Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Табышкер

Ооба, бул окуя Эдик мектепке бара турган жайда болду эле. Ал кошунанын балдары менен тамдын көлөкөсүндө ойноп аткан. Бир маалда жылаңайлак, жылаңбаш жүрө берип, күнгө аябай күйгөн Эдик эдиреңдеп кирип келди. Колунда кызыл карандаш.
— Ата, таап алдым!
— Кайдан?
— Үйдүн түбүнөн! Буга атасы анча деле көңүл бурбады корунет, окуп ат¬кан китебинин кызыгына тез эле азгырылып, уулун унутуп койду.
Кечке жуук Эдик уйго дагы эдиреңдеп кирди.
— Ата, таап алдым?
— Эмнени?
— Кичинекей машинени! — Эдик жейдесинин ичине ка-тып келген «олжосун» чыгарды.
Оюнчук кыпкызыл, кооз болучу. Аны Эдик уйдун бир бурчуна катып койду. Үй ичи мындай оюнчуктарга толтура болсо да, алар ар кай жерде чачылып жатса да карап койбой, баласынын таап алган буюмду мынчалык кастар-лашы атаны катуу таңкалтты, бир эсе кубантты.
Эки кундон кийин Эдик көчөдөн татына куурчак, торт күндөн кийин кок топ таап келди.
Мурда да Эдик кочодон топчу, жез тыйындардан таап келе калган учурлары болгон. Буга: «Балабыз чыйрак, са¬
рамжалдуу болуп есмой болду. Аман болсо бизди багат экен го»,— деп кудуңдап жүрүштү ата-эне. Ошондон улам, кийинчерээк ал «табышкер» атка коно баштаган. Үйдөгү-лор минтип бир чети эркелетип атагандыктан, балага бу жага бербей калды көрүнөт, акыркы күндөрдө «табыш-керлиги» ого бетер күчөй баштаган.
Бир күнү атасы иштен келсе, кошуна аял бүжүрөгөн түйдөк чач кызын ээрчитип алып, булардын короосунда кейип жүрүптүр.
— Эдик кызымдын оюнчук казын тартып алган боюн-ча жеткирбей кетти…
— Калп айтат! Казды арыктын жээгинен таап ал¬дым! — Эдик моюн бербей кыйкырат.
— Ооба, айланайындар, кызым арыктын ичинде суу кечип ойноп аткан, оюнчугу арыктын кырында болучу.
— Жо-о, таап алдым! Каз булардыкы эмес… Калп айтат…
Эдиктин апасы ыйламсыраган бүжүрөк кызды уйго же-телеп кирип, көйнөгүнүн чөнтөгүнө бир кочуш ирис салып, оюнчуктар чачылып жаткан болмого жетелеп кирди.
— Тигине! — Кубана кетти кыз желим казды сөөмөйү менен көрсөтүп.
— Бу меники! — Эдик казды баса калды. —Таап ал-гам! — Ыйламсырады. Анан казды бербей копко убара кылды.
Кыз оюнчугун алып, чыгыик &шртып, өгүнү Эдик таап келген куурчакты көрө салд.’”V* «Апа, мына куурча-гым!» — деп кыйкырып ийди. ,”.
Эдик бу жолу да: «Бу мениййГ’1*£п алгам!» —деп бер¬бей, үйдөгүлөрдү да, озун да кыйлага беймаза кылды…
Кийинки куну атасы иштен келсе, маңдайкы уйдо тур¬ган татар кемпир кок коз небересин ээрчитип, короодо ча-мынып журуптур:
— Таппай журсок, Тофигимдин кызыл машинеси си-лердин үйдө экен. Балаңар азыр эле кочодо сүйрөп жу¬руптур…
Бу жорук атаны катуу ойлонтту. Эдик анын жалгыз баласы эле. Ага катуу айталбай, же катуу айтпай да коё албай, ото кыжалат болду.
Эртеси дем алыш болгондуктан, Эдикта көзөмөлдөп отурду.
Демейдегидей эле, Эдик курсагын кампайткандан ки¬йин, тапычкесин кийип алып, сыртка чыкты. Короодо ары кайпактап, бери кайпактап азга турган соң, көчөгө чыгып, чынар теректин көлөкөсүндө ойноп аткан топ балага ко¬
шулду. Бирок, алар менен камыр-жумур болуп аралашып кетпеди. Саал четтеп, тигилердин ар кай жерде жаткан оюнчуктарын багып, коомай турду.
Мына, кызык эми башталды. Балдар көчө боюнда куй-кум жүндүү торпок баш ит жетелеп бараткан кишиге алак-сый түштү эле, Эдик оюнчук машинелердин арасында тур¬ган кичинекей сары кранды ала коюп, киргилт суу агып аткан арыктын бери жагындагы шоолдоп өскөн калын, чөптүн арасына ыргытып ийди да, кийин балдарга кошу-луп, ит жетелеп бараткан кишини кызыгып карай баш¬тады.
Туш ченде балдар үй-үйлөрүнө тарап кетти.
Эдик короосуна кирди да, дарбазанын жылчыгынан оюнчук кранын издеп таппай жүргөн бейтааныш баланы карап турду. Тиги ошол тегеректи жарым сааттай тинтип, акыры үмүтү үзүлүп, үйүнө озондоп жөнөдү.
Бала кеткенден кийин Эдик короодон чыгып, эки жагын ?>лендей карап, бала-бакыра көрүнбегөн соң алиги шоол¬доп өскөн калын, чөпкө учуп жетти да, кранды бооруна кысып, кайра сызып келди.
— Ата, кран таап алдым!—деди Эдик эдиреңдеп, ич¬ки үйдүн көчө жаккы терезесинин түбүндө ойго батып тур¬ган атасына.
— Кайдан?
— Биздин дарбазанын жанынан!
Ата аргасыз жылма^ды^ бирок эч нерсе дебеди. Чын-дыкты айтып уулун уяткарган да жок. Тек гана, кабагы чытылып, капа болуп отурду…
Эртеси ал тан, азандан ишке жөнөдү. Чыгып баратып, Эдиктин оюнчуктары чачылган бөлмөгө кирди да, баласы-нын эң жакшы көргөн оюнчуктарынан экини — жашыл танка менен аппак самолётту портфелине салып алды.
Кечинде келсе, короодо кошунанын беш жашар баласы менен жер бетегедей болгон бир кызы ыйлап жүрүптүр. Кейпи, экөөнүн Эдикке алы жетпей, оюнчуктарын алалбай атышса керек, анын атасын көрө сала экөө бирдей датта-нып киришти.
— Кок тобумду Эдик уурдап алыптыр,— деди бала ыйламсырап.
— Оюнчук тоогумду алып бериңиз,— деди кыз жалоо-руп. —Ал ачкыч менен бурап койсо жем жечү эле…
— Булардын тобу менен тоогун алсаң бер,— деди ата Эдикке күлүмсүрөп.
— Жо-о, алган жокмун! — Эдик карганып ийди. — Топту жарым ай мурда чөптүн арасынан, тоокту арыктын
ичинен таап алгам! Бербейм! Буларды эмне кылсам — өзүм билем!
Ата эми оюнчуктарынан ажырап турган берки экөөнө-кайрылды.
— Көрдүңорбү? — деди ал тиги экөөнүн чачынан сы-лап.— Эдик аларды таап алыптыр.
— Жо-ок, калп айтат, уурдап алды! — деп чуркурап ийди экео Эдиктин атасынын калыссыздыгына нааразы боло.
— Жо-о, балдар,— деди Эдиктин атасы мээрман үн менен. — Эдик аларды таап алыптыр. — Анан атасына ыраазы болуп ырсайып турган баласына карады. — Ушун-дай эмеспи, Эдик?
Эдик «иги, ооба!» — деди маңдай жагына кичинекей кекул коюлган башын ийкендетип.
Ата эми ындындары өчүп калган берки экөөнө карады.
— Эмне, ишенбей турасыңарбы? Мына, мен да бүгүн иштен келатып эки оюнчук таап алдым. Көрсетөйүнбү?
Жер бетегедей кыз менен бала чоң кишиге кызыга тик-теп калды.
— Мына муну,— деди ата портфелин ачып, жашыл танканы алып чыгып,— мобу жердеги нан саткан дүкен-дүн жанынан таап алдым.
Ал танканы алаканына салып азга кармап турду даг жерге койду.
— А муну,— деди ал эми аппак самолётту алып чы¬гып,— балмуздак саткан жердиц тушунан таап алдым!
Ата самолётту ары-бери аласалдырып, азга карман турду да, танканын катарына койду.
— Кандай жакшы оюнчуктар?! —Кичинекей бала оюн-чуктардын жанына чөгөлөп, аппак самолётту алаканы ме¬нен сылай баштады.
— Бирөө унутуп кеткен го? — Бүжүрөк кыз танканы колуна алды.
Ошо маалда Эдик самолётун да, танкасын да тааный коюп, тепкичтен жүгүрүп түштү:
— Бул менин оюнчуктарым!
— Жо-о,— деди ата эми самолётту да, танканы да ба-шынан еедө кетерүп. — Буларды таап алдым.!
— Кантип?! — Эдиктин жаны күйдү. — Бул менин оюнчуктарым турбайбы?! Тигине, самолёттун он, жаккы канатында кечээ мен тартып койгон жылдызы журет… Танканын таманынын сыры өгүнү кумга ойногондо кетип калган болучу… Белгиси деле өзүмкү! Ата, өзүң айтсаң, булар менен оюнчуктарым эмеспи?!
— Жо-о, сен калп айтасьщ,— деди ата билмексен бо¬луп. — Мен буларды таап алдым! Эми, тапканымды эмне кылсам өзүм билем!
Кийин ата аппак самолётту кичинекей балага, жашыл танканы кызга берди да, короодон чыгарып койду. Алар сүйүнүп, алеки саатта коздон кайым болду.
Эдик ушунчалык ыза болгондуктан буулугуп ыйлады. Атасы аны демейдегидей соороткон да жок. Ыйлап атып өпкөсү көөп болгон бала бир маалда басылып, атасын куноолой баштады:
— Самолёт менен танканын чаңын кечээ эле аарчып, үстөлдүн астына койгомун, аны сен уурдап алыпсың!
— Жо-о, таап алдым,— деди ата камырабай.
— Жо, уурдап алыпсың! — Ак жерден күйүп аткан Эдиктин жаны карайып, ызасынан дагы ыйлады.
Жанатан бери кападар отурган ата ошондо гана сыр-дуу жылмайды. Анан Эдигин бет маңдайына отургузуп, күлмүңдөп карап калды.
Эдик эч нерсеге түшүнө албады.
— Танка менен самолёт сеники беле? — деп сурады ал.
— Ооба, меники эле! Аны жазында өзүң сатып бербе-диц беле? — Эдик дагы ыйлады.
— Кой, чон жигит да ыйлачу беле? — деди ата Эдик-тин башынан сылап. — Азыр мен сага аларды кантип таап алганымды айтып берем.
Эдик басылып калды,
— Мен эртең менен ишке жоногондо сен уктап аткан-сын. Оюнчуктар чачылып жаткан болмого кирип, самолёт менен танканы уурдап кеткенимди билбей калдьщ.— Ата «уурдап» деген сөздү абдан баса айтты.
Эдик ооба дегендей башын ийкеңдетти.
— Анан, мен аларды «таап алдым» деп калп айттым.— Ал бу жолу да «таап алдым» деген сөздү таптап айтты.
Элик баш ийкеди да, доомат коё кетти:
— Эртен самолёт менен танкамды кайра алып бер!
— Жок,— деди атасы. —Оюнчукту таап алган киши аны эмне кылышты өзү билет. Бербейм десе бербейт, би-роого берем десе берет, сатам десе сатат… Өзү билет…
— Кантип?! — Эдиктин кайрадан жаны күйүп, ызалы-гы артып, шолоктой кетти.
— Ошентип,— деди ата. —Сен деле таап алган нерсе-леринди бербей коюп атканың чынбы? Чы-ын!.. А «оюнчук таап альш!» өнөрдү сенден үйрөнүп алганым чынбы? Чы-ын!
Эдик соороно түштү.
Ошо маалда ата андан оюндагысын сурап калды.
— Бая кранды кайдан тап алдьщ эле?
— Дарбазанын түбүнөн.
— Калп айтпа-а, аны кантип таап алганыцды жакшы-ы билем, терезеден карап тургам…
Эдик элтее калды.
— Аны сен балдар ит жетелеген кишиге алаксый туш-көндө калың чөптүн арасына ыргытып ийгенсиң. Ушундай эмеспи?
Эдик унчугалбай калды.
— Анан бала кранын таппай калган. Балдар тарап, тиги бала ыйлап үйүнө кеткенден кийин сен аны ыргытып ийген жериңден таап, үйгө чуркап келгенсиң туурабы? Туурабы?
Эдик башына камчы тийген аттай жалтайлай тушту.
— Бул — уурулук! — Атанын уну каардуу чыкты. Ошо тапта бала менен атанын каректери урунуша туш-
ту да, «табышкер» күнөөлөй тиктеп турган атасынын коз-дөрүн корду. Ого бетер ыңгайсыз абалда калды. Уятынан жүзү чымырап, эки бети албырып чыкты. Нымшып, тер-деп да кетти. Ордунан туруп кете албай, нес болду.
Алтундо Эдик жакшы уктай албай чыкты.
Эртеси ал негедир атасын тик багып карай албады.
Ошондон кийин атасы да, апасы да ага көңүл бурбай, мурдагысындай уйрулуп тушпой калганын сезди. Бул ба¬ланын абалын ого бетер оордотту. Өзүнөн өзү маанайы пас тартып, чүнчүй баштады. Ошого жараша, ал тирлик-теги бирденкелерди түшүнө баштагандай да болду.
Арадан эки-уч кун откондон кийин «таап келген» оюн-чуктарынын баарын чабырага салып, кочого чыкты…
Атасы оюнчуктар турган болмого кийин кирди. Эдик «таап келген» оюнчуктардын бири да жок, а жашыл танка менен аппак самолёт оюнчуктарга кайра аралашып кал¬ганын корду.
Эдик бир жумага чейин корунуп жүрдү.
Кийинки дем алышта, кесме ичээрдин алдында, атасы аны кайпактап сыртта жүргөн жеринен чакыртып алды. Бирок Эдик келип, дасторкон четине отургандан кийин эч соз катпады. Тек гана уулун кунт коё карап калды.
Бирдеме айтабы деп кулак түрүп калган бала дагы ьщ-гайсыз абалга кабылды. Анан буга чыдай албай, бир жумадан бери көкүрөгүн өйүп келген ич күптүсү өзү сырт-ка серпилип, бышактай кетти:
— Ууру жаман… Ууру жаман…