Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

ЫСЫККӨЛ ЖЕРГЕБИЗДИН БЕРМЕТИ

ЫСЫККӨЛ ЖЕРГЕБИЗДИН БЕРМЕТИ

Биздин эң чоң көл  Ысыккөл. Ал жерге жайында жарым миллиондой туристтер, эс алуучулар келип, ден соолугун чындап кетет. Көлдө балыктар көп болчу, бирок адамдар аларды жыл сайын кармай берип, азайгандан азайып баратат. Мындан жүз элүү жыл мурда келген саякатчылар балыктардын ушунчалык көптүгүн, аларды учтуу нерселер менен сайып ала бергенин жазат. Ал кезде жээктеги чычырканактардын арасында түлкү, коён, кыргоол өтокөп болгон. Азыр алар азайды.

Ысыккөлгө ар тарабынан Жыргалаң, Түп, Каракол, Чоңкызылсуу, Жууку, Барскоон сьшктуу чоң дарыялар куят, бирок бир да суу агып чыкпайт. Таң каларлыгы көл толуп кетпейт, кышьгада да тоңбойт.

Уламыш боюнча бул жерде чоң шаар болуп, аны суу басып, көл болуп калган деп айтылат.

Тарыхый маальгматтарда “туз көл” деген аты да болгону маалым. Көлдүн түпкүрүндө жана тегерекчетинде жылуу  булактар өтө көп, алар адамдардын ден соолугу үчүн өтө пайдалуу. Өзгөчө көлгө түшүп, кумга оонап, күнгө чайынып, дары булактардан ичип адамдар ден соолугун чындашат. Жүздөгөн пансионаттар жана эс алуу үйлөрү туристтерди жана эс алуучуларды ар дайым күтүп, алардын сүйүктүү жайларына айланган.

Көлдүн эң терең жери  668 метр, узундугу 178 километр, туурасынын эң жазы жери  60 чакырым. Ысыккөлдүн Тескей жагы бийик тоолорго жакьга, ал тоолордо арча, карагай өсөт. Андан ары тоолор аппак болуп, көгүлтүр көл менен андан бетер айкалышып сонун көрүнөт.

1941-1945-жылдары согуш кезинде Ысыккөлдүн үстүнөн кемелер өзгөчө көп жүрүп, аскерге адамдарды, майданга аттарды, жоокерлерге азыктүлүктөрдү алган.

Ысыккөлдүн башында Каракол шаары жайгашкан. Ал  мурда Каракол атын орус саякатчысы М.В.Пржевальскинин ысмына өзгөрткөн эле. Кийин кайра тарьгхый аты калыбына келтирилди. Көл жээгинде улуу саякатчынын эстелиги

коюлган. Ал эми көлдүн этегинде Балыкчы шаары жайгашкан. Ал жерде дагы бир орус саякатчысы Семенов Тяньшанскийге эстелик орнотулган. Бул эки географокумуштууну кыргыз эли ар дайым урматтап келет.

Чолпоната  курорттук шаар. Бул жерде жайында жамгыр аз жаайт, көл жээктеринде эң сонун кумдары бар, ошондук тан да эс алуучулар көп келет. Казакстандан, Өзбекстандан, Орусиядан жана башка чет өлкөлөрдөн туристтер ар дайым Ысыккөлгө барууну эңсейт. Себеби аларды мөлтүр тунук суу, таза аба, тоо ортосундагы ажайып көл дайыма өзүнө чакыра берет. Суу үстүндө ак чардактар кайкып учуп жүргөнүн көрөсүң, ак куулар болсо улам азайып баратат. Ысыккөл кызыл алмалары, сапсары өруктөрү, даамдуу картошкалары, карагаттары менен да даңкталат. Мындай сулуулукка далай ырчылар, акындар, жазуучулар, сүрөтчүлөр, музыканттар шыктанып, өздөрүнүн терең маанилүү чыгармаларын жазган.

Ысыккөл – Кыргызстандын бермети, ал бизди бүткүл дүйнөгө таанытып жатат.


Кыргыз