Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз тоолору. Кыргызстан

АДЫГИНЕТОО – Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Лейлек ж-а Каравшин сууларынын аралыгында кеңдик багытта 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км. Орт. бийикт. 3200–3500 м, эң бийик жери 3952 м. Жону тайпак, айрым жерлеринин капталы тик, кыска кокту-колоттуу. Ортоңку карбондун кумдук, алевролит, акиташтуу конгломерат, сланец тектеринен турат. Кургак талаа (1600–1700 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а арчалуу токой (2600– 2700 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа, сейрек бетегелүү талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Кыргыз тоолору
Кыргыз тоолору

АДЫРТӨР ТООСУ – Борб. Теңиртоонун түн.-чыгышында. Сарыжаз суусунун алабындагы Семёнов ж-а Мушкетов мөңгүлөрүн бөлүп турат. Уз. 34 км, туурасы 8 км. Орт. бийикт. 4420 м, эң бийик жери 4657 м. Негизинен карбондун акиташ, сланец тектеринен турат. Рельефи асимметриялуу: түш. капталы Адыртөр суусу м-н Мушкетов мөңгүсүн карай тигирээк, түндүгү Сарыжаз өрөөнүн карай жантайыңкы. Түн. капталы мөңгүлүү, кыска өрөөндөр м-н тилмеленген. Мөңгүлөрдүн жалпы аянты 49 км2. Тоо этегине бийик тоолуу шалбаалуу талаа (3100– 3500 м бийиктикте), андан жогору нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.

АЙРЫМА ТООСУ – Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагы. Көгаласай (Сумсар), Кашкасуу ж-а Касансай сууларынын аралыгында түш.-батыштан түн.-чыгышка 23 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 2800–3000 м, эң бийик жери 3374 м. Кыры тайпак, капталдары тик (35–40°), кыска кокту-колоттуу. Силурдун чөкмө (кумдук, сланец, акиташ теги) ж-а жанартоо (андезит-порфирит, диабаз, туф), девондун доломит, кумдук, гравелит тектеринен түзүлгөн. Жарым чөл ж-а кургак талаа (1400–1500 м бийиктикке чейин), талаа ж-а шалбаалуу талаа (2300–2400 кмге чейин), андан жогору бадал-токойлуу-шалбаа м-н жылаңач аскалуу нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

АЙРЫТАШ ТООСУ – Алайкуу кырка тоосунун бир тармагы. Теректоодон башталат. Уз. 20 кмдей, орт. бийикт. 3600 м. Эң бийик жери 4200 м (Текетуюк). Палеозойдун акиташ теги, сланец ж-а гранит тектеринен турат. Тоонун түн.-чыгыш капталы тик аскалуу, түш.-батышы тайпак. Түштүктү карай бийиктеп, кырдуу жалга айланат; кар-мөңгүлүү (Текетуюк, Көкжар ж. б.) тоонун бул бөлүгү татаал, капталдары тик; беттери корум, кумшагылдуу, мореналуу. Токой (2400–2800 м), альп ж-а субальп шалбаалары (2500–3900 м), кармөңгүлүү (3900–4200 м) ландшафт алкактары мүнөздүү. Чөп чабынды ж-а жайыт катары пайдаланылат.

АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ Ош облусунун түн.-чыгышында, Тар ж-а Гүлчө сууларынын аралыгынан орун алган. Терек тоосунан Төөжайлоо ашуусу аркылуу бөлүнүп, түн.-батышка 110 кмге созулат. Эң жазы жери 50 км. Орт. бийикт. 3260 м, эң бийик жери 4785 м (Академик Адышев атн. чоку; түш.-чыгыш бөлүгүндө). Түн.-батышка карай басаңдайт. Структурасы герцин бүктөлүү мезгилинде түзүлүп, меридиан багытындагы көптөгөн тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Ири тармактары: Кызыларгын, Жылаңачташ, Көкбулак, Карасороң, Алдаяр ж. б. Кар, муз каптаган шиш чокулуу түш.чыгышына бийик тоолуу гляциалдык же альп, орто ж-а түн.-батышына денудация-эрозиялык, тоо этектерине түрмөктөлгөн жантайыңкы аккумуляция рельефи мүнөздүү. Байыркы муз каптоонун издери түш.-чыгыш бөлүгүндө көп кездешет. Түш.-чыгышындагы бийик бөлүгү – девондун, силурдун сланец, кумдук, конгломерат, орто бөлүгү – бор, юра, палеогендин филлит, серициттүү сланец, кумдук, жапызыраак түн.-батышы палеогендин, антро-погендин кум, чопо конгломерат тоо тектеринен турат. Бийик чокуларда асылма мөңгүлөр кездешет. Кырка тоого жапыз тоолуу талаа, орто бийик тоолуу шалбаалуу талаа, шалбаа, бадалдуу токой, бийик тоолуу субальп, альп, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат.

АКЗОО ТООСУ – Борколдой тоосунун Какшаал тоо тизмегине тутумдашкан чыгыш бөлүгү. Ички Теңиртоодо, Миңтеке, Баралбас ж-а Бикиртик сууларынын алабында. Кеңдик багытында 20 кмге ийилип жатат. Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 4000 м, эң бийик чокусу 4780 м. Кыры аскалуу, түш. капталы кыска ж-а тик, жалама аскалуу; түндүгү жазы – Баралбас өрөөнүнө жантайып түшөт; капчыгайлар бар. Кумдук, сланец, туф, порфирит, акиташ тектеринен түзүлгөн. Мөңгүлүү. Капталдарына субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы ж-а шалбаа (3300 мге чейин), субнивалдык (3700 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

АКСАЙ ТООСУ – Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Каравшин суусунун алабында. Тоо кеңдик багытта 21 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 2800–3000 м, эң бийик жери 3564 м. Жону негизинен жайпагыраак, аска жокко эсе. Капталдары тик (40–50°) ж-а кыска, жар, кокту-колоттуу. Карбон мезгилинин акиташ теги, кремнийлүү боксит тектеринен турат. Капталдарына талаа (1500–1600 м бийиктикке чейин; кызылот, аюучач, сарындыз ж. б. басымдуу), арча токойлуу шалбаалуу талаа (2700–2800 мге чейин) ж-а талаа (бетеге, ыраң ж. б.) ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.

АКТАШ ТООСУ – Алай кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагы. Кызылсуу ж-а Гүлчө сууларынын суу бөлгүчү. Кеңдик багытта жатат. Уз. 20 кмдей, туурасы 2–3 км. Орт. бийикт. 3800 м, эң бийик жери 4055 м. Тоонун кыры жайпак, капталдары жантайыңкы. Даван, Калмакашуу, Шартдаван ашуулары бар. Силур-девондун сланец, кумдук, акиташ теги, кремний, туф, порфирит ж-а ортоңку карбондун кремний, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Шалбаалуу талаа ж-а шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу; 3800 мден жогору нивалдык-гляциалдык алкак ээлейт. Жайыт.

АКТАШ ТООСУ – Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагы. Сумсар ж-а Кабасай сууларынын аралыгында меридиан багытында 22 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 2300–2800 м, эң бийик жери 3709 м. Кыры аскалуу, капталдары тик, кокту-колоттуу. Карбон мезгилинде пайда болгон чөкмө тектерди жиреп чыккан майда бүртүкчөлүү гранит, гранит-диорит, бүктөлүүлөргө дуушарланып деформацияланган миңбулак свитасынын 2800–3100 м калыңдыктагы чөкмө ж-а чөкмө-жанар тоо тектеринен турат. Тоодо коргошун, сурьма кендери бар. Жарым чөл, кургак талаа (1400–1500 м бийиктикке чейин), талаа ж-а шалбаалуу-талаа (2200–2300 мге чейин), андан жогору сейрек кездешкен бадал-шалбаалуу ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

АКТӨР ТООСУ – Кичи Алай кырка тоосунун чыгыш айрыгы. Түндүгүнөн Талдык, Кумбел тоолору, чыгышынан Гүлчө өрөөнү, батышынан Кичи Алай, түштүгүнөн Каракол тоолору ж-а Кумбел ашуусу м-н чектешет. Уз. 50 км, эң жазы жери 11 км. Орт. бийикт. 3760 м, эң бийик жери 4503 м (Кумбел ашуусунун түштүгүндө). Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Батыш ж-а борб. бөлүктөрү зоокалуу. Чокуларын «түбөлүк кар», түн. капталдарын майда мөңгүлөр ээлейт. Түн.чыгышты карай капталдары жантайыңкы тартып, кырлары жок сымал формага өтөт. Жылгаларында шагылдар, ири таш сыныктары көп кездешет. Түш. капталдары тик, кыска ж-а борчуктуу, түндүгү узун келип, фирн талаалары ээлейт. Т оодо Актөр, Кумбел, Кошбел ашуулары бар. Негизинен бийик тоолуу альп шалбаалуу талаа, талаа (3200–3600 м бийиктикте) ж-а гляциалдыкнивалдык (3600–4000 м) ландшафт алкактары мүнөздүү.

АКУНТОО – Түркстан кырка тоосунун бир тармагы. Баткен өрөөнүнүн түштүгүндө кеңдик багытта 21 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Түндүгүндө Кишемиш суусу ж-а анын куймасы Карасай аркылуу Чатырташ тоосунан бөлүнүп турат. Орт. бийикт. 3400 м, эң бийик жери 3870 м. Т оонун жону тайпагыраак келип, тик чокулары жокко эсе. Батыштан чыгышка карай бийиктейт. Түш. капталы тик, жардуу. Түндүгү Баткен өрөөнүн карай жантайыңкы. Капталдарына жарым чөл, талаа, шалбаалуу ж-а бадал-арчалуу талаа, субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы, андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт, тоо этеги кайрак айдоо ж-а чөп чабынды катары пайдаланылат.

АКЧАҢГЫЛ ТООСУ – Академик Адышев атн. кырка тоонун батыш тармагы. Бүлөлү ж-а Жошолу (Куршабдын оң куймалары) сууларынын алабында чыгыштан батышка карай созулуп жатат. Уз. 32 км, туурасы 10 км. Орт. бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4044 м. Тоо батыштан чыгышты карай бийиктеп, Академик Адышев атн. кырка тоого барып такалат. Батыш бөлүгү негизинен тайпагыраак ж-а жазы. Түш. капталы майда кокту-колоттуу келип, Кичи ж-а Чоң Бүлөлү сууларынын өрөөнүнө тик түшөт. Батыш бөлүгү Гүлчө өрөөнүн карай жантайыңкы. Түн.-чыгыш капталы жазы, Жошолу суусунун башы ж-а анын куймалары Кулмамбет, Буктурмалардын алабында тик капталдуу, аябай тилмеленген. Тоо капталдарына талаа (2200 мге чейин), шалбаалуу талаа (2200– 2600 м), шалбаалуу токой ж-а бадал (2600– 3100 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3100–3600 м), 3600 мден жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; рекреация максаттарында пайдаланылат.

АКШЫЙРАК КЫРКА ТООСУ, Ч а а р т а ш Ички Теңиртоодо; Фергана тоо тизмегинин борбордук бөлүгүнө жанаша жатат. Түндүгү м-н батышынан Тогузторо, чыгышынан Орто Нарын өрөөндөрү м-н чектешет. Түш.-батыштан чыгышты карай 40 кмге созулат; туурасы 10 км. Батышта Кылдоонун бели (Ойкайыңды) аркылуу Фергана тоо тизмегине кошулат. Ойкайыңды суусу тоону кесип агып, антецедент өрөөнүн пайда кылган. Орт. бийикт. 3400 м, эң бийик жери 4786 м. Гранит ж-а акиташ тоо тектеринен түзүлгөн. Чыгышында (Алабуга суусунун чатында) неогендин чополуу тоо тегине «чөгүп» кетет. Борб. бөлүгү бийик, түн. бети тик ж-а аскалуу. Үстү ж-а түш. капталы жылмаланган, жайдак. А. к. т. структурасы б-ча – горст-антиклиналь. Чыгыш ж-а батыш тараптары кургак талаа (2400–3400 м), түн. бети (Көл, Бешкөл) карагайлуу. Ойкайыңды ж-а Ооруктам тулаң, бадалдуу (четин, карагат, бөрү карагат, итмурун, табылгы), түш. жаккы өрөөндөрүндө шалбаа чөптөрү өсөт (2500–2800 м). Жайыт.

АКШЫЙРАК ТОО ТООМУ – Борб. ж-а Ички Теңиртоонун чегинде. Чыгышынан Сарыжаз өрөөнү, батышынан Нарын д-нын баш жагы м-н чектешип, түш.-батыштан түн.-чыгышка карай созулат. Уз. 60 км, эң жазы жери 28 км. Орт. бийикт. 4720 м, эң бийик жери 5100 м (Жамансуунун оң куймасынын төрүндө). Негизинен протерозой, силур, девон ж-а карбон мезгилдеринин чөкмө ж-а эффузия тоо тектеринен түзүлгөн. Тоо арасындагы ойдуңдарда, суу өзөндөрүндө палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери ж-а антропогендин аллювий, мөңгү чөкмөлөрү жатат. Интрузия тектеринен плагиогранит, сиенит-диорит, габбродиабаз, нефелиндүү сиенит ж-а турмалиндүү граниттер арбын. Кен байлыктарынан алтын, калай кендеринин өндүрүштүк мааниси бар. Тоо үч кыркадан түзүлгөн: түндүк (Сарычат, Ээрташ, Майтөр), ортоңку (Кызылешме), Түштүк (Үчкөл); булардын чыгыш жагы биригип кетет. Кырларын (4500-5000 м) ж-а өрөөндөрүнүн баш жактарын (4000-4500 м) мөңгүлөр ээлейт. 3500–4000 м бийиктикке альп шалбаа ландшафты мүнөздүү, о. эле тоо мөңгүлөрү сүрүп таштаган шагылдар көп. Түн. ж-а түш. этектери аркылуу тектон. жаракалар өтөт. А. т. т-да аянты 432 км2ге жеткен 131 мөңгү (Петров, Давыдов, Эл Комиссарлар Совети, Кумтөр ж. б.) бар. Эң ириси – Петров, мындан Нарын д. башталат. Өрөөн мөңгүлөрүнүн уз. 10–20 кмге жетет. Түн.-батыш этегинде Кумтөр алтын кени бар.

АЛАЙКУУ КЫРКА ТООСУ Түш.-Батыш Теңиртоодо. Чыгышынан Фергана тоо тизмеги, батышынан Көксуунун алабы, түндүгүнөн Алайкуу өрөөнү, түштүгүнөн Карачал тоосу м-н чектешет. Эркеч, Сабажарды, Туюккайыңды, Көлкайыңды, Айрыташ, Кыздар, Кемпир, Бооралбас ж-а Үчказык айрыктарынан турат. Уз. 70 км, эң жазы жери 45 км. Орт. бийикт. 4190 м, эң бийик жери 5300 м (Манастынээри чокусу). Рельефи татаал, тоо тармактары тектон. жаракалар м-н бөлүнгөн. Тармактары батыш тарабында узун (15–20 км), чыгышында кыска (5–10 км), капталдары жазы ж-а айдөш. Негизинен палеозой м-н бор мезгилиндеги акиташ теги, сланец, бир аз гранит, мрамор, конгломерат ж. б. тектерден түзүлгөн. Азыркы мөңгүлөр Кыздар, Кашкасуу, Манастынээри, Ойбала, Эркеч, Акечки ж-а Көлкайыңды тоолорунда кездешет. Шалбаалуу талаа, токойлуу шалбаа, токой, субальп, альп шалбаасы, 3900 м бийиктиктен жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Кырка тоолор жайкы жайыт.

Кыргыз тоолору
Кыргыз тоолору

АЛАЙ КЫРКА ТООСУ Алай–Түркстан тоо системасына кирет. Кеңдик багытта ТООЛОР 2 8 350 кмге созулуп жатат. Орт. жазылыгы 70– 80 км (Фергана өрөөнүнө чейин), эң бийик жери 5539 м (батышында Тамдыкул чокусу). Тоо орографиялык жактан кескин айырмаланган 3 бөлүктөн турат. Б а т ы ш б и й и к б ө л ү г ү н д ө тоонун түн. капталы Кыргыз Республикасына карап, негизинен Сох д-нын алабын камтыйт; мында бийик чокулуу мөңгүлөр арбын. Кыры аска-зоокалуу келип, 4500–5000 м бийиктиктен жогору жатат. Тоонун түн. капталы жазы (60–70 км), терең капчыгайлуу өрөөндөр (Кожашкан, Сох ж.б.) м-н тилмеленип, Жетикөл (бийик чокусу – 4079 м), Коргон (5100 м), Кулдуктоо (5016 м), Куруксай (5147 м), Тескей (3690 м) тоо тармактарынан турат. О р т о ң к у б ө л ү г ү Исфайрамсай, Акбуура, Талдык (түндүгүндө), Кызылсуу (түштүгүндө) сууларынын алабын камтып, ири мөңгүлөр (Егоров, Дугов, Ливинский, Федченко, Гезарт, Агарт, Сарымогол, Кайыңды) жайгашкан. Кыры аскалуу, негизинен 4300–4600 м бийиктикте жатат. Тоонун түн. капталы (жазылыгы 70– 80 км) Фергана өрөөнүнө жантайыңкы, баш жагында терең капчыгайлуу кенен өрөөндөр (Кичи Алай, Сурматаш, Исфайрамсай, Шаймерден ж. б.) арбын. Түндүгүндөгү тоо тармактары: Коллектор (эң бийик жери –5259 м), Кичи Алай (4933 м), Актөр (4501 м), Жоожатты (4048 м), Гаузан (3273 м), Ярунтуз (3670 м), Олоконтоо (4629 м), Талдык (4237 м), Текесекирикбел (2913 м) ж. б. Түш капталы Алай өрөөнүн карай тик түшөт, кыска (10–15 км); кокту-колоттор, майда капчыгайлар, Текелик (эң бийик жери 5727 м), Каратепе (3794 м) сымал тармактары бар. Ч ы г ы ш ж а п ы з б ө л ү г ү Куршаб, Көксуу (Чыгыш), Алайкуу-Тар сууларынын алаптарын ээлейт. Мында мөңгүлөр азайып, чокулары жапыздайт да түн.-чыгышта Какшаал–Фергана тоо тоомдоруна такалат. Кыры 3900–4300 м бийиктикте жатып, капталдары тик; кыска ж-а терең капчыгайлуу ири өрөөндөрү [Гүлчө, Көксуу (Чыгыш), Алайкуу ж. б.], Теректоо (эң бийик жери 4767 м), Көкбулак (4039 м), Алайкуу (4733 м) сымал тоо тармактары бар. А.к.т. генезистик тиби б-ча горст-антиклиналь; герцин бүктөлүүсүнөн пайда болгон. Батыш ж-а ортоңку бөлүктөрүнөн тоого жарыш жаткан, чыгышынан түштүктөн түндүккө багытталган тектон. жаракалар өтөт. Тоонун геол. түзүлүшү өтө татаал: батыш ж-а ортоңку бөлүктөрү силур, девон ж-а карбондун калыңдыгы 1500–3000 мге чейинки кумдук, кремнийлүү ж-а көмүрлүү сланец, гнейс, доломит, алевролит, акиташ, порфирит, туф, диабаз, полимиктүү ж-а акиташ тектүү конгломерат; чыгышы юранын калыңдыгы 3300 мге чейин жеткен конгломерат, гравелит, аргиллит тектеринен турат. Аларды айрым жерлерде (Кичи Алай, Кайыңды тоолору) гранит, гранитдиорит, сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоо этектери (адырлар ж-а бөксө тоолор– Папан, Отузадыр, Катыраңтоо ж. б.) ж-а өрөөндөрдүн тамандары палеоген, неоген ж-а антропоген мезгилдеринин калыңдыгы 200 мге чейинки чөкмө тектери (чопо, кум, мергель, майда таш, шагыл) ж-а мөңгү шилендилери м-н капталган. А.к. т-нда сымап, сурьма, темир, боксит, вольфрам, висмут, полиметалл, мышьяк, көмүр ж. б. кендери бар. Алардын айрымдары өнөр жайлык мааниге ээ. Тоонун климаты ж-а ландшафты бийиктик алкактуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт. Климаты негизинен континенттүү келип, жапыз тоолуу бөлүгүндө июль айынын орт. темп-расы 20–23°С, январдыкы – 3… – 5°С; орто бийиктиктеги бөлүгүндө июлдуку 14–16°С, январдыкы – 5… – 7°С; бийик тоолуу бөлүгүндө июлдуку 9–10°С, январдыкы – 16… – 18°С. Жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Ири суулары: Сох, Исфайрамсай, Аравансай, Акбуура, Гүлчө, Алайкуу-Тар (түн. капталында), Кызылсуунун куймалары (түштүгүндө). Түн. капталына кургак талаа ж-а талаа (2000– 2200 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а бийик чөптүү шалбаа (2600–2800 кмге чейин), жыш өскөн арча токойлуу шалбаа ж-а бадал аралашкан сейрек токой шалбаалуу талаа (2900–3100 мге чейин), субальп, альп шалбаа ж-а сейрек бетегелүү талаа (3500–3600 мге чейин), андан жогору бийик тоо тундралуу талаа ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Түш. бетинде бийик тоолуу кургак талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. А. к. т-нун чарбачылыкта мааниси зор: ири мөңгүлөрү ж-а түбөлүк кар алкагы Фергана ж-а Алай өрөөндөрүнө карай аккан сууларды толуктап турат; тоо тармактары ж-а капчыгай-өрөөндөрү малга жайыт катары пайдаланылат. Ашуулары: Талдык (3615 м), Карагушхана (3903 ж бийиктикте), Жаңыдаван (4379 м), Караказык (4495 м), Кайыңды (3997м), Теңизбай (2627 м), Текесалды (4072 м), Жиптик (4175 м), Шартдаван (3954 м). Талдык ашуусу аркылуу эл аралык маанидеги Ош – Хорог авт. жолу өтөт. Алай деген аттын келип чыгышы жөнүндө к. Жергиликтүү геогр. терминдер бөлүмүндөгү Ала макаласын. К. Матикеев

АЛАМЫШЫК ТООСУ – Ички Теңиртоодогу Нарын кырка тоосунун батыш тарабы. Нарын м-н Атбашы өрөөндөрүнүн ортосунда. Уз. 35 км, туурасы 6–20 км, басымдуу бийикт. 3000–3300 м, эң бийик жери 3399 м. Негизинен девон, карбон мезгилдеринин акиташ тегинен турат. Рельефи татаал: чыгышты көздөй ичкерип, Нарын кырка тоосуна белбаскак (Шаркыратма суусунун өрөөнү) аркылуу кошулат; борбордук бөлүгү бийик, капталдары тик (60°), тектирлүү, коолуу; батышы ичкерип басаңдап (периклиналь), Жанбулак коктусунан баштап түздүккө «чыгып» кетет. Тектон. түзүлүшү б-ча –горстантиклиналь. Түн. беттериндеги капчыгайларда карагай, бадал, түштүгүндө жарым чөлдүү кургак талаа өсүмдүктөрү, чыгышында ж-а бийик бөлүктөрүндө субальп тулаңы өсөт. Тоо беттериндеги аска таштарда сүрөт чиймелер, акиташтуу жерлеринде үңкүрлөр бар. Анын эң бийик чокусуна ретрансляциялык телекөрсөтүү ст. курулган.

АЛАШ ТОО – Бабашата кырка тоосунун түш.-батыш тармагы. Майлысуу ж-а Шайдансай сууларынын аралыгында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 8 км. Орт. бийикт. 2700–3000 м, эң бийик жери 3574 м. Кыры аска-зоокалуу, капталдары кыска ж-а тик (40–50°), кокту-колоттуу. Силур, девон ж-а карбон мезгилдериндеги чөкмө тектердин (спилит, акиташ теги, конгломерат, кумдук, андезит, порфирит ж-а метаморфизмделген кристаллдуу акиташ теги) бүктөлүүлөргө дуушарланышынан пайда болгон горст-антиклиналь. Мисте бадалдуу талаа ж-а шалбаалуу талаа (1800–1900 м бийиктикке чейин), шалбаалуу жаңгак токой (2400–2900 мге чейин), субальп, альп шалбаа ж-а шалбаалуу талаа (3000–3100 мге чейин) ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

АЛМАЛЫ ТООСУ – Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Исфана өрөөнүнүн түндүгүндө, Карасуу ж-а Кожобакырган сууларынын аралыгында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 6–7 км. Орт. бийикт. 1700–1850 м, эң бийик жери 1935 м. Жону жайпак, капталдары жантайыңкы, бирок кыска, жардуу тик аскалар да кездешет. Девон ж-а карбон мезгилдеринин акиташ теги, доломит, тектеринен турат. Көмүр кендери бар. Чөл, жарым чөл ж-а кургак талаа (шыбак, баялыш, бетеге ж. б.) ландшафттары басымдуу. Кайрак айдоо, чабынды ж-а жайыт катары пайдаланылат.

АЛТЫНБЕШИК ТООСУ – Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Сарыкөгөй ж-а Лейлимазар сууларынын (Кожобакыргандын сол куймалары) аралыгында батыштан түн.-чыгышка 28–30 кмге созулуп жатат. Туурасы 6–7 км. Орт. бийикт. 3800– 4000 м, эң бийик жери 5016 м. Жону кырдуу, аскалуу, мөңгүлөрү бар. Капталдары тик, кыска ж-а терең капчыгайлар көп. Карбондун кызыл түстөгү (конгломерат, кумдук, алевролит), акиташ ж-а порфирит тектеринен турат. Тоо капталдарына шалбалуу талаа ж-а арча токою (2800–3000 м бийиктикке чейин), бетегелүү субальп, альп шалбаалуу талаасы (3200–3300 мге чейин), субнивалдык (3500–3600 мге чейин) ж-а нивалдык кар, мөңгүлүү алкактар мүнөздүү. Жайыт.

АЛТЫНКАЗЫК ТООСУ – Алай кырка тоосунун (Кичи Алай) түн. тармагы. Ноокат р-нун аймагында. Тоо кеңдик багытында Косчан, Кырккечүү сууларынын аралыгында 30–32 кмге созулуп жатат. Туурасы 4–5 км. Орт. бийикт. 2800–3300 м, эң бийик жери 4064 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгү жокко эсе. Тоо капталдары кокту-колоттуу келип, суу өрөөндөрүнө тик түшөт. Кууш ТООЛОР 3 0

АРПАНЫН АЛАТООСУ (ЖАМАНТОО) Жаманда ван аш. 7,5 0 7,5 15 км капчыгайлар да кездешет. Орографиясы б-ча эки бөлүктөн турат: батышы Алтынказык, чыгышы Гупукан деп аталат. Силурдун чополуу ж-а көмүр-лүү сланец, кумдук, алевролит тектеринен турат. Талаа (1900–2000 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу бадал (2700– 2900 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаасы (3100–3200 мге чейин), субнивалдык, нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

АРАМЗА ТООСУ – Суусамыр тоосунун түн. тармагы. Арамза ж-а Суусамыр сууларынын аралыгында кеңдик багытта 34– 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 7–9 км. Орт. бийикт. 3300–3600 м, эң бийик жери 3892 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр жокко эсе. Капталдары жантайыңкы, коктуколот, өрөөндүү. Тоонун бийик бөлүгү ордовиктин гранит интрузияларынан, Суусамыр өрөөнүнө караган жапыз бөлүгү палеоген м-н неогендин конгломерат, кумдук, алевролит, чопо, мергель тектеринен турат. Талаа ж-а шалбаа (2800–3000 мге чейин), андан жогору альп, шалбаасы, субниваль ж-а ниваль ландшафттары басымдуу. Жайыт.

АРПАНЫН АЛАТООСУ, Ж а м а н т о о – Ички Теңиртоонун түш.-батышындагы кырка тоо. Арпа өрөөнүн Алабуга – Нарын өрөөнүнөн бөлүп, кеңдик багытта созулуп жатат. Батышында Фергана тоо тизмегине туташат. Уз. 110 км, туурасы 16 км. Орт. бийикт. 4000 м, эң бийик чокусу 4737 м. Тоонун түш. капталы тик, кыска түндүгү айдөөш-жантайыңкы. Чыгыш тарабын (Бешталаа, Ортосырт) кайнозойдун борпоң тектери каптап жатат. Тоонун морфо структурасы – горст-антиклиналь, түш. ж-а түн. этектери тектон. жаракалар м-н чектешет. Арпа капчыгайы (Кептеш) Жамантоонун батышынан өтүп, аны Фергана тоо тизмегинен бөлүп турат. Тоо девондун аягы – карбондун башталышында пайда болгон, калыңдыгы 1300 мге чейин жеткен акиташ теги, доломит, кумдук, сланец, конгломерат, пермдин 1000 м калыңдыктагы слюдалуу ж-а полимиктүү кумдук, чополуу сланец тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү ж-а түн. капталдары мөңгүлүү. Тоонун түш. капталынан Сокурбулак, Кожогул, Бураначап, Үчарча, Жамандаван, Кошчапсуу, Арпанын кашкасуусу, Борлуу, Миңбугу, Кызкоргон (Арпанын оң куймалары), түндүгүнөн Ичкашкасуу, Сырткашкасуу (Алабуганын куймалары), башталат. Күнгөй беттерине субальп ж-а альп талаасы, тескей беттерине токой аралаш шалбаалуу талаа ж-а альп шалбаасы, 3600 мден жогору нивалдыкгляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

АРПАТЕКТИР ТООСУ – Талас Алатоосунун түн. тармагы. Түзашуу ж-а Желдисуу (Үчкошой суусунун сол куймалары) сууларынын аралыгында. Уз. 25 кмдей. Орт. бийикт. 2800 м, эң бийик жери 3564 м, тоонун түш.-чыгыш бийик бөлүгү кырдуу-аскалуу, түн.-батыш жапыз бөлүгү тайпак; байыркы денудациялык түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Түш.-чыгыш капталы Үчкошой суусунун өрөөнүнө жантайыңкы түшөт, түн.-батыш капталы тик ж-а кыска. Тоо соңку рифейдин метаморфизмделген порфирлүү гранит, гранит-диорит, кварцтуу диорит интрузия тектеринен, Талас өрөөнүнө жантайган жапыз бөлүгү төртүнчүлүк мезгилинин (кум, чопо ж. б.) тектеринен турат. Шалбаалуу талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадалдуу шалбаа (2800 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаасы (2800–3400 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; чабынды жерлери бар.

АРЧАЛЫ ТООСУ – Балгарт өрөөнүнүн түштүгүндөгү тоо, Кичи Нарын суусунун алабында. Уз. 28–30 км. Орт. бийикт. 4000– 4200 м, эң бийик жери 4412 м. Тоо бети аскалуу, чыгыш жагы (Айкөл, Жаманечки) бийик, батышы жапыз, структурасы б-ча Капкаташ кырка тоосу м-н кошулат. Түзүлүшү б-ча горст-антиклиналь. Негизинен гранит ж-а кумдук, акиташ тектеринен турат. Түн. бети мөңгүлүү. Тоо капталындарынын этегинде талаа өсүмдүктөрү басымдуу.

АТБАШЫ КЫРКА ТООСУ – Ички Теңиртоонун түш. бөлүгүндөгү кырка тоо. Түн.чыгыштан (Кынды ашуусунан) түш.-батышка (Түз ашууга чейин) 140 кмге созулуп жатат. Туурасы 30 кмге чейин. Орт. бийикт. 4280 м, эң бийик жери 4786 м (Желтегирмен чокусу). Кырка тоо түн.-чыгыштан түш.батышка карай улам бийиктеп, Терексуу тушта кайрадан жапыздайт. Капталдарында суу өрөөндөрү, суу жеп кеткен кокту-колоттор, жыбыт-жылгалар көп. Кыр тилкелеринде чакан мөңгүлөр кездешет. Бул тилкеде мөңгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары – тепши сымал өрөөндөр, төрлөр бар. Шоңшойгон шиш чокулары, тоо тектеринин сыныктарынын эшилмелери кеңири таралган. Кырка тоонун негизин кембрийге чейинки ж-а кембрий, силур, девон, таш көмүр, пермь мезгилдеринде пайда болгон тоо тектер (гнейс, сланец, конгломерат, кумдук, акиташ теги, мрамор, туф, порфирит) түзөт. Тоо аралык ойдуңдар м-н суу өрөөндөрүндө төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон аллювий ж-а морена тектери топтолгон. Интрузия тоо тектеринен габбро-диабаз, диорит, гранит-диорит, гранит ж-а сиениттер бар. Атбашы антиклинорийи – кырка тоонун тектон. негизги структурасы. Кен байлыктары: сымап (Ташрабат, Шырыкты, Акбейит), коргошун, никель, мрамор, курулуш материалдары ж. б. Неотектоникасы б-ча горст-мегантиклиналь. Байыркы муз каптоонун издери Ачакайыңды, Четкелтебек, Богошту, Башкайыңды, Ташрабат, Шырыкты сууларынын төрлөрүндө кездешет. А. к. т-нда жалпы аянты 106,2 км2 келген 149 мөңгү бар. Анын 52,8 км2 түн. капталында. Ирилери: Кошкараташ, Мустабас, Ачакайыңды, Туюкбогошту. Атбашы өрөөнүнүн Аксай жайлоосуна мал ашуучу ашуулар бар: Жолбогошту (3907 м бийиктикте), Үйүрмө (3801 м), Ташрабат (3968 м), Жеңичке (4063 м). Түш. капталы негизинен субальп, альп, талаа (3600–3900 м), бийик субнивалдык, нивалдык (3900–4300 м), түн. бети тоолуу талаа (2400– 2700 м), тоолуу шалбаа (2700–3000 м), токой (карагай ж. б., 2900–3400 м), субальп, альп шалбаасы (3400–3800 м), субниваль ж-а ниваль (3800–4300 м) ландшафтуу; батыш тарабында каксоо келип, тоолуу талаа, субальп, альп ландшафт алкактары мүнөздүү.

АТОЙНОК КЫРКА ТООСУ Батыш Теңиртоодо. Карасуу (оң), Каракулжа сууларынын (Узунакматтын оң куймасы) ж-а Нарындын төмөнкү куймаларынын (Итсай, Аксайбашы, Токтобексай, Томатерек ж. б.) ортосунда. Талас Алатоосу м-н Чаткал кырка тоосу тутумдашкан жерден түш.-чыгышка карай (Нарын д-на чейин) 70 кмге ийилип жатат; туурасы 16 км, орт. бийикт. 3300 м, эң бийик жери 3896 м. Тоонун суу бөлгүчү тик, аскалуу, ортоңку бийик бөлүгүндө байыркы мөңгүнүн калдыктары – тепши сымал өрөөндөр, төрлөр, мореналар кездешет. Түн. капталы кыска, терең тилмеленген тар капчыгайлуу келип, Каракулжа суусуна тик түшөт. Түш. ж-а түш.-чыгыш капталдары жазыраак, капчыгайлуу, тарамдашкан жарлуу тоо тармактарын түзүп, Карасууга (оң) ж-а Нарын д-на акырындап эңкейиштейт. Ортоңку девондун, карбондун 1700 мге чейинки калыңдыктагы кумдук, алевролит, сланец, акиташ, конгломерат тектеринен турат; алар кеңдик багыттагы тектон. жаракалар м-н бөлүнгөн. Тоодон Каракулжа, Узунакмат, Карасуу (оң), Нарын д-нын көптөгөн куймалары башталат. Түн. капталында аянты 4–5 км2 келген көл бар. Ландшафты бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт: жарым чөл ж-а талаа (2200 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2400 мге чейин), жаңгак-жемиш токой аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2800 мге чейин), карагай, ак карагайлуу шалбаа (3000 мге чейин), субальп, альп шалбаасы (3600 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; жаңгак ж-а ар кандай мөмөжемиштер жыйналат. Кооз табиятын рекреацияда кеңири пайдаланууга болот.

АЧАТАШ ТООСУ Молдотоо тизмегине кирет. Соңкөл өрөөнүнүн түш.-чыгышында. Уз. 30 км. Орт. бийикт. 3800–3900 м, эң бийик чокусу 3980 м. Палеозойдун чополуу сланец, кварцит, акиташ ж-а кычкыл тоо тектеринин интрузияларынан түзүлгөн. Тоонун ортоңку бийик бөлүгү мөңгүлүү. Мөңгүлөрдөн Каратал, Аккудук, Кайыңды, Үчбулак суулары (Нарындын алабы) башталат. А. т-нун түн. этегинде ж-а нымдуу батыш капталдарында (3100–3500 м бийиктикте) субальп ж-а альп шибери, айрым жерлеринде карагай өсөт. 3600 мден жогору кар, мөңгүлүү. Түш. бети каксоо. Жайыт.

АЧЫКТАШ ТООСУ – Чоң Алай кырка тоосунун түн. тармагы. Ачыкташ ж-а Туюксуу сууларынын (Кызылсуунун сол куймалары) аралыгында дого сымал түштүктөн түндүккө 21 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км. Орт. бийикт. 4500–4700 м, эң бийик жери 5920 м. Тоонун кыры ж-а Чоң Алай кырка тоосуна тутумдашкан жери мөңгүлүү. Түндүктү карай жапыздайт. Капталдары кыска, терең капчыгайлуу. Пермь ж-а триас мезгилдеринин конгломерат, кумдук, гравелит, туф, чополуу сланец тектеринен турат. Кар-мөңгүлүү ж-а тоо субнивалдык ландшафты басымдуу; альп шалбаасы м-н талаа өсүмдүктөрү да кездешет. Жайыт.

АШУУТӨР ТООСУ Тескей Алатоонун чыгышын улап, Меридиан кырка тоосуна такалат. Кыргыз Республикасы м-н Казакстандын чек арасы б-ча созулуп жатат. Уз. 32 км, туурасы 8 км. Орт. бийикт. 5000 м, эң бийик жери 6637 м (чыгышында). Ашуутөр ж-а Сарыжаз өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийикт. 1000–2500 м. А. т. – асимметрия түзүлүштөгү антиклиналдык тоо. Түш. капталы кыска ж-а тик; тепши сымал өрөөндөрүнүн төрү касаба зоокалуу. Түн. капталы узун, жантайыңкы. Кырларында байыркы түздүктөрдүн калдыктары бар. Төртүнчүлүк мезгилдин байыркы мөңгүлөрдүн борбору болгон. Тоо төмөнкү карбондун акиташ теги, кум, шагыл, порфирит, диабаз ж. б. тектерден түзүлгөн. Тоодо Ашуутөр (3933 м), Көкжар (3009 м), Каскатөр (3529 м) сыяктуу ашуулары бар. Мөңгүлүү (айрыкча чыгыш бөлүгү); ирилери: Семенов, Ашуутөр ж. б. 3000–3200 м бийиктикте кара-күрөң топуракта доңуз сырттуу шалбаа, андан жогору күрөң топурактагы шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү, 3400–3600 мден жогорку кар, мөңгүлүү зонада жаздык сымал өсүмдүктөр өсөт.

Кыргыз тоолору
Кыргыз тоолору

БАБАТА КЫРКА ТООСУ – Тескей Алатоонун батышында. Түндүгүнөн Кочкор, түштүгүнөн Базартурук ж-а Төлөк өрөөндөрү м-н чектешет. Уз. 45 км, орт. бийикт. 4100– 4300 м, эң бийик жери Бабата чокусу (4400 м). Палеозойдун кристаллдык ж-а гранит тоо тектеринен турат. Рельефи татаал, 4000 мден жогору нивалдык-гляциалдык формалар мүнөздүү. Капталдары тик (35–40°), батышы аскалуу. Чыгыш бөлүгү басаңдап, Карагатты, Сандык тоолоруна өтөт, борб. бөлүгү мөңгүлүү. Тескей капталынан бир нече майда суу (Кошкөл, Бөрүлүбулак ж.б.) агып түшүп, Узунбулак суусуна куят. Бөгүлмөбулак ж-а Көлбулак өзөндөрүндө бөгөлмө көлдөр бар. Батышы ичкерип, Кызарт белине барып такалат. Түзүлүшү б-ча кыска горст-мегантиклиналь. Түн. этегинен тектон. жарака өтөт. Муз доорунда тоонун үстү ири муз калканы м-н капталган. Түш. капталы каксоо, талаа чөптөрү (бетеге, шыбак ж. б.) өсөт; чыгышындагы коктулары майда бадалдуу. Түн. беттерине талаа (2600–3200 м), субальп шалбаалуу талаа (3200–3600 м), альп шалбаа (3600– 3800 м), субниваль (3800–4200 м), нивалдыкгляциалдык ландшафттары (4200–4400 м) мүнөздүү. Жайыт.

БАБАШАТА КЫРКА ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түн.-батыш бөлүгү. Унтама, Алаштоо, Ангырактоо массивдеринен турат. Батышынан Нарын д., чыгышынан Карүңкүр суусунун алабы, түштүгүнөн Фергана өрөөнү м-н чектешет. Орт. бийикт. 3480 м, эң бийик жери Бабашата чокусу (4427 м), уз. 70 кмдей, туурасы 25 км. Түн.-чыгышы түш.-батышынан бийигирээк, зоокалуу чокулары мөңгүлүү; түш.-батыш жагы жапызыраак. Каптал беттери аскалуу, шагыл таштуу ж-а урандылуу. Түзүлүшү б-ча горст-моноклиналь. Палеозойдун сланец ж-а акиташ тектеринен түзүлгөн. Кышы узак, суук, жайы салкын. Жылдык жаан-чачыны 500–800 мм. Алаштоодогу кайкыда саздар ж-а башаттар көп. Майлысай, Карүңкүр ж. б. суулар Бабашатадан башталат. Кырка тоонун түш., түш.-чыгыш капталдарына кургак талаа (800–1000 м), талаа ж-а шалбаалуу талаа (1000–1700 м), токой, бийик чөптүү шалбаа (1700–2800 м), субальп (2800–3000 м), альп шалбаасы (3000–3500 м), гляциалдыкнивалдык (3500 мден өйдө); түн.-батыш капталдарына талаа (1000–1700 м), шалбаалуу талаа ж-а шалбаа (1700–3000 м), субальп ж-а альп шалбаа (3000–3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Алма, алча өңдүү жапайы дарактар, жаңгак токою (Арстанбап, Кызылүңкүр өрөөндөрүндө) жыш. Малга жайлуу.

БАЙБИЧЕНИН СООРУСУ – Кыргыз Алатоосунун түн.-чыгыш четиндеги тоо. Чыгыштан батышка 18 кмге созулат, туурасы 3–5 км. Орт. бийикт. 1700–2000 м, эң бийик жери 2254 м. Түзүлүшү б-ча горст-антиклиналь. Түш. капталы тик ж-а чолок, түндүгү жантайыңкы. Үстү жон сымал келип, байыркы денудациялык рельефтен турат. Түн. бетин ж-а жонун шалбаалуу талаа, чыгыш ж-а түш. капталдарын кургак талаа ландшафттары ээлейт. Түндүгүндө Бөрүбай, түштүгүндө Желаргы өрөөндөрү жайгашкан.

БАЙБИЧЕТОО – Ички Теңиртоодогу тоо; Каратоонун уландысы. Орто Нарын ж-а Атбашы өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз. 140 км, туурасы 13 км. Орт. бийикт. 3890 м, эң бийик жери 4337 м. Палеозойдун акиташ, сланец ж-а гранит тектеринен турат. Түзүлүшү б-ча горст-антиклиналь. Чыгыш тарабы кууш коктулуу. Тоону кесип өткөн антецедент капчыгайлары (Карабук, Актал, Учкун, Терек) бар. Кыры тайпак, мөңгү жок. Түн.чыгыш капталдарынын айрым жерлеринде токой (карагай, бадал), колотторунда субальп өсүмдүктөрү (3100–3300 м), түш. күнөстүү беттеринде бетеге, шыбак, доңуз сырты өсөт. Малга жайлуу. Б. аркылуу Баетов кышнан Ортосыртка авт. жолу өтөт.

БАЙДУЛУ ТООСУ Ички Теңиртоодо. Капкаташ тоосуна уланып, Кумбел ашуусунан батышты карай Карүңкүр (Оттук суусу) капчыгайына чейин созулуп жатат. Каракужур, Солтонсары өрөөндөрүн Оттук, Онарча өрөөндөрүнөн бөлүп турат. Уз. 56 км, туурасы 11 км, Оттук кыш. тушта 30 кмге чейин. Орт. бийикт. 3790 м. эң бийик жери 4167 м (Онарча чокусу). Ортоңку бөлүгүн Солтонсары өрөөнү кесип өтөт. Батыш жагы жапыз, аскалуу. Түн. капталы кыска, тик, түштүк (Оттук өрөөнүнө караган бети) узун, жантайыңкы. Этеги адырлуу. Өрөөн, кокту-колоттуу. Бийигирээк чыгыш бөлүгүндө тоонун тескей тарабы тескерисинче жантайыңкы күнгөйү тик. Жондорунда ж-а капталдарында тегиз, тайпак жерлер бар. Байыркы муз каптоолордун издери байкалат. Негизинен девон м-н карбондун чаар ж-а кызгылт кумдук, конгломерат, сланец, мергель, алевролит, акиташ тектеринен түзүлгөн. Аларды жогорку карбондун гранит-диорит, гранит-сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоонун тектон. ички структурасы – анын кыры м-н жарыш багытта жайланышкан Байдулу синклиналы. Ал түндүгүнөн Акташ, түштүгүнөн Түш. Соңкөл – Көкташ тектон. терең жаракалары м-н чектелген. Кен байлыктары: шеелит (Кумбел, Карүңкүр), кобальт (Музтөр), вольфрам. Түн. капталдарына түркүн чөпдоңуз сырттуу субальп (2800–3100 м бийиктикте), альп шалбаасы (3200 мден жогору), күнгөй беттерине бетегелүү талаа, түркүн чөп-бетегелүү шалбаалуу талаа (2500– 3200 м), бетеге-доңуз сырттуу субальп (3200– 3500 м), альп шалбаалуу талаа (3500 мден жогору), 3800 мден өйдө бийик кырларга нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Тоонун күнгөй тарабындагы терең кууш өрөөндөрдү ж-а Онарчага караган беттеринде суйдаң карагай токойлору, бадалдуу черлер бар. Жайлоо; күнгөй бетиндеги ыктоо жерлери кыштоо катары пайдаланылат.

БАЙТАК ТОО – Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Баткен өрөөнүнүн түш. тарабында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орт. бийиктиги 1600– 1700 м, эң бийик жери 1936 м. Кыры тайпак, капталдары тик ж-а кыска. Бор мезгилинин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, гипс, акиташ тектеринен турат. Кургак талаа, жарым чөл ландшафтары басымдуу. Жайык капталдарына кайрак эгин айдалат; чөп чабынды ж-а жайыт катары пайдаланылат.

БАЛГАРТ ТООСУ  Тескей Алатоодо, түндүгүнөн Үчемчек, түштүгүнөн Буркан сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Жерг. эл «Төнөктоо» деп да атайт. Уз. 45 км, туурасы 8–10 км, орт. бийикт. 4000 м. Генезистик тиби – горст-антиклиналь. Палеозойдун кумдук, акиташ тектеринен турат. Чыгыш бөлүгүндө байыркы муз м-н жылмаланган тайпак чокулар бар. Батышка карай бийиктеп, тоо кырларында мөңгү жатат. Тескейи зоокалуу ж-а мөңгүлүү, майда суулар м-н тилмеленген. Күнгөй бетинде төрлөр бар. Б. т-на альп шалбаасы, субнивалдык ж-а нивалдык ландшафттар мүнөздүү.

Кыргыз тоолору
Кыргыз тоолору

БАЛЫКТЫ ТООСУ Ички Теңиртоодо, Соңкөл тоосунун батышында. Жумгал ж-а Соңкөл өрөөндөрүнүн аралыгынан орун алган. Жумгал р-нун аймагында. Уз. 24–25 км, туурасы 8– 10 км. Орт. бийикт. 2800–3000 м, эң бийик жери 3400 м. Жону тайпак түзөң. Чыгыш капталы кыска, Соңкөл өрөөнүнө акырындап жантаят, батышы узун, Жумгал өрөөнүн карай бир аз тигирээк түшүп, кокту-колот, майда капчыгайлар көп. Тоо ордовик ж-а карбондун кумдук, сланец, порфирит, туф, акиташ тектеринен түзүлгөн. Негизинен субальп, альп шалбаалуу талаа ж-а шалбаа ландшафтары басымдуу. Жайыт.

БАСБӨЛТӨК, Б а й т и к т и н Б а с б ө л т ө г ү , Б о з б ө л т ө к – Кыргыз Алатоосунун этегиндеги бөксө тоо. Аларча суусунун тоодон чыга беришинде Бишкек ш-нан 3–6 км түш.батышта жайгашкан. Абс. бийикт. 950–2100 м. Түн. жагы жазы (5 км), түш. карай кыска, бирок жантайыңкы. Үстү жайык плато; түн. тарабы тектон. жаракалар ж-а жарлар м-н чектешет; чыгыш капталы тектирлүү. Тоонун үстүнкү кыртышы лёсстуу кумай топурак, асты неогендин чопо, шагыл-таштар, конгломераттарынан турат. Шы б а к -эфемерлүү жарым чөл (түн.), кылканактуу-түркүн чөптүү талаа, шалбаалуу-талаа өсүмдүктөрү, коктуларда бадалдар өсөт. Түн. ж-а чыгыш капталдарына, тектирлерге бак-дарак (мисте, каражыгач, өрүк ж. б.) тигилген. Жайыт.

БАУК ТООСУ – Молдотоонун түш. тармагы. Куртка, Көлсуу, Бооралбас, Шорго, Аккөлсуу (Нарындын оң куймалары) сууларынын алабында кеңдик багытта ийилип жатат. Уз. 28 км, туурасы 8 км. Орт. бийикт. 3000 м, эң бийик жери 3388 м. Тоонун кыры түзөң, түн. капталы кыска, Куртка суусунун өрөөнүнө тик түшөт, түштүгү жазы, терең тилмеленип, жарлуу. Батыш бөлүгү Куртка суусуна тик түшүп, терең капчыгайды пайда кылат. Тоонун чыгыш бөлүгү Ачаташ тоосуна уланып кетет. Капталдарына кургак талаа, субальп талаасы ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Жайыт.

БЕЛИСЫНЫК ТООСУ Түш. Теңиртоодо, Фергана өрөөнүнүн түштүгүндө. Кожобакырган суусунун чыгышында дого сымал кеңдик багытта 26 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы 11 км. Орт. бийикт. 1100– 1300 м, эң бийик жери 1571 м. Кыры тайпак, Кожобакырган өрөөнү тарабынын батыш капталы тик ж-а кыска, түн. ж-а түш. беттери Фергана ж-а Ташрабат өрөөндөрүн карай жантайыңкы. Палеоген ж-а неогендин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, алевролит ж. б. тектеринен турат. Тоого чөл, жарым чөл, кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Капталдарына кайрак эгин айдалат; чабынды ж-а жайыт.

БЕЛКАМЫШ ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Өзгөн р-нун аймагында. Улуучат ж-а Карадөбө сууларынын (Жазынын оң куймалары) аралыгында түш.-батыштан түн.-чыгышты карай 26 кмге созулат. Туурасы 8 км. Орт. бийикт. 2500–2800 м, эң бийик жери 3753 м. Кыры тайпак, капталдары кыска, Улуучат ж-а Карадөбө капчыгайларына тик (40–50°) түшүп, көптөгөн кокту-колоттордон турат. Бийик түн.-чыгыш бөлүгү юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит, жапыз түш.-батышы девондун кумдук, сланец тектеринен түзүлгөн. Көмүр кендери бар. Шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү, бийик чөптүү шалбаа аралаш өскөн бадалдуу токою басымдуу. Бийик тоолордо субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары кездешет. Токой чарбасы бар. Жайыт.

БЕШКЕЖИГЕ ТООСУ – Академик Адышев атн. кырка тоонун бир тармагы. Түштүгү Талдык ашуусу ж-а Алай өрөөнү, түндүгү Сөгөт түздүгү, чыгышы Көксуу тоосу, батышы Арчалы, Акбосого (Гүлчөнүн алабы) түздүктөрү м-н чектешип меридиан багытында 30 кмдей созулуп жатат. Орт. бийикт. 2900 м, эң бийик жери 4243 м. Түштүктөн түндүктү карай жапыздайт. Б. т. бири-биринен терең ж-а кууш капчыгайлар м-н бөлүнгөн чакан беш тоодон (Катыр, Тулга, Кала, Өлбөс ж-а Көлкежиге) турат. Палеозойдун акиташ теги, бор мезгилинин кызыл түстөгү конгломераттуу аскалары, тоо этеги төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектеринен турат. Тоонун батыш капталы тик, аскалуу, чыгышы жантайыңкы. Батышына токой (2700–3000 м), альп шалбаасы (3000–4300 м), чыгышына субальп ж-а альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

БИКИРТИК – Борб. Теңиртоодо бийик (3100–4800 м) тоолуу аймак. Какшаал тоо тизмегинин түн.-чыгышында. Анын өтө бийик Акзоо (батышта), Айрытөр (чыгышта), Бикиртик (түштүктө) ж. б. тоолорун кар мөңгү баскан. Бул аймакка аркайган асказоокалуу жылаңач тоолор, куюлган корум таштуу рельеф мүнөздүү. Айрым жерлерде (түш., түн.-чыгышта) тайпак пенеплендүү тоолор кезигет. Негизги морфоструктуралар ортоңку палеозойдун түрдүү түстөгү кристаллдашкан чөкмө тектеринен турат. Түндүктөгү жапыз (Чолоккапчыгайга жакын) жагы миоцен-плиоцендин конгломерат, кумдук, алевролит, мергель, өтө бийик түш. бөлүгү девондун калыңдыгы 2300 мге жеткен кумдук, сланец, алевролит тектеринен түзүлгөн. Какшаалдын кырында Бикиртик бели (бийикт. 4358 м) жайгашкан. Бикиртик суусу (уз. 29 км) Чолоккапчыгайдын (Акшыйрактын алабы) оң куймасы; өтө кууш терең капчыгай м-н агат. Ага кар, мөңгүдөн башталган суусу мол бир катар суулар (чыгыштан Айрытөр, Майтөр, Ичкетөр, батыштан Карабел) куят. Тоолордун күнгөйүнө бийик тоолуу талаа, тескейине шалбаа, түндүктөгү жапыз жагына кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Топоним адабиятта, топогр. карталарда Бакирти, Бекертык, Бекирти, Бикиртти, Пикертык, Пиккертык деген аттар м-н башаламан берилип жүрөт. Үчтурпандыктар Бикиртик ашуусун – К ү к ү р т ү к деп аташат.

БОЗБУТОО Чаткал кырка тоосу м-н Нарын д-нын аралыгынан орун алган. Чыгыш жагындагы Атойнок тоосунан Карасуу суусу бөлүп турат; батыш жагы жапыздап, Пишкаран ойдуңчасына өтөт. Уз. 30 км, туурасы 14 км, эң бийик жери–Шилби чокусу (2876 м). Тоонун негизин палеозой заманынын порфир, туф ж-а кумдук, акиташ тоо тектери түзөт, капталдарында мезозой чөкмөлөрү жатат. Түш. этектерин палеогендин кызыл чополуу тектеринен турган адырлар ээлейт. Жарым чөл, кургак ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыттуу түш.-батыш этегинде (Майлысай) мунай кени бар.

БОЗЖАЛПАК ТООСУ Борколдой тоосунун түш.-чыгышында. Батышы м-н түндүгүнөн Борколдой, Баралбас өрөөндөрү, түштүгүнөн Бозжалпак ойдуңу м-н чектешет. Чыгышы Карабел (түш.) ж-а Миңтеке (түн.) өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз. 38 км, туурасы 6–12 км. Орт. бийикт. 4100 м, эң бийик чокусу 4447 м (Бозжалпак суусунун башталышында). Асимметриялык түзүлүштө: түш. капталы тик, кыска; түндүгү жантайыңкы. Эки капталында тең тепши сымал туюк өрөөндөр бар. Кыр бөлүгүндө байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Төмөнкү ж-а ортоңку карбондун сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Тоонун түш. капталы каксоо; тик капталдуу аскалардын этегинде, эшилген шагыл кумдарда баялыш, чекенде, түн. капталында (3200–4000 м бийиктикте) кара-күрөң топуракта каракыяк, теңиртоо бетегеси, шыбактуу доңуз сырты, жылгын ж. б.; андан жогору (4000–4300 м) субальп ж-а альп өсүмдүктөрү (бетеге, теңиртоо чыйпылдагы, таракбаш, боз терескен, кылкандуу күдүү, айгыржыгар ж. б.) өсөт. Жайыт.

БОЗКЫР  КЫРКА ТООСУ – Какшаал тоо тизмегинин Сарыжаз капчыгайынан Меридиан кырка тоосуна чейинки чыгыш бөлүгү. Уз. 85 км, туурасы чыгышында 40– 50 км, батышында 15–20 км. Орт. бийикт. 5000–6000 м, эң бийик жери 7439 м (Жеңиш чокусу). Генезистик тиби б-ча горст-антиклиналь. Негизинен палеозойдун акиташ теги, сланец ж-а мрамор тоо тектеринен турат. Тоонун чыгыш бөлүгү туташ жаткан кар ж-а мөңгүлөр м-н капталган. Эң ири мөңгүлөрү: Түш. Эңилчек ж-а анын сол тармактары – Жылдызча, Жапайы ж. б.; Кайыңды, Көйкап, Темирсуу (түш. капталында). Түн. капталында гляциалдык-нивалдык ландшафт басымдуу. Альп ж-а субальп шалбаа алкактары батышында гана бар. Түш. капталы чөлдүн гляциалдык-нивалдыкка чейинки алкактардан турат.

БООРАЛБАС КЫРКА ТООСУ, И т е л г и у я т о о с у – Ички Теңиртоодогу кырка тоо. Соңкөл өрөөнүнүн түш. жагында батыштан чыгышка карай созулуп жатат. Уз. 70 км. Бирин бири далдалаган ж-а өзүнчө обочолонуп жаткан эки кырка тоодон турат (Бооралбас, Ителгиуя). Орт. бийикт. 3500 м. Эң бийик жери 3980 м (Ителгиуя чокусу). Девон м-н карбондун боз ж-а кызыл түстөгү карбонаттуу терриген тектеринен, айрым жерлери кембрий, ордовиктин көмүртектүү сланец ж-а карбонаттуу катмарларынан түзүлгөн. Түн. капталдары м-н кыр жагында астыңкы палеозойдун гранит интрузиялары басымдуулук кылат. Б. к. тнун. борб. бөлүгү өтө бийик келип, батышты ж-а чыгышты карай жапыздайт. Түш. капталдары тик, кемерлүү, түн. тарабы анча тик эмес, Соңкөлгө карай этек жагы жантайып кетет. Айрым жерлеринде байыркы денудациялык тегиздиктер кездешет. Таманы тегиз өрөөндөр ж-а аларды бөлүп турган жапыз жондор көлдү карай эңкейиштейт. Ителгиуянын күнгөй бети тик, тескейи жантайыңкы; кырларында айдөөш тегиздиктер даана байкалат. Б. к. т-нда байыркы мөңгүлөрдүн издери кеңири таралган; азыркы мөңгүлөр жок. Ландшафттары бийиктикке ж-а тоо капталдарынын экспозициясына жараша өзгөрөт. Тескей капталдарын 3150 м бийиктикке чейин түркүн чөптүү (шимүүр, каз таман, көбүргөн) субальп, андан жогору альп шалбаалары (түркүн гүлдүү чөптөр, доңуз сырт) ээлейт. Соңкөлгө такалган этегинде өлөң чөп, саздуу шалбаа басымдуу. Күнгөй беттерине бетегелүү (тоо сулу, казтаман, шимүүр ж. б.), түркүн чөптүү талаа (2500–3000 м), жапалак арча, бадалдар (төө куйрук, табылгы), бетеге, түркүн чөптөр аралаш өскөн субальп (3000–3500 м) ж-а альп шалбаалуу талаа (3500 мден жогору) зоналары мүнөздүү. Куртка өрөөнүндө тоонун Кажырты суусуна караган бетеринде карагай токоюнун массивдери бар. Жайлоо.

БООРАЛБАС ТООСУ – Алайкуу кырка тоосунун бир тармагы. Теректоодон Ойбала түздүгү ж-а Жарыкбел ашуусу аркылуу бөлүнүп, түш.-чыгыштан түн.-батышты карай 20 кмдей созулуп жатат. Орт. бийикт. 3700 м, эң бийик жери 5200 м (Жарыкбел чокусу). Палеозойдун акиташ теги, сланец, гнейс, мрамор ж-а гранит тоо тектеринен турат. Тоо кыры түн.-батыштан түш.-чыгышты карай бийиктеп, өз алдынча бир нече тоо массивдерине (Бекетай, Кичи Бооралбас, Чоң Бооралбас, Жолжылга ж. б.) бөлүнөт. Капталдары тик, кокту-колот, капчыгайлуу, аскалуу; муз доорунда тегизделген тайпак кырлуу рельеф мүнөздүү. Жарыкбел, Кызылагын ж. б. мөңгүлөрү бар. Тоонун ландшафты бийиктик б-ча каптал экспозицияларына жараша түндүктөн түштүккө карай өзгөрөт. Негизинен токойлуу талаа (2500–2700 м бийиктикте), токой (2700– 3200 м), субальп ж-а альп шалбаасы (3200– 3900 м), кар-мөңгүлүү ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

БОРДУТОО – Тескей Алатоонун түш. тармагы. Борду, Ээрташ, Караколтөр ж-а Көөлү сууларынын аралыгында дого сымал түштүктөн түн.-батышка 25 кмге чейин созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 4300–4600 м, эң бийик жери 4849 м. Кыры мөңгүлөр м-н капталган, жалама аска-зоолор бар. Капталдары тик, терең капчыгайлуу. Үстүнкү протерозойдун калыңдыгы 2400– 3000 м келген мраморлуу ж-а доломиттүү акиташ теги, сланец, кварцит тектеринен турат. Этегиндеги субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафты 3300 мден жогору субнивалдык талаага ж-а гляциалдыкнивалдык алкакка өтөт.

Кыргыз тоолору
Кыргыз тоолору

БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ Борб. ж-а Ички Теңиртоонун аймагында. Түндүгүнөн Каракол, Чакыркорум, Үзөңгүкууштуюк, Борколдой, түштүгүнөн Чоң Үзөңгүкууш, Кичи Үзөңгүкууш, Бозжалпак сууларынын Өрөөндөрү м-н чектешет. Көбүргөнтү ашуусунан (3907 м бийиктикте) Бозжалпак суусунун башталышына чейин 90 км аралыкта кеңдик багытында созулуп жатат. Бийик чокусу Жагалмай мөңгүсүнүн төрүндө 5170 м, орт. бийикт. 4500 м, туурасы 34 км. Ашуулары: Борколдой (4000 м), Ашуусуу (3640 м), Тепши (4121 м). Кырка тоо үстүнкү силурдун ж-а астыңкы карбондун акиташ теги, мрамор, метаморфизмделген сланец, мраморлошкон акиташ теги, базальт, порфир, диабаз, карбондун кызыл түстүү тектеринен, кумдук, акиташ теги, метаморфизмделген сланец тектеринен түзүлгөн. Алар неоген-антропогенде тектон. жарака б-ча көтөрүлүп, кеңдик багытында созулган антиклиналдык түзүлүшкө ээ болгон. Түзүлүшү асимметриялуу: түн. капталы кыска, түштүгү узун. Рельефине ярустуулук мүнөздүү. Жогорку ярусу – байыркы түздүктүн калдыгы (4000–5000 м бийиктикте), байыркы ж-а азыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон туюк төрлөрдөн туруп, алардын тамандарын азыркы мөңгүлөр ээлейт. Ортоңку ярусу – неоген м-н төртүнчүлүк мезгилинин башталышында 2-тектон. кыймылда көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн натыйжасында калыптанган 3 тектир ж-а аларды бөлүп турган кашаттар. Төмөнкү ярусу төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан түзүлө баштаган тектирлерден ж-а V формасындагы терең, тик капталдуу капчыгайлардан турат. Суулардын жогорку бөлүгүндө мөңгүлөрдүн жылышынан тепши сымал өрөөндөр түзүлгөн. Ландшафты бийиктик зоналуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт; чөл ж-а кургак талаа (2600–2800 м бийиктикте; шыбак, баялыш, чекенде), талаа (2700–4000 м; бетеге, жылгын, сулу, шыбак ж. б.), субальп шалбаасы (2800– 4000 м; чекилдек, чыйпылдак, тарабаш, боз терескен, кылкандуу көдөө, айгыржыгар ж.б.), альп шалбаасы (2900–4200 м; ыраң, доңуз сырты ж. б.), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Д. Исаев

БОСОГОАКТАШ ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Карабел, Кулун ж-а Тар сууларынын алабында кеңдик багытта жатат. Уз. 20 км, туурасы 6–7 км, орт. бийикт. 3300 м, эң бийик жери 3983 м. Кыры аскалуу, туш тарапка тармактанып кетет. Капталдары майда кокту-колоттуу, тик. Этек бөлүгү шагылдуу. Кургак талаа (2400 мге чейин), талаа ж-а бадал аралаш шалбаалуу талаа (2400–2900 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (2900–3400 м) ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

БОТОМОЙНОК – Какшаал тоо тизмегине кирген, Аксай өрөөнүнүн түш.-чыгышта, Көккыя м-н Корумду сууларынын баш жагында жайгашкан кырка тоо, ашуу, суу. Ортоңку палеозойдун (девондун аягы, таш көмүр мезгилинин башы) кумдук, конгломерат, сланец, мергель, акиташ теги ж.б. турган бийик тоолуу аймак. Рельефине тайпак, пенеплендешкен формалар мүнөздүү. Айрым чокулары 4200–4300 мге чейин көтөрүлөт. Талаа, шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. Жайытка, аңчылыкка ылайык. Б-тун белинен (4020 м) илгери кербен жол өткөн.

БӨРҮБАШ ДӨҢСӨӨСҮ Ысыккөл өрөөнүнүн түш.-чыгышында. Каракол м-н Ырдык сууларынын төм. агымдарынын аралыгында Ысыккөлдүн Жыргалаң булуңунун түштүгүн жээктей 6 кмге созулуп жатат. Бийикт. 1812 м. Плиоцендин ж-а төртүнчүлүк мезгилдин мергель, чопо, кумдук, о. эле борпоң чөкмө тектеринен турат. Жону тайпак, балык жондонуп, батышты көздөй акырындык м-н жапыздайт. Асимметриялык түзүлүштөгү дөңсөө: түн. капталы кыска ж-а жапыз, түштүгү тик ж-а узун, айдөш. Капталдарында кургак сайлар ж-а аңдар көп кездешет. Жарым чөл-кургак талаа ландшафты мүнөздүү. Кыштоо; чабынды жерлери да бар. Дөңсөөгө жакын Н. М. Пржевальскийдин мемориал музейи, Х.К. Карасаевдин бейити жайгашкан.

БУРАКАН ТООСУ – Тескей Алатоонун түн. тармагы, Аксуу ж-а Жергес сууларынын аралыгында. Түн.түн.-чыгыштан түш.түш.-батышка 23–25 кмге дого сымал созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 3500–4000 м, эң бийик жери 4716 м (Таштанбектөрбашы чокусу). Тоонун кыры асказоокалуу, ири мөңгүлөр бар. Капталдары тик, терең капчыгайлар ж-а кокту-колоттор көп. Тоонун түш. (бийик) бөлүгү төмөнкү рифейдин габбро-диорит, түн. (жапыз) бөлүгү ордовиктин гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен түзүлгөн. Шалбаалуу талаа (1200–2300 м бийиктикте), бийик чөптүү шалбаалуу карагай токою (2300– 3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3000–3300 м), андан жогору субнивалдык ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт. ДАУДТОО – Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Каравшин ж-а Жиптик сууларынын аралыгында кеңдик багытта дого сымал 23 кмдей созулуп жатат. Туурасы 6–8 км. Орт. бийикт. 3400–3600 м, эң бийик жери 4149 м. Кыры тайпак, аска-зоокалуу, капталдары тик, капчыгай, кокту-колоттуу. Силурдун аягында пайда болгон конгломерат, кумдук, сланец, акиташ тектеринен турат. Талаа (1600–1800 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а арча токою (1800– 2900 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (2900–3200 м), талаа (3200–3400 м), корум таштуу ж-а жылаңач аскалуу нивалдыкгляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт. ДОҢУЗТОО – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Доңузсуу ж-а Зындансуу сууларынын (Жазынын оң куймалары) аралыгында. Түн.чыгыштан түш.-батышка 28 кмге созулат. Туурасы 6 км. Орт. бийикт. 2100–2200 м, эң бийик жери 2354 м. Кыры тайпак, түш.батышты карай жапыздайт. Капталдары жантайыңкы. Бийик түн.чыгыш бөлүгү юра мезгилинин алевролит, конгломерат, гравелит, аргиллит, жапыз түш.батыш бөлүгү бор ж-а палеоген мезгилдеринин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, чопо, мергель тектеринен түзүлгөн. Көмүр кендери бар. Талаа (1500–1600 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа м-н шалбаалуу жаңгак токой массивдери басымдуу. Жайыт; токойлуу, чабынды жерлери бар.

ДӨДӨМӨЛ ТООСУ – Молдотоонун түш. тармагы. Чамынды ж-а Кайыңды Нарын сууларынын (Нарындын оң куймалары) аралыгында түш.-батыштан түн.-чыгышка 20 кмге созулуп жатат. Акталаа р-нун аймагында. Туурасы 5 кмдей. Орт. бийикт. 1700– 2100 м, эң бийик жери 2767 м (Караларча чокусу). Жону тайпак, Нарын капчыгайына караган түш.чыгыш капталы кыска ж-а тик (60–80°), ал эми түн.-батыш капталы узун. Чамынды өрөөнүнө карай жантайыңкы. Тоонун бийик түн.-чыгыш бөлүгү карбондун кумдук, сланец, алевролит, конгломерат, кремний, жапыз түш.-батыш бөлүгү неогендин конгломерат, кумдук, мергель тектеринен түзүлгөн. Кургак талаа ж-а талаа (1400–1500 мге чейин), шалбаалуу талаа (карагай токою бар) ландшафт алкактары басымдуу. Чабынды, жайыт катары пайдаланылат. ЖАМАНТОО, к. Арпанын Алатоосу макаласын

ЖАҢЫЖЕР ТООСУ Ички Теңиртоодогу, Жаңыжер м-н Мүдүрүм өрөөндөрүнүн аралыгында.Борколдой тоосунун батыш уландысы. Уз. 104 км; туурасы 17 км. Көбүргөндүбел м-н Келинтайгак өрөөнүнөн батышка Кынды ашуусу м-н Үйүрмө өрөөнүнө чейин созулат. Орт. бийикт. 4000 м, эң бийик жери 4844 м. Тоонун аймагы девон ж-а карбон мезгилдеринин сланец, кумдук, акиташ тектеринен түзүлгөн. Түш. капталында, адырларда палеогендин кызыл конгломераттары чыгып турат. Рельефи альп тибинде. Батышка карай жапыздайт, капталдары өрөөндөр (Кеңсуу, Кашкасуу, Акбайтал ж. б.) м-н тилмеленген. Байыркы муз каптоолордун издери көп. Азыр да түн. беттеринде (Аютөр, Суусартөр) мөңгүлөрү бар. Бийик тоолуу талаа (3300–3600 м), субальп (3600–3900 м), альп шалбаалуу талаа ж-а субнивалдык (3900–4200 м) ландшафттары мүнөздүү. Түн. бетинде ж-а өрөөндөрдө сейрек арча өсөт.

Автор: Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору Ү. Асанов, bizdin . kg


Кыргыз