Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Табышмактар. Кыргызча табышмактар

Кыргызча табышмактар. Табышмактардын жыйнагы.  Табышмактар. Табышмак
Ааламга бир жан келди,
Үнү бар, сөзү жок.
(Жаңы төрөлгөн бала)
Табиятка жаралса, эң бир таттуу,
Табиятка жоголсо, өтө ачуу.
(Бала)


Жарган жыгач,
Жаткан коен,
Эки көөкөр азыгы,
Астындагы казыгы.
(Бешиктеги бала)
Баа-баа бакырчак,
Кичинекей такырчак,
Эки тулуп азыгы,
Көчүгүндө казыгы.
(Бала, бешик, шимек)


Конок келди алсыз,
Ат байладым жалсыз,
Кой союп бердим кансыз.
(Бала, бешик, эмчек)
Үйүбүзгө мейман келди,
Сүйлө десек алы жок,
Мингени бир сонун ат,
Бирок анын жаны жок.
Союшу бар эки кой,
Эти бар да сөөгү жок.
(Бала, бещик, эмчек)
Алтын сандык ичинде алтын сака,
Алчы-таасы билинбейт.
(Ичтеги бала)
Жомок бир жомок,
Толгон ай жомок,
Акылдуу киши ача албас жомок,
Чечен бир киши чече албас жомок.
(Ичтеги бала)
Көлдө жаткан чүкөнүн,
Оң-солуну билбедим.
(Ичтеги бала)
Кыңыр-кыңыр кыңырчак,
Минген аты-ыңырчак.
(Бешик, бала)
Тыкыр-тыкыр тыкырчак,
Тыкырчактын ичинде бакырчак.
(Бешик, бала)
Үйдүн чырагы,
Эшиктин кулагы.
(Бала, күчүк)
Кош кайкыда турагы бар,
Кош каухардан чырагы бар.
Керемети ааламга тиет,
Аалам ага башын иет.( Баш )
Сырткы көрүнүшү тоголок,
Бирок чоло жери жок
Чытырман токой.
(Баш, чач)
Эки таяктын бири алдыга кетсе,
Бири артта калат.
(Бут)
Алдын-кийин эки атым чуркайт.
(Бут).
Каркыра жолу кайык,
Турна жолу туюк.
Эки күлүк бар,
Биринен бири озот.
(Бут)
Калың токой,
Калың токойдун алды жар кабак,
Жар кабактын алды чийме саз,
Чийме саздын алды кайнар булак,
Кайнар булактын нары шаркыратма,
Шаркыратманын алды жалжайма,
Жалжаймадан тик барма.
(Чач, кабак, каш, көз, мурун, ооз, ээк)
Быш булак-быш булак,
Быш булактын үстүндө
Кайнар булак,
Кайнар булак үстүндө кара кыя,
Кара кыя үстүндө кара токой.
(Мурун, көз, каш, чач)
Күңгөйдөгү таш кудук,
Тегереги ак кудук.
Тескейдеги таш кудук,
Тегереги ак кудук.
Бүркөлгөндө караңгы,
Түнү түшкөн таш кудук.
Ачылганда караңгы,
Ааламга жеткен ак кудук.
Ортосунда сары кыр,
Оргуштап агат булагы.
Жайкалып сонун көрк берет
Бетеге, шыбак тулаңы.
Ойлонуп муну ким табат?Адамда болот бул дагы.
(Ооз, мурун, мурут, сакал)
Бир дөбөдө жети ийин.
(Ооз, көз, тиш, тил, мурун, кулак, каш)
Шып-шыпылдак,
Шып-шыпылдак үстүндө пыш-пышылдак.
Кайнар булак (шам чырак) үстүндө кара кыяк.
Кара кыяк (бир топ камыш) үстүндө кара токой.
(Ооз, мурун, көз, каш, чач)
Тап-тап, тапылдак,
Тапылдактын үстүндө пышылдак.
Бышылдактын үстүндө кайнар кара булак.
Кайнар кара булактын үстүндө кыя жол,
Кыя жолдун үстүндө кара токой.
(Ооз, мурун, көз, каш, чач)
Жар боорунда жалгыз казык (чуңкур).
(Киндик)
Аркы өйүздүн карагай,
Берки өйүзгө жыгылат.
Берки өйүздүн карагай,
Аркы өйүзгө жыгылат.
(Уктагандагы кирпик)
Кичинекей медерим,
Жер түбүнө жетерим.
(Көз)
Ачып ийсем ааламдын баарын койбойт,
Жыйып ийсем жарты жаңгактын көзү тойбойт.
(Көз)
Эки тууган бирин-бири көрбөйт.
(Көз)
Эки суу бар,
Бирине бири кошулбайт.
(Көз)
Кыпын түшсө ооруган
Эки нерсе кичине,
Бирок, тоо, көл, токойлор
Батып кетет ичине.
Бул эмне билип ал,
Пайдасы зор кишиге.(Көз)
Ээ эпилдек,
Жаа жапылдак.
(Ооз)
Бир текче,
Бир текчеде жыш мыкча,
Биз-биз биз элек,
Отуз эки кыз элек,
Бир тактага тизилдик,
Бирден-бирден үзүлдүк.
(Тиш)
Кыдырата (эки катар) таш койдум,
Кызыл өгүзүмдү бош койдум.
(Тиш, тил)
Белбоодо беш ат,
Бешөө тең кашка ат.
(Тырмак)
Сөөгү жок, эти бар,
Сүйлөгөн сөзү бар.
(Тил)
Казан толо чий боорсок.
Ортосунда чоң боорсок.
(Тил)
Отуз эки бүркүт, бир ак куу көлдө жаткан,
Ал ак куу ар нерсенин даамын таткан.
(Тиш, тил)
Тий-тий десем тийбейт,
Тийбе десем тиет.
( Эрин)
Калалуу коргон бузулду.
(Тиштин түшүшү)
Бети кара безгелдек,
Бешик чаап отурат.
Кашы кара безгелдек,
Кашык чаап отурат.
(Уста)
Аралаштырып айтканын уксаң, абдан таттуу,
Бирден талдап түшүнсөң, уудан ачуу.(Ушакчы)
Сансыз жибек самсаалайт.
(Чач)
Кара тоо башын кар чалды.
(Чачтын агарышы)
Эки терек жуп терек.
(Эки өрүм чач)
Мен кыйкырсам чокудан,
Ал заңгырайт коктудан,
Өзү түгүл изи жок,
Бул эмне деп чочусам.
( Жаңырык )
Беш бир тууган бар эле,
Баары бирдей жаш эле.
Ичинде бирөө баш эле,
Баарынан бою паз эле.
(Баш бармак)
Эртең менен төрт буттап басат,
Түштө эки буттап басат,
Кечинде үч буттап басат.
(Балалык, жаштык, карылык)
Кара тоо башын кар чалды,
Кайнар булак соолду,
Отуз эки аргымак
Ойноп жүрүп жоголду.
(Чачтын агарышы, көздүн күүгүмдөшү,
тиштин түшүшү)
Каза берсе түбү жок,
Кайда жүрсө жүгү жок.
(Ой)
Бир нерсе бар эң күлүк
Адам менен бир жүрүп.
(Ой, санаа)
Бассам басат,
Жатсам жатат,
Чапсам чабылбайт,
Көмсөм көмүлбөйт.
Караңгыда көрүнбөйт.
( Көлөкө)Очором жандык тогуз айда,
Үрөөнөк жандык үч айда,
Жакшы жандык жарым айда.
(Аял, ит, түлкүнүн туут мезгили)
Болдум мен бир заманда хандан тентек,
Чапчу элем көрүнгөнгө катуу келтек,
Бир башым экөө болду жүрүп-жүрүп,
Басылдым акырында мен да желдеп.
(Жаш баланын акылына киргени)
Торко сары тонум бар,
Топчусу жок, чече албайм,
Отуз капта даным бар,
Оозун ачып иче албайм.
(Адамдын териси, орөзо)
Жер жүзүндө жандуунун,
Эң керектүү заты бар.
Үч тамгадан куралган,
Анын кандай аты бар?
(Кан)
Эртең менен кетет чубалып,
Кечинде келет көнөккө суу алып.
(Желин)
Ийри-муйру көк чыбык,
Ийлеп койгон ак мамык.
(Ичеги, карын май)
Ачыла элек сандыкта,
Бычыла элек кундуз бар.
(Козу, көрпө)
Сакалын сүйрөп,
Жалакай түгөт.
Жалбарат өксөп,
Жамгырдан жүдөп.
(Эчки)
Мүун-муун муунчак,
Муун сайын түйүнчөк,
Жети кыздын кенжеси
Бакылдаган келинчек.
(Көгөн, козу-улак)
Бир кулакта кырк тешик,
Кырк тешикте кырк кулак.(Көгөн, козу-улак)
Букардан келген мунаажын,
Куйругу чолок кунаажын.
Бул неменин жүрүшү,
Тумшугунун чүрүшү.
(Чочко)
Топу бар, киерине чапаны жок,
Муруту бар ээгинде сакалы жок.
Пайдасы үй ичинен табылган соң,
Талаага барып келер сапары жок.
От боюнда бополой семиз ыйлаган.
( Мышык)
Итче отуруп,
Адамча жууңат.
(Мышык)
Жаандан кийин куралат,
Жети түрдүү түс алат.
Мунун атын ким табат?
(Асан-Үсөн)
Оймоктой жерден от чыгат.
(Мышыктын көзү)
Бүлдүр-бүлдүр бүлдүркөн,
Жер айлана жүгүргүн,
Наясаттын баласы
Мылтык алып жүгүргөн.
(Мышык, Чычкан)
Аргый-аргый жүгүрөт,
Аргымакча бүгүлөт,
Муну ойлоп ким билет?
(Тайган)
Узун кулак,
Кыйык чунак.
(Эшек)
Ача туяк, төрт казык,
Өтө кыйын жүгүрөт.
(Бугу)
Турук менен качат,
Түнү дагы тынбай басат,Тойгон мерген болсо да,
Токтоно албай атат.
(Бугу)
Эшек кулак, уй мурун,
Жазы маңдай кургуруң,
Ача туяк, казык бут,
Кескен өңдүү куйругун.
(Элик)
Эчкини куйругуна жапырган,
Эшекти башына көтөргөн.
Бөксө тоону жайлаган,
Чөп тазасын аймаган.
(Элик)
Саксайган түрү бар,
Адам коркор үнү бар.
(Аюу)
Элең-элең, элең келер,
Этек-жеңин кыя келер,
Кон арыкка коно келер,
Коктунун суусун иче келер.
(Бөрү (карышкыр))
Капталды капталдай чапкан Байбарак баатыр,
Бирөөнүн эмгегинен пайда тапкан кайрымсыз каапыр.
(Бөрү (карышкыр))
Шылдыр-шылдыр шылайкан,
Колго түшкөн кедейкан,
Маңдайы кашка батыркан,
Кулагы чунак капыркан.
(Капкан, түлкү, каш, кулак, карышкыр)
Кырда кылайма,
Отто олоймо,
Сууда сулайма.
(Карышкыр, кыпчуур, балык)
Калдыр-күлдүр каадак,
Жаны толгон саадак,
Оттогону жылкыдай,
Отурганы кишидей.
(Кирпи)
Көпүрөнүн түбүндө
Көр эшен ийне сатып отурат.( Кирпи )
Киймин тиккен ийнеден,
Коркуп жырткыч тийбеген.
( Кирпи )
Тумшугун бооруна катат,
Бүт денесине ийне каданып,
Топтомолок болуп жатат.
( Кирпи )
Кетмени жок жер казат,
Жер казганы эмне адат?
Өзү жүрсө түрткүлөп,
Көзү жүрөт үргүлөп.
(Доңуз (чочко))
Дүбүр-дүбүр дүбүркан,
Дүбүркандан бууракан,
Бууракандан бугушкан,
Бугушуп терек жыгышкан,
Жаан-жаан жанаркан,
Колго түшкөн кедейкан,
Кул кулагын култуйткан
Кулагы чунак норускан.
(Чочко, жолборс, аюу, карчыга, бөрү)
Жер астында борколдой семиз.
(Чычкан )
Эл жатса да, Эсенбай чунак жатпайт.
(Чычкан)
Эй-эй десең качып чыгат,
Кендир капты тешип чыгат.
(Чычкан)
Үй ичинде уялайт,
Бирин-бири кубалайт.
Чыйылдашып ар дайым,
Бири-бирин табалайт.
(Чычкан)
Бортум, бортум, бортум ай,
Караңгыда жорттум ай,
Кара көрсөм качтым ай,
Жарылганга түштүм ай.
(Сокур (көр) чычкан)Төрт буттуу
Төөдөн күчтүү.
(Пил)
Көргүлөчү куйругун,
Куйругунан мурду узун,
Атын тап, андан соң,
Тапкылачы тумшугун.
(Пил)
Жер түбүндө жездекемдин аты кишенейт.
(Суур)
Карагандын түбүндө какаш сулу отурат,
Салпаң кулак келет деп ыйлап-сыктап отурат.
Жылмалыгы жыландай,
Оттогону куландай,
Отурганы адамдай,
Жайкысын болчу жаныбар,
Кышкысын болбойт бул кандай?
(Суур)
Кырда кылыч жаркылдайт.
(Ай)
Качса түлкү алдыга,
Калтырат экен артына,
Кайдан билет түлкү анын
Керектигин аңчыга.
(Из)
Көк торпок болуп жээктен чыктым,
Кулун болуп тээктен чыктым.
Закымданып талаадан чыктым,
Жүгөн катынбай желеден чыктым.
(Карышкыр, куюн, шамал, суу)
Австралия талаасын,
Саякаттап табасың,
Чөнтөгүндө баласын,
Көргөндө таң каласың,
Эки колун көтөрүп,
Буту менен кете алат,
Муну кимдер чече алат?
(Кенгуру)
Желбейт, баспайт,
Өкүрөңүн жазбайт,Арткы бутунун изин
Дайым алдыга таштайт.
( Коен )
Аттаган жери атандай,
Баскан жери бармактай,
Оттогон жери оймоктой,
Качып жүрөт карматпай.
( Коен )
Төө ооздуу,
Бото көздүү,
Эшек кулактуу,
Эчки чычаңдуу,
Ат аяктуу,
Кой жүндүү,
Бул эмне табыңыз?
( Коен )
Жыл мезгилин ылгабас,
Кыштыр-жайдыр кургабас.
(Арча)
Жер үстүндө жетим бала диңилдейт,
Кар үстүндө карып бала диңгилдик,
Муз астында мусаапыр бала диңгилдик.
(Терскен, түлкү, балык)
Учарымды жел билет,
Конорумду жер билет.
(Камгак)
Кокту келсе конот,
Жел келсе желет,
Бул эмне болот?
( Камгак )
Муун-муун муунчак,
Муун ала түйүнчөк,
Сегиз кыздын энеси,
Селкилдеген келинчек,
Узун-узун бою бар,
Курамалуу тону бар.
( Камыш )
Жайында ысыкты дегдейт,
Кышында суукту сезбейт,
Кийгени жашыл жибек,
Жай-кышы түк чечпейт.( Карагай )
Ойлонгула кандай,
Кичинекей шардай,
Жармашат тийсең,
Акысы бардай.
(Уйгак)
Жерден чыгат арып,
Супурасын жайып.
(Чүкүрү)
Тырмаак кыз,
Ыйлаак кыз,
Чыргаак кыз.
(Чычырканак, шилби, кызыл куурай)
Асты таш, үстү таш,
Орто жери жашыл аш.
( Мисте )
Асты такта,
Үстү такта,
Ортосунда бышкан алча.
(Мисте)
Алыстан карасам, аңгыл-дүңгүл,
Жанына барсам, капкалуу кара темир,
Татып койсом, таптаттуу.
(Жаңгак)
Кап, каптын ичинде ун,
Ундун ичинде устун.
(Жийде)
Үлбүрчөккө кан куюп,
Үйлөп талга байладым.
( Карагат )
Сырты бирөө тоголок,
Ичинде миң сан томолок.
(Анар)
Ийип кетип сүт берет,
Байып кетип дан берет.
(Апийим )
Ыргал-ыргал ыргалган,
Ыргала басып жыргалган.(Арпа)
Өзү кызыл, өзү кызык,
Боорунда бар жалгыз сызык,
Берекелүү балбан колдор,
Күз айында алат сузуп.
(Буудай)
Миңдеген бир тууган,
Баары окшош нурданган,
Ынтымагын карасаң,
Бир гана кур курчанган.
(Боолаган эгин)
Жерден тып чыкты,
Эки кулагы тик чыкты,
Көгөндөрүн тарта чыкты.
(Буурчак)
Жерден жек чыкты,
Эки кулагы тик чыкты,
Селдесин ороно чыкты,
Кылычын байлана чыкты.
(Жүгөрү)
Азамат акем ичкери,
Сакалдары тышкары.
(Жүгөрүнүн сотосу )
Кийгени кат-кат жашыл шайы,
Бетин ачып кишини карабайт,
Жашыл чачы саксайса да,
Эч качан жууп тарабайт.
(Жүгөрүнүн сотосу)
Абдыкалык
Мойну салык.
( Конок)
Ичи ток,
Көлөкөсү жок.
(Ороо)
Тетиктери темирден,
Тээп койсо элирген.
(Трактор)
Диң-диң чолок жер казат.
(Тамчы)Ыргытат жерди тиштеп,
Тыныгат, иштеп-иштеп, ‘
Жөнөрдө жумушка,
Шап эле ийинге минет.
( Кетмен )
Асманга чыкса жаркырайт,
Жерге түшсө такылдайт.
( Кетмен )
Бири чөптү кыят,
Экинчиси жыят,
Үчүнчүсү үйөт,
Ушу үчөөнүн атын ким билет?
(Орок, тырмооч, айры)
Инисин кууп, агасы жетпейт.
(Арабанын дөңгөлөктөрү)
Төрт бир тууган сапар чегет,
Бирин-бири кууп жетпейт.
{Арабанын дөңгөлөктөрү)
Изи бар, кадамы жок аягынын,
Тийбеди учу жерге таягынын,
Колдорун айбанга арта таштап,
Анан салат экен баянын.
(Арабанын дөңгөлөктөрү)
Узун аркан,
Жыйып ала албайм.
(Дөңгөлөктүн изи)
«Соке, Соке!» десе, ишин өзү билет,
Ат-өгүзүн парлап айдап,
Артында жүрүп келет.
Боз териңди болбой ийлеп,
Тасмадай тилип берет.
(Соко)
Жер түбүндө ай көчөт.
(Соконун тиши)
Эки тартар,
Бири жыртар,
Куйругун сыйпалатар.
(Эки өгүз, омочтун тиши, мала)Узун жыгачка туурасынан кылыч аштадым,
Кылычымды кынсыз сактадым,
Көк жайыктын чөбүн көрдүңөрбү?
Бир күндө чаап таштадым.
(Чалгы)
Тору тайды жетелеп,
Тоого чыгам энтелеп,
Тоодон ыргып мен минем,
Типтик ылдый желдирем.
(Чана)
Көк өгүзүм кол жапырып баратат.
(Орок)
Керегеде ийри кабак,
Аны табалбагандын дарты тамак.
( Орок )
Шып-шып этет.
Шылып кетет.
(Орок)
Төрт аягы бар,
Эки табагы бар,
Бир таягы бар.
(Тараза)
Көк улагым көгөндө жатып семирет.
(Дарбыз, коон)
Союп жатам, жаны жок,
Эти кызыл, каны жок.
(Дарбыз)
Биз бир топ кыз элек,
Шыпка илиндик,
Жипке тизилдик.
(Калемпир)
Токсон катар тону бар,
Тоголок келген бою бар.
( Капуста )
Жер алдында төлдөгөн,
Төлүн өзү бөлбөгөн.
( Картошка )Башы күндү ээрчиме,
Төлүн багат бетине.
( Күнкарама )
Жапыз бойлуу,
Тогуз тондуу.
( Пияз )
Жер астында алтын казык.
(Сабиз)
Кичине гана сары киши,
Өзү ичкери, сакалы тышкары.
(Сабиз)
Жерге бекем түптөдүм,
Кийиз менен каптадым.
(Боз үй)
Сөөктөрү бакча-бакча,
Жаркылдайт жалгыз көзү төбөсүндө.
(Боз үй)
Чыны-чыны, чыны кыз,
Чындап төө минди кыз,
Бет жабууну жамынып,
Тамашага чыкты кыз.
(Боз үй)
Атасы баласын көтөрөт.
Баласы калпагын көтөрөт.
(Боз үй)
Кабагы күндө ачык, түндө жабык,
Тартып турат жакындасаң оозун ачып,
Жолобой коё турган чамасы жок,
Жакшылап көңүл бурчу, бул эмне зат?
(Боз үй)
Дүйнөдө бир ажыдаар бар көрөсүңбү? .
Жаркырайт жалгыз көзү төбөсүндө,
Кабырга башка сөөгү толуп жатат.
Жилик жок, бутсуз турат кабыргасын жерге матап.
(Боз үй)
Конгондо кооз,
Көчкөндө бооз.
(Чырмаган чий)Жайсам — көлдөй,
Жыйсам — жеңдей.
(Чырмаган чий)
Жерден чыккан жек элем,
Желпилдеген бек элем,
Кырга чыгып кырылдым,
Кырк тузакка илиндим.
(Чырмаган чий)
Аркы өйүздүн жылкысы,
Шака-шука тебишет.
Берки өйүздүн жылкысы,
Бака-бука тебишет.
(Чий чырмоо)
Ал этегим беш таш,
Бул этегим беш таш,
Али тоок жеке таш.
(Чий токуган таштар, аял)
Өйүзгүнүн жылкысы,
Бүйүз өйдө куюккан,
Топчу кулак боз уюк,
Айдай албай буюккан.
(Чий токуган таштар, аял)
Кыркыраган абышка өлөм дейт,
Кырк уулу кырк жагынан жөлөйм дейт.
(Түндүк, уук)
Эки колу ичкери,
Калган бою тышкары.
( Кырчоо )
Кичине гана куу күчүк,
Үйдү айлана жүгүрөт.
(Кырчоо)
Жогорку айылдын жылкысы кайчы кулак,
Төмөнкү айылдын жылкысы топчу кулак.
(Керегенин башы, көгү, аягы)
Алтымыш кемпир ай карайт,
Жетимиш кемпир жер карайт.
(Уук, Кереге)
Ай кучак-ай кучак.
Жыйып келсе бир кучак.( Кереге )
Абайдын алты уулу,
Төбөйдүн төрт уулу,
Кунан койдун куйругу,
Ары шалп да бери шалп.
(Үзүк, түндүк, эшик боолору)
Бир кыз бар жоолукчан,
Ичинде балдары бар от жаккан,
Күндүзү сыйрып ачылат.
Түнкүсүн кайра салынат.
(Боз үй, туурдук)
Элебай атам өлөм дейт,
Эки уулу эки жагынан жөлөйм дейт.
(Эки босого)
Адам кирсе ачылат,
Сыртка чыкса жабылат.
(Эшик)
Чоңду-чоңду, чоңду куш,
Чоң дөбөгө конду куш,
Канаттары кайкы куш,
Мурду жаман жайкы куш.
(Чатыр)
Буу-буу мундуз,
Мындан ары кундуз,
Ала кийик териси,
Алты кочкор мүйүзү,
Сокур кара буурасы,
Бучук кана энеси.
(Ала кийиз оймосу)
Өзү узун көлөкөсү жок,
Узун-узун уз кетет,
Көлөкөсү жок кетет.
(Жол)
Табышмактар. Табышмак
Адамдын черин таратат,
Терди өзүнөн өзү жаратат,
Эриксизден ал күнү,
Күзгүнү көздөй каратат.
( Мончо )Ичи кара,
Тышы ак,
(Мор)
Кирпиги жыгач, көзү көк,
Көзүнөн шоола төгүлөт.
( Терезе)
Тогуз төөгө жүк келсе,
Тойбоду такыр чөнтөгүм,
(Тегирмен)
Караңгы үйдө каман күркүрөйт,
Басалагы басып жатат,
Сугалагы сугунуп жатат.
(Тегирмен)
Күн күркүрөйт,
Күмөн ышкырат,
Азоо урат,
Мойнун бурат,
Акыркысы алам деп турат.
(Тегирмендин үйү, суу, ташы, капты тосуу)
Болуптур эки бир тууган,
Бирин-бири карайт,
Бирок жетише албайт.
(Үйдүн шыбы, таманы)
Келген да кол берет,
Кеткен да кол берет,
(Эшиктин туткасы)
Узун терек үлпүлдөйт,
Учу менин колумда,
Сагызгандар шакылыктайт,
Шагы менин колумда.
(Пахта ийре турган чыгырык)
Теңдешсиз бул заманда ага балбан,
Төө моюн, болот дене, өрдөк таман.
Сугунат таш болсо да саман өңдүү,
Ойлонуп тапкылачы ал кандай жан?
(Экскаватор)
Бир ит бар үрбөйт,
Буттары жок, жүрбөйт.
Уруксаатсыз ал иттен,
Ээси да үйгө кирбейт.(Кулпу)
Энеси үйдө калат,
Баласы айыл кыдырат.
(Кулпу, ачкыч)
Атасынын кулагын баласы чукулайт.
(Кулпу, ачкыч)
Ар эшиктин алдында,
Бир бели байлануу кул жатат.
( Шыпыргы )
Өзүн жыйнаткан,
Бекем байлаткан,
Шиштен башканы минбейт,
Короого чыкса бийлейт.
( Шыпыргы )
Тиши темир денеси жыгач,
Айныбастан кызмат кылат,
Жумшасам жердин ичине кирип,
Ичегисин да илип чыгат.
(Темир, күрөк)
Бутун учтап,
Башка муштап,
Токмок менен койгон экем,
Буту жерге житти бекем.-
(Казык)
Отко бышса как болот,
Дубалга сүртсө ак болот.
(Акиташ )
Уучтаса ундан майда,
Уютса таштан катуу.
(Цемент )
Тиши болот темирден,
Тийген жерин кемирген,
Түзөп аңын-дөңүн
Түйшүктүн баарын бүтүргөн.
( Бульдозер)
Жалтырайт, көңүлдү бөлөм,
Карасам өзүмдү көрөм.
(Күзгү)Кечеси жазылат,
Күндүзү жыйылат.
(Жууркан, ( көрпө ))
Күндүз ызаатта,
Түндө кызматта.
(Жууркан (көрпө))
Төрт бир тууган,
Бир калпак кийген,
Ат сыяктуу, -
Адамдар минген.
(Орундук)
Үйгө чыккан гүлкайыр,
Жайы-кышы соолубайт,
Тепсесе да бул гүлдү,
Үй ээси такыр корубайт.
( Шырдак )
Жем жебейт, суу ичпейт,
Чарчоону түк билбейт,
Колу жок уруп турат,
Буту жок жүрүп турат.
(Саат)
Олоңдоп долу келген,
От кармайт колу менен.
( Кычкач )
Ар бир үйдө от күйөт,
Чогу жок, бар жалыны,
Өзү ичте болсо да,
Тышка тиет жарыгы.
(Электр лампасы)
Жалт-жулт этет,
Жалмап жутат.
(От)
Кызыл жоолук дирилдейт,
Эскиргени билинбейт.
(От)
Кара өгүзүм карап турат,
Кызыл өгүзүм жалап турат.
(Казан, от)Башына кызыл жалын топу кийип,
Соргондо кургак сүтү турат ийип.
Акырын билгизбестен орной берет,
Өмүрдүн моторуна уусу тийип.
( Папирос )
Көк атым көктү карай жүгүрөт.
(Түтүн )
Узун узак,
Көккө тузак,
Алтын жалбырак,
Батман топурак.
(Түтүн, жалын, күл)
Көк коюм чыгып кетип,
Кызыл коюм жатып калды.
(Түтүн, чок)
Алдым толо кызыл алма,
Баатыр болсоң барып карма.
(Чок)
Отто — олойман,
Сууда — сулайман,
Кырда — кылайман.
(Чок, балык, ай)
Башына кийгени сүйрү калпак,
Бир колу бар, түбү жалпак,
Ичкени май, ичегиси пахта,
Боорунда тетиги бар бурап тартма,
Абдан керек бул буюм адамзатка.
(Лампа (чырак) )
Өмүр-өмүр, өмүрдөн,
Жаккан оту көмүрдөн,
Асманга мойнун созгон,
Адамга демин кошкон,
Кызарып чогу чыккан,
Оозунан күлү чыккан.
(Меш)
Көзгө тааныш бир суу, бар,
Эч билинбейт акканы,
Кандай дөө кечсе да,
Өлүм болот тапканы.
(Ток)Көйнөктү күндө сылайт түптүз
Жүрөгү көөдөнүндө ысып туруп.
(Утюг)
Отунсуз күйгөн,
Зым менен жүргөн,
Кызаргыча күлгөн.
(Электропечь)
Кичинекей сандыкча,
Ичи толо мыкча.
(Ширеңке)
Сонун сарай ичинен,
Чыга келет шарт этип,
Күндүз дебей, түн дебей,
Күлүп берет жарк этип.
( Ширеңке )
Илинип турат алмурут,
Жешке болбойт аны уруп,
Күндүз кечке уктап жатып,
Кеч киргенде көзүн ачат.
Бирдей карап бардыгына,
Үйгө тегиз мээрим чачат.
(Лампочка)
Кылдай ичке жолу бар,
Түгөнбөгөн оту бар,
Табы күчтүү өзгөчө,
Түгөнбөгөн отун ал.
(Электр тогу)
Кичинекей бечел,
Сүңгүп барып суу ичер.
(Кашык)
Жаркыраган кашка баш,
Жаралгандан ашка маш.
( Кашык )
Башы менен казанга түшөт,
Суюгун таштап, коюусуң сүзөт.
(Депкир)
Капталды капталдай чапкан баяк баатыр.
(Казан кыргыч)Капкара курсагы бар,
Керең кулагы бар.
( Казан)
Кулагы бар, башы жок,
Курсагы бар, чачы жок.
( Казан)
Өлөбай акем өлөм дейт,
Үч уулу үч жагынан жөлөйм дейт.
(Казан, тулга)
Киндигин бассаң, булагы аккан,
Жерде турбайт, кабарын уксаң,
Желкеси кетпейт темир мыктан.
(Кол жуугуч)
Жаңыдан демдеп кайнатпай,
Энемден ичтим кайнак чай.
(Термос)
Бирөө шуңкуюп курсагын тосот,
Бирөө койгулайт үстөккө-босток.
(Соку, сокбилек)
Үчүкөнүн үч уулу үшкү тартып отурат,
Айры сакал атасы атка минип отурат,
Тоголок кара баласы сууга тойбой отурат.
(Тулга, казан, кумган)
Уй курсак, тумшугу узун, бото мойнок,
Күйбөстөн өрт-жалынды кечет ойноп,
Чалкалап сууну берсе — ичет, кусат,
Ысапыз, оюнда Жок тоюп коймок.
(Кумган)
Эки кулагы бар,
Төрт туягы бар,
Маңдайында күйүп турган чырагы бар,
Ортосунда кайнап турган булагы бар.
( Самоор )
Тегереги от,
Ортосу —. суу,
Бир аздан соң,
Көтөрүлүп буу,
Салат чуу,
Тезинен тап,
Эмне экен бу?!
(Самоор)


Белине ак тон оронот,
Сүйрөлөңдөп тоголонот,
Тоголонуп тонун чоет,
Заматта ийлеп коет.
(Үбөлүк)
Суудан башка ашы жок,
Томпок курсак бөйтөгөй.
(Чөмүч)
Карагул аттан жыгылды,
Калкы-журту жыйылды.
( Казан-аяктар )
Жеңем жерге түштү,
Балдары аны күтүштү,
Кара катын аттан жыгылды,
Балдары апакелеп чуркады.
( Казан-аяктар )
Эки тоонун арасы,
Эбей-себей күн жаайт.
(Элек)
Жапжаңы идиш,
Бирок баары жыртык.
(Элек)
Ирегени жердеген,
Төргө басып кирбеген.
( Көлөч)
Чаң жугузбай барктайбыз,
Бассак ансыз баспайбыз,
Жат-жатууга келгенде,
Жандан оолак таштайбыз.
(Өтүк)
Капталы тилик,
Дайыма кыргызда болот,
Жүнбаскан чокуну минип,
( Калпак)
Кыйыктуу көйнөк кийген асыл таяк,
Көтөрсөм, тамчы… тамчы… этек жаят,
Көз жашын табигаттын, же аптабын
Өзүнө тосуп алат мени аяп.( Калпак)
Беш кичине үйү бар,
Жалгыз бир эшиги бар.
(Мээлей (кол кап) )
Сүттүн сүзүп коюусун,
Казанга салып кайнатам,
Эңсеп келген адамга,
Бир-экиден чайнатам.
(Курут)
Суусу ичилет, коюусу калат.
(Чай, чама)
Өзү суудан алынат,
Суудан коркуп жалынат.
(Туз)
Суюк, бирок суу эмес,
Ак, бирок кар эмес.
(Сүт)
Тептим терекке чыктым.
(Үзөңгү)
Тап-тап, табышмак,
Тай куйругуна жабышмак.
( Куюшкан )
Жылт этти,
Жылгадан ашты.
(Ийне)
Ак дүйнөдө бир кемпир бар жалгыз аяк,
Оозуна тиштегени — чийден таяк.
( Ийик )
Аякка өтөт чай-чай,
Буякка өтөт чай-чай,
Муну тапкан кишиге,
Жүз жыйырма тай-тай.
(Араа )
Боору толгон тиши бар,
Жыгач менен иши бар.
(Араа)
Эсепчи башы бар,
Токсон төрт жашы бар,
Ар биринде ондон,
Бирөө гана төртөө,
Бул эмне деген нерсе?
(Чот)
Узун сайда уй мөөрөйт.
Кыска сайда кыз мөөрөйт.
(Керней, сурнай)
Айнекке жатып бир чүрөк,
Көрүп өт дейт мөлтүрөп.
Аптапта бою узарат,
Аязда бою кыскарат.
(Градусник)
Алысты жакын кылат,
Жакынды алыс кылат,
Каалагандай көрө аласың,
Көз алдыңда чагылдырат.
(Дүрбү)
Огородду араласа,
Өзүн каз моюндуу көрөт.
Эңкейген жерге,
Себелеп сууну төгөт.
(Лейка)
Сууга чөкпөйт,
Суук да өтпөйт.
Кое берсе учат,
Карматпай сызат.
(Шар)
Бетинде аты,
Бетинде жашы,
Ал гана түгүл,
Бетинде баасы.
(Тыйын)
Өзү өлчөп өз боюн,
Жазып алган бооруна,
Жакшы билет кызматын,
Кармай билсең колуңа.
(Метр)
Отто эрийт,
Ойсоң оюлат,
Оюңдагыдай чоюлат.
(Темир )
Жөпжөнөкөй жасалган,
Ысыктыкты ката алган
Бырыш-тырыш кийимдерим
Мына ошондон жасанган.
(Үтүк)
Капкара курсагы бар,
Укпаган кулагы бар
Сүйлөбөгөн тили бар.
( Казан )
Ичи ичинде,
Ичегиси тышында.
( Комуз)
Коруй, коруй, ийре тептим,
Короосуна кийре тептим.
(Футбол тобу)
Кулактарга жармашып,
Көз менен көзү жандашып,
Минип алат мурунду,
Ким билет мындай буюмду?
(Көз айнек)
Басып жүргөндө
Эки эгиз балабыз
Тамак ичкен убакта,
Столдун алдына барабыз.
Элдер уктап жатканда
Оозгу үйдө калабыз.
(Ботинка, галош)
Жайсам — түндүк жабуу,
Жыйсам — таяк баалуу.
Чакан үй дубалы жок,
Урунбайт убагы жок.
(Кол чатыр)
Жайда бар да күздө жок,
Акын деп айтат элибиз,
Гүлдүү жерде, чөлдө жок,
Кай жан бул ойлоп көр.
(Булбул)
Отуруп алып ичин ачам,
Баатырларча аралашам,
Аябаган кызыкка батам,
Аягына жеткенче шашам.’
(Китеп)
Чычкан тиш, эшек кулак, эрди жарык,
Төө карын, ит тамандуу, шайыр кылык.
Бул өзү кандай жандык ойлонгула,
Тыбыт жүн, чыпылдаган эчки куйрук.
( Коен )
Узун кулак,
Кыйык чунак,
Денеси кипкичине, күлгө ынак,
Жүргөнү кылтың-култуң жорго сымак
Туягы тыптырмактай, жаагы узун,
Кандай мал кара далы, узун кулак.
(Эшек)
Бир чынынын ичинде
Эки түрдүү суу бар,
Бири-бирине кошулбайт.
( Жумуртка )
Бышырса аш болор,
Бышырбасаң куш болор.
( Жумуртка )
Теңселип жерден туулган камыш сабак,
Чеңгелдүү таманынан тамактанат,
Кучактап, жылуу ороп кабат-кабат,
Капырай колсуз туруп бала багат.
( Жүгөрү )
Табышмактар. Табышмак


Кыргыз