Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргызстан Ош – Кыргызстандагы ири жана байыркы шаар

Кыргызстан ОшКыргызстандагы ири жана байыркы шаар, Ош облусунун административдик жана экономикалык борбору.  Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш чет-жакасында, Кыргызстан Ош – Карасуу түздүгүндө, деңиз деңгээлинен 700–1200 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 216,8 миң (2003). Түздүктүн жантайыңкы бетинен Сулайман тоосу көтөрүлүп турат.

Ош аралап түн., түн.-чыгышты карай Акбуура суусу агат. Климаттык шарты б-ча шаар айланасы Памир–Алай тоолуу облусунун субтропиктик алкагынын түн. четинде жайгашкан. Кышы мелүүн суук, январдын орт. темп-расы –3,5°С. Жазы эрте келип, жылуу болот. Жайы ысык, кургакчыл; июлдун орт. темп-расы 24,7°С. Жылдык орт. темпрасы 11,2°С; жаан-чачыны 350 мм. Кургак талаа жана жарым чөл ландшафты мүнөздүү. Ош – Кыргызстандагы байыркы шаарлардын бири. Б. з. ч. 4-к. – б. з. 5-кылымдарда шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. 8–10-к. Ош чоңдугу б-ча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шаарлардын бири катары саналган.

Шаар дубал м-н курчалган жана анын үч дарбазасы (Дарбаза-ий Кух, Дарбаза-йи Аб жана Дарбаза-йи Мугкеде деген) болгон. Ош ш-н 13-кылымдын башында Чынгыз хандын аскерлери кыйраткан. 14-кылымдын акырында Аксак Темирдин дөөлөтүнө, кийин Моголстанга караган. Улуу Моголдор династиясынын негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммад Бабур өзүнүн «Бабур-Наама» деген эмгегинде Ош жана Сулайман тоонун үстүндөгү чакан үй жөнүндө да эскерип кеткен (1496–98). 17-кылымда калмактардын кол салуусуна жана талоонуна кириптер болуп турган. 1762-ж. Кокон ханы Эрдене басып алган. Ош тегерегиндеги айылдары м-н кошо хандыктын акимдик-аймактык системасында борбордук вилайетке баш ийген бектиктин, 19-кылымдын 2-жарымында Ош вилайетинин борбору болгон. 1876жылдан Түркстан генерал-губернаторлугунун Фергана обулусундагы Ош уездинин борбору болуп калган. 1924-жылдан округдун, 1926-жылдан кантондун, 1928жылдан райондун, 1939-жылдан облустун борбору. Учурда шаарда орто кылымдын убагында курулган рават Абдулла хандын мечити (16–17-к.), Азаф-Ибн-Бурхиянын мавзолейи (17–18-к.), Алымбек датканын мечити (19-к.), Мухамад Юсуп Байкожооглынын мечити (20-к.) ж. б. 30дан ашык эстеликтер калыбына келтирилген. Кыргызстан Ош шаарында б. з. ч. 4-к. – 5-кга таандык Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр байыркы чептери, Мады, Коргошундөбө, Акбуура, Шалтакдөбө, Шоробашат, Куршаб, Бөрүдөбө, Дөңбулак, Дыйкан ж. б. чептердин калдыктары сакталган. 2000-ж-дын октябрь айында Ош шаарынын 3000-жылдык салтанаты белгиленди. Ош ш-дык кеңешинин калкы 241,7 миң киши, анын 216,8 миңи Ош шаарында (облустун калкынын 17,6%), 24,9 миңи шаардык кеңешке баш ийген (2 айыл) айылдарда жашайт (2002-ж.). 1926–2002-жылдар аралыгында шаар калкы 7,3 эсе өскөн.

Төрөлүүнүн жалпы коэффициенти 16,7‰, өлүм-житим – 5,1‰, табигый өсүш – 11,6‰ (2001). Шаар калкынын 36,1%и эмгек жашына чейинкилер, 57,1%и эмгек жашындагылар, 6,8%и – эмгек жашынан өткөндөр. Шаарда кыргыз, өзбек, орус, татар ж. б. улуттар жашайт (1999). Ош ш. – облустун ири экон. борбору. Шаардын экономикасы өндүрүштүн 20 тармагын жана түрүн, 39 өндүрүштүк комбинаттар м-н ишканаларды ичине камтыйт. Шаарда 2,4 миң кичи ишкана, 74 дыйкан (фермер) чарбасы, 23 биргелешкен ишкана катталган. Ош шаарында облустун ө. ж. продукциясынын 46,6%и өндүрүлөт (2003). Өнөр жайдын негизги тармактары – жеңил, тамак-аш, курулуш материалдары, машина куруу жана металл иштетүү ж. б. Жеңил ө. ж., пахта тазалоочу, кебез, жибек кездемелерин чыгаруучу, тигүү (бардыгы 10дон ашкан) ж. б. ишканалардан турат. Жеңил ө. ж-нын башкы тармагы, кебезден жана жибектен кездеме токуучу тармактардан турган текстиль өнөр жайы. Кебезден кездеме токуу ө. ж. эң ири ишканасы «Текстильщик» АК; 2001-ж. ал 307 млн сомдук товардык продукция (шаардын ө. ж. продукциясынын 34,4%), 1224,3 т кебез буласын, 5,2 млн м даяр кебез кездеме чыгарган.

«Ош-Жибек» АК жибек жиптерди жана жибектен токулган кездемелерди чыгарууга адистешкен. 2001-ж. ишкана жылына 6 млн м (өндүрүштүк кубаттулугу) даяр жибек кездеме өндүргөн; анда 693 жумушчу иштеген. Тигүү ө. жнда «Сымбат» АК, «Мурас» АК, «Аккөңүл» АК (ири ишканалары) жана жеке, кичи, кооперативтер иштейт. Бут кийим ө. ж. негизинен жеке жана майда ишканалардан турат. Тамак-аш ө. ж-нда облустун ө. ж. продукциясынын 25,0%и жана республиканыкынын 12,%и чыгарылат. Негизги тармактары: тамеки, ун тартуу, шарап чыгаруу, мөмө-жемиш жана арак-ликер чыгаруучу өнөр жайлары. Тамак-аш өнөр жайынын ири ишканалары: «Келечек» (эт комбинаты), «Ош сүт комбинаты», «Ош нан», «Гүлазык» акционердик коомдору, «Ош арагы» жоопкерчилиги чектелген ишканасы (бардыгы 10 ишкана). Машина куруу жана металл иштетүү ө. ж. негизинен борбордон четтөөчү насосторду чыгаруучу «Ош насос заводу» жоопкерчилиги чектелген жана машина оңдоочу «Ош оңдоочу заводу» АК ишканаларынан турат. Курулуш жана жыгач иштетүүчү ири ишканаларына «Бектемир» АК (№ 4 темирбетон з-ду), «Чынар» АК (эмерек ф-касы), «Алтынкол» АК (жыгач иштетүү з-ду), «Акташ» АК (курулуш материалдары комбинаты), «Болот» АК (темир-бетон з-ду) ж. б. кирет. Шаарда автомобиль, аба, темир жол жана электр (троллейбус) транспорттору өнүккөн. Шаардын автомобиль жолунун жалпы уз. 563 км. Жүк ташуучу 18, жүргүнчү ташуучу 4 ишкана иштейт. 2000ж. автомобиль транспорту м-н 3,4 млн т (облустагы үлүшү – 41,4%) жүк, 551,4 млн жүргүнчү (55,5%) ташылган. Ош-Карасуу т. ж. Өзбекстандын т. ж. м-н жалгашкан. Аба транспорту «Кыргызстан Аба жолдору» улуттук авиакомпаниясынын Ош авиаишканасы жана аэропорту иштейт. Ош аэропорту аркылуу Бишкек, Чолпон ата, Каракол Алматы, Омск, Москва, Новосибирск, Пекин, Дели шаарлары, Пакистан, Сауд Арабстаны, Бириккен Араб Эмирликтерине жүргүнчүлөр ташылат.

2001-ж. аба транспорту м-н 62,2 миң жүргүнчү ташылган. Ош ш. Кыргызстандын ири маданий борбору. Шаардын билим берүү системасы мектепке чейинки, жалпы билим берүү, орто, атайын орто жана жогорку окуу жайларынан турат. 2001/02-окуу жылында шаарда 30 (5391 орундук) мектепке чейинки, 50 жалпы билим берүүчү мектеп (57,9 миң окуучу), 11 мектеп-гимназия жана лицей, 4 атайын орто окуу жайы, 4 жогорку окуу жайы болгон. Шаарда Ош мамл. ун-ти (18 факультети, 97 кафедрасы бар; 1327 адис иштеп, 26 миң студент окуйт), Ош технологиялык ун-ти, Кыргыз-Өзбек ун-ти, Гуманитардык-пед. институту, Москва мамл. социалдык уннин, Ж. Баласагын атн. Кыргыз улуттук ун-нин жана Кыргыз эл аралык ун-тин филиалдары, Ош соода колледжи, Ош курулуш колледжи, Ош а. ч. техникуму, Кыргызстан Ош мед. окуу жайы иштейт. Саламаттык сактоо тармагында облустук (улуттук госпиталь), 3 шаардык, шаардык балдар, 2 учук, инфекциялык, 7 райондук, 2 учук, тери-венералогиялык, онкологиялык, психоневрологиялык, наркологиялык диспансер, төрөт үйү, 11 поликлиника, 3 тиш поликлиникасы, 7 фельдшер-акушер пункт, 43 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ж. б. бар (2001).

Маданий мекемелерден Кыргыз драма театры, өзбек муз. драма театры, маданий эс алуу паркы, тарыхый музей-корук, 10 китепкана ж. б. иштейт.Телекоммуникация системасында 5 чакан станция жана 3 телефондук (41,7 миң абоненттик) станция иштейт. Тургун-жайкоммуналык тармагында 48 котел суу кайнаткычтар жана Ош жылуулук электр борбору (кубаттуулугу 50 миң кВт·с жана 350,7 Гкал/саат) иштейт.

И. Егембердиев


Кыргыз