Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Шым кесер

Акылбек агасынын жаңы боз шымын коргондо ого бе¬тер кайгыга батты. Аны керебеттин кырында арта салы-нуу турган жеринен бир ирет алып, кийип да корду. Шол-бүрөп кең да, узун да. Кайра чечти. Эми терезенин тубун-догу орундукка барып, бир зсе шымды кызыга тиктеп, бир эсе ушундай жаңы шым сатып бербеген атасына таарынып отурду.
Үйдө эч ким жок. Акылбек отуруп-отуруп, зериккенде кыялдана кетти. Терең ойго чомулду. Айтмакчы, анын ой-го чөмүлүшүндө бир кеп бар эле. Ал жагдай бул — Асыл-бек менен Акылбек бир уйдун кара тутаар балдары. Бу-лардан башка уйдо не бала жок, не кыз жок. Ата-эне да экөөнө бирдей үйрүлүп түшкөнү тушкон. Асылбек улуусу. Тортунчу класста окуйт. Акылбек кенжеси, экинчи класста. Экөө тең бир мектептин мактанаар окуучулары. Буга уй-дөгүлөрү да чоң кубанычта. Ортодо эч капа жок. Ошондой болсо да Акылбек нааразыланчу бир нерсе бар. Ал наара-зылыктын түп-тамыры — Акылбектин бир үйдүн кенжеси болуп калганында жатат. Буга ал абдан кейийт. Асылбек-тен улуу болуп калбаганына арман кылат. Анын да оз себеби бар. Жаңы кийим көбүнчө Асылбекке алып бери-лет. А Акылбек болсо Асылбекке батпай калган кийимдер-дин кожоюну. Ана, четинен эле бир-эки күбө айталы. Мо-буреки жыртылып бүткөн кок балтоону Асылбекке алты жашында — али окуй элек кезинде сатып беришкен. Ал эки кыш кийгенден кийин кок балтоо Акылбекке арткан да, Асылбек кайрадан жаңы күрөң балтоолуу болгон. Ки¬йин күрөң балтоо Асылбекке батпай калган кезинде ага көрпө жакалуу жаңы кара балтоо сатып беришти. А ошо кезде Акылбек да Асылбектен калган кок балтоону ойноп
жүрүп жыртып бүтүп, атасынын жаңы балтоо сатып бери-шин күтүп калган эле. А иш жүзүндө эмне болду? Акыл-бек айгайлап чыр салганына карабай, Асылбекке батпай калган күроң балтоону кийди да калды. Мына эми бир-эки кыш кийилсе күрөң балтоо да жыртылат. Анан Акыл-бекке азыр өзү кызыгып жүргөн көрпө жакалуу кара балтоо артат. Себеби, ал бир-эки жылдан кийин Асылбек¬ке батпай калат да, ал кайрадан жапжаңы балтоолуу болот… Ошентип, Асылбекке батпай калган балтоолорду жыртып жүрүп, күнү өтөт. Баса, мындан да кейиштүүсү — Асылбекке кээде башка кийим-кечелери да жуулгандан кийин батпай калмай жайы бар. Мисалы, жүндөн токул-ган шым, көйнөк, кемсел өңдүү нерселер. Алар да адат боюнча Акылбекке ыйгарылат. Анткени, Акылбектен арт-кан кийимди жыртчу киши ушул… Акылбекке жаңы саты-лып берилчү нерсе бут кийим гана…
Атасы абдан ак көңүл адам. Энеси да. Даалдаган колу ачык кишилер. Балдары каалаган нерсени «жерден чукуп» болсо да таап беришет. «Чүрпөлөрдүн» курсагы ачкан ку¬ну эзели болбойт. Бирок, кийимге келгенде эле алигидей болуп туруп алат…
Ушуларды ойлогондо Акылбек чындап оор кайгыга батты. Керебеттин кырында арта салынып турган боз шым-ды көргөндө ичи орттонуп чыкты. «Оор кайгыдан» жана ич күйдүлүктен сүйкүмдүү каректеринде жаш тегерене калды.
«Эмне кылыш керек?»
Акылбек атасына аябай таарынгандыктан бул үйдөн ‘биротоло кетип калгысы келди. Алыстагы таякелери эси-не түштү. Кийин «конфетке деп» апасынан бир сом сурап алып, ошол акчаны жолго төлөп кетмей болду. Мына ушул бүтүмгө келгенде Акылбектин ызасы кыйла тарап, бир топ жеңилдене түштү.
Үй ээн. Асылбек окушта. Ата-энеси али кызматта. Акылбек кайрадан зериге баштады. Аны кайрадан ой тооруду.
«Жо, шаардагы интернатта жаткан балдарга бекер эле жапжаңы кийимдер берилет деп айтышат го. Же ошояка кетип калсабы?» Көп өтпөй Акылбектин кыялы чар тарап-ка чабыттап, санаасы менен байый баштады. Көңүл оодугу биротоло тарап, маанайы көтөрүлдү. Асылбектин жапжа-ңьт боз шымын дагы бир жолу кийип көрдү. Шым кед да, узун да. Эми көңүлү кайрадан чөктү. Жаңы шымды чечип, керебеттин башына арта салып, илип койду. Өзүнүн тизе-си, көчүк жагы саал кырыла түшкөн шымын кайра кийип,
терезенин түбүндөгү орундукка келип отурду. Кантсе да оюнан керебеттин кырындагы жаңы шым кетпей койду. «Сыртка чыгып, балдар менен ойноп келейин» деп ойлоду ле, көңүлү чаппады. Башка бир нерселерге алаксыйын деп көрдү ле, эч нерсе чыкпады. Керебеттин жанына аны би-рөө аркандап койгонсуп, кете албады. Акыры ал жаңы шым жагдайында чындап ойлоно баштады. Бир аз убакыт-тын ичинде анын көкүрөгүнө миңдеген ой келип кет¬ти. Бирок, кыялы каалаган нерсе баланын акылына түш-пөй атты.
Терезенин түбүндө кыйла отургандан кийин айласы кетип, кабактары чытылып өөдө болду. «Кайсы убак» бол-гонун билгиси келип, терезеден сыртты карады. Көл айла-насына күз келип калгандыктан ой-тоонун баары алтындай саргарып жатат. Күн бешим болуп калыптыр. Ошол эле тапта анын карегине терезенин кок сыр менен боёлгон ка-шегине кагылган мыкта илинип турган жапжаңы кайчы урунду. Алеки саатта Акылбектин оюна бир нерсе кылт этти. Оюна түшкөн нерседен бала бир эсечочуп да, куба-нып да кетти. Анан кайчыны мыктан этият алып, көпкө кармалап, ойлонуп турду. Акыры кыялына алдыра баш¬тады. «Мейли, эмне десе ошо дешсин. Акылбек жаңы шым¬ды киет да, шаарга жол тартат. Интернатка орношот. Эл катары ле жаңы кийим-кече кийет… Эр болсо булар эми Акылбекти таап көрүшсүн…»
Акылбек жаңы шымды дагы кийди да, багалегин өөдө кайырды. Шымдын узундугу эми гана бап келди. Кийин бала шымды этияттап чечип, кайрылган жерин жазып, дал ошо ченге кайчыны жакындата берди…
Көп өтпөй шымдын эки багалеги кесилип, Акылбекке чак болду да калды. Жаңы шымды кийген боюнча, үй ичинде ары-бери басты. Көңүлү көтөрүлдү. Бирок, негедир корко баштады. Бала шаарга кетчү учур «чындап келге-нин» ошондо сезди. Кийин биротоло кетүүгө бел байлап, кийим илгичте илинүү турган шымдын боз кемселин алып, аны да кийип алды. Күзгүнүн алдына келди. Жаны ки-йимдерден улам Акылбек өзүнө башкача, жаңы көрүндү…
Үстөлдүн суурмаларын тинтип жатып, отуз үч тыйын тапты. Эми муну Акылбек жолго төлөп, шаарга кетмек…
Батинкесин, шапкесин кийип сыртка чыкты. Кеч кирип калыптыр. Дарбазага жете берип, кочөгө баш бакты ле, нарытадан, иштен кайтып келаткан атасынын карааны ко¬рунду. Жүрөгү шуу этти. Ал атасынан эч качан коркчу эмес… Айласы кете тушту. Нары-бери жагын карады. Мал-кана.тоок уя, анан чатырга кантип чыгып кеткенин өзү да сезбей калды. Чатыр ичи кыйла каранхы экен. Көзү үйрал-ган кезде байкап караса, чатырдын төркү бурчуна жыйыл-ган боз үйдүн үзүктөрүнүн далдаасында, бир туурдуктун четинде отуруптур.
Коп узабай эле иштен апасы, окуудан Асылбек келди. Томен жактан бир нерсени жоктогон кобур-собур чыга баштады. Күүгүм кирип калгандыктан Акылбек эми түн киргенде, эч кимге көрүнбөй кетүүнү чечти. Ошентип оту¬руп кезу илинип кетти…
Тушундо Акылбек небак шаарга келиптир. Интернатка орношуптур. Мурдагыдай эле отличник экен… А жаңы ки-йим-кече сатып бербеген ата-энеси Акылбекти таппай ке-йип-кепчип, көздөрүнүн жашы он талаа болуп колдоп, шаардын кайсы бир кир көчөлөрүндө аны издеп жүрүптүр…