Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

САРЫЧЕЛЕК

САРЫЧЕЛЕК

Кыргызстан аз гана аймакты түзгөн менен анын территориясында өтө ысыкты сүйүүчү коон, жүзүм, пахта сыяктуу өсүмдүктөр менен бирге тоо жакта жаңы гана мөңгү кеткен жерде суукка эң чыдамдуу өсүмдүктөр да, жалаң карда, көк музда жашоочу топоз сыяктуу жаныбарлар да бар.

Сарычелек тоо көлү. Ажайып сулуу көл. Бир кезде бул көлдүн ичинде жапайы аттар жашаган деп айтышат жергиликтүү эл. Көлдүн айланасы жалама аскалар жана карагайлуу беттер. 1979жылы ЮНЕСКО бул жерди эл аралык корук деп чечкен.

Көл деңиз деңгээлинен  1873 метр бийикте. Көл аянты  4,92 километр квадрат. Узуну  7,5 километр, жалпы жазылыгы (туурасы)  650 метр (эң жазы жери 2280 метр). Тереңдиги орточо  98 метр, эң терең жери 234 метр. Суунун тунуктугу 16 метр. Көл жер титирегенден (зилзаладан) улам пайда болгон деген пикирлер бар.

Бул жерде тоо, токой, көл, көк (асман) төртөөнүн ажайып гармониясы орун алган. Ошон үчүн да мында канаттуулар менен башка жанжаныбарлардын абдан көп түрлөрү байырлаган.

Сарычелек  кооздук жөнүндө кандай ойлоп келсеңиз, андан да ашыра кооздолгон жер. Бир кезде бул жерде шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карпов болуп, ушунчалык бир тамшанып суктанган экен.


Кыргыз


Метки: