Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Бишкек – Кыргызстандын борбору

БишкекКыргызстандын борбору.  БишкекКыргыз Республиканын саясий, экон., илимий жана маданий борбору; транспорттук башкы түйүн. Аянты 12,7 миң га. Калкы 797,4 миң (2003). Бишкек ш-нда 4 адм.-айм. бирдик — Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, Чоңарык шаарчасы (8,2 миң адам) жана Ортосай айылы (4,5 миң адам) бар.

Бишкек шаарынын Табияты.

Бишкек
Бишкек

Бишкек Кыргыз Алатоосунун этегинде, Чүй өрөөнүнүн борб. бөлүгүндө, Аламүдүн жана Аларча сууларынын шилендиси пайда кылган жантайыңкы түздүктөн орун алган. Деңиз деңг. 750–900 м бийиктикте жайгашкан. Лёсс сымал кыртыш каптаган түздүк бара-бара түндүктү карай жантайып, Чүй суусунун жайылмасына кошулат. Бишкек тушта Чүй суусунун нугу Чүй өрөөнүнүн түн. жагына карай четтеп, шаардан 20 кмдей аралыктан өтөт. Чүй өрөөнүнүн Бишкек ш. туштагы жазылыгы 60 кмдей. Чүй өрөөнүнүн Бишкек ш. жайгашкан борб. бөлүгү геологиялык структурасы боюнча кеңдикке жакын багытта созулуп жаткан асимметриялык мегасинклиналь. Шаардын азыркы чеги Чүй синеклизасынын Бишкек ийилүүсү деп аталган түш. бөлүгүнө дал келет. Ийилүү палеоген-неогенде пайда болгон чөкмө тектер менен толгон. Алар палеозой фундаментинин үстүндө жатат. Палеозой тоо тек катмарлары 5000 мден ашык тереңдикте (геофизикалык маалыматтар боюнча) жатып, негизинен гнейс, кристаллдык сланец жана акиташ тегинен, о. эле эффузия тоо тектеринен турат. Үстүндөгү палеоген-неоген тоо тек катмарларынын жалпы калыңдыгы 4,5–5,0 км. Аларды төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон борпоң тоо тектердин калың кабаты жаап жатат. Алар кой таштардан, арасында кум-шагыл ширелген майда жумуру таштардан, ар кандай бүртүктөгү кумдардын жана кумдуу чопонун кабатчалары менен топторунан түзүлгөн аллювий-пролювий чөкмө тоо тектерден турат. Сейсмдик райондоштуруунун маалыматы боюнча шаар аймагы 9 баллдуу зонада жайгашкан. Шаардын аймагындагы 4 жерден 1500–2000 м тереңдиктен бургулоо көзөнөгү аркылуу минералдуу ысык суу чыгарылган. Курамы хлорид-натрий кальцийлүү. Дарылык касиети бар. Муун, тери, ичеги-карын оорууларын дарылоодо пайдаланса болот. Бишкек ш. мелүүн алкактагы континенттик к л и м а т т у у аймактын түш. чегинде жайгашкан. Бир жылда орто эсеп менен 322 күн (2000 саат) бою күн тиет. Күн эң көп тийген ай июль (332 саат), эң аз тийгени декабрь (126 саат). Абанын жылдык орт. темп-расы 10,2°С, январдыкы – 4,6°С, июлдуку – 24,5°С. 1930-ж. декабрда эң төмөнкү темп-ра (–38°С), 1983-ж. июлда эң жогорку темп-ра (43°С) катталган. Шаардын түш. бөлүгү түн. бөлүгүнөн 1—2°Сге жылуураак. Үшүк жүрүү жазында апрелдин ортосунда токтоп, күзүндө октябрдын ортосунан башталат. Бирок бул мөөнөттөр өзгөрүп да кетиши мүмкүн. Шаар нымдын негизги булагы – деңиз менен океандан алыс жайгашкандыктан жаанчачын аз болот. Жылдык жаан-чачындын орт. өлчөмү 409 мм. Көбү март-июль, жылдын кургакчыл мезгили (11%) июль–сентябрь айларына туура келет. Кар декабрдын ортосунан февралдын аягына чейин жатат. Жаан-чачындуу кыштагы кардын орт. калыңдыгы 13 см, аз түшкөндөгү орт. калыңдыгы 3–7 см. Бишкектин климатына тоо-өрөөн желаргысы мүнөздүү. Анын ылдамдыгы 2–3 м/секдан ашпайт. Ылдамдыгы 15 м/секга жеткен шамал негизинен батыштан согот жана жылына орто эсеп менен 30дай жолу болот. Жылдын суук мезгилинде жылына орто эсеп менен 30–40 күн шаарды жөө туман жана мунарык басып турат. Бишкек шаарынын негизги с у у артериялары мурда Аларча жана Аламүдүн суулары болгон. Алар Бишкектин аймагында тармактанган нуктар менен түштүктөн түндүктү карай аккан. Шаар курулушунун кеңири кулач жайышына байланыштуу алардын көптөгөн салаалары эки гана нукка бириктирилген. Суу агымын жөнгө салуу үчүн Бишкектин түш. тарабындагы тоо этектеринде курулган суу сактагычтар жана көптөгөн сугат каналдары аркылуу шаар айланасындагы чарбалардын жерлерин жана шаар аймагын сугарууга пайдаланылат. Бишкектин ирригация системасына шаар аркылуу ар тарапка салынган арыктар менен каналдар тармагы кирет. Шаар аркылуу Батыш жана Түш. Чоң Чүй каналдары өтөт. Бишкектен түндүгүрөөктө Төмөнкү Аларча суу сактагычы жайгашкан: бир бөлүгү шаардын аймагына кирет. Кара жыгач багында жана Бишкек Эркин экон. зонасынын аймагында көлмөлөр бар. Шаардын түш. бөлүгүнө түндүктүн кадимки боз топурагы мүнөздүү, түн. (төмөнкү) бөлүгүн боз шалбаа, шалбаа жана шалбаалуу-саздак топурактары каптап жатат. Табигый өсүмдүктөр шаардын чет-жакасындагы бош жерлерге гана мүнөздүү. Шаардын түн. бөлүгүнүн өсүмдүк эгилбеген бош жерлеринде камыш, жекен, ыраң чөп, көлмө жана суу жээктеринде жапайы тал, терек, сейрек жийде кезигет. Шаардын түш. жагында тоо этектеринин адырларында кургакчыл жерге мүнөздүү өсүмдүктөр басымдуулук кылат. Адырлардын төмөнкү бөлүктөрүн эфемер-шыбактуу жарым чөл ээлейт.

Бишкек шаарынын калкы.

Бишкек шаарынын калкынын саны 1999-ж. марттагы эл каттоо боюнча 762,3 миң адам болуп, респ-дагы калктын 15,8 %ин түзгөн. Шаарда 1940-ж. 104,5 миң калк жашаса, 1950-ж. 218,0 миң, 1979-ж. 535,5 миң, 1989-ж. 619,9 миң калк болгон. 2003-ж. 797,4 миң калк жашап, анын 792,9 миңи (99,4%) шаарда, 4,5 миңи (0,5%) шаардын чет-жакасындагы Ортосай айылында жашайт. Эркектер жалпы калктын 47,9%ин, аялдар 52,1%ин түзөт. 2002-ж. үйлөнгөндөрдүн саны 3729 же болбосо 1000 кишиге эсептегенде 3,8, ажырашкандар 1947 же 1000 кишиге эсептегенде 2,2 адамды түзгөн. 2002-ж. Бишкек шаардык кеңеши боюнча 1000 адамга төрөлгөндөрдүн саны 14,3, өлгөндөрдүн саны 7,5, табигый өсүш 5,4 миңди түзүп, төрөлгөн 1000 баланын (1 жашка чейинки) 25,9 өлүмгө дуушар болгон. 2002-ж. жумушсуздардын саны (катталганы боюнча) Бишкек ш. боюнча 8952 адамды түзгөн. 2000-ж. шаар боюнча жалпы калктын 24,0% эмгекке жарамдуудан жаш, 64,9% эмгекке жарамдуу, 11,1% улуу муундагы адамдар болгон. Шаарда кыргыз (52,2%), орус (33,2%), украин (11,2%), казак (1,6%), өзбек (1,6%), татар (2,1%), немис (0,7%), дуңган (0,5%), уйгур (1,7%) ж. б. жашайт. Бишкек шаарынын калкынын 2002-жылкы миграциясы: келгендердин саны 5741 адам, кеткендер — 12654 адам болуп, алардын ичинен чет өлкөлөрдөн шаарга 1017 адам жана өлкөнүн башка региондорунан шаарга 4724 адам келип, шаардан башка чет өлкөлөргө 8092 адам жана өлкөнүн башка региондоруна 4562 адам кетип, жалпы миграциялык азаюу 6913 адамды түзгөн.

Бишкек шаарынын Тарыхы.

Азыркы шаардын аймагын адамдар эң байыркы заманда эле отурукташкан. Аламүдүн ГЭСтеринин жанынан табылган таш эмгек куралдары Бишкектин айланасында алгачкы адамдар б. з. ч. 5–4-миң жылдыктарда жашагандыгын далилдейт. Темир доорунун башталышы менен Кырг-н аймагында сак (б. з. ч. 7–3-к.) жана усун (б. з. ч. 3-к. – б. з. 5-к.) уруу союздары түзүлгөн. Бул уруу союздары Аламүдүн, Аларча сууларын бойлото да отурукташкан. Буга кийинки мезгилге чейин сакталып калган дөбө-мүрзөлөр далил болот. Орто кылымда Аламүдүн жана Аларча сууларынын алабын көчмөн жана отурукташып дыйканчылык кылган түрк уруулары мекендеген. Орто кылымдагы эң ири шаарлардын бири азыркы Бишкек шаар чалдыбары (7–12-к.) болгон. Татаал планда салынып, бекем чеп курулмаларынан турган бул шаар 25–30 км2дей аянтты ээлеген (Бишкек1 бекетинин жана мурунку Ключевой, Кызыласкер айылдарынын аймагы). Кийин «Темир усталар чеби» аталып калган дагы бир байыркы чоң шаар (8–13-к.), азыркы Абдумомунов жана Орозбеков көчөлөрүнүн, Кара жыгач багы менен Аламүдүн суусунун ортосунда жайгашкан. Шаардын борбору кокондуктардын мурдагы чеби Бишкек чебинин аймагында (Аламүдүн суусунун сол жээги, кийин «Темир усталар чеби» деп аталып калган шаар чалдыбарынын орду) жайгашкан. Шаар 8-к-дан 15-к-дын башына чейин өнүгүп, моңголдордун жапырыгында бүлгүнгө учураган жана бир аз убакыттан кийин кайта жанданып, тиричилик 18-к-га чейин созулган. Андан кийин шаар биротоло ээн калган. Айрым маалыматтар боюнча 18-к-да солто уруусунан чыккан Бишкек аттуу адам ушул чөйрөнү жердеп, журтун душмандан коргоп турган. 19-к-дын башында кыргыз феодалдарынын өз ара чатагынан пайдаланган Кокон хандыгы Чүй өрөөнүн басып алып, жергиликтүү элди башкарып туруу үчүн бир катар чеп курдурган.

Кокондуктардын негизги чыңдоолорунун бири катары Чүй өрөөнүн борб. бөлүгүндө курулган чеп — Бишкек чеби аталган (бул аталышты колониячылар Пишпек деп бурмалап, өзгөртүп айтышкан). Бул чеп Аламүдүн суусунун батыш жагында азыркы «Темир усталар чебинин» ордунда 6 га жерди ээлеген. Борб. Азияны ээлеп алууга умтулган Орусия аскерлери 1860-ж. 4-сентябрда Бишкек чебин убактылуу басып алган. Бирок алар кетээри менен мында кокондуктардын бийлиги кайра орногон. 1862-ж. сентябрда падыша аскерлери Байтик башында турган кыргыздардын жардамы менен чепти 2-ирээт ээлеп, аны биротоло талкалаган. 1864-ж. анын урандысынын жанында казак-орустардын бекети, ага удаа чакан базар, 1887-ж. ат-почта бекети курулган. 1868—70-ж. шаардын азыркы чегинде орус келгиндери Аламүдүн жана Бишкек айылдарын негиздешкен. 1865-жылга чейин чүйлүк кыргыздар адм. жактан Алатоо округунун (борб.— Верный шаары) начальнигине баш ийген, 1865–67-ж. Түркстан облусуна, кийин Токмок уездинин курамында Жетисуу облусуна кирген. 1878-ж. 29апрелде уездин борбору Токмоктон Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусу берилген. Шаар калкынын саны 1913-ж. 18468 жеткен. Бишкекте кустардык-өнөр жайлык мүнөздөгү алгачкы ишканалар, а. и. тегирмендер 19к-дын 2-жарымында пайда болгон. 1883-ж. булгаары заводу, 1885-ж. сыр-быштак жасоо ишканасы иштей баштаган. Ошондой болсо да шаарда ө. ж-га караганда базардык-стационардык типтеги соода тезирээк өнүккөн. 1878-ж. алгачкы чакан оорукана менен дарыкана ачылган. 1879-ж. приходдук бир класстуу окуу жай, кийин башка окуу жайлар ачылган. 1916-ж. жайында Бишкек уездинин көп бөлүгүн улуттук-боштондук көтөрүлүш каптаган. Орусияда февраль буржуазия-демократиялык революциясы жеңгенден кийин, 1917ж. мартта Бишкек солдат жана жумушчу депутаттар совети уюшулуп, анда чечүүчү позициянын Убактылуу өкмөттү колдогон меньшевиктер менен эсерлер ээлеп алышкан. 1918-ж. 7-январда Бишкектеги жана уездеги бийлик иш жүзүндө большевиктердин колуна өткөн. 1924-ж. 14-октябрдан Бишкек — Кара Кыргыз АОсунун (1925-ж. 25-майдан Кыргыз АОсу), 1926-ж. 1-февралдан Кыргыз АССРинин борбору, 1926-ж. 12-майдан Фрунзе деп аталган. 1936-ж. 5-декабрдан Фрунзе — Кыргыз ССРинин борбору (1991-жылдан Бишкек аталып, эгемендүү Кыргыз Республиканын борбору), 1938-ж. Бишкекте 3 адм. район Пролетар (азыркы Ленин), Биринчи Май, Свердлов райондору түзүлгөн. 1961-ж. шаарга Кызыласкер, Привокзальный (Попеновка), Төкөлдөш айылдары, Аламүдүн, Көкжар айылдарынын бир бөлүгү, 1984-ж. Чоңарык, Ортосай айылдары кошулган. 1974-ж. жаңы адм. район Октябрь район түзүлгөн. Кеңеш доорунда Бишкек шаарынын саясий-коомдук, социалдык-экон. жана маданий турмушунда зор өзгөрүүлөр болду. 1924-ж. алгачкы кыргыз газети «Эркинтоо» чыккан. 1926-ж. мамл. басмакана менен музей түзүлгөн. 1932-ж. педагогика, 1938-ж. зооветеринария, 1939-ж. медицина институттары ачылган. Ошол эле жылдары алгачкы ири ө. ж. ишканалары курулган. Бишкекке Улуу Ата мекендик согуш жылдарында Украинадан, Орусиядан бир катар ө. ж. ишканалары көчүрүлүп келинген. Азыркы учурда базар экон-на багыт алуунун натыйжасында шаардагы ө. ж. ишканаларынын, соода мекемелеринин ж. б-дын бир катары менчиктин түрдүү формаларына өтүүдө. Көз каранды эмес мамл-тин борбору катары Бишкекте бир катар чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү ачылып, Кырг-ндын дүйнө элдери менен байланышы кеңейүүдө.

Бишкек шаарынын Экономикасы.

Бишкек
Бишкек

Бишкек ш. экон. жана социалдык жактан башка облустарга салыштырмалуу жогору деңгээлде өнүккөн, саясий жактан Кыргыз Республиканын борбору катары өзгөчөлөнгөн регион. Шаарда ө. ж., транспорт, байланыш, курулуш жана элди социалдык жактан тейлеген соода, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж. б. тармактар өнүккөн.  Кийинки жылдары, Кырг-нда жана анын региондорунда өндүрүштү рыноктук шартка ылайыкташтыруу максатында, чарбанын бардык тармактарында экон. реформа жүргүзүү башталган. Натыйжада, өндүрүшкө структуралык өзгөрүүлөр киргизилип, менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар көбөйдү. 2003-ж-дын 1-январына карата, статистикалык бирдиктин мамл. регистрине киргизилген ээлик кылуучу (юридикалык жактар) ишкана, уюм жана мекемелердин катталган саны 23531 (а. и. иштегендери 19902) болгон. Алардын ичинен менчиктин формалары боюнча 1240 (842) мамл., 399 (240) коммуналык, 21956 (8820) жеке менчикке таандык. Ал эми жалпы 23531 субъектилердин түрлөрү боюнча: 21813 (8527) чакан ишканалар, 1049 (771) орто жана 669 (604) ири ишканалар. Рыноктук шартка ылайыкташкан ушул ишканалар – ө. ж., курулуш, транспорт, соода же тейлөөнүн башка тармактарына таандык. Өндүрүштү базар экон-нын шартына ылайыкташтыруунун натыйжасында ш-дын ө. ж-нда дагы эң ири структуралык өзгөрүүлөр болду.

Өндүргөн продукциялары рыногун жоготуп, сатылбай калган ө. ж. ишканалары, айрыкча Бишкектеги машина куруу тармагынын ири ишканаларынын өндүрүшү токтотулду же аларды башка өтүмдүү буюмдарды жасоого толук кайра курууга туура келди. Кээ бир ишканалар жарым жартылай иштеп калышты. Ошого байланыштуу Бишкек шаарынын ө. ж. өндүрүшү 1991—95-ж. 4 эсеге төмөндөгөн. Шаарда 1991-ж. чөп таңгактоочу машина жасоо 20 миң даанага жетсе, 1996-ж. анын 200ү араң чыгарылган. Электр машиналар 1125тен, 64кө, металлды кесүүчү станоктор 1146дан 27ге, токулган кийимдер 16 млн даанадан 1,4 млн даанага, бут кийимдер 3,5 млн жуптан 380 миң жупка чейин кыскарган. Ошондуктан, ө. ж. өндүргөн продукциянын көлөмү боюнча Бишкектин респ-дагы үлүшү 1991-ж. 31,0%тен, 1996-ж. 20,7%ке чейин азайган. Ал эми, 1996-ж. шаардын ө. ж. өндүрүшүндөгү төмөндөө токтолуп, кайра жогорулоого багыт алды. 1995-жылга салыштырганда бир жылдык өсүш продукциянын көлөмү боюнча 3,0%ти түзгөн. Жогоруда белгиленген өзгөрүүлөргө карабастан, Бишкек ш. дагы эле Республиканын эң ири ө. ж. түйүнү катары белгилүү. 2002-ж. ш-да 125 ишкана иштеп, Кырг-ндын ө. ж-нын 20,0%ин же 8903,0 млн сомдук продукциясын өндүргөн. Анын ичинен кеңири керектелүүчү товарлардын үлүшү шаардын ө. ж. өндүргөн продукциянын 63,5%ин түзгөн. Шаарда ө. ж. өндүрүшүнүн бардык тармактары бар. Алардын ичинен негизгилери машина куруу жана металл иштетүү (2000-ж. 445,9 млн сомдук продукция чыгарган), жеңил (576,6 млн), тамакаш (1877,3 млн) өнөр жайлары жана электрэнергетика (996,6 млн сом) негизги орунду ээлеп, алар 2000-ж. жалпы ө. ж-дын 60%тен көбүрөөк продукциясын өндүргөн. Ушул тармактардын респ-дагы үлүшү дагы жогору. 2000-ж. шаардын машина куруу ө. ж. Республиканын ушул тармагы өндүргөн продукциянын 26,2%ин, тамак-аш 29,0%ин жана жеңил ө. ж. 23,5%ин чыгарган. Бишкектин ири ө. ж. ишканалары: ТЭЦ (2000-ж. 454,3 млн сомдук продукция өндүргөн), «РЕЕМТСМА – Кыргызстан» АК (386,6 млн), «Дастан» корпорациясы (302,1 млн), камволдук-нооту (174,3 млн), «Кока-Кола – Бишкек – Ботлерс» ишканасы (162,0 миң), «Бишкек дан-азык» (52,5 млн); Бишкек машина куруу заводу (110,4 млн), «Бишкексүт» (114,6 млн), «Таттуу» (29,0 млн), «Кыргызшампаны» (46,9 млн), «Кыргызавтомаш» (55,6 млн), «Жылдыз» (10,1 млн), «Байпак» (9,0 млн), «Бишкек темир-бетон заводу» (37,8 млн сом), «Булгаары» биргелешкен ишканасы (14,3 млн) акционердик коомдору ж. б. Өнөр жайдын негизги продукциялары: электрэнергия (2002-ж. 1060 млн кВт·с), касса аппараттары (72 даана), автомобиль радиаторлору (178,2 даана), мебелдер (172,0 млн сом), бетондон жасалган курама курулуш конструкциялары (59,4 миң т), кыш жана плита материалдары (16,3 млн даана), токулган кийим (15,6 миң даана), жүн кездемелери (374 миң м3), байпактар (3793,6 миң жуп), бут кийимдер (37,9 миң жуп), эт (6,3 т), сүт (17,4 миң т), пиво (4722 миң дикалитр), шампан (260 миң дикалитр), коньяк (27,5 миң дикалитр), сигарет жана папиростор (3168,6 даана), ун (27,2 миң т), нан азыктары (41,3 миң т), чай (2,7 миң т) ж. б. Көпчүлүгү, айрыкча машина куруу жана жеңил ө. ж. тармактарынын продукциялары чет өлкөлөргө сатылып, алар менен экон. байланыш түзүүдө жана Республиканын өнүгүшүндө Бишкек шаарынын мааниси зор. Экспортко сатылган продукциялардын көлөмү 2002-ж. 312,9 млн АКШнын долларын (Республиканын экспортунун 64,4%ин) түзүп, региондордун ичинен биринчи орунда болгон. Ошол эле мезгилде башка өлкөлөрдөн сатып алынган калк кеңири керектөөчү продукциялардын, б. а. импорттук көлөмү 363,9 млн долларга жетип, импорттун 62,0%ин түзгөн. Натыйжада, Бишкек шаарынын өзүнүн бюджетин өзү толук каражаттоо менен Республиканын бюджетин толуктоодо зор салымы бар. Башка региондордон айырмаланып, шаардын калкына социалдык жактан берилүүчү төлөмдөрдү жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаар өзү камсыз кылат. Бишкек тогуз жолдун тоомунда жайгашып, өлкөдөгү эң ири транспорт түйүнү болуп да саналат. Эң ири автомагистралдары – Бишкек–Ош, Бишкек–Балыкчы–Нарын– Торугарт – Кашкар (Кытай), Бишкек – Балыкчы – Каракол, Бишкек – Алматы (Казакстан), Бишкек – Карабалта – Тараз (Казакстан) – Ташкен (Өзбекстан) авт. жолдору ж. б. Чалдыбар бекетинен Балыкчыга чейин кеткен темир жолу Бишкек ш. аркылуу өтөт. Шаардын ортосунда жүргүнчүлөрдүн темир жол бекети, батыш жана чыгыш четинде «Бишкек» жана «Аламүдүн» аттуу жүк түшүрүп, жөнөтүп туруучу темир жол бекеттери бар. 2000-ж темир жол транспорту менен 978,7 миң т жүк жана 590,3 миң жүргүнчү ташылган. Бишкек шаарынын түн. тарабынан 30 км аралыкта Борб. Азиядагы ири аэропорттордун бири «Манас» аэропорту жайгашкан. Бул аэропорт шаарды, о. э. Чүй облусун чет өлкөлөр жана Республиканын дээрлик бардык региондору менен аба жолдору аркылуу байланыштырат. 2000-ж. Бишкек шаарынын аба жолдору менен 1173,5 миң жүргүнчү ташылган. Шаарда 2 автобекет (Чыгыш жана Батыш) иштеп, 24 автотранспорттук, 1 троллейбустук мекемелерде 2,5 миң автобус (а. и. жеке менчик 705), 51 миңге жакын жеңил машина (а. и. 48,5 миңи жеке менчикте), 203 троллейбус болгон. 2002-ж. автотранспорт менен 4,1 млн т жүк, 60,5 млн жүргүнчү, троллейбус менен 62,7 млн жүргүнчү ташылган. Бишкекте калкты соода жана тиричилик жактан тейлөөчү тармактардын өнүгүү деңгээли дагы Республиканын орт. көрсөткүчүнөн бир кыйла жогору. 2002-ж. шаарда товарларды соодалап жүргүзүүнүн көлөмү 23,0 млрд сом, калкты тейлөөнүн көлөмү 4,7 млрд сом, а.и. калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 477,6 млн сомго жеткен. Башкача айтканда Республиканын орт. көрсөткүчүнө салыштырганда Бишкекте соода жүргүзүүнүн көлөмүн адамдын санына эсептегенде 1,5 эсеге, ал эми калкты тиричилик жактан тейлөөнүн көлөмү 6,0 эсеге жогору болгон. 1995-ж. Бишкек ш-нда Эркин экономикалык аймак (ЭЭА) түзүлгөн. Анын курамына шаардын «Манас» аэропорту, Өкмөттүн алдындагы Улуттук көргөзмө борборунун жери, илгертен «Акчий» деп аталып келген Чүй облусунун Аламүдүн районундагы азыркы Мрамор айылынын чет-жакасындагы жерлер кирет. «Бишкек» ЭЭАнын жалпы аянты 489 га. 2002-жылдын башталышында «Бишкек» ЭЭАда 412 ишкана катталып, анын 172си иштеген. Аларда 2814 адам эмгектенген. «Бишкек» ЭЭАда 2001-ж. 1181,8 млн сомдук продукция өндүрүлгөн, сыртка сатылган продукциянын көлөмү 12,6 млн АКШнын долларын жана сырттан келген инвестициянын көлөмү 1,2 млн долларды түзгөн.

Бишкек шаарынын Маданий турмушу.

Бишкек ш. Республиканын илим, билим, саламаттыкты сактоо, көркөмөнөр жана маданият мекемелеринин көпчүлүгү жайгашкан ири борб. катары белгилүү. Республиканын илим изилдөө мекемелеринин дээрлик бардыгы Бишкек ш-нда жайгашкан. Билим берүү жагынан 2002/2003-окуу жылында 25 жогорку окуу жайында 65,4 миң студент (алардын 85,0%и контракт менен) окуган. Жогорку окуу жайларында 4594 мугалим иштеп, алардын 226сы илимдин доктору, 1400 илимдин кандидаты. Шаарда жалпы билим берүүчү 116 орто мектеп, алардын ичинен 3 жатак-мектеп, 3 атайын мектеп жана 3 кечки мектеп иштеп, аларда 104,3 миң окуучу окуп, 5570 мугалим эмгектенген. Ушул мектептердин кээ бирлери гимназия, лицейлер жана 20 жеке менчик мектептер. Жеке менчик мектептерде 1,9 миң окуучу окуган. Ар кандай сабактарды тереңдетип окуткан мектеп, гимназия жана лицейлердин саны 32. Бардык мектептердин көбүндө информатика кабинеттери бар. Дээрлик бардык мектептерде китепкана жана ашкана иштейт. Шаардын мектептеринде бир класста орт. алганда 27 окуучу окуп, бул респ-да эң жогорку чек болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагында 2002-ж. 9680 орундуу (10 миң адамга 163 орун) 32 оорукана болуп, аларда ар түрдүү адистиктеги 3792 дарыгер (10 миң адамга 97 дарыгер) жана 7253 медициналык орто билимдүү кызматкер (10 миң адамга 122) иштеген. Башкача айтканда ооруканалардагы орундарды калктын 10 миң адамына эсептегенде, шаардын деңгээли Республиканын орт. көрсөткүчүнөн 1,8 эсеге, ал эми врачтардын саны боюнча 2,9 эсеге жогору болгон. Бишкекте өлкөнүн ири мейманкалары, базарлары, дүкөндөрү ж. б. жайгашкан.
Алар:  «Достук», «Аккеме», «Саякат», «Ысыккөл», «Семетей», «Бишкек», «Алатоо», «Хаятт», «Эльдорадо» ж.б. мейманкалар, «Ош», «Аламүдүн», «Баткен», «Ортосай», «Аларча-2», «Дордой», «Кудайберген» ж. б. базарлар, «Айгүл», «Айчүрөк», «Береке», «Берекет», «Бешсары», «Диньчинь», «Жаңылык», «Миңтүркүн», «Сейтек» ж. б. соода дүкөндөрү жана комплекстери д. у. с. Бишкек ш-нда 22 ири китепкана иштеп, аларда 7208 миң нуска китеп болгон. Шаарда 7 театр, анын бири опера жана балет театры, экөө мамл. драма театры, 1 филармония, 3 клуб жана маданият мекемелери, 10 кинотеатр жана 11 музей иштеген. Ошондой эле шаарда мамл. эмес бир нече театрлар ж. б. маданияттык мекемелер ачылган. Бишкек Кыргыз Республиканын саясий борб. болгондуктан өлкөнүн башкаруу бийликтери — Президенттин адм-сы, Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Республикалык сот жана прокуратура, о. эле төртүнчү бийлик деп саналган басма каражаттары – гезит, журналдар, радио жана телекөрсөтүүчү мекемелер шаарда жайгашкан. Ошондой эле Бишкекте ондон ашык чет өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрү иштейт. Алар: АКШ, Беларусь, Германия, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия ж. б. А. Мырзаев, К. Сакебаева, Л. Приходько


Кыргыз