Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Чүй суусу

Чүй суусу

Түндүк Кыргызстандын чарбалык жагынан эң маанилүү сууларынын бири- Чүй. Чүй суусунун жалпы узундугу 1030 км., анын ичинен 260 км. Кыргызстандын чегинде. Алабынын аянты 67,5 миң км. квадрат, анын ичинен 22 миң км квадрат Кыргызстандын аймагында. Чүй деген атты Кочкор өрөөнүдө Жоон-Арык суусу менен Кочкор суусу кошулгандан баштап алат. Жоон-Арык болсо Кара-Кужур менен Төлөк суулары кошулгандан, ал эми Кочкор болсо Каракол жана Сөөк суулары кошулгандан башталат. Кочкор өрөөнүнүн чегинде оң жагынан Үкөк суусун кабыл алып, андан ары Тескей Ала-Тоосу менен Кыргыз Ала-Тоосунун учтарын кесип, Ысык-Көл өрөөнүнүн батыш жагына чыгат. Кыргыз Ала-Тоосун кескен тушта Орто-Токой суу сактагычы курулган. Балыкчы шаарынын жанынан суу батышка бурулуп, Боом капчыгайына кирет. Ал капчыгайдан чыгаарда оң жагынан эң чоң куймасы Чоң-Кеминди кабыл алат да Чүй өрөөнүнө чыгат. Кең өрөөн менен түндүк батышты карай агып, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы катары эсептелинет. Республиканын аймагынан чыккандан кийин Моюн-Кумга сиңип жоголот.  Чүй өрөөнүндөгү куймалары:Кичи –Кемин, Кызыл-Суу, Шамшы, Кегети, Ысык-Ата, Аламүдүн, Ала- Арча, Аксуу, Кара-Балта ж.б.

Чүйдөгү суулардын куралуу шарттары жана агымынын калыптанышы ар түрлүү болгондуктан, алардын суу режими да ар кыл. Орто-Токойго чейинки суулар бир түрлүү климаттык шартта калыптанышат. Суу чогултуучу аянттарынын бийиктигине карабастан, суу чыгаруу жөндөмдүүлүгү анча чоң эмес. Агымдын пайда болушу жагынан ыңгайлуу шартта Чоң-Кемин өрөөнү жана Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталы жайгашкан.


Кыргыз


Метки: