Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жууну-жүз чаюу

Жууну-жүз чаюу. Мунун ар кандай шарттары бар. Эгер агып жаткан сууга жуунса, эптүүолтуруп, «бысмылла» – деп, абалы оң колун сууга малат. Анан сол колун салат, самынды көбүртүп алат. Оң-сол кол менен шапшыбай, акырын жуунат.

Сууну ууртап ооз-ду чайкоодо, чайкандыны кайра аккан сууга төкпөйт. Оозуна толо ууртап, ошону кайра ооздон куюп, бетин-колун жуубайт. Оозду үч жолу чайкайт.

Мурунга суу жүгүртүп чимкирет, кыскасы, агын су¬уга какырбайт да, чимкирбейт. «Арыктагы сууга какырба да, түкүрбо». Бул аш куйган аякка, алдыдагы ашка түкүрүү менен ба-рабар. Чоргодон жуунабызбы, агын сууга жуунабызбы. Тишти таза алып жүрүү үчүн, порошокту, тиш щетканы пайдаланганда сый-далык зарыл. Булар күнделүк турмушта тазалыкка ото керек. Кыздар чачтарын эки же бир өрүм кылат. Албетте, абалы эжелери, энелери жардам беришет. Тыкан өрүлгөн чачка жибек тасма укмуштай жарашык берет.


Кыргыз