Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Э.Арабаевдин тунгуч “Алиппеси”. Алиппе

Э.Арабаевдин тунгуч “Алиппеси”

1925 – жылы февралда Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик басмасы уюштурулган. Эки жыл ичинде басма 12 аталыштагы окуу китептерин жана окуу куралдарын чыгарган («Алиппе», «Алиппеден кийин окуу үчүн хрестоматия», «Географиянын башталгыч курсу», «Геометриянын башталгыч курсу», «Арифметикалык маселелер», «Эне тилдин методикасы» ж.б.). Кыргыз тилинде чоңдор үчүн  түзүлгөн алиппе китеби «Жаңылык» жана жазуу эрежелери боюнча мугалимдер үчүн колдонмо болгон «Жазуу жолуна саамалык» жарык көргөн.

Элге билим берүү тарыхында жана кыргыз элинин педагогикалык мурастарын калыптандырууда көрүнүктүү роль агартуучулар, илимпоз жана педагогдор Эшенаалы Арабаев (1882 – 1933) менен Касым Тыныстановго (1901 – 1938) таандык.

Э. Арабаев 1882 – жылы Борбордук Тянь – Шандагы Кочкор болуштугунун Күн – Батыш айылында төрөлгөн. Ал кичинекейинен эле зээндүү, тың, чыйрак чыккан. Өзү туулган аймактагы кат билген кишилерден, молдолордон окуп, сабаты ачылгандан баштап эле, жаштыгына карабай Кочкор өрөөнүндөгү айылдарда мугалим болуп, бала окутуп, агартуу ишинин ардактуу жана татаал жолун беттеп чыккан. Бирок жаш Ишеналы Арабаев көп өтпөй эле Кочкор өрөөнүндө алган билиминин жетишсиздигин,  сезип, балдарды окута турган кыргызча окуу китептеринин жоктугунан, кыйналып, оюндагыдай окута албай азап чеге баштаган. Балдар сураган айрым сөздөрдүн, түшүнүктөрдүн маанисин өзү да билбей такалып калганына кайгырып, жалгыз калганда ыйлап да алчу. «Атаганат, өз тилибизде балдар окурлук китеп бастырсакчы»,-деп дайыма арман кылганын кийин өзү да эскерип жазган. Ишеналы мугалимдин айылдагы молдолордон айырмаланып, балдарды башкача, жаңыча окутканы Ысык-Көл, Нарын аймактарынын айылдарын уу-дуу кылып, чоң таасир көрсөтөт. Кыскасы, Ишеналы Арабаев өзүнүн жетишкен жаңы бийиктигинен, жаңы деңгээлдеги сересинен туруп, элди илим-билимге үгүттөп, мектепке эвропалык нуктагы жаңы сабактарды киргизип, Ала-Тоо арасына агартуунун алгачкы чыйырларын сала баштайт.


Кыргыз