Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Классикалык образдардын жаратуучусу

Классикалык образдардын жаратуучусу

1938-жылы октябрь айында Б.Кьщыкеева, Д.Күйүкова менен республикалык жаш балдар театрында кызматташ болуп калдым. Анда Б.Кыдыкеева да, Д.Күйүкова да жаш. Экөөнүн тең театрга келгенине эки гана жыл болгон. Ага чейин театрда коюлган спектаклдерден эпизоддук ролдорду аткаргандары болбосо, башкы каармандарга, айрыкча классикалык образ дарды түзүү жолуна түшө элек болчу. Ошондуктан Лауренси янын ролун Б.Кыдыкеевага, Хасинтанын ролу Д.Күйүковага сахнадагы алгачкы чыгармачылык дебют катары берилген.

Бул ишенимди жаш актрисалар сахнада зор ийгиликтер ме нен акташкан. 1939-жылы 19февралда республикалык жаш балдар те атрынын коллективи драматург К.Эшмамбетовдун эпостук темадан алып жазган “Саринжи” атгуу драмасынын премье расын өткөрдү. Д. Күйүкова андан жетим калган кайниси Саринжинин таламын адилеттүүлүк менен колдогону үчүн күйөөсү Бөкөй менен бузуку Коңур тарабынан эки көзүнө уу куюлган Акчайымдын ролун аткарган. “Саринжи” аттуу спектаклди көргөндөн кийин, режиссер Самарин Волжский Даркүл Күйүкованын актрисалык чыгармачылыгынын алгачкы дебюту Хасинтадан башталса, Акчайымдын ролу аны бекемдеп койду. Мен бу жерден келечеги кең актриса ны көз алдыга келтирип жатам, деп айтканы эсимде. Сахнадагы чыгармачьшык кесипте ар кьш жаштагы, ар кыл көз караштагы кишилердин ички психологиясын жа ратууга багытталган изденүүлөр жаш актриса Даркүл Күйү кованын чеберчилигин арттырууга, ой толгоолорун байы тууга ыңгайлуу шарт түздү.

Д.Күйүкова турмушка, коомго ынтаа коюп байкоо жүргүзгөн актриса. Ал оригиналдуу пье салардан тартып, классикалык чыгармалардагы образдарды сахнада иштеп чыгууда ошол чыгарманын идеялык мазму нуна, тарыхый өнүгүшүнө терең ой жүгүрткөн, изденүүсүн уланткан устат. Ошондуктан, ал иштеген роль кайсы гана ко омдук формацияны кучагына алса да, кишини ынандырып, чындыкка айкалышып турат. Д.Күйүкова түзгөн образдар бирибирин кайталабайт. 1958-жылы Москвада өткөрүлгөн Кыргыз адабияты ме нен искусствосунун декадасында көрсөтүлгөн классикалык драма А.Островскийдин “Добулунан” Д.Күйүкова каардуу Кабаниханын ролун аткарды. Даркүлдүн репертуары бай. Ал аткарган ролдорду, түзгөн образдарды изилдеп, талдап чыгуу өзүнчө убакытты, зор эм гекти талап кылат. Кыргыз эл жазуучусу, драматург, Аалы Токомбаевдин «Өл бөстүн үрөнү» аттуу тарыхый драмасынан Даркүл Күйүкова нын үлүпгүнө Уулбаланын ролу тийген.

Даркүл Күйүкова коом алдында, эл алдында оор чыгар мачылык милдетти үзүрлүү аткарып келе жаткан сахна че берлеринин эң көрүнүктүү өкүлү. Ошон үчүн 1967-жылы советтик театр искусствосун өнүктүрүүдө зор эмгек сиңир гендиги үчүн Кыргызстан мамлекеттик драма театрынын артисткасы Даркүл Күйүковага «СССРдин эл артисткасы» деген ардактуу наам берилген.


Кыргыз