Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргызстандын коруктары. Коруктар

БЕШАРАЛ КОРУГУ

Чаткал тоосунун түн.батыш капталында, Терс суусунун алабында жайгашкан. 1979-ж. Батыш Теңиртоонун көптөгөн сейрек ж-а жоголуп бараткан жаныбарларын, айрыкча бүткүл дүйнөлүк кызыл китепке катталган мензбир суурун сактоо максатында уюшулган. Аянты 116,7 миң га. Корук деңиз деңг. 950–2300 м бийиктикте жайгашкан. Чаткал өрөөнүнүн төр жагы акырындап кууш капчыгайга, анан кенен төрлөргө өтөт. Орто бөлүгү тектирлүү түздүк; төмөн жагы шаңшаар. Тоо капталдары капчыгайлуу. Өрөөн аркылуу Чаткал суусу агат. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темпрасы –13,5°С, июлдуку 16,7°С. Жылдык жаан-чачыны 250–700 мм. Жарым чөл, кургак талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадал аралаш шалбаалуу талаа, сейрек арча токою, субальп (2000–3500 м) ж-а альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Коруктун аймагына саванна сымал ж-а дүңгөлүү талаа ландшафты, түрдүү чөптүү шалбаа мүнөздүү. Токой ж-а сейрек токой массивдери 30 миң гадай жерди ээлейт. Өсүмдүктүн 300гө жакын түрү бар, анын 30у чанда кездешүүчүлөрдөн. Талааларда аюу чач, шашыр ж.б. басымдуу. Жоогазын, шыбак, пскем пиязы, чекенде, кызылот, кымыздык ж.б. да өсөт. Дарак өсүмдүктөрдөн арча, карагай (Каратокодо), бадалдардан мисте, Чаткал д-нын ж-а анын куймаларынын жайылмаларында терек, тал, кайың, бөрүкарагат, итмурун, табылгы, изирик, долоно, шилби, ыргай, чычырканак ж.б. кездешет. Өрөөндүн төмөн жагында (батышында) жаңгак, алма, алча, айвансари токою бар. Тоо капталдарын бетеге, аккылкан ж.б. талаа өсүмдүктөрү ээлейт. Коруктун аймагындагы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү мурдагы СССРдин Кызыл китебине катталган: арум, илария, кулунчак, жоогазын, пскем пиязы, гирча ж.б. Жаныбарлар дүйнөсүнө бай. Мында түлкү, аркар, тоо эчки, элик, кашкулак, кара суур, кызыл карышкыр, күрөң аюу, кундуз, илбирс, суусар, суукүсөн, мадыл мекендейт. Канаттуулардан бүркүт, бакачы куш, ылаачын, ителги, жору да бар. Алардын баары Кызыл китепке катталган. Корук 7 токойчулук аймагына (Каракулжа, Башкытерек, Чаткал, Кеңбулуң, Акташ, Бешарал, Араб) бөлүнгөн. Ар бири өз аймагын коруйт.

КАРАТАЛ – ЖАПЫРЫК КОРУГУ Нарын облусунун Нарын ж-а Акталаа р-нун аймагында, Соңкөлдүн түштүгүндө, Коргоо тоосунун түш.-чыгышында, Кажырты суусунун оң курамы болгон Каратал м-н Жапырык сууларынын алаптарында жайгашкан. Корук 1994-ж. уюшулган. Аянты 5980 га. Коруктун негизги максаты Ички Теңиртоого мүнөздүү болгон уникалдуу табигый жаратылыш комплексин (карагай, арча токойлорунун туташ массиви, бадалдар м-н шалбаа) сактоо ж-а аларга илимий изилдөө, байкоо жүргүзүү болуп эсептелет. Коруктун аймагынын орт. бийикт. 2500–2600 м, жеринин бети кокту-колот, өрөөндүү. Корукта бугу, элик ж.б. жаныбарлар кездешет. Корукта уникалдуу табигый комплекстерге багытталган илимий изилдөөлөр ж-а байкоолор жаңыдан гана жүргүзүлө баштады.

НАРЫН КОРУГУ Нарын облусунун чыгышында, Нарын д-нын сол өйүзүндө. 1983-ж. 29-декабрда уюшулган. Чоң Нарын м-н Кичи Нарындын кошулган жеринен чыгышты карай 11 км аралыктан башталып, Нарынтоонун түн. бетиндеги токойлуу массивди ээлейт. Коруктун жалпы аянты 24969 ганы түзөт, мындан сырткары ага жанаша жаткан 53388 га аянт коргоо зонасы болуп эсептелет. Корук бул аймактын табиятын бузбай, өз абалында сактоо максатында түзүлгөн. Жаныбарлардын 50 түрү, өсүмдүктөрдүн 1870 түрү кездешет. Мында Кырг-ндын башка аймактарында жашабаган марал бар; андан башка тоо эчки, аркар, кулжа, элик, аюу, карышкыр, илбирс, сүлөөсүн, суусар, тыйын чычкан ж. б. мекендейт. Өсүмдүктөрдөн карагай, четин, тал, итмурун, карагат, акчечек, арча ж.б. өсөт.

САРЫЧАТ–ЭЭРТАШ КОРУГУ Ысыккөл облусунун Жетөгүз р-нун аймагында. Корук Тескей Алатоонун түш. капталындагы Сарычат, Борду (Үчкөл суусунун башы) сууларынын алабын ээлейт. Аянты 72080 га. Корук 1995-ж. уюштурулган. Коруктун максаты уникалдуу тоо ландшафттарын коргоо, аркар, тоо эчки, КОРУКТАР 307 илбирс сыяктуу азайып сейректеп бара жаткан жаныбарларды сактоо болуп эсептелет.

САРЫЧЕЛЕК БИОСФЕРА КОРУГУ Чаткал кырка тоосунун түш. капталдарынын чыгыш жагында жайгашкан. Жалалабат облусундагы Аксы р-нун аймагындагы табигый кооз аймак. 1959-ж. уюшулган. 1979-ж. ЮНЕСКО тарабынан биосфера коруктарынын эл аралык тармагына киргизилген. Коруктун негизги милдети – мөмөжемиштүү жаңгак токой комплексин, анын фаунасын калыбына келтирүү, изилдөө ж-а коргоо. Аянты 23,8 миң га, анын 6,7 миң гасын токой, 15,1 миң гасын шалбаа, талаа, аска, көл-суулар ээлейт. Рельефи тоолуу. Деңиз деңг. эң төмөн жайгашкан жери 1200 м, эң бийик жери 4247 м (Музтөр чокусу). Рельефине терең өрөөндөр, капчыгайлар м-н тилмеленген тоолор мүнөздүү. Жалама зоокалар, оркойгон аскалар, шагылдуу беттер да кездешет. Сарычелек көлүнүн түш. жагындагы жапыз дөбөлөр «Тоскоол» деп аталып, алардын арасындагы чуңкурларда 6 көл бар: Кылаакөл, Ийрикөл, Бакалыкөл, Арамкөл, Чөйчөккөл, Чачакөл. Сарычелек көлү жер титирегенде жер көчкү өрөөндүн таманын бөгөп калышынан пайда болгон. Кожата суусу коруктун аймагын экиге – батыш ж-а чыгыш бөлүктөргө бөлөт. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. темпрасы –7,2°Сге чейин, июлдуку 21° С. Жылдык жаан-чачыны 800 мм, абанын салыштырмалуу нымдуулугу 61%. Реликт болуп эсептелген мөмө-жемиштүү жаңгак токою, көк карагай, зараң, арча, алма, долоно токою ж-а сейрек бадалдар, шалбаа, саванна сымал бийик чөптүү бадалдуу талаа басымдуу. Өсүмдүктүн 32 формациясы, 137 ассоциация тобу, 981 татаал түзүлүштөгү өсүмдүктүн түрү бар; ал Кырг-ндын флорасынын түрлөрүнүн 1/4ин түзөт. Жаңгак (1,6 миң га), алма, алча, алмурут, карагат, чие, бадам, итмурун, дан куурай сыяктуу баалуу өсүмдүктөрдөн сырткары, көптөгөн дары (аюучач, шашыр, көк чай чөп), эфир майлуу (арча, шалфей), тоют өсүмдүктөрү да өсөт. Жаңгак токою – торгой флорасынын реликти (б. а. палеоген мезгилинен тартып келе жаткан калдык). Токоюнан жаңгак, алма, алча, мисте ж.б. жыйналат. Корукта сүт эмүүчүлөрдүн 30, сойлоочулардын 8, амфибиялардын 2, балыктын 4 ж-а куштардын 160тай түрү мекендейт. Зубр, элик, европа бугусу байырлаштырылган. Корукта 600дөй каман, 90 элик, 250 тоо теке, 20 аюу, 150 сыпайы бугу, 18 зубр, 4 миңдей суур бар. Зубрларды байырлаштыруу туура болгон эмес. Алардын тукумдоосу ийгиликтүү болбой жатат. Сүлөөсүн, кашкулак, чүткөр да көп кездешет. Корукта бийик тоо чокусунан орто бийик тоолуу талаага чейинки уникалдуу табият комплекси корголууда. Өсүмдүктүн 13 түрү, айбанаттардын 15 түрү Кыргыз Респ-нын Кызыл китебине катталган. Табият комплексинин өнүгүү закон ченемин аныктоо үчүн изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Туризм өнүккөн.

ЫСЫККӨЛ БИОСФЕРАЛЫК РЕЗЕРВАТЫ – Ысыккөл облусунун аймагын камтыган өзгөчө корголуучу табигый аймак, азыркы мезгилдеги корголуучу табигый аймактардын жаңы түрү. Ал дүйнөдөгү 400дөн ашык биосфералык резерваттардын эң ирилеринин бири. Алгач, 1948-ж. корук катары уюшулуп, көл акваториясы ж-а көлдөн 2 кмге чейинки жээк тилкеси кирген. Коруктун негизги милдети суучул куштарды, жээк фаунасын ж-а флорасын коргоо, балык промыселин көзөмөлдөө болгон. 2001-ж. сентябрь айында ЮНЕСКО тарабынан официалдуу түрдө резерват катары таанылган. 1999-жылдын 13-майында бул биосфералык аймактын негизинде КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Кыргыз Респ-ндагы «Биосфералык аймактар» жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Резерваттын жалпы аянты 4 310 миң га. Биосфералык резерват эл аралык стандарттын негизинде 3 зонага бөлүнгөн. Аймактын ядролук зонасы 141022 га, Ысыккөлдүн акваториясы 16 678 га, буфердик зонасы 3,6 миң га, калган 688,6 миң га өткөөл зона болуп түзүлгөн. Биосфералык резерваттын негизги функциялары: 1. Жаратылышты коргоо функциясы ядролук зонада гана эмес, о. эле башка зоналарда дагы экологиялык нормалардын негизинде жүргүзүлөт. Бул аймактагы негизги корголуучу уникалдуу объектилер – мөңгүлөр, көлдөр, дарыя башаттары, теңиртоо карагайынын токойлору, суу жээгиндеги токойлор, сырттардагы тоолордун уникалдуу табигый системалары ж. б. Бул функциянын жаныбарларды коргоодо мааниси зор. Ысыккөл облусу

КОРУКТАР 20* 308 нун корук, заказник ж-а табигый эстеликтери бул функцияны аткарууга түздөн түз милдеттүү, алар ядролук ж-а буфердик зоналарда жайгашат. 2. Зыян келтирбестен жаратылышты пайдалануу ж-а эл чарбасынын тармактарынын экологиялык-экон. иш-аракеттерге багыт алуу. Бул функция Ы. б. р-нын интенсивдүү пайдалануудагы өнүгүү же өткөөл зонасында аткарылат. Бул зонадагы кышкы, жазгы-күзгү ж-а жайкы жайыттар, айдоо аянттары, бакчалар, кен байлыкты казып алуу ж-а кайра иштетүүчү жерлердин участоктору ж-а калктуу пункттар бул функцияны барабара ишке ашырат. 3. Калк арасында экология ж-а жаратылыштын абалы б-ча маалымат таратуу. 4. Жаратылыштын бузулган компоненттерин кайра калыбына келтирүү. Ы. б. р-нын башкы кеңсеси Балыкчы, маалымат борбору Чолпоната ш-нда орун алган.

Автор: Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору Ү. Асанов, bizdin . kg


Кыргыз