Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Нарын облусу

Нарын Облусу - Кыргызстандын борбордук жана түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Алгач «Тянь-Шань облусу» деген ат менен 1939-ж. 21-ноябрда уюшулган. 1962-ж. 30-декабрда жоюлуп, респга баш ийген райондор болуп калган. 1970-ж. 11-декабрда Нарын облусу деген ат менен кайра уюшулган. 1988-ж. 5-октябрда Ысыккөл облусуна биригип, 1990-ж. 14-декабрда бөлүнүп, азыркы Нарын облусу кайра уюшулган. Чыгышынан Ысыккөл, түндүгүнөн Чүй, батышынан Жалалабат жана Ош облустары, түштүгүнөн Кытай менен чектешет. Аянты 45,2 миң  км2 (Кыргызстандын аймагынын 1 ден 4 бөлүгү). Калкы 257,9 миң (2002-ж-дын башында; республиканын калкынын 5,2%ин түзөт). Курамында 5 район (Акталаа, Атбашы, Жумгал, Кочкор, Нарын), 1 шаар (Нарын), 2 шаарча (Достук, Миңкуш), 56 айыл өкмөтү, 132 айыл бар.

Нарындын Табияты.

Облус татаал рельефтүү тоолуу аймакта жайгашкан. Деңиз деңг. 1000  мден (Көкөмерен, Нарын суулары кошулган жерде) 5982  мге чейинки (Какшаал тоо тизмегиндеги Данков чокусу) бийиктикте жатып, аймагынын 70%ке жакынын кырка тоолор ээлейт. Алардын ирилери: Какшаал (Кырг-н менен Кытайды чектеп жаткан эң узун тоо тизмеги), Атбашы, Нарын, Жетим, Молдотоо, Жумгал, Cуусамыр. Кырка тоолордун басымдуу бийиктиктери 3000–4000  м. Орографиялык түзүлүшү кеңдик багытта жарыш созулган тоо кыркалары менен аларды бөлүп турган тоо аралык өрөөндөрдөн турат. Эң ири өрөөнү – Нарын. Аны түштүктөн Байбиче, Нарын, түндүктөн Кабак, Жетим тоолору курчап жатат. Бул кырка тоолор чыгышта бири-бирине жакындашып, Кичи жана Чоң Нарындын кошулган жеринде биригишет; ал эми батышты карай Нарын өрөөнү Алабуганын чатына чейин кеңейе берет. Байбичетоо, Жамантоо, Акшыйрак, Аламышык тоолорунун капталдары тик, капчыгайлары чолок, ал эми оң жээгиндеги Жетимтоо, Нура, Бооралбас, Кабак, Молдотоо, Cоңкөл тоолорунун беттери жантайыңкы, капчыгайлары узун, Молдотоо батышта Көкирим тоосунан Нарын д-нын капчыгайы менен бөлүнөт.

Акшыйрак (Чаарташ) кырка тоосу Нарын өрөөнүн экиге (Алабуга, Тогузторого) бөлөт. Атбашы өрөөнүн түштүктөн Атбашы кырка тоосу, түндүктөн Нарынтоо менен Байбичетоо, батыштан Жамантоо чектейт. Атбашы кырка тоосунун түштүгүндө Аксай жана Чатыркөл өрөөндөрү, батышта Арпа өрөөнү жайгашкан. Облустун түндүгүндө Каражорго, Cоңкөл, Кабак, Жумгал тоолору, Жумгал жана Кочкор тоо аралык өрөөндөрү жайгашкан. Облустун аймагы кенге бай. Анда кара, түстүү, сейрек жана баалуу металлдардын, таш көмүрдүн, курулуш материалдарынын, хим. сырьёлордун, асыл жана кооз таштардын кендери, о. эле жер астындагы суулардын бассейндери, ысык жана минералдуу суусарайы,  телестанция, кинотеатр, китепкана, мечит ж. б.; маданий агартуу мекемелери бар.  2001—2002-окуу жылында  12 орто, башталгыч мектеп, 6 бала бакча, кесиптик лицей, 3 жогорку окуу жайдын филиалы болгон.  Шаарда орто жана чакан бизнес чөйрөсү да өнүккөн. Шаарга тиешелүү а. ч-га жарактуу айдоо жери 1118  га, жайыты 706  га; анар, мисте, анжир, бадам, өрүк, жүзүм, шабдалы, алма ж. б. өстүрүлөт. Шаардын саябагында Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Көмүрдүн ири кендери Жумгал р-ндагы Кабак күрөң көмүр бассейнинде топтолгон. Экисуунун башатында жайгашкан Жетим темир кени – Орто Азиядагы темир рудалуу бирден бир бассейн. Cандык нефелиндүү сиенит кени, коргошун, цинк (Арсы, Акташкоро, Кубакы, Аккөл), алтын (Cолтонсары ж. б.) ж. б. кендер бар. Таш туздун ири кени Кочкор өрөөнүндө жайгашкан.

Түрдүү курулуш материалдарынын (чопо, кум, шагыл, майда шагыл, мрамор) кендери, ысык жана минералдуу суу булактары көп. Облустун климаты континенттикылым Кышы  суук, узак, жайы салкын.  Январдын   орт. темп-расы Кочкордо  –10,1°C, Аксайда –27,7°C , эң төмөнкү темп-ра (–50°C) Аксай өрөөнүндө, Чатыркөлдүн аймагында катталган. Аксай, Арпа өрөөндөрүндө, Нарындын башында, Соңкөлдө кыш дайыма суук, жайы жылуу, бирок кыска болот. Нарын жана Жумгал өрөөндөрүнүн батышында вегетациялык мезгил 5 айга созулуп, эң жогорку темп-расы –34°Cге чейин жетет. Нарын, Жумгал, Кочкор өрөөндөрүндө, Атбашы өрөөнүнүн борб. бөлүгүндө июлдун орт. темп-расы 15°Cге жакын. Суусамыр өрөөнүндө январдыкы –22°C, июлдуку 13°C. Жылдык жаан-чачыны басымдуу бөлүгүндө 200–300 мм, тоолордо арбыныраак жаайт.

Кардын калыңдыгы Нарын, Жумгал өрөөндөрүндө 15–20  см. Арпа өрөөнүндө 60  смге чейин; Кочкор өрөөнүндө катуу шамалдын таасиринен кар аз жаайт жана көпкө жатпайт. Мөңгүлөрү  4000  мден жогору жайгашкан. Жалпы аянты 500  км2 ге жакын. Мөңгүлөрдүн көбү Какшаал  тоо тизмегинен орун алган. Ирилери: Аксай, Айталаа, Ортоташ (Мушкетов), Петров, Наливкин ж. б. Облустун суулары Cырдарыя, Тарим, Чүй д-нын жана Чатыркөлдүн алаптарына кирет. Ири дарыясы – Нарын. Анын облустун аймагындагы уз. 400  кмден ашыкылым Ири куймалары: Чоң жана Кичи Нарын, Онарча, Атбашы, Алабуга, Көкирим, Көкөмерен. Чүй дарыясы Жоонарык жана Кочкор сууларынын кошулушунан пайда болот. Аксай суусу (Мүдүрүм куймасы менен кошо) Таримдин алабына кирет. Аксай менен Мүдүрүм кошулуп, Какшаал дарыясын түзөт. Cуулары негизинен кар-мөңгү сууларынан куралат. Респканын гидроэнергия ресурстарынын 1/3и облустун сууларына таандыкылым Нарын жана анын куймаларынын жылына 36477 млн  квт·с электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгү бар.

Ири көлдөрү: Cоңкөл, Чатыркөл. Облустун аймагынын топурак-өсүмдүгү ар түрдүү. Тоо капталдарына бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Тоонун чөл жана жарым чөл алкактары Кочкор, Жумгал, Атбашы өрөөндөрүнүн тамандарын, тоо этектерин, Аксай суусунун жээгиндеги талааларды, Чатыркөл өндүрүнүн түзөң бөлүктөрүн ээлейт. Мындагы боз топурактуу жерлерде негизинен шыбак, айрым жерлерде бетеге баялыш, эфемер, ксерофит өсүмдүктөрү өсөт. Нарын, Атбашы, Жумгал, Көкөмерен, Кочкор жана Алабуга сууларынын жайылмаларын бадалдуу токой ээлейт. Аксай, Арпа, Атбашы, Каракужур, Нарын, Cоңкөл өрөөндөрүндөгү кыйла аянт тоонун талаа алкагына кирет. Мындагы коңур жана ачык коңур топурактуу жерлерди бетеге түктүү буудайык, доңуз сырты, шыбак жана эфемерлүү тоолуу талаа ээлейт. Аксай, Арпа, Атбашы, Каракужур, Нарын, Cоңкөл өрөөндөрүндөгү кыйла аянт тоонун талаа алкагына кирет. Мындагы коңур жана ачык коңур топурактуу жерлерди бетеге, түктүү буудайык, доңуз сырты, шыбак жана эфемерлүү тоолуу талаа ээлейт. Өрөөндөрдү курчаган тоолордун капталдары субальп алкагына кирет. Тоолуу шалбаа топурактарында ар кыл чөптүү субальп шалбаасы өсүп, тоолордун түн. капталдарында бадал жана карагайлуу токой кездешет.

Кырка тоолордун эң бийик бөлүктөрүн альп алкагы ээлейт. Мында тоонун талаа топурактары таралган; түрдүү кыска чөптүү альп шалбаасы жана бетегелүү талаа басымдуу. Облустун аймагынын 3%ин токой жана бадал ээлейт. Алар негизинен Нарын, Жумгал, Атбашы р-нда таралып, ийне жалбырактуу (Атбашы, Кабак тоолорунун түн. капталдарында) жана бадалдуу (Нарын, Көкөмерен, Алабуга, Атбашы, Кочкор сууларынын жээктеринде) токойлорго бөлүнөт.

Нарындын Калкы.

2002-ж. облустун аймагында респ-нын калкынын 5,2%и (257,9 миң) жашаган. Алардын 98,8% кыргыздар, калгандары орус (0,2%), өзбек (0,3%) ж. б. улуттар. Респ-да калкы эң сейрек отурукташкан облус, анын калкынын орт. жыштыгы: 1  км2 жерге 5,7 адам туура келет (респ-да бул көрсөткүч  24 адамды түзөт). Жумгал, Кочкор  жана Нарын өрөөндөрүндө калк салыштырмалуу жышыраак отурукташкан. Негизинен автомобиль жолдорду жана сууларды бойлой жайгашкан. Шаар калкы облустун калкынын 18,1%ин түзөт (46,8 миң адам), алар Нарын ш-нда (41,4 миң), Достук (0,8 миң), Миңкуш (4,6 миң) шаарчаларында жашайт. Облустун  ири кыштактары  – Атбашы (11,9 миң), Кочкор (8,5 миң), Баетов (9,4 миң), Чаек (12,6 миң), Байзак (4,9 миң), Карасуу (4,1 миң), Кошдөбө (3,3 миң адам) ж.б. Облустун калкынын 42,7%ин эмгек курагына жете элек жаштар, 50,5%ин эмгек курагындагы адамдар, 8,8%ин улуу муундагы карылар түзөт. 2002-ж. атайын катталган жумушсуздардын саны 8,4 миң адамды түзгөн. Калктын миграциясы: облуска келгендер 2001-ж. 1388 адам, кеткендер 2575, миграциялык азаюу 1187 адамды түздү.
Алардын дээрлик бардыгы  Чүй  облусуна  же Бишкек шаарына кетишкен.

Экономикасы.

Облус респ-дагы бийик тоолуу, социалдык жана экон. жактан салыштырмалуу анча өнүкпөгөн аймакылым Акыркы жылдарда облуста базар экон-нын шартына ылайык менчиктин түрдүү формасындагы өндүрүш жана тейлөө ишканалары пайда боло баштады. Облустун аймагында 1991-ж. атайын мыйзам менен респ-дагы биринчи Нарын эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) түзүлгөн. Мында өндүрүш жана тейлөө тармактарын өстүрүү үчүн чет өлкөлөрдүн каражаттары, о. эле дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүштүк технологияны пайдаланууда көп жеңилдиктер (бажы акы, салык төлөө ж.б.) берилип, облустун экон. жана социалдык деңгээлин жогорулатуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн. ЭЭАда субъект катары 54 биргелеш ишкана катталган. Алардын 19 ишканасы экон-нын ар түрдүү тармактарында иштешип, алтын концентратын этиленге каптоо, минералдуу суу чыгаруу, а. ч. сырьёлорун, айрыкча жүндү жууп тазалоо, ун тартуу, жашылча консервалоо ж. б., продукцияларды өндүрөт.

Ишканалар Кытай, АКШ, Ливан, Кипр, Мальта, Болгария жана Орусия менен биргелешип уюшулган. «Нарын» ЭЭАнын ишканаларында 1999-ж. 938 адам иштеп, алар 13,4 млн сомдук продукция өндүргөн, б. а. Н. обл-нун ө. жнда өндүргөн продукциянын 11,0%ин түзгөн. Облуста 2003-жылга карата базар экон-нын шартында чарба жүргүзүүнүн жаңы формасында уюшулган статистикалык бирдиктин мамл. регистрине киргизилген ээлик кылуучу субъекттерден (юридикалык жактар)  2133 ишкана, уюм жана мекемелер катталган (алардын ичинен иштегендери 985). Бул ишканалар түрдүү менчикте болуп, эконнын дээрлик бардык тармактарына тиешелүү. Жогоруда көрсөтүлгөн 2133 ишкананын 294 (иштегендери 245) мамл. менчикке, 209 (177) коммуналык жана 1630 (563) жеке менчикке таандыкылым Ишканалардын түрлөрү б-ча жалпы 2133 (иштегендери – 985) субъекттердин 1712 (744) чакан, 323 (180) орто жана 98 (61) ири ишкана, уюм, мекемелерге тиешелүү. Облустун ө. ж. тармагы начар өнүккөндүктөн республикадагы орду да төмөн. 2000-ж. облуста анча чоң эмес 26 ө. ж. ишканасы болуп, аларда 1527 жумушчу иштеген (республикадагы  жумушчулардын  2,1%и).

Облуста 2003-ж. 367,7 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Өнөр жай ишканаларынын салыштырмалуу ирилери: Атбашы ГЭCи, «Cолтонсары» рудниги, Миңкуштагы «Оргтехника», «Нарын-Даназык» акционердик коомдору, Акулак көмүр кени мамл. акционердик коому, Акталаа р-ндагы «Турук», Баетов атн. чакан ишканалар, «Эверест» кени, «Эверест-Алко» жоопкерчилиги жеңилдетилген коомдору. Өнөр жайынын негизги тармактары: электр-энергетика, отун өнөр жайы, тамак-аш, ун жана жем тартып чыгаруу, машина куруу. Ө. ж. тармактары чыгарган негизги продукциялар: электр энергия (2003-ж. 84,3 млн  кВт·с ), көмүр (43,2 миң т), тигилүү кийимдер (500,2 миң сомдук), токулган трикотаж кийимдер (1,2 миң даана), арак жана спирт ичимдиктери (237,5 миң  литр), ун (16,9 миң т), минерал суулары (272,2 миң бөтөлкө). Облустун жери бийик тоолуу аймак болгондуктан, ага ылайык а. ч. тармагы – мал, а. и. кой, жылкы жана топоз асыроого адистешкен. Дыйканчылык болсо акыркы жылдарга чейин негизинен мал чарбасын тоют менен камсыздандырууга ылайыкташтырылып, арпа жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүп келген. Базар экон-нын шартына ылайык ар бир аймак түрдүү азык-түлүктөр менен өзүн өзү камсыздоого мажбур болуп, кийинки жылдарда облуста буудай, картөшкө, жашылча, май өсүмдүктөрүн өстүрүүгө көбүрөөк көңүл бурула баштады.

Облустун а. ч. тармагында 2000-ж. 8 мамл. чарба, 5 а. ч. кооперативи, 7 акционердик коом, 12 дыйкан чарба ассоциациясы жана бирикмелери, 14 коллективдүү, 6242 дыйкан (фермерлер) чарбалары болуп аларда 3329,9 млн сомдук а. ч. азык-түлүктөрү (республиканын 8,0%) өндүрүлгөн. 2002-жылдын башында айыл чарбага жарактуу жердин аянты 2818,0 миң  га (жалпы аянттын 62,7%) болгон, а. и. айдоо аянты 111,5 миң, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары 0,2 миң  га (0,01 %), кысыр жер 9,2 миң  га (0,3%), чабынды 12,3 миң  га, жайыт 2675,5 миң  га болгон. Эгин эгилген жердин аянты 122,3 миң  га, анын 57,6  гасына (47,2%) дан, 8,1 миң  гасына картөшкө (6,6%), 2,0 миң  гасына жашылча (1,6%), 0,4 миң  гасына май өсүмдүктөрү (0,3%), 542 миң  гасына тоют өсүмдүктөрү (44,3%) өстүрүлгөн. Дыйканчылыктан 2000-ж. 122,6 миң т дан (респ-нын 7,8%), 131,6 миң т картөшкө (12,6%), 23,5 миң т жашылча (3,1%) өстүрүлгөн. Облустун бардык категориядагы чарбаларында 2003-жылдын башында 109,8 миң уй,  620,3 миң кой, эчки,  91,8 миң жылкы 91,8 жана 157,1 миң үй куштары болгон. Алардан 2003-ж. тирүү салмакта эсептегенде 50,6 миң т эт,  125,0 миң т сүт (10,5%), 1,9 миң т жүн (125,0%), 5,7 млн даана жумуртка  алынган. Облуста жүргүнчүлөрдү жана эл чарба жүктөрүн ташууда, сырткы жана ички экон. байланыштарды тейлөөдө авт. транспортунун мааниси зор. Ал аркылуу 2003-ж. 326,4 миң т жүк ташылып жана 48,9 млн жүргүнчүкилометрди (1,3%) түзгөн. Негизги автомобиль жолдору: Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт–Кашкар (Кытай), Балыкчы–Кочкор–Чаек–Тунук (Cуусамыр өрөөнү); Нарын–Куланак–Баетов–Кошдөбө; Нарын–Казарман–Көгарт–Жалалабат ж. б. 1994-ж. облустун борбору – Нарын ш-нда троллейбус линиясы курулган. 2000-ж. троллейбус транспорту менен 925,4 миң жүргүнчү ташылган (облустагы жүргүнчүлөрдүн 12,3%). Аба жолу аркылуу Нарын ш. Бишкек, Каракол, Жалалабат ж. б. шаарлар менен катташат.

Маданий турмушу.

Нарын ун-тинде (1996-ж. ачылган). 1999/2000-окуу жылында 3139 студент окуп, 200дөй мугалим, а. и. илимдин докторлору жана  кандидаттары иштеген. Облустагы 3 атайын орто окуу жайында бардыгы болуп 1002 студент окуйт. Алардан башка облустун райондорунун борборлорунда 10 кесиптик-тех. окуу жайлары иштеп, аларда 1720 окуучу билим алган. Облуста 2002/03-окуу жылында жалпы билим берүүчү 141 мектепте 71045 миң окуучу окуп, 5489 миң мугалим иштеген, а. и. 4272 жогорку, 344 толук эмес жогорку, 841 атайын орто, 32 жалпы орто мектебин бүткөн адистер. Облуста окуучулардын 90,0%ке жакыны кыргыз тилинде, калганы орусча окуйт. Облус б-ча 2894 класс болсо, ар бир класста орто эсеп менен 24,5 окуучу окуйт. Cабактарды тереңдетип окуткан 14 мектеп, 1 гимназия жана Кыргыз-Түрк  жана облустук мектеп лицейлери иштейт. Көп мектептерде информатика кабинеттери бар. Облуста улуттук госпиталь, 2 чоң кишилердин шаардык ооруканасы, 5 райондук борб., 18 участкалык оорукана, 2 диспансер, стоматологиялык поликлиника, 69 ФАП, 8 санитардык-эпидемиологиялык станция (СЭМ), 59 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу, Кочкор р-нда «Чоңтуз» спелеосанаторийи иштейт (2001-ж.). 1991-жылдан Нарын радиосу 1-программада жумасына 4 жолу эфирге чыгат. Облустун «Нарын-ТВ» телестудиясы 1993-жылдын 1-февралынан баштап иштейт. Жумасына 1 жолу жекшемби күнү 4–5 саат көрсөтүүлөрдү уюштурат. 1996-жылдан «Аян» эркин телестудиясы көрсөтөт. 2000-ж. облуста 127 китепкана (1185,5 миң нуска китеби бар), облустук муз. драма театры (Нарын ш-нда), маданият үйү жана клубдук мекемелер, о. эле 3 мамл., 2 мектепте музей болгон. Облустук «Теңиртоо» (1938-жылдан), 5 райондук жана  эркин гезит чыгат. Облустун аймагында Кошойкоргон шаар чалдыбары (7–8-кылым), Кербен сарайы (10–15-кылым) жана  Шырдакбектин  чебинин  (10–12-кылым)  урандылары,  Тайлак  баатырдын   күмбөзү (19-кылым), таш доорундагы тургун жай (Онарча), Ташрабат ж. б. тарыхый эстеликтер бар. М. Дүйшөнакунов, Ж.Чуңгулов, А.Мырзаев


Кыргыз