар кандай менчик түрүнө кирет жана ө. ж. өндүрүштөрүндө, курулуш, транспорт жана байланышта, о. эле соодада ж. б. тейлөө тармактарында иштейт. Өнөр жайы өндүргөн продукциянын көлөмү боюнча Н. ш. респ-дагы 21 ш-дын ичинен 15-орунда турат. Ошого карабастан облустагы өндүрүштүк ишканалардын көбү Н. ш-нда жайгашкан. Анда 13 ө. ж. ишканасы (облуста бардыгы 20 ишкана) болгон. Ошондой эле шаарда менчик, 47 чакан, 4 чет өлкөлөр менен ортоктош ишканалар, облустук ө. ж. өндүрүштүк кооперация бирикмеси жана миңден ашык жеке ишкерлер ө. ж. өндүрүш багытында иштешет. Бардык ө. ж. ишканалары 53,8 млн сомдук продукция өндүргөн. Бул көрсөткүч облуста өндүрүлгөн ө. ж. продукциясынын 63%ин жана респ-дагы ө. ж. өндүрүшүнүн болгону 0,5%ин түзгөн. Шаардын негизги ө. ж. продукциясын айыл чарба сырьёлорун кайра иштеп чыгаруучу тамак-аш, ун-акшак жана аралаш тоют ө. ж. тармактары берет. Алардан башка жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен иштеген ө. ж-лардан электр энергетика жана алтын казып алуу тармактары бар. Ушул тармактардын ишканалары шаардын ө. ж-нын негизги тармактык структурасын түзөт. Бул тармактар облустун жалпы ө. ж. продукция көлөмүнүн 52%тен ашыгын өндүрөт.

Наарын шаарынын салыштырмалуу ири ө. ж. ишканалары: Атбашы ГЭСи, «Даназык» мамл. акционердик коому, «Солтонсары» алтын кени, эт комбинаты, «Башат» акционердик коому (кийим тигүү фабрикасы). Өнөр жай ишканалары өндүргөн негизги продукциялары: электр энергиясы (2002ж. 140,0 млн кВт•с), курама темирбетон (7,8 м3), тигилүү кийимдер (8147 миң даана), эт (27 т), колбаса(4 т), ун (2973 т), нан жана нан азыктары (476,3 т), кондитер азыктары (4,6 т) ж. б. Ө. ж-да өндүрүлгөн продукциялардын дээрлик бардыгы (алтын концентратынан башкасы) шаар менен Нарын облусунун ички базарында сатылып, жергиликтүү калктын керектөөлөрүн камсыз кылууга гана жумшалат. Ошондуктан, шаарда өндүрүлгөн ө. ж. продукцияларынын респ-нын экон-на кошкон салымы кыйла төмөн. 1996-ж. Н. ш-нын ишканалары респ-да өндүрүлгөн электр энергиясынын болгону 1%ин, курама темирбетондун 0,2%ин, кондитер азыктарынын 0,8%ин гана өндүргөн. Н. ш-нын ө. ж. өндүрүшүнүн көбү бир же эки ишканадан турган 9 өндүрүш тармагына бөлүнөт. Алар: электр энергетика, алтын казуу, машина куруу, курулуш материалдарын чыгаруу, токой жана жыгаччылык, жеңил, тамак-аш, ун тартуу, жем чыгаруу. Электр энергетика тармагы Атбашы ГЭСи менен электр энергиясын таркатуучу мекемеден турат. Алар бириктирилип, Нарын электр тармактар ишканасы деп аталат.

«Кыргызавтосервис» мамл. акционердик коому негизинен автомобилдерди оңдоо, тех. жактан тейлөө жумуштарын аткарат. Анда 1996-ж. 10 адам эмгектенип, 39,2 миң сомдук кызмат аткарган. Курулуш материалдар ө. ж. тармагынын негизги ишканасы – «Мунара» акционердик коому. Андан башка 5 чакан ишкана курулуш материал чыгарат. Бул тармакта 59 адам иштеп, жылына 381,8 миң сомдук (4%) курулуш материал даярдайт. Жеңил өнөр жайынан кийим тигүүчү бир ишкана – «Башат» акционердик коомунда 179 адам иштеп, жылына 28,8 миң сомдук (2%) кийим-кече тигилген. Жеңил ө. ж. буюмдарын, айрыкча тебетей, калпактарды ж. б. жасап сатууда жеке менчик пункттар, цехтер иштейт. «Улук-Нан», «Нарын сүт комбинаты» мамл. акционердик коому жана «Нарын эт комбинаты» тамак-аш продукцияларын чыгарган. Бул ишканаларда 200дөй адам иштеп (облустун ө. ж-да иштегендердин 62%и), 2,9 млн сомдук (10%) азык-түлүк чыгарган. Шаарда 3 чакан ишкана азыктүлүк (нан жана нан азыктары, өсүмдүк майы) чыгарат. Ун-акшак жана аралаш тоют даярдоочу ө. ж. тармагынын шаардагы ири ишканасы – «Даназык» мамл. акционердик коому. Анын облустун ө. ж-ндагы үлүшү: иштеген адамдардын саны боюнча 3%ти, продукциянын көлөмү боюнча 12%ти түзгөн. Шаарда басмакана иштейт. Шаардын калган ө. ж. ишканаларында 1259 адам иштеп, 42793 миң сомдук продукция чыгарылган. Алардын негизгиси суу түтүктөрүн орнотуу ишканасы.

Шаар «Нарын» эркин экономикалык аймагынын да борбору (1993-жылдан). Н. ш. облустун негизги жол тоому катары облустан райондорун бирдиктүү эл чарба комплексине бириктирип, Кыргндын башка аймактары, а. и. ири ө. ж-луу борборлору менен байланышып турат. Анда автомобиль жолунун мааниси зор. Алгачкы автомобиль Нарынга 1937-жылы келген. Автомобиль жолу аркылуу Н. ш. Облустун бардык айыл-кыштактары менен байланышат. Эң ири автомобиль жолдору: респ. маанидеги Нарын–Балыкчы, эл аралык маанидеги Нарын–Торугарт–Кашкар (Кытай). Балыкчы ш. аркылуу респнын борбору Бишкекке (дайыма) жана Каракол ш-на автобус каттайт. Автобустун шаар аралык (Нарын–Атбашы, Нарын– Баетов, Нарын–Казарман, Нарын– Жеркөчкү) 4, шаар айланасы (Нарын– Учкун, Нарын–Эмгекчил ж. б.) боюнча 20 маршруту иштеп, ал маршруттарда 1996-ж. 1772,5 миң жүргүнчү ташылган. Шаар айланасына жана шаарда жүргүнчүлөрдү автобус, троллейбус, 1994-жылдан таксилер ташыйт. Шаардык автовокзал 1968-жылдан иштейт.

Нарынга алгачкы самолёт 1946жылы келип конгон. Ошол жылдан авиация Бишкек–Нарын маршруту боюнча почта, кийинчерээк жүргүнчү ташый баштаган. 1990-жылга чейин аба жолу аркылуу Н. респ-канын борбору Бишкек, о. эле Ош, Чолпоната, Каракол ш-лары, айрым айыл-кыштактар менен байланышып турган. 1954-жылдан «Нарын» аэропорту иштейт. Электр байланышы (Телекомуникация). Телефон жана телеграф байланышы шаарда 1936-ж. почта-телеграф контрасына алгачкы Бленкер (МБ) коммутатору орнотулгандан кийин иштей баштаган. Азыр шаарда 4 АТС (абоненттик номери 5800) иштейт. Шаарда 1246 мекемеишканаларга, 3676 менчик үйлөргө телефон аппараты орнотулган; 46 телефакс иштейт. Нарын электр тармактар району 1971-ж. негизделген. Негизинен Н. ш-н электр энергиясы менен камсыз кылат. Чыңалуусу 10/04 кВ трансформатордук көмөк станцияларды (подстанция) оңдойт, ишке киргизет. Уз. 109,7 км (чыңалуусу 10 кВ), 23,8 км (10 кВ), 159,3 км (0,4 кВ) электр линияларын, 268 трансформатордук көмөк станцияны ж. б. тейлейт. Жергиликтүү кеңешке караштуу турак жай фондусунун жалпы аянты 54870 м2. Суу түтүгүнүн уз. 71,3 км. Суу тазалоочу курулмасы суткасына 6,4 миң м3 ыплас сууну тазалайт. Жылуулук берүү тармагынын уз. 10,9 км. От жагуу мезгилинде 20 миң Гкал жылуулук берет.

Шаарда 100 орундуу мончо, жуугуч жай (кабыл алуу пункту менен), 2 мейманкана бар. 30га жакын чекене соода ишканалары иштейт. 2002/03-окуу жылында шаарда билим берүүчү мектеп иштеп, анда 12625 окуучу окуйт. 5 бала бакчада 564 бала тарбияланган. 1993-жылдан мектеп-лицей (560 окуучу), 1994-жылдан кыргыз-түрк лицей мектеби (380 окуучу) иштейт. 1996-ж. Нарын мамл. ун-тети ачылган; медициналык окуу жайы бар. Нарында Нарын райондук борб. оорукана (75 орундуу, 4 бөлүмү, лабораториясы, физиодарылоо, тез жардам кызматы бар), шаардык, 1 облустук бейтапкана, диспансер (облустук оорукана, облустук балдар ооруканасы, кургак учук оорусун дарылоо диспансери ж. б.) стоматологиялык поликлиника, 3 санитардыкэпидемиологиялык станция, 4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеген. Шаардын калкы телеберүүлөрдүн 4 программасын (Коомдук Орусия телекөрсөтүүлөрү, «Вести», Кыргызтелекөрсөтүүлөрү, «Пирамида») көрөт. Жергиликтүү «Нарын-ТВ», «Аян» эркин телестудиялары иштейт. Алар шаардын калкына (о. эле облуска да) жумасына бир жолу телекөрсөтүү уюштурат. Муз. драма театры, 10 китепкана, 2 клуб, музей, муз. мектеп, жалпы аянты 33 га 4 саябак («Жеңиш», «Алмабак», «Нарын шаарынын 70 жылдыгы», «Борбордук») бар. Нарында облустук «Теңиртоо» жана райондук «Жибекжолу» гезиттери чыгат. Э. Жолочиева, К. Нарынбек уулу, А. Мырзаев

KyrgyzInfo.Ru – Кыргыз элинин чыгармачылык байлыгы.


Кыргыз