Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жоро-жолдош ээрчитүү

Жоро-жолдош ээрчитүү. Кыргыз эли бири-бири менен тыгыз жашашкан. Ата-ата болуп конушкан, кой-эчкилери короолош, жыл­кылары тоштеш, кирди-чыктылары бир туугандай даамдаш-туздаш турушкан. Мындай ынтымак сырткылардан сактанууга да оңтойлуу болгон. Салтта башка айылдагылар чакырат, же бир тарапка зарыл иштерди аткарууга сапар чегүүге туура келет. Албетте, айыл адам-дары, билермандары жан-жолдош ээрчитүүсү. Ал езүнүн жакын адамдарынан, инилеринен чыгат.
Биринчиден, мында, ара жолдо эрмекчилиги бар. Аттан тушкүсү келсе, атын алган, атын чалдырса басмайыл бошотуп, ооздугун чыгарып, атын отко коюп, кыскасы, инилик, жигиттик милдетин атка-ра турган, жол азыгын ичишкен.
Экинчиден, сак болуусу тийиш, талаа-тузде ар кандайлар кез-дешет. Мейман туткун, карактоочулар ж.б.ларды, жалаңдаган жи-гиттер тоотпошу керек.
Үчүнчүден, айылга жалгыз-жарымдап барууга Караганда кал-дайып түшүү – андан да нарктуу-салттуу керунет. Ошого карата кыргыздын пейили, мейман тосууда элибиздин сыйкордуулугу ар-тылат. Айыл усту жапырт камынат.
Тертүнчүден, мейман аттарын жайлоо, суутуу, таң ашыруу ж.б. ушуга байланыштуу иштерди айыл адамдары менен мейман жигит кошо аткарат.
Бешинчиден, дасторкондо отурганда чыны сунушат, эттуурашат. Улуулар менен улуу болуп отура бербейт. Ал- адептүүл үктүн сыры.


Кыргыз