Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Эмне үчүн Ысык-көл көгүлтүр

Ал деңиз деңгээлинен миң жети жүз метр бийиктикте. Ошондон көгүлтүр го? Жок. Ага, тээ ак-көк мөңгүлөрдүн тамчысынан жыйылган булактар, чамынган көк кашка өзөндөр куят. Анын түбүнөн кайнар булактар чыгат. Асманынан ак жамгыр, көк жамгыр тамат. Ачык күндөрү эң мөлдүр асман бийиктен күлөт. Ошондон көгүлтүр го? Жок. Ал аскалардын мөңгү чулгаган Улуу-Тоо, Ала-Тоо курчоосунда турат. Анын үстүнөн ак булут, көк булут көчөт. Жеринен ар кыл минералдык заттар, туздар чыгып суусунда эрийт. Ошондон көгүлтүр го? Жок. Анан эмнеден Ысык-Көлүбүз ушундай көгүлтүр? О, ага көгүлтүр түстү аны чулгап турган жаратылыштын бардыгы берди.

Эгерде чөйрөсүндөгү жаратылыш касиеттеринин бир азыгы кемип калса, балким көлүбүз мынча мөлдүр, ушундай укмуш көгүлтүр болбос эле. Жаратылыштын бардык касиеттери, өзгөчөлүктөрү көзөл түс берген сонун көлдөр жергебизде көп. Аларды чулгаган тоолор укмуш бийик. Обочодон баш айлантат. Зыңгырайт. Каардуу томсорот. Коркунучтуу, көңүлсүз сыяктанат. Өзөнүн өрдөп койнуна кирсең, каардуу тоолор өз сырын ачат. Биринен бири кызыктуу кокту-колоттор, кенен жайыктар көзөл, көк-жашыл. Асманы көкмөлдүр. Чыңдар, зоолор, аскалар бирине бири окшобогон сыяктуу. Кылдат баамдачы ошол ар түрдүүлүк бир бүтүн көркөмдүктөгү эң сонун табийгаттын сырларын курап турат. Жергебиздин ушул табигатынын бир бүтүн көркөмдүгү эзелкиден эскисин түлөтүп, жаңысын өнүктүрүүдө. Ушул өз чөйрөсүндө күн өткөргөн бабаларча ушул өз жергеси кенен болду. Алар ар заманда өз өмүр-тиричилигин баян эткен дастандар жаратты. Ал дастандар, ушул жер-суунун, ушул табигаттын чөйрөсүндөгү бардык көлдөрдөй көгүлтүр болуп жаралды.

Кар бүрккөн кыш арыктаган буурадай эски чуудасын самсаалатып, те муз дабанга карай илкиген сайын ойтоо, өзөнтүз көк-жашыл тартып жаздын жашыл өмүрү көктөгөн сайын жан-жаныбардын бардыгы көктөдү, тукумдап өнүгө берди.  Ошентип көгүлтүрлүк калкыбыздын түшүнүгүндө — жан-жаныбардын өмүрү, өсүп- өнүгүүсү. Ошон үчүн элибиз көгүлтүр дүйнөнү чексиз сүйүшөт. Башта кишилер өз дүнүйөсүнө коктудан карашчу. Азыр алардын урпактары — биз, бийикке чыктык. Бийикте, биздин дүнүйөбүз кеңейе түштү. Ана! Азыр биздин табигаттын байлыгын, анын ар түрдүүлүгүн, бирине бири окшобогон өзгөчөлүгүнө адам таң калат. Бир жагында аяз чытырап, бороон ышкырып турса, жергебиздин бул четинде жемиш дарагы гүл ачууда. Бир жагында коңур тартып жыш токойдон баш адашса, бул жагында кум какшыган чөл, уч-кыйрына көз жеткис мейкин. Бир жагында канаттуу ашалгыс муз дабандуу Улуу-Тоо асман мелжисе, бул жагында толкун кубалаган деңиздер күңгүрөнөт. Ушул кең жергеде бир үй-бүлө болушуп, жүз отуздан ашык улут менен калк жаңы дүнүйө куруп жатат. Ушул элдердин ар биринин өз чөйрөсү, жергесинин өзүнчө жаратылышы бай. Өмүрүн, көбүнчө деңиз үстүндө өткөргөндөрү, ар дайым өзү алп урушкан толкун мүнөздүү, толкун кыялдуу.

Чөлдөгүсү, ар дайым тер шыпырткан, аптап ысыткан чөл мүнөздүү, чөл кыялдуу. Тоодогусу ошол өз тоолорундай каардуу да, шайдоот да, күңгүрөмө да. А тигил Түндүк уюл жактагылар этинен эт кесип алсаң да камырабастыр. Алар ошол өз-өзүнүн ар түрдүү табигатында, чөйрөсүндө өз өзгөчөлүгүн жаңыртып тарбияланган, өнүп-өсүп калыптанган калайык—жалпысы бир бүтүн болуп, жаңы коомдун жашыл имаратын курууда. «Ни человечство, ни природы нельзя понять мимо, исторического развития» деп акылман А. И. Герцен айткандай ушул кең жергебиздеги элдердин өмүрү да, жаратылыштын өнүгүүсү да өзүнүн тарыхый жолунда тарыхый өсүп- өнүгүштүн закондоруна айкаш көктөөдө, өркүндөп-өсүүдө. Жаңырып жашарууда. Жер-суу картайган сайын ал кайрадан жашара берет. Адамдын керт башы картайган сайын анын теги — тукуму да жашарат. Жаратылыштын укмуш закондору ушундай! Жаратылыштын бул мийзамдарын киши шаштырып күч менен өзгөртөм деген кезде, ал, эң чоң жана зыяндуу, кайрадан оңдоого көп күчтү талап кыла турган жаңылыштыктарды жибериши ыктымал. Демек, жаратылыштын мийзамы менен адамдын каалоосу эриш-аркак өмүр сүргөндө гана ал калатсыз жеңиштерге жеткенин көрөбүз. Ошондуктан ушул бир бүтүндү курган көп түрдүү жана залкар турмушубуздун бир караганда жөнөкөй көрүнгөнү — анын татаалдыгын, эң укмуштай асылдыгын, бай жана көзөлдүгүн билгизет. Сырткы жөнөкөйлүк ички терең мазмундулуктун белгиси. Көп учурларда, айрымдар, аны бир калып менен өлчөп, тек өз көзүнүн көргөнүндөй туюнат. Ал тургай. андайлар жеке өз кабыл алуусун жалпыга таңуулайт.

Чындыгында, биздин көп түрдүү бай дүнүйөбүздү бир көз менен кароо, демек, анын байлыгын, тереңдигин, көзөлдүгүн тааныбай, аны жардылантуу менен барабар! Ысык-Көл өз чөйрөсүндөгү касиеттердин биринен кемип калса, өз тунуктугун кемиткен сыяктуу бир бүтүндү курган биздин кең өлкөбүздүн ар бир эле чөйрөсү өзүндөгү касиеттердин бирин кемитсе, ал, өз көзөлдүгүн кемитет. Биздин социалисттик өлкөнүн ошол бир бүтүн элеси менин көз алдымда: гүлзарга баткан эң сонун жана түбөлүктүү укмуштай асыл имарат болуп көрүнөт. Анын асылдыгын көрктөгөн, эмгекчи кишилеринин рухий дүйнөсүн байыткан эң маанилүү касиеттердин бири — көп улуттуу адабиятыбыз! Мезгилдер өткөн сайын, ушул көп улуттуу адабиятыбыздын бир бүтүндүгү чулу тартып тамырын жайган сайын, ал өзүнүн ар түрдүүлүгүн танса, балким, көргөндү суктандырган эң барпагай, көркүнөн көз тайгылган бир чоң гүл болуп өсөр. Бирок, ал канчалык барпыйса да, канчалык көз тайгылтса да жагым берген жыпар жытынан ажырап калары айгине! Эмесе, жыпар жытынан ажыраган гүлзар, ал канчалык көзөл болбосун, адамдын рухий дүйнөсүнө берер азыгы кем. Баасы төмөн. Көп улуттуу адабиятыбыздын гүлзарын өркөндөтүп өстүрүүдө, кай бирлер тек барпагай бир чоң гүлдү жарата беришке кумарлана кеткен кездери да жок эмес. Мунун пайдалуу не зыяндуулугун далилдеш үчүн биздин республикада, айыл чарбасында болгон бир «тажрыйбаны» эстедим: Мындан көп жылдар мурда, Чүй жазыгында, колхоз бакчаларында: «Тордомо», «Көкчө», «Басыбалды» деген эң ширин коондор бышчу. Ал коондордун шириндеги ушундай эле — бир жегениңде анын ширини да, сонун жыты да далайга оозуңда сезилчү. Коондун абдан ширин сортун өндүрүштү каалап бир селекционер жаңы сортторду чыгарды. Баарыдан өкүнүчтүүсү мурунку коондорду ушул сорт алмашты.

Ар дайым күз маалында, биздин фрунзеликтер коон дешип ошол сырты кооз ашкабакты алышат. Баарыдан кызыгы дал ушуЛ ашкабак-коондорго суктангандарды көргөнүңдө, айла жок: «Көкчө» менен «Тордомонун» ширини оозуңа сезилет. О, адабият ишмерлери, жакында боло турган баш кошуубузда, биз, баарыдан мурда көп улуттуу адабиятыбыздын ошол рухий дүнүйөбүзгө ар дайым ширин азык берер асыл касиеттери жөнүндө кам көрөлү. Адабиятыбыздагы бир бүтүндүн ар түрдүүлүгүнүн бир сапаты кемисе, совет адабиятынын деңизи да бир сапатын кемитери анык. Аны кемитишке акыбыз жок! Азыркы кыргыз совет адабияты мөлдүр. Анын мазмуну — көп дарыялардан курулган советтик адабияттын улуу Деңизинин теревдиги менен өлчөнөт. Аны өнүктүрүп жатышкан жазуучуларыбыздын катарлары да советтик жазуучу деген наамга сыймыктанышат. Таланттуу жаштарыбызды туура багытта тарбиялап, аларга советик жазуучунун таалимин берүү менен катарыбыз жетилүүдө. Ошентип, биз, кыргыз совет адабиятынын көгүлтүр көлүн улам тереңдетүү үчүн ат салышабыз. Биздин адабияттын кандайдыр бир өзгөчөлүк касиетинин келиши, не бир жанрынын кемиши — ошол көп улуттуу совет адабиятынын Деңизинин кемиши. Биз аны кемитишке эч акыбыз жок. Себеби, биздин адабият мөпмөлдүр Ысык-Көл менен түстөш.

Булак: bizdin.kg


Кыргыз