Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

БАЙЧЕЧЕКЕЙ (уламыш)

БАЙЧЕЧЕКЕЙ (уламыш)

Илгери өткөн заманда короо-короо малы, өрүш бербеген жылкысы, сандыгына батпаган алтын-зери бар бир бай болуптур. Бай сексенге таяп калса да бала көрбөй, «баланын ыңаалаган үнүн укпай, бул жашоодон куу баш өтөмбү» – деп кайгырып жүргөн мезгилде кебезден ак, айдан сулуу, гүлдөн назик, жалгыз чечекей кыздуу болот.

Мезгил өтөт кызы чулдурап сүйлөп, там-туң басып, атанын кайгыдан карып болгон жүрөгүн жашартып, жашына жаш кошуп, көңүлүн кушубак кылат. Күндөр айга, айлар жылга алмашып, кыз кол арага да жарап калат. «Кыз да болсо – туяк», – деп ата өзүн сооротот.

Күндөрдүн биринде кыз талаадан ойноп келип эле, «башым» деп ооруп калат. Табити эч нерсе тартпай, жеген тамагы аш болбой, төшөккө жатып калат. Тегеректеги табыптарды алдырат. Бирок, бири да кыздын оорусунун себебин билбей баштары катат. Айласы кеткен ата короо-короо ма­лын, өрүш бербеген жылкысын, сандыкка батпаган алтын-зерин чачып, туш-тушка жарчы жайып, чабарман чаптырып, оорунун жайын билген табып издетет.

Келген шыпаакерлердин бирөө да сыркоонун сырын ача алышпай, келген жактарына тарай берет.

Амалы түгөнгөн бай:

- Карыганда тапкан жалгыз чечекей баламан айрылат турбаймынбы, кудай, – деп ботодой боздойт.

Күндөр өтө берет, кыздын адам болбосу билинип, эл-журт камылгасын көрө баштайт. Ошол мезгилде кайдан-жайдан белгисиз бир жер кезген думана пайда болот.Ал акырын басып келип, кыздын тамырын кармап:

- Бактыңыз бар экен байым,  кызыңыздын үч күндүк гана өмүрү калган экен, улуу тоонун башында, калың карга карабай желегин жайган, сыздаган суукка туруштук берип өскөн, жаздын, жашоонун жышаанын берген бир кичинекей гана сары гүл бар, колуңуздан келсе ошону алдырыңыз, кызыңыздын дартына бир болсо ошол өмүр – гүл гана даба болот,- дейт.

Сүйүнгөн ата жигиттерди аттап-тондоп ошол улуу тоого жиберет, ат арышын токтотпой, бел чечип эс албай барып келүүлөрүн катуу эскертет. Үчүнчү күн дегенде жигиттер баягы кереметтүү сары гүлдү алып келишет. Табып аны кызга искетип, кайнатып берип, кыздын дартын тапка салып, кырк күн жанынан жылбай карайт. Кырк биринчи күн дегенде кыз төшөктөн туруп, сыртка өз алдынча чыгып калат.

Күндөр өтүп байдын кызынын демине-дем, күчүнө-күч кошулуп тыңып калат, өз ишин аткарган касиеттүү думана-табыпты бай ыраазы кылып узатат. Оюнкараак кызынын баштагыдай так секирип ойноп, күлкүсү шаңдуу чыгып калганын көргөн байдын көңүлү тынат.

Ошондон кийин эл ошол кереметтүү, байдын жалгыз чечекейин өлүмдөн алып калган кичинекей гана сары гүлдү «байчечекей» деп атап калышат.

«Эл таануу» китебинен


Кыргыз