Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз рухунун бир уюткусу – Теодор Герцен

Кыргызстанда китеп чыгаруу иши негизинен өткөн кылымда гана жүргүзүлсө да, анын өзгөчө гүлдөө доору, бийиктиги 1970-1980-жылдарга туш келди. Дал ушул мезгилде Сагынбай Орозбак уулунун айтуусунда “Манас” дастаны китеп болуп жарыяланды. Мурда “Манастын” бириктирилген варианты төрт китеп болуп чыгып, ошол колдонулуп, биринчи кезекте окутулуп келинген.

“Манас” чыгармасы өзү үч муундун (Манас, Семетей, Сейтек) айланасына топтоштурулган (айрым манасчылар андан да көп муундарын айтышат), бирок Сагынбай атадан өткөн кылымдын 20-жылдарында ошонун бир гана бөлүгү  ”Манас” бөлүгү жазылып калган.

Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун, “Кыргызстан” басмасынын жана жазуучу Ч.Айтматовдун зоболосунун зор күчү менен бул варианттын:

1 китеби 1978-жылы;

2 китеби 1979-жылы;

3 китеби 1981-жылы жарык көрдү. Ар бир китеби 20 басма табактан өйдө, ар бир китеби 20 миң нускадан көп бул басылма Кыргызстан үчүн чоң окуя, уникалдуу көрүнүш болгон.

Эгер “кыргыз рухунун туу чокусу” “Манас” дастаны болсо, кыргыз китеп басуу өнөрүнүн туу чокусу упгул Сагынбай Орозбак уулунун айтуусундагы “Манас” китеби болгонун бүгүн айтууга толук негиз болду. Ошол XX кылымдын башкы китебинин баркын көтөрүп, баасын ашырып турган бул анын ичиндеги сүрөттөр. Ал сүрөттөр азыр китептен китепке, гезиттен гезитке, буклеттерге, каттарга, маркаларга, сувенирлерге кайракайра көчүрүлүп жүрөт. Көчөлөргө, мектептерге, маданият сарайларына да упгул сүрөттөр илинген. Китептен чыккан бул сүрөттөр азыр кыргыз баласынын ажыралгыс бир жандоочусуна, рухий гүл азыгына айланды. Бул сүрөттөр өзүнчө бир легенда, өзүнчө бир колдон колго өткөн таберик буюмдар болуп калды.

Кыргыз тарыхында бир да сүрөтчүнүн бир да чыгармасы мурда минтип “саякаттаган” эмес, мынчалык популярдуулукка ээ болбогон. Ошол китептер чыкканда Чыңгыз агабыз кыздын себине копгуп берер мүлк болду деди эле, ал киши ошондо бул сөзүн анын жасалгасына да карап айткандыр… Деги бул кереметтин, мынчалык жакшы таралышынын башкы сыры эмнеде эле?

Ырас ал сүрөттөрдүн автору кыргыз эмес, улуту боюнча немец. Бирок түбү кыргызстандык.

Өткөн кылымдын 20-жылдарында Совет бийлигин орнотууда ар кандай ыйкытыйкьшыктар, өз жеринен көчүрүүлөр, айдоолор, сүрүүлөр болгон. Мына ошондо бодочок сүрөтчүнүн атаэнеси азыркы Талас областынын Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылына келип туруп калат.

Даңктуу колхоздо негизинрн немистер менен кыргыздар жашаган, калктын эне тили  орус жана кыргыз тилдери болгон. Көпчүлүк упгул эки тилди билген, ал эми немисче билгендер аз болгон, Германия менен согуш башталгандан кийин ал жердеги немистер өз улуттарын да жашырган. Көбү кыргыз же орус болуп кеткен. Эне тилин окушкан эмес. Ушул айылда айтылуу сүрөт мугалими, кийинки бухгалтер, колхоз жетекчиси Герцен сүрөт өнөрүн өтө сыйлаган белем, айтор атайын колхоздун сүрөт музейин уюштурат. Ал мезгилде мындай көрүнүш Кыргызстандын башка айлында жок эле. Ушул Орловкада (айылдын Совет -жылдарындагы аты) гана болгон. Ошондо атабала Герцеңдер катарлаша иштейт. Бул 1950-жылдардын аягы, 1960-жылдардын башы эле.

Ошол Талас жергеси, анын сырдуу да, ажайып да табияты, кичинесинен кыргыз дастанын угуп чоңоюшу, жомоктор дүйнөсү Теодор Герценди “Манас” сюжетине тартып келгендей. Таласта Манастын күмбөзү бар, “Манаста” айтылган Эчкилинин тоосу бир жагында турса, бир жагында Манастын Тал-Чокусу көрүнөт. Манасчылар дастандын үзүндүлөрүн күнүтүнү оозеки айтат.

Ошентип каны бөтөн, улуту башка болочок сүрөтчү жомоктогу сыйкырдуу, баатырдык рухту башкача бир сугалактык менен өзүнө терең сиңире бергенсийт, ошентип көкүрөгү тунук жигит жашынан Манастын рухун жүрөгүнө байыр алдыргансыйт.

Баарына белгилүү болгондой “Манас” адабийкөркөм баян. Ал элдин кыялынан, үмүттилегинен жаралган, анда баатырлар бар, анда фантазия бар, анда кадимки турмуш бар, анда сүйүү, достук, согуш  кыскасы, баары-баары бар. Демек мына ошол көп кырдуу турмуш сүрөтчүнүн кыл калеминен көп кырдуу бойдон чагылдырылууга тийиш эле. Сүрөтчү жөн гана сүрөтчү болуу менен “Манас” темасына кире алмак эмес, ал абдан бай фантазияга, учкул кыялга, тарыхый, этнографиялык билимге ээ болушу керек болчу. “Манастын” маанисин, андагы архаикалык көп түшүнүкбелгилерди, азыр колдонуудан чыгып калган мотивдерди, унутулган лексиканы Толук андап түпгунүүсү зарыл эле. Теодор Герцен мына ошол “Манас” сүрөтчүсү үчүн эң биринчи керек нерсени кармай билген.

“Манастан” калган бир сөз бар  ”Көкөтайдын ашы  көп чырдын башы” деген. Бул баба сөзү канча кьшым айтылып келаткан болсо да сүрөт өнөрүндө чагылдырыла электир эле, ал эми Т.Герцен муну берүү үчүн кадимкидей дасторкон четинде отурган кишилерди тартат, алар кайгыкапалуу, колдорунда кымыз, ортодотабак, табакта булоолонуп жаңы гана бышып алдыга коюлган тамак. А чыры кана? Көрсө, ошол тамакка бир нече шамшарлар сайылып турат. А шамшар, бычак, кылыч дегендер “канга  кан”, “өлүмгө өлүм” деген жоокерчилик доордун бир шерти.

Эпосто “Жайма көкүл жаш Айдар” деген каарман бар. Шашьшышта алыска кабарга ошону жиберет, желден тез жүрүп кабар жеткирет. Сүрөтчү анын поэтикалык образын учуп бараткан ат үстүндө, өзү аттан өтүп алдыга умтулган аракетте, булуттардын арасында берет. Аны менен кабарчылыктын символдору каркыралар катарлаша, жарышып учуп баратат.

Сүрөтчүнүн кыл калеминен согуш эпизоддору да аябай эле сүрдүү, панаромалуу чыгат, жоокерлердин колдонгон куралдарын да аларды билбей калган азыркы муун үчүн ыктуу берет. Кылкылдаган көп колду кылын кыйшайтпай берүүгө, эпикалуулукту, монументалдуулукту сактоого далалат кылат. Анын баатырлары эпикалуулугу, сүрдүүлүгү, чексиз кара күчтүн ээси экендиги менен айрымаланат, куду эле жомокто сүрөттөлгөндөй көзүнөн от менен жалын чыгат. Анын бир көрөгөчтүгү терс образдарга башкача бир боек сүртүп ийбейт, алар дале кадимки адам, баатыр, кара күчтүн ээси катары көрүнөт.

Герцендин аттары эпикалык тулпарларды сүрөттөгөн образдуулугу менен, адамга “канат болгон” кишиликтүүлүгү менен, туягы туягына тийбеген касиети менен, кыргыздардын ат философиясын кармай билгендиги менен айырмаланат.

Теодор Герцендин керемети “Манас” менен аябай айкалышкан, бири бирин ачкан, толуктаган. “Манас” ага илхам, эргүү берген, темасын табууга жол көрсөткөн.

Бул эмгектер дагы көп жылга чейин барктала берерине, көчүрүлүп жүрө берерине, накта элдик искусство катары жашап каларына күмөн саноого болбойт. Анткени ал “Асман менен Жериндин тирөөсүнөн бүткөндөй” айкөл Манастын бейнесин толуктап тургандыгы менен кызыктуу да, көрүмдүүда, касиеттүү да…

(М.А.)


Кыргыз